Топчугүл Шайдуллаева: Парз

  • 08.12.2020
  • 3429

АҢГЕМЕ

Күн тоо артына жашынып, саратандын ысыгы аз да болсо табын тарткан маалда айылдын батыш тарабындагы көрүстөнгө эки аял шашып жөнөдү. Жол ката бет маңдайынан чыга калган эч ким менен сүйлөшпөй, бирөө жарымга көрүнгөндөн да корунуп, жоолуктарын көзүнө түшүрө ылдый байлап, башын эңкейте жерди карап баскан алардын бул түрү өтө купуя, бирок олуттуу бир ишти  моюнуна илгендей таасир калтырат. Жашыраагынын колунда суу толтуруп көтөрүп алган абдестеси бар.

Кечке чакчая тийген күн акырын жылып отуруп ушул көрүстөндүү тоого жашынып барып батат. Тоону боортоктой жайгашкан бу эски көрүстөн акыркы жылдары өлүм-житим көбөйүп, абдан эле тез кеңейип, тоону каптап кетти.

Эже-сиңди эки караан мүрзөлөрдү көпкө аралап жүрүп, мындан туура бир жыл мурда көз жумган улуу эжесинин бейитин араң табышты. Экөө адегенде жерге отура калып куран окуп бата кылышты. Кыймылдары бирөө артынан кууп келаткандай шашып, ыкчам. Колунда абдестеси бары мүрзөнү ары-бери айланып басып, суу куя турган жерди тапкандай боолголоду:

- Суу сөөктүн баш жагына куюлсун, ошондо маркумдун күйүтү басылат дешпедиби аксакалдар. Эжемдин башы ушул тушта болуш керек,- деген ал отура калып абдестедеги сууну акырын жерге куя баштады, куюп жатып, ый аралаш сүйлөй берди: - Эжем байкуш күйүп жатат да, бүгүн үйүнө эри башка аял алып келип үйлөнгөнүн сезди да. Жаным, эжем, ай, өзүң өлүп, күйөөң башканы алаарын билдиң бекен, өтө эле өзгөчө жакшы көрөр элең жездемди...өлбөй эле койсоң эмне, - абдесте кармаган жаш аял сууну куюп бүткөнчө көзүнүн жашын көлдөттү. Бул убакта экинчи аял - улуурагы көзүнө жаш албады. Акырын гана бейит тегерегине майда таштар менен белги коюп, саргарып күйүп калган чөптөрдү, тикенектерди тазалап өзүн алаксытып турду.

- Ушул бир абдесте суу эжемдин күйүп жаткан көкүрөгүн муздата алаар бекен. Эже, эки-үч абдесте муздак суу ала келсек болмок экен... – Ушинткен жаш аялдын көз жашы дале тыйылбады.

- Дөөрүбөчү, беш челек суу куйсаң да ушул дөбө топурактан өтүп барып эжемдин жүрөгүнө жетпейт. Бу бир ырым экен да. Муну кылбасак, сөзгө калмакпыз. Назайым кемпир баш болуп бүт көчө аксакалдары бежиреп туруп алышпадыбы “эжеңердин бейитине барып суу куйгула, ал эринин үйлөнгөнүн билип күйүп атат деп”, - Эки аялдын улуусу наалыгандай серпилип алды.

- Кызык, аялы өлгөн эркек башкага үйлөнгөндө өлгөн аялынын мурзөсүнө барып башына суу куйса, маркумдун көкүрөгү муздап, тынч алат экен. Көкүрөк кантип эле ушул бир абдесте сууга муздап калсын... – Аял эми ойго чөгө терең үшкүрүп алды. - Мына мен тирүү адамдын көкүрөгү эрим үстүмө катын алгандан бери суу эмес, муз жутсам да басылбайт. Башымдан ылдый канча ирет челек-челек муздак сууну куйдум. Канча кар, бороон-чапкында көкүрөгүмдү жакжайта ачып, далдактап басып жүрдүм темселеп, кана муздаганы!? Оору, мээнет гана арттырдым. Жүрөгүм болсо дале күйөт. – Аялдын улуусу демигип кетип, көкүрөк тушун кармап отура калды: – Аялы өлүп, үйлөнүп жаткан жездебизде не жазык... балдары жөжө бирдей жаш болсо. Бу менин эримди айтпайсыңбы, кара көзүмдү кашайтып туруп катын алганын...- Аялдын өңү кубарып, тердеп, оозу кургап чыкты. - Ушул күйүттү баскан кандай ырым болсо азыр кылат элем. Мына, мүрзөдө жаткан эжем бир абдесте суу менен күйүтү басылат экен. Тирүүнүн күйүтүн не кылса болот, не жолу, не дабасы бар экен?! Мунун да айласын Назайым кемпир билет бекен?! Майрам, суу берчи, ичим күйүп баратат! – Аял абдесте кармаган сиңдисине кайрылды.

Абдестедеги суунун баарын мүрзөгө куюп салган жаш аял маңдайындагы жанын жерге коё албай жаткан эжесине бир тамчы суу таппай, бош абдестенин оозун ылдый кармаган бойдон, өзү да башын шылкыйтты.

Ичи өрттөнүп, оозу кургаган аял эми жата калып мүрзөнү кучактап, үнүнүн болушунча катуу сүйлөп кирди:

- Эже, жаным эже, тынч жат. Жаш өлгөнүң эле болбосо сенде не арман! Караңгы гөрдө жатсаң да сен мага караганда бактылуусуң! Эриң аялды жакшы көрүп, сүйүп алган жок, аны мажбурлашты, аны үйлөнтүштү. Анын мындан башка чарасы жок эле! Угуп атасыңбы, ал сени гана жакшы көрөт, уккун, сени гана! Мени болсо эрим тирүүлөй өлтүрүп койду, мен азыр катарда, санда жок, салбар болдум...

Бош абдесте көтөргөн жаш аял мурзө кучактап боздоп жаткан эжесин карап катты да калды. Акыркы күндөрү көп ооруп, чачына ак кирип, картайып кетти. Кайсы гөрдөн эри үстүнө аял ала койду эле, буга азап башталды, бүлүндү, бүгүлдү, минтип киши кейпинен чыгып баратат.

Мүрзө кучактап сүйлөп жаткан аял бир маалда башын жерге койгон бойдон дымып калды. Абдесте кармаган сиңдиси болсо жер караган тейде үн чыгарбай ыйлай берди. Аздан кийин бул тынчтыкты бузуп, бейит үстүнө топ каргалар учуп келди да, бу эки караандын так төбөсүндө каркылдап, кудум менчигин коргогон кожоюндай улам төмөн, пастап ары-бери айланып уча берди.

Эки аял чочуп кетип өөдө болушту. Өздөрүнүн кайсы жерде жүрүшкөнүн сезди шекилди, кадамдарын ылдам коюп көрүстөндөн шашып чыгып кетишти.

Абдесте көтөрүп ээрчишкен, жүзү убайымга толгон эже-сиңдинин келатканын көргөндөр алардын көрүстөндөн кайтканын жазгырбай баамдашты. Ичтеринен “аа, сооп иш кылып, бир туугандык парзын аткарышкан турбайбы” деп коюшту.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз