О`Шакир: Ородо ачыган шарап обого учурат

  • 23.06.2022
  • 3245

АҢГЕМЕ

Эх Телави, Телави. Мен сени качан эле сүйүп калгамын. Ашык элем сага. Вахтанг Кикабидзе ойногон “Мимино” киносун канча көрсөм, ошончо жолу сезим кытыгымды ойготор элең. Дүйнөдө “Чито-гврито” ырындай жагымдуу аваз кайда-оу.

Телавинин үстүнөн Вахтанг Кикабидзе вертолёт менен учат эле го, а мени Телавинин үстүнөн учурган батоно[1] Автандилдин шарабы болбодубу. Көңүлүмдү көкөлөткөн шарап мени Телавинин эле үстүнөн учурду дейсиңби… Жок. Бүтүндөй Грузия өлкөсүн, бүтүндөй Кавказды аралатпадыбы. Жок, андан да ары чалкыган чексиз дүйнөгө саякаттатып, жер шарынын чар тарабын чарк аралатпадыбы шараптын күчү. Чөйчөктөрүбүздү кагыштырган сайын жер бети тургай, жер астында жаткан арбактарга чейин жакшылыктарыбызды тиледик, каалоолорубуз бүтпөдү. Шараптын кызылын да, агын да каркытып отурбадыкпы батоно Автандил экөөбүз.

– Кана, алып жиберели… Тааныштыгыбыз үчүн! – Биринчи тост болду мунубуз.

Биринчи жолугушуу, биринчи тааныштык, биринчи достук мамилебиздин башаты болду бул күн. Биринчи жолугушуубуздун урматына далай чөйчөк көтөрүп жибердик. Ортобуздагы айнектей тунук карапа идиштин мойну кыйла ылдыйлап калыптыр бир карасам, мунусу 3, 4 литрлик кызыл шарап. Анын жанындагы 1 литрлик саргыл түстөгүсүн да бөксөртүп коюптурбуз далай. Бирок мага шараптын кызылы көбүрөк жакканын баамдаган батоно Автандил чөйчөгүмдү улам толтуруп койгонун байкабай калам. Экөөбүз кыйла бакылдашып, ымандай сырларыбызды төгүшүп отуруп;

– Батоно Автандил, – дедим илбериңки. – Мен эми барышым керек…

– Да… куда ты! – кыйла кызып калган батононун көздөрү тостойду муну укканда. – А шашлык… – пейли төгүлүп турган үй ээси шашып калды.

– Шашлык… в другой раз, – дегениме ичинен кыңырыла түштү, мени жанынан чыгаргысы жок. Айлам кетти. Батоного чыгармачыл жамаатыбыз менен бирге жүргөнүбүздү түшүндүрүп, сапардан кайтканга чейин дагы келеримди айттым. Көндү. Кебиме жумшара түшкөнсүдү.

– Тогда вот эту бери, – толтура куюлган чөйчөктү колума карматты. – Если пить то только до дна, – деди көздөрү жоодураган батоно.

Отелге жеткенде эле Автандил ава менен көңүл чер жазышып келгенимди баяндап, жамааттагыларга мактанып алдым.

– Жүзүң тамылжып калыптырсың, массың го, – дешти.

– Масмын! – дедим. – Мен мас болбогондо ким мас болот… – жаңы эле кебим кызып, сапарга бирге келген жамаатыбыздын бүйүрүн козгоп мактанчу жеринен сөзүм үзүлдү.

Саат 17:00гө белгиленген семинар башталып кетти. Мактанар кебимдин чаласы калды ичимде. Кайнап. Боркулдап. Сыртыма сырымды чыгарбаганым менен ичимде туйлап отурдум семинар аяктаганча. Кечки тамактан кийин көөдөнүмө батпай балкыган кепти анан бир бөлмөдө мени менен чогуу эс алган Сайпидинге кобурадым (С.Султаналиев – семинарга ал жарым саат кеч келген). Ал баянымдын четин угары менен жаздыктан башын жулуп алды:

– Оми-иий де! Сонун болгон турбайбы! – чалкалап жаткан ордунан түзөнүп, мага кадалды.

– Йе… Укмуш күн болду бүгүн.

– А кандай болуп кабылып калдың ал үйгө?

*     *     *

Сыртка чыксам отелдин алдында эки окшош элесипет туруптур. Ресепшндегилерден сурасам бу жердеги туристер үчүн элесипеттерди пайдаланууга уруксат экен. Шарт эле бирине миндим да Артананы (груз. ართანა – биз эс алган айылдын аталышы) түрө кыдырмай болдум. Айыл араладым көпкө. Грузин калкынын күнүмдүк жашоо-тирлиги кызыктырды. Коргондору тургай үйлөрү да таштан курулганычы. Оозумдагы отуз эки тишимден да тегиз, тимеле шурудай тизилгенине таң бердим. Таш үйлөр кандай усталардын колунан чыгат болду экен дейм ичимден. Кантип кынапташат?..

Биз бала кезде үйлөр жалаң саман аралаш топурак кыштан курулуп, чанда үйлөр гана бышкан кыштан тикеленсе, Грузия жергесинде кылымдардан бери короо-жай, үйлөрдүн баары таштан тургузуларын ушул жашка келгенде гана билдим. Көрсө булардын топурагы курулушка жарабайт экен биздегидей. Азыр го айыл жергесиндеги кабат үйлөргө көзүбүз көнүп бүттү. Таңгалбайбыз. Ал эми грузин айылдарында те илгертен эле 2, 3 кабаттап таштан курулган үйлөр көп экенине кийин батоно Автандилдикинен ынадым.

Огороддоруна көз жүгүртөм, бизде жок мөмөлүү дарактарды өтө көп. Көчөмө көчө аралап жүрсөм, алдыман жолумду тороп коркулдаган торопой кезикти. Артына кылчактап, мени тоголото сүзчүдөй дүңкүлдөп бери чуркады. Элесипеттен түшө калдым. Тап бердим. Өмүрүндө чочконун сырын билбеген киши курусун, тоголото сүзөбү дедим да. Жок. Антпеди. Ат-Башыда мал арасында чоңойгон жаным чочкого кезиккенде бул арамды же “өш” дээрди билбейм, же “кош” дээрди билбейм. Өзүнө окшоп “курк-курк” деп койдум сүр көрсөтмөккө. Менден сестенгендей кайра артына бурулду. Чыгырык куйругун чыбыктай сороктотуп качты.

Элесипетиме кайра миндим. Артынан түштүм. Эми чочкого эмес адамга кезигип кобурашсам дейм. Грузиндердин тирлигин жакындан билсем жаманбы. Ар жерден кезигип, көз жоосун алган мөмөлөрүнөн ооз тийгим бар. Айтор, Кыргызстанга барганымда “аларда андай экен, мындай экен” деп башкаларга көргөн-билген таасирлеримди айтып берсем дейсиң да… 

Бир убакта айыл четине чыгып калдым. Туш тарабым жүзүм талаасы. Куштар сайрайт. Каягына караба, токой-чер, тоо кыркалары жалаң жыш токойлуу. Дарыя шоокумуна кулак түрүп баратып, жолумдан кумурскалардын чубалжыган кербенине кезиктим. Жүк ташыган кумурска кербенине зыяным тийбесин деп элесипетимди көтөрүп, аттап өттүм. Арыктан аттагандай керилдим. Узун кербен кумурскалардын бутун да сындырбаган мейман экенимди көрсөткүм келди Грузиянын даркан талаасына. Керемет кооз Кавказ жергесинин кыбыраган кумурскасына да кыргыз урпагы кыянаттык кылбастыгын туйса дедим Жер-Энебиз…

Бир убакта ой келди: талаасын кыдырганда эмне? Тирүү жанга кезигип сүйлөшкөнүм артык эмеспи…

Артанага кайра кайырдым элесипетти. Дарыя жээгинде эки адам көзгө урунду. Барсам, чакага пакеттеги сары түстөгү порошокту эзип, аны суу ташыган машиненин бочкасына куйгандарына таңгалдым. Жакын барып салам-алик алыштым. Сүйлөшөйүн десем, орусча ооз ачпагандар экен. Ийин куушурушуп, иштерин токтотподу. Көңүл бурар түрлөрү жок мага. Шаабай сууп, экөөнү тиктеп дарыя жээгинде далайга отурдум. Албан-субандай экөө жалгыз чака менен чоң бочканы кантип толтурары; сууну эмнеге колдонору кызык туюлду мага.  

Мурундары коңкоёт. Кудум эле грузин кинокомедияларынын каармандарындай; болбосо кайсы соо киши бозүйдөй бочкага чакалап суу толтурат… Багелектерин жоон санга чейин түрүнүп коюп, муздак суудан буту какшаганы жээкке чыга качып, чаканы экинчисине сунат. Экөө тарталаңдап суу менен алек. Мен болсо аңырайып аларды карап отурам. Бул көрүнүш мендей бөлөк-бөтөнгө кантип кызык көрүнбөйт. Кезектешкен экөө бочканы качан толтурарына кызыгып карап отурсам, кеч кирчүдөй. Элесипетиме кайрадан миндим да, Артананы аралап жөнөдүм. Көпкө жүрдүм. Чарчадым. Бирөө-жарымды кепке тартайын десем – жашы деле, карысы деле орусча сүйлөбөгөндөр экен.

Мээме ошондо жетти: грузин калкы орус таасиринен эбак обочолоп, өз алдынча улут болуу намысы ойгонгон шекилдүү. А бизде кандай – элет жергесине барсаң эки ооз орусча кептин башын араң кошкону деле орус тилинде чалжырайт: “Больницага баратам” дейт, “магазинден келатам” дейт, “звандап кой”, “сахар ала кел”, “неберемдин день рождениясы”, “мама-папа”, “родной братым”, “сестренкам”...

Жан кашайганы – айыл жергесинде жашаган кыргызың деле “дом продаю” деп жазып койгонучу, анын үйүн эле орус келип сатып алчудай. А шаарларыбызчы! Көчөлөрдүн аттары – кыргызга кылдай кызматы жок орусча ысымдар!

Грузияда жүрүп Ат-Башыда киндик каным тамган өз айылымды элестеттим. Аталышы – Калинин! Отуз жыл мурда Ак-Талаа деп эски атынан аталып баштаган, бирок кийин көнгөн адатыбыз калбай Калинин бойдон аталып жүрөт. Али күнчө Михаил Иванович Калининдин эстелиги да турат. Ал кишинин биздин айылга анчалык эмнеси өтүп кеткенин сурасаң, айылдаштарымдын эч биринин кабары жок. Ийин куушурат. Менин айылым сыяктуу коммунисттик доордон берки аталыштар өлкөнүн кайсы гана дубанында жок?! Толтура! Ошон үчүн өз айылымды эчак эле “Жинди кыштак” атап, аңгеме жазгамын…

Грузиянын кайсы айыл-кыштагына же шаарына барба, аталыштар өздөрүнүн байыркы арибинде бадырайып, шуру-мончок тагып койгондой көрктүү. Эне тилди сыйлаган эл өз эстутумун чанбайт тура. Болбосо өз кадыр, өз ариетибизди сыйласак, байыркы кыргыз жазууларына Садык досум Шер-Нияз эстелик тургузат беле?.. Эстеликти жүрөгүбүзгө куруп, байыркы кыргыз жазууларын турмушубузда колдонгон эл болбойт белек, арман!

А Грузия бүгүнкү күндө четөлкөлүк туристер байма-бай каттаган дүйнөгө эң белгилүү өлкөлөрдүн бири. Сырттан келген меймандарды өзүнө гипноздой тартат. Мунун сыры эмнеде – баш катат. Өзүн карапайым грузин санаган батоно Автандилдин босогосун аттаганда да байыркы архитектуралык курулуштардын үлгүсүн көрдүм, – күнү бүгүнкүдөй...

Эки жактан көзүмдү тарта албай, Артананы түрө кыдырганымдын даа бир себебин мынча болду окурманга кайпаңдабай ачык айтайынчы. Үйгө кайтканымда куру кол барбай, грузиндердин нукура шарабын колуктума арнап, базарлыкка деп ала барсам дегемин. Дүкөндө сатылган түрдүү шараптардын кайсынысы нукура экенине кепилдик барбы, а көрөк айылын аралап, бирөө-жарым менен таанышсам, колго жасалган шарап табылбай эмне болуптур деп кыдырып жүрбөдүмбү. Бирок орусча ооз ачпаган бир жанды таппасам, кайдагы шарап буюрсун мага…

Кандай болбосун шарабы деле табылмак акыры, бирок дүкөндө сатылгандарынын не кереги бар? Мен жинди грузиндер үйүндө ичкен шараптын эң мыктысын издедим. Ошол эң мыктысын таап, үйгө келгенимде шарапты грузиндердин өзүндөй мүйүзгө толтура куюп, колуктум менен кагыштырып ичсек дегемин…

Бир убакта аркамда келаткан машине күтүүсүздөн пипилдетип, жүрөгүм “болк” дей түштү. Тынч айылдын көчөсүн чуулдатып, чаңын сапырган бейбаш жаштарга кабылдымбы десем, жок. Баягылар экен – мурду коңкойгондор. Бочкаларына суу толтурса керек. Экөө эски таанышын көргөн немедей жама жайлары жайылып, мага кол булгалап зуу коюп өтүп кетишти. Мен да отелге барар жолго кайрылып калган кезим. Элесипет тээп жүрүп чарчаганымды сезип, көчө боюнда тыным алмак болдум. Аңгыча таш коргондун түбүндө отурган карыя көзгө чалынды. Биротоло ошол карыянын жанына барып көчүк басайын дедим.

– Ассалом алейкум, – дедим адегенде Чыгыш өлкөлөрүнөн келген мейман экенимди туюнтуп.

Андан аркы кебибиз шыр кетти. Аркы-беркини кобураша келсек, бири бирибизди түшүнгүдөйбүз.

– Жаш кезде орусча билчү элем, азыр унуттум, – деген батоно Автандилди жоокалатып койдум:

– Мени эле кыйратып билет дейсизби орусчаны. Сүйлөй бериңиз…

Чыгыш элдерине кызыгуусу бардай суроо артынан суроо бере берди ал дагы. Мен даа талкан сугунгансып отурат белем, батононун тамырын тарта сүйлөп отуруп сурап калдым:

– Сиздерде өңчөй таш үйлөр экен. А кышындасы суук эмеспи? Ичин кантип жылытасыңар?

– О дорогой, пойдем! – алдыга түшүп, короосунун эшигин ачты. – Заходи. 

Кемпирине кыйкырдыбы же башкасынабы – тоотподу. Киши чыкпады үйдөн. А мени эшигинин алдындагы көлөкөгө отургузуп, үйүнө жылт коюп кирип кетти. Таш коргондорунан көзүмдү тарта албадым. Бир убакта колтугуна 3, 4 литрлик карападан жасалгандай айнек идишти кысып келатканын көрүп, дароо эле грузин шарабы болсо керек дедим ичимден. Кымыңдадым. Кечке айыл аралаганымдын акыбети буюрганы ушу да ия...

Чөнтөгүмдөгү долларга кол сундум.

– Это сколько стоит?

– Не-ет, не продаю! – акчамды көрүп чок баскандай секирди батоно.

Дагы бир колунда сары түстөгү суюктук. Экөөнү койкойтуп үстөл үстүнө койду да, шашкалактап кайра кирип кетти. Сыр алып чыгып туурады. Эки чөйчөккө мелт-калт куйду шараптан.

– Давай, дорогой, – деди.

Чөйчөктөр кагышты.

– Вах! – дедим шарапка тамшанып.

– Ну как? – деди.

– Воот! – дедим бармагым менен жандап.

– Кел эми, мынабуну көр, – сары түстөгү шарабынан куйду.

Анысы саал кычкыл даамдуу экен. Ачуурканганымды көргөн батоно тууралган сырдан оозума сунду.

– Шарапты сыр менен жуткандын кыныгын билген эл француздар го десем, көрсө грузиндер да сыр менен ичеби, батоно?

– Охо… Французуңду билбейм. Мынаминтип биз ичебиз сыр менен, – маашырланган батоно Автандил бирде шараптын агынан, бирде кызылынан куюп, экөөбүз улам-улам тос айтып кучакташабыз.

– Болду, көп иче албайм… – дедим бир убакта.

Дегеле өмүрүмдө ичимдиктен алысмын. Көп ичип көнгөндөрдөн эмесмин. Муну айтып буйтаңдаганыма көнөр эмес.

Чөйчөгүн толтуруп дагы сунду: 

– Мына мен, – дейт мактанып, – жетимиш тогуз жаштамын. А сен жаш туруп…

– Жо-ок, жок, – дейм кетенчиктеп.

– Анда жүрү, – деди үйүнүн артына кол жаңсап.

Үйүнүн артында башка эшиктен ичкериге аттадык. Дубалдын боорлорундагы текчелерде толо шараптын түрү жыйылган. Карапалар түр-түрү менен ар жерде жайнайт. Бош карапа идиштер өзүнчө койкоёт тигинде. Кудуктун капкагына окшогон жалпак, тегерек таштын үстүндө турган эки-үч жез чөгүндү ары жылдырды да, эми оозун өзүң ачып көр дегенсип өз тилинде бирдеңке деди. Тегерек ташты араң козгодум ордунан. Оор экен. Оронун оозу ачылды, өзүмдүн да оозум ачылды: ичи капкараңгы, бирок түбүндө моюндары койкойгон чопо идиштердин чоңу да, кичинеси да толо.

– Шарап сактаган жайыңарбы?   

– Даа, – деди. – Мно-ого, много веков… Мно-го, много годов… – даа бирдеңкелерди өз тилинде сүйлөнгөн батоно Автандилдин бул айткандарын дилимде түшүнүп турдум.

Демек, бул оронун түбүндө көп жылдык шарап сакталат дегени го. Мүмкүн чоң ата, чоң энелери да ушул оронун түбүндө сакталган шараптан далай таткандыр дедим оюмда. Далай жакшылык, далай шаан-шөкөт тойлордо ачышкандыр бул орону... Себеби андан ары эки кабат үйүнүн эшик-төрүн көрсөтүп жүрүп минтти:

– Бул таш үй те качанкы чоң аталарымдан калган. Ошондон бери сырты жаңыртылган жок. Болгону ичин гана мынабул өз колум менен жаңылап койгомун, – деп жоон билегиндеги толгонгон аркандай булчуңун көрсөттү батоно.

Булардын усталары ташты тим эле пластилиндей ийлеп, пластилиндей чоюп узанабы – түшүнсөм буюрбасын. Же байыркы замандардан бери таш усталардын керектүү шаймандары болгонбу? Болбосо таш деген таш ко, аны кантип тептегиз кынаптап, урчугун чыгарбай дубал курууга мүмкүн? Андан да кызыгы – кооздук үчүн таштарды чөйчөктөй оюп, жумурткадай жылмакай формадагы кооздукка жеткиришкеничи…

Биз да жөн калк эмеспиз дечи. Тек, биздин элдин руху да байыркы балбал таш, моло таштарда тил катпай, үн катпай төнгөн. Саймалуу таштардын сыры дале купуя…

Чынында таш усталардын чеберчилиги менен кынаптап курулган батононукундай үйлөр кылымдар бою былк этер эмес. Маселен бизде Таш-Рабат кербен сарайы кайсы кылым, кайсы доордон бери ордунан козголбогондой эле, илгерки таш усталардын колунан чыккан мындай үйлөр ар бир грузиндин атасынан баласына, небере-чөбүрөсүнө, муундан муунга мураска өтө берет окшобойбу... Негедир батоно Автандилдин үйүнүн ичи-тышын көргөндөн кийин мага бул элдин сабырдуулугу да таштай оор, таштай сырдуу туюлду. Батоно бул үйдө жалгыз жашайбы, кемпири барбы – сураганым жок. Өзү да айтпады…

Кептин кызуусу тереңдеди – батоно экөөбүздүн. Биз бала күнүбүздөн Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасын окуп чоңойгонубузду, ошондон улам кыргызда Автандил, Тариэл, Нестан, Тинатин, Рустеван аттуу ысымдар кеңири жайылганын айттым. Биз да грузин калкынын көркөм адабиятынын таасиринен сугарылып өскөнүбүздү; сүйүү каттарын жазышканыбызды; баатырлардын, шерлердин мүнөзүндө калыптанганыбызды айттым эле, батоно мени бооруна бекем кысып, бетимден өөп жиберди кубанып. Мен да аны кучагымды керип, боорума бекем кыстым да:

– Ботана, – дедим, – сизди кучактаганымды жалпы грузин элин кучактаганым деп билиң. Сизди боорго кысып кучактаганымды кыргыз-грузин элдеринин рухун кучактаганым деп билиң!

– Давай, дорогой, за дружбу! – ал мени кучагынан бошотуп, чөйчөгүн сунду.

Грузин элинин жашоо-тирлигин кайсы бир искусство түрү же көркөм адабият да бүгүнкү өз көзүм менен көргөнчөлүк чагылдырат беле? Жок. Кайра-кайра жок! Ушул ой көңүлүмдү көлкүтүп, ыракатка балкытты. Ородо ачытылган шараптын күчү да эй. Ботана Автандилдин үйүнөн туз даам татып отурганым – бүтүндөй грузин элинин сый-урматына тең болду мен үчүн. Грузин жергесиндеги эч бир аземдүү ресторан же мейманкалар эмес, мага батоно Автандилдин үйүндө көргөндөрүм чыныгы экзотика эмеспи. Үй ээси да, анын шарабы да нукура экзотиканы колум тургай, жүрөгүм менен сыйпалап сезгенчелик болду…  

Батоно экөөбүздүн биринчи таанышкан күнүбүз бул. Кийинки күнү ыраазылык билдирип, белек-бечкегим менен келдим. Жетине албай тосуп алды короосунан.

Мурунку күнү шараптын күүсү менен жазуучу экенимди айтып койгомун. Бу жолу атайы белектерим менен кошо китебимди да карматтым.

– О ты пишешь, даа?!

– Да… – китебиме колтамга шилтей салдым. 

Үстөлүн дагы жайнатты. Батоно экөөбүзгө арналды биринчи тост.

– Этот тост за все семью, – деди кийинкисин.

– Да… За детей, за жены! – деген кыстырмамды кыя чапты.

– Не-ет. Дети, внуки, жены потом. У нас тост течет… как вода, – дебедиби батоно.

Жөнү бар экен көрсө. Кийинки тосторубуз аккан суудай улана берди. Өзүнөн өзү. Жалпы үй-бүлөдөн кийин балдарыбызга, неберелерибизге өзүнчө, ата-энелерибизге өзүнчө тосттор айтылды. Досторго, санаалаштарга, ишибизге, ден-соолукка өз-өзүнчө тосттор айтылды. Эч кимди унутта калтырбадык. Качанкы сөөгү сөпөт болгон ата-бабаларыбызга чейинки тоско жеттик бир убакта.

Батоно Автандилдин тосттон кийин көздөрү күлмүңдөп, кошумчалаганы:

– Биз эч качан өлбөйбүз. Билесиңби?.. Себеби урпактарыбыз ар дайым бизге арнап далай-далай тост көтөрөт. Азыр биз качанкы арбактар үчүн тост көтөргөнүбүз – алар жүрөгүбүздө…

Үй ээси улам кыстайт чөйчөктү толтуруп. Мен улам бир ууртап тынам.

– Ты еще молодой. До дна… пей.

– Да я молодой, но я же не грузин…

– Нет, дорогой… бери и пей, – кыстаганын койбоду батоно.

– Вы наверно из малых лет научились пить?..

– Да-а… – деген батоно үстөлдөгү нандан үзүп, аны кызыл шарапка малып оозума сунду.

Чынында шарапка малынган нан өтө ширелүү даамданды.

– Дети не болеют, если вот так… – деген үй ээси өзү да шарапка нандан малып сугунду.

Тамшанып алды качанкы балалыгына барып келгендей.

Көрсө, грузиндер ымыркай балдарын эрте жашынан кынык алдырат шекилдүү. Бизге чоң энелерибиз нанды каймакка малып жедиргендей жедирет окшобойбу. Биз деле бала күнүбүздөн кымыз, бозого үйрөнгөндөй, булардын наристелери да шарап даамын эрте жашынан татат тура. Анан мен кайдан батоного теңелип шарап иче алат элем… Агер батоно экөөбүздүн алдыбызда бир чанач кымыз же бир мискей бозо турса, батоно жарыта ичет беле? Кимибиз көп ичмекпиз? Мен да, мен. А батоно болсо шараптан мен кандай ачууркансам, ал дагы мага окшоп кымыз менен бозону абай ууртап отурмактыр. Чоң ууртап алса ачуурканмактыр. А мен кылк-кылк ууртап отурмакмын бозону да, кымызды да…  

Кобурашып отуруп мени колдон жетеледи.

– Пойдем, тебе завод покажу.

Очоктун башына жетелеп барды мени. Завод дегени очоктун башы экен. Шарап кайнатчу узун моюн казандын капкасын ачты. Анысы биздегидей жайылган казан эмес, узун казан. Казанга улантылган түтүкчөнү көрсөтүп, өз тилинде түшүндүргөнгө өттү. Бирок мен ички туюмум менен “шарап заводу” кандай иштээрин оңой эле түшүнүп алдым. Очоктон обочо жерге токтоп, кадимки каймак тарткан сепаратордукундай шарап тамчылачу жерди көрсөттү.  

– А здесь вино капает, – бу жерин орусчалап түшүндүрдү. – Вот тут шашлык делаем, – муну да мага түшүнүктүү тилде айтты. Шашлык бышырган жайы “шарап заводдон” алыс эмес жерде экен.

Шарап тамчылачу түтүктүн кокосу очоктон алыс 4-5 метрлик аралыкка чейин созулуп барыптыр. Сыягы шарап кайнаган мезгилде сүттөн бөлүнгөн каймактай болуп, жүзүмдүн эң ширелүү маңызы да тамчылап-тамчылап акса керек деп боолгодум.

А очоктун жанында дубалдай тизилген кургак отундар быйылкы шарап мөөнөтүн күткөндөй…

– Теперь тост за бога! – даа бир алдырды батоно.

Өмүрүмдө Кудайга арнап тост көтөргөн кишини биринчи көрүшүм. Демек, жалпы грузин элинде Кудайга болгон сый бөтөн экен деп түшүндүм мунусун…

Мага батоно Автандилдин акыркы тосту да катуу таасир калтырды:

– Давай дорогой, в завершении еще один тост за Шота Руставели и за Алыкула Осмонова!

– Да-а! Батоно, вы озвучили самый гениальный тост! Теперь я точно до дна буду…

– Капли не оставляй, – деди эле, калтырбай шимидим.

Батононун ородо ачыган шарабы асманга учуруп, асманга көкөлөтүп жиберди көңүлүмдү.

Өз мекениме келгенде гана жерге түштүм… Кайрадан жер менен басып калдым…

Июнь, 2022.

[1]Батонон (ბატონო) – ава же аке.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз