Топчугүл Шайдуллаева: Аялдан мурда адамбыз

  • 04.02.2023
  • 4885

Таабалды Эгембердиев атындагы «Эркиндик – эл энчиси» аталышындагы конкурста 2-байгенин жеңүүчүсү (калыстар курамынын чечими менен 2-байге эки кишиге бөлүнүп берилди) деп табылган Топчугүл Шайдуллаеванын макаласын окурмандарга кайрадан сунуштайбыз.

Конкурстун башкы демөөрчүсү тарабынан Топчугүл Шайдуллаевага 35 000 сом байге тапшырылды жана маркумдун жубайы Жаңылсынзат Турганбаева жеңүүчүлөрдүн ар бирине “Чуңкурчак” этно-комплексинде эс алып келүүгө эки кишилик атайы сертификаттарды ыйгарды.

Мен бала кезде апамды эле аяй берчүмүн. Апам бир жаны тынбаган, өзүн отко да, чокко да сала берген, мээнеткеч жан эле. Колхоз иши, кечинде келип айылдагы полу тактайланбаган чоң клубду суу сээп шыпырып, анан да тамарканын иши, үйдүн иши – баары мойнунда. Тоо таянган айыл жери, турмуш-тиричилик ыңгайы кайдан дейсиз, арыктан суу ташымай, казанга суу жылытып, кир жуумай, очокко от жагып тамак-аш бышырмай..., тандырга нан жапмай.

Ошол эле учурда биздин үй дайыма ичи, сырты аппак акталып, эшигибизде түркүн-түс гүлдөр жайнап, жыт аңкытып, биз, алты бир туугандын, чоң апамдын, атамдын кийим-кечеси таза жуулуп, үтүктөлүп, убагында ысык тамакты ичип турчубуз. Апам көп кийимдерди кол машинесинде өзү тигип баарыбызга кийгизип койот эле. Анан ал күн сайын уктаарда балдарына жомок, уламыштарды айтып берген, бешик ырын ырдаган эне эле. Ушул комфорттун баарын жараткан апам азыр ойлосом, табиятынан зээндүү, чебер, мээнеткеч, күчтүү аялзаты болгон экен. Анын колу бош болуп, эс алып отурганын же теңтуш, туугандары менен бир жактарга барып шарактап эс алып жүргөнүн дегеле көргөн эмесмин.

Апамды аяганым ушунчалык, үй тиричилигинин түйшүгүнө эрте аралаштым, ага жардам бергим келе берчү. Анан да ал мезгилде көңүлгө көк таштай тийген колхоз бригадири болот эле. Ал аялдарды каалаган жумушка, каалаган учурунда айдай берчү. Колунда жаш балдары бар колхозчу энелерге декреттик отпуске деген берилчү эмес. Эмчектеги, бешиктеги балдары менен талаалап колхоз ишинде ит күнүндө жүрүшөт эле. Ошентип жүрүп алардын тапкан эмгек акысы өтө аз, аны да убагында бербей, айлап-жылдап күттүрүп, анан алышчу.

Ушинтип көп иштеп, аз акча алгандардын арасында менин апам да бар эле. Эстесем, колхозчу аялдардын баары окшош эле, иштегенди гана билген, өз укугу тууралуу ооз ача албаган жоош-момун, акылы, уздугу, кыйындыгы бааланбаган карапайым, колхоз бригадиринен кудайдай корккон бечара. Ошон үчүн мага аялдар дайыма кыйналып жүргөн адам катары эси-көөнүмдөн чыккыс болуп калган

Кийин илимий иштеримде ушул маселени изилдөөгө алдым. Диссертация жазып жүрүп, мен тапкан чындык ого бетер жүрөгүмдү оорутту. Өткөн кылымдын 60–80-жылдар аралыгында элеттик энелердин көп бала төрөп, өстүргөн каармандыгынын натыйжасында биздин өлкөдө эң жогорку демографиялык өсүү болгон. Бирок ушул өсүүнү камсыз кылган энелердин көбүнүн өмүр-жашы жетимишке да жетпейт калган.  Бул эми совет доорундагы акыбал. Эгемен кыргыз мамлекетиндеги аялзаты бүгүн ким? Акыбалы кандай? Өлкөнүн азат мамлекет болгону  аялзатына эмне берди, биз эмнени уттук, эмнени уттурдук? Бул суроолорго бир гана айныгыс жооп бар: аялдар өзгөрдү. Ооба, эгемендик аялзатын чар тараптан өзгөрттү.

Белгилүү акын Кожогелди Култегин айтмакчы, эгемендик экономикалык эркиндиксиз чырайына чыкпайт экен да. Өлкөдөгү жапырт каптаган жакырчылык, үйдөгү жокчулук аялды көчөгө чыгарды. Көчөгө чыккан аялдар көбөйүп отуруп кыргыз турмушунда  мурда кийин учурабаган аялдардын тобун, социалдык катмарларды пайда кылды. Жокчулук аялзатынын болгон акыл-эсин, потенциалын ойготту десек болот, аялдар колунан эмне келсе ошону жасаганга өттү. Бу үйдөн чыгып, үйдүн түйшүгүн мойнуна илгендер эзелки салттуу стреотиптерди четинен кантип талкалап атышканын өздөрү да сезбеди шекилди.

Аялдардын эң чоң катары базарларды толтурду. Өз ишине тыкан аялдар алып-сатарлыкты, акча санаганды бат эле өздөштүрүштү. Кышкысын суукка, жайкысын ысыкка моюн бербеген каармандарга айланышты. Бир ирет кыш чилдеде базарда ачык асман астында соода кылып отурган тааныш аялды көрүп калып: “Абайласаңчы, ооруп калба, ушу суукта кантип турасың” дедим боорукер болуп. Ал кенебеди: “Сенин да чөнтөгүңө улам беш мүнөттө акча түшүп турса, суукту сезбейт элең, мени жылытып турган бул”, – деп белине тагып алган жамбашындагы кичине, бирок бултуйган жан сумкесин чапкылап, кытмыр жылмайып койду. Ошондон кийин базарда отурган аялдарга ичим көп ачышпай калган. Акчанын ысыгына жылынуу аялдардын ден соолугун канчалык сактады экен билбейм. Бирок бир чындык – керээли кечке базарда отурган аялдардын бул катмары ушул маалга чейин өз катарын көбөйтсө көбөйттү, азайткан жок.

Аялдардын экинчи бир чоң тобу – мигранттар. Бүгүн  миграцияда жүргөндөрдүн көпчүлүгүн аялдар түзүп калганын, б.а. эркектерге караганда аялдар көп экени расмий айтылып жатат (1). Ошентип, миңдеген аялдар үйүнөн эле эмес, өлкөдөн чыгып кетишти. Алардын көбү бала-чакалуу, төрөп-түшө турган курактагы аялзаты. Баягы эле жокчулук аялзатын эми алыстарга түрттү. Алардын ичинде иши жүрүшүп, байып, бактылуу болгондору да, кыйналып азапка түшкөндөрү да бар. Россияда тигүү цехинде күйүп каза болгон 8 кыргызстандык мигранттын экөөсү менин айылдашым, бир тууган эже-сиңдилер эле. Үй-бүлөдө жалаң кыздар, жалгыз апасына иштеп жардам беребиз деп кетишкен. Аялдар акча таап, үй-бүлөсүн багам дегени менен энеси мигрант, өздөрү Кыргызстанда калган балдардын аянычтуу тагдыры бүгүн коомчулукта кызуу талкууланып жаткан учур. Мигранттык жашоо да барган сайын аялзатын, айрыкча жаш кыздарды өзүнө оп тартып, катары калыңдап барат.

Аялдардын дагы бир тобу шаарларда, айылдарда бейөкмөт уюмдарды түзүп алып, ар кандай социалдык маселелерден тартып, аял укуктарын институционалдык деңгээлге чейин чечүүгө умтулгандар, булар кээ бирлердин ою боюнча батыштын баалуулуктарын жайылткан НПОшка аялдар. Бүгүн мындай аялдар иштеген уюмдардын саны жүздөп саналат. Кыргыз коомунда, айрыкча аялдардын бейөкмөт уюмдары башкаларга караганда кыйла активдүү иштеди. Бейөкмөт уюмдардын ишмердигинин туруктуу жана жигердүү экендиги алардын элдик жамааттар менен да, мамлекеттик органдар менен да биргеликте кызматташ иш жүргүзгөнүндө болду.

Кыргызстандын бардык кыйырына жайылган аялдардын дагы бир тобу “ОБОН” атка конгондор. Булар кимдер? Кыскача айтканда шайлоолордо же башка саясий окуяларда кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн көчөгө чыгып ар кандай агрессивдүү ыкмаларды колдонуп кыйкырып, анысы үчүн акча алган аялдар. Мамлекеттин көп маселелерди өз убагында чечпегендиги жана коррупцияга, мыйзамсыздыкка жол бергендиги “ОБОНдун” пайда болуусуна түрткү болгон. Чиновниктерби, саясий ишмерлерби, бизнесмендерби, кыскасы, акчалуулар “ОБОНдорду” өз пайдасына ушул күнгө чейин иштетип келишет. Акча үчүн өз принциптеринен баш тарткан, сатылма аялдардын бул тобу кайсы бийликти болбосун сестенте турган өздөрүнүн “ОБОН” кызматынын рыногун түзүп алышкан.

Атайын изилдөөнүн маалыматы боюнча респонденттердин үчтөн бири “ОБОНчулар” социалдык маселелерди чечет деп айтышкан (2). Эсимде, интервью учурунда бир “ОБОН” айымдын айтканы: “Айылдаштарым мага таянып алышкан, биздин көчөдө свет өчүп калса да кошуналарым мага чуркап келишет. “Сен айтчы айыл өкмөтүнө барып, бизди эч ким укпайт” дешет. Айла кеткенде өкмөткө беш-алты аялды ээрчитип барып кыйкырып, опузалап келем, чын эле ушундан кийин свет бат эле күйүп, бир топко өчпөй калат”. Демек, “ОБОНдор” да кокустан жаралбаганы көрүнүп турат.

Аялдардын дагы бир тобу жеке ишкерлигин ийгиликтүү өнүктүрүп, үйүндө багуучуга, башкаруучуга айланган бизнесвумендер. Айрыкча чакан бизнести өнүктүрүүдө бул айымдардын эмгегине баа жеткис. Бүгүн алды заводдорду куруп, арты чакан цехтерди иштетип атышат. Булар аялзаты да бизнести уюштуруп, башкара алаарын далилдегендер. Расмий статистика боюнча жеке ишкерлердин 35,4 %ын аялдар түзөт (3).

Бүгүн жогоруда сөз болгон айымдардын топторун көз жаздымда калтыра албайбыз. Алар өздөрүнүн күчүн, ким экенин коомго эбак айкындап коюшту. Булар аялдардын эң кыймылдуу, мобилдүү, өйдө-ылдый пикирди жаратып турган катмарлары. Буларсыз бүгүнкү кыргыз коомун элестете да албайбыз. Анан калса аялдардын бул топторун биздин эгемен өлкө өзү төрөп, жаратып алды да. Булар перзентине бешик ырын ырдабай калган жаңы образдагы аялдар эле. Булардын көбү чөнтөгүнө акча салып, эркектин көзүн тиктебей, өз алдынча маселе чечкенге жарап калган, сүйлөгөнү, доошунун чыкканы жандуу, жүрум-туруму активдүү, башкача, илимий тил менен айтканда салттуу стреотиптерди талкалап, гендердик ролдору өзгөрүп калгандар эле.

Так ушулар К.Маркс айткандай, коомдогу улуу өзгөрүүлөргө фермент болгондор эле. Бирок булардын жан дүйнөсүнө үңүлүп караган адам болдубу? Булардын ийгилиги менен арманы, өөдөсү менен ылдыйы кошо жүргөнүн билдикпи? Бу аялдарды коом канчалык кабыл алды, сиңире алдыбы? Ушунча күчтү мамлекетибиз, элибиз көрүп, оң жагы менен терс жагын талдап, таразалап, агын ак, көгүн көк деп атабы? Же кайдыгерби? Бул өзүнчө чоң маселе.

Аргасыз жапон кинорежиссёру Акира Курасаванын “Мекенден ыза көргөндөр” фильминдеги аялдар эске түшөт. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан сулуу, акылдуу, мыкты кыздарды чогултуп апкелип, портко сойкукана ачышат. Сойкуканадагы аялдардын кор болгонун көрүп, мамлекет аларга кайдыгер карайт. Жедеп кыйналган аялдардын бир тобу өз мамлекетине таарынып, эптеп качып чыгып эч ким жашабаган Хоккайданын бир аралчасына барып өздөрү каалагандай гүлдөгөн мамлекетче куруп алышат. Анан мезгил өтүп Жапониядан качып келген алгачкы аялдардын мүрзөсү пайда болот. Мүрзөдөгү эстеликтердин баары Жапонияга далысын салып турган абалда орнотулат. Бул алардын өлгөндө да өз өлкөсүн кечире албагандыгынын, Ата Мекенине болгон түбөлүк таарынычынын белгиси эле. Мамлекеттин каталыгы бүтүндөй Ата Мекенге болгон таарынычты пайда кылган. Бул нерсе жапондук жетекчилерди өз убагында намыстанткан, өкүндүргөн, көрсө канча ресурсту, потенциалды жапон мамлекети көрбөй калган экен, кордоп колунан чыгарган экен.

Кылымдар бою калыптанып келген стереотипти талкалоо оңой эмес, биз жогоруда кеп козгогогон стереотип талкалагычтар ийинине кандай моралдык оор жүктү көтөрүп жүргөнүн билебизби. Мигрант аялдарды айыл жеринде угузуп угузбай “бузулган аял” деп аташат экен, бейөкмөт уюмдардын актвисттерин “грант жегичтер, саткындар” деп ачык эле сөгүшөт. Соодагер аялдарды “базарная баба” дешет. “ ОБОНдордун” болсо өз аты өзүндө болуп калган. Бизнесвумендердин күйөөсүн кемсинтишет.

Ал аз келгенсип аялдарга, үй-бүлөгө байланыштуу коомдо көйгөй жаралса баарынын себебин негиздүү да, негизсиз да ушул аялдардан көрүшөт.

Бүгүн улуттук нарк боюнча идеология мамлекет деңгээлинде көтөрүлүп жатат, бул албетте, жакшы, бирок нарк-насилге шылтап аялзатынын акыбалы салттуу стереотип эрежелерге түшүп, чектелип калбашы керек. Анткени биздин салт-санаада да ревизия боло турган нормалар аз эмес. Кайсы жерде салттуу норма, нарк бүтүп, зомбулук башталарын так ажыратуу керек. Мисалы, көпчүлүк кыргыздын үйүнүн төрүндө камчы илинип турат. Биз эркектерге азыр да камчыны белекке бергенди жакшы көрөбүз. Эркекте камчы болушу керек, ал үй ээси, башкаруучу, “баланы жашынан, аялды башынан” дегендей. Өмүрүндө ат багып, ат минип жүрбөгөн эркек да камчылуу болгусу келет. Мейли, муну салт дейли, буга баш ийели, бирок ошол камчыны үйдөгү зөөкүр эркек кайсы бир күнү аялына көтөрбөйт деген кепилдик барбы?

Ала качууну ушу күнгө дейре салт деп келдик, өлкөбүздө бир суткада эле 32 кыз уурдалып жатканын атайын изилдөөлөр эсептеп чыгышкан (4). Бүгүн анын зомбулук экени расмий таанылып отурат. Күйөөсүнө өмүр бою кызмат кылган, анын ысык-суугуна чыдап, зоболосун өстүргөн аялды идеал тутуп мактайбыз, ошол эле учурда күйөөсүнөн озуп кеткен аялды жактырбайбыз же аялынын өсүшү үчүн кызмат кылган эркектин намысына тийебиз.

Не дейбиз, мындай элементтер салтыбызда аз эмес.

Сөз соңунда айтаарыбыз, кыргыз аялдары түпкүлүгүндө жаратман, мээнеткеч, жаны тынбаган эл экен. Алар эч убакта үлпүлдөп кийинип алып үйдүн ичинде отурган эмес. Эркек менен тең катар тиричиликтин оорун, кыйынын көтөрүп келишкен. Ага укукту жана эркиндикти гана бер, бир паста дүйнөнү өзгөртүп салаар. Патриархалдык салттуу коомдогу жашоо уклад, андан соң советтик системадагы айрым чектөөлөр кыргыз аялдарын басынтып келгенин эгемендиктин учкай бир  мезгили даана көрсөтүп койду. Анан дагы көптөгөн ойчулдар, коом таануучулар белгилегендей, коомдун эмансипациясы, анын цивилдүүлүгү ошол коомдо жашап аткан аялзатынын акыбалы менен өлчөнөт, аныкталат. Эгер ошондой болсо аялга аял эмес, эң ириде адам катары жүз буралы, калыс бололу.

Кыргызстанда чоң бизнестердин бири болгон “Шоро” компаниясынын эң башында турган технологу Сүйүн апанын, тигүү өнөр жайынын баштоочусу Мухтарбек Өмүракуновдун ишкерлигинин башатында алтын казыктай болуп тик турган апасы Жумабү апанын, Баткенде өмүрүнүн аягына дейре ээн айылда колуна курал кармап чегараны коргоп жалгыз калган Урулкан апанын, Баткендин Кок-Ташы менен Ак-Сайында өмүр бою эки элдин ынтымагына май тамызам деп жан үрөп иштеп келаткан айыл башчы Разия эженин, мектеп мугалими Айымпаша эженин эмгектерин, эрдиктерин эң оболу алардын чоң адамдыгы катары кабыл алышыбыз керек. Улуу иштер инсандын жынысына карабай эле жасала берет.

Булактар:

  1. https://knews.kg/2021/12/04/zhenshhin-migrantov-iz-kyrgyzstana-stalo-vdvoe-bolshe-chem-muzhchin/
  2. Аялдарды Колдоо Борбору, ОБОН - «кыргыз революцияларынын күзгүсү”, саясий активизмдин өнүгүүсү же Кыргызстандагы кызыкдар топтордун максаттары үчүн аялдар ресурстарын пайдалануу. Изилдөөнүн отчёту, 2012-ж, 75-б
  3. https://kabar.kg/news/v-bishkeke-zhenshchin-predprinimatelei-bol-she-chem-muzhchin/
  4. https://www.vb.kg/doc/304268_sovetnik_oon:_v_kyrgyzstane_kajdyy_den_proishodit_32_kraji_nevest.html

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз