РЕАЛИЗМ АЛКАГЫН БУЗУП ЧЫККАН КЫРГЫЗ СҮРӨТЧҮСҮ

  • 28.03.2024
  • 11844
  • 1

Асатилла Тешебаевдин өмүрү Кыргызстан, Австрия жана Орусияга байланышкан. Ал үч өлкөнүн Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ал өткөн кылымдын 90-жылдары коомдо башталган радикалдуу өзгөрүүлөр элдин менталитетине тийгизген таасирин чагылдырганга аракет кылса, акыркы жылдары адамдардагы позитивдүү маанайды, музыкалык термин  менен айтканда, мажордук гаммада бозкендир бетине түшүргөнгө көп көңүл бурат.

Окурмандарыбызды А.Тешебаевдин чыгармачылык өзгөчөлүгү менен тааныштыруу жана Кыргыз живописиндеги учурдагы багыттар жөнүндө талкуу уюштуруу максатында художниктин басмага даярдалып жаткан китеп-альбомунан төмөнкү үзүндүнү сунуш кылабыз.

Метареализм

Асатилла Тешебаевдин киши кейпиндеги, бирок кишиге окшобогон пенделер тартылган социалдык темадагы картиналары живопистин кайсы стилине кирет? Бул суроого метареализм деп жооп берер элем. Орусиялык искусство таануучулар менен поэзия изилдөөчүлөр чөйрөсүндө пайда болуп, ондогон илимий изилдөөлөр арналган метариализм түшүнүгү биринчи жолу М.Эпштейн тарабынан сунуш этилген. Ага дейре термин айтылганы менен, анын аныктамасы берилген эмес.

Ал, М.Эпштейн 1983-жылы 8-июнда “Материализм жана концептуализм жөнүндөгү тезистери” менен москвалык интеллектуалдарды тааныштырат. Бул тезисте терминдин так аныктамасы береги эки сүйлөм менен гана чектелет. “Метареализм – нукура баалуулуктарды издейт, ошон үчүн түбөлүктүү темаларга же учур темаларынын түбөлүктүү прообраздарына багытталып, анда: сүйүү, өлүм, сөз, жарык, жер, шамал, түн тейдеги архетиптер мол болот. Ага материал катары тарых, жаратылыш, бийик маданият кызмат кылат.”

“Өмүр чыгырыгы”. 2005. А.Тешебаев

Ал эми 1986-жылдын 5-декабарда Москвадагы Борбордук көргөзмө залында өткөн «Метареализм поэзияда жана живописте» («Метареализм в поэзии и живописи», Центральный выставочный зал на Кузнецком мосту) деген кечеде филолог, культуролог М.Эпштейн “Метареализм деген эмне?” деген манифестин жарыялайт. Бул термин А.Тешебаевдин чыгармачылыгын түшүнүү үчүн маанилүү болгондуктан, манифесттин урунтуу учурларына шашпай токтоло кетейин.

Илимпоздун айтымында, метареализм орус адабияты менен искусствосунда 1970-жылдары калыптанып, кийинки он жылдыкта таанылат. Анын өкүлдөрү поэзияда: И.Жданов, О.Седакова, В.Аристов ж.б., живописте Е.Дыбский, З.Шерман, Е.Гор, Б.Морковников ж.б.

Метареализм философиялык пландан алганда метафизикалык реализмди, б.а., нерсенин физикалык мүнөздөмөсү эмес, а физикалык мүнөздөмөсүнөн жогорку касиетин түшүндүрөт.

Ал эми стили боюнча алганда – бул заттар ортосундагы шарттуу окшоштуктан реалдуу карым-катнашына өткөн метафориялык реализм, б.а., метафорадан метаболага өтүүсү.

М.Эпштейн метаболанын байыркы мифологиялык искусстводогу прототиби, прообразы – метафора деп, ошону менен метареализм учурдагы (XX кылымдын 70-80-жж.) искусствонун бир салаасы катары таанылганга чейин эле болгонун баса белгилеп кетет.

А метабола байыркы грек тилиндеги metabole сөзүнөн алынып, нерсенин (заттын) мүмкүн болгон абалга өтүүсү же түздөн түз которгондо орун которуу, оодаруу, айлантуу, өзгөртүү дегенди билдирет.( https://www.emory.edu/INTELNET/fs_metabole.html)

Манифесте поэзиядагы метабола ымасынын мисалы ирети орус акыны Иван Ждановдун аты жок ыры алынган. Бир баракка сыйчу ошо ырдын алгачкы үч сабын окуп көрөлү.

Море, что зажато в клювах птиц , — дождь
Небо, помещённое в звезду, — ночь.
Дерева невыполнимый жест – вихрь.

И.Ждановдун ыры баштан аяк ушундай метаболалык саптар менен жазылган (Караңыз: Место земли. М.: Молодая гвардия, 1991).  Ырдагы деңиз – жамгыр, асман – түн, дарактар – куюн адабият таанууда метаболиттер деп аталат.

Бүгүн метабола учурдагы метареализм көркөм агымында мүнөздүү ыкма экени искусствого тиешелүү илимий эмгектер жана изилдөөлөр менен тааныштыгы бар окурмандарга маалым.

Манифестте М.Эпштейн метафораны кишинин керемет же сыйкырдуу көрүнүшкө ишенүүгө даярдыгы, метаболаны андай көрүнүштү сезүү жөндөмү деп тааныйт жана “метареализм чыгармачылыктан башка да дүйнө таануу, ошондой эле жашоо жолою болушу мүмкүн” экенин этият белгилейт.  Андан ары “Метареалист болуу,- деп эскертет ал, — демек өзүн көптөгөн реалдуулуктарды бириктирчү тогоо деп сезүү, бул байланыш үзүлбөөсү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуу, байланышты сөзү, ою, кылган иши менен бекемдөө”.

Живописти алчу болсок, культурологдун түшүндүрүшүнчө, метареализм  “абстрактуу” жана “предметке дал өзүндөй окшоштук” ортосундагы каршылык (оппозиция) жок болгондо жаралат; буюмдун, заттын, нерсенин түзүлүшү сүрөткө тартылат, бирок анын касиети реалдуу мейкиндикте айкын көрүнөт.

М.Эпштейндин аныктамасы боюнча, “Метареализм – бул  реализмди чануу эмес, аны көзгө көрүнбөгөн заттардын жана кубулуштардын айдыңына кеңейтүү, реалдуулук жөнүндөгү түшүнүктү көп ченемдүү кылып татаалдантуу; реалдуулук физикалык-психологиялык окшоштук менен чектелбейт, бирок өзүнө Пушкиндин олуясына көрүнгөн жогорку, метафизикалык реалдуулукту камтыйт.”

1-сүрөт: «Ата, рахмат!» 2-сүрөт: “Экономикалык кризистин сазында”, 1992. А.Тешебаев.

А бүгүн кабыл алынган аныктама боюнча, “Метареализм, метафизикалык реализм (грек тилиндеги meta – арасында жана геalis —  материалдык, чыныгы сөздөрдөн алынган) — бул заттарга көмүскө туюмдагы, аң-сезимдин тереңиндеги жана заттын өзүнө таандык эмес же анда жок касиеттерди берүү.

Метареализмдин максаты, М.Эпштейн жана башка илимпоздордун айтымында,  социалдык, психологиялык жана башка кубулуштарды өзүнө окшош же өзүнө максималдуу жакындатып көрсөтүү болсо, метареализм агым катары жаралгандан эле искусство жана адабияттагы концептуализм агымына каршы коюлат. Концептуалисттер дүйнөнү компоненттерге бөлүп караганга аракет кылышса, акын-метареалисттер жаңы дүйнөнүн, мурда жок жаңы кубулуштардын поэтикалык образын жаңы салыштыруулар жана метафоралар, метамарфозалар, метаболалар аркылуу сүрөттөгөнгө умтулушат. Ошонун сыңарындай эле художник-метареалисттер жаңы көрүнүштөрдү, жашоодогу өзгөрүүлөрдү реалисттик стилге катар өз аң-сезиминде жаралган өзгөчө образдарга салып боз кендир бетине түшүрүшөт. Мындай жаңылыктан сүрөттүн мазмуну байыйт, көрүүчүнүн көркөм табити кеңейет.

Өйдөдө эскертилгендей, адабиятта мурда эле метареализм элементтери болгондуктан, орус адабиятындагы өзүм билген айрым чыгармаларды же метареалисттик саптары бар чыгармаларды атай кетейин. Алар Пушкиндин “Олуя” (1926) ыры, М.Лермонтовдун “Демон” поэмасы (1829-1839) жана “Олуя” ыры, О.Мандельштамдын “Что поют часы-кузнечик…” деген ыры (1917), А.Блоктун “Он эки”(1918) поэмасы, М.Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романы (1928-1940).

«Келемиш: Өздөн чыккан жат жаман» А.Тешебаев

Бүгүнкү кыргыз адабиятында метареализмдин эң көрүнүктүү өкүлү – Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев. Талантуу акындын бир нече ырын чогуу окуп көрөлү.

Трактор. Боз үй. Капталдан
аңызды бойлоп түтүн жаайт.
Агыш нур жылжып асмандан,
Арпага Айдын сүтүн саайт.

Сугаттан калган суу жатат
дыйкандын сөзүн шыбырап,
өлүмдү сезбей дуу жашап
өткөн күн бутка жыгылат.
(“Айыл, жаз”.)

Талаада кайкалап Күз,
үйүлгөн саманы да,
үңкүйгөн сарайы да чалкаят бүт,
жамбашы талыгандан
жантаят түш.

(“Чак түш”.)

Акындын “Балдар”, “Күз”, “Чөп чабык” деген ырларында да заттар өзүнүн баштапкы касиетин жоготуп, жаңы абалга өтүшөт. Метареалисттик мындай кубулууну Ш.Дүйшеев бизге тартуулап, биздин табиятка жасаган мамилебизди өзгөртөт, жаңы өлчөмдүү дүйнөнү жаратат. Акын жаратылышта жыл мезгилине байланыштуу жана күндүн ар кайсы убагында жүрүп жаткан кубулуштардын, шаардыктардын турмушуна бийик-бийик үйлөр алып келген өзгөрүүлөрдүн жаңы образдарын көркөм сөздү пайдаланып түзөт. Ал жараткан кыялдагы дүйнөгө окурмандарды да ишендирет. Ишендирбеген учурда көз алдына элестеттирет.

Метареализм учурдагы кыргыз прозасы үчүн да табигый көрүнүш. Мисалы, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы (1980) Найман эненин жоолугунун кушка айланып кетүүсү. “Найман-Эне өркөчтү кучактай ооп жыгылып баратты. Бирок бою жерге тийгенче башындагы ак жоолук шыпырылып түштү да, жерге жетпей куш болуп, абага кайкып учуп чыкты. Жөн учпай адамча үн салып учуп чыкты: «Эсиңе кел, сен кимсиң? Атың ким? Сенин атаң Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай!”.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абибилла Пазыловдун “Газетчик Дзюйо” деген (2005) орус тилинде жазылган аңгемесиндеги баланын ага жардам бере албай жаны кыйналып жаткан скандинавиялык аялдын көзүнчө бөлтүрүккө айланып кетүүсүнөн да метареализмди көрөбүз. “…бала, кудай бетин салба, …көк серек болуп өйдө турду, каадалуу силкинди, аянычтуу кыңшылады, анан куйругун кыпчып, мүйүштү айлана, курулуш бүткөндө чыгарылбай, үйүлгөн акыр-чикирди аралай качты.” (А.Пазыловдун котормосу).

Биздин А.Тешебаевдин XX кылымдын 90-жылдары жана акыркы тартылган социалдык темадагы эмгектери да реализмдин алкагын бузуп чыгып, метареализмдин мейиндигине өткөн.

1-сүрөт: “Эмнеге жетиштим?” 1990. 2-сүрөт: Математик Келдибай Алымкулов. А.Тешебаев

“Эмне кылсам” деген картинанын киши түспөл каарманынын тулку дубал менен дубал болуп, башынын көздөн өйдөкү бөлүгү шахмат сыяктуу плинтуска айланып кеткен. А башы не адамдын, не койдун башына окшобойт. “Убакыт көрсөтөттө” таразанын бир табагынан мекиянды, а экинчи табагынан биз күткөн балапанды эмес, жыланды көрөбүз. Мындай шумдукка  балыктын личинкасы кейпиндеги жандар да айран.

“Турмуш сазы” полотносунда художник киши башына түшкөн кайгыны тирүү жанды көргө тарткан коркунучтуу сөлөкөт таризде көрсөтөт. Художниктин айтымында, аталган жана башка метареалисттик картиналарды тартууга киришкенде, анын башкы максаты эле жашоодогу өзүн кейиткен көрүнүштөрдү, жүрөгүн ташбүшкө салган ойлорду көрүүчүгө толук, ишенимдүү жеткирүү болгон.

“Чыгармачылык процесстин жүрүшүндө мазмунга ылайыктуу форма, стиль өзүнөн өзү эле жаралат,”- дейт А.Тешебаев. Ошон үчүн сүрөткердин метареалисттик иштеринде жасалмалуулук жок. Себеби, белгиялык-кыргызстандык художник И.Бакиров баамдагандай,  художник “Ар бир ишинде өз оюн билдиргенге ылайыктуу форманы табат. Стилди тандоодо өзүн эркин сезет.”

Көрүүчү сүрөткерди  тербеткен ойлорду айттырбай түшүнүп, сюжетти андан ары өз фантазиясына жараша уланта алат. Демек, художник социалдык темадагы чыгармалары үчүн стилди жана каражаттарды туура тапкан. Ал – метареализм.

Азыр бул багытта иштеген художниктер жана бул стилде тартылган иштер Кыргызстанда жокко эсе. Акыркы 20 жылда чыккан сүрөт альбомдорунда метареализм жөнүндө эч кандай маалымат жок. Ырас, Жаныбек Жамурзаевдин “Рапсодия” (2007) деген картинасынан метареалисттик дүйнөнү көрүү мүмкүн.

Амирбек Азам уулу, ОшМУнун ардактуу профессору

Комментарийлер (1)

  • - Гүлбану

    Керемет форумдар болатын болса алдағы уақытта хабарласу үшін тел: 8 705 172 45 13

Комментарий калтырыңыз