Кыял Тажиева: Өксүктүн өрүндө

  • 25.07.2022
  • 2100

"Кайсыл жерде жүдөө күтсө зайыпты,
Ошол элдин уулуна кой айыпты" - деп айтылгандай, бүгүнкү күндө, бүгүнкү коомдо, бүгүнкү доордо да бир эле биздин өлкөдө эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө аялзатына болгон зомбулук кайра күч алып барат. Буга эмне себеп?

Албетте, аялды коргоо, аны аздектөө деген адеп жоголуп бараткан эркектерде күнөө. Дал ушул күндөрдөгү 13 жашар кыздын төрт киши тарабынан зордукталып жүрүшү, мурдагы күйөөсү келип аялды 16 ирет бычак ургандыгы, намаз окуп эле жүргөн пайгамбар жашындагы таксисттин жаш кызга болгон зомбулугунун айынан, кыздын байкесинин колунан ажал табышы дагы ушул сыяктуу үрөй учурган окуялар коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан учуру. Ал эми көмүскөдө ачык айтканга намысы жол бербей, өз азабынын, өз тозогун унчукпай көтөрүп келаткан аялдар канча дейсиз.

Эң өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда атайын аялзатына болгон зомбулукка каршы атайын улуттук программа да, социалдык коргоо агенттиги да жок. Бир гана "Кризистик" борбор бар. Ал дагы чет өлкөлүк донорлордун жардамы менен каржыланып келет. Ал эми Европада, Австралияда атайын жылына бюджеттен аялзатына болгон зомбулукка каршы каражат бөлүнүп, жабыр тартуучулар рухий кризистен оңой чыгат. Аялдардын кайрылар жери, барар жери, укугун коргой турган жай бар үчүн алар күйөөлөрдүн зомбулугуна каршы күрөшкө чыгууга мүмкүнчүлүктөрү чоң.

Ал эми мамлекет колдоо көрсөтө албаган өлкөлөрдө кордолгон аялзат кимге даттанат, кимге арызданат? Алар маселени чечүүнүн эң оңой жолу күйөөсүнүн зомбулугун кечирүү жана кандай ыдык көрсөтпөсүн баарын көтөрүп жашоо деп түшүнүшөт. А тургай аны акылдуулук, баатырдык, көтөрүмдүүлүк деп да эсептешет. Бул улуттун менталитетине да айланып баратканы өтө коркунучтуу.

Мындай учурда аялдарга моралдык жактан, жан дүйнөсүнө дабаа болор, анын кайгысын тең бөлүшөр, жүрөгүндөгү оор жүктү жеңилдетер спектаклдердин коюлушу – бул көйгөйдөн чыгуунун өтө эффективдүү жолу. Мына ушул маселени көтөрүүдө, коомдогу аялзатына моралдык колдоо көрсөтүүдө Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры 2022-жылы коомчулукка өтө зор кызмат көрсөттү.

Түрк драматургу Тунджер Дюдженоглунун "Аялдардын баш калкалоочу жайы" трагедиясы (реж. Э.Ибрагимова) С.Батыркулованын инсценировкасындагы "Мата хари" спектакли (реж. Ш.Дыйканбаев) коюлду. Эки спектаклде тең аялдардын укугу тебелениши, алсыздыгын мыкаачылык, зөөкүрлүк менен пайдалануу, ар кандай тагдырдагы аялдардын ички психологиясы, кырдаалга жараша алардын чечимдери, алардын дүйнөнү жек көрүп калуу себептери өтө ынанымдуу фактылар менен көрсөтүлгөн.

Биринчи спектакль боюнча "Дүйнөнүн жүгүн көтөргөндөр" деген макала жазганмын. Ал эми бул макалада "Мата хари" спектаклин тереңден анализ кылууга аракет жасап көрөлү. "Мата хари" спектаклинин коюлуп калышынын себеби, театр актрисасы Айнура Акылбекованын өзүнүн жеке демилгеси менен коюлду. Мата хари Айнура тээ артисттик кесипти аркалайм деп чечкен күндөн баштап ойнойм деп көксөп жүргөн ролу болгон. Актриса өзүнүн көк беттиги менен максатына акыры жетти. Бирок ал өзү турмушка чыга электигине байланыштуу аялзатына болгон зомбулукка каршы чыгуу ага биринчи максат болгон эмес. Бир гана балалык кыялы менен бийчинин ролун аткаруу болгон. Мына ушундай чоң көйгөйдү, оор жүктү көтөрө турган спектаклди жаратуу өзүнөн өзү табигый жол менен режиссёр Ш.Дыйканбаевдин интерпретациясынын, фантазиясынын, чыгарманын темасына болгон реалдуу мамилесинин артынан болду.

Мен бул эмгекти режиссёрдун автордук чыгармасы деп эле атаар элем. Себеби, "Мата хари" жөн гана максатты ишке ашырууда пайдаланылган материал болгон. Ал эми режиссёр ошол материалдан идея сууруп чыгып, өзү кайра баарын иштеп чыккан.

Бул спектаклде Мата харинин ордуна башка өнөр адамы деле, акын аялбы, сүрөтчү аялбы, жөн эле аялбы – айырмасы жок, образы берилсе орундуу боло берет. Ошондуктан, "Аттиң, "Мата Хари" эмес, кыргыздын өзүнүн  деле улуттук драматургиясын толуктай турган бир чыгарма жаралып калмак экен дейсиң. Себеби, спектаклде режиссёр коомчулук баары бир демден күткөндөй Мата Харинин бийчилик өнөрүнүн кереметин эмес, Мата Харинин тайкы түшүнүктүү, жырткыч сымал эркектердин жүдөткөн мамилелеринен улам өзүнүн ким экендигин, кандай керемет жан экендигин, кандай ийкемдүү, терең, гармониялуу бийчи, өнөр адамы болгондугун коомго түшүндүрө албай кеткен трагедиясын биринчи планга алып чыккан.

Ага сөзсүз Мата Харинин деле зарылдыгы жок болчу. Кыргызда андай тагдырлар четтен чыгат. Мисалы: Таттыбүбү Турсунбаева, Алмаш Чойбекова ж.б. трагедиялуу тагдыры.

Бул биринчиден чет өлкөнү тууроо, көчүрүү дегенге бөгөт коймок. Экинчиден, көрүүчүлөргө да сиңимдүү болмок. Ошентсе да режиссёр бул спектакль аркылуу кыргыз театрына көп жаңылыктарды алып келди. Спектаклде өзгөчө белгилей турган жагдайлар өтө арбын.

1. Жаңылык киргизүү. Спектакль "пластикалык трагедия" деп аталат. Бул театрдын салтка айланып, көнүмүш болуп калган диалог, көп сөздүүлүк сыяктуу, примтивдүү түшүнүктөрдү четке кагат.

2. Минималдуулук. Негизги максат – ойду жеткирүү. Анда минимализм принциби өтө эффективдүү. Көп түшүнүктү кыймыл-аракет аркылуу көрсөтүү көрүүчүнүн мээсин да чарчатпайт, терең ойлонууга чакырат жана ошондой эле эң негизгиси, көрүүчү туюндурган ойду көрүүчү кандай кабыл алгысы келсе ошондой болууга мүмкүн. Бул кубулуш – өтө  керемет кубулуш!  Бул – жогорку аң-сезим.

Минималдуулукту режиссёр бардык жерде, болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып, максималдуу пайдаланган. Маселен: бир чемодан Мата-Харинин бүт дүйнөсүн коштоп жүрө алат. Баласы да, үйү да, буюму да.

3. Интерьерлердин философиялык жүгү. Мисалы, эркек киши куурчактардын колу-буттарын үзүп ыргытышы, Мата Хари улам артынан чогултуп, кайра жыйнагысы келгени кандай гана бүтүн турмуштук философияны берип турат. Балдардын аборт болуусу – эркектердин күнөөсү.

Эркектер камкор болгондо аборт болмок эмес дейт режиссёр. Баланын буту-колун жулуп ыргытуу – ар бир өзүн тирүү сезген адам үчүн, айрыкча эркек үчүн чоң эскертүү, жүрөгүн селт эттирүү, эсине келтирүү.

Чемодан. Аял өзү аалам болгону менен мына ушул чемодандай жерге да батпай калгандай тар дүйнөдө жашап өтөт деген чоң ойду чагылдырат режиссёр. Аял эркин болушу керек дешет, а бийчи андан жүз эсе эркин ааламды тегеренип бийлей турган керемет жан да. А жок, кинотасмадагыдай Мата хари жанды жыргатып, кенен тегеренип бийлей албайт. Спектаклде ал өтө бир кысынуу менен чемодандын үстүндө гана бийлейт. Анын ары мейкиндикке чыгып бийлөөсүнө тегерегиндеги эркектер жүдөтүп, бут тосот. Анткени аларга Мата харинин бийи, өнөрү, таланты эмес, анын сулуу денесин эңсеген ошол чемодандын ордундай  өтө, өтө тар, чемодандын боюндай өтө кыска арам ойлору гана жашайт.

Мата хари ошондон чарчайт, жийиркенет. Ал өзүнүн ким экенин аларга айткысы келет. Бирок аны угууга, таанууга эркектердин дарамети жетпейт. Режиссёр мына ушул чакырыкты жөнөкөй гана чемодан аркылуу чечмелеп берген.

Спектакль соңунда улам бир эркек Мата Хариге белек катары алып келип жатып, сахнага жайнап толуп калган жылаңач дарактар. Жылаңач дарактардын айтайын деген ою – эркектердин айынан куурап калган аялдардын жан дүйнөсү. Аны эркек аркылуу белекке берлиши – "Оо эркектер, сени жараткан, сени төрөгөн аялзатынын атына сенин кылган жакшылың ушу!" деп келекелеп, кыйкырып турат. Заарданып, ачуусу менен баш чайкап айтып турат. Спектакль соңунда жыланач дарактар сахнага толуп, алар жарык чачып жаткан жеринен аяктайт. Бул – дүйнөдө Мата харидей жан дүйнөсүн жылаңачталган аялдар ушундай көп, бирок алар ошондой абалда да адамзатка жарыгын чачып жашаганы жашаган деген ойду айтат.

4. Үн. Спектаклди көрүп бүткөн соң көрүүчүнүн мээсинде "Мата хари, Маргарет" деп эркектердин талаш үнү жаңырып турат. Ал үн кээ бир аялдардын өмүрүн коштошу да мүмкүн. Анткени, Маргарет – урмат-сыйга ээ, таза, тунук, өзүнүн нукура жашоосун сыйлаган сүйүү берер эркектин үнү. Мата хари – атак-даңкына, сулуулугуна суктанып, бирок түбөлүк ою жок сойкуга кайрылган эркек үнү. Аялды эркектердин ушул үндөрүн ажырата албаган ишенимдүү мүнөзү адаштырат. Кыйналат. Аялды ушул мамиле карытат. Жан дүйнөсүн өлтүрөт. Алар ошол үчүн эч нерсеге ишенбейт.

Режиссёр " Аялды кыйнабайлы эркектер! Карачы, булар кантип кыйналышат. Көргүлө, эсиңерге келгиле!" – деп айткысы келген. Ошол үнү ар бир эркекке жетиши керек.

Спектаклдин кемчиликтүү жерлери: биринчиден, музыка көрүүчүнүн психикасына өтө оор тие тургандай, оор. Албетте, чыгарманын өзү ошондой. Бирок баары бир көңүлдү алдай турган дагы, соорото турган дагы учурлар болушу зарыл. Жагымдуу музыка жетишпейт.

Экинчиден, актёрлордун кыймыл-аракетинде көрүүчүгө түшүнүксүз бир жагдайлары кездешет.  Муну стиль деп коюшат экен. Албетте, муну профессионалдар түшүнүшү мүмкүн. Бирок искусство жөнөкөй көрүүчүгө түшүнүктүү болушу керек. Ошондо ал – улуу.

Үчүнчүдөн, спектакль өтө орой сезилет. Баштан-аяк нервдин чыңалуусу менен көрүүгө туура келет. Бүгүнкү көрүүчү спектаклден эмне күтөт – эстетикалык эс алууну. Албетте, өзү трагедия болсо кайдагы көрүүчүнү аёо болсун дешер. Бирок театр бүгүн көйгөйдү ушундай жол менен чечүүгө багыт алганда гана көрүүчү театрга келет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз