Дилазык: Бактылуулар жөнүндө икая

  • 03.08.2022
  • 2342

Шаарда абыдан акылдуу башкаруучу болгон экен. Ага кайрылгандар сөзсүз жакшы жыйынтык менен кайтышчу дейт. Бир күнү өтүкчүнүн аялы наалып кирет:

- Күйөөм аз акча табат, үч баланы багуу азап болду. Кыйналып кеттим, бир мүнөт жок тыным алганга.

- А сенин кошуналарың барбы?

- Ооба, беш кошунам бар.

Акылман кошунасын чакыртып анын жашоосу тууралуу сурайт. Ал кедей бычмачынын аялы болсо да жашоосуна нааразы болбостон, балдарын мактап кирди:

- Кедейдин байлыгы – балдары. Бирөөсү мени кучактайт, экинчиси ырдап берет, үчүнчүсү гүл алып келет. Ошондо жүрөгүм жыргайт.

- Ырас, кийимге, тамак-ашка акчаңар жетпейби? - деп акылман сурады.

- Кийимге жетпейт, бирок күйөөмдүн иш тактасы менен кийим тигип алсак болот. Эгер ачка калсак, балдарым токойдон козу карын терип, балык кармап келишет. Ошондуктан биз токпуз.  

Бычмачынын аялын уккан соң, өтүкчүнүн балдарын алып келүүнү буйруду акылман. Ал эми эки үйдүн ортосуна бирин-бири уга албагандай дубал тургузулган. Өтүкчүнүн аялы үйүндө эс алып жатты, чуулдаган балдары жок, күйөөсү жумушта.

Бир күн өтүп, дубалдын ары жагынан чыккан балдардын күлкүсүн уккан өтүкчүнүк аялы ыйлап кирди. Бир жума араң чыдаган соң акылманга чуркап келип:

- Балдарымды алып кетүүгө уруксат бериңиз, аларсыз үй жымжырт болуп жаман болдум, – деди.

- Эми өзүңдүн балдарың менен гана бактылуу экениңди түшүндүңбү? – деген экен.

29 жылдык бактылуу никенин сыры эмнеде?

- Сиздер жыйырма тогуз жылдан бери бактылуу жашап келатканыңыздардын сыры эмнеде?

- Мен дайыма аялыма суктанып келем. Эгер кошунаңдын чөбү сеникинен жашыл болсо, демек, сен өзүңдүн чөбүңө суу куйбайсың дегенди билдирет. Андайда Лизага: “Сен кереметсиң. Сен менин жүрөгүмдү каалап тапкансың. Сен укмуштуудайсың”, - дейм. Эмнеге? Биринчиден бул, аялымдын гүлдөй жаркылдап ачылышына жардам берет. Анткени аял күйөөсүнүн сүйүүсүн чагылдырып турат. Экинчиден, мен аны дайыма сүйүү үчүн жүрөгүмө жардам берет. Жакшы сөз жан эргитет эмеспи. Азыр Лиза элүү бир жашта. Жакында ага Киевдеги дарыгер: “Мен сизди кыркка чыга элек деп ойлодум”, – деп айтканда Лиза: “Мунун себеби жолдошум мени абдан сүйөт” деп жооп бериптир.

Эсиңерде болсун, аял күйөөсүнүн сүйүүсүн чагылдырган күзгүгө окшош.

Которгон Айжан АТАКАНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз