Томас Сас «акыл-эсиң жабыркаса – депрессияга кабыласың» дейт

  • 01.07.2020
  • 3923

Идеолог: идеяны дуба катары пайдаланган адам. Динчил: дубаны идея катары колдонгон адам. Шекчил: далилдеп бермейинче идеяны дуба деп эсептеген адам.

♦     ♦      ♦

Тунук ой жүгүртүү интеллектини эмес, эрдикти талап кылат.

♦     ♦      ♦

Эгер сен Кудай менен сүйлөшсөң, бул – сыйынуу, а эгер ал сени менен сүйлөшө баштаса, бул – шизофрения.

♦     ♦     ♦

Мугалим эң чоң кадыр-баркка жана эң кичинекей бийликке ээ адам болуш керек.

♦     ♦      ♦

Адам өз кемчилдигине күлө албай калган учурда, башкалар аны шылдыңдап күлөр мезгил келет.

♦     ♦      ♦

Эгерде денең жабыркаса – ооруну сезесиң. Эгерде акыл-эсиң жабыркаса – депрессияга кабыласың.  

♦     ♦      ♦

Дарыгерлер адамга эмес, анын оорусуна көзөмөл кылышат. Психиатрлар ооруну эмес, оорулууну көзөмөлдөшөт.

♦     ♦      ♦

Бардык оорулардын эң мыкты дарысы – жумуш кылуу.

♦     ♦      ♦

Автономдуу этикага ылайык жүрүүнүн эрежелери: 1) Кысым кылган кишини сында, бирок шылдың кылба. 2) Кысымга туш болгон адамды корго, бирок аны мактаба. 3) Ар кимдин ээлеген ордуна, мансабына карабай бирдей сыйла.

♦     ♦      ♦

Адам адамды бактылуу кылганга жөндөмсүз, бирок ал аны бактысыз кыла алат.

♦     ♦      ♦

Акмак эч качан кечирбейт жана унутпайт: ишенчээк кечирет жана унутуп коёт; акылман кечирет, бирок унутпайт.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз