Топчугүл Шайдуллаева: Ал&тын

  • 05.06.2020
  • 4281

АҢГЕМЕ

Дарыя жээгин бойлото жайгашкан узун айылдын шалыкерлери жай бою там үстүндө укташат. Шыйпыры жок жалпак там үстү салкын, чиркейи аз, баарынан да коргонго түнүчүндө биротоло ээлик кылып алган  бакылдаган бака үнүнөн оолак. Дарыянын шоокуму менен кошо келген жагымдуу шамал жаздыкка баш койгон кимди болсо да уйкуга жетелейт. Бир көчөдө катар салынган үйлөрдө бири-бирине бир ата, эки ата өткөн туугандар жашачу. Буларды айылдыктар «байлар мааласи» деп коюшчу. Совет өкмөтүнө чейин бул жерде Нурмат, Нармат, Эрмат, Кошмат, Баймат  деген беш  бир тууган малы коктусуна батпай, кап-кап алган  күрүчү тамына тирелип, байгер   өмүр кечирген дешет.

Анан кеңеш өкмөтү булардын азабын берген. Үчөөсүн кулакка  тарткан, бирин  жөн эле молдо экенсиң деп камаган, эң улуусу Нурмат болсо тоо таяна  үйбүлөсүн алып качып кеткен. Ушинтип бул бай маала чачылып, таланып-тонолгон. Бирок атадан калган балдар, байбичелер бу мааладагы жашоону бир топ жылдан кийин кайрылып, топтолуп келип улантышкан. Кайрадан табышкан туугандар бири-биринин жашоо абалы менен кабардар, айрым буюмдарын ортодо пайдаланып, жогун ортодо сатып алып, тамак-ашынан бөлүшүп дегендей бири бирине мээрбан, карамдуу эле. Эзелим  дарбазасына да, эшигине да кулпу салып көрүшкөн эмес. Бири жокто бири үйүнө көз эле. Бу көчөгө жат адам жөн жай даап басып келе алчу эмес. Байлар мааласиндеги илгерки байлык, дөөлөт чачырап турбаса да, баари бир анын илгерки сүрү, сөөлөтү, аты  көп жылдар эл ичинде  сакталып жүрдү.

   Эл тегиз  уйкуга киргенде Кошмат байдын баласы Эрмамат  кээ бир түндөрү алтындарын там үстүнө ташып чыгып, жайып алып  санай берчү. Бул алтындар ага атасынан калган. Кошмат байды алып кетишкенде анын бар мал-мүлкүн чычкак улагынан өйдө сүйрөп ортонун малына кошуп салышкан. Бирок малканадагы саман астына  катылган алтындарды байкабай калышкан.

Ошол ошол болду, Кошмат байдын аялы көзү өткөнчө алтынын коруу убарасында жашаган. Анын алтыны барын эч ким билчү эмес. Баары бир  уурдатып ийбейин деп чочуган аял үйүнөн бир кадам алыс чыга алчу эмес. Той-топур, жамандык-жакшылыкка  баруу дегенди да унуткан эле. Бул аял өзүнүн калган он беш жылдык өмүрүн алтын коруу менен өткөргөн. Балким алтын корубаса бу аял көп жашайт беле, ким билет элүүдөн ашып ашпай кете берген.

Совет өкмөтүнүн байларды кодулоосу басаңдап калгандан кийин деле бул аял кимдир бирөөлөрдөн чочуп жүрдү. Түнкүсүн ити үрсө да, же бир калпыс кичине шыбырт чыкса да чочуп, уйкусунан бүлүнүп таң атырчу. Кокус үйүнө тууган-туушкандары келип калса да  алтын катылган бөлмөсүнө аларды жалгыз калтырып чыга албай калат эле. Баарынан да аял алтын кайтаргандан бери элчилеп жайкысын жан чыдатпаган ысыкта жүзүн шамалга тосуп там үстүнө чыгып, жыргап уктабай калган. Ал тердеп, тумчукса да, чиркейге таланса да, түн бою ысыктан уктай албай чыкса да, алтын катылган бөлмөдө жатчу. Алтын салынган  эски сандыкты ушинтип өлөр өлгөнчө коруду да, өлөрүнө жакын уулунун колуна тапшырып, одүйнө кете берген. 

