Мээрим Сайдилкан: Үндүү, үнсүз сүйлөшүүлөр

  • 02.12.2020
  • 3399

Жеке күндөлүктөн

*     *     *

Сезимдерин эч ким тили менен жеткире албайт. Көзү менен да... жараланган жүрөк, өмүрдүн бүтүшүн эскерткиче...

*     *     *

Жыгылган күндөрүм көп болду. Эч биринде сынган эмесмин. Сезимден жыгылуу оор. Ага баш ийбей жашоону уланткан кезде да, жылт этип элеси эстен кетпейт. Сезимге баш ийбей жашай бересиң, бирок көрүп калганда кайра башынан сүйө бересиң! Акыл жүрсө керек, эмне кыласың... башыңды оорутпа дейт, жүрөк менден алыста болсо да, жакшы жүрсө болду, жаман сөз, жаман көздөн алыс болсун, караанын көрсөм жетет дейт.

*     *     *

“- Сенин жүрөгүңө аалам батат, сен сүйүүгө толгон аялсың, - деди жолдошум.

- Сенин  батканың чоң олжо, - дедим мен!

*     *     *

Сезимиңе ээ боло алуу – эң оор жоопкерчилик.

*     *     *

Канчалык сезимимден өчүрүп салууга аракет кылган сайын – мээме жайгашып алган кыйын адам экенсиң.

*     *     *

Сезимим сени чочутканды жактырат,
Кабарсыз келгеним ошондон.

*     *     *

Өлүм коркунучтуу эмес, сезимдердин, ойлордун, ниеттердин каралыгы коркунучтуу.

*     *     *

Сезими каалагандын баарысына ээ болгусу келген адам, бир күнү эч бирине ээ боло албай жер алдында курт-кумурскага таланарын түшүнгөнүм үчүн, сезимимдин тээ түпкүрүндөгү адамдын “кучагына бир аял эмес, аалам батарына” ишенемин.

*     *     *

Эң бийик, таза нерселерди көргөнгө болбойт, сезүү гана керек. Сезбеген учурда баары саясатка айланат.

*     *     *

Сезимимди колдонуп, ага буйрук берип, аны менен жашай баштаганымда “өзгөргөн, майдаланган, өзүмчүл адамга” айландым.

*     *     *

Кээ бир сезимдер кара ниеттүү болот, таза болбогон убакта душманга айланып, жаман сөздөр чыгат. Алар түрдүү жол менен бир убакта сезими болгон адамын каралоого өтөт. Мисалы, бир жакшына жашап жүрүп ажырашкан кээ бир эрди-катын мамилеси. Эри аялын, аялы эрин жамандоого өтөт, ортодогу сезимден жаралган балдары, келечекте дагы да жолугушчу жолдору бар экендиги тууралуу ойлонбой калышат. Коомдук жайларда кээ бир өздөрүн кармай албай ажылдаган ажаан аялдар да ошол ичиндеги кара өзгөй сезимдин курмандыктары.   Сезимдерибиз аруу, ак болсун!

*     *     *

Мен келдим.

- Кандайсың, тентек кыз?

- Сонун.

- Сонунбу?

- Ооба.

Бир саамга үнсүз тиктешүү, ички сүйлөшүү:

- Тиктебеңиз, көздөрүңүз дүйнөмдү  аңтарып кетти.

- Жан дүйнөм ооруп жүрөт.

-  Эмнеге?

- Өзүм дагы түшүнбөймүн.

- Кереги бар беле, эмнеге келдиң десеңиз?

- Рахмат, келгениңе...

- Денем, оюм келген жок,  жүрөк эле.

- Баары саясат.

- Сезим дагыбы?

- Ооба.

- Сиздин мага айткан сөздөрүңүзчү?

- Жок.

- Анда.

- Жашоонун өзү саясат болуп жатпайбы!

- Менин сезимимби?

- Ооба.

- Кызыксыз.  26.20. 17:48

- Сен мага такыр ишенбейсиң ээ?

- Ишенген үчүн келдим да.

- Мени түшүнүп койчу, көптөн бери ушул абалдан чыга албай, баарына кайдыгер болуп калдым.

- Апаңызга дагыбы?

- Ооба.

- Антпеңиз. Эне, үй бүлө керек.

- Үч көчөт кандай жүрөт?

- Жакшы, каралашып жатамын.

- Саясатка аралашпай эле коюңузчу.

- Баары саясат болуп жатпайбы.

- Азырынча чыгармачылыгыңызды өстүрүп, ырыңызды  жазыңыз, соцтармакка көп эле ойлоруңузду жаза бербеңиз, сиз жазган сөзгө кээ бирлеринин пикирин окудум, кандай өкүнүчтүү жаман сөздөр көп экен. Элдин пикирин эске алыңыз.

- Эл деген жок.

- Антпеңиз.

- Соцтармактагы жазгандарын көрүп жатпайсыңбы, ооп кете беришет, чындыкты көрүшпөйт.

- Жазган ырларыңыз  менен Элге кызмат кылыңыз.

- Учурда бааланбайт.

- Таштарым кандай жүрөт?

- Үйдө.

- Чаң баспасын!

- Каттарчы?

- (Мыйыгынан жылмаю) Шкафта.

- Өрттөп салыңыз.

- Өзгөрүпсүң, майдаланып баратыпсың!

- Мен өзүмчүл экенимди билесиз да.

- Сага жарашпайт, өзүмчүл болбо!

 -Баса, мен сизди түшүмдө көрдүм.

- Мен эч кимдин түшүнө кирбеймин.

- Себеп?

- Бир күндү пландап жолугалы.

- Жолукпаймын.

- Эмнеге?

- Үйүңүзгө эрте барыңыз (ичимдеги үн: экөөң тең өзүмчүл, көк бетсиңер!).

- Сени жинди деп жазып коёюн.

- Жаза бериңиз.

- Жаздым, мына, кара. Мен сенден көп нерсе үйрөндүм.

- Менденби, эмнелерди?

- Билбеймин (үнсүздүк... тиктешүү... көз менен коштошуу... эки жакка кетүү...)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз