ИКАЯЛАР
Жаш жигит өмүрлүк жар тандоодо абдан кыйналат. Биринин келбети, биринин дене түзүлүшү туура келбей, бирөөсү арык, семиз... Бир күнү ага сыйкырчы жолугуп, көйгөйүн чечип берүүнү убада кылды.
- Мына сага ширеңке, кайсы кыз болсо да жанына барганда сындырып ийсең, кыз акырындык менен сен каалагандай келбетке айланат, - деди.
Достору, туугандары жигиттин бир кыз менен жолугушуп жүргөнүн байкашты. Ал эми кыз күндөн күнгө сулуу болуп чыга келди. Ошентип экөө үйлөнүшөт.
Бир жылдан кийин сулуу кыздын келбети начарлап баратканын бардыгы байкайт. Өңдөн кетип, келбети баягыдай болбой калды. Буга жигит абдан капаланат. Баягы ширеңке берген сыйкырчыны таап, ачуулуу кыйкырат:
- Сен мени алдадың! Сыйкыр иштебей калды, эмнеге?
- Сыйкыр иштеп атат, аялыңдын сырткы келбети сен каалагандай эле болуп турат. Болгону сен андан кемчилик гана издейсиң, - деген экен.
Күзгү
Жаш келин апасына наалыды:
- Апа, мен күйөөмө чыдабай калдым. Ал абдан өзгөрдү! Мени түшүнбөйт, дайыма урушабыз. Ал мени жакшы көрбөй калды окшойт...
- А сенчи? Өзүң аны сыйлайсыңбы? Ага түшүнүү менен мамиле кыласыңбы? - апасы сурады.
- Мына сага! Ага ачууланса болот, а мага болбойбу? Ал мага кандай мамиле кылса, мен да ошондой кылам. Эгер ал мени сыйлабаса, мен да сыйлабаганга милдеттүүмүн. Ал мени түшүнбөсө, эмнеге мен аны түшүнүүм керек?
- Кызым, андай болсо жакшылык күтпөй эле кой. Сен азыр күзгүдөйсүң. Күйөөң кандай ката кетирсе, сен ошону кайталап атасың. Аял күзгүдөн айырмаланып – көргөнүн гана эмес, күйөөсүн да көрсөтүп турат. Эгер аялы жайдары болсо күйөөсү да жайдары болгонго аракет кылат. Эгер аялы сыйлап турса, күйөөсү да сыйлаганды үйрөнөт. Эгер аялы сүйүп турса, күйөөсү да аялын сүйөт. Аял деген күйөөсүн жакшы сапаттарды көрүүгө үйрөтүүсү керек.
Аларга кантип төлөйсүң?
Бир киши аксакалга келип:
- Ата, менин ата-энем ар нерсени ыйлактап сүйлөй бергендиктен тынч жашай албай калдым. Карылыктан улам акылдарынан адашып жатышат окшойт. Мындан ары аларга чыдай албайм. Карылар үйүнө алып барсам туура болобу? – деп сурады.
Башын чайкаган аксакал:
- Кандай кыйын болуп жатканын түшүнөм, бирок сен бешикте жатканда алар сага болгон мээримин төгүштү. Күнү-түнү дебей сенин баардык кыйынчылыгыңа баш ийишкен. Атаң менен апаң сени колуна алып эркелеткен. Эгер сен болбогондо алар балким ажырашып тынышмак. Эми алардын эмгегин кантип төлөп берейин деп турасың? – деди.
Бизге тынчтык жана бейпилдик
Белгилүү бир башкаруучудан:
- Биздин өлкөдө тынчтык менен бейпилдикти кантип сактап турасыз? - деп сурашты.
- Мен каарданган кезде элим тынч, элим каарданганда мен тынч. Башкача айтканда, мен кыжырдансам элим мени, элим кыжырданса мен аларды сооротом, - деген экен.
Кыргызчалаган Айжан АТАКАНОВА