Нарсулуу Гургубаева: Жигиттер

  • 13.10.2022
  • 1889

(Чек арада курман болгон жоокерлердин жаркын элесине)

Жигиттер, кайрандарым, апаат кунү,
жалындык бир силерге, бир Кудайга.
Мекен да тирүү экен, аалам тирүү,
жигитке жүрөк берсе, булкуна алган!...

Бийиктин баркын-баасын барчын билет,
шумкарга тагдыр буйруйт шукшурулган.
... Мекендин жүгү мага артылды деп,
Мекендин асманына учту бир жан...

Балапан үчүн бакта уядагы,
батперек учуп турган асман үчүн -
Жаныңа алмаштырдың Күн-ааламды...
Сен эми өмүр болуп кайтаарың, чын!

Кудайдын жүрөгү адам, канаты адам,
болдуңар жүрөк дагы, канат дагы.
... Жакыным болдуң жерди каратпаган,
алысым болдуң асман тараптагы...

Бегиң жок үчүн чебин, теңин билер,
Бийиң жок үчүн зарды, арды билер -
Өлүмдү карай силер чегиндиңер!
Мекеним болуп турдуң ар бириңер!

Акыркы мүнөттөрдө, күлгүн өмүр,
эмнеде болду экен эс-оюңар?
...Силердин төбөңөрдө ким бирөөнүн
илинбей калган эски чокою бар!...

Эмнелер келди экен ой-санааңа,
Жашадым деп ойлодуң, жашабадым...
Аядың апакеңди жол караган,
таядың тайып аткан Асабаңды!

Өмүрдү аядың го жалжылдаган,
өлкөңдү аядыңбы жетиле элек?
... Боло алат тура Мекен жалгыз адам,
Мекенсиз адам, бирок жетим өлөт!...

Таянар кишиң калбай жан жагыңда,
өбөктөп куладың го куралыңа...
... Көнгөндөр жалган ыйлап, жалган ырдап,
өмүрдөн башканы эле сурагыла!

Жашоону жалгап турган теңдеп, тескеп,
от элең, суудай элең, бороон элең!
... Мен эми сени жоктоп, сени эстеп
сени өзүм өлтүргөндөй боло берем...

Жигиттер, кайрандарым, сабалаган,
үлгүсү боло алдыңар бийиктиктин!
Кабырын көтөрдүңөр бабалардын,
кадырын көтөрдүңөр жигиттиктин!
Кабырын көтөрдүңөр бабалардын,
Кадырын көтөрдүңөр жигиттиктин!

#УраимовЭламан #БектеновГүлжигит #ТашбековАчылбек #ЫсмановАйбек #ЯкубовЖаныбек #СулаймановМуктарбек #ЖаныбековНурсултан #АкылбекуулуБаяман #ШарабидинуулуБекмырза #ЫсламуулуБектур #АкчаловЧыңгыз #РайымкулуулуБаатырбек #БаратовНурбек #КанатбековАкадил #ЖекшенбекуулуАпсамат #НабиевАлишер #БатырбековМанас #ТурсунбаевЭрлан #КаныбекуулуДурус #АбдилабековАйбек #МурзажановМыктыбек #БалыкчиевАмангелди #АлмазуулуБейкут #КакеевМирлан #КарыбековНурислам #АрыстаналыуулуАсатбек #МалашевДаниэл #ИманбековЖеңишбек #МурзаевИлимбек #ЫрысбекуулуБекболсун #БактияруулуРамазан #НиязовМирлан #ТаалайбекуулуДанил #ПолотовАсат #КурманбековУмарбек #МамасадыковНаркозу #МамытовНургазы #БердибаевРашид #КазакбаевДанияр #БоркошовНургазы #МапаевМаматжан #АбдумаликуулуМедет #АйбековАйдарбек #ТашмурзаевМарат #АбдисаматуулуКулатбек #АнаркуловСанжар #МамановаЭлзада #ЗулпукаровМуктарбек #АвраровМыктыбек #НадыровМатиса #ДубанаевКурбанбек #ДыйкановШералы #КубанычбековЭсентур #ЮлдашевБекзат #Манасбек уулу Нурсултан #Сайдаров Махамадрасул #Рахматжанова Мадина #АбдрахмановБаяман #КаратаевСагын #ТагаевСуйун #КаработоевАлтынбек #Усон уулуРашид #ГаниевЖамшит #НурумбаевДастан #Махмадали уулуМидин #МусаевУланбек #ТемирбаевЧынгыз #БактияровСалим #ЭргешалиуулуТынчтыкбек #СаттаровТурдубай #КамчиевМедербек #АмановЖаркынбек #АбдурахмановМурзабек #АбдывахапуулуСултанбек #БахридемуулуӨмүрбек #ТажибаевМооланбек #ТагайбаевАлижан #ЖигиталиуулуДоолатбек #ИсмановТойчубек #ЗикировШухратбек #АрыпбайуулуШумкарбек #АсановАманидин

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз