Улут жөнүндө улук ойлор

  • 08.10.2022
  • 2554

Мен афинян да, грек да эмесмин, дүйнөлүк жаранмын.

Сократ

Баарыбыздын чыныгы улуттук мөөр – адамгерчиликте.

Герберт Уэллс

Мен, америкалык жазуучумун, Орусияда төрөлгөм, Англияда билим алгам, Германияга көчүп кеткенге чейин он беш жыл француз адабиятын үйрөнгөм. А башым – англисче, жүрөгүм – орусча, кулагым – французча...

Владимир Набоков

Кайсы улуттансың – кандай айырмасы бар? Баарыбыз Жараткандын пендесибиз. Биринчиден, сен адамсың. Ушуну эч качан унутпагын. Улутуң менен мактанба, керкейбе. Улуттардын жаман-жакшысы жок. Кудай алдында баарыбыз бирдейбиз.

Мухаммад Али

Элдин ким экенин эң жаман өкүлүн көрүп баалабай, эң жакшысын көрүп баала.

Борис Акунин

Улуттук көбөйтүү таблицасы болбогондой эле улуттук илим жок; улуттук дегендин өзү илим эмес.

Антон Чехов

Адамдар класска, расага, мамлекеттик түзүлүшкө бөлүнбөйт. Жакшы, жаман деп гана бөлүнөт. Кептин ток этер жери ушул. Жакшылар гана Көк Теңирдин белеги.

Майя Плисецкая

Ар бир улут ар башка кийинерин элестетчи: кээси кемселчен, кээси чапанчан, кээси чолок этектүү. Бирок ошентсе да баарыбыз тең адамбыз. Айырмачылыкты кийимден издебей, андан тереңге үңүлсөң, көп окшоштукту табасың.

Виталий Гиберт

Мен үчүн улут деген түшүнүк жок. Мен үчүн таланттуу, кызыктуу же акмак адам деген гана түшүнүк бар.

Леонид Ярмолник

Менде көп кан аралашкан. Бир курдай мени нигерлик деп мазакташты, а азиаттар негедир ак көрүнгөнүм үчүн кодулашты. Аң-таңмын ушуга!

Фарис Роттер

Табияттын кудурети менен адам болсом, а кокустук кудурети менен французмун.

Шарль Луи де Монтескье

Өч алуу дайыма эле жеңилдикке жеткирбейт. Теңир бизге англичан же шотландиялык болгонуң үчүн өч алууну буйрубайт. Адамды кайсы өлкөдө жашаганына карап эмес, кандай жан дүйнөсү бар экенине карап баалаган оң...

Инна Ромич

Улут – биологиялык түшүнүк эмес. Каалаган адам үчүн ар бир улутка жуурулушуу – ачык турган каалга.

Александр Невзоров

Улут, аялзат сыяктуу, биринчи авантюрист ага кандай зордук-зомбулук жасаган болсо, ошол көз ирмем эч качан кечирилбейт.

Цитатага түшүндүрмө:

«Луи Бонапарттын он сегизинчи брюмери». 1851-ж., декабрь – 1852-жыл., мартта жазылган.

Карл Маркс

Улут – жогорку расага кирбейт. Жогорку расага киргендер – Бетховен, Шекспир, Чайковский, Толстой, Чарли Чаплин... Ал эми Гитлер, Геббельс, Муссолини – шайтан-шабырлардын майдасы.

Эдуард Тополь

Интернационализм түшүнүгүн жеке адам аркылуу карасак, улуту – татар, дини – христиан, а ишенимине келгенде – еврей.

Валентин Рычков

«Мен евреймин, — дечү Голан мырза, — бирок биринчи кезекте адаммын».

Сара Уинман

Акмак деле микроб же састымоо сыяктуу улутка чүчкүргүсү келген вирусу бар жандык. Акмактар арийлер, славяндар, чечендер, африкалыктар арасында да кезигет... алар кайда гана жок!? Марста жашоо болгондобу, акмактар ал жактан да сөзсүз кезикмек!

Галина Гончарова

Кайсы улут, кайсы ишенимде экениң маанилүү эмес, адам шекилдүү экен деген гана түшүнүк бар.

Нвер Симонян

Силер, орустар, чырга жакын калксыңар. Саясатта өзгөчө. Талаш учурунда жакага асылып, жакалашуудан чачташууга өтөсүңөр.

Анна Борисова

Кеп сенин еврей же христиан экениңде эмес, кептин баары жакшы адам экениңде.

Эрик Сегал

Еврейге еврей жөнүндө азил кеп өлө жагат. «Еврейлерди нанга тойгузба» деген Екатерина II айткан атактуу накыл да ушул жерден куп жарашат: жөөттөрдү нанга тойгузбагыла – бири-бирин шылдыңдасын. Дегеле бардык улуттардын, этникалык топтордун өз-өзүнчө ирониясы бар. Менимче, жөөттөрдүн арасында бул эң өзгөчө өөрчүгөн курал.

Иван Ургант

Мугалими – немис, дарыгери – еврей, ашпозчусу – француз, өтүкчүсү – армян, кожойкеси – поляк. Бирок ал улутман.

Людмила Улицкая

Элде эркиндик принцибине караганда улуттук принцип үстөмдүк кылат. Эл өз аты-затын, жерин жоготкондон көрө, жан дили менен либералдык институттарынан кол жууганга макул.

Альфонс де Ламартин

Үйүрдүн улуту болбойт. Үйүр – бул жалгыз жандын мээсин жалпы колдонгондор же таптакыр өз башы менен ойлонбос топтошкон масса.

Анатолий Шарий

Улуттук энчи – бул ар бир элдин маңдайына жазылган тагдыр-таалайы; а балким каражолтой шору. Бары тагдырдан көзкаранды. “Тагдырдан кутула албайсың” деген кеп ошо: “элдин кишенинен” кутулбайсың.

Василий Розанов

Агер жарандардын жалпы дүйнө таанымы, баалуулуктары эриш-аркак бирдиктүү болсо, улутчул болуу эч мааниге ээ эмес.

Иванна Вишневская

Адатта улуттук идеология таптык идеология болуп чыга келет. Улуттук бүтүндүккө жамынып, алар азаптын арты менен кубанычка жеткен жөндөмдүү адамдардын катмарын талкалап жок кылууга маш. «Улутчулдук» деле идолго айланып кетчү көрүнүш, ал деле адамдык курмандыктарды талап кылар идолдордун бири.

Николай Александрович Бердяев

Эс-акылы ордундагы ар бир адам башка адамды баалоодо анын каны еврей, хохол, кацап экенине карабайт, адеп-аклак, эс-жөндөмү, адамдык сапаты, позициясына карайт.

Евгений Юрьевич Спицын

Кайсы доордо болбосун өз кызыкчылыгы жаралган жерде ар бир улуттун өкүлү шык-жөндөмдүү болуп чыга келет!

Галина Гончарова

Улуттук өзгөчөлүккө өнтөлөп басым коюп, апыртып-сапырткан болбойт. Улуттук өзгөчөлүктөр бөлөк-бөтөндөрдү ансыз да жакындатып, кызыктырып, башка улуттун өкүлдөрүн өзүнө тартып турат.

Дмитрий Сергеевич Лихачев

Улутка энчилүү өзгөчөлүктү адамдар тандайт, а жан-жаныбарларда бул баш оору жок.

Тигран Бабаян

Кайсы тилде ойлонсоң, демек, ошол элге таандыксың.

Аристарх Ромашин

Кыргызчалаган О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз