Аалы Молдоканов: Айтматов & Алтын & Аргымак

  • 12.04.2024
  • 5537

Орто Азияда, Түрк дүйнөсүндө, Кремлде эле эмес, Эл аралык аброю  аалам чапчыган  жазуучубуз Чыңгыз Айтматов СССР ыдырап, жол башчыбыз жок калганда Кыргызстанга келип, эки жылча элге баш-көз болуп, Акаевге окшогон аялына алы келбеген жүдөөнү эмес, ошол кезде баралына барып турган Аманбаев, Исанов, Сарыгулов, Осмоновго окшогон эл оозуна алынып калгандарга чылбыр, тизгинди карматканда – Кыргызстан таптакыр башка жол менен кетпейт беле! - деген ойдо жүрчүмүн.

Өзү улуу жазуучуга башынан эле эки ич күптүмдүн бири ушул болсо, экинчиси, көбүбүз көлөмүн айтып жобурай берген “Манас” эпосуна байланыштуу эле. Өзүбүздөн чыгаан илимпоз чыкпагандыктан, Чыңгыз Төрөкулович башка ишин токтото коюп, “Манасты” дүйнөлүк фольклордун тизмесине киргизе турган илимий-популярдуу бир жакшы эмгек жаратып, түрколог-академиктерди, жөөт досторун сөзгө тартып, ары табышмактуу, аталышы дүйнөнүн бүт булуң бурчунан учураган алп дастандын даңазасын чыгарып койгондо... “Манасты” дүйнөлүк баскычка чыгаруу ушул гана адамдын колунан келмек. Мындай иш-чаранын мааниси чоңдор чогулуп эт жеп тарап кеткен 1000 жылдыктан арзан да, олжолуу да болмок. Бирок соңку угуп билгендерим, ушул эки дооматымдын биринен баш тарттырды. Ал тууралуу сөз макаланын соңунда болсун.

Жалпысынан жакшы өткөнү менен, атактуу агабыздын 90 жылдыгы “Ааламды багынткан алп жазуучу, адамзаттын генийи” деген сыяктуу абада калкыган курдүрмөт сөздөр, маңызсыз жыйындар менен коштолду. Көсөмдүн көзү тирүү кезиндеги мактоолор кайталанды. Айтматовдун инсандык, коомдук ишмердигине тереңдеп баа  берүүгө батына албадык, кыргызга кылган кызматына келгенде бир жактуу пикирлер айтылды. “Чоң адам чоң жаңылат” демекчи, пайгамбар болбогон соң, ал кишинин да пенделиктен баш тарта албаган учурларын козгоого дааган жокпуз. Кыскасы, даанышман агабыздын көп тарабы табышмактуу бейнесин ача албадык. Бул ишке Роза эжени кошпогондо, аны жакындан билген үй-бүлөсү, балдары, эң оболу Мария Урматовна аралашпай койду.

Улуу ойчулдун элчи катары жаш кыргыз мамлекети үчүн, эли үчүн кылган ишинен алиге чейин көпчүлүктүн анча кабары жок. Кантип эле жумурай журт туташ жумушсуз калып, четинен тентип жатканда атактуу элчибиз обочодо отура бере албайт эле.

... 2001-жылдын жай айларынын башы болсо керек эле. Президенттин тил комиссары Казак Акматовдун кабинети Ак үйдө болчу. Мени Жогорку Кеңештен жооптуу катчылыкка өзүнө чакырып алган. Жакшы иштеп жатканда киши колдуу болгон Насирдин Исановдун, Алтын чуусунан айдалган Турсунбек Чыңгышевдин ордундагы кулжанын сакасындай колго толумдуу Өкмөт башы Жумагуловду чебичтин чүкөсүндөй чиймийген аспиранты Жумалиевге алмаштырып, амалкөй ажо Аскар Акаев мыйзамсыз 3-шайлоодон аман-эсен өтүп алып, ”Кыргызстан – жалпынын үйү” деген саясий ураанын чакырып, чамгарактап турган кези болчу.

Мамлекеттик тилдин 10 жылдык мааракесинде Казакемдин “Кыргызстан – кербен сарай эмес” деген каяшасы үчүн, өзүнүн куратору мамкатчы Абдразаков кызматынан ажырап, өзү Брюсселдеги чоң адамдын айбаты менен эптеп аман калган. Бир күнү түшкө таяй жумушка бөтөнчө кубанычтуу келди. Келип эле мени үстүмө кир деп жаңсап, адаттагыдан башкача төгүлүп кирди.

- Мамлекеттик тилдин иши бүттү окшойт. Акаев бизге таянып, эшегин суудан өткөрүп, Куловдон кутулуп алгандан кийин бизди да, тилди да көрөйүн деген көзү жок. Сен жылкычынын баласымын деп жүрчү элең. Бүттү, кеттик, тилди таштадык, баарыбыз жылкычы болобуз...

КАГЫЛАЙЫН КАМБАР АТА

- Чыкем менен түнкү саат 12ге чейин жылкы темасын сүйлөштүк, – деди Кыргызстандагы алгачкы асыл тукум завод тууралуу баяндаган “Мезгил” романынын автору. Казакемдин ошондо айткандары мени бүгүнкү күнгө чейин делөөрүтүп келаткандыктан, өз учурунда эч ким сөз кылбаган бул купуяны акыры чыгарып отурам.

Чыңгыз Төрөкулович Европадан эки чоң олигархты алып келиптир. Азиядагы чакан тоолуу өлкөнү “Манаста” айтылган алтын өпкө, жез канат тулпарларды өстүрө турган дүйнөлүк борборго айландырууга 2 миллиард доллар (!) салууга чет элдиктерди көндүргөн экен.

Чыкем кыргыз менен кошо жаралган Камбар Ата тукуму гана биздин өлкөнүн атагын ааламга чыгарарына чындап ишенген адам болгон. Улуу идея – улуу адамдын гана башына келет! Төмөндө сөз боло турган Камбар Ата долбоору Кыргызстан үчүн алмашылгыс идея экендигине ал кишинин көзү жеткен.

Акчаны ар балээге чача бербеген буркуйган буржуйларды чоң олжого ынандырууга ал киши эки окуу жайынан алган 9 жылдык зоотехниктик атайын билим-тажрыйбасын, жазуучу, коомдук ишмер катары дүйнөлүк атак-даңкын, Россия, Кытай сыяктуу улуу империялардагы, Европадагы, өзүнүн түрк дүйнөсүндөгү, Орто Азиядагы бийик аброюн кепил тарткан чыгаар. Жылкы жарыктык дүйнөнүн бардык тарабына кеңири тарап, көп эле эл аны жашоо-турмушунда колдонгону менен анын эти менен сүтүн дары катары пайдаланып, малдын асылы, камбары катары урунуп, асыраган кыргыздай эл болбосун, климаты, табияты жылкы үчүн Кыргызстандай керемет жер болбосун улуу сүрөткер тигилерге тилинин жетишинче саймедиресе керек.

ЭКИ МИЛЛИАРД ЭМНЕГЕ ИШТЕМЕК?

Чыкем жана анын өнөктөрү 20-25 жылда кеткен чыгымды толук актап, чоң киреше бере баштай турган “Аргымак” долбооруна Ысык-Көл облусун тандап алышкан. Облустун эли, жери бүт жылкыга иштемек. Көл кылаасында чочко эле эмес, кой-эчки, уй, төө, топоз сыяктуу жылкыдан жана жапайы кайберен менен илбээсинден башка төрт түлүк болбошу негизги шарт катары коюлган. Чүйдөн Ысык-Көлгө кире берген жердеги Кызыл-Көпүрө,казак тараптан Кеген, Нарын тараптан Орто-Токой өңдүү облустар аралык чек араларга атайын тосорлор коюлуп, санитардык-ветеринардык кордондор өтө катуу көзөмөлдөш керек экен. Бүткүл дүйнөдөгү – Америка, Англия, Франция, Аравия, Россия, Түркмөнстан сыяктуу таза кандуу жылкы өстүргөн өлкөлөрдөн асыл тукум айгырлар, байталдар тай-кунандар сатылып келинмек.

Облустун бүт аймагы арпа, сулуу, беде, эспарцет сыяктуу жылкынын тоютун өстүрмөк. Авто-унаага чектөө салынып, көлдү айланта төрт тилкелүү даңгыр жол салынып электричка жүрөт. Дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди жана буудандарды ташыган Боингдер учуп-коно турган чоң аэропорт жана дүйнөлүк стандарттагы ипподром, атканалар салынмак. Асылдандыруу, селекция ишин жүргүзө турган адистер, саяпкерлер, чабандестер, жылкычылар даярдала турган эл аралык илим-изилдөө институту ачылып, анда улуттук кадрлар менен бирге чет өлкөлүк эксперт-илимпоздор иштемек экен.

КҮЛҮК ТАПТОО ЖАНА САТУУ

Чет өлкөдөн сатылып келген таза кандуу тай-кунандар жергиликтүү селекциядан өткөн асыл тукум аргымактар менен аргындаштырылмак. Союз тараганга чейин ар бир облуста иштеген жылкы заводдорунан жаңы кыргыз тукумун чыгарган тажрыйбабыз, адистерибиз бар. Жылкыдан Социалистик эмгектин баатыры болгондордун саны жагынан кыргыздар 1-орунда турары эле эмнени айтат? Кудая шүгүр, бүгүн да ар бир олигархтын жылкы фермасы, күлүктөрү, менчик саяпкерлери бар. Бул жагын Чыкем билип жүрсө керек.

Жылкы баласы табиятынан бириндебей чогуу жайылып, үйүр-топ болуп эркин жүргөн, ысык менен суукка байымдуу, чымын менен чиркейден качкан, салкынды сүйгөн, күндүзү жоокер минип, түнкүсүн оттогонго көнгөн жаныбар.

Кыргыз жери, бөтөнчө кереметтүү Ысык-Көл жылкынын чыныгы мекени экенин жаш Совет өлкөсүнүн аскер комиссары, атактуу жердешибиз Михаил Фрунзеден тарта Совет жетекчилери жакшы билген. Алты жүздөн ашык катыш чөптүн түрү өскөн сырткы, ички жайлоо-жайыттары, чөйчөктөй болгон, жел тийбеген кокту-колот кыштоолору Камбар Атанын тукуму үчүн бейиш эмей эмне? Кыргыз саяпкери күлүктүн көңүлүн өстүрүп, жайлоого чыгарып, жайын жедирет, туягы бекем болсун деп кышында карагай чердин арасынан кар тептирет. Тер алып таптаганда аса байлап, таң ашырып суутат. Керели кечке, жайдыр-кыштыр кулпуланып сарайда багылган, жайыт, жайлоо деген эмне экенин билбеген Батыштын аргымактары эл аралык мөрөй-мелдеш, ат чабыштарда кыргыз шартында тапталган тулпарларга караандабасына көсөм жазуучубуздун көзү жеткен. Кыргызстанды дүйнөлүк жылкы базарына айландырууга багытталган кандай шумдук идеяны байлыктан көзүн май баскан ал кездеги төрөлөр түшүнө албаганы өтө өкүнүчтүү. Ал тууралуу сөздү да макаланын акырына калтырдым.

Дүйнөдө жылкыдан кымбат бааланган бир да жаныбар болбойт. Айбанаттын алпы болгон 6 тонналык пилдер, адамча сүйлөгөн тоту куштар, цирк үчүн үйрөтүлгөн арстан жолборстор, кишинин оюндагысын аткарган дельфиндер баа жагынан күлүк атка каарандабайт. Жарышта алдына ат салбаган тулпарлар, бийлеген, секирген жана башка өнөргө үйрөтүлгөн сымбаттуу аргымактар өтө кымбат турат. Биздин улакчылардын чобурлары деле жакшы машинанын баасында сатылып келет.

Дүйнөдө миллиондогон долларга бааланып, самолёттун баасына чыгып кеткен буудандар бар. Бир шейх Шариф Дансер деген айгырды 40 миллионго сатып алса, 14 чоң байгени катар утуп, бир да жолу жеңилбеген таза кандуу англис  тукумундагы Френкель деген 200 миллион долларга бааланган айгырдын ээси да Халил Абдулла деген бай араб экен.

Чечен башы Рамзан Кадыровдун 300 миң долларга келген Зазу деген айгыры Дубайдагы ат чабышка чабылып жүрөт. Англис королевасы Елизавета II үч жашынан атка үйрөнүп, токсонго чыккыча ат минет, 30га жакын ат кармайт. Соңку чейрек кылымда эле анын күлүктөрү 6,7 млн. фунт (9,4 млн. доллар) уткан.

Япония ат чабыш индустриясы жагынан учурда алдынкы державалардын бирине айланды. 2016-жылы бул өлкө тулпарлардын саны жагынан батыш өлкөлөрүн кууп жеткен деген маалымат бар. 2020-жылы 29-февралда Сауд Аравиясы Эр-Рияд ипподромунда өткөрө турган “Үч таажыга” (“Тройная корона”) катыша турган күлүктөрдүн байге фонду 20 миллион долларды түзүп, 14түн ичинен чыгып келген тулпардын баш байгеси 10 миллион доллар деп жарыяланды.

Батыш Европа, АКШ, Япония, Араб өлкөлөрүндө дүйнө кубокторунун мелдештери биринин артынан бири өтүп турат. Алардын ипподромдору футболдогудан ашпаса, кемибеген күйөрман-көрүүчүлөрдү жыйнап, тотализаторлор айланткан акчадан баш адашат.

ЖЫЛКЫНЫН ЭТИ МЕНЕН СҮТҮ

Жылкыга ынактыгы, аны сыйлаган жагынан дүйнөдө кыргыздай эл жоктур. 4 миң жылдан бери жылкы асырап, урунуп келе жаткан көчмөн кыргызды анын эти менен сүтүсүз элестетүү мүмкүн эмес. Төрт түлүктүн асылы болгон жылкы тукуму, чөптүн тазасын оттогондуктан, ал берген азыктын дарылык касиетин кыкем байыртан эле баалап, казы-карта, жал-жая дегендерди өтө кастарлуу дасторконго тартып келген. Жылкы эти жаңы союлган жаш кезинде өтө сиңимдүү, дароо кубат берет. Анда кан тамырды тарыткан холестерин деген балээ жок. Бээ сүтү (кымыз) менен дарылангандар жер жүзүндө көз көрүнөө көбөйүүдө.

Бир жаман жери, өз этин, өз баласын өзү жеген эң ыплас, андыктан ыйык Куранда арам деп эсептелген чочконун этин чоң-чоң институттар, чоң окумуштуулар баса калып изилдегени менен, көчмөндөрдөн башкалар эти менен сүтүн татпаган себептүү, медиктер менен диетологдор жылкы тууралуу кененирээк кеп да кылбай келет.

Андыктан, “Аргымак” долбоорунун алкагында аталган ишти аткара турган дүйнөдөгү бирден-бир “Жылкы” илим-изилдөө институту менен академиясы, жайы-кышы дебей жыл бою кымыз ачытып, жылкы этинен эң чүйгүн колбаса, чучук, сүр эт чыгарып, консервалап бүт дүйнөгө экспорттогон заводдор, эт комбинаттар иштемек. Кымыз бүгүнкүдөй кытайдын челегине, темир флягаларга эмес, атайын цехтерден даярдалган ышталган сабааларга бишкектелип ачытылып, айнек идиштерге куюлмак.

АТ СПОРТУ ЖАНА ТУРИЗМ

Ички жана тышкы аукцион-базарларда күлүктөрдү сатуу, ат чабыштарга даярдоо иштери негизгиси болгону менен, ат спортунун жок дегенде көкбөрү жана эр эңиш сыяктуу түрлөрүн эл аралык, бара-бара олимпиадалык деңгээлге алып чыгуу жолго коюлмак.

Кара континенттин мээ кайнаткан аптаптуу өлкөлөрүн кошпогондо, дүйнөдө ат минбеген же урунбаган эл жок. Байге фондун кескин көтөрүү аркылуу ат спортунун аталган түрлөрүн алгач “Көчмөндөр оюндарын” өткөрүп жаткан Орто Азия, Түрк өлкөлөрүндө, Кавказ элдеринде, ат чабышы бар өлкөлөрдө, бара-бара башка элдерде жайылтуу интернет доорунда колдон келе турган иш. Америкалыктар улакчыларды даярдап жатканын уктук го! Эл аралык деңгээлге чыгып алсак, африкалык негр менен бугу минген чукча да эр эңишке же улакка түшөрүндө кымындай күмөн жок.

Тоңкулдап желбеген, басыктуу жорго аттарды койсок, жайы-кышы дебей чубаган атчан туристтер миңдеп келмек. 3 жашынан ат минген Англия королевасы 90дон ашканча аттан түшпөгөнүн айттык. Мектеп окуучуларын ат мингенге үйрөткөн борборлор иштесе, кары-жаш дебей ат менен ооруп калмак. Ысык-Көлдөн аттанып, бир жумада Соң-Көл, Чатыр-Көлдү айланып келген маршруттар ачылса, мекендештерибиз Мекеге барып келгендей же Эверестке чыккандай ыракат алмак. Ат минген адамдын сергек жүрөрү, саламаттыгы чың болору, тамак сиңирүү, кан айлануу, урология органдары табигый тапшырмасын так аткарып, сааттай иштей турганы медицинада эчак аныкталган факт.

Нарктуу кыргыз аксакалы Дастан Сарыгулов жылкынын өңү-түсүн сыпаттоого келгенде кыргызга эч ким тең келбестигине таң калганын уккам. Чын эле  боз, ак боз, кызыл, көк, көк чаар, кула, сары, буурул, чабдар, кер, карагер, карала, сарала, торала, жээрде, күрөң, тору, сур деген түстөр бизден башка дагы кайсы тилде учурайт. Жылкыда бир гана өзү тоюттанган чөптүн түсү – жашыл түс болбойт экен. Манастын, Семетей, Сейтектин, Бакай, Кошойдун, 40 чоронун, ал тургай Алооке, Коңурбай, Карадөө өңдү душмандарынын да жоого минген аргымактарынын Аккула, Тайтору, Тайбуурул, Койкүрөң, Суркоён, Айсарала, Алгара ж.б. деген ондогон аттарынын болушу эле эмнеден кабар берет?

Баткен өрүктүн, Молдавия жүзүмдүн, Түркмөнстан каракүлдүн, Чукотка бугунун, Индия чайдын мекени дегендей эле, Кыргызстандын климат шарты камбар ата тукумуна бейиш экенин улуу ойчул агабыз абдан жакшы билип, анын келечегине көзү жеткен үчүн Европадан эки көпөстү ээрчитип келип жатпайбы. Жогоруда айтылгандай Чыңгыз Төрөкулович зоотехник кесиби боюнча эки окуу жайын артыкчылык менен бүтүргөн адис. Эгер жазуучулукка ооп кетпегенде, бул жагынан деле дүйнөнү дүңгүрөтмөк окшойт.

СОВЕТ БИЙЛИГИ ЖАНА КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫСЫ

Совет бийлиги башынан эле Кыргызстанды жылкынын мекенине айландырууга маани бериптир. Кызыл армиянын комиссары Леонид Раппопорт атчан аскерлерди ат менен жабдуу үчүн Чолпон-Атада № 54 жылкы заводун негиздейт. Экинчи дүйнөлүк согушта атчандардын кол башчысы болгон Советтер Союзунун маршалы Буденный Канттагы Кочкорбаев аксакалдын жылкы чарбасын көргөнү атайын келген экен. 1945-жылы Москванын Кызыл аянтында өткөн Жеңиш парадында Жогорку башкы кол башчы Сталиндин сунушу менен Жуков баш болгон маршалдар минип чыккан тандамал аргымактарды үч ай даярдаган жоон топ адистерге жетекчилик кылуу жоопкерчилиги кетментөбөлүк кыргыз чабандеси, фронтовик Ороз Мамыралиевге тапшырылышы, кыргыз жылкынын тилин башкалардан жакшы билерин чоң адамдар түшүнгөндүгүнөн кабар берет!

Тоого басканы топоздон өткөн, бышыктыгы менен айырмаланган кыргыз жылкысын англис, дон тукумундагы каны булганбаган айгырлар менен аргындаштырып чыгарган жаңы тукумдагы буудандар Бүткүл Союздук көргөзмөлөрдө, ат чабыштарда таң калтырып, ондогон эл аралык рекорддорду жараткан.Кийин эле Галзун деген ат Москва олимпиадасынын алтын медалын алганын билебиз. Хрушев менен Брежнев, Финландия, Индия, Монголия Президенттери жаңы кыргыз жылкысына суктанган пикирлерин айткан. Жогоруда кеп кылган Кеңеш колхозунун Кертөбөл деген айгыры учурунда Россия, Кавказ, Орто Азияда өткөн бардык чоң ат чабыштардын баш байгесин берген эмес.

Совет адабиятындагы чоң окуяга айланып, СССР Мамлекеттик сыйлыгы менен бааланган “Гүлсараттын” автору кыргыз табияты, кыргыз жылкысы, анын келечеги тууралуу ийне-жибине чейин билген үчүн ары же бери кетпей арабөк турган бүгүнкү кыргыздын байлыгын арттырып, атагын чындап чыгара турган сунушу менен келген.Чоң адамдын шагын чорт сындырган чоңдорубузду кудай алып, курт жебей, элге дагы деле акыл үйрөтүп келишет.

БАШЧЫЛАР ЖЫЛКЫ ДОЛБООРУНАН БАШ ТАРТТЫ

Эл ичинде Кумтөрдү курутуп кетишкен Акаевди да, Бирштейнди да, Чыңгыз Айтматов алып келген деген сөз  айтыла калып жүрөт. Кыргызга окшогон мансапкор маңыроо элди сырткы күчтөр бийлеп келатканы кийин билинди. Ушуну түшүнгөн улуу жазуучубуз  саясатка аралашпай, сыртта жүргөн көрүнөт. Бирок жаш мамлекет карайлап калганда, кыргызга кызмат кылат деп үмүттөнгөн Кумтөр эларалык шумпайлар менен жергиликтүү шуркуялардын колуна өтүп баратканын көрүп, “Аргымакты” арачы тарткан экен. Кыргыздын бар байлыгын тарп талашкан кузгундай бөлүшүп кеткен көркоолор Ысык-Көлдү жылкыга ыраа көрбөдү. Табияттын көркү болгон камбар ата, байлык кууп, көзүн май баскан шылуундарды кызыктырмак эмес.  Чыкем канчалык чыркыраса да, кыргызды кургуйга сүйрөп бараткан алтын кеселин айыктырууга кеч болуп калган мезгил эле.

Кусурга калган Кумтөр айлап талкууга түшкөн жылдары Жогорку Кеңеште элем. Легендарлуу деп аталган 350 депутат, кыргызга буюрбаган алтынга айлап кызыл чеке болушту. Акаев  бардык ишин таштап коюп, талкууга сереп салып, өзүнүн секисинде карыш жылбай карап отурчу. Канаданын алтынды алмакчы болгон “Камеко” компаниясынын президенти Хоменюк тилмеч эксперттери менен залдан көз салчу.

Ишканалар жапырт жабылып, эл тентий баштаган 90-жылдардын орто чениндеги ошол окуялар чейрек кылымдан бери тынчыбаган “Чоң-Казаттын” башы экен.

Таразанын ташы “Камекого” ооп бараткан ошол күндөрдүн биринде “Кыргызалтындын” жаңы дайындалган президенти Дастан Сарыгулов  Европадан келатып, аэропорттон түшүп эле, түп-түз Жогорку Кеңешке чуркап кирип, кезексиз сөз сурады. Саат төрткө чамалап, жыйын бүтөрүнө саналуу сааттар калган. Демейде токтоо мүнөзү бар Дастан аке колундагы кагаздарын трибунанын кырына коё салып, толкундана баяндамасын баштады.

Урматтуу депутаттар, урматтуу Аскар Акаевич, урматтуу Медеткан Шеримкулович! Мен эки жумача Европада болуп келатам. Кумтөр маселеси менен бир катар фирмалардын жетекчилерине жолугуштум. Тарых алдында, сиздердин алдыңыздарда ачык айтып койбосом, муну Кудай да, абийир да кечирбейт, - дегенде, андан көзүн албай турган Акаев, күтүүсүз сөз чыгып баратканын сезип, ойдолой түштү. Үргүлөп отурган депутаттардын умачтай көзү ачылып, журналисттер шыбырашып, уу-дуу. Хоменюк менен жардамчылары жапырт  жанданды.

Биз менен келишим түзүп жаткан “Камекого” 33% үлүш менен Кумтөрдү берүүгө макул болуп жатабыз. Андан тажыйырбалуу, андан таанымал, репутациясы бекем фирмалар бар экен. “Камекого” окшоп уран менен эмес, алтын менен иштеген франциялык фирма 20%га макул болду.Кыйлага чейин кызуулана сүйлөгөн Дастан Исламович жүйө-далилдерин ала келген документтер менен бекемдеп, микрофонго тизилип калган депутаттардын суроолоруна жооп бермекчи болду эле, кумсара түшкөн Аскар Акаев тыбырчылап тура калып, төрага Медеткан Шеримкуловго кайрылып, депутаттардан суроосуна чейин Өнөржай министри Өмүралиевге сөз берүүнү өтүндү.

Министрдин жообуна депутаттар канааттанбаган соң, Акаевдин жаңсоосу менен ага жардамга келген премьер-министр Чыңгышевдин “Камеко” менен келишимдин артыкчылыгын далилдөөгө далбастаганынан майнап чыкпаганда, капыстан чыккан ызы-чуунун басылбасына көзү жеткен Акаев, трибунага атып жөнөдү.

– Урматтуу депутаттар, - деди амалкөй президент, элдин сүрүнөн чочулап, адатынча жасалма жылмайган болду. – Дастан Исламович Европага биздин тапшырмабыз менен барып келди. Ал киши пайдалуу жолугушууларды өткөрүп, баалуу багаж менен келген окшойт. Өзүңүздөр түшүнүп турасыздар, өлкөнүн экономикасына, элдин келечегине тиешеси бар чоң маселени жети өлчөп бир кесели, Сарыгуловдун сунушун  эксперттер менен кеңешип талдайлы, - деп кыйлага аны-муну айтып, убакытты атайлап алтыга чейин чойду да: - Бүгүн чарчадыңыздар. Алыс жол басып келген Дастан Исламович да эс алсын. Барыбыз жакшылап эс алып келип, ишти эртең менен улантып, суроолоруңуздарга кенен жооп алсак туура болот ко, - деп ызылдаган депутаттарды тынчытты.

Ошол кечте “килемге” чакырылган Дастан акени экинчи ээнбаштык кылбагыдай кылып жанчышса керек. Иниси Аскар алтын чырына аралашып жүргөн вице-премьер болчу. Ошого такап, опузалашса керек. Бомбасын чала жардырган Сарыгулов ошол бойдон эртеси да, кийин да парламентке жологон жок. Журналисттерге да интервью бербеди. Келечегинде Акаевдин оордун басууга татыктуу бул адам коркоктугунан улам эл арасында кадыры түшүп, саясий дымагы ошону менен өчүп, кийин биротоло санжырага ооду.

Ушул окуядан кийин акаевчилердин алтын мафиясына нааразычылык катуу күчөп, Усубалиев курамына кирген салабаттуу депутаттык комиссия түзүлдү. Амалкөй ажонун  талпагын ташка жаярда парламентти жайкы каникулга кетирип, күзүндө 120 депутатты биротоло таратып кутулду. 350 депутаттын 120сынын мойнун толгоп, кол койдуруп, мындай маскарачылыкты уюштурган эргулдарга кийин майлуу устакандар тийип, каалаган кызматын алып чалчакташты. Алар азыр мемуар жазып, эгемен кыргыз мамлекетин түптөгөнбүз деп жүрүшөт. Жолун тоскондорду четинен тазалап отуруп, Кумтөр колуна тийген соң, Баекова баш болгон жалданма юристтерине таянып, мыйзамсыз шайланган кара жемсөөнү экинчи келгис кылып, кууп чыккандан башка  элде айла калган эмес.

23 жылдан бери Кумтөрдү чукуп, жер астындагы 700 тонна алтындын теңин алып коюшту. Ал бүгүнкү баада 20 миллиард доллардан ашат экен. Кыргызстанга болгону жарым миллиардга жакын үлүш артыптыр. Карызыбыз 4 милиарддан ашып барат. Ушундай акмакчылыкка анан кантип элдин каны кызыбасын!

Эгер биздин качып кеткен жана калып калган чыккынчылар  700 барак техникалык негиздеме жазып, том-том келишимдерди түзүп, карапайым элдин башын тумандатпай эле, ким менен сүйлөшсө да -- “10 кило алтын алсаң, 5 килин бересиң, 10 тонна алсаң 5 тоннасын бересиң, тепе-тең бөлүшөбүз” деп эки сүйлөмдөн турган жөнөкөй  келишим түзгөндө, бүгүн Улуттук Банктын кампасында 10 миллиард доллар баасы бар, 175 тонна алтын жатпайт беле!

Канадалыктарга ыракмат айтып, дооң болсо Акаевден өндүрүп ал,болбосо табиятты талкалаганың үчүн сазайыңды беребиз, алчуңду алдың, - деп узатып коюп, калган алтынды өзүбүз казалы,үйрөнүп деги калдык деген Садыр камакта отурат. Алтынды айланчыктаган шумпайларга сурак болор акыры.

Кусурлуу Кумтөр эпке көнбөгөн биринчи өкмөт башыны өлтүрүп тынды, экинчисин мамлекеттик кызматка жологус кылды. Алардан кийин дагы 27си келди да кетти. Эмне иш бүтүргөнүн эч ким билбейт. Кумтөрдүн пайдасынан зыяны көп алтыны да бир күнү түгөнөт. Кыргыз менен кошо жаралып, ага май чайнатып, багып келаткан асыл мал менен ааламга таанылуу шыбагасынан кур калганыбызга мендеги өкүнүч тарабай келет.

P. S. Кылым долбоорунун автору Ч.Айтматов, долбоордун күйөрманы К.Акматов бүгүн арабызда жок. Бирок кыргыздын келечегине кейибеген андагы төрөлөрүбүз – же илимди же саясатты жарытпаган академик-президент А.Акаев, академик премьер-министр К.Жумалиев, академикке талапкер вице-премьер мамкатчы О.Ибраимовдордун көзү тирүү. Депутаттар стенограмма үчүн дегендей, соңку тарых үчүн ошолор ооз ачат чыгаар...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз