Дилазык: Жапон элинин акыл казынасынан

  • 13.06.2022
  • 3708

Жолдо жолдош, жашоодо дос керек.

* * *

Кетип баратканды токтотпо, келгенди кубалаба.

* * *

Дарыя майда булактарды чанбаганы үчүн дарыя.

* * *

Ызаатталган ибадаткана дарбазасынан таанылат.

* * *

Кайгы жыртык көйнөк сымал, аны үйдө калтыруу керек.

* * *

Эч ким төшөктө жатып чалынбайт.

* * *

Жети жолу жыгылсаң, сегиз жолу өйдө бол.

* * *

Күн туура жана туура эмес дегенди билбейт. Күн ким бирөөнү жылытайын деп нур чачпайт. Өзүн тапкан адам Күнгө окшош.

* * *

Адамдан шек саноодон мурун аны жети жолу текшер.

* * *

Күлкү бар үйгө бакыт келет.

* * *

Күлүп турган жүзгө карап жебе атышпайт.

* * *

Кимдин маанайы жаркын болсо ал темирди да талкалайт.

* * *

Жебенин мыктылыгы аны тарткан колдон көзкаранды.

* * *

Муздак чай менен муздак күрүчкө чыдоого болот, бирок муздак көз караш менен муздак сөзгө чыдоо мүмкүн эмес.

* * *

Эгерде маселени чечүү мүмкүн болсо, анда ал тууралуу сарсанаа болуунун, эгерде чечүүгө мүмкүн болбосо, анда ага кайгыруунун кереги жок.

* * *

Жаман адам кетирген кемчилиги үчүн актанууга, жакшы адам болсо анысын оңдоого аракет кылат.

* * *

Өз жүрөгүңдүн устаты бол, жүрөк сенин устатың болуусуна жол бербе.

* * *

Буудай жетилсе башын ийет, адам байыса мурдун көтөрөт.

* * *

Кээде көз ирмем казынадан кымбат.

* * *

Бүгүнкү элүү эртеңки жүздөн кымбат.

* * *

Аял кааласа аскадан ашат.

* * *

Ичимтап немеден абайла.

* * *

Бир ит эриккенден үрүп койсо, калганы аны чындай көрүп үрө баштайт.

* * *

Жиндиден өткөн коркунучтуу душман жок.

Орусчадан оодарган Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз