Кылымдардын даанышмандыгы улуу адамдардын сөзүндө

  • 08.06.2022
  • 2169

Сулайман пайгамбардын хадистеринен

Таза алтындан жасалган алтын сөйкө – кулакка тагылган акылман айыптоочу.

Кээде күлүп жатсаң да жүрөгүң ооруйт, кубанычтын аягы кайгы менен аяктаган учурлар да болот.

Келесоого жолуккандан көрө, баласынан ажыраган аюуга жолуккан жакшы.

Эң мыкты алтындан билим артык, анткени акылмандык берметтен жакшы, ага каалаганыңдын эч нерсеси тең келе албайт.

Акылдуу жанга жүз соккуга караганда, сөгүш катуу тийет.

Акылсызга акылсыздыгына жараша жооп бербе, анткени сен да ага окшоп каласың.

Акылсызга акылсыздыгына жараша жооп бербе, анткени ал өзүн акылдуу сезип калбасын.

Колуңдан келип турганда, муктаж болгондордон жакшылыгыңды аяба.

Уруш-талаш текебердиктен чыгат, ал эми кеңешкендер акыл табат.

Адамдын жүрөгүндөгү ойлор – терең суу, акылдуу адам андан керектүүсүн сузуп  алат.

Екклесиастин насаат китебинен

Ар нерсенин өз убагы болот, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар: төрөлө турган убак бар, өлө турган убак бар. Бак отургузар убак бар, отургузулганды тамырынан жулуп алчу убак бар. Өлтүрөр убак бар, айыктырар убак бар, бузар убак бар, курар убак бар. Ыйлай турган убак бар, күлөр убак бар, аза күтөр убак бар, бийлей турган убак бар. Ташты чачкан убак бар, ташты терген убак бар, кучакташар убак, кучакташуудан качкан убак бар. Издөөгө убакыт жана жоготууга убакыт; сактоо үчүн убакыт, жана ыргытуу үчүн убакыт; айрып-тыта турган убак бар, тигип-жамай турган убак бар. Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар. Сүйө турган убак бар, жек көрө турган убак бар, согуш убактысы жана тынчтык мезгили бар.

Ар бир иш, ар бир ийгилик адамдар арасында өз ара көрө албастыкты жаратат. Мунун өзү убаракерчилик жана жан-дүйнөнөнүн азабы!

Бирден көрө экөө жакшы, анткени алардын эмгеги үчүн жакшы сыйлык бар: бири жыгылса, экинчиси жөлөп тургузат. Бирөө жыгылса жөлөп таяры жок адамдын шору. Ошондой эле эки адам чогуу жатса экөөнө тең жылуу. Жалгыз болсоң кантип жылынасың? Ал эми кимдир-бирөө кол салса, ага экөө каршы турса жеңип чыгат: чыйратылган жип жакында үзүлбөйт.

Ошондо мен акылмандыктын келесоолуктан артыкчылыгы жарыктын караңгылыктан артыкчылыгы менен бирдей экенин көрдүм: акылдуу адамдын көзү мээсинде, ал эми акылсыз караңгыда жүрөт, бирок баарынын башындагы тагдыр окшош.

Ийри түз болбойт, жок нерсени санай албайсың.

Өмүрүнүн бардык күнүн көлөкө сыяктуу бекер өткөргөн адамдын жашоосунда эмне жакшы экенин ким билет? Адамга анын өмүрү өткөндөн кийин күн астында эмне болорун ким айта алат?

Тирүүлөрдүн арасында кандай болгон күндө да үмүт бар, анткени өлгөн арстанга караганда тирүү ит жакшы.

Акылсыздардын ырын уккандан көрө, акылмандан жеме уккан жакшы.

Акылдуулар да, акылсыздар да түбөлүккө эсте калбайт, жакынкы күндөрдө баары унутулат, аттиң! Акылдуулар да келесоолор сыяктуу өлүшөт.

Курал-жарактан акылмандык артык.

Шамдагайларга – ийгиликтүү чуркоо, эр жүрөктөргө – жеңиш, акылдууларга – нан, кыраакыларга – байлык, чеберлерге – жакшы шарттар тартууланбайт, алардын бардыгына убакыт жана мүмкүнчүлүк бирдей берилет.

Жамандык жасагандарга өкүм дароо чыкпайт, ушундан улам адам баласынын жүрөгү жамандык кылуудан коркпойт.

Бир муун өтөт, бир муун келет, бирок жер түбөлүккө калат. Күн чыгат, күн батып, чыккан жерине шашат. Бардык дарыялар деңизге куят, бирок деңиз ташып кетпейт: дарыялар агып чыккан жерине кайра кайтышат. Болчу нерселер боло берет, жасалчу нерселер жасала берет, күн астында жаңы эч нерсе жок. Өткөн нерселер унтулат;  кийинки келгендер мурдагылар эмне болгонун эстеринен чыгарышат.

Акылсыздардын арасындагы башкаруучунун ыйына караганда, акылмандардын сабырдуу айткан сөздөрү жакшыраак угулат.

Даанышмандардын сөзү ийнедей, кагылган мыктай.

Сирах уулу Исанын акылмандык тууралуу китебинен

Учкунду үйлөсөң тутанат, түкүрсөң өчөт: экөөнүн тең себеби оозуңан чыккан жел.

Айтылган сөздүн баарына эле ишенбе.

Жамандык кылбасаң, сага да жамандык келбейт; адилетсиздиктен кач, ошондо ал сенден алыстайт.

Акмакты үйрөткөн менен сыныктарды чаптаган да бирдей.

Элге жетпеген акылмандык менен катылган кенч – экөөнүн эмне айырмасы бар? Акылмандуулугун жашырган адамдан, акылсыздыгын жашырган акмак жакшы.

Өз келесоолугун билген келесоо акылдуу, ал эми өзүн акылдуу эсептеген келесоо, чындап акылсыз.

Баарынан ыплас нерсе – бул наадандык, эң эле ыплас нерсе ушул.

Эгер кимдир-бирөө согушта миң адамды миң жолу жеңип чыкса, а экинчиси өзүн бир жолу жеңип чыкса, анда бул согуштардын эң чоң жеңүүчү экинчи адам болмок.

Кара ниет адам жамандык кылса, кайра-кайра кылбасын, ниетин оңдосун, анткени жамандыктын топтолушу кейиштүү.

Жакшы адам жакшылык кылган болсо, аны кайра-кайра кылсын, ага ниет кылсын, анткени жакшылыктын жыйылышы кубанычтуу.

Колуң жараланбаса, колуңда уу алып жүрсөң болот – жарааты жок адамга уу зыян кылбайт. Ким жамандык кылбаса, ал жамандыкка моюн сунбайт.

Адам жашоосунда өзүнө окшогон же андан жакшыраак адамды жолуктурбаса, анда жалгыздыкта калганы жакшы: келесоо менен достук болбойт.

Чатыры жыртык үйгө тамчы тамган сыяктуу, акылы өнүкпөгөн адам кумарга тез берилет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз