Дилазык: Аял менен эркектин жаралышы

  • 12.06.2022
  • 3139

ПРИТЧА

Кудай аял менен эркекти жаратып, экөөн бир бөлмөгө жайгаштырды. Аял менен эркектин күчү бирдей болгондуктан күрөшкөн сайын жыйынтык барабар менен аяктачу. Бир күнү эркек: “Кудай менен сүйлөшүүм керек. Аял менен күрөшө берип аны жеңе албай чарчадым”, – деп ойлоду. Асманга көтөрүлүп, Кудайдын алдына барды:

- Оо Кудай, сенден башка эч ким эркекке жардам бере албайт. Сенин колуңдан баары келет, керек болсо асмандагы жылдыздарды жаркыратып күйгүзө аласың. Суранарым, мага күчүмө күч кошо көр. Кандай болсо да аялды жеңүүм керек. Дайыма жерге түшө бербесиңди билем. Жок дегенде кичине болсо да күч берчи, – деди.

- Макул, сен аялдан күчтүү болосуң, бирок мени угушуң керек!

Эркек асмандан үйүнө  шашып түштү. Үйүнө жетип жетпей:

- Эми мен сага кожоюн болом! Кудай мага күч кошту, эми сен мени угушуң керек! – деди.

Ошентип аял аны менен күрөшүп көрүп, жеңилип калат. Дагы аракет кылат, дагы жеңилет. Үчүнчү жолу да күрөшүп көрүп, кайрадан утулат. Буга эркек абдан сыймыктанып алды.

- Өзүңдү жакшы алып жүр, башкасын сурабайм! – деди эркек.

Буга ачууланган аял:

- Муну көрө жатарбыз! – деп койду. Эртеси аял Кудайга келип суранды:

- Суранам, бир аз гана күч берчи!

- Сен өзүңө тиешелүү күчтү толугу менен алгансың, а эркекке кошуп бердим.

- Эмнеге? Ал мени оңой эле жеңип алчу болду, мурда жеңип көргөн эмес. Суранам, эркекке канча кошуп берсең мага да ошончону бер, болбосо андагы кошулган күчтү алып сал!

- Мен эмнени берсем, кайра кайтарып албайм. Эми аны менен атаандашпа, – деди.

Аял ачууланып, үйүнө келатканда шайтанга жолугуп, болгон арманын айтып берди. Анда шайтан:

- Мени ук, баардыгы жакшы болот. Өзүңдү жакшы кара да, кайрадан Кудайга баргын. Эшиктин жанында мыкта илинген ачкычты сурап алып келгин, а мен сага кандай кылуу керектигин үйрөтөм.

Аял кайрадан асманга көтөрүлүп Кудайга барды.

- Аял, сага дагы эмне керек? – деди Кудай каарданып.

- Оо, Кудай, асман-жердин эгеси!

- Сага эмне керек деп жатам!

- Мага тээтиги мыктагы ачкычты гана берчи!

- Ал дагы, менин тынчымды албагын!

Аял ачкычты алаары менен шайтанга чуркап келди.

- Демек, айткан үч ачкычты алып келдиң?

- Ооба, мына.

- Эгер бул ачкычтарды туура пайдалансаң, эркектен ашасың, бардыгы сен каалагандай болот. Биринчи ачкыч менен ашкананын эшигин жабасың. Эркектер биринчи тамак тууралуу ойлонушат. Экинчиси, уктоочу бөлмөнүкү, аны да жабасың. Ал уктаганды жакшы көрөт. Үчүнчүсү, сен бала терметкен бөлмөнүкү. Аны да жаап сал. Эркектер балдарына катуу байланган. Ал баласы кандай чоңоюп жатканын көргүсү келет. Эми ачкычтарыңды ал да, үйүңө бар, – деп муну кошумчалады: - Эсиңде болсун, эркек сенин күчүң менен ачмайын эшиктерди ачпай тур. Буга кубанасың.

Аял үйүнө чуркап келип, бардыгын шайтан айткандай кылды. Үйүнө келген эркек босогого туруп калды. Аялы кубанычтуу түр менен буйрук берди:

- Бул жыгачты ал да, бешик жаса!

Демейде ачык турган эшиктер эми кулпуланып калганына ачууланып, өз күчүнө таянып канча аракет кылса да ача албай койду. Акыры ачуусу кайнап:

- Эй, катын, бул эшиктерди ким бекитти? Ачкычтарды кайдан алдың? –деди.

- Аны мага Кудай берди.

- Оо, мен буга чыдай албайм! – деп Кудайга чуркап барды эркек:

- Катыным бардыгын бекитип салыптыр, тамак-аш, уктоочу бөлмөмдү, жада калса уулумду. Ачкычты Кудай берди деп жатат.

- Ооба, ал менден сураган, ал эми кантип пайдалануу керектигин шайтан үйрөттү.

- Суранам, ачкычтарды мага бер, эшикти ачып алайын.

- Жок, андай кыла албайм. Сага бере тургандардын бардыгын бердим. Үйүңө бар да аялдан эшикти ачып берүүсүн суран.

Эркек үйүнө келип канча аракет кылса да аялы эшикти ачпай койду. Ошентип аялдын буйругу менен бардыгын жасап, акыры эшикти ачтырды. Бул эркекке аздык кылып:

- Андан көрө экөөбүз бөлүшөлү, сен ачкычтын жарымын бер, мен сага күчүмдүн жарымын берем, – деди.

- Мен ойлонуп көрөйүн! – деп аял отуруп ойлонуп баштады. Ошол учурда терезеден шайтан шыкаалап:

- Мени уксаң макул болбо, анда күч, сенде ачкыч кала берсин. Муну түбөлүккө эстеп кал, мындан ары баары сенден гана көзкаранды, - деп кулагына шыбырады.

Ошондон кийин эркек аялга баш ийүүгө аргасыз болду. Эркек аялдан эмнени каалабасын, баары бир күчүн жумшай албасы мына ушундан экен.

Кыргызчалаган Айжан АТАКАНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз