Мээрим Сайдилкан: Эркектер – кой, аялдар аларды кайтарган чабан

  • 23.06.2021
  • 4461

(Күндөлүктөн)

*   *   *

Жакшы таныбаган адамыңды сагынганыңды сезүү азап. Бул менин жан дүйнөмдөгү оор оору.  

*   *   *

Маңдайымда бүркүт олтурду. Жаралуу. Кайгылуу. Ызалуу. Күлдү. Шакаба чекти. Бактылуу көрүндү. Ичи муңга толо. Көкүрөгү сыздап турат. Сыр бербеди. Көздөрүнөн ыр окудум. Таш. Суу. Тоо. Мээсин көр турмуш ээлеп алган. Көөдөнүнөн сүйүүгө зар, мээримге муктаж наристени көрдүм. Кучагыма кыскым келди. Ичимден: “Чыда, кезинде ак кагазга тарыхыңды жазсаң, эми жерге жаз, таш, кум, чопо менен жаз. Тагдыр, жашоо сени кайгыртып жатса да, сен көктүгүңө сал, күл, шакаба чек!” дедим.

*   *   *

Сиз унутканга аракет кылсаңыз да, денеңиздеги бир муштум эт унуттурбайт. Эч кимге өзүңүздү таанытканга аракет кылбаңыз. Сиздин жаныңызда болгусу келгендер, жымжырттыкка чулганганыңызда да жаныңызда болушат. Сизди түшүнүшөт.

*   *   *

Жүрөгүбүздөгү уйгу-туйгу сезим, мээбиздеги ойлор ишке жарабагандан кийин не пайдасы бар?!

*   *   *

Аярлуу сезимге дуушар болгондон бери күндөрүм өзүмдөн кабарсыз сезимдин төрүнө жайгашып алган адамды издөө менен өтүүдө.

*   *   *

Ар бирибиз жаңылып калбоо үчүн туура жаншерик, жолдош, дос тапканга аракет кылабыз. Бирок өзүбүз туура жаншерик, жолдош, дос болгонго аракет кылабызбы?

*   *   *

Мен тагдырга, тагдыр мага таарынганын эстей албадым. Бирок бири-бирибизге капалуубуз.

*   *   *

Сүйүү менин өздүгүмдү үйрөттү.

*   *   *

Эркектер – кой, аялдар аларды кайтарган чабан.

*   *   *

Жашоо... Жашоо уланып жатат.

*   *   *

Мен сүйүүнү билбегенимден эмес, анын сүйүүсүнө ылайыктуу болбогонум үчүн жалгызмын. Ишенимди, күчтү дайыма сырттан издедим. Бирок ал ишеним, күч адамдын өзүндө болорун үйрөттү.

*   *   *

“Адамдар зыяндуу жан. Көп окуган, өзүн өнүктүргөн сайын зыяндары көбөйөт” деди. Мен талашкым келген жок. Ал учурда “адам өлүү үчүн жаралаары тууралуу. Мындан улам ар бир жамгыр жааганда топурак жытын жыттаганды жакшы көрөрүбүздү” ойлонуп жатканмын.

*   *   *

Адамдар арасында жашоо өтө оор. Кээде эч ким көрбөс алыс жактарга кетким келет. Адамдардын арасында унчуксаң да, унчукпасаң да балээге каласың.

*   *   *

Актанган, мактанган, жашоого нараазы болгон адамдардан качып жүрүп өмүрүмдүн жарымын жашабай калдым. Бара-бара мен дагы мактана, актана баштадым.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз