Мээрим Сайдилкан: Жоопкерчилиги жок адам эркин боло албайт

  • 27.06.2020
  • 4617

(Жеке күндөлүктөн)

*     *     *

Азыр тең укуктуулук “биримдиктен” мурда, “ынтымаксыздыкты” түшүндүрүп калды.

*     *     *

Ыйлагым келип жүрөт. Башкага эмес өзүмө...

*     *     *

Жетилген сүйүү адамдын адамдыгын, аруулугун сактап калат. Мен аны жетилген сүйүүм менен сүйүп бир бүтүн боло алдым. Ал, сезген жок!..

*     *     *

“... алыстасаң да жакынмын” деди. Бирок жан дүйнөсүндөгү жалгыздыктын түрмөсүнөн кутулуу эң чоң муктаждыгы экендигин  билбей жүрөт.

*     *     *

Жашоомдо бир гана нерсеге куса болдум. Ал – туулган жеримдин суусу!..

*     *     *

Эркек-аялдын сүйүүсүнө реалдуу карай турган болсок, анда ал сүйүү жыныстык кумардын курмандыгы.

*     *     *

Адам өзү менен өзү баарлашпай калуусу – одүйнөгө кетүүнү күтүп жүргөн адам деп ойлоймун.

*     *     *

Бир сөз менин балалыгымды, кымыз жыттуу кыргыздын кызы экенимди эстетти. Бактылуу ирмемдерди эске салды. Ошол саам ошол бир сөздү айткан кызга ыраазы болдум. Рахмат, сизге. Ал сөз мындай эле: “Жаңы келгендер кымыз менен эмес, иш менен өзүңөрдү көрсөтпөйсүңөрбү?!.”

*     *     *

Адамгерчилиги бийик адамдын көз карашы, олтурганы, турганы баары бир-бирине журулушуп өзүнө гана таандык күчү болот. Ал көп сүйлөп сөз коротпойт, башканын оюн сыйлайт, өз оюна, жазганына сын көз менен карайт, туура эмес жактарын кабыл алат. 

*     *     *

Өз жүрөгүн сезе албаган адамдын жашоосу кандай болорун элестете албаймын.

*     *     *

Ата-энелердин, биздин келечектеги утушубуз, балдарыбыздын акыл-эсин, руханий жан дүйнөлөрүн өстүрө билүү.

*     *     *

Чындыкка урматы болбогон адамдын адамдыгынын эмне пайдасы бар мага?!

*     *     *

Мен барган сайын бул нерсени түшүнүп жатамын. Төрт жылдан бери... Адам эч качан өз абийиринен кача албайт.

*     *     *

Жашоодо жөн гана келип, кайра жөн эле кетип калуудан коркомун. Милдетимди так аткарып кетсем экен деп жанталашкан сайын өзүмдү “жалгыз” сезе баштадым.

*     *     *

Адамдыгы өнүкпөгөн кишилер көбүнчө өздөрүн уулайт. Сүйлөбөй турган жерден сүйлөп, башканын оюн укпай, өздөрүн “баатыр, акылдуу” сезишет.

*     *     *

Өзүн көрсөткүсү келген адамдардын арасында жүрүү тагдырыма берилген табылга болсо керек. Алардан, өздөрүн эч качан күчтүү сезбегенин туя алдым.

*     *     *

Эркиндик – демек, жоопкерчилик. Жоопкерчилиги жок адам эркин боло албайт.

*     *     *

Кээ бир адамдар менен үнсүз баарлашкың келет. Менин дүйнөмдө ошондой адам жашап жүрөт. Аны менен күнүгө жүрөгүмдө баарлашам, аны угам. Ал өтө алыстарда, бирок менин дүйнөмдө. Уга билүү – байланыштын эң жогорку жеткен чеги болсо керек деп ойлой беремин.

*     *     *

Кээ бир адамдарга “ооба, сиздики туура”, – деп баш ийкегенди үйрөндүм. Анткени, ал адамга өзүмдүкүн далилдесем деле, канчалык деңгээлде жеткиликтүү түшүндүрө аларыма ишенбеймин.

*     *     *

Өлүм тууралуу ойлоном, бирок артымда эч кандай сөзгө аларлык иш жасай албаганымды көргөн соң, “келбей тур, шашпа” деп өлүмгө буйрук берүүнү  үйрөнө баштадым. 

*     *     *

Мен өздөрүн өзгөртө алган адамдарга суктанамын. Жашоо – өзгөрүүдөн, өсүүдөн турат.

*     *     *

Адам  мамилелерде гана бар же жок боло алат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз