Шайдуллаеванын аңгемелериндеги түштүк колорити жана көркөм метаморфоза

“Краткость – сестра таланта”
А.Чехов

Аялдар прозасы – азыркы мезгилде адабият таануу илиминде адабиятчылардын бүйүрүн кызытып, айрым өлкөлөрдө атайы илимий изилдөөнүн объектисине айланды. Орус, татар, түрк адабиятчылары аялдар прозасынын өзгөчөлүктөрүн ачып, чыгармаларындагы көтөрүлгөн тема, маселелердин чечмеленишине ар тараптуу баа берген изилдөөлөрү көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып келет [1].

Адабиятчы И.Г.Зумбулидзенин “Женская проза” в контексте современной литературы” аттуу макаласында аялдар прозасында түрдүү жанрдын, маселен, социалдык-психологиялык, сентименталдык романдар, повесттер, аңгемелер, эсселер кеңири иштелип жатканын белгилейт [2]. Ошентип, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн адабият таануусунда аялдар прозасы дискуссиялык маанайда өнүгүп, өмүрүн улантып келе жатканын көрүп жатабыз. Ал эми биздин кыргыз адабият таануусунда ар бир аял жазуучуну өзүнчө изилдей баштагандары менен, системалаштырып, З.Сооронбаева, Р.Айтматова, М.Мамазаирова, Т.Абдиева, Т.Шайдуллаева, Б.Сутенова, К.Сыдыкова, Ж.Исабаева ж.б. чыгармаларындагы тематикалык биримдик же өзгөчөлүк, идеялык-стилдик багыты  тууралуу бирдиктүү бир караган иш жок, анткени адабиятчылардын арасында жазуучуларды жынысына карап бөлүү туура эмес деген ойлор да айтылып жүрөт.

Кыргыз кыз-келиндер поэзиясы боюнча илимий иштер жакталганы менен, өкүнүчтүүсү – проза жанры сөзгө алына элек. Системалуу иликтенбесе да, азыркы учурда аңгеме жанрына баш оту менен кирген, окурмандар арасында кеңири таанымал Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармалары аркылуу жогорудагы кенемте маселенин бир четин толуктаганга аракет кылып көрөлү.

Аңгеме жазуу кара сөз жанрындагы эң бир кыйын түйшүк. Себеби, образдарды  бир-эки турмуштук кырдаал менен ачып берүү оңой эмес. Аңгеменин көлөмү чакан болгондуктан ашыкча көп сөздүүлүктүн, тажатма баяндоонун, көп каармандардын, чиеленишкен окуялардын кереги жок. Кара сөздүн башка көлөмдүү түрлөрүндө окуя кеңири сүрөттөлүп, өнүгүп жүрүп отурса, аңгемеде сюжет бир каармандын айланасында өнүгүп, жашоосундагы маанилүү учурду сүрөттөө аркылуу кульминацияга ээ болуп, окуя чечмеленет, а кээде бүдөмүк ой жаратып, ойлонууга түрткү болот. Кандай чыгарма болбосун, көлөмдүүбү же көлөмү чаканбы, ал качан максатына жетет? Риторикалык суроонун жообу ушул, качан гана окурманды ойлондура алса, ошондо гана жазуучу мөөрөйгө ээ болот. Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелери турмуш чындыгынан жаралып, күнүмдүк жашоо аркылуу карапайым элдин жашоо палитрасы ар тарабынан ачылып, окуялар өзгөчө аяр мамилени, кылдат түшүнүүнү жана чечмелөөнү талап кылат. Жана да айрым аңгемелерине типтүүлүк мүнөздүү, башкача айтканда, типтүү каармандардын галереясын жарата алган. Маселен, “Орунча” аңгемесиндеги азан чакырылган Бүсара ысымы унутта калып, Орунча атка конгон мээрман аялдын образы типтүү каармандардын бири дээр элем. Анткени тагдыры талкаланган көп эле аялдар дагы бир босого аттап, кээ бири турмушун улантса, кээ бири оту күйүшпөй кайра артка кайткан учурлары аз эмес.

Аңгемедеги Бүсара өңдүү орунча апалыкка макул болуп, орун-очок таап, үй бүлөгө “батып” кеткен аялдар аз. Бүсара – каза болгон келиндин апасы өзү тандап тапкан келин, жетимчелерге энелик мээримин төгүп, кагып-силкпей жашап, күйөөсүнүн ыраазычылыгын алган аял. Өлүм алдында жаткан жолдошу тууган-урук, балдарын, коңшу-колоңдорунун көзүнчө акыркы сөзү катары аялын орунча дебестен Бүсара деген ысымын айткыла деп, ыраазычылыгын билдирет. Бирок аялдын ысымы дале аталбай, Орунча-апа боюнча калганын аңгеменин соңу көрсөтөт. Демек, орунча сөзү мээримге толгон, өз болуп калган деген маанини туюндурат окшобойбу. Себеби, Бүсара орунча апа болуп келгени өлгөн аялынын ордун жоктотпой, жанын карч уруп иштегени, балдарга жакшы эне болгону күйөөнүн акыркы сөзү аркылуу маалым болот.  “Орунча” сөзү ичкиликте экинчи, өгөй эне деген түшүнүктүн жумшартылып, жок апанын ордун жоктотпой улантууга аракет кылган аялзатын түшүндүрөт экен.  

Жазуучунун кээ бир аңгемелериндеги идеялык линия биринен-бирине уланып тургандай, дегеним, “Чыныгүл” аңгемесинде орунча болуп жүрүп, ал-күчтөн тайыган маалда өз үйүнө кайтып келген кемпирдин аянычтуу абалы баяндалган. Чыныгүл тагдыр жазмышында беш чалды багып, аларды түбөлүк жайына узатып, акыры уулу Эсенбекке кайтып келет. Тилекке каршы, келин-уулу суук кабыл алып, көңүл да бурбайт. Шалдырап, шайы оогон кемпир өзүнүн эски керебетине жатып көз жумат. Чыгармада эненин абалын келин-уулу түшүнгүсү келбеген чындык бар. Ал – Чыныгүлдүн адамгерчилиги, боорукерлиги. Эгер адамга тик карап, каршы сөзүн айткан бетке чабаар жан болсо, Чыныгүл башында эле Ороз менен турмуш жаңыртпайт эле. Кийинкилеринде да жок деген жоопту айтмак. Бирок Чыныгүл андай жан эмес, ал “...тиричиликке чыйрак, жоош-момун зайып. Эри жок канча жыл жалгыз жашаса да, артынан ушак-айың айтылбаган, оор басырыктуу, бир мүнөз.”[3]

Көп сүйлөбөгөн, өз жашоосун ар кимге саймедирей бербеген, сырдана аял. Жок  дегенди айталбаган өтүмсүз бечара чыгарманын аягында келин-уулуна жек көрүндү болуп, майда коллизиялык чатак көзү өткөн кийин беш чалынын балдары, туугандарынын топурап келип, аза күткөнү аркылуу чечилип, чыгарманын максатына жеткенин көрсөтөт. Аңгемеде каармандын абалын түшүндүрүү үчүн колдонулган табияттын көрүнүшү Чыныгүл кемпирдин абалын шөкөттөп турат. Негизи табият көрүнүшү (пейзаж) – көркөм  чыгармада окуянын эмоционалдык фонун, каармандардын жан-дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү берүүдө түздөн-түз жардамга келүүчү композициянын бир элементи, жазуучунун стилдик өзгөчөлүгүн көрсөткөн автордук баяндоодогу негизги компоненттердин бири.

Аңгеме башталганда эле “Алгач жааган кардын суугу сөөккө өткөн кеч күздө Чыныгүл кемпир уулунун үйүнө кайтып келди” - деген жеринен эле окуянын кандай багытта өнүгөрү алдын-ала берилгенин байкоого болот. Кардын суугу сөөккө өтсө, келиндин суук сөздөрү да кемпирдин сөөгүнөн өтүп, акыркы деми эски керебетинен чыгат. Окуяда эски керебет анчалык көзгө көрүнбөсө да анын символдук мааниси бар. Эски керебетте алдан тайган Чыныгүл жан берет. Метафоралык мааниде туюнтулган эски керебет – өз үйү, өз үй бүлөсү, өзүнүн жаны жай алган жер.

Жазуучу көп сөздүүлүктөн алыс. Тажатма окуялуулук, “жансыз” каармандар жокко эсе. Кыргыз аңгеме жанрында Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелери окулушу жагынан жогорку баскычта турат. Күнүмдүк тиричилик, адамды кылт эттирип ойлонтуп, чыгарманын аягы күтүлбөгөндөй бүткөнү эженин тегерегине окурмандарды топтоп, окурмандар арасында рейтингин жогорулаткан. Айрыкча “Кара жаздык”, “Кара туман”, “Прокурор” ж.б. аңгемелери жылуу кабыл алынып, окулуп келсе, “Долу” аңгемесиндеги финал бөтөнчө сөз кылууга арзыйт. Далай жолу абышкасынын, уул-келининин  жүрөгүнүн сары суусун алган долу кемпирдин сууга агып өлөм деп коркуткан аскиясы абышкасы каза болушу менен чечилип, долулугуна чекит коюлат. Табият көрүнүшү адамга трансформацияланып, кыштак элинин жашоосундагы дайранын метаморфозасы Азимканын абышканын кемпири болуп чыга келип, “Долу” окурмандардын көңүл чордонунда орун алган.

Жазуучунун стили жана тили өзгөчө. Көркөм чыгарманын тили образдарды, мүнөздөрдү жана жашоо-турмушту баяндоодогу негизги каражат экендиги анык. М.Горький айткандай,  адабияттын эң негизги материалы – сөз. Демек, көркөм чыгарманын тили аркылуу окурман окуяга гана көңүл бурбастан, дал ошол окуяны жазуучу кандай баяндап берип жатканына, психологиялык абалга да көңүл бурат. Тилдик көркөм каражаттар (көркөм сөз каражаттары, синтаксистик курулмалар, диалектилик өзгөчөлүктөр) окуянын, каармандардын жандуу сүрөтүн гана эмес, жазуучунун жандуу элесин да тартат.

Көркөм чыгарманын тилинин бай болушу, лексикалык каражаттардын арбын колдонулушу жагынан Топчугүл эженин аңгемелеринин тили экзотикалуу, маселен, орунча, шалыпая, абдесте, дүт коюу, пекене, лекин ж.б.у.с. диалектилик сөздөр түштүк жергесинин жандуу сүрөтүн тартышы боюнча М.Гапаровдон кийин эле  орунда турарын “Атлес көйнөк” аттуу аңгемеси далилдеп турат деген ойдомун. Түштүк колоритин бир көйнөк аркылуу чагылдырып, көңүл борборун бир буюмга байлап, аны менен кенедей кыздын көйнөккө байланышкан психологиялык учурун абдан таамай берген.

У.Шекспирдин “Отеллосундагы” жүз аарчы, П.Кадыровдун “Үмүтүндөгү” сандык өңдүү Т.Шайдуллаеванын “Атлес көйнөгүндөгү” атлес көйнөк окуянын лейтмотивин түзөт. Секелек кыздын баёо сезиминдеги кыялданып жүргөн көйнөгү биринчи жылы кар жаап, түшүм жогунан алынбай калса, кийинки жылы канча мээнет менен өрүктөрүн кургатып, базарга барышып, атасы так кездемени алаарда акчасын уурдатып жибергени, көзү жайнап, эми көйнөктүү болом деп дегдеген кыздын шаабайы сууп туруп калышы, кийин майрам сайын сатып берген атлас көйнөктөр кызды эч кубандырбастан, тескерисинче, атасынын “...Ой, даат! Пулумду уурдап кетишти!” - деген кыйкырыгы көңүлүндө калып, кийинки алган көйнөктөр эч кандай жагымдуу маанай тартуулабаганын жазат.

Аңгеме жанрында өз идеялык-стилдик багытын тапкан Т.Шайдуллаеванын “Кара туман” аңгемеси карама-каршылыктуу пикир жаратаарын белгилегим келет. Айылды каптап кирген туман Сайранын көзүн ачат. Көрсө, “аксап баскан, араң жан эри” (жазуучунун сүрөттөөсү) Эргеш кошуна эки көзү көрбөгөн азиз келин менен ымалалашып, башын аттап жүргөн экен. Коюу туманда электр оту өчүп, ширеңке сурап бара калган Сайра азиз келиндин “...Эргеш, сенсиңби? Эрте келдиң го, абайла, мен төшөктөмүн” - деген сөзүнөн кийин күйөөсүнүн ала жипти аттап жүргөнүн түшүнүп, жан кыйноосуна кабылат.

Кара туман менен азиз адамдын көрө албаган караңгылыгы, көзү бар туруп, эч нерсени көрө албаган Сайранын абалы ассоциациялашып кетип, үй-бүлөдөгү чыккынчылыктын, бейопалыктын төркүнүн ачат. Көрсө, азиз келиндин гана жашоосундагы караңгылык сөз объектиси болбостон, кошуна аялдын жашоосундагы өзү сезбеген кара туманды ачыкка чыгаруу максат болгон. Ошентип, бир ширеңке менен ачылган үй-бүлөлүк маселе жазуучунун кылдат чеберчилигин көрсөтүп турат.

Жыйынтыктап айтканда, Т.Шайдуллаева – эгемендиктен кийин кыргыз прозасында активдүү жана түшүмдүү иштеген жазуучу. Биз менен замандаш жашап, чыгармачылыктын улуу чыйырында жүргөн Т.Шайдуллаеванын аңгемелериндеги катаал реалдуулук, көркөм метаморфоза, шарттуулук, салыштыруунун өзгөчөлүгү, типтүүлүк, чакан көлөмгө жашырылган үлкөн ой  жазуучунун аңгеме жанрынын устаты болуп калгандыгын далилдей.

Нурзат КАЗАКОВА, “Ала-Тоо” эл аралык университетинин доценти

Колдонулган адабияттар:

  1. Воробьева Н.В. Женская проза 1980–2000-годов: динамика, проблематика, поэтика.// Автореферат канд.дисс., Пермь, 2006. Пастухова Е.Е. Русская “женская проза” рубежа ХХ-ХХI веков в осмыслении отечественной и зарубежной литературной критики. // Автореферат канд.дисс., Саратов, 2010. Хисматова Л.К. Женские образы в современной татарской женской прозе //
  2. Зумбулидзе И.Г. “Женская проза” в контексте современной литературы // Современная филология: материалы междунар.заоч.науч.конф.-Уфа:Лето, 2011,с.21-23
  3. Асаналиев К., Кыдырбаева Р. Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү.-Бишкек, 2004
  4. Шайдуллаева Т. Чыныгүл //   http://ruhesh.kg
  5. Фадеев А. Язык и литература // http://litena.ru/books/item/f00/s00/z0000029/st034.shtml

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз