Гомосексуалдык – Кудайдын буйругу

  • 01.04.2023
  • 7966

Өспүрүм курагындагы гейлердин, лесбияндардын өз жанын кыюуга (суицид) баруусу өтө жогору, эгерде алар а) өздөрүнүн гомосексуалдуулугун өтө эрте аңдаган болсо, б) анын натыйжасында зордук-зомбулукка, куугунтукка дуушар болушат, в) өз көйгөйлөрүн алкоголдук ичимдиктер, баңгизаттар аркылуу чечүүгө аракет кылышат, г) үй-бүлөдө батпаадайга айланышат. Бул кырчындай жаштар гомосексуалдык көрүнүштөн коркуп, башкалардын ырайымсыз мамилесинен улам өз жанын кыйгандар.” – Игорь Семенович Кон – орусиялык социолог, психолог, сексолог, антрополог, философ. ("Асман гүлүнө арзуу” аттуу китебинен)

“Көптөгөн адамдар гейлерди аялдык көрүнүшү, ичке үнү, назик жүрүм-туруму, ал эми лесбияндарды агрессивдүүлүгүнөн, эркек мүнөздүүлүгүнөн таанууга болот деп эсептешет. Бул, албетте, иллюзия. 100% “нукура” эркек деле сыртынан аял көрүнгөн ичке үндүү болушу мүмкүн, бирок бодибилдинг көрүнгөн булчуңдуу денесиндеги аялзаттай назиктик, гомоэротизмди жашырган сырткы көрүнүш.” – Игорь Семенович Кон. ("Асман гүлүнө арзуу” аттуу китебинен)

“Адамдын сексуалдык жашоосуна терс мамилеси менен ассимиляцияланган ички гомофобия гомосексуалдардын эң эле массалык, эң эле азаптуу психологиялык көйгөйү.” – Игорь Семенович Кон.

“Гомосексуалды жыныстык каалоосу үчүн айыптоо – кылмыш жана мерездик.” – Зигмунд Фрейд, австриялык психолог, психиатр, невропатолог.

“Мени биздин коомдун сабырсыздыгы тынчсыздандырат. Өзүбүзгө окшобогондорго ашкере сетиркемейибиз бар. Маселен, гомосексуал адамдар менен ишибиз канча? Чоңоюп-чочойгон эки адам өздөрү каалагандай жашай берсин, эмне экен?.. Анан алар [гомосексуалдар] парад уюштургусу келсе, анын эмнеси бар? Уюштурсун. Бирок ошолорду эле өлтүргүсү келишет…” – Владимир Владимирович Познер, тележурналист, жазуучу.

“Гей-пропаганданы айыптоо – маймылчалыш (питекантроп) адамдардын деңгээли.” – Владимир Владимирович Познер.

“Гомосексуалдык жүрүм-турум жаныбарлардын дээрлик бардык түрүнөн кездешет, анан адамдар арасындагы көрүнүштү табигый эмес дешке болобу?” – Михаил Меерович Бейлькин, медицина илимдеринин кандидаты. 1965-жылдан тарта сексологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн дарыгер.

“Гейлердин кыңырынып-кысынган турмушунда алардын аялуу жан дүйнөсү, айласы кеткен жүрөгү жашырылуу.” Михаил Меерович Бейлькин.

Гомосексуалдар көпчүлүк адамдар сыяктуу эле бактылуу болууга акысы бар. Дарыгерлердин (сексологдор, саламаттык сактоо уюмдары) максаты – тигинисине да, мунусуна да толук түрдө жардам берүү. Тек, дарыгерлер, бейтаптар, бүтүндөй коом да гомосексуалдар проблемасын курчуткан мифтерден жана жек көрүүчүлүктөн баш тартканы туура.” – Михаил Бейлькин.

“Орусиялык гейлерге кайрат тилейм, себеби силердин бийлик таш доорундагы ыкмалар менен иш жүргүзөт. Газ-балон колдонуп, уруп-соккуга алмай – Матушка-Россияда көнүмүш адат.” – Леди Гага, америкалык ырчы, продюсер, филантроп (Чыныгы аты-жөнү – Стефани Жоанн Анжелина.

“Орус бийлигинде кылмышкерлер отурат. Зулумдугу революция менен беттешет. Орусиялык ЛГБТ-коому, силер жалгыз эмессиңер. Биз селердин эркиндик үчүн күрөшөбүз.” – Леди Гага.

“Бир тараптуу жыныстуулардын никеси ар бир аял, ар бир эркектин жеке маселеси болууга тийиш.” – Арнольд Шварцнеггер, америкалык киноактёр, мамлекеттик жана саясый ишмер.

“Гейлерди кинодо, сериалдарда, теле-шоуларда эмне үчүн ушунчалык ынтызарлык менен көрсөтүшөт? Себеби, сексуалдык мүчүлүштүк менен төрөлгөн жаштар коомдо өздөрүн суук тумшук сезбеш үчүн. <...> Гейлер өздөрүнө өздөрү кол салып өлтүрбөсүн үчүн кинолордо чагылдырылат.” – Данила Алексеевич Поперечный, орусиялык видеоблогер, стендап-комик, актёр.

“Эң кызыгы, семирип кеткенди оорудай көрүп, а гомосексуалдыкты аң-сезимдүү тандоодой эсептегендер бар. Эгер семирип кетсең, кабатыр болбо – бул сенин күнөөң эмес, балким сен ошондой төрөлгөнсүң. Агер сен гей болсоңчу, туура эмес тамактанганыңдан көрөсүңбү? Мисалы, чочок жеп?” – Даниел Слосс, шотландиялык куудул, актёр, жазуучу.

“Түшүнсөм буюрбасын, эмне үчүн кээ бир адамдар көптөгөн эрди-катындардын ажырашууларына тынчсыздангандын ордуна, бир жыныстуу никелерге көбүрөк маани беришет?” – Лев Юрьевич Новоженов, орусиялык журналист, телеалпаруучу, режиссёр, жазуучу.

“Менменсинген ар бир гөтүбай өзүн Пётр Ильич деп ойлойт.” – Георгий Францевич Милляр, театр-кино актёру.

“Мен стереотиптерди талкалап келем. Гейлер, лесбияндар коомдун кайсы катмарында гана жок, кайсы гана кесипте иштебейт. Гей болуп туулганды, хеви-метал тобунда ырдоону пешенеме буюруптур. Бул боюнча ачык шардана саларда, кесепетин ойлонгон да жокмун, болгонун болгондой айттым. Көптөр: "Анын эмнеси бар?" дешти. Дагы башкалары: “Бизди эле билбейт дейсиңби” дешкеничи. Ошондон кийин жаным тынчып эле калды. Ушундай эле болууга тийиш.” – Роберт Жон Артур, британиялык музыкант, композитор.

Адаттагы ачуу чындык: гомосексуалдар тукум көрбөй өтөрү турган иш. Өз балдары болбойт, бирок башкалардын балдарын асырап алышса болот.” – Ярослав Могутин, америкалык жазуучу, журналист, сүрөтчү.

“Эл эмнеден коркот, билбейм. Балким алар балдарга мунун кандайдыр таасири тиет деп ойлойттур. А мен эки гетеросексуалдын колунда чоңоюп, тарбиялангамын... Айланамды гетеросексуалдар курчаса да, бирок алардын мага эч таасири болгон жок. Ким кандай туулса да, жаралса да аларды ошол бойдон кабыл алалы. Алар кимди сүйөт, кимди коёт, өздөрүнүн иши экенин үйрөнүүгө тийишпиз.” – Эллен Деженерес, америкалык актриса, куудул.

“Алты штатта бир жыныстуулардын никеси мыйзамдуу, а жыйырма үч штатта жылкы менен жыныстык катнаш мыйзамдуу. Бали, Америка!” – Жеймс Южин Керри, канадалык актёр, телеалпаруучу, куудул, сценарист.

“Оксфорддо бардык интеллектуалдар гомосексуал, бардык спортчулар гетеросексуал. А мен кыз жандууларданмын, спорт менен таптакыр ишим да жок. Жыйынтыгында баарына батпаадай көрүнүп, ичип кеткемин.” – Луис Макнейс, англис акыны, прозаик, драматург.

Эч бир өлкөдө адам укугу, дин тутуу жана сөз эркиндиги чектелбеши керек. Ошондой эле эч бир өлкө адамдардын кимиси кимди сүйөр укугунан ажыратпоого тийиш. Ошондуктан биз гейлердин, лесбияндардын укугун дүйнө жүзү боюнча коргоого үндөйбүз.” – Барак Обама, АКШнын 44-президенти, мамлекеттик жана саясый ишмер.

“Бул өлкөдө башка жубайлар сыяктуу эле бардык гомосексуал жубайлар да мыйзамдуу укуктарга татыктуу экенине ишенем!” – Барак Обама.

“Эң таң калычтуусу: согуш, ачарчылык, оору-сыркоо, ырайымсыздык, зордуктоо токтобогон жер шарында эмне үчүн кимдир-бирөөлөр биздин 18 жаштан кийинки жеке жашообузга мурдуларын тыгат?” – Стивен Жон Фрай, британиялык актёр, жазуучу, драматург.

“Дүйнөдө гомосексуалдар болгонуна да шүгүр, болбосо бизге ажарлуу айымдар артмак эмес.” – Диего Армандо Марадона, аргентиналык футболчу.

“Эгер башкалар сени гей дебесе, демек карьераңдын бүткөнү.” – Дэниел Жейкоб Рэдклифф, британиялык актёр, продюсер.

“Неге биздин коомдо кол кармашып жетелешкен эки эркекти эмес, тапанча көтөргөн эки эркекти кубатташат?” – Эрнест Жеймс Гейнс, америкалык жазуучу.

“Гомосексуал эмесмин, болсом кана, гомофобдордун кыжырына гана тиймекмин да”. – Курт Дональд Кобейн - америкалык рок-музыкант, вокалист, гитарист.

“Эч түшүнбөйм, адамдар эмне үчүн бисексуалдардан, гейлерден, лесбияндардан сетиркейт? Ушуга акылым айраң. Менимче, аял же эркекти сүйгөнүң маанилүү эмес. Эң башкысы, сүйөсүңбү, болду да!” – Аль Пачино, америкалык актёр, режиссёр, сценарист.

“Гомосексуалдык – бул ата-эненин мойнуна минбеш үчүн таланттууларга буюрган Кудайдын буйругу.” – Сэм Остин, Англия жараны, футболист.

“Мен гей эмесмин, болуп да кетпедим, анткени дайыма эле эркектер менен жатып, көп ыракат алам, бирок андан гей болуп кеткеним жок. Бассам-турсам эси-дартым кыз-келиндерде.” – Жаред Жозеф Лето, америкалык рок-музыкант, актёр, вокалист.

Кыргызчалаган О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз