Кытай, Япония жана биз: Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар

  • 12.08.2020
  • 5435

Биз дайыма чыгыш маданияты деп коёбуз, бирок көпчүлүк учурларда Кытай жөнүндөбү же Япония жөнүндө айтып жатканыбызды өзүбүз билбей чаташтырып алабыз. Чындыгында бул эки башка маданият. Анда эмесе ушул өнүккөн эки өлкөнү, анан өзүбүздү салыштырып көрбөйлүбү. Албетте, өзүбүз жөнүндөгү менин чын-тамашасы аралаш пикиримди эч кимге таңуулабайм, ар кимдин өз билгени бар, бул илимий изилдөө да эмес, болгону менин жеке пикирим, ой толгоолорум.

Үйдө жана конокко барганда

Кытайлыктар буттарын чечишпейт. Япондуктардан айырмаланып, кытайлар үйгө бут кийимчен эле кире беришет. Албетте, бул эрежени сактабай койсо боло турган учурлар бар. Ошондуктан, кытайдын үйүнө барып калсаң муну тактап алганыңыз оң.

Японияда буттарын чечип киришет. Бул шумдугуң кургур япондор бардык жерлерде, ооруканаларда, ресторандарда, ал тургай кээ бир офистерде да бут кийимдерин чечишмейин киришпейт. Анысы аз келгенсип бут кийиминин башын тыкыйтып сыртка каратып коюшканын кантесиң. Эгерде алардын мындай кыларын мурда билбесең же билгениңди унутуп калып, адатыңча бир батинкеңди оңго, экинчисин солго каратып чечип салып кирип кетсең, үйдүн кожоюну же ишканананын кызматчылары унчукпай өздөрү оңдоп коюшат экен. Андан дагы, дааратканасына киргиң келсе, ага кириш үчүн атайын тапичкелерди даярдап коюшат.

Биздечи? Бизде деле бирөөнүн үйүнө бут кийим менен киришпейт дечи, бирок оорукана, офистерде чечмек тургай, ылай бутун сүртпөй балтаңдап кирип кеткендер аз эмес. Андай учурларда япондуктардын сылыктыгын күтпөй эле кой, пол жуугуч аялдар тряпкасы менен башка чаппаса да, тили менен андан жаман кылышат эмеспи. Бирок өтүгүн оңдоп койбосо да, илгерки кыргыздар үйүнө келген коноктун атын отко коюшуп, жайгарышкан. Санжырада Ормон хан келген меймандын атын өзү жайлаган деген сөз бар. Бул да болсо меймандосчулуктун бир жөрөлгөсү болгон.

Жөрөлгөлөр

Кытайда жүгүнүшпөйт. Япондордон айырмаланып кытайлар бирөөлөргө учурашып, коштошкон сайын эле бири-бирине ийилип таазим кыла беришпейт. Кытайлар кээ бир маанилүү учурларда, өтө урматтуу адамдарга гана ийилип таазим кылышат. Илгери императорлордун убагында анын кабыл алуусунда болгон адам ага башын жерге тогуз жолу тийгизип, жүгүнүп саламдашууга милдеттүү экен. Башка андай адат, жөрөлгө болгон эмес.

А Японияда жүгүнүү салтка айланган нерсе. Жүгүнүү – япон адамынын жашоосунун бир бөлүгү. Байкап турсаңыз, алар телефон менен сүйлөшүп жатса да, улам ийиле калып сүйлөшкөндөрүн көрөсүз. Жүгүнүү канчалык деңгээлде ийилгени жана узактыгы боюнча айырмаланат. Жөнөкөй учурашуу – 15 градуска чейин ийилип саламдашуу; сый көрсөтүп жүгүнүү – 30 градуска чейин; аябай сыйлуу адамдарга көрсөткөн сый-урмат – 45 градуска чейин; эң жогорку наамдагы адамдарга баш ийүү катары жүгүнүү – чекеси жерге тийгиче жүгүнүшөт.

Биздечи? Биз бул жагынан көбүнчө жакын кошунабыз кытайларга көбүрөк окшошот экенбиз. Улууларга бир аз башыбызды ийимиш болобуз, көбүрөк ийилгендерди кошоматчы катары шылдыңдап күлмөйүбүз бар. Анткени, япондуктардын сылыктыгы кудайга жакпаган иштен оолак болуп, аруу, таза жүрүүнү көздөп, жүрүм-туруму жашоо эрежесине айланган. Алар адамдан коркконунан жүгүнүшпөйт, кудайдан корккон үчүн жүгүнүшөт. А биз көпчүлүгүбүз атеизм идеялары менен тарбияланып, кудайдан коркпойбуз. А элде кудайдан коркпогондон корк дешет эмеспи. Өзүбүздүн тар максаттарыбызга жетиш үчүн ийилип учурашып, шефтин же керектүү адамдын айтканын жүгүрүп жасайбыз. Негизинен азыркы учурда кошоматчыларды эске албаганда, жүгүнүү артистер менен келиндерге, бөтөнчө көлдүк келиндерге мүнөздүү болуп калбадыбы.  Дини

Кытайлардын карманган дини — конфуцийдин жолундагылар /даосизм/, буддизм. Башынан эле Кытайда кайсы бир динге артыкчылыктар берилбейт. Жана тиги же бул динди карма деген катуу талаптар коюлган эмес, кээ бир учурларда бир эле адам бир нече динди карманган.

Япониядагы  — улуттук дин синтоизм.

Японияда ар түрдүү ишенимдер көп, бирок ар бир япондукка синтоистик багыт жакын. Бул ишенимде синтоистик храмда айтылып жүрчү үч постулат бар: табийгатка таазим кылуу, ата-бабалардын рухуна таазим кылуу жана бардык жерде тазалыкты сактоо. Япондуктар бардык нерселерге ыйык нерсеге жасагандай аяр мамиле жасашат. Бардык жасагандары чын дилинен чыгып, жасалма нерсе жок.

Биздин карманган негизги динибиз – ислам дини. Чындап келгенде илгертеден эле кыргыздар анда-мында такыба адамдар болгону болбосо, көпчүлүк эл динди бекем карманышкан эмес. Оюн-чыны аралаш, жайкы орозону күндүн узунунан кыйналдык, күн кыскарган күз айларына жылдырып бер десе, Ормон хан алардын айтканы менен макул болуп жылдырып бергени, селдечен соодагер сартты кармап алышып, молдо болбосоң селдени эмне оронуп жүрөсүң дешип зордукка салып жаназа намазын окуткандары айтылып жүрбөйбү.

Беш убак намаз окуган адамды молдо катары санайбыз, Кудайды башыбызга иш түшкөндө эстейбиз. Анан атеистердин заманы келди, ого бетер кудай берип салбадыбы кыргызга. А азыркы учурда акча берип койсо баптис болуп кеткени бар, ислам деген ушу экен деп атасынан мурда сакал коюп, Пакистандын улуттук кийимин кийип алышкан сабатсыз жаштары бар. Чындап эле диний билим алып таза жүргөн илимпоз аалымдар, жөн эле билген намазын окуп кыргыздын салтын да сактап жүргөн момун мусулмандар бар. Мага окшогон эскиден толук кутула албаган, жаңыга жан оту менен кире элек жарым атеист, жарым молдолор бар, эмнеси болсо да жанагы баптистерден башкаларыбыз өзүбүздү мусулманбыз деп жүрөбүз. Өлсөк жаназабыз окулат, ишенсек ишенбесек да мал союп ата-энелирибизге, бир туугандарыбызга куран окутабыз.

Күрөш-оюндары

Кытайлыктардын күрөш оюндары —  бул ушу жана кунфу.

Ушу (мааниси — «согуш искусствосу») — бул мушташуу, кармашуу өнөрүн бириктирип турган кытайлардын гимнастикасы. “Кунфу” деген сөз деле көпчүлүк учурларда согуш искусствосу деген маанини берсе дагы, Кытайда ал сөз менен мушташуудан баштап, кулинария, ырдоого чейинки бардык ишмердүүлүктөрдү өнүктүрүү дегенди билдирген. Кыскасы кунфу — бул өзүңдү тарбиялап өстүрүү дегенди туюндурат.

Японида — сумо, дзюдо, айкидо, карате, джиу-джитсу.

Өлтүрүүнүн искусствосу же бу-дзюцу – бул Япониядагы күрөш-оюндар искусствосунун негизин түзөт. Бул өнөрдү өзүн өнүктүрүп өстүрөм деген самурайлар менен ниндзялар үйрөнүшкөн. Бул жердеги негизги максат атаандашты кантип тез жана эффективтүү жол менен жок кылуу. Бул күрөштүн эрежеси болгон эмес, согушта бардык каражаттар жакшы, иши кылып жеңип чыгыш керек. Күрөштүн бүтүшү кол кысышуулар аркылуу аяктабайт, жөн гана жеңилген адамды өлтүрүп салуу менен бүткөн.

А бизде кандай?

Бизде деле күрөштүн түрлөрү көп, бирок негизги оюндарыбыз ат оюндары болгон. Негизги максат кайсы учурда болбосун капыстан келген жоону тосконго даяр болуу десек жаңылышпайбыз. Ыраматылык СССР убагында ГТО деген бар эле, анын нормативдерин аткаруу жаштардын ыйык милдети болгон. (ГТО – Готов Труду и Обороне.) Биздин ат оюндары деле ошол сыяктуу милдетти аткарган: көкбөрү, эр сайыш, кыз куумай, тыйын эңмей, жамбы атыш мына ушунун баары эл атайын армия кармабай эле ар бир кыргызды, кыз-келиндерине чейин машыктырып, коргонууга даярдаган. Башкасын айтпаганда да өлгөндө кара ашына да атка байге коюп ат чабыш уюштурушкандарын айтпайсыңбы. А ордо оюнун – бул мамлекеттик түзүлүштүн модели, анын конституциясы деп айтсак куп жарашат.

Тамак-ашы

Кытайлардын тамагы — пекин өрдөгү, димсам, куурулган күрүч, жүз жыл сакталган жумуртка жана ташбаканын сорпосу. Биз беш эле даам билет экенбиз. Кытай ашканасынын өзгөчөлүгү, сегиз даамды ажырата билишет экен. Таттуу, кычкыл, ачуу, курч, туздуу деген даамдардан тышкары ар бир кытай дагы үч даамды атай алат. Алар: жыпар жыттуу даам (туура даярдалган тамак өзгөчө жыпар жытка ээ), туздалбаган же ачыбаган даам (күрүч менен нандын даамы сыяктуу даам) жана алтын даам (кумкват деген цитрус мөмөсүнүн даамы).

Япондордун сүйгөн улуттук тамак-ашы — суши, роллы жана сасим деген тамактар. Япон ашканасынын өзгөчөлүгү балыктын чийки этинен даярдалган аштар, алардын эң эле кеңири таралганы – бул суши жана роллалар. Бул тамактарды жасоодо балыктын эти табыгий даамын жоготпос үчүн отко бышырылбайт. Айтмакчы, япондор дасторконуна тамак-ашты кичинекей порциялар менен жайнатып коюшканды жакшы көрүшөт. Япондук ак сөөктүн дасторконунда майда порциялардын 15-20дан  кем эмес түрлөрү турган.

Бизде негизги тамак түндүктө бешбармак, түштүктө аш-палоо. Кайра-кайра мантуу, лагман берсең да келген коногуң бешбармак келмейинче кетүүнү ойлобой отура берет. Айтмакчы, ар бир устуканды келген меймандын кадыр-баркына, жашына карата бермей бизде гана бар. Сүт эмген жаш тайдын этин, казы-картасын, саамал кымызды эстегенде тамашанып, шилекейин бир жутуп албаган кыргызды жолуктуруш кыйын болсо керек.

Жашоо шарттары

Кытайда үстөлгө олтурушат. Адатта, чыгыш адамы жерде: салынган шырдак-килемдерде, көлдөлөң-төшөктөрдө жаздыкчаларга чыканактап жөлөнүп олтурушат деп элестешет. Бирок кытайлар бийик үстөлдөрдө олтурушат. Бул адат аларга тээ алыскы 6-кылымдарда жашаган дворяндардан калыптыр, алар карапайым элден өзгөчөлөнүп, бийик олтурганды адат кылып алышкан, канчалык кадыр-барктуу болсо, ошончолук бийик үстөлгө олтурушкан. Ар бир адам үстөлгө олтурууну кыялданышкан. Бара-бара үстөл ар кандай социалдык катмардагы үй-бүлөлөрдүн эмерегине айланган.

Японияда чөгөлөп же мандаш токунуп олтурушат.

Сэйдза («чөгөлөп же мандаш токунуп олтуруу») Японияда — бул өзүнчө эле бир илим. Минтип олтуруу — кээ бир япондордун каада-салтынына байланыштуу учурлардын, мисалы, чай ичүү жөрөлгөлөрүнүн, медитация кылуунун, кээ бир согуштук искусствонун жана каллиграфиянын ажырагыс бөлүгү.

Бизде илгери эркектер мандаш токунуп, аялдар этин көрсөтпөй, эки бутун жыйып, этеги менен жаап кымтыланып олтурушчу. Азыркы учурда кытайлардай болуп үстөлгө олтурганга көнүп алыдык. Айылдарда аш-тойлордо узун жалпак үстөлдөр коюлуп, дат басып калгансып кычыраган тизелерибизди түзөп, буттарыбызды анын алдына сойлотуп жиберебиз. Карысынын деле, жашынын деле эркегинин деле, аялынын деле буттары ооруп, отурган жеринен очорулуп турушканы балким, мандаш токунуп олтурганды унутуп бара жатканыбыздан болуп жүрбөсүн?

Кийими

Кытайдын улуттук кийимдери — ципао жана ханьфу.

Кытайлардын традициялуу кийимин ханьфу (Б.з.ч. 3-кылымдагы Хань династиясынын кийими). Бул ич кийиминен баштап эң бир кооз түр салынган жибектен тигилип, белинде куру бар халаттардан турган кийимдердин комплектиси. Ханьфуну эркектер да, аялдар да кийишкен. Анын тири укмуштай оймо-чиймелери атагы алыска кеткен кытай жибегинин мыктылыгын, аземдигин айгинелеп тургансыйт. 17-кылымда бийликке маньчжурлар келген соң, кытайлардын салттуу кийиминде өзгөрүштөр болуп, эркектер чаншань аялдар ципао деген кийимдерди кие башташкан.

Бул кийим үч жүз жыл бою, Мао бардыгына униформа кийгизгенче сакталып келди. Азыркы учурда кытайлар улуттук кийимин калыбына келтире башташты. Жалпысынан кытайлардын кийими япондуктардыкына караганда түркүн түскө бай, тигилиши жана жасалгалашы мыктыдай көрүнөт. Чындап келгенде кимоно деле ушул ханьфунун негизинде жаралыптыр.

Япондордун улуттук кийими — кимоно.

Албетте, кимоно бүгүнкү күндө япондордун күндөлүк кийип жүрүүчү кийими эмес, бирок ар бир япондуктун кийим илгичинде майрамдарда, тойлордо жана башка салтанаттарда кийүүгө арналган кимоно илинип турат. Кимоно адамдын ийини менен белин гана бөлүп көрсөтөт, анткени япондордо идеалдуу сулуулук – бул “бөлтөйүп-сөлтөйгөн, тегиз эмес жерлери канчалык аз болсо, ошончолук сулуу” деген пикирди карманышат. Кимоно улуттук кийим катары 19-кылымдан бери кийилип келе жатат.

Кыргыздардын улуттук кийими.

Кыргыз элинин улуттук кийими илгертен сакталып келет. Ар түрдүү оюн-зоок кечелерде, аш-тойлордо кыздарыбыз жашоо-шартынын деңгээлине ылайык кош этек көйнөк, саймаланган чыптама, топуларды кийишкен. Ошондой эле байбичелер, карыялар, жигиттер аш-той көркүн кооздолуп тигилген чепкен, саймалуу белдемчи, жайкалган элечектери менен ачышкан. Ал эми той-топурга барбаган күндөрү жумуш кылганга ыңгайлуу деп жеңил кийимдерди кийишкен. Баштарына кундуз, сүлөөсүн, күрпөң козунун терисинен тигилген тебетей жана кийизден жасалган ак калпак кийишкен.

Кыргыздар үйүнө келген өтө сыйлуу коногуна азыркылардай болуп калпак белек кылган эмес. Астына ат тарткан, үстүнө чепкен жапкан, бирок баш кийим кийгизишкен эмес. Калпак берген баш берген менен барабар болгон.Үйгө киргенде калпакты башынан чечип, отурган ордунан бийигирээк жерге коюшкан. Калпагын карап туруп анын жаш курагын, коомдогу ордун, ал тургай түшүрүлгөн оюсунан кайсы уруудан экендигинен бери билишкен. Жаш балдарга кызыл, көк, жашыл менен кыюуланган калпак кийгизсе, кара кыюусу бар ак калпакты кадыр-барктуу адамдар кийген.

Элечек болсо кыргыз зайыптарынын байыртадан кийип келаткан, калпактын катарында турган баш кийими. Элечек да сыртынан бирдей көрүнгөнү менен оромуна жараша көп түргө бөлүнүп, аны кийген зайыптын жаш курагын, кайсы жерлик экенинен өйдө көрсөтүп турган. Памирдик кыргыздарга барган саякатчы Б. Громбчевский "Элечектин өзгөчөлүктөрүн билип алсаң кыргыз аялынын (оролушунан, аркасындагы куйругунун саймасынан) кайсы уруудан экенин, жаш курагын жазбай аныктаса болот. Эгер алар бир уруудан болсо элечектери да бирдей окшош" - деп жазыптыр.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ушундай керемет кыргыз кийимдерин той-топурларда эле кийишпесе, эже-жеңелерибиз, энелерибиз өтө сейрек кийип жатышпайбы. Жарашабы жарашпайбы, жаштары деле, жашы улгайып калгандары деле жаргылчактай жамбаштарын бөлөк-салак кылып шым кийип жүрүшкөнүн көрөсүң. Илгери деп айтсам деле болчудай, тээ, алыскы 74-75-жылдары студент болуп жүргөн кезимде кыргыз кыздар жаңыдан шым кие башташкан, ошондо Абдувалиев деген тарыхтан берген агайыбыз: “Атаңдын шымын кийип алдыңбы, кыргыздын Калипасы шым кийсе капталы түшкөн алачык! Шым силерге жарашпайт! Көзүмө көрүнбөй чыгып кет!” – деп шым кийип келген кыздарды сабагынан кууп чыгар эле. Аттиң, ошондой агайларыбыз көп болгондо эмне...

Медицинасы

Кытайда — акупунктура (ийне менен сайгылоо).

Ийне менен сайгылоонун адистеринин пикири боюнча, ар бир органдын меридиан аталган өз зоналары болот тура. Мисалы, бооруңуз ооруса, ийне менен таманда жана кулактын калканында жайгашкан түйүндөрдү сайгылашат. Биздин денебизде 700гө жакын ошондой түйүндөр бар экен. Ар биринин энчилүү аты жана өзүнө гана тиешелүү зоналары бар. Ошол түйүндөргө ийне сайуу аркылуу адистер энергияга таасир берип, керектүү органдардагы ооруну жок кылышат.

Японияда болсо — шиацу (кол менен массаж кылуу) кеңири таралган.

Шиацу 20-кылымдын 40-жылдарында пайда болгон. Токудзиро аттуу дарыгер кызыл жүгүрүк менен ооруган энеси, ооруган жерине май сүйкөп ушалаганда оорусу жеңилдеп калганын байкап калбайбы. Зээндүү неме андан кийинки бүт өмүрүн ушул маселени изилдөөгө арнап, манжалар менен массаж кылуунун өзгөчө ыкмасын иштеп чыккан экен. Азыркы учурда бул ыкма шиацу деген аталышты алып, мануалдык терапиянын бир бөлүгү болуп калды.

Кыргыздар да оңой эмес эл да, азыркы практикалык медицинадан айырмаланып, алар адам баласынын бардык организмин бир бүтүн нерсе катары караган.

Кыргыздар ооруну «бөлүштүрүүдө» жалпысынан дене жана жан оорулары деп бөлүшөт. Жан оорулары деп көбүнчө адамдын психикасына жана нервине таандык болгон же мына ушул жактардан кетирилген мүчүлүштүктөрдү анык көрсөтүп турган ооруларды айтышат.

Азыркы мезгилге чейин ошол энергиянын бузулушун ач кириптир, кирине, көз тийген, жүрөгү түшкөн, эпкиндеген, сук өткөн, илешкен деген сыяктуу аныктамаларды берип дарылап жүрүшөт.

Кыргыздар бул ооруларды кокусунан, табияттагы энергиялардын же адамдардын ички энергияларынын карым-катышынан – жакшы же жаман көрүүсүнөн улам пайда болот деп эсептешет.

Экинчи жандуу оорулар белгилүү бир адамдын энергиясын аныктай ала турган адамдардын кийлигишүүсү аркылуу пайда болгон оорулар. Жалпысынан, аларды дуба бар экен деп коюшат. Дубаларды тигил же бул адамдын окуусунун күчүнөн же магиялык илимдердин таасиринен пайда болгон оорулар катары карашат. Бири-бирине дуба окумай бөтөнчө азыркы учурда күчөдү го, чиркин.

Илгертеден кыргыздар дене ооруларын тамырын кармап көрүп,  ысык  жана суук деп экиге бөлүшкөн. Ысык оорулар канда же денеде калориянын ашык болушунан улам пайда болгон оорулар болуп эсептелет. Демек, адамдардын ашыкча тамактануусу тикелей дартка алып барарын билип, ичкен-жегенин жөнгө салып, өздөрү ичип турган тамак-аштарын дал ошого ылайыктап колдонушкан. Баш, жүрөк, боор, өт ооруларын да кыргыз эли мурдатан эле сууга отургузуу, мүнөздөп тамак ичүү, тамак-ашты тергөө сыяктуу жолдор менен айыктырып келген.

Ал эми суук оорулар деле мына ушундай кан басымы менен аныкталат да, негизинен турмуш чындыгы көрсөтүп тургандай, мындай оорулар менен кадимки калориянын жетишсиздиги күчөгөн жерлерде жашаган адамдар ооруй тургандыгын реалдуулук көрсөтүүдө.

Символдору

Кытайдын аздектеген символу — ажыдаар.

Кытай маданиятынын негизги өкүлүнүн бири ажыдаар – бул жандама персонаж. Аны мындайча сүрөттөшөт: башы төөнүкү, мүйүзү бугунуку, көздөрү жин-шайтандыкы, моюну жыландыкы, терисиндеги кабыкчалар балыктыкы, тырмагы бүркүттүкү, буттары арстандыкы жана кулактары уйдуку. Европалыктардын ажыдаарына салыштырганда аны боорукер дебесек да, акылман деп сөзсүз айта алабыз. Кытайдын башка ажыдаарлардан айырмасы: анын буттарында бештен манжалары бар. Кытайда тогуз түрдүү ажыдаар “жашайт”: асман ажыдаары, руханий ажыдаар, жер астында жашаган ажыдаар, казына сактоочу ажыдаар, канаттуу ажыдаар, сууда жашаган ажыдаар, мүйүздүү ажыдаар, сары, Ло дарыясынан адамдарга жазууну үйрөтүү үчүн келген ажыдаар жана королдордун ажыдаары.

Япондордун барктап сүйгөн символу — сакура.

Тоо кудайы Күн кудайынын небереси Нинигиге өзүнүн эки кызынын бирине үйлөнүүнү сунуштайт. Эгерде ал улуу кызы Бийик Асканы тандап алса, анда анын тукумдары таш сыяктуу бекем болуп түбөлүккө жашашарын, ал эми Гүлдөжан деген кичүү кызын тандап алса, анын коомдо кандай орунду ээлесе да, татынакай, керемет сулуу болсо дагы сакуранын гүлүндөй кыска болорун айтат.

Ниниги Гүлдөжан аттуу кичүү кызын тандап алып, андан япондук имераторлордун ата-бабалары таралган экен. Япондор жылда сакура, бул таң калыштуу алча дарагы, ушунчалык кыска мөөнөттө өзүнүн кереметүү кооз гүлүн ачканда, аны карап суктанышып, адамзаттын жашоосунун ушул гүл сыяктуу кыска өмүрү жөнүндө ой толгошот тура. Японияга барып калган адам сакуранын сүрөтү полициянын жана куралдуу күчтөрдүн гербдеринен көрө алышат. Бул алча дарагынын таң калыштуу жери гүл ачса да, мөмө байлабайт. Аны кооз гүлү үчүн гана өстүрүшөт. Сакуранын 16 сортунун 400төн ашык ар кандай түрлөрү бар. Эң көп кезиккени сомейшино (чоң ак гүлдүү дарак) жана сидарезакура (мажүрүм тал сыяктуу салаңдап өсөт) — бул дарактын гүлү гүлгүн тартып турат.

Биздин символубуз – ак калпак жана комуз десек жаңылышпайбыз.

Биздин атактуу жазуучубуз жана коомдук ишмерибиз Чыңгыз Айтматов “Асмандан жарык көрсөң аны жылдыз деп бил. Ак калпак кийгенди көрсөң аны – кыргыз деп бил” деп таасирдүү айткан.

Илимпоз этнограф Лев Гумилев “Калпак формасы боюнча тоону, боз үйдү, ошону менен бирге эле египеттик пирамидаларды эске салат” деп белгилептир.

Ал эми комуз тууралуу айтсак, комуздун элеси Мысыр пирамидаларынын бооруна түшүрүлгөн сүрөттөрдүн арасында бар экен. Арфа деген аспапты орустардан башка бүт дүйнө эли “арпа” деп айтышат. Арпаны элестетсеңер, машагынын тикендери текши келип, узун болот. Музыкалык аспап да ошого окшоштурула жасалып, арпа деп аталыптыр. Арпа аспабын көчмөн турмушта алып жүргөнгө ыңгайсыз жана оор болгондуктан колдонуудан чыгып калган. Анын ордуна комуз пайда болгон экен. Комуз 18 түрдө күүлөнөт. Дүйнөдөгү бардык аспаптар бир же эки которулушка гана күүлөнөт. Демек, комуз дүйнө элинин аспаптарынан кеминде он эсе жогору турат десек аша чапкандык эмес.

Аскерлери

Кытайда — терракоттук армия.

Цин Шихуанди Кытайдын эң бир зулум императору болуптур. Ошол эле убакта ал кудайга бекем ишенген. Ал тирүү кезинде эле аркы дүйнөгө камына баштаптыр. Ал ылайдан кадимки кишилердин бою менен тең 6000 аскердин сөлөкөтүн даярдатып, өлгөндөн кийин кайтарып туруш үчүн ал сөлөкөттөрдү өзү менен кошо көмүүнү буйрук кылат. Ал азыркы муундарга чейин жетиптир, кызыгы: алардын ичинен эки окшош сөлөкөттү канча издесең да таппай экенсиң. Андан да кызыгы: бул армия ушул убакытка чейин бош мүрөзөнү кайтарып келишиптир, анткени Цинь Шихуандинин сөөгү салынган табыт ушул күнгө чейин табыла элек экен.

Японияда — самурайлар жана ниндзялар.

“Самурай”деген сөз haberu деген этиш сөздөн, сөзмө-сөз которгондо –“кызмат кылуу, колдоого алуу” деген түшүнүктөн келип чыгыптыр. Көпчүлүк самурайларды аскерлердин элитасы деп ойлошот, бирок булар болгону өз кожоюндарынын жан сакчылары жана үй чарбасындагы кызматчылары болушкан. Биринчи кезекте алар дыйкандар болушкан, согуш учурунда аскердик милдетин аткарышып, уруштан кийин кожоюндарын кубандырыш үчүн согуш талаасын кыдырып өлгөн душмандардын баштарын кесип келишкен.

Ниндзя болсо — бул орто кылымдарда жашаган Япониядагы диверсант-чалгынчы, шпион, жана жалданма киши өлтүргүч адамдар. Ниндзя, самурайлардан айырмаланып феодалдык системага баш ийген эмес, ошондуктан алар кызматтан өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушкан жана алар дайыма ачыкка чыкпай жашыруун аракет жасашкан. Ниндзялардын гүлдөп өсүп турган убагы Орто кылымга туш келип, ошол убактарда 70ке чукул кландар болгон. Кесип тукумдан тукумга өтүп турган. Аял ниндзяларды куноиттер деп аташкан.

Кыргыздардын аскерлери “Манас” эпосунда чоң казатка аттанып бара жатышканда Алманбет тарабынан ондуктарга, жүздүктөргө, миңдиктерге, тумандарга бөлүнүшкөнү айтылат. Ар бир бөлүктүн башчылары өз бөлүгүндө чектелбеген бийликтин ээси болушкан. Бир жоокердин коркоктугу үчүн ондукту, ондуктардын жаңылыштыгы үчүн жүздүктү өлүм жазасына буюрган учурлар болгон экен.

Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз