
Тарбия берем деп аракеттенгендин өзү баланы “дрессировка” кылуу дегенди туюнтат. Акыл-насаат айтуу, үйрөтүү, оңдоп-түзөөдөн мурда өзүң үлгү бол, өзүң кандай эркиндикти самасаң сен уул-кызыңа эркиндикти бер. А өзүңдүн жүрүш-турушуң, сүйлөгөн сөзүң орундуу болсун.
Менин оюма балким кыргыздын көпчүлүгү кошулбаса керек. Бирок мен баары бир тарбия берем деген кыязда катаалдык менен урушуп-тилдөөнү, “рамкага” салууну кадимки эле жаныбарларды, маселен итти, тоту кушту үйрөткөндөй эле “дрессировка” кылуу деп түшүнөм… Балдарды чоңойтууну кээ бир педагогдор бак өстүрүү менен салыштырып жүрүшөт... Багбан жер айдайт, сугарат, жер семиртип, отоо чөптөрдү жулуп турат. Ошондой эле зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылат. Ал эми бак өсө баштаганда, түз өсүшү үчүн аны бутап турат. Багбан ушулардын баарын кылуу зарыл дешет. Бирок бакты өзү гана каалагандай кылып өстүрүп жатканын эске албайт.
Ата-энелер да балдарына дайыма кам көрөм, оңдоп-түзөйм, жаман жактарын кеч боло электе жок кылып, бутап, туура багытка салам деп жатып баланын эркиндигин чектеп, дүйнөгө болгон көз карашын ашып барса өзүнүкүндөй гана кылып жасап алат. А негизи ата-эненин милдети баласын туура багып, өстүрүү. Баланын дүйнө таанымы, билим алуусу үй-бүлөдөн башталат, ата-энесинин жүрүш-турушунан калыптанат. Бала канчалык жаш болсо, анын кабыл алуусу ошончо тез, терең болот. Жаш кезинде балага ата-эне эң сулуу, эң мыкты сезилет. Алгачкы эң сезимтал жылдары бала ата-энесинин сүйлөгөнүн кайталап, жасаганын туурайт. Ошондуктан баланын жаш кезинде ата-эне кайдыгер мамиле жасабай, күчүн аябай, колунан келишинче аны туура өстүрүүгө милдеттүү.
Баланын калыптануусуна, келечегине биринчи иретте үй-бүлө жооптуу. Көпчүлүк ата-энелердин ою боюнча билим берүү – бул тамга таанууну, жазууну, саноону үйрөтүү. Бирок билим алууда алардан сырткары бала коомдогу мамиле түзүүнү үйрөнүүсү тийиш. Өзүн-өзү кайсы жерде кандай кылып алып жүрөт? Бул да ата-эненин баскан турганына байланыштуу. Маселен, кыргызда бала уктап жаткан бөлмөгө эч кандай эскертүүсүз эле кирип барат. Ал сенин киришиңди каалап атабы же жокпу, ойлондурбайт. Мындай көрүнүш чоң болсоң баарын жасоого уруксат дегендей мамилени туюнтат. Чоңойгондо ал да башкаларга ошондой мамиле жасайт. Өзүнөн кичүү же алсыздарга басып кирсе боло берет деген кыял пайда болот.
Эгер ата-эне баланын бөлмөсүнө такылдатып, уруксат сурап анан кирсе, балада да ошол адат калыптанат. Үй-бүлөлөр да бири-биринен айырмаланат. Бирин-бири сыйлаган, түшүнгөн үй-бүлөдө баласы өзүнүн гана ата-энесин, бир туугандарын, башка туугандарын сыйлагандан сырткары өзүнүн теңтуштарын да сыйлайт. Курчап турган адамдарга да сый мамиле жасайт. Ал эми үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда чыныгы жылуу мамиле болбосо анда мындай көрүнүш баланын өөрчүшүнө терс таасир берет. Алсыздын алдында күчүн көрсөткөн адам болуп өсөт.
Ата-эненин балага коюлган талаптары да өздөрүнүн жүрүш-туруштарына шайкеш болушу керек. Эгерде өзүлөрү аткарбаган нерсени баладан талап кылса, бала аны жасабайт же калпка, эки жүздүүлүккө үйрөнөт. Ар бир ата-эне баланын организминин өзгөчөлүктөрүн жана ал баланын жашына карата өсүшүнүн, өзгөчөлүгүн билүүсү керек.
Айтмакчы, кыргыздардын баланы өстүрүүдөгү дагы бир кемчилдиги илгертен бери балдарын бешикке бөлөшкөн. Бешикке бөлөө көчмөн турмушка ылайыкталган. Көчүп конууда бешиктеги бала тынч жана таза болот. Бирок бешикти күнүмдүк үй-турмушунда колдонгондугу туура эмес көрүнүш. Анткени бала эркин кыймылдай албайт. Негизи бала күндөн эле бизде ата-энелер балага эркиндик бербей рамкага салып алат экен. Ушунун өзү баланы эркин чектөө болуп саналат. Медициналык көз караш боюнча алып караганда да баланын буту-колун таңуу ымыркайдын денесиндеги кан жүгүрүүсүнө тоскоолдук кылат.
Тескерисинче, баланын буту-колун кыймылдатып, массаж жасап турса кан айлануу жакшырып, анын акыл-эсинин туура калыптанышына да өбөлгө түзүлөт. Жогоруда белгилегендей баланын калыптануусуна үй-бүлө жооптуу. Балаңды сүй, ар бир кыймылын макта. Бала өзүн дайыма ишенимдүү алып жүрүшү кажет. Кичинесинде өзүнө ишенип чоңойгондор бой жеткенде кандай кырдаалга кабылбасын өзү чечим кабыл алууга жөндөмдү болот.