Сексолог менен гомофобдун аңгемеси

  • 22.12.2022
  • 3570

– Жамандыкты жайылткан НПОлорду жок кылыш керек! – гомофоб баягысын кайра баштады. – Эми алар бала бакча, мектептерге жыныстык сабаттуулукту окутуш керек дегенин кантейин.

– Жыныстык сабаттуулук ошо бала бакча, мектептерден башталса кана, – сексолог үшкүрүндү.

– Коомду бузган силердей акмактардыбы?! – туттуккан гомофобдун ачуусу мурдунун учуна конду.

– Эгер мектепте окуган балаң химия, физика, адабият же кайсы бир сабагынан начар болсо, балаңдын тагдырына ал сабактардын эч зыяны деле жок. Бирок жыныстык сабатсыздык балаңдын тагдырын талкалап коюшу мүмкүн.

– Кантип талкалайт экен? Тагдырыбыз талкаланбай этпей эле келдик ко илгертен?!

– Далай жаштар билбестик кылып жыныстык ооруларга кабылып, канчалаган кыздар боюна бүтүп калары – алардын тагдырын талкалаган жокпу? – сексологдун бул суроосуна гомофоб жоошуп калды, бирок көпкө эмес. Бир аз үн катпай отуруп, кычыкы суроо узатты дагы.

– Гомосексуалдар азыр көппү же мурда деле көп болгонбу?

– Мен аларга шам кармап бергендей сурайсың да... Кайдан билем? Билгеним: гомосексуалдар кайсы доордо көп болгонун айта албайм, бирок алардан да кимдер көп?.. Айтайынбы? – сексолог сынай карады тигиге.

Бул суроого тигинин бүйүрү кызып, эмне шумдукту айтат дегендей ойдолоктоду.

– Кимиси көп?

– Кимиси… Кайсы доордо болбосун шылуундар, жемкорлор, кошоматчылар, ырайымсыздар, кара мүртөздөр, түркөйлөр көп. Адам баласынын эң зыяндуусу ошолор. Ошолор коркунучтуу.

– А эмне, гейлер коркунучтуу эмеспи? – гомофоб сексологдун жообуна ыраазы болбогондой чыртыйды.

– Эмне, алардын чочогу сенин көтүңө кирип атабы? Ишибиз канча алар менен? – деди эле, тиги тишин ташка кагып алган немедей отуруп калды.

Ноябрь, 2022.

О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз