Кыргыз Эл Жомогу: Камкор Бала Жана Анын Достору

Илгери, илгери бир адептүү өскөн бала болуптур. Ал акылдуу гана болбостон, башкалар үчүн кам көргөн өтө боорукер бала экен. Бирөөлөргө кара санап, кастык кылбаган калыс бала делинип оозго кириптир.

Бир күнү ошол бала күн жаңыдан чыгып келе жаткан убакта отун алып келем деп, токойду көздөй жөнөйт. Ал жолдон жаратылыштын ажайып сулуулугуна аябай суктанат. Түркүн гүлдөрдү, жашыл арча, кайыңдарды, мөлтүр булактарды көрүп, далайга кеткиси келбей туруп калат.

Жол жүрүп отуруп аябай чарчап-чаалыгат. Агыны катуу суунун жээгине келип, кочуштап суу ичип, жээгине отурат. Улам туш-тарапты карап суктанат. Аңгыча ыйлап жаткан бир балатыны көрөт.

– Ыйлабаганда кантем, бир бутагымды мамалак сындырып койду. Өзүмдү көрсөтөм деп бутакка чыкты да, сындырды. Аябай оор экен, – деп чөнтөгүнөн бетаарчысын алып чыгып, четинен айрып, бутакты бекем таңып койду.

– Сен эми ыйлаба, жаш жаныңды кыйнаба. Бир аз күндөн кийин жашыл түскө айланып өсүп чыгат. Мени апам отун алып келгин деп жиберген эле, эми кетейин, – деп бала кетүүгө камынды.

– Сынган бутакты эмнеге албадың? – деди балаты.

– Жаңы сынган немени эмне кылам. Мен куураган, жолду бөгөп тургандарды алышым керек, – деди.

Балатыга баланын жообу жакты. Эми жакшылыкка жакшылык менен жооп бергиси келди.

Балаты:

– Бүгүн үйүңө кетпей, түнөп калышың ыктымал. Токой ичи караңгы жана корконучтуу. Ошондуктан бул сыйкырдуу чырпыкты бекем катып ал. Өзүңө керек учурда: күй, бутагым, күй десең, чатырап күйүп берет. Эгер өчсүн десең, көзүңдү үч ирет жумуп, үч жолу ачып койсоң, өчөт, – деп белегин берет.

Бала балатыга ыраазылыгын билдирип, белекке алган чырпыгын катып алып коштошот. Анан сууну бойлоп жүрүп отурат. Бала улам жогорулай берет. Күн бүркөлүп, кара туман каптап, күн жаай баштайт. Анан ал ак жаанга айланат. Кыян жүрөт. Бала калың арчанын түбүнө корголоп, жаңыдан көзүн жумайын деген кезде:

– Жардам! – деген аянычтуу бир үн угулат. Олтурган бала:

– Бул жардам сураган ким? – деп үнүнүн бардыгынча кыйкырат.

– Мен кумурскамын. Уюкту суу каптаганын көрбөйсүңбү!– дейт.

– Күй, бутагым, күй, – деген замат жарык боло калат.

Кумурскаларды уюгу менен көтөрүп, карагайдын түбүнө алып келет. Алар алкышын, ыракматын үстөккө-босток айтышат.

“Токой – жаратылыштын көркү, мындан ашкан сулуулук жана байлык жок”, – деп баланы досторунун баарысы урматташат. Мамалактын оң бутуна кирген тикенди да бала алып таштайт. Мамалак бала менен дос болуп, балага отун теришип, аябай жардам берет.

Бала отунун көтөрүп келип, баштан-аяк болгон окуяларды энесине айтып берип, кечиккендиги үчүн кечирим сурайт. Анан түн кирет. Бирок чырак күйбөй калат.

– Күй, бутагым, күй! – деп бала арчанын бутагын сууруп чыгат, үйдүн ичи тургай короо-жай, кошуналардыкынан өйдө жарык болот.

Буга энеси аябай кубанат.

P.S. Буудайбек Сабыр уулу тарабынан түзүлгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Комментарий калтырыңыз