Эми уулу Эрмаматка өттү алтын коруу. Ал алтынды энесинен да көп мезгил кайтарды. Алтын кайтаруу убарасы бу эркекти да бат картайтты. Ал энесиндей болбой, алтындарын акырын ары-бери пулдагысы келет, көзү кыйбайт. Ары коркот, камап коюшабы дейт. Кыздарына, келинине  аз-аздан беримиш болгон. Абышка куракка жеткенде  алтындарынын толук көлөмүн аныктай албай, оюнда алтынын четинен уурдатып жаткандай убайым  чеккен ал аны улам там башына алып чыгып эсептей берчү. Эсептеп алып, кайра эле бирөө жарым алып азайтып койдубу деп кайра  дагы эсептей берчү. Алтындарын кармалап, санаган сайын абышка демденип, күчтөнүп, эки бети албырып, буттары ыкчам басып, пекене бою бийик боло түшчү.   Эрмамат чал алтын санаган  түндөрү жанаша короодогу там үстүндө жаткан  Нурмат байдын байбичеси менен үч кызына алтындардын айга чагылышкан нурлары чагылган сымал жалт-жулт этип  көздөрүн көзөп, уйкусун качырчу.

- Абаңар алтынын дагы эле санап атат. Санаганда эмне, же анысын жей албаса, же пул кыла албаса, алтыны курусун, - деп күбүрөнгөн Күмүш кемпир кыздарын уктагыла алаксыбай, эртең жасаар жумуш көп, - деген менен өзү бир кезде  чалынын көмүп коюп, кийин таба албай калган алтындарын эстей берчү. Алтынын жоготкондон кийин байы тез эле өлүп калган. Илгеркидей заман болсо булар жоготкон алтынга нелерди гана сатып алса болот эле. Күмүш кемпир өзүнүн жесир калган тартыш турмушунда жоголгон алтындарын айласыз эске түшүрчү. Жыйнаган алтындары буларга дөөлөт болбой, каскак болду.

 Каткан алтынын таба албай коюп, ошонун кайгысына баткан чалы бат эле өлүп, атасынын артынан алтын издөөнү уланткан уулу кырсыкка кабылды. Азыр кошуна там үстүнөн чагылып жаткан алтын нурлар кемпирдин как жүрөгүн тилип  өткөнсүп, аны алсыратып, бүткөн боюн оорутуп жиберди. Жуурканына башын катты. Ошол түнү Эрмамат чал түнү бою алтын санадыбы же анысын жайып алып уктап калганбы, ай батканча  алтын нурлар жаркылдап чыкты. Түнү бою Нурмат байдын  кемпири менен үч кызынын уйкусу бузулду.

Көп өтпөй “Эрмамат чал алтындарын уурдатып жибериптир” деген сөз тымызын тарады. «Ууруну таап бер» деп  чал арызданып милийсага да баралбады. Барсам өзүмдү камап коебу деп чочуду. Алтынын алдырган чал үйүндө  өз дарты өз ичинде бүк түшүп жатып калды. Бир түндөн соң эки колу калчылдап, токтобой, тизеси катып бүгүлбөй, баса албай калды. Алтыны бар учурда  куштай жеңил учуп, басып жүргөн чал заматта  майыпка да, карыпка  да айланды. Анын алтыны барын саналуу гана адамдар билчү. Бирок там үстүндө айга чагылышкан алтындын  нурлары чагылган сымал көчөнү каптаарын  алтын санап алаксыган чал байкоос алган эмес эле.

03.01.2005

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз