О`Шакир: Муштумдай таш

  • 06.02.2022
  • 3807

АҢГЕМЕ

I

2005-жыл. Муштумдай таш кырчындай өмүрдүн кара кушуна «былч» этти. «Былч» этти да, ары – көлөкөлүү дарактын түбүнө тоголонду. «Ы-ык» – кыңкыстаган кырчындай өмүрдүн үнү демонстранттардын кыйкырык-чуусунда угулбай калды.

II

2010-жыл. Демонстранттардын кыйкырык-чуусу жаңырып, туш-туштан тарсылдаган автомат үнү коштоду. Акүйдүн алдына жыйылган элдин саясый нааразычылыгы кан төгүүгө айланды. Ызырынган бирөө дүпүйгөн дарак түбүндөгү муштумдай кара ташты ала чуркады. Ташка кайрадан жан кирди. Колдон колго өтүп, бир эмес эки, эки эмес үч-төрт мерте муштумдай таштын «былч-былч» эткен дабышы демонстранттардын кыйкырык-чуусуна сиңип кетти.

III

2020-жыл. «Былч-былч-былч» – муштумдай кара ташка кайрадан жан кирди. Таш колдон колго өттү. Жаны ачыган демонстранттар президентти бу жолу да Акүйдөн кууп чыгышты.

IV

Каргашалуу кара таш дале обочо жакка түшө элек. Акүйдөн алыс эмес жерде жатат...

ЭПИЛОГ

Качандыр бир кезде сай боюнда жаткан жансыз таш эле бул. Бир күнү ак кепкачан жигиттер сайды каптап кетишти. Машиненин бортуна муштумдай таштарды терип ыргытышты. Акүйдүн күн чыгыш тарабына машинеден бир үймөк таш төгүлдү. Кылымдар бою бир ордунда кыймылсыз жаткан бул жансыз ташка ошондо жан кирди. Кыймыл кирди. Боюна сиңген кан ага жан киргизди...

Февраль, 2022.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз