Мээрим САЙДИЛКАН: Өзүмдү эми тааный баштадым

  • 27.06.2022
  • 2309

Күндөлүктөн

*     *     *

Биз көбүнчө бакытты, сүйүүнү, адамгерчиликти сырттан издейбиз. Өзүбүз өзүбүздөгү бакытты сезбейбиз. Эң жакын адамдарыбызды капалантып, таарынтабыз, таарынабыз.  Эң жакын адамыбызга сүйөрүбүздү айтпай туруп, анын сүйүшүн талап кылабыз. Өзүбүздүн ички дүйнөбүздү өнүктүргөндү качан үйрөнөбүз?

*     *     *

Тилекке каршы, учурда өзүн билбей туруп, бирөөнүн жеке жашоосуна чейин талкуулап, сынагандар абдан көбөйдү.

*     *     *

Кызым Амира:

– Апа, семиз адамдар эч качан эл башкарчу жумуштарга иштеши керек.

– Эмнеге?

– Өзүнүн тамагын тыя албай жей берген адамдар, жетекчиликке барганда элдин тамагын да жей башташат.

– Кызым, ушул оюң туура эмес болуп калган жокпу? Себеби, семиздик оору. Бул оору менен жабыркаган адамдар өлкөбүздө көп.

– Семиздик оорусунан тамакты аз жеп айыкса болот. Алдына эмне койсо жей берсе, оорушат да.

– Кызым, көкүрөгү ток адам эч качан бирөөнүн ырыскысын жебейт. Андай адамдар топук кылганды билет.

– Апа, баары бир семиз адамдар эл башкарбасын. Өздөрүнүн ден соолугуна кам көргөндү билишпесе, кантип элди ойлошот?

*     *     *

– Апа, адамдар  чыныгы мүнөзүн эч качан көрсөтпөйт деп ойлоймун.

– Эмнеге?

– Себеби отуруп, турганына, сүйлөгөнүнө карап эле “акылдуу, акылсыз, жакшы, жаман” деп баалап коюшат. Сиз деле кээде “адам деле эмес экен, бирок өнөрүн сыйлаймын” деп каласыз го.

*     *     *

Жаш муундарга, балдарыбызга улуттук, гумандуу, демократиялык баалуулуктардын  негизинде  таалим-тарбия берүү – ар бирибиздин милдет. Көз карашы терең, көп тил билген, өз улутун, тилин баалап чоңойгон балдар гана өлкөнүн тиреги боло алышат.

*     *     *

Нөшөрлөп жааган жамгыр сени эстетти. Бирок мени эстешиңди каалаган жокмун. Себеби, мага кеткен убактыңды аядым. Сен эстей турган адамдар – элиң. Элиңди күнүгө эстеп, алардын үмүтү бол!

*     *     *

Күндөрдүн биринде  чыныгы досуң жок экенин, жаңылышсаң аркаңдан бычак менен сая тургандар көптүгүн айттың. Сени тегеректеп толтура адамдар жүрсө да, жалгыздыктын кадырын билген, бактылуу адамсың.

*     *     *

Көп күндөрдөн кийин бир ай мурун сени көрдүм. Бетме-бет олтурдук. Сүйлөшкөн жокпуз. Сылык учурашуу. Бир көз караш, миң сөздөн жогору турат.

*     *     *

Эл кызматындасың, ойлонуп, он өлчөп сүйлө. Чоң жоопкерчилик мойнуңда. Башка адамдардын сен тууралуу пикирлерине кабатыр болсоң, анда алар сени башкаруучулар. Сөздөрүңдүн тууралыгына ишенсең, башкаларга ачыктоонун кереги жок. Элге ак кызматыңды кыла бер.

*     *     *

Коомдо эмнелер болуп жатканынан кабары жок адамдар, ким эмне десе ошонун пикирин туура деп ойлойт. Башканын пикири менен жашап жаткандарын өздөрү сезишпейт.

*     *     *

Жашоомдо сөз менен айтып бүткүрө алгыс керемет адамдар бар. Алар менин жашоомду кооздоп, жашагымды келтирет. Жакшы адамдар тегерегиндеги адамдардын баарына тегиз нур чачат. Жакшылар узак жашашсын!

*     *     *

Мен сени канчалык бактылуу кыла алдым, билбеймин. Бирок сен мени ар бир күнү, ар бир секундда бакытка бөлөдүң. Мени сүйүүдөн жадабадың. Үйүмдү, дүйнөмдү гүлгө толтурдуң. Сен мага берген бакытты, мен сага бере албадым. Сен керемет жансың, балдарымдын атасы!

*     *     *

Дүйнө мээримдүүлүккө муктаж. Мээримдүүлүк гана дүйнөнү сактайт.

*     *     *

Аппак кар самсаалап жаап жатканда сүйүүгө кезиккемин. Алгачкы айткан сөзүм: “үшүгөн жоксузбу” болгон. Уккан сөзүм: “жерге жатсам эриймин” болду. Андан соң сүйүү менден дайыма кынтык издеди. Бир күнү “сага сүйүүмдү толук көрсөтсөм, өзүңдү унутуп каласың” деди. Бир күнү “өзүмчүлсүң, өзүңдү гана ойлойсуң” деди. Дагы бир күнү... айтор, ар бир кокустуктан, атайын жолугуп калганда дегендери көбөйө берди. Мен ар бир сөзүн жылмаюу менен уктум. Себеби анын мага болгон мамилеси кынтыктуу болсо, менин ага болгон мамилем кынтыксыз эле. Азыр деле ошол. Мен өзүмдүн кандай адам экенимди жакшы билемин.  

*     *     *

Жашоомдо түрдүү мүнөздөгү адамдар бар. Алар менен сүйлөшүп олтурганда негедир эң оор тагдырды башынан өткөргөндөрүн угам. Алар адамга чынында эң пайдалуу кеңеш беришет.

*     *     *

Жашым жогорулаган сайын мурда курбум деп жүргөндөрүм менен сүйлөшкүм келбей калды. Негедир алардын ар бир сөзү супсак. Бир жерде жолугуп калганыбызда дайыма айтып жүргөн сөздөрүнө күлкүм келет. Болбосо мурда жөн эле укчумун. Сүйлөшчүмүн. Азыр жөн гана угуп коёмун. Таш, суу, жалбырак менен сүйлөшөмүн. Бул өсүүнүн белгисиби же картаюунунбу?

*     *     *

Авто-унаада үчөөбүз элек. Мен, жолдошум, курбу эжем. Бир убакта жолдошум:

– Гүлзат, сүйлөбөйсүңбү, Мээрим негизи аз сүйлөйт, – деди.

Менин өтө көп сүйлөгөнүмдү билген Гүлзат эже күлө берип ичи эзилди. Ал үйдөгү эң аз сүйлөгөн адам экенимди билчү эмес. Экөө бири-бирине абдан таң калышты. Себеби, экөө тең мени жакшы танышпайт эле. Алар эмес мен өзүмдү эми тааный баштадым.

*     *     *

Бирөөнүн кандайдыр бир пикиринен улам ал пикирди айткан адамды жеткен желмогуз же жеткен акылдуу деп, жаза баштаган адамдар өздөрү кыска ойлонуп жатканын билишет болду бекен?!

*     *     *

Сынга дароо жооп берүүдөн мурда, ошол сынды кунт коюп укканды үйрөнсөк кана.

*     *     *

Мен адамдын ички дүйнөсүн, жашоого көз карашын билбей туруп “дин бузар, бул дагы бир бузуку” өңдүү сөздөрдү айткан адамдарга боорум ооруйт. Аларга теңелбеймин. Жооп дагы бербеймин. Элмурат Кочкор уулунун “Ислам – илимдүүлөрдүн, билимдүүлөрдүн дини” аттуу китептен топтолгон асыл ойлордон улам эки эркек сөрөй жеке куржунума ушундай ойдогу кат жазыптыр. Окудум, күлдүм. Жооп берүүгө татыксыз адамдар экенин сездим. Ар тараптан өнүккөн же өнүгүүгө бел байлаган адам “бирөөгө ат” койбойт, ал өзүндөгү кемчилдиктерди көрүп өзүн өнүктүрүү менен алек. Бирөөгө ат коюп кайрылгандар акылы өспөй калган байкуштар.

*     *     *

Айткысы келген нерсени дароо айтпай, бурмалап, айта турган нерсесинин арасына миңдеген сөздөрдү кошуп айткан адамдарга ишенүүгө болбойт. Андайдан алыс болгон жакшы.

*     *     *

Курбума жолугуп калдым. Жанында көп тургум келген жок. Теманы өлүм тууралуу ачтым. Ал намаз окуганга даярданып жүргөнүн, диний курста окуп жатканын айтты. Мен сөөктү курт-кумурскага жем кылып көмбөй, өрттөп ийүү туура экенин айттым. “Сен 99 эмес, 100 дагы эмес, 101 болуп кеткенсиң. Жинди!” деп басып кетти. А мен кутулганыма сүйүнүп жолумду уладым.

*     *     *

Адамдарды түгөлдөгөндү жакшы көрөмүн. Биздин мурда жашаган квартирабызда кошунабыз Адыл байке бар. Мындай керемет адамдар жашоодо өтө аз. Бирок дал ушундай керемет адамдардын да сөзсүз кемчилдиги болот. Адыл байке өз үйүнүн короосун гана эмес, көчөгө, өз районундагы үч кичинекей дүкөндүн алдына гүлдөрдү олтургузуп, тегеректи гүлгө ороп койгон. Өзү мурунку аскер адамы. Азыр таксист. Таң эрте жумушка жөнөп сыртка чыксаң, Асанкалыйдын, Рыспайдын ырлары жаңырып турган болот. Көчөнү суулап шыпырып, авто-унаасынын эшиктерин ачып музыканы коюп койчу. Кызыл Аскердин жашоочуларын жумушка музыканын коштоосу менен узатчу. Дайыма жылмайып учурашат. Ал жерде үчөө кезек менен такси айдашчу. Адыл байке, Максат байке, Акыл. Ар бир таңда аялдамага келгенде кыргызча керемет ырды угасың жана үчөөнү сөзсүз көрөсүң. Эки күн катары менен Максат байкени көрбөй калдым.

– Адыл байке, Максат байке көрүнбөйт. Иштебей калдыбы? – десем,

– Ал өтүп кетти, – деди.

Өңүндө кадимкидей кайгы бар. Ишенип абдан кайгырдым. Жолдошума келип айттым. Куран окудук. Эртеси аялдамага чыксам Максат байке турат. Көрсө, Адыл байке кошуналардын баарысына нукура кыргызча музыка угузуп жумушка узатканы менен баарысын жүрөктүн үшүн алган тамашалары менен тамашалачу экен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз