О`Шакир: Грузиядагы жалгыз кыргыз жаңжалы

  • 02.10.2022
  • 3493

АҢГЕМЕ

Колуктумду ээрчитип мен жинди Грузияга келбейминби. Эс алганы. Карадеңиздин боюндагы Батуми шаарын ал экөөбүз күнүгө кыдырабыз. Сейилге чыккан күндөрдүн биринде көңүл азгырган жайга кабылып, теңшеригимди алдап-соолаганымды айт. “Мени ушул жерге калтырчы” деп жалооруп жибердим ага. Менин минтип жалооруганым колуктумдун жүрөгүн жибитерин билем да, дайыма ушинтем. Айтор, колуктумдун жылуу алаканынан бошондум.

Парктагы клуб экен. Эртеден кечке шахмат, шашки, нарда, домино ойногондор чогулат дешти. Кечке бака-шака, уруш, күрү-гүү-чуу. Акча үчүн мелдеш болгон жерде ошо да. Бекер ойногондору чанда. Карчарбасын оюнга салган карылар жалаң. Кофе ууртап, шараптан гана кылгытпаса, биздегидей чайга ынак чалдарды көрбөдүм.

Эми кептин ток этери эмнеде дээрсиз. Кайсы элдин насилин билгиң келсе, ошол элдин карыларын кепке тарткан ийги. Анткени өмүр өтөөсүнө чыгып калган карылардын акыл берметин аласың. Бекер. Карылар калктын кулпусу сыяктуу, ачып алсаң барбы, – ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз жаркылдайт. Тарыхын, маданиятын, салтын наркын тааныйсың.

Кээде эле өз тилдеринде бакырышып, жаш балдардай чукчуңдашып, таарынышып, чокулаша кеткендери болбосо, сөз чордосу кайнаган жер экен.

Парктан өтүп баратканда көзгө эң бөтөнчө урунганы шахматтын ак-кара доскасы болду. Үстүндө тизилген фигуралар кас-кас туруп, там-туң баскан наристелердин боюндай бар. Жанындагы VETERAS KLUB аталышындагы имаратка Нона ысымы берилиптир. Ал кадимки атактуу гроссмейстер, дүйнөнүн беш жолку шахмат чемпиону, Грузиянын легендарлуу кызы Нона Гаприндашвилинин урматына арналыптыр.

Бул жер дүйнөнүн мен деген далай гроссмейстерлери келип-кеткен жай экен. Далай чоң мелдештер өтүптүр.

Оюндан баш көтөрбөгөн карылар өткөн-кеткенге көңүл бурар эмес. Жыла басып, топтун арасына кирдим да, көпчүлүккө таандык салам узаттым:

– Гамарджобат, батони!

– Гамаржоба… гамарчобат… гигамаржос – түрдүүчө алик алышты топ жыйындын арасынан баш көтөргөндөрү.

– Ты от куда?

– Из солнечного Кыргызстана! – Минтип салтанаттуу жооп бергенимдин да жөнү бар эле. Анткени Грузия жергесинде жамгыры токтобой, күндүн көзүн көрбөгөнүмө бир жумадан ашып калган.

– Откуда говоришь... Казахстан?

– Хирдустан?..

– Нет, он из Киргизии наверно. Из города Фрунзе… – ары жакта бирөөсү мен үчүн жооп берип, өзүнчө эле билерман.

Жообумду чала уккандары кебимди жула качканынан;

– Не-ет, – дедим кыртышым сүйбөй. – Из Кыргызстана, город Бишкек.

– Раньше была Фрунзе же… – тигинин жаагы жабылбады.

Баары мага суроолуу тиктешти. “Менин өлкөмдү тааныбаган бу кандай немелер, – дедим ичимден. – Эгемен Кыргызстанды бир кездеги Совет курамындагы бул эл эмнеге шыр тааныбайт?!”

Адегенде мени “из Киргизии” деп билермансынган немесине кыргыйдай бир тийдим:

– Мою родину вы называете как русский шовинист! Вы грузин? – дедим.

– Да, я грузин, – сыймыктуу жооп берди.

– Тогда вы правильно должны называть мою страну – Кыргызстан, а не Киргизия. Русские сволочи раньше так называли! И русские шовинисты переименовали Фрунзе, а так было Пишпек. Сейчас Бишкек называем…

Таарынычтан башталган кепти андан ары тамашага тез эле оодардым кайра. Бири-бирибиздин тамырыбызды тартышып отуруп, өз өлкөм жөнүндө алар билбеген тарыхыбыздан олуп-чолуганым эле алардын кыргыз элине кызыгуусун арттырып, суроолор жаай берди.

– Cилер кара куурай өстүрөсүңөрбү?

– Кара куурай өзү эле жайнап чыгат, аны эч ким өстүрбөйт. Биз үчүн Кудай деген улуу дыйкан өзү өстүрөт, – дедим кебелбей. – Ысык-Көл деген өрөөнүбүз бар, ошол жакта кара куурай бутка оролот. Каалашыңча тересиң, чегесиң… – какшык кебим кайнаттым атайы эле.

– Оу! – дешти муну укканда. – Ал деген баңгизат да?..

– Ооба, баңгизат. Бирок кара куурай фармацевт өндүрүшүндө табылгыс дары. Медицинада анын да чоң ролу бар, – дедим.

– Ооба, ооба, – моюндарына алышты.

– Кыргызстандын негизги байлыгы эмне? – дешти.

– Жарандык коому, – дедим,  – андан кийин эле жер алдында жаткан кен байлыктарыбыз.

– Эмне болгон кен байлыктар бар?

– Караламан калкка күкүмдөй пайдасы тийбеген алтыны, – дедим.

– Эмнеге пайдасы тийбейт?

– Чоңдорубуз ууру, – дедим.

– Дагы кандай байлыктар бар?

– Айттым го, кара куурай толтура, – дегениме ишенип-ишенбей турушту. – Бирок Кыргызстанды башкаргандар кара куурай өлкөбүздүн жаратылыш байлыгы экенин эмдигиче түшүнө элек. Болбосо биз фармацевт өндүрүшү менен байып кетер өлкө болмокпуз, – дегениме ынанып калышты.

– Силерде наркомандар көппү? – деди топтун арасынан бирөөсү.

– Наркомандар дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө жок?.. – өзүнө суроо узаттым. Жооп таппады. – Агер Грузияда кара куурай өссө, силердин араңардан да жашырынып чеккендер чыкмак.

– Чекмекпиз, – дешти эки-үчөөсү кыйгыл тамашама кыткылыктап. – Ала келдиңби?

– Бир чемодан толтура ала келдим, жүргүлө мени менен мейманканага… – тамашакөйлүгүм баарына жагып турду.

– Ха-ха-ха…

– Адам табияты ошол, – дедим, – тыйуу салынган балээнин даамын таткысы келет.

– Силерде жакында бир журналист кармалды го баңгизат менен. Ким деген журналист эле?.. Чөнтөгүнөн чыкканы чынбы?

– Чын, – дедим. – Болот Темировду айтып атасыңар го?..

– И… ошол…

– Бийликтегилердин коррупциялык схемасын иликтеген үчүн аны атайы наркоман көрсөтүүнүн амалы болчу, – дедим.

– Аны менен иштеген акынды да көрсөтүштү го, чегет экен?.. Экөө тең мурдатан колдонуп жүрчү турбайбы…

– Ошол баңгизат менен кармалган журналист менен да, акын менен да бир уюмда чогуу иштейм, – дедим дагы эле кебелбестен.

Коррупцияга малынган Кыргыз бийлигинин учурдагы көзбоёмочулуктарын баяндап, бийликтегилер баңгизат операциясы менен журналистти жалган жалаага кантип көмгөнү туурасында окуянын чоо-жайына чейин түшүндүрдүм.

Кара куурай жөнүндө кызыгуулары ошону менен токтоду. Кепти Шота Руставелиге бурдум эле, мына көрүп ал: балга үйүлгөн аарыдай оозумду тиктегендерди.

– Классик акыныбыз Алыкул Осмон, – дедим, – грузин менен кыргыз элине рухий көпүрө курган жападан жалгыз адам. Бир да дипломат, керек болсо Совет өлкөсү 70 жылда түптөй албас достукту биздин улуу акын Алыкул түптөгөн. Бүтүндөй Россия империясы курбаган рухий жолду биздин улуу акын курган. Анын эркин котормосундагы Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатырын” окубаган кыргыз аз. Мектеп жашыбыздан окуганбыз. Ушул күнгө чейин Алыкулдун котормосу бизде жети жолу басылып чыкты. Биздин элде Руставелинин атактуу поэмасындагы ысымдар кыргызга эбак тараган. Тариэл, Автандил, Нестан, Нурадин, Тинатин… Ал эмес Руставелинин кол жеткис махабаты Тамаранын аты энчиленгендер биздин элде көп кезигет.

Муну уккан грузиндер кебиме курсант болуп, бак-бак, дуу-дуу боло түшүштү.

– Гамарджоба генацвале, дорогой!

– А тебя как завут?

– Ты тоже поэт да?..

Өзүмдү кайра баштан тааныштырдым да, кепти уладым:

– Мен… – дедим ораторлорчо пауза кармап, – мектеп жашымдан тун сүйүүгө кабылганымда да ашыктык ырымдын мазмунун Руставелинин поэмасындагы кудуреттүү саптардан уурдагамын.

– Ха-ха… – дуулдап күлүштү.

– Жок, сен жалгыз ууру эмессиң, – деди ары жактан менин ымандай сырыма медери төгүлгөн батоно Зураб. – Сенин жакшы адам экениң көрүнүп турат. Жаш кезимде мен да Руставелинин саптарынан уурдап, кыздарга ыр менен кат жазчумун. Могулар деле ошо… Руставелинин саптарын уурдагандар. Баарыбыз уурулук кылчубуз.

– Ха-ха-ха! – паркта күлкү жаңырды.

Мени курчаган карылар да жаш кездеги ашыглык саптарын Руставелинин поэмасынан көчүрүшкөнүн айтып, бири-бирин нукулап каткырышты. Отургандардын арасынан арген үндүү бирөөсү Шота Руставелинин сыйкырдуу саптарын грузин тилинде төгүп жиберди. Улуу акындын учкул саптары грузин элинде тост катарында эзелтен бери айтылып калганын кобурап беришти.

– Азамат экенсиң! – деди Васо аттуу батоно кыйла кепти сүрүштүргөн соң ийниме колун артып. – Сен бизге туура кепти айттың. Болбосо биз билбейт элек… Чын айтам. Демек, Кыргызстан дешибиз керек турбайбы… – тил учунан күбүрөнгөн батоно Васо мага кулагына тааныш эмес сөздү унутуп калбоо үчүн кайталаган зээндүү баланы элестетти. – Эс алганы келгендирсиң?

– Эс алып да жүрөм, анан грузин эли жөнүндө чыгарма жаратсам дейм.

– Бизди да жазасыңбы? – деди мурдаракта өзүн Геронти деп тааныштырган карыя.

– Ооба, так ушул жерге күнүгө келген карылардын кебин тыңдап, грузин элинин кечээги менен бүгүнкү жашоосун жазсамбы дейм.

– Грузиянын кайсы жерлеринде эс алдың дагы? – Лало аттуу карыя суроо узатты.

– Бир ай мурда Телавиде эс алдым. Шумдук жер экен. Кооз.

– О, шарабына тойгончо ичкендирсиң? – Лалонун көздөрү жалжылдап жанды.

– Кызылынан да, агынан да тойгончо ичтим.

– Телавинин шарабы дүйнө элине таанылган шарап. Алардын шарабын ичпей койгонго болбойт, – мени курчагандар ооздорун жаланып макташты.

– Биз шарапты жасайбыз, – деди Лало мурун чүйрүп. – А телавиликтер шарапты сыгып алышат жүзүмдөн. Ва-ах! – мурутун сылап, шарап ууртаган кишидей тамшанып алды.

– Дадил айттың, Лало! Ооба, биз шарапты жасайбыз. Ошонүчүн биздики Телавиникине жетпейт. А алар тимеле шарапты сыгып алышат жүзүмдөн, – кычкыл шарапка мурдун чүйрүгөндөй жүзүн бырыштырды батоно Зураб.

– Вах-вах-вах! Телавинин шарабын чаңкап турганыңда суусундуктай ичесиң го чиркин, – Лало тамшанганын коёр эмес...

– Көпкө келдиңби?

– Далайга чейин жүргүм бар. Баарыңарды жадаткандан кийин кетем бул жерден, – дедим не кеп чыгар экен деп.

– Жакшы жагыбызды жаза көр, – деди ары жактан бирөөсү.

– Эмнеге жалаң жакшы жагыңарды жазышым керек? Анда кандай эл болуп каласыңар? – дедим азилдешмекке. – Грузин элинин жаман жагы жок экен дегениме окурманым кантип ишенет?

– Ха-ха-ха! – жарпы жазыла каткырып алышты жардангандар.

– Жакшы-жаманы аралашпаган калк болбос, – деди мени кубаттаган Геронти. – Жаманыбызды да, жакшыбызды да бирдей жаз.

– Ооба, келгенимден бери жалаң жаман жагыңарды издеп таппай атам. Тапсам эле чыгармамды дал ошол жаман жосунуңардан баштап сыпаттасам дейм. Анан жакшы жагыңарды шашпай жазармын.

Грузиндер кыйгыл кептин кырмычыгын сүйгөн эл эмеспи, азилибиз курчуп отуруп, ар өңүткө оой берди аңгемебиз. Баары оюндарынан алаксып, мени курчаган чалдардын сөз нугу башкага бурулду:

– Жаңылбасам, силер беш жолу мамлекеттик төңкөрүш жасадыңар, туурабы?

– Жок, үч жолу, – деп туураладым. – Себеби бизден Михаил Саакашвилидей лидер чыкпады. А силер анын баркына жетпей, түрмөдө камалып отурат. Коргоп чыкпадыңар, – бул жообума тырчый түштү кээси.

– Азыр тынчып калдыңарбы?

– Жо-ок, тынчыбайбыз, – дедим. – Тынчыбаш керек. Биз демократиялуу өлкө кургубуз келет. Эл тынчып калган жерде диктатура пайда болот. Ошондуктан эл ар дайым тынчыбаш керек. А силер тынчып калган үчүн Саакашвилини камап коюшту. Бошотуп албайт белеңер.

– Саакашвилини кеп кылбачы, шайтан алгырды! – чалдардын бири чаңырды. Башкалары да жерге түкүрүндү Саакашвилинин атын укканда.

А мен Грузия жергесинен мындай реакцияны эч күткөн эмесмин. Көрсө, улуу муундагылардын кыртышы сүйбөйт экен Саакашвилини.

– Биз ошо Саакашвилидей реформатор жогунан төңкөрүш артынан төңкөрүш жасап, эл эңсеген жашоо келбеди. Мамлекетибизде коррупция күч. А силер бул жагынан жолдуу эл экенсиңер, бактыңарга Саакашвили пайда болуп…

– Ал шүмшүк бизди Америкага сатканын билбейт окшойсуң! – Мына, андан аркы кажылдашканыбызды көрүп ал. Мурду бүркүттүкүндөй коңкойгон, буурул сакал Владислав деген чал мага калчылдайт тимеле: – Ошол жер жуткур Саакашвилинин айынан жаштарыбыз четинен бузулуп атат.

А мен жинди көктүгүмдөн кайтпадым. Жинди деген жинди да. Ансайын Саакашвилини ооздон түшүрбөгөнүмдү көргөн чалдар жүздөрүн тескери бурду менден.

– Ким мени менен шахмат ойнойт, – дедим жанымда калган башкаларын жоокалатмакка.

– Кел, мен ойноюн, – батоно Васо шып колумдан тартып отургузду үстөлгө.

Беттеште батоно Васо атаандаштын ар бир жүрүшүн жаздымсыз аңдыган оюнчу экен. Оюнду ак менен мен баштагандыктан; тигиндей алдаганым да, мындай алдаганым да улам ийгиликсиз чабуулга айланып, фигураларыбыз тепетең болгону менен, темпти жоготуп, оюндун жарымынан ооп калганда чабуулду атаандашыма алдырып жибердим. Мен коргонуу позициясына өттүм аргасыз. Эптеп кыябын таап, чабуулга өтөрүмдө эле менин куулугумдан да батоно Васонун куулугу ашып түшүп, алданып калам. Акыры жеңилдим. Колун кыстым.

– Силердин элди шахматтан утуш кыйын го мага, – дедим актанмакка. – Дүйнөгө илгери эле төрт атактуу гроссмейстер кызыңар менен таанылган элсиңер. Шахмат мектеби силерде качан эле калыптанып, муундан муунга өрнөк ко...

– Грузин эркектеринин баштары иштебейт, катындарыбыздыкы иштейт. Дүйнөгө биздин элди катындарыбыз тааныткан! – деген батоно Зурабдын кебине баары күлдү. 

– Ооба, шахмат боюнча грузин элин кыздарыбыз дүйнөгө таанытты, – башкасы коштоду аны.

– Жаңылбасам, кыздарыңарды турмушка узатканда сеп буюмдардын арасына кошуп Руставилинин китептери менен шахмат да бересиңер ээ?

– Да, бул бизде элдик салт, – дешти чурулдашып.

Батоно Васо шахматты кайра тизип:

– Кел, реванш болсун, – деди эле, оюнга көңүлүм тартпады.

– Сиз менен эртең ойноюн, а азыр нарда ойносомбу дейм…

– Бу жердегилер нарданы акчасыз ойнобойт, – деди Васо.

– Акчага болсо акчага ойнойм, – дедим шайтаным азгырып.

Мурутчан бирөөсү нардасын тизип, маңдайыма шып отура калды.

– Канчадан чыгаралы? – деди шымаланып. – Беш лариденби же ондон болсунбу?

– Бештен кылалы, – дедим.

– Анда марс менен утканыбызга эки упай кошулсун, он лари.

– Макул, – дедим шар эле. Анткени өз жеримде жүргөндө нарда мелдешинен бир да жолу босогодо бозала болуп отуруп калбаган митайымдыгыма ишенип.

Биринчи оюнду марс менен уттум, чөнтөгүмө он лари түштү. Экинчисинде беш лари уттум. “Охо, – дедим ичимден, – минтип утар болсом, күнүгө… куру дегенде тамекиме жетер акча табат турбаймынбы” – санаамда байып баштадым.

Батуми дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер агылып келген карадеңиз боюндагы шаар болгондуктан, бу жерде баары кымбат. Чөнтөгүмдөгү 15 лари – демек, 5 доллар 26 цент! Бел оорутпай, кол жоорутпай акча табуу кимди азгырбайт. Муну эми биздей жакыр өлкөнүн акчасы менен эсептей бериң…

Атаандашым сабырсыз кишидей көрүндү. Титиреңдеп, нерви кайнап, майда таш түшкөн сайын сөгүнүп коёт. Үстөлдү муштагылап, каарданып баштады. “Мунусу мага жакшы, – дедим ичимден, – ачуусу кайнаган кишинин мээси тез чарчайт. Бу кейпи менен утулат”  – дегенимче болбой, жүрүштөр бузулду. Кол качты менден. Оюн 2-3 жолу айлангандан кийин эле капчыгымды улам сууруп чыгып 5 лариден карматам. Кээде 10 лариден кол жууп отуруп, кыйла акчам садага кетти. Кайтарып алыштан үмүттөндүм. Көгөрдүм. Марс менен утуунун амалын кылып, үч мерте мээнетим акталды – 30 ларим чөнтөгүмө кайтты. Билинбей караңгы кирип кетиптир. Баягы тегеректеги чурулдаган карылар эбак тараптыр. Биз да оюнду эртеси улантмак болдук.

Отелге келерим менен маңдайымдан чыккан колуктум мыскылдуу жылмайды:

– И… шоктонуп эмне болдуң? Уттуңбу?.. Шыпылдайсың го тимеле.

– Уттум, – эч сыр бербедим, – утса болчудай буларды. Эртең да акесин окутам.

– Уттуңбу, утулдуңбу?.. – деп тактагысы бар ишенбей.

Бирок мен уткан, утпаганымды билдирбеш үчүн компьютеримди чукулап, кызыктуу чыгарманы жаңы баштагандай түр көрсөтүп, адатымча күбүрөнүп-шыбыранып, колуктумдун суроосу кулагыма кирбегендей түр көрсөттүм сыртыман. Актёрлук ролго кирип кеттим. Агер компьютерге отурганда өз алдымча сүйлөнүп аткан болсом, демек, чыгармачылык эргүү келгени колуктума эбактан дайын…

А мен шүмшүк сырттан жаңы сюжет, жаңы идеяга кабылып, буркан-шаркан эргүү менен келгенсип отурбаймынбы… Коркконум эле: “колуктум чөнтөгүмдөгү акчаны санап кокуйлабаса экен”. Бирок ал эч нерседен шек албады.

– Бир барсам, шахмат ойноп отурупсуң. Мени карабадың, азгырбайын дедим, – телефонуна тартып алган сүрөттү көрсөттү. – Мына ойноп отурганың.

– Аа… сонун көз ирмемди кармапсың.

– Уттуңбу?

– Буларды шахматтан утуш кайдан, – дедим. – Совет доорунда грузин калкынан чыккан гроссмейстер кыздар канча: Ноно Гаприндашвили, Майя Чибурданидзе, Нана Александрия, Нана Иоселиани, Сопио Гветадзенин артынан эле ар бир үй-бүлөдөн бирден-экиден шахматчы сөзсүз чыкса керек…

Түндүн далайына чейин нарда мелдешиндеги куулук-шумдуктарды өздөштүрүү үчүн Интернеттен YouTube порталын чукуладым. Атаандаштардын сазайын окутмак болдум эртеси. Теориясы менен практикасын тирмейип тиктедим түн оогончо.

Эртең мененки тамактан кийин эле шүдүңдөп паркка жөнөдүм. Бүгүн эми кечээги кемчиликтеримди кайталабастан, YouTube каналынан көргөн ыкмаларды колдонмок болдум. Санаамда чөнтөгүм байгеге толду.

– Гамаржоба, – кечээги мени уткан мурутчан күлүп-жайнап алдымдан тосуп алды.

Аны көргөндө “бүгүн сазайыңды бербесем элеби” дедим ичимден. 

Баштадык оюнду. “Чү” дегенде эле ишим оңбоду. Таштар мага өчөшкөнсүп майда түшкөнүчү, а атаандашыма кущтар чубурат улам. Мага деле анда-санда кущ түшкөнсүйт, бирок эч бир кереги жок кущтар кайталанып келип, блокко кабылтканы күйгүздү. Катар-катары менен 5 же 6 санындагы кущтар керектүү учурда эмес, мага зыяны тиер учурда түшөт десең. Тигинин эле таштары шыдыр кетип, улам жолум торолот.

Түш оой бозала болуп отурсам, колуктум келип калды.

– Жүрү, курсагың ачтыбы?

– Щик, – таңдай шыкылдаттым; демейде чеченсинген кызыл тилден сөз качып.

– Ачка болдуң го?..

– Щик, – баш чайкадым. – Аппетит жок, – дедим. Антпесем жетелеп кетер түрү бар.

– Деңиз бойлой басып келбейлиби…

– Щик, – баш чайкадым. – Бара берчи өзүң эле.

Колуктум мени калтырып кетер эмес, адатымча жалооруп жибердим:

– Жаным, жаным. Бара берчи мага карабай.

Үшкүрүнүп, деңиз жакка жөнөдү ал.

– Уланталыбы? – деди тиги.

Капчыгымды ачтым. Майда калбаптыр. 100 купюрлук ларимди дагы майдалаттым. Оюн оңолуп кетти: удасы менен марс утуп, мурдагы уттургандарымдын жарымы чөнтөккө кайтты. Тиги тура качып, телефондон бирөө менен кыйкырышып ары басты. Көпкө сүйлөштү да, бир убакта “тезинен барышым керек” – шылтоого жамынып кетип калбаспы. Атаандашымдын кемчиликтерин кыйла өздөштүргөн кезде… буйрукту кара!

Мелдешти батоно Зураб менен уладым. Ал да эки күндөн бери менин жүрүштөрүмдөн көзүн албай аңдып отуруп, талуу жеримди билип алганбы, мурдагы атаандашымдан өткөн куу болуп чыкты. Капчыгымды какты. Ордумдан туруп, кофе ууртап келгени жөнөгөн кезде артымдан батоно Васо ээрчий басты.

– Урматтуу мейман, – деди илбериңки. – Булар менен ойнобо! Алданып каласың, – деп эскертти да, башка багытка кетти – деңиз тарапка. Ойлонуп калдым артынан тиктеп. Мени аяп, чын ниетинен мага жан тартканыдыр да... Кечээ да бир маал жаныма келип сураган:

– Уттуңбу?

– Жок, куржалак калдым, – дегемин.

– Чөнтөктөн куру жалак калсаң да, акылдан куру жалак калтырбасын кудай, – деген какшыктап.

Бирок мен батоно Васонун таза дилден айтылган, чынчыл мамилесине ыраазычылык билдирдим. Териккеним жок. Ыракматымды айттым. Мени пенде баласы деп акыл пештөөгө чакырганы көңүлүмдү жылыткан…

Шахмат ойногондордун арасында чөйчөгүмдү көтөрүп кофе ууртап жүрсөм кечээги мени менен кыжыңдашкан Владислав дегени саясаттан сайрап атат тигинде. Ысымынан улам мен аны орус улутунун өкүлүбү десем – жок, орус ысымдуу грузиндерден экен. 

– Фашисттерге сооп болот, украиндер ушуну көрмөк, – Владислав согуштагы соңку жаңылыктарды сүйүнчүлөп отурду жанындагыларга.

– Россиянын күчүнө Украина кайдан тең келет эле, – уй мүйүз кобурашкан чалдар өңчөй Россияны колдогон пикирлештери экенин туйдум.

– Путин коммунисттик империяны кайра курат жакында, – Владислав ишенимдүү улады кебин. – Чириген Батыш цвилизациясынын ташталканын чыгарат ал. Жанагы бар го, Зеленскийби... Америка аны тукурма итке айланткан эле бир клоун.

– Ушунча күчкө жалгыз туруштук берген Путин эр экен, – дагы бирөөсү коштоду.

– Кечиресиздер, – дедим сылык-сыпаа, – бирөөнүн тынч жаткан эли-жерине баскынчылык кылган канкор Путиндин саясаты силер үчүн эрдикпи?

– Баскынчылыкты украиндер өздөрү баштады! – Владислав титиреңдеди мага, өңү кумсарып. – Путин украиндиктерди коргош үчүн Россиянын аскерин аргасыздан киргизди.

Экөөбүз катуу кеттик. Мындайда бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөнүң кеппи. Жалпы адамзатка коркунуч жараткан согуштун адилетсиз тарабын жактап, ак-караны ажыратууга акыл калчабаган эски муундагылардын орускулдук сезимдерине огош бетер от бүрккөн аргументтерим куйкаларын куруштурду. Котологондун баары жалгыз мага жабылып, Россия империясын жалаң төштөрү менен коргоочудай түрлөрү бар.

Бул учурда туш-тушунан Россиянын куралдуу күчтөрүнүн курчоосуна кабылган Украина өлкөсүндөй сездим өзүмдү… Агер топтун арасында мүмкүн жаш муундун өкүлдөрү болсо, менин таламымды талашат чыгар деп эки жагымды карасам, жалаң СССР доорундагы чалдардын курчоосунда калыптырмын.

– Макул, – дедим, – бүгүнкү Россия, бүгүнкү Путиндин саясатын коюп, ак падышанын саясатына келели. – Николой II Кавказ жергесин басып алды беле? Басыл алган! Путин деле ошол саясатты кайталаганы…

Владислав экөөбүздүн тартышыбыз кычаган учурда ары жакта кобурашкандар атактуу грузин актёр-ырчысы Вахтанг Кикабидзенин ата-жотосун койбой сөгүп атышты. Көрсө, ал орус-украин согушу күчөгөн мезгилде Батуми шаарында концерт уюштуруп, жык жыйма келген көрүүчүлөрдөн түшкөн акчаны өз эркиндиги үчүн аёосуз күрөшкөн Украинанын куралдуу күчтөрүнө жардам иретинде которгон экен.

– Өткөн тарыхты эмне кыласың сен, бүгүнкү тарых маанилүү бизге! – Владислав тырчыды.

– Болуптур, бүгүнкү тарых маанилүү болсо, бүгүнкү тарыхка келели. Грузия өз алдынча эгемендикке ээ болгон жылдар эмне болду? Ошол эле Путиндин канкор саясаты менен мекениңерде согуш оту тутанып, канчалаган тынч эл, күнөөсүз жандар кырылды?! Чечендер эмне болушту? Россиянын туткунундагы эл болду го кайра. Агер Саакашвили болбогондо бүгүнкү эркиндигиңерге жетет белеңер?.. Андан күмөнүм бар. Так силерге окшогон орусчул, эски муундагылар орустардан киндигиңерди үзө алмак эмессиңер.

– Бизге Россиясыз өнүгүү кыйын. Орустар болбогондо бизди англичандар эбак басып алмак. Батыштын баскынчылары күн көрсөтпөйт. Бизди кылымдар бою коргогон Россия! Түшүнөсүңбү?! – кубарып, кумсарып кыжынган Владислав өзүнүкүн берер эмес.

– Ооба, – дедим ого бетер кыжырына тиймекке, – орустар силерди кандай коргогонун карт тарыхтан билебиз. Грузиянын алтын доорун курган падышаңар Тамарага 1185-жылы баш кошкон орустун алкаш көпөстөрүнүн бири Георгийди айткыңыз бар го? – дедим какшык аралаш. – Тамаранын коргоду беле, кордоду беле ал?...

– Ырас айтасың! – батоно Васо кепке аралашты. – Ал жеткен орустун алкаш соодагери болгон. Зөөкүрдүгүнөн Грузияны гүлдөтүп өстүргөн падышабыз аялзаты болгонун көрө албаптыр.

– Мына, өз тарыхыңарды эле карагыла! – дедим жанданып, – Тамараны эки жыл бою уруп-соккон жексур күйөөсү Георгийдин тарыхын кайда жашырасыз? Падышаңарды орус күйөөсү кандай кордогонун тарыхтан чийип салгыңыз барбы…

Тиги тилин жуткансып унчукпады.

– Эсиңизде болсун! – дедим кыйла сөздүн арасында. – Борбор Азия менен Кавказды Кремль төбөлдөрү кылымдардан бери өзүнүн сулуу токолундай кызганат. Батыш менен кол кармашпа, Батыш менен көз кызышпа таризинде…

– Туура кылат, эң туура! – Владислав маашырлангандай жаалданды. – Путин азыр бир гана территориалдык кызыкчылык үчүн күрөшпөстөн, керек болсо каада-салтыбыз, наркыбыз үчүн күрөшүп келет… Батышка каршы…

Баятан талаш-тартыш кебибизди кунт коюп угуп, сөзгө аралашпай отурган салабаттуу карыя үн катты:

– Россия болбогондобу, Борбор Азия өзүңөрдүн эле басмачылардын талоонунан чыкмак эмес ко?.. Силер бүгүнкүдөй мамлекеттүүлүккө жетет белеңер, жокпу? – суроолуу тиктеди. Аны коштоп Владислав да ордунан желпинди:

– Во! Өзүңөрдүн басмачылар эле силерди баш көтөртпөй келбеди беле.

– Атыңыз ким болот? – дедим басмачылар жөнүндө суроо узаткан салабаттуу карыяга назарымды буруп.

– Изидорос, түбүм грек, – деди ал.

Байыркы грек тарыхы кандай кызык болсо, Грузияда туулуп-өскөн Изидорос менен да кызыктуу кеп курам го деген ой болду менде. Владислав экөөнө бирдей жооп кайтардым:

– Жо-ок, – дедим, – бүгүнкүгө чейин басмачылардын тарыхын билбеген үчүн аларды жексур деп ойлойсуңар. Таптакыр андай эмес. Совет тарыхынын жалган саясаты бул. Силер басмачы санаган бабаларыбыз аймактык бүтүндүк, элдик баалуулуктарды коргоо үчүн большевиктик-коммунисттерге каршы күрөшкөн чыныгы мекенчилдер болушкан. Алар деле Украинанын улуттук баатыры Степман Бандера сыяктуу орус шовинисттеринин куйкасын куруштурган чыныгы мекенчилдер.

Бандеранын атын уккан Владислав чок баскан мышыктай ордунан түйүлүп секирди:

– Бүгүнкү бандеровцы – улутчул акмактар! Ошолордун айынан чоң согуш тутанды!

– Көрдүңүзбү, сиз басмачылардын тарыхы тургай… өзүңөргө коңшу турган Украинанын улуттук баатыры Бандера жөнүндө да түшүнүгүңүз тетири… – дегенимди уккусу жок. Сөз бербей жаалданган аны Изидорос сабырдуулукка чакырды:

– Мейманды угалычы… Тынч болсоң.

– Биз окуган тарыхты ушулар окуду дейсиңби? – өзүн билерман сезип текеберсинген Владислав чыртыйды да, кол шилтеп ары басты. “Ырас болду, – дедим ичимден, – деги ушул орускул сөзгө кыпчылбаса экен!”

– Көңүл бурба ага. Улай бер кебиңди, – отургучун жылдырган Изидорос кайрадан кунт коюп, мага жакын ыктады.

– Басмачылар кыргыздын чыныгы намыскөй, эр жүрөк урпактарынан болушкан. Алар орустардын баскынчыл бийлиги орногонун каалашкан эмес. Бирок большевиктер аларды элге жек көрсөтүү саясатын күчөтүп, басмачыларды жеткен канкор, жексур, жапайы жырткыч көрсөтүүнүн амалын күчөтүп; атайы кинолорду жаратып, адабий чыгармаларда басмачыларды өз элин аябаган зөөкүрдөй сүрөттөтүшкөн. Ушул күнгө чейин басмачылар тарыхы жөнүндө дүйнө жүзү али эч нерсе биле элек.

– Мына кызык! – Изидорос таңгалганын жашырбады. – А биз басмачыларды канча жек көрүп келдик. Көрсө…

– Агер басмачы атанган бабаларыбыз большевиктерден жеңилбегенде, биз эбак Азиянын эң кубаттуу өлкөлөрүнүн бири болмокпуз. Борбор калаабыз эмдигиче Азия колоритиндеги көз жоосун алган Пишпек болуп дүйнөгө таанылмак. Улуттук баалуулуктарыбызды талкалатпайт болчу алар.

Ары басып кеткенсигени менен Владиславдын кулагы бизде болуп ичи куйкаландыбы, жаныбызга кайра келип келжиреп турганы:

– Борбор Азия элдерин мамлекет кылган, эл кылган бир гана Россия империясы! Россия болбосо тарыхыңар, маданиятыңар сакталбай калмак. Путиндин азыркы күрөшкөнү да жалпы Совет өлкөсүнүн курамындагы элдердин салтын сактоо.

– Анын “традиционных российских ценностей” деген дайымкы какшанган спекуляциясынын артында эмне жашынган, билесизби? – дедим ичимден ызырынып турсам да, анымды сыртка чыгарбаска тырышып. – Бизге башка баалуулуктарды таанытпоонун гана аракети бул! – тиги кайра дагы сөзүмдү жулуп кетти.

– Ал эмне баалуулук? Эркек эркекке, аял аялга баш кошконубу? 

– Анын эмнеси бар экен… Бул да болсо Батыштын гуманизми, демократия принциби! – дегенимди уккан чалдар мындай жоопту күтпөгөндөй үрпөйүштү. Кээси мага суроолуу кадалып, көздөрү тостойду.

– Тфү! – көзүнөн заары чачырады Владиславдын. – Эркекти эркек мынаминткени гуманизмби эмне?! – порно позага туруп берген бирөөнү артынан ыйкагандай “шыпылдаткан” чалдын буурул сакалы кошо силкилдеди. Анын кыймылы көз алдыма сасык текедей элестеди.

– Коммунисттер бизди темир тордун аркасында камап келген үчүн СССР курамындагы элдер гуманизмден артта калганыбыз ушул: ЛГБТ-коомун жек көрөт. Чанда бир кезиккен адамдардын гендерлик маркасына түшүнбөйт. Артта калган коомбуз.

– Мунун баарын кылган Батыш! – деп чаңырды Владислав.

– Батыштын эмес, Кудайдын кылганы бул! – дедим көк беттенип.

Владиславдын кулагына кеп кирчүдөй эмес. Ал өзүнүкүн бербей, мен да өзүмдүкүн бербей, менин кебим анын жанын кашайтып, канын кайнаттыбы; Изидорос сүйөнүп отурган үстөлдү бир муштады.

ЛГБТ адамдары жөнүндө маалыматыма таңгалган көбү ооз ачпады. Мурда айткан кебимди муюп уккандар эми мага мурчуя тиктегенсийт… Бирок алар үчүн адаттан тыш көрүнүш туурасында айткандарым – негедир ынанымдуу чыкты. Демейде кыргыз коомуна жеткире албаган ойлорум бөлөк эл, бөтөн жерде өзүнөн өзү шарылдап төгүлүп берди. Чогулгандарга Кудайдын кудурети жан-жаныбар, өсүмдүктөрдү ар түрдүү жараткандай эле, адам баласындагы түрдүү-түстүүлүктү жаратканын чечмелеп бергеним аларга канчалык таасир этти, билбейм. Бирок беттегенимден кайтпай улай бердим “лекциямды”.

Кремлдин пропагандасына аң-сезими ууккан муунду ушул күнү даа бир мерте дадил аңдадым. Алардын түшүнүгүн өзгөртүү оор шекилдүү.

Шай ооп, жолума түштүм. Башым баш эмей эле туз салынган оор баштыктай шылкыйып, парк аралап жөнөдүм. Ой жүгүнөн бошоно албадым. “Грузиядагы жалгыз кыргыз жаңжалы” – кезектеги жаңы жазар чыгармамдын аталышы тил учунан кетпей туруп алды. Башка аталыш издедим, бири да жакпады. “Жок, ушундай аталыш керек” дедим өзүмдү кубаттап. Чөнтөктөгү капчыгымды сууруп чыгып, ичин карадым. Улам утула берип, кыйла жукартып коюптурмун.

Маанайым огош бетер чөктү. Кечээ колуктумдан акча аяганымды айт. Бөтөн шаардын дүкөндөрүнөн көзүнө жылтыраган нерсе көрсө, улам мени нукулайт:

– Ушуну алып берчи, – көздөрү жалжылдайт.

– Жаным, – дейм бал тилге салып, – саякатыбыз али бүтө элек. Бир аз күн чыда. Бул шаарда баары кымбат экен. Европага жетели, ошол жактан сураганыңды алып берем. Азыр жүк кылып эмне кылабыз? Ансыз да чемодандарыбызда жүк оор. 

– Чын эле кенен басканыбызга акча керек… – ал даа шар көндү. – Европадан алпересиң ээ?

– Ии… – дедим, камкор эр бүлө көрүнүп.

Бирок кумардын азгырыгы менен чөнтөгүм кыйла жукарганын көрүп ичим тыз этти. Түнөргөн асмандын жамгыры кайрадан төгүп берди. Отелге жеткенче суу болуп келдим шөлбүрөп. Колуктумдун кабагы мени көрүп жарк дей түштү. Анын алдында айыбым ачылып калды. Утулуп келгенимди жашыра албадым… Эми кантип жемелейт болду экен десем, жок, айтып турганы: “Акча – садага кетсин. Алдагы башыңды жоготпой келгениңе шүгүр…”

Муну укканда берешендигим кармап, баягы акчага сараңданган мен:

– Дүкөндө көзүңдү күйгүзгөн эмнени алгың келсе ала бер, ме! – 100 доллар сундум.

Эртеси парктагы клубга кайрадан бардым. Бирок нарда ойногонум жок, шахмат ойномок болдум. Четки үстөлдөгү ортого байге койбой ойногондорду тиктеп отурдум, а башкалары жалаң акчага мелдешкендер.

– Мен да ойносом болобу? – дедим.

– Болот, – дешти.

Кезек күтүп турам, бирок тиги экөөнүн бирөөсү утулуп, ордуна башкасы отура калды. Оозунан олжосун алдырып умсуңдаган тайгандай болдум. Утулганы туруп кетип, кайра башкасы шып эле отура калат. Жиним келди. Ачуумду сыртыма чыгара албай, кезек күтмүм дагы. Дагы башкасы отура калды. Ызаландым. Кармана албай:

– Грузин эли меймандос экенине таңмын, – дедим сыртыман күлүп сүйлөгөнүм менен, ичимден туталанып.  – Бөлөк жаныбарларды үйүрүнө кошпогон жырткычтартан бетер, силер эмне… бөлөк-бөтөндөрдү ойнотпойсуңарбы?..

– А сен үстөлдү могинтип тыкылдатып койбосоң, кезек тийбейт. Сенин кезекте турганыңды билбедик. Бу жерге кезекке тургандардын шарты ошол, – дебеспи ойноп отургандар.

– А кечиргиле, – дедим ошондо гана бу жердегилердин эрежесине түшүнүп.

Менден кийин келгени эмнеге кезекте турганыма карабай отура калат десе, көрсө, оюндун кезегине туруш үчүн кайсы үстөлдү тыкылдатсаң, ошол үстөлдөгү шахматтык доскада ойноого уруксат тура. А мен жөн эле догурунуп, менден озунуп отура калгандарды жаман көргөнүм бекер экен.

– Кел, мейман! Отур, – ордунан тура калышты беттешкен оюнчулардын экөөсү тең. – Сен да бизди кечир. Бу жерде күнүгө эле жүргөнүңдөн, өз кишибиз болуп калбадыңбы. Үстөлдү тыкылдатпаганыңдан…

Мына анан меймандос элди көрүп ал. Айыбы бар кишидей кичипейилдик көргөзүшкөнү – кайра өзүмдү уялтты… Бул калктын пейилине чындап ыраазы болдум. Дүйнө жүзүндө Грузия эмне үчүн туристтер өлкөсү деп таанылганынын сыры – калкынын кеңпейилдигинде окшобойбу…

Аңгеме башында айттым го: карылар калктын кулпусу сыяктуу…

Июль, 2022.

Батуми шаары, Грузия.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз