Чех эл жомогу: Билимдүү аяш ата

Бир киши уулун шаардагы мектепке берет. Бул үчүн көп акча төлөйт. Жай келип, бала каникулга тарайт. Атасы уулунун билимин текшертмей болуп, өзүн өтө билимдүү санаган досуна ээрчитип барат. Ал-жай сурашып, ар кайсыны сүйлөшкөн соң ата келген максатын айтат. “Бул жерде мендей билимдүү досу турса капкаяктагы шаардан акчасын аябай окутат, - деген ич күйдүсү бар ал балага суроо бере баштайт.

- Кана, чычкан кармаган жаныбардын атын айтчы?

- Мышык, - деп жооп берет бала.

- Жок! Туура эмес, анын аты шамдагай! – аяш ата атайылап эле баланын жообун жаратпай салат.

Ата кабагын бүркөп, башын чайкайт.

- Биз жалбырттатып тамак бышырган нерсе эмне? – кийинки суроо берилет.

- От, - жооп берет бала.

- Туура эмес, күйгүзгүч! – кайрадан жаратпайт аяш ата.

Атанын кабагы карыш түшүп, жиндене баштайт.

- Тетиги биз эгин сактаган имарат эмне деп аталат?

- Ал кампа деп аталат, - ойлонбой туруп жооп берет бала.

- Жок. Анын аты береке, - тууралайт аяш ата.

Ата ачуусу келип тишин кычыратат. Муну байкабаган бала аяш атасы жөнөкөй суроолорду берип жатканына таң калат.

Аяш ата кийинки суроосун берет:

- Арыкта шылдырап аккан зат эмне деп аталат?

- Суу, - баланын күлкүсү келет.

– Жок, шылдырама деп аталат! – аяш ата оңдойт.

Атанын эми чындап ачуусу келип, кармана албай калат да, баланы чыбык менен чыпылдата сабап үйүнө айдап кетет.

Бир күнү ата досунун үйүнө кетип кечиккенде баланы чакырып келүүгө жиберишет. Короого киргенде наабайчы келин тандырдын күлүн чыгарып жатканын, анын бутуна мышык сөйкөнүп жолтоо болгонун көрөт. Бала үйгө киргиче болбой келин мышыктын жонуна күл себелеп жиберет. Күлдүн арасындагы майда чоктор мышыктын жүнүн күйгүзүп, терисине жабышат. Байкуш жаныбар аянычтуу үн чыгарган бойдон кампанын үстүнө чыга качканда ал жерде жыйылган саманга от жабышып жалбырттап күйө баштайт.

- Аталарды чакыр! – деп келин балага кыйкырат.

Бала кирип барып, энтиккен бойдон кырсык тууралуу билдирет:

- Ата! Шамдагай күйгүзгүчтү көтөргөн бойдон берекенин үстүнө чыгып, саманга күйгүзгүч жабышты, ага тезирек шылдырак чачыш керек!

- Эмне, эмне? – ата менен аяш ата эч нерсеге түшүнбөй аңкайып баланы карашат.

- Шамдагай күйгүзгүчтү көтөргөн бойдон берекенин үстүнө чыгып, саманга күйгүзгүч жабышты, ага тезирек шылдырак чачкыла!

- Эмне эле деп атасың эй? Түшүнүктүүрөк айтчы! Саманга эмнени чачыш керек?

- Берекенин үстүндөгү саманга жабышкан күйгүзгүчкө шылдырак чачыш керек! Болуңуздар! – бала шаштырат.

- Тазадан сообу мобу? Кайсы тилде сүйлөп атасың? – түшүнбөгөн эки доско бул эми күлкүлүү сезилет.

- Жүнү күйгөн мышык кампанын үстүнө чыга качып саманды өрттөдү, тезирээк суу чачкыла деп атам, - дейт акырында бала түшүнүктүү тилде. Ошондо гана экөө чуркап чыгып өрттү өчүрө башташат, бирок кеч болуп калат.

- Каяктан да баланын билимин сынамыш этип кынтык таап, атасына сабаттым эле, - деп аяш ата күйүп бүтүп саңырсып жаткан кампаны карап, өзүн өзү башка урат. Ушундан кийин ал көрө албастык кылганына өкүнүп, өзүн билимдүү санабай калыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз