О`Шакир: Украинадагы Cat Cafe

  • 20.07.2022
  • 3521

АҢГЕМЕ

Уктап калыптыр. Турду да жүзүн чайкап, тез кийине салды. Кофе ичүүгө үлгүрөр эмес, саатты караса Европа убактысы боюнча 09:14. Артынан ит куугандай чуркады. Кечээ кайсы трамвай менен келди эле – номуру эсте жок. Күнүгө өзү айланчыктаган кварталга көз жүгүрттү, такси көрүнбөйт. Чоочун шаардын шартына жаңы үйрөнө баштаган Зарыл кайсы такси компаниясына чалууну билбеди. Мындай шашылышта интернет чукумай кайдан ага. Бишкекте такси кызматтарын жадыбалдай жатка билчү, мында…

Ангыча телефону шыңгырап, тренинг 11:00гө жылдырылганын айтышты. Санаасы тынып, уюмдун кеңсесине жеткенинче бир саттан ашык убактым бар деди. Күндө жөө барып көнгөн тааныш жолго салып, адымын тездетти. “Нанүштөөгө үлгүрүп калайын” деп кобуранды өзүнчө. Тегеректен өзөк жалгар кафе-ресторан издеп, жолуна жакын Cat Cafe аталышына кайрылды. Логотипке түшүрүлгөн сүрөттү деле көрдү, бирок символдук белгиге маани бербеди да шашма.  Башка шам-шум этер жай көзгө чалдыкпаганынан, дагы издейт беле. Шарт бурулуп кире калды.

– Көргөндөн көрө элегиң көп деген ушу, – өзүнө өзү дагы кобурады босогону аттап.

Бул жай бекеринен Cat Cafe аталбаганын эми түшүндү. Мышыктар жайнайт. Түрүн айтпа – жүнү апсыйганы, түгү жогу, ак, кара, күрөң, сары, таргыл мышыктар кыйма-чийме ары каттап, бери каттап, терезелердин ар биринде чокчоюп отургандары бир далай. Кафе ичинде ар жердеги кооз үйлөр мышыктар үчүн атайы курулуптур. Кээси тынч жайында бырылдап коңурук тартып суналат. Туш-туштан сабылып чыга калган мышыктарга санагы жетчүдөй эмес. Кирген-чыккан кардарлардан чочулабай, ар кимдин бутуна сүйөнүп, алаканына эркелеген бул макулуктардын жайы Зарылга өтө кызык туюлду. Өмүрүндө ал мындай жайга биринчи кириши.

Бала-чакалуу үй-бүлөлөр отурат кадимкисиндей тамактанып. Таңгалганын ичине жашырып, кафедеги башка кардарлар менен официанттарга сыр билдирбеген Зарыл бош орунтуктардын бирине жайгашты. Мышыктардан сетиркеп, чыгып кеткиси келген жок. “Жеп алмак беле сени, отур. Бөлөк эл, бөтөн жердин жашоосу дейт муну. Муну да көр”, – деди ичинен өзүн тыйып.

Алдына меню коюп кетти сылык-сыпаа сүйлөгөн официант. Биринчисине бөдөнөнүн сорпосун тандап, экинчисине спагетти менен эттин үстүнө жаба сыр куюлган тамактын сүрөтүн көрсөттү. Ага чейин кофе ууртап, ысык тамак келгенге чейин породасы ар башка мышыктарга көңүл алаксытты. Анан ичинен баарын санаганга өттү. Биринчи санагында 40–50дөй мышык эле, дагы көбөйүп кетишти туш-туштан. Баятан санагандары чети эле турбайбы көрсө.

Зарылга жакын үстөлдөгү кардарларга официант ысык тамак көтөрүп келатканын көргөн мышыктар экинчи кабаттан түшөр тепкич ылдый чубуруп калышса болобу. Көрсө, экинчи кабатта да толтура тура мышыктар. Бирок ушунча көп мышык канаттуу куштан бетер дабышсыз чуркап түшүшкөнүн айт. Жок, канаттуу куштардын дабышы угулмак. “Пырр” учканда канаттары дирилдейт эмеспи. А бу жерде мышыктардын “мяю” дегени же коңуругу гана угулбаса, тамандары – кебездей дабышсыз. Экинчи кабаттан биринчиге, кайра үстүгө каттаган мышыктардын биринен да дабыш жок.

Кайра санап баштады эле, дагы адашты. Саноо мүмкүн эместей. Шыпка чейин жармашып чыгар жол бар экен дагы. Дубалдын бооруна селкинчектүү көпүрөгө окшоп жасалыптыр анысы. Муну эми гана байкап, аргасыздан баш чайкап күлдү. Таптакыр башка дүйнөгө түшүп калгандай сезди өзүн. 

Польшадан 70 чакырымдай алыстыктагы Украинанын бул батыш аймагындагы Львов шаарынан көргөн кызыктын баары бир тең, кафеде көргөн кызыгы бир тең болду ага…

Жытты эми гана сезди. Негедир баятан бери бу жердеги мышыктардын жытын сезген эмес. Туруп кеткиси келди. Турду да тамакты башка жерден ичсемби деп арабөк боло түштү эле, бирок официант ысык сорпону көтөрүп келип калбаспы. Аргасыздан кайра отурду. Айыптын баарын өзүнүн дердейген мурдунан көрдү. Демейдеги жытчыл муруну мышыктардын жытын баятан сезбей эми сезгенин кара. Түрдүү мышыктарга аңырайып таң калган кембагалдын оюна мындай жайда жыт болору деле келбептир. Адегенде бу жердин босогосун аттаганда кофе жыты буркурап, даамдуу тамак-аштардын аңкыган жыты оборун огош бетер ачырып, башка жытты сезбегенин кара…

Эми болор иш болду деди. Өзүн тынчытып, ысык сорпону шорулдатып баштаганда эле мышыктар курчап алды аны. Ал эмес жайык табакка салып, муздаганда жейин деген эки бөдөнөнүн бирин күлтүйгөн күрөң мышык шып илип кетти. Экинчи бөдөнөнүн этинен да көздөрү өтүп, баары эле Зарылдын ооздорун тиктегеничи. Аны да жулдуруп ийбес үчүн жакын тартты. Бооруна. Кудум эле балапандарын күйкөдөн коруган тооктон бетер чебеленди.

Өзүнүн минтип отурганын канатын жайган жоруга да окшотту. Тоокко да окшотту. Өзүнө окшобогон ачкөз Зарылды көрдү бүгүн. Кекиртек үчүн жанталашкан чоочун Зарыл эле бул. Ооба, напси дегениң адамды өзүнөн тез эле чыгарып жиберет экен. Канатын каккылаган куштан бетер, бөдөнөнүн этин коруп отургандан уялды бир чети. Башкаларды караса, тынч эле тамактанып отурушат.

“Ырыскымды талатып отуруп беремби” – бырс күлдү. Үстөл үстүндөгү коңгуроону басып, официантты чакырды даттанмакка.

– Мышыктар мага тамак жедирбейт ко, – жалооруй карады официантка. – Буларды бирдеңке кылыңызчы, кетишсин…

– Кечиресиз… Сиз бул жакка өз каалооңуз менен кирдиңиз да, туурабы? – Ийин куушуруп жылмайды официант.

– Мен… өмүрүмдө… биринчи жолу, – башка не деп айтышты билбеди.

Уялды кайра официантка жаш баладай даттанганынан. Официант болсо эч нерсе кыла албасын туюнтуп басып кетти. Мышыктарга “пщ” деп да койсочу, көксөөсү сууй түшпөйт беле Зарылдын.

Демейде башка жерде кардар катары корсулдачу мүнөзүн бул жерде көрсөтүүгө мүмкүн эместигин өзү да туйду. Официанттын “бул жакка өз каалооңуз менен кирдиңиз да, туурабы?” дегени чын да. Эч ким аны желкесинен мыжыга кармап жетелеп кирген жок. Демек, Cat Cafe жайына кирдиңби – бу жердин эреже, тартиби окшобойбу…

Шыбагасына буюрган жалгыз бөдөнөнүн этин жулуңдаган мышыктардан калкалап отуруп чала-була мүлжүдү да, четтеги тырбайган түгү жок мышыкка жедирди. Ал бечера башкаларына окшоп анча жулунбаганы үчүн, атайы туруп барып оозуна кармап берди. Кайра келип отурса, үстөлдөгү эки кесим нанын сүйрөп кетишиптир.

Кыргыздар айтмакчы, балээ ичкендей болду. Кеседеги сорпосун соо коюштубу, жокпу – шекшинди. Кайсы мышык мурутун малып ийгенге үлгүрдү экен сорпого?.. “Ичсемби, ичпесемби” – ойдолоктоду. Обору ачылып турган неме көздү жумуп туруп кеседеги сорпону бир дем менен тартып ийер болуп, кайра жийиркенди. Кол шилтеди баарына.

Ордунан туруп, сыртка чыкканча шашты. Баары бир кекиртегинен тамак өтчүдөй эмес. Жок, кекиртегинен тамак өткөрчүдөй эмес туш-тушунан тооруган мышыктар.

– Сиздин тамагыңыз… даяр… – тамактын экинчисин көтөрүп келаткан официантка корс этти:

– Мышыктарыңа жедире бер аны. Эсеп канча?

– Сиз туура түшүнүңүз бизди, – кичипейил официант да ыңгайсыздана чебелектеп түшүндүрө баштады. – Булар көчөдө кароосуз калган мышыктар. Кафенин кожоюну бул жайды атайы мышыктар үчүн курган. Сизге окшогон боорукер адамдардын багуусунда күн көргөн байкуштар булар…

Муну уккан соң берген буюртмасынын акчасын толук төлөп, жолуна түштү. Чала тоют болуп чыкканына эч өкүнгөн жок. Жөндөн жөн чыгымга учураган чөнтөгүнө да ичи ачышпады. Батыштын гумманизмине гана ыраазы болду ичинен. Cat Cafe жайынын белгисиз кожоюнуна ичинен миң мертебе алкыш айтты жолдо катар.

– Мындай гениалдуу идея кандай кишинин башына келет! – деди өзү менен өзү кобурашып. – Болбосо ушунча кароосуз мышыкты багып алууга жалгыз адамдын чач-кирпиги чак келеби? Жамааттык коом куруу деген ушу да: жан-жаныбарга чейин жамааттык жакшылыкты аябаган гумандуулук жайылсын Жер шарына! – деген жаркын ой келди эми ага.

2019-ж. 

Львов

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз