Икая: Динаятчы жана сойку

  • 02.03.2023
  • 5302

Сүрөт cameralabs.org булагынан алынды

Ар башка диндер толтура, а жалгыз кудайдын кудуретине жер үстүндө баары баш ийет. Бул керемет икая жашоодо жаңылыштык кетирген болсок, терс жолдогуларды оң жолго салар нуска.

Динаятчы болуптур, анын үйүнүн маңдайында сойку келин жашачу экен. Динаятчы кудайдын куттуу күнү өзүнүн осуятын окуп, ыйык милдетин аткарчу дейт. Диний аятын окуган сайын сойкунун үй терезесинен көзүн албай кобуранчу экен: «Жалап болбой куруп калгыр-а, таң аткандан бери буга үчүнчү кардар келди...»

Сойку болсо динаятчынын үйү тарапты караган сайын чын дилинен суктанчу экен: «Бу киши кандай гана акылман, такыба. Таң аткандан бери диний осуяттарын окуп, диндеги ыйык сөздөрдү кайталап отургандыр!»

Жылдар өтөт… Маңдайга жазылган буйрук экен: динаятчы менен сойку бир күндө өлөт.

Көктөн түшкөн бейиштин периштелери динаятчынын үйүнө токтобой, сойкунун үйүнө өтүп кетишет.

Муну көргөн динаятчы үн катат арттан:

– Силер каякка? Мен мындамын го! 

Периштелердин жообу:

– Жок-жок, биз сага келгенибиз жок. Тиги келиндикине барабыз. А сага тозоктун периштелери келип калышат азыр. 

Динаятчы муну угуп, таңгалат: 

– Бул эмне дегениңер?! Өмүр бою шарият жолунан чыкпастан, дин жолунда келдим го! А тиги неме жеткен сойку!

Периштелер жооп кайтарат:

– Ооба, бирок сен керелдин кечке сойку жөнүндө ойлоп, терезесинен көзүңдү албай, анын тагдырына сын тагып келдиң! Бассаң-турсаң оюңдан арамдык кетпеди. Сен өзүңдү сойкудан жогору коюп, өзүңдү өйдө көрдүң андан. Ал кургур болсо сенин такыбалыгыңды ойлоп, урматтап келди. Сен жөнүндө эч бир арам ой болгон жок анда. Сен ооз учуңдан окуган диний осуяттарды ал акылы менен миң кайталап, Кудайды эч качан унуткан жок. Ошон үчүн биз сойкуну алып кеткени келдик.

ТЫЯНАК: Көрсө биз ким, эмне жөнүндө ойлонгон болсок, демек, өзүбүз ошого айланат турбайбызбы. Башкаларга сын тагуудан алыс болуп, ар ким өз жолунда жүргөнү эп экен.

Которгон Бек ТАМЫРЛАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз