Жапон эл жомогу: Маймыл күйөө бала

  • 01.09.2020
  • 3625

Бир абышка болуптур. Бир күнү ал бартаң чөптүн тамырын жыйнаганы токойго барат. Бартаңдын тамыры жерге бекем тамырлап алгандыктан бирди да сууруй албайт.

Айласы кеткен абышка эмне кылышты билбей шалдайып олтуруп калат. Бир маалда шыйпаң этип бир маймыл кайдан-жайдан пайда болот да, абышкадан сурайт:

- Эй, чокчо сакал! Эмне кылып олтурасың бул жерде?

- Тамыр жыйнап. Өзүңчү?

- Менби? Мен жөн эле, зеригип да. Жардам керекпи?

- Кана айланайын, жардам берсең. Эгер жагып калсаң, күйөө бала да кылып алмакмын.

- Чындап элеби, ата? – сүйүнүп кетет маймыл. - Бирок эсиңе түйүп кой, үч күндөн кийин барып, кызыңды алып кетем.

Абышка өзүнчө ойлонот: «Келесоо маймыл! Ушул үйүмө бармак беле. Унутуп калат да муну кечке дейре!»

- Келе бер, балам. Келе бер, - дейт абышка.

Маймыл бир заматта, арыдан-бери бир куржун толтура бартаңдын тамырын жыйнап берет. Абышка ыраазы болуп, ыракматын айтат. Ыракматын айтышы айтып, кайра кабатыр боло баштайт: «Бул келесоо үч күндөн кийин үйүмө келип алса, эмне кылам?»

Кетип баратканда маймыл дагы эскертет:

- Атаке, үч күндөн кийин барып, кыздарыңдын бирин алып кетем, - дейт да, чуркаган бойдон узап кетет.

- Болуптур. Келиштик, балам.

«Тууй, ата, эми балээ болбодубу! – деп ойлонот абышка. – Маймылга кантип кызымды берем?! Бойго жеткен үч кызым турат, эмнеси болсо да алар менен кеңешип көрөйүн.

Өзүнчө кейип, үйүнө келет.

- Мындай иш болду, кыздарым, - деп кайрылат үч кызына. – Үч күндөн кийин тиги аңкоо маймыл силерге күйөө түшүп келет. Сен даярсыңбы? – улуу кызынан сурайт.

- Кайдагыны айтпачы, атаке, - улуу кызы так секирип, көнбөйт.

Айласы кеткен абышка ортончу кызына кайрылат.

- Акылыңыз жайындабы, атаке? Маймылга кайсы кыз тиймек эле! – деп тултуңдап, ордунан туруп кетет.

Кенже кызым деле ынабайт болуш керек деп ойлогон абышка кантсе да бир ооз сурап көрөт:

- Кенжетайым, кенжетайым! Эжеңдер макул болбой жатышат. Эмне дейсиң, мүмкүн сен макул болор чыгарсың, чырагым?

Кенже кызы ойлонуп-ойлонуп олтуруп, мындай дейт:

- Эмне дейбиз, атаке. Муну Сиз айтып жатсаңыз…

Абышка сүйүнүп кетет:

- Ырас айтасыңбы, кызым?!

- Ата-энемдин сөзүн эки кылбайм деп ант ичкемин. Бирок мага кетерге үч нерсени дайындап кой.

- Үч нерсени? Макул, кызым, макул…

- Мага кетерде тиги сулкуйган сокуңду, анын оор сокбилеги менен жана ага кошумча бир кап күрүч бер.

- Ошол элеби, кызым? Мына азыр эле белендей салам, - атасы кызы айткандарды дароо даярдай коёт.

Үч күндөн кийин алардын үйүнө шадыраңдап баягы маймыл кирип келет. Кенже кызы айтат:

- Урматтуу болочок өмүрлүк жан-шеригим! Мен сага турмушка чыгам. Бирок бир сунушумду аткар. Тоодо күрүчтү сокулап, андан күрүч аш жасап жейбиз. Ошого тиги турган сокуну, сокбилекти жана бир кап күрүчтү жонуңа арт да, анан кеттик тоого.

Болочок жан-шериги айтып жаткандан кийин, маймыл ага макул болушка туура келет. Сулкуйган сокуну оор сокбилеги менен, бир кап күрүчтү жонуна байлап, болочок келинчегин артынан ээрчиткен маймыл кайнатасына ыраазычылыгын айтып, тоого жөнөп кетишет.

Жаркыраган жаздын кечи. Жолдун эки жээгинде алча дарактары гүлдөп турган. Жолоочулар чоң өзөнгө кез келип, ал жерде тоодогу шаркырай кирген сууну бойлоп басышат. Суунун күрүлдөп аккан жериндеги тик жарда алчанын гүлдөгөн бутактары самсаалап туруптур.

Кыз суранат:

- Карачы кандай сонун алча гүлдөрү! Мага бир бутагын үзүп берчи.

Кыздын суранычын жан-дили менен аткаргысы келген маймыл:

- Жарайт, алтыным. Азыр бир заматта үзүп берем, – даракка чыгып, алдыңкы бир бутагын үзүп берет.

- Эми жаным, тээ бийиктеги бажырайып гүлдөгөн бутактардан үзүп бер.

Кыздын сулуулугуна ичинен кымылдап сүйүнгөн маймыл улам-улам жогору чыга берет.

- Эми берекем, тээ эң үстүндөгүсүн, – кылыктана сөөмөйү менен көрсөтөт кыз.

Буга жаны эргип кеткен алаамат маймыл эң үстүнкү бутакты үзмөк болгондо, бутун сүйөгөн бутак карс сынып, маймыл үстүндөгү оор жүгү менен шаркырап кирген сууга кулап түшөт. Суу менен агып, чөгүп бараткан маймылдын өлөр алдында кошкон жери:

Төрт-Көлдүн башы тал менен,
Маймылың басат жар менен,
Жылганын көркү эл менен,
Кемшейип агып баратам,
Күргүштөп аккан сел менен,
Каз-Көлдүн башы тал менен,
Кайберен басат жар менен,
Сулуунун жолу бош эми,
Куу атаң кызын жөн бербей,
Суйкайган сулуум кош эми,
Жаза бастым, тайгылдым,
Алышып бирге ойнобой,
Алтыным менден айрылдың,
Бутакты бастым тайгылдым,
Сүйүүнү бирге тойлобой,
Жан биргем сенден айрылдым,
Артымда калың тоо калсын,
Бир кызын ыраа көрбөгөн,
Какбаш атаңды жоо алсын!

Кыз күлүп-жайнап, маймылдан кутулганына сүйүнгөн бойдон үйүнө кайтып келет.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз