Алексей Арестовичтин учкул сөздөрүнөн

  • 23.08.2022
  • 2720

Алексей Арестович – украиналык саясый жана аскерий серепчи, психологиялык семинар-тренингдердин уюштуруучусу.  

Орус армиясы чубалжып узак, бирок алсыз. Путиндин он армиясынын сегизи биздин жерде. Алардын сөөгүн ушул жерде сөпөт кылабыз...

*     *     *

Украина – контрчабуулчулар улуту. Чалгынчы кастын арасынан дос издейт, а контрчалгынчы – достон кас издейт. Биз достор арасынан кас издейбиз, мунун өзү кандайдыр социалдык иммунитетибизди жаратат...

*     *     *

Согуш – бул психоз абалындагы маниактын депрессиясы. Маниак болуу чеги соңуна жетип, депрессия башталды.

*     *     *

Жоготуу эч качан жар салынбайт. Согуш бүткөндө гана Быржыбайды там басканын айта алабыз.

*     *     *

... Жапа жабыр тартып боздогон Украина тарыхынын каалгасын жаап салып, өзүбүздүн жаркын келечегибизди курган жаңы тарыхтын каалгасын кагышыбыз керек...

*     *     *

Армиянын негизги тапшырмасы – согушуу эмес, согушту токтотуу.

*     *     *

Согуш – көз будамайлоо, аны кансыз кол менен жасоого болбойт.

*     *     *

Согуш кимдин ким экенин айгинелейт. Канмайданда дайыма өзүң менен өзүңсүң.

*     *     *

Украинадагы жигердүүлүк – саясый түзүмдүн бирден бир элементи.

*     *     *

Биз күндөн күнгө кордон зорго айланып баратабыз.

*     *     *

Эгер алар (Орусия) кайдан-жайдан резерв казып чыгып, чабуулга чамынса да, бул аларды барыбир кыйроого кабылтат.  

*     *     *

Жер жүзү жек көргөн орустар – биздин жергебизде.

*     *     *

Орустар согушка “чү” деп аттанганда эле мүдүрүлдү.

Орусчадан оодарган Тору ЧЕРИК

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз