Эрлан Нурманбетов: Эгемендиктин душманы – ийикчи эшендер

  • 02.08.2022
  • 2581

Эгемендикти эмне бекемдейт?

Мындан 10 кылым илгери т.а. 1054-жылы дүйнөнү кол алдында чеңгелдеп турган христиан дини ички ыйкы-тыйкылыктан улам католик жана православ болуп экиге бөлүнүп кеткен. Ал эми 124 жыл мурун Анжиянда Падышалык Орусияга каршы Ийикчи эшен баштаган Анжиян көтөрүлүшү болуп өткөн.

Эгемендик эл энчиси жөнүндө сөз болуп жатса кайдагы окуяларды айтат десеңер, жаңыласыңар. Бүгүнкү күндө эгемендигибизге коркунуч келтирген маселенин тамыры жогорудагы тарыхый диний эки окуя менен өтө тыгыз байланышкан. Анткени өлкөбүздөгү диний кырдаал өтө кооптуу баскычына келип жетсе да, аларды жөнгө салуучу эч чара көрүлбөдү. Натыйжада, учурдагы диний абал эгемендикке коркунуч жараткан фактор болуп чыга келди.

Себеби, 30 жылда өлкөнү өнүктүрүүчү түркүн идеологиялар сунушталса да бири да эл ишенимине ээ болуп ишке ашпады. Мына ушундай шартта дин бириктирет деген катмар азчылыктан көпчүлүккө өсүп чыккан Кыргызстан үчүн бул жол өтө опурталдуу экенин айткым келет. Себеби, диндердин тарыхын карасак, бул жолдун кай жакка алып барары айдан ачык көрүнөт.

Маселен, бүгүнкү күндө түбү Семмит бир тууган Израиль менен араб мамлекеттери жана түбү славян тектүү делинген орус менен украин эли сөөк өчтү душмандашып кан төгүшүп согушууда. Орчундуу себептеринин бири – диний фактор. Анткени арабдын дини ислам, еврейдики иудачылык, орустуку православие. Украиндердин батышы католик, чыгышы православие. Дини башкалыктан туугандардын көз караштары да башка болуп согушуп жатканын кантип калп дейбиз.

Мына анан тууган элдерди бириктире албаган диндер анан Кыргызстанды кантип бириктирип, алдыга сүрөп бере алсын. Жок, тескерисинче бирдиктүү Кыргызстандын элин бир жагын фундаменталдуу, караңгы багыттагы радикал исламчыл жана экинчилерин теңирчи деп ачык эле экиге бөлүп, жиктеп салды го. Бул нерсе бир күндө эле чыга калган жок. Тышкы күчтөр өзүбүздүн эле балдарды окутуп адис кылышты, аларды кайра өзүбүзгө колдонуу менен тамырлап кулачын жайды. Бул процессти ичтен жарылчу бомба дешет саясаттын тилинде. Жана бул процесттен четте калган кыргыз үй-бүлөсүн табуу кыйын. Ал болгон жерди отоо чөптөй чырмап, элди бөлүп жаруу деген ишин аткарууда. Мындай окуя менин да турмушуман орун алып, диний көз караш кантип достордон бөлүп салганын анын кесепети тууралуу айткым келди.

Себеби, ал окуя жөнөкөй сезилген менен түйүнү тереңде, азыр эгемен Кыргызстандагы жалпы улуттун аялуу жери. Жана 30 жылда эмнеге жетиштик деген суроолорго жооп берерине ишенем. Эмесе мындай окурман:

Теңирден тетири жолго түшкөн дос

Кичинемде бирге жүргөн сырдаш, туздаш досум бар эле. Устачылыкка, сүрөт тартууга, ырдоого, спортко өтө кызыкчу. Бири-бирибизден сыр жашырбагандыктан анын мектепти бүтүрсө сүрөтчүлүк окуусуна тапшырам деген да максатын билчүмүн. Көпчүлүк сындуу мен дагы анын эл керегине жараган мыкты инсан болоруна бөркүмдөй ишенчүмүн.

Бишкекте жогорку окуу жайга тапшыргандан тарта ал сырдана досум менен байланыш үзүлдү. Бирок ал дагы мектепти бүтүп ЖОЖго тапшырып, шаарда окуп жүргөнүн укканым менен жолуктура албадым. Ошону менен ар кимибиз өз жашообуз менен алаксып жүрүп акыры көп жылдан соң кезиктик. Бала кезде көрүшпөй калсак тээ алыстан кубанып келип кучакташа учурашчу элек. Тилекке каршы, канча жылдан бери көрүшпөй жүргөн досум жөн гана кайдыгер суз учурашты. А мен барбалаңдап жетине албаган жаным сагынычтуу учураштым эле, кайдыгерликти көрүп көңүл муздады. Аркы-беркини сурап сүйлөшө отурдук. Баягы адамгерчиликтүү дос жок, адамды сынай караган манчыркаган бирөө турду маңдайда.

Анан сүрөтчүлүк өнөрүн уланттыбы... сурап калсам балээнин баары башталды да, сыр түйүнү чечилди. Сүрөт тартуу шайтандын иши экен, аны менен алектенүү күнөө, динге туура келбес иш деди. Талашып калдык. Жаман жашоону деле көргөн жок, мектепти, университетти деле окуп илим-билим алды, анан кайсы кара теке сүзүп досум бул жолго түшкөнүнө түшүнбөй турдум.

Ал болсо мага дааватын баштады. Угуп отурсаң жаш бала ишенбеген өтө радикалдуу багыттагы мисалдарга толгон икаяларды саймедирейт десең. Жылан чакпай, жылкы теппей туруп өмүрү көрбөгөн еврейлерди каапыр, биздин душман дебеспи. Кой дедим, диндин туура багыты менен бол, бүгүнкү коомдогу сен экөөбүздүн жашообузду жеңилдеткен машина ж.б. баарын илим-билимин өстүргөн еврейлер жасады го. Динге берилгендер эмне кылганына собол узаттым. Ойлонор дегем. Жок. Ал каапырлар жасаган атом бомба, ракеталар, компьютерлер Алла таала кааласа иштебей калат. Себеби, ал мусулманды сүйөт, биз каапырды жеңебиз деп чыр кепти сүйлөп бүтөр эмес.

Кичинесинен кишиге зыяны жок, эл алкаган бала – атасы көрбөгөн Израилди жок кылгысы келип тишин кычыраткан фанат болуп чыга келгенине ачуум келди. “Эмне, мусулманды кудай жаратып, еврейди шайтан жаратты беле? Алла кааласа ракета учпай, атом бомбасы жарылбайт дейсиң. Ушундай былжыраган көз караштагы бир ууч радикал топтун айынан Палестинанын карапайым эли Израил ракеталарынан бейкүнөө өлүп жатпайбы. Токтот, былжыраган кебиңди. Эртеден бери фантастика кепти айттың. Эми сенин жанагы ракета, бомба иштебей калат деген кебине жооп катары тарыхый факт, Ийикчи эшен тууралуу айтып берейин. Анткени эртеден берки кебиңди тыңшап, сени ошол Ийикчи эшенге окшоштурдум. Көп чычалабай ук да, жыйынтык чыгар”, – деп Ийикчи эшен жоругун айттым. Анын баяны мындай.

Анжиян көтөрүлүшүн уюштуруп, элди бөөдө кыргынга кириптер кылган Ийикчи эшен деген диний фанат болгон. Кадимки Токтогул акындын Сибирге сүргүнгө айдалышына шылтоо болгон да ушул окуя эмеспи. Караңгы эл массасын оруска тукуруу үчүн газават жарыялап, каапырды өлтүрсөң бейиш күтүп турганына элди үгүттөгөн. Элди өзүнө тартып ишендирүүдө ал эшен өзүнүн "касиеттүү" экенин көргөзүп, элди таң калтырган бир нече амалды ойлоп тапкан. Айтсак, анын үйүнө келген адамдар эшендин самоору менен казанындагы тамагы алдына от жагылбаса деле бышканын көрүп таң калышкан. Караңгы адамдар аны эшенге кудай ыроологон касиет деп түшүнүп, анын даңазасы арткан. Казандагы ашты касиети менен от жакпай бышырган ал эшен мурун ийик жасап тирилик кылганы үчүн Ийикчи эшен атап келишет.

А чынында казаны менен самоору эл көзүнө көрүнбөгөн жашыруун жерде жагылган оттун табы түтүктөр аркылуу келип кайнаарын көтөрүлүш басылып, орустар тинтүүгө алган соң билинген. Мына ушундай укмуштуудай "касиети менен элди топтоого жетишкен ал акырындап элди орустарга каршы чыгууга үндөйт. Эл деле келесоо эмес го, куралдуу солдаттарга кантип каршы турабыз дегенине көнбөйт. Ошондо эшен кудайдын амири менен жеңинерди сунсаңар каапырга мылтык болуп атылат, а чокоюңарды сунсаңар замбирек болот. Эгер орустар мылтык менен атса, мылтыгынан ок эмес суу чыгат деп ишендирет. Анын бул караңгы диний сөзүнө ишенген көтөрүлүшчүлөр казармага кол салган.

Чынында элди ушинтип алдаган эшен көпчүлүктүн күчү менен азганактай аскерди жок кылып, куралга ээ болууну көздөгөн. Бирок алгачкы кагылышууда эле орус аскерлери фанаттык ишеним менен өздөрүнө чокою менен жеңинен ок атып, бирок андан эч керемет болбой апкаарыган элди бөөдө кыргын кылган. Мына ошентип Ийикчинин бузуку, түркөй ишениминин айынан миңдеген эл азап тарткан. А падышалык Орусия бийлиги элди катуу жазалап, жүрөк үшүн алган.

Эгемендиктин Ийикчи эшендери

Мына ушул окуяны тиги эски досума айтып бердим сабак болсун деп. Алла мусулманды колдоп, каапырдын укмуштуудай куралдары иштебей калат деп элди алдаган Ийикчи эшендери ар заманда болуп келгени тарыхта өтө көп. Сен баары өнүккөн 21-кылымдагы Ийикчи эшен болуп калба, динге фанаттык түрдө берилбей, коомду таанычы дедим. Себеби, бир кездеги көптү үмүттөндүргөн баланын теңирден тескери кеткенине өкүндүм. Бул көз карашынан баш тартып, адамча ойлонсо дедим. Жок, кашайып такыр көнбөдү. Кайра мени ыйманынан кеткен эки жүздүү мунафик, каапырга таламдаш дебеспи. Бейишке чыкпай каласың деп да коркутту.

Ошондо бул досум мындан ары дос боло албашын, кыргыз дагы бир уулун жоготконун түшүндүм. Андан бери бир топ жыл өттү. Сыртынан байкап коём. Досум баягы эле таз кейпинде. Ал теңдүү балдар өлкөдө болгон ар бир окуяга өз салымын кошкусу келип, коом турмушуна аралашып, элге пайдам тийсе дейт. А тиги эски дос бөтөн өлкөнүн атуулундай кайдыгер. Пикирин билдирсе да динге туура келбеген нерсе ширк дегенден башканы айтпайт.

Баарынан өкүнүчтүүсү, колунан келип мүмкүнчүлүгү болуп турса да эл үчүн бир тыйын чыгарууну ширк деп эсептеген ал достун алдыдагы зор максаты бар. Ал – келечекте Мекке шаарына ажылыкка баруу. Аттиң, өлкөсүнө бир тыйын салым кошкусу келбейт дагы арабдардын экономикасына миңдеген долларын аябайт.

Эң жаманы, эгемендин 30 жылында мындай диний манкурттардын өзүнчө бир коому же 21-кылымдын Ийикчи эшендери пайда болгону. Мен кичине кезде эле элим деген адамдар Кыргызстанда диний багыт опурталдуу бара жатканын, ага чара көрбөсө Кыргызстандын бүтүндүгүнө эң коркунучтуу фактор болорун айтып коңгуроо кагышкан. Тилекке каршы, бул багытта тийиштүү чараларды көрбөгөндүктөн биз сырттан күткөн коркунуч ичтен жаралды.

Кыргызстандын келечеги делген жаштардын өлкөнүн жаркын келечеги үчүн салым кошпой минтип маңкурт болгону, дүйнө эли жетишкен илим-билимди өздөштүрүүнүн ордуна диндин туура эмес жагына киргенинин зыяны элге тийбесинчи. 30 жылда саясий эркиндикке жеткенибиз менен аң-сезим жактан диний рамкага түшүп калыппыз го.

Неоийикчи эшендер

Коомдон артта калып, радикал багытка бет алгандар исламга гана тиешелүү деген көз караш менен карасак, терең жаңылабыз. Себеби, 2022-жылкы Орусия менен Украина ортосундагы согушта дүйнө коомчулугу 21-кылымдын жаңы Ийикчи эшендерине күбө болду. Аларды мен НЕОИЙИКЧИ эшендер деп койдум.

Эгер ислам радикалдарына коомдун жетишкендиктерин өздөштүрүү ордуна караңгылыкка ыктоо мүнөздүү болсо, Неоийикчи эшендерде анын тескериси... Алар илим-техниканын жетишкендиктерин согуштук максатта гана колдонууга ыктап, ал жетишкендиктерин жерге-сууга тийгизбей көкөлөтө, ашыкча макташат. Өздөрү чыгарган калпка элди ишендиргени аз келгенсип өздөрү да ишенип, башканы шер ойлоо деген сапаттан кур жалак каларын учурда Украинадагы окуя ачык көргөздү. Себеби, кийинки жылдары Орусиянын Неоийикчи эшендери орус армиясы жана куралдары дүйнөдө теңдеши жок укмуштуудай армия, курал (не имеющий аналогов в мире) экенин даңазалап отуруп, дүйнө ошого ишенип, көбү Россиядан сестенип турушкан.

Бирок бул нерсе Ийикчи эшендин чокоюңар замбирек болуп атылат деген калпындай экенин учурда орус армиясы жон териси менен сезүүдө. Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок НАТОнун жүрөгүн түшүргөн куралга ээбиз деген түркөй ойго сугарылган орус армиясы Украинаны 2-3 күндө басып алмак болду эле. Байрактар менен Жавелиндер Кремлдеги Ийикчи эшендери айткан мифтерди шамал айдаган булуттай таратып, маскара болуп турган кездери.

Тектеш славян тууган делинген бул эки элдин ортосундагы жарашкыс карама-каршылыкты көпчүлүк демократия менен авторитаризмдин, территориялдык чырдын негизинде келип чыккан дешет. Окуяга кайдыгер карабай мен дагы изилдеп көрүп, орус-украин элинин карама-каршылыгына диндин тийгизген таасирин аныктадым. Изилдөөмдүн башын христиан дининин 1054-жылы католик менен православ бөлүнүп кеткенинен баштаганым да бекеринен эмес.

Анткени ошол бөлүнүүдөн соң азыркы Украинанын батышына католик дини өкүм сүрсө, орустар православ багытында калышкан. Бул нерсе эки өлкөнүн жашоочуларынын аң-сезими, дүйнө таанымынын бири-бириникинен айырмалаган тарыхый фактор болуп калган. Мына ушул көйгөйдү терең талдаган Бжезинский менен Хаунтингтон аттуу геополитиктер тээ 1990-ж эле Украина менен Орусия ортосунда согуш болорун айтышкан. Ооба, алардын айткандарын турмуш ырастады.

Мына ушундай тарыхый окуялардын сабагын эгемендикти бекемдөөгө жумшасак, эгемендигибиз укум-тукумга мураска калат. А жок, тарыхый сабакты эмес Ийикчи эшендерди ээрчисек, диний топторго бөлүнүп, кыргыз ич ара согушуп, ажалыбыздан мурун өлөбүз. Баа жеткис өлкөбүздү жоготуп, тарыхый аренадан улут катары жоголорубуз анык.

Ийикчи эшенди эмес илим-билимди ээрчип, келечекте прогрессивдүү заманбап жетишкендиктер менен улуттук баалуулуктарды даңктаган аң-сезим эгемендигине жетеличи, кыргыз элим.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз