Кыял Тажиева: Энелер

  • 06.03.2024
  • 2289

ЭССЕ

Жаңы конуштун аялдары чогулуп бир үйгө бала көргөнү келишти. Төрт-беш аял кирип келсе үйдө дагы ошончо аял отуруптур. Көбү бири-бирин тааныбайт. Бул жаңы конуштун түшкөнүнө он жылдын жүзү болду. Бир даары тээ башында ээн талаа болгон учурунан баштап жашаса, бир даары кечээ келгендер.

Сүйүмкан булардын башын кошуп чакырайын деген тилеги болгон учурда үчүнчү баласын төрөгөн. Андан бери көп жыл өттү. Тирилик деген бүтпөйт да. Үч бөлмө үйүн бүтүрүп, анан дагы турмушун эптегенче мына беш жылдын жүзү болуптур. Азыр бешинчи баласынын бешик тоюна чакырып отурат.

Сүйүмкан өзү бою пасыраак, арыкчырай, сүйкүмдүү анан өтө эмгекчил. Аялдар үйүнө кирип келатканда эшигинин алдында айдалган огороддон айланып өтүшуп, "Ой бул да Мичурин" деп шыпшынып, күлүп калышты.

Сүйүмкан дасторконун эми жайнаткан экен. Аялдар бат эле бири-бири менен таанышып, сүйлөшүп, сиңишип кетишти. Эмне кылышсын, баарынын көйгөйлөрү да, бактысы да бир. Өзүлөрүнө бири-биринин көздөрүндөгү бакыт да, түйшүк да тааныш.

Сүйүмкан бешинчи баласын төрөгөнгө көбү ишенбей отурушту.

- Ой бул билинбей эле жүрүп төрөп коёт, - деп күлдү кошунасы Элиза.

- Ой айтып эле төрөйм го, - деп калды Сүйүмкан.

Анда маңдайдагы кошуна аял Жаркын:

- Ой, ооба, бул үйүнөн атып чыгып эле кусуп калат.

- Ооба, таксикозум аябай оор да. Эч нерсе кыла албай эле жатып калам. Силерди да ошо мурун эле чакырайын дегем. Бирок көңүлүм эч нерсеге чаппай эле, эптеп күн өткөрүп калдым.

- Ооба да, негизгиси аман-эсен төрөп алыпсың да, - деди ойлуу төрдө отурган Үмүт.

Бул көчөнүн улуусу Гүлжан эже:

- Ооба да ай, бала төрөгөнгө не жетсин. Убактыңар өтүп кете электе төрөгүлө.

- Элиза, сенин канча балаң бар? - деп калды Үмүт.

-Беш балам бар.

- Айий, андай көрүнбөйт экенсиң го. Жаш көрүнөсүң. - Кошунасы Жаркын Элизаны чочуп, таң калыштуу карады.

- Коё турсаң. Төртөө эле да. Апей.

- Жок, бешөө, - Жаркын көзүн чакчайтып туруп калды.

- Коё тур, - Жаркын колу менен санап кирди.

- Бирөө кайда? - Элиза каткырып жиберди.

- Бирөө ичимде.

Аялдардын баары каткырып калышты.

- Анан эмне айтпай элесиң?

Унчукпай күлө берди.

- Ай калпычы десе,.

- Ой бар.

- Чын элеби?

- Ичимде эмес, планда бар да.

Аялдардын баары дуу күлүп калышты. Алдыларына ысык чай келди, сок куюлду.

- Үмүт, сенин канча балаң бар? - деди маңдайында отурган толмоч аял.

- Үч эркек.

- Кыз жокпу?

Үмүт башын ийкеди.

Гүлжан эжеси аны жекире карап:

- Эбак эле бир-эки кызды төрөп салыш керек болчу. Мобу эмне жүрөт билбейм.

- Ой кой ай, үчөөнү араң чоңойттум.

- Азыр силер бала бактым деп айтпагыла, айланайын! Иий, мен келин болуп келгенде он жети адам бир үйдө жашачубуз. Алардын баары кийимдерин чечип бергендеби, эки күн кечке кир жууйсуң. Тырмактарың сынат келип, колуң бир укмуш. Айнага оюлуп-оюлуп калат. Анан ал колуң айыккыча кайра алардын кири толот.

Жаш келиндер баш чайкап таңданып, каткырып отурушат.

- Кудай урбадыбы, азыр эмне, силерде баары даяр да. Нан салбайсыңар, кириңерди машине жууйт, бүлкулдап-сулкулдап, жулкунуп атса да унчукпай. Иий, биз нан салгандабы, эртең менен салганың кечинде жок, кечинде салганың эртеңкиге жетпейт. Ушүндай турмушта деле заарканбай этпей эле төрөдүк.

- Канча балаңыз бар? - босогого жакын тарапта отурган жаш келин акырын үн чыгарды.

- Эки эле балам бар.

- Апей, кокуй! Бизди "төрө, төрө!" деп атсаңыз өзүңүз көп балалуу экен деп атса, - деп күлдү бирөө-жарымы.

- Кудай бергени ушул болду. Аябай эле аракет кылдым, төрөй алганым жок.

- Ой көп бала болгон сонун да. Мына мен жети бир тууганмын. Азыр ата-энем жыргап эле отурат, - деди Элиза.

- Ой мен деле жети бир тууганмын. Бирок апам бизди кандай азап менен чоңойтту, ошону көрүп эле, мен көптү төрөбөйм дечүмүн илгери эле, - деди Үмүт.

- Кой ай, антпе! Ар бир баланын өз ырыскысы болот да.

- Мен төрөгөндөн деле коркпойм, бирок оорукчан төрөлүп атпайбы азыр балдар. Ошондон корком. Убалы кимге?

- Оору деле кудайдан да. Каалаган учурда каалаган оорусун берип коёт. - Айгүл катүу бир тийип, бурк этти.

Буларга көп кошулгусу келбей отурган Айгүлдүн жүрөгү тыз дей түштү. Анын баласынын ак кан оорусуна чалдыкканына көп болду. Анын азыр өмүрү бүтүн кандай азап менен өтүп жатканын өзү эле жон тери менен түшүнбөсө, булар сыртынан кейип-кепчип койгону менен жаны башка да, көйгөйү башка. Булар ооруну Айгүлдөй түшүнбөстүр. Айгүл жакшы эле ушу баласынын оорусун сөз кылбайын, алаксыйын деп келген. Мына эми кайра козгошту кепти.

Айгүл кеткиси келе баштады. Бул азаптан бир мүнөт болсо да кутулар жай барбы деп кудайды тилдеп алды ичинен.

Баласы апластикалык анемия дартына чалдыккан. Аны баласы 2-класс болгондо билишкен. Мына быйыл 5-класс. Кыргызстанда мындай ооруга чалдыккан балдар беш-алтоо эле экен. Өкмөттөн акча деле бөлүнөт экен. Бирок бул балдар кандай аракет көрбөсүн, акыры өлөт деген мамиле менен ага бөлүнгөн акчаны башка оорулуу балдарга, айыгып кетчү ооруларга бөлүшөт экен. Айгүл агынан жарылып ушунун баарын айтып отурду.

- Азыр врачтарга өз укугуңду билип, закон менен сүйлөбөсөң, сени карабайт. Башың да оорутпайт. Укпайт. Кандай байкуш, кандай тил алчаак болгон сайын сен ого бетер чүнчүп турган жаныңды ого бетер чүнчүтүшүп, мойнуңа минип алат. Башында билбей, тилдесе угуп отура берчүмүн. Менин тилимди өздөрү чыгарышты. Башында ыйласам, "Эмне, сенин эле балаң ооруп атыптырбы?" - деп зекип, күлуп калсаң "кайсы арыңа күлөсүң, балаң эртең өлөт" деген да врачтар болбодубу. Мен эмнени гана көрбөдүм. Акыры өзүңдөн өзуң чыйралып, өзүңдөн-өзүң күчтүү болуп, беттен алганга үйрөнөт экенсиң. Азыр кайсы врач болбосун эшигин тээп кирип, кыйшаңдаса телефонго тартып, өлбөгөн жерде калмай.

- Ээ, бала үчүн эне карачы, эмне гана кылбайт, - деп шыбырады ойго чөгүп кеткен Жаркынды карап Үмүт.

Айгүл бети албырып, баласы үчүн кандай күрөшкө чыкканын эми жашырбай баарын айта баштады:

- Баарынан да операцияга алып кирип баратышып, "Билбейбиз, баарына даяр болгула, гарантия бере албайбыз" деп кирип кеткендеби, балам жырткычтардын колунда бараткандай эле тегеренип кетчүмүн. Аёо деген болбойт буларда. Баарынан да булардын оорусу чуркап жүрүп эле, кусуп жиберсе же бир жери канаса эле болду, токтото албай каласың. Мына балам менен ооруган балдар улам бирден көз алдыбызда өлүп кетти. Чуркап күлуп, ойноп жүрүп эле кете беришти. Ошол үчүн мен балам кайсы убакта, качан кетип каларын билбейм (өзүн кармана албай көкүрөгү толгон ызасы бүтүн денесин бүлкүлдөтүп, сүйлөп-сүйлөй албай аптыгып, өзүн токтото албай сүйлөй берди). Балам да жүрөктү оорутуп берген суроолоруна жооп таба албайм. Байкушум, кайдан окуп, кимден угуп алганын билбейм. "Апа, мен өлгөндө... (ыйы күчөп кетти) мен өлгөндө, - үнү муунуп калды - сени бейишке кирбей оозунда күтүп түрат экенмин дейт... - уңулдап токтоно албай ыйлай баштады, - каражаным, сен өлбөй эле кой, мен кетейин, мен. Мен сени тосуп алайынчы. Мен сени тосуп алайын деп кучактап алып аябай ыйладым...

Отурган аялдар ордуларында отура албай, дүйнө оодарылып кеткендей, жандарын коёр жер таппай калышты. Ар биринин жүрөгү сыздап, ар бир Айгүл менен ыйлады.

- Ээ, Айгүл! Баарыбыз кудайдын колундабыз. Ким качан, кантип кетет, билбейбиз да. Мына балаң ооругандан бери канча адамдар бейкүнөө өлүп кетти. Тигине Украинада деле согушта узак өмүр сүрөм деп өзүнө ишенген, ден-соолугу чың адамдар кетип эле калды го. Балким балаңдын өмүрү узун болот, - деди Үмүт, өзүнүн көз жашын сүртүп атып.

- Ким качан кетери белгисиз болуп, анан бир капа болбой өтүп кеткен да кандай жеңил. Мунуку болсо күнүгө өлүмдү эстетип, ого бетер жүрөк үшүн алып да жатпайбы, - деп Гүлжан эже Айгүлдүн чачынан сылады.

- Балаң дагы эстүү экен, ошо сени кайгырбасын деп жанагы сөздү тапканын.

- Өлөрүн билген адам бир заматта чоңоюп кетет турбайбы, - деп үшкүрдү Үмүт.

- Ооба, эми булардын акыл-эсинин күчтүүлүгүн сурабагыла. Ушул балама көз тийип эле кетти. Мектепте окуткан эжейи вундеркинд деп эле таң калып отурчу да. Кийин ооруп калганын укканда эжейи оорукананы тегеренип кетпей ыйлап жүрбөдубү. Акыркы ирет классына атайын майрам уюштуруп, баламды чакырышты. Аябай укмуш даярданыптыр. Шарларды үйлөп, ар бир шардын ичине балама каалоо-тилек жазышыптыр. Аябай көңүлүн көтөргөнгө аракет кылышты. Анан эжейи өзү өлүп калбадыбы?

- Ий эмне болуп?

- Коронавирустан.

Аялдар баш чайкап, үшкүрүнүп алышты.

- Кап, балаңдын оорусу да ага кошул-ташыл болуп кетти го ээ?

- Ээ, энелер ушундай турбайбызбы. Бу Наргизанын кызы печкага күйүп, он күн комада жатканда, менин эмчегимен сүт чыкпай калган. Күйөөм урушуп, кошунаңдын баласы ооруса сага эмне жок деп. Баары бир жүрөк чыдабайт экен да. - Элиза эмчегин кармалап, азыр да ооруп, зыркырап кеткенин жашыра албай оор күрсүндү.

Наргиза үнүн чыгарбай, кызын эстеп ыйлай баштады. Жанында унчукпай буларды угуп отурган Астра да он жыл мурун сууга агып кеткен төрт жашар кызын эстеп, ал да муун-жүнү бошоп, ичи ачышып кетти.

- Иий, ай кой ыйлаба, Наргиза! Сага катуу тиет деп ойлобой эле. Эми кудайга шүгүр төрөп алдың. Жашсың, дагы төрөйсүң. Көп капа болбо, - Элиза өзү оңтойсуз болду.

Астра көкүрөгүндө толуп чыккан бук менен:

- Ээ эже, башка балаң бар дейсиз да, эне үчүн ар бир баланын орду башка да. Өлөр өлгөнчө унутулмак беле?

- Ооба десең. Унутулбайт.

- Бирок кайрат кылганды билиш керек да, кыздар. Кудай баары бир кайраттуу адамды жактырат, - Гүлжан оор ойго чөгүп бараткан аялдардын көңүлун башка нерсеге бургусу келип, - кой ай, атайын жакшылыкка келип алып капкайдагыгын баарын айтып ыйлабай, жөн кетели! Андан көрө төрөгүлө! - дегенде,

- Ооба, сага айтып коюш оңой да! - деп жиберди Үмүт.

Баары көз жаштарын сүртүп күлүп калышты.

- Иийий, анын эмнесин айтасың, эми балам биринчи класска барат. Эми аны менен кайра алиппе кучактамай башталат. Аябай заарканып атам, - жаны кейип, башын чайкады Элиза.

- Ой сарсанаа болбо, убагында эле өзүнөн өзү окуп кетет. Өзүңдөн өзүң эле кыйын болуп чыга келесиң, - деди Үмүт.

- Ой каяктан, эми эмчектеги бала менен кыйын эле, - деп күлкү аралаш ыйламсырап карады.

- Кыйын, бирок чын айтам, төрөгөндөн жеңилирек болот да, - дегенде Үмүт, аялдар кыраан каткы жатып калышты.

Ушул учурда бу үйдө көзгө көрүнбөй периштелер учуп жүрүштү.

Дүйнөдө согуш жүрүп, бийликтегилер, өнөрлүүлөр бири-бири менен кырылып, дегеле аалам тынчыбай турганы менен булар отурган жайдын эч бир тиешеси жоктой, жер планетасынан өзүнчө бөлүнүп, жалаң бактылуулар келип бир дасторконго отуруп калгандай, эми эле айтып ыйлаган азабын эми эле унутушуп, жай турмуштуу аялдар жайдары ысык чайдан уурташат.

Мына ушул бири-биринин тирүү дилине, мээримине, ажарлуу көздөрүнө таянып, бири-бирине чоң тирек болорун, аялдык армандарынын дагы энелик зор бакытын өздөрү билбей бирде ыйлап, бирде күлүп өмүр кечирип жатышты.

Эшик алдында энелерин ээрчип келген жоон топ жаш балдар кумда ызылдап ойноп жүрүшөт.

Бул жаңы конуштун бир ууч аялы дүйнөнүн бир түркүгүндөй энелик жүрөктөрү тирүү, дүк-дүк этип согуп, бүтүн ааламдын кайгысын да көтөрө алып, басып жүрөрүн өздөрү байкабай, жаздын бир күнүндө гүлдөй жайнап күлүшүп, май айынын жумшак кечинде дүйнөнү мээрими менен жумшартып, күндү ушулар жылытып, жазды ушулар алып келгенин билбей, курсагы тоюп турса да, кечинде үйүндө эмне тамак жасарын билбей санаа тартышып, ар бир өз ичтеринен түйшөлүп турушту.

Алдыга булоолонуп паалоо келди.

Эх энелер!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз