Каухар Биймамат кызынын кыска көйнөк аңгемелери – 2

  • 30.01.2023
  • 3318

ӨЛТҮРГҮЧ

– Алоо апа, курал-жарак заводуна ишке кирдим.

– Балам, ал жерден чык!!! Мен сени адам өлтүрсүн деп асырап чоңойтумбу?!

КЕЛГИН КУШ

– Аа сен ошончо жыл окуп-чокуп, иштеп-тиштеген, өнүккөн шаарды эмнеге таштап келе бердиң? – деди курбусу.

– Бул жакты өнүктүрөйүн деди, – ал.

ТУМАН

Өңү өчүп, көз нуру начар адамга билинбей калган, “зебра” менен өтүп кетип жатканда: “ви-иип!” эттирип жол тандабас машина минген чиновниктин айдоочусунун ачуу кыйкырыгы жаңырды.

– Эй мал! Зебрадан өтпөйсүңбү?!

Ал болсо “көз тумандап, зебраны эмес адамды зорго көрүп атса эмне кылайын” деди ичинен.

АТА КОНУШ

Жыйырма жылдан кийин жайлоодогу ата конушка келди. Бирок каңырыгы түтөп ыйлап жиберди.

Карагай, арчалуу конушта түбүнөн кыйылган дүмүрлөрү калыптыр.

САКТОО

Бүргөн баскан талаада жаратылышты коргоо үчүн баннер илинип турат: “Мурда ушундай болгон”.

Ага ажайып токойдун экосистемасы тартылыптыр...

МУКТАЖДЫК

Бала чагында телевизордон кечиндеси көрсөтүлөр жети мүнөттүк мультфильм үчүн өзүнө буюрулган жумуштун баарын аткарчу. Азыр баласына тамак берүү үчүн телефондон мультфильмдин түрүн көрсөтүп тамак берүүгө даяр.

САМЫНДАН УЧКАН КӨБҮКТӨР

– Спорттук иш-чарада да стадиондо мынчалык көп эл болбойт ко...

– Ээ дос, ырчы-чоорчусу, даңкылдак-дуңкулдагы менен булар кимдер?..

– Ээ буларбы?.. Булар шайлоого жакын калганда учурулган "самындын көбүктөрү". Шайлоо бүткөндөн кийин таппайсың.

ДОЛЛАР $

Аябай чоң баннерге доллардын сүрөтүн чыгарып, ал жөнүндө түшүнүк берди.

Түшүнгөн адам колуна чыныгы доллар кармаган соң, “кантип ушундай кичине болсун” деп таштап салды.

ЧЫРАЙЛУУ БОЛУУ

Социалдык тармактагы аябай керемет, кооз, ишенимдүү тартылган косметологдун рекламасынан улам ага барып, сокур болуп калды.

ДҮКӨНЧҮ

Карыз алган адамга WhatsApp аркылуу жазды: Саламатсызбы? Ден-соолук, иштериңиз жакшыбы?

– Ким экен?! Жакшы.

– Неме... тамак-ашты абдан кыйын жасайт экенсиз ээ?

– Кайдан билдиң?! – “бурк” эткен аудиосу келди тигинин. Андан соң: – Ооба, – деген бир топ мактанычтары, жасаган тамактарынын сүрөтү келди.

– Ии... аябай жакшы жасайт экенсиз, неме... ошо... алгандарыңыздын акчасын бериңизчи?

– Өлүп баратасыңбы? Берем! Жаз бар, күз бар. Айлык келгенде.

Кыпкызыл жинденген быйтыкча менен каардуу сүйлөгөн, жинденген аудиосу келди.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз