Калык Ибраимов: Атеисттин жан сыры

  • 09.12.2020
  • 3108

“Аркы дүйнө, Кудай, бейиш, тозок жок.
Анын баары ойдон чыккан жалган сөз.
Жомок болуп, аӊыз болуп айтылып,
Байыртадан баш айлантып калган сөз”.

Бул акыйкат илим-билим окуудан
Суу сыӊары сиӊген мага жашымдан.
Ошентсе да, кээде күдүк ой келет  –
Аӊ-сезимдин түпкүрүндө жашынган:

А эмне экен, кокус Кудай чын эле –
Бар болсочу, анда кандай? Балээ да.
Биз ошондо баардыгынан кур жалак
Калабызбы жалгызсырап талаада?

Бирок кантип ишенесиӊ бар-жогу –
Билинбеген белгисиз бир кайыпка?
Кана ал айткан кабарчылар - периште,
Калп сөзү үчүн жыгылбайбы айыпка?

Анан дагы кеп кылышат бал сүйкөп:
Будда, Христ, Кришналар тууралуу.
Алар өзү күндөштөрдөй урушса,
А биз кандай амал-арга кылалы?..

АДАШУУ

Алла качан айтты эле мусулмандан
башкасынын баардыгы каапырлар деп.
Ким каапырга кас болуп, каршы аттанса,
алар шахид-жихадчы баатырлар деп.

Агер айтса чын эле, анда кайда –
баарын сүйгөн Алланын айкөлдүгү?
Анын чексиз мээрими, кеӊ пейили,
азыр, эмне, азайып бөксөрдүбү?

 “Мекен” дешип Меккени-Мединаны,
чарк айланып Каабанын кара ташын.
Караӊгыда карайлап караламан –
кайсалактап каякка баратасыӊ?..

Тели болгон жылкыдай тегеренип,
каадаланган Каабанын кара ташын.
Ата-бабаӊ абалтан таазим эткен,
Табиятыӊ тааныбай баратасыӊ.

Мээси жок медуза-макулуктай,
айланчыктап Каабанын кара ташын.
Теги-жайын унуткан маӊкурттардай,
Теӊириӊен адашып баратасыӊ.

Адам атаӊ, Авва апаӊ жазасына –
Алла жазган тагдырдын тамашасын.
Актай албай аны азыр, оо адамзат,
Акыреттин сотуна баратасыӊ...

АЗАНЧЫ ЖАНА КОРОЗ

Мурдагыдай таң атаарын жар салып,
Короздордун “хору” неге угулбайт?
Ал ордуна обон созуп таң сайын,
Азанчынын “ариясы” уңулдайт…

Таң атаардын жарчылары короздор,
Доошуң өчүп, эмне болду силерге?
Же силерден мурунураак үн созгон,
Жем болдуңбу азанчыдай “Киллерге”…

Азанчылар озоңдосо эмне экен,
Ардангыдай, сен алардан кем белең?..
Андан көрө, таң жарчысы короздор,
Кыйкыргыла, аба жарып дембе-дем.

Таажысы кооз койкоңдогон короздор,
Чакыргыла, азанчыдан озгула.
Бакыргыла, таң азанга чуу салып,
Уксун баары, доошуңарды созгула.

Элди ойготуп таң эртеде уйкудан,
Караңгыны качыргыла, сүргүлө!
Кагылайын короздорум, ар качан,
Аман-эсен үн алышып жүргүлө.

Мухаммеддин динин жарлап жаханга,
Муэдзиндер жаагын жанып муңканат.
Атеисттер анын баары жалган деп,
Аксымданса, ким унчукпай тим калат?

Качан токтойт адамзатта бул талаш?..
Муэдзиндер күнү-түнү муңканат…
А мен болсо жадап бүттүм баарынан:
Учкум келет турна болуп миң канат,
Уккум келет, уккум келет миң санат…

БААРДЫГЫ – ЖЕРДЕ

Көксөй берип о дүйнөнүн бейишин,
Көр-сокурдай чын жашооӊду курутпа.
Бакыт дагы, сүйүү дагы – баардыгы:
Асманда эмес, жерде экенин унутпа.

Көктөн издеп илме кайып Кудайды,
Көп убара чекпегиле билүүгө.
Андан көрө, аз да болсо, жөн гана -
Жүрөктөрдү үйрөткүлө сүйүүгө...

КУДАЙ - АКЫН

Аалам бопбош, эч нерсе жок күн болгон.
Жарык да жок, көрдөй кара түн болгон.
Ошол кезде бош мейкинди толтуруп,
Эӊ биринчи “Сөз” жараткан ким болгон?

Сөз жараткан акын – Кудай, ыр менен:
Ай-асманды, бүт ааламды түрлөгөн.
Жерде жашоо, жаратылыш, адамзат –
Поэзия дүйнөсүнөн бүрдөгөн

Ошон үчүн адам азыр - бүгүн да,
Кудайга айтчу арыз-муӊун, бугун да:
Жаратканга ыр аркылуу билдирет,
Дува кылып, намаз окуп ырымга.

ПАЙГАМБАР-САХАБАЛАР

Дүйнөдөн жоголсо эгер,
Искариот Иудалар.
Ааламдын көркүн ачып,
бир гана Сүйүү калаар.

Жаӊырып баардык жерде:
жагымдуу сюиталар.
Иисус-мессиялар –
арада тирүү калаар.

Жоюлуп богемалар,
айтылбай шакабалар.
Жашоого кайра келер:
пайгамбар-сахабалар...

АСКЕТ

Сүкүт салып диетада ачкарын,
Сугун артат аталага-жармага.
Кыялданып өӊүндө да түшүндө,
Аӊсаганы – ал ажайып “Нирвана”.

Унут кылып тирүүлүктү - дүйнөнү,
Арыгынан: ач арбактай – сүлдөрү.
Көксөгөнү - үчүнчү көз ачылбай,
Дебил болуп, өтүп жатат күндөрү.

Денесинин дем-кубаты, күчү өлгөн.
Ышкы-кумар либидосу бүт өлгөн.
Буга окшогон евнухтан жашоонун –
Качан, кайсы тешиктери бүтөлгөн?..

Опоосу жок ошол жалган “Нирвана”,
Ой-сезимден жоголуучу күн кана.
Андан көрө жырга-кууна, кубангын!
Бул дүйнөгө жаралгансыӊ бир гана.

НИРВАНА

Жээкте жерде туруп,
Деӊизге үӊүлөмүн.
Колумду көккө созуп,
Асманга тигилемин.

Жетчүдөй Көк теӊирге,
Кыялым алып учат.
Толкундар күр-шар этип,
Чарк уруп чамынышат.

Кай жакты карабайын:
ааламдын “Сансарасы”
айланат, сапырылат
жашоонун сарсанаасы...

Канчалык көшөрсөм да,
көнбөдүм бир гана ага –
Гурулар айтып жүргөн
ажайып “Нирванага”...

А деле азгырык да:
“каалооӊду көмгүн деген,
Жашоодон аша кечип,
тирүүлөй өлгүн деген”.

Оо, Гуру-олуялар!
Оюмду булгабаӊар.
Буюрсун өзүӊөргө,
ал ошол “Нирванаӊар”...

ЖОБОЛОӉ ЖОМОК

Күндөр өтөт, түндөр өтөт,
өмүр өтөт,  жашоо көчөт.
Жер айланат,  мээ айланат,
алдас урам, эмне кылам?..

Жараткандан жооп издейм,
сен барсыӊбы же жоксуӊбу?..
Же кыялдан бир жаралган
кайыпсыӊбы, жомоксуӊбу?..

Айлангөчөк жер айланат,
алай-дүлөй мээ айланат.
Миӊ сан жеткис галактика
көз алдымда карайланат.

Чексиз аалам, мен бир чаӊмын.
Кантип келдим бу дүйнөгө?
Аӊдай албай  айраӊ-таӊмын.
Азырынча, шүгүрчүлүк,
Тирүүлүктө жүрөм, бармын.

Андан кийин кайда кетем?
Же житемби эч жиги жок.
Түбөлүктө түк түбү жок?..
Бар боломбу, жоголомбу?..
Салдыӊ го сен бүт ааламга
жообу жок жоболоӊду…

Унчукпайсыӊ, сезилбейсиӊ,
сезилбес бир сезимдейсиӊ.
Мээрими жок бир мерезсиӊ,
мен сыяктуу эзилбейсиӊ...

Сени баары көктөн издейт,
көксөп издейт, өксөп издейт.
Жараткан дейт, Эгем дешет,
Кудай, Алла, Көк Теӊир дейт.

Ал барлыкта, көптө дешет,
жерде дагы, көктө дешет.
Көӊүл-ойдо, жүрөктөрдө
жүргөн ал бир өктө дешет.

Ошентсе да суранаарым:
сени кантип туя аламын?
Сенсиз ˗ жашоо жалгызсырайт,
сенсиз – жетим бүт ааламыӊ…

ДАЛАЙ ЛАМА

Кубулуп канча муун кубалаган,
өттү го даӊазалуу далай Ламаӊ.
Бирок да дале таппай келесиңер:
«жашоодо эмне жакшы, эмне жаман,

Өмүр не, өлүм эмне?» Буга дагы,
жообуӊар жомок болду, жубаттыӊар.
Бирок мен бир да идея көрө албадым,
силерден иллюзия – кубат кылар.

Өлүмдү өмүрдүн бир баскычы деп,
а деген түбөлүктүн ачкычы деп,
өнтөлөп сооротосуӊ, ишен дейсиӊ,-
ошентип түпсүз ойго кишендейсиӊ.

Канчалык ишенейин десем дагы,
ичимен туюп турам, анын баары -
болбогон, азгырык бир калп экенин,
өмүрүм акыр бир күн жалп өчөрүн

аӊдайм – бул акылдын эсиргени…
Оо кечир, Далай-Лама, кесир мени.
Даанышман Далай-Лама, кечир мени,
даярмын мен да сени кечиргени…

АКЫР ЗАМАН, АКЫРЕТ

Кыямат деп, акырет деп адамзат,
Алдын ала камдай берет белетти.
А менимче, ар адамдын өлгөнү -
Ал өзү үчүн акыр заман эмеспи.

Чыгат дешет о дүйнөдө суракта,
Ар адамдын эсеби да, чоту да.
А чындыгы, өмүрүӊдүн өчкөнү -
Ошол өзү акыреттин соту да.

ИЕРУСАЛИМ-ИУДЕЯ

Байыртан кудайларды, ыйыктарды
боюӊда байырлаткан уюк жерсиӊ.
Адамзат туулганы – сенден чыккан
осуят акылдарды угуп келди.

Иудаизм, христиан, ислам дини
кулатты көп кудайды – идолдорду.
Алардын ордун ээлеп жалгыз кудай:
Яхве, Аллах, Христ – идол болду.

Ошондон ордо болуп үч Кудайга,
тыйылбайт анда кандуу кагылыштар.
Арадан өтсө дагы көп кылымдар,
от алып күйө берет жаӊы уруштар.

Эмне үчүн Иерусалим ит талашын –
Иисус, Аллах, Яхве чече алышпайт?
Анткени, чын-чынында, алар деле
адамдык насилинен кете алышпайт.

Шон үчүн, оо адамзат, сени күтөт –
алдыда акыр заман – Армагеддон.
Ишембей ибилиске, жооп берчи:
ишеӊген кудайларыӊ кайда кеткен?..

AVE MARIA

Кызганып кыздыгыӊды Иосиф ынтыгыӊдан,
Жараткан кыз боюӊа болтурганы – машаягын.
Эгенин куткаруучу уулу туулуп, дүӊ болгону –
андан бери эки миӊ жыл мезгил өттү баш-аягы.

Христке чокунгандар Кудайдын энеси деп -
сыйынат чиркөөлөрдө, монастыр, Нотр-Дамда.
Сыздаса орган, скрипка - хорлордун коштоосунда,
чыдабай көздөрүнө жаш алышат олтургандар.

Сага арналды сандаган живопись-иконалар.
Сүйүштү көптөр сени ашыгыӊдай көздөнүшүп.
Ал арада Кудайдын колуктусу – монашкалар:
эрсирешет монастырда – рыцарлар көздөн учуп...

Оо Мадонна, Матрона, Аве Мария – Умай эне!
Чиркөөлөрдө жашыӊ агып, үн-сөзсүз эчкиресиӊ.
А бирок шордуулардын ый-арманын, кыйналганын –
Иисус кулунуӊа качан эми кан какшап жеткиресиӊ?!..

АЙЯ-СОФИЯ

Ааламдык акыл-нарктын ыйыгысыӊ,
Сени алам деп канчалар жанталашты.
Византия империяӊды, баш калааӊды -
Османлы огуз-түрктөр талкалашты.

Чиркөөӊө – көк мелжиген крестиӊе –
чиркешти зор мечитти ай мунарлуу.
Ошондон ооматы артып ого бетер,
Айя-София - ажайып бир жай кумарлуу.

Койнуӊа кирип-чыгат көп адамдар...
Көркүӊө көз тайгылткан  көптөр ашык.
Сен үчүн босогосун кеӊири ачып,
келберсип боюн керген Босфор ачык...

Азыр сен гөзөлүсүӊ Түркиянын.
Витраж-визиткасыӊ Стамбулга.
Аларга кереги жок шуркуянын,
Стамбул муктаж эмес ыштан пулга.

Андыктан оо асыл нарк Айя-София,
шүгүр деп тагдыр башка салганына.
Тура бер түбөлүккө Стамбулда,
кейибей мечит болуп калганыӊа.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз