Дилазык: Биз билбеген Леонардо да Винчи

Леонардо да Винчи (1452-жыл–1519-жыл) — Кайра жаралуу доорунда жашаган италиялык белгилүү архитектор, музыкант, ойлоп табуучу, бедизчи, гениалдуу сүрөтчү. Ал бардык жагынан төп келишкен генийалдуу адам болгон.

Леонардо да Винчи ар кандай кызыктуу окуяларды ойлоп таап, уккулуктуу сүйлөй билген. Анын чыгарган уламыштары менен жомоктору, анын көзүнүн тирүүсүндө эле сүрөттөрүнөн кем эмес атак алып келген. Анда эмесе баалап көрүңүз.

ЭШЕК

«Суусаган эшек көлмөгө келди. Бирок көлмөдө өрдөктөр бири-бирин кубалап, канаттары менен чалпылдатып ойноп жүрүшкөн эле. Алар сууну капкара кылып булгап салышты.

Эшек канчалык суусап турса да, суу ичпей күтүп турду. Акыры өрдөктөр да кетишти. Ал кайрадан көлмөгө жакын келди. Суу дагы эле туна элек экен. Башын шылкыйтып кайра артка тартты.

— Апаке, ал эмне үчүн суу ичпей кетип калды? — деп сурады бардыгын билүүгө дилгир көнөк баш. Ал эшектин келип-кетип жатканын байкап турган экен.

— Эки жолу келип ичпей кетти го?

— Анткени, — деп жооп берди эне-бака, — эшек ылай суу ичкенче, суусасап, тамагы кургап өлгөндү артык көрөт. Ал көлмөдөгү суу тунуп тазармайынча суудан ооз тийип да койбойт.

— Ах, кандай гана кежир неме!

— Жок, уулум, ал кежир эмес, ал чыдамкай, — деп түшүндүрдү бака.

— Эшек бардык кыйынчылыктар менен таарынычтарды көтөрө билет. Ал эми аны кежир деп өздөрүнүн чыдамдары жок, сабырсыздар айтышат.

Мына ушундай, кээде угуп эле жүргөн сөздөрдүн таптакыр биз ойлобогон мааниси болот.

БҮРГӨ

Бир кичинекей бүргө жашаптыр. Ал ар дайым өз жашоосуна нааразы болуп жүрчү экен. Өзүн ырысы жок, бактысызмын деп эсептечү.

Анын бала чагы жүндүү мышыктын жонунда өттү. Кийин чоң итке жармашты. Бүргө жыргап–куунап жашаса болмок, бирок ал дайыма сак жүрбөсө тытынган иттин оркойгон тырмактары соо калтырбайт болучу. Ал аз келгенсип кожоюну андан кутулуунун улам бир жаңы “ыкмаларын” ойлоп таба берчү.

Бир жолу анын мурдуна таза жүндүн жыты бур дей түштү. Ал тегерегин карап өзүнө тааныш эмес жерде жүргөнүн көрдү. Бул итке кирүүгө тыюу салынган кожоюндун кеңсеси эле. Полдо мага кел деп азгырып, ага тааныш эмес чоң жаныбар кыймылдабай жаткан экен.

Көп ойлонуп олтурбай ал жаныбардын үстүнө секирип түштү. Бул жерде ал тобокелчиликсиз бейпил турмуш өткөзөм деп ойлогон.

Бул эчак өлгөн аюунун териси экенин билгенде, кеч болуп калган. Кичинекей ач көз ойлонбой кылган ишине катуу өкүндү.

Тагдыр аны катуу тамашалады, бүргө кайрадан итке, кур дегенде мышыкка же дагы бир белгисиз жандыкка жетсе бактылуу болмок.

Турмуштан алган бул сабак аны сак жана өзүндөгү нерселерге сарамжал мамиле кылып, жашоону баалай билүүгө үйрөткүсү бардыр.

Турмушта кандай жагдайга кабылсаң да жоомарт жана бактылуу жашоого үйрөн.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз