Аман Саспаев: Шейшеп

  • 24.11.2020
  • 4468

АҢГЕМЕ

Өткөн айдын орто ченинде, магазин алдында инимди элүү минутка күтүүмө туура келди. Инимдин билегине саатымды байлап жатып:

– Кырк эле минута берем, – буюра сүйлөдүм. – Саат бирде акчаны ушул жерде даяр кыл, уктуңбу!

Иним үйдү көздөй чуркады. Көчөгө чыкканда дайыма жаныма акча салып чыкчу элем, бүгүн эмнегедир билбейм, анын ордуна инимди ээрчитип чыгыпмын. Инимди чуркаткан себебим, ортосуна кооз тор салып, саймаланган шейшептер дүкөнгө келиптир. Бул мага өтө керек!

Мен киши күтүүнү жаман көрөм. Чыдай албайм. Өзүмдү да эч кимге күттүргөн эмесмин. Убакыт өткөрүү үчүн магазинге кайра кирдим. Дагы үч шейшепке көзүм түштү. Иним келгиче бирөө алып кетпесе экен!

Аңгыча:

– Мына, бул шейшебиңиздин баасы канча? – деген үн чыкты. –Жалт карасам эки аял витринанын алдына келип калыптыр. «Кап – деп ойлоно кеттим, – алып кетмек болду!» Аялдар анын баасына этибар бербестен эле колдоруна алып көрүштү да бирден жактырышты.

– Сен да бирди ал, – деди кассага акча тапшырып жаткан аял жанындакысына. – Кооз экен!

– Өзүмдө эки жуп бар, – деп беркиси алган жок.

Мен «Өх!» деп эс ала түштүм. Аялдар чыгаары менен сатуучу жигитке жакындадым:

– Сизге бирдеме айтайын...

– Эмне карындаш?

– Жаныма акча салбай келипмин, мен да бир шейшеп алмакчы элем. Азырынча беш сом ала туруңуз да тигинин бирин башка жерге коюп коюңуз. Жарым саатта акча болот...

– Жок, карындаш, – деди сатуучу жигит башын чайкап, – бизге алуучулардын баары окшош...

Айласыздан: «Экөө эле калды!» деп күбүрөдүм. Көчөгө кайра чыктым. Келээр убагы боло элек болсо да, иним кеткен жакты карагылай берем. Бүгүн балдардын баары көк көйнөк кийип чыккан окшойт, алыстан ажыратып болбойт. Иним да көк көйнөгүн кийип жүргөн. Магазинге кишилер кирип, чыгып жатты. Алардын баары эле «шейшеп, шейшеп!» деп кобурашкансыйт.

Бир убакта магазиндин эшигин карай калдым эле, билегинде кол сумкасы бар бир кыздын шып кирип кеткенин көзүм чалып калды. «Мына эми бул анык сатып алат» - деп ойлодум. Ичим толгон кызганыч менен магазинге кирип бардым. Экөөбүз тең витринадагы шейшепти карап калдык да, анан бирден эле бир-бирибизге көз таштадык.

– Ой, сен белең? – дедим мен анын көөнүн өзүмө буруп. Ал менин эски классташым Мариям болучу.

– Даярданып жатасыңбы, Жаңыл? – деди ал (анын айтканы менин тоюм!) Анан шейшепке дагы көз чаптырып: – Мобу келген тура, – деп койду.

– Кайсы, шейшеппи? Бардык эле магазинде бар го ал, – дедим мен кызарбай туруп. Анан эптеп Мариямдын сүйгөнү жөнүндө сөз козгоп койдум да, магазиндин тышына ээрчитип чыктым.

– Мейли, эмне болсо да көрөрбүз аягын, – дейт бечара Мариям ойлуу кебете менен, – ал өзүнчө менменсип жүрөт. Азыр көп кезигишпейбиз...

«Иним келип калса экен!» деп ойлоп жатам. Көзүм Мариямда болгон менен кеңүлүм шейшепте. Мариям «дартын» айтып бүтөр эмес. Эми канттим! Кайдагы сездү баштап алдым эле, өз жолуна кете бергени жакшы эле да. Акыры анын сөзүн бөлдүм:

– Дагы эле баягы дечи, кыскасы, ошондой боло берет. Биздин башыбыздан да өтпөдүбү. Кереги жок, аягын көрөрбүз. Ии, ырас эле, сен бир жакка кетип бараткан жоксуңбу?

Мариям мага таң кала карап калды. Ичиндеги дартын толук айтып бүтө албаганына үшкүрүп да жиберди.

– Жүрчү, тиги шейшептен бирди тандап берчи, – дебеспи ал.

Мен жыгылып кете жаздадым. «Муну көрсөңөр, өз колум менен эң жакшысын тандап бермекчимин дагы...»

– Көгүш гүлдүүсү жокпу?

– Жок, баары ушундай...

Мариям калган эки шейшептин бирин алып көрүп жактырды. Акча тапшыруу үчүн касса жакка баратканда:

– Мариям, – деп чакырып ала койдум. –Жогорку магазинде көгүш гүлдүүсү бар эле. Саймасы да сыпаарак...

– Мен анда да болдум, – деди ал, – көзүмө чалдыкпады.

Ушундай көңүлсүздүк үстүндө дагы бир аял пайда болду. Ал калган жалгыз шейшепти узак карап турду. Көңүлүндө акчасын эсептеп жаткан өңдөнөт. Мариям болсо кагазга оролгон шейшепти алды да, мени менен коштошуп чыгып кетти. Мен алиги аялды аңдып калдым. Бирок аял эмне үчүндүр шейшепти алып көрбөдү. Ичимди бирдеме жеп бара жатты. Иним келчү жакты кайра-кайра караймын. Секунддар минутага, минуталар саатка айланып жатты. Алиги аял болсо дагы эле магазин алдында ары-бери басып турду. Көчөдөн өткөн кишилер кыжырымды келтирип, атайын шылдыңдашып, ашыкпай басып бараткансыйт. Бир кишиден убакыттын канча болгонун сурадым эле: «Бирден беш минута өттү», – деген жоопту уктум. Иним келээр убактысынан беш минута өттү. Мына эми магазиндеги бирден-бир шейшепти алалбай калмак болдум. Бул аял сөзсүз тиги шейшепти алганы турат. Сурап көрсөм кантээр эле, эгер ал: «Шейшеп алмакчы элем, эримди күтүп турам», – десе анда иштин бүткөнү. Шейшептен ажырап шылкыйып үйгө кайтмай. Бирок турмушта кош нерсенин алмашуусунун ортосунда бир секунддун миңден бирине жетпеген убакыт өтөрүн да байкап калдым.

Мына эми аркы бурчтан бери чуркап бурулган инимди көрө коюп, эриксиз күлүп жибердим. О, мобу аялдан мурда алып жолго түшөм. Иним экөөбүз магазинге энтелеп кирип келдик. Бирок айтып, айтпай не керек, үлгүрө албай калыппыз. Бир эркек киши акыркы шейшепти алып жазып көрүп жатыптыр. Мен болсом заматта оңтойсуз боло калган көзүм менен аны карай туруп калдым. «Э, кудай, жакпай калса экен!» – деп тиленип жибердим. «Ушул кишинин бирден эле зарыл жумушу чыга калып, маселен, артынан бирөө шашылыш чакырып алаксыта кетсе» деп да ойлодум. Кандай кара ниет элем деңизчи! Бирок тиги киши ашыкпай чөнтөгүнөн акчасын чыгара баштады. Кандай эркек бул катындын буюмун алып жүргөн! «Э, кудай, акчасы жетпей калса экен!» – анын колунда турган акчаны өзүнөн мурдараак көзүм менен санап чыктым. Акчасы жетмек түгүл ашат, ал шейшепти алды.

Бүткүл денем титиреп туруп, иниме атырылдым:

– Мындан көрө өлүп калсаңчы, бир минут мурда келсең боло! – Ачуум келгени ошончолук, инимден акчаны тартып алам деп айрып ала жаздадым.

– Бул неме үйдө деле бар го, – деп иним оозун томпойтту.

– Жап, оозуңду! – дедим мен. Бул жолу үнүм катуурак чыгып кетти. Иним коркконунан оозун андан бетер кымтый түштү.

– Карындаш, сиз да алам дедиңиз беле?

– Ооба! – дегенимде көзүмөн жаш мөлт этип төмөн кулады. Андан көрө көзүм агып түшсө, баарын жаап кетмек!

Сатуучу ары кирип, так эле жанакылардай шейшептин бир таңгагын көтөрүп чыкты. Жибин кескен соң бирди чыгарды да, мага сунду.

– Дагы бирди алыңыз, – деп мыйыгынан күлдү сатуучу.

– Мында жатпаса эмне болот экен?!– деп күңкүлдөдү иним. Ал менден беш бетер кызарган окшойт.

Шейшепти алдым. Бирок турмуштун өзү кандай адилет дебейсиздерби! Чынын айтуу керек, ач көздүк келтирген уятка чыдоо – шейшептин эң асылына жатуудан да, кыскасы, баарынан кыйын экен...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз