Көктөгү Кудайды, маңдайдагы өлүмдү унутпа

  • 08.03.2023
  • 2245

Каныбек Иманаилиевдин “Кыргыз наме” китебиндеги уңгулуу ойлор, нускалуу кептерден...

*     *     *

Эч ким көргөн жок деп коёсуң. Үстүңдөн Кудай, сыртыңдан эл, ал эми ичиңде өз абийириң карап турат.

*     *     *

Адамда үч түрлүү кулак болот. Биринчиси таш кулак. Экинчиси акма кулак. Быягынан айтсаң, тыягынан агып чыга берет. Үчүнчүсү куйма кулак. Бүт баарын угуп, сиңирип алып, унутпайт.

*     *     *

Эне эки учурда гана карыйт: балдары уят кылганда жана уул-кыздарынын чачтары агара баштаганда.

*     *     *

Бала тарбиялоо ага жасаган мамилеге жараша. Андыктан төрөлгөндөн жети жашына чейин аны ханыңдай урматта. Он төрт жашка чейин аны кулуңдай жумшап иштермандыкка көндүр. А он төрт жаштан кийин жан досуңдай мамиле жаса.

*     *     *

Жайлуу жерлерде жаныбарлар дайыма көп. Суусу кенен, чөп мол жерге жыл сайын мал көп келет. Жашоо кайнаган жерде бүркүтү да, карышкыры да болот. Алар мал барбаган какыр чөлгө жолобойт...

*     *     *

Ашык сүйлөп алгыча, унчукпаган жакшы. Унчукпагандын акылы көбүрөк. Унчукпоо алтынга тете.

*     *     *

Кыргыздар эң бийик кадырды баалайт. Биринчи байлыгыбыз – тилибиз. Мекенибиздин башталышы – өз айылың. Ыйык тамак – нан. Кыргыздын урааны – Манас. Биздин таянычыбыз – ар-намыс. Кудайга жалынганда биринчи кыргыз “Акылынан алдырбасын” деп сурайт.

Кыргыздын биринчи сыноочусу – анын эли. Эң сүйүнүчү – уул төрөлүшү. Сүйгөн кумары – куш салып, аң уулоо.

*     *     *

Укканды билген пайдалуу. Укканды билген – бул аңгемелешкен кишинин пикирин сыйлоо. Укканды билген адамдын ички маданияты бийик. Укканды билүү – бул чыдамкайлыктын, акылдуулуктун белгиси. Кооз сүйлөй албаган киши ийгиликке жете алат, а уга албаган киши такыр ийгиликке жетпейт. Бир жолу айтып алгыча, аны миң ирет угуш керек.

*     *     *

Кишинин акылдуу экенин көз карашынан билсе болот. Ал өзүнө жана максатына ишенет. Элинин өткөнүн эстейт жана келечегин көрө алат. Ишеничин актайт. Акылдуу кишилер менен дос болот. Өз күнөөлөрүн эрте баамдайт. Акылдуу адам ашыкча тамактанбайт. Тынчтыкка умтулат.

*     *     *

Жараткандан бирдеме сурагыча, андан акыл, чыдамкайлыкты сура. Такыр капа болбо, дайым шайдоот жүр. Кадырыңды түшүрбө жана башканы кемсинтпе. Эч кимден коркпо, бирок баарын урматта. Өз акылыңа таян, бирок башканын алсыздыгына чыда.

Көйгөйлөрдү талкуула, бирок айтышпа.

Сүйлө, бирок чеченсине бербе.

Түшүндүр, бирок үгүттөбө.

Сурабаса жооп бербе.

Жардамыңды аяба, бирок жадатпа.

Алдаба. Табалаба. Аткара албасаң сөз бербе.

*     *     *

Дүнүйөдө ден соолугу мыкты адамдан бай адам жок.

*     *     *

Адам өз өмүрүндө төрт мезгил жашайт. Биринчи – атанын денесиндеги жашоо.

Экинчи – эненин денесиндеги жашоо.

Үчүнчү – жердеги жашоо.

Төртүнчү – көктөгү жашоо.

*     *     *

Туура түшүнүү жана туура ойлоо акылды өстүрөт. Туура сүйлөө, туура аракет жасоо адептүүлүккө үйрөтөт. Ал эми туура аракет, баамдоо, ниет, эстеп калуу, ойду топтоо туура чечимди кабыл алууга негиз болот. Туура чечимдин негизинде туура жыйынтык жаралат.

*     *     *

Ата-бабанын салтында жети атасын билбеген уул – кул, жети энесин билбеген кыз –күң деп айтылат.

*     *     *

Адамдын мыктысы, көл адам болот, пейили тунук, бардыгын өзүнө батырган. Анан булактай туптунук мөл адам болот. Өзөндөй шаркырап агып турган мээнеткеч адам да болот. Бүгүн мында, эртең тигинде бир жерде күлү додо болбогон шамал адам болот. Кабагы дайым бүркөлүп, туман басып турган кара туман киши да болот. Күндөй жаркырап жүргөн, күндөй мээримдүү адам болот. Дайым кир ойлонуп, ниети таза эмес куюн кишилер болот.

*     *     *

Кудайга жакпаган үч түрдүү адам болот. Эң ириде жаш туруп жалкоолук кылган киши, анан падыша болуп калп айткан киши, үчүнчүсү кембагал болуп туруп ашкере мактанган киши.

*     *     *

Адамдардын жүрөгүнүн көлөмү бирдей, окшош. Бирок жүрөктүн сезими окшош болбойт. Эт жүрөк – эң сезимтал жүрөк. Таш жүрөк – зөөкүрдүн жүрөгү. Суу жүрөк – коркоктун жүрөгү. От жүрөк – сүйүп турган жүрөк. Тоо жүрөк – кебелбеген баатыр жүрөк. Муз жүрөк – жакшылыгы жок, мерез адамдын жүрөгү. Чаң жүрөк – ар дайым начар ойлогон, жамандыкты издеген жүрөк.

*     *     *

Ич тардык бүт пейилди бузат.

*     *     *

Эрк – жүрөктө, жүрөк – көкүрөктө. Эр жүрөк адамдын көкүрөгү түшпөйт. Акыл – башта, күч – билекте, кубат сөөктө, кайрат – булчуңда, сезим – боордо, уят – бетте, намыс – тулку бойдо, сөз – ооздо.

*     *     *

От суу менен өчөт. Ал эми кайгынын оту жакшылык менен өчөт. Дүйнөкорлукка жанган от сабырдуулук менен өчөт. Ашыктык оту убакыт өтүп өчөт. Ал эми өмүр оту ажал келгенде өчөт. Эч качан өчпөгөн от бул – үмүт оту.

*     *     *

Аксакалы акылман айылдын балдары адептүү болот.

*     *     *

Нарк. Кыргыз эли наркын сактаса ар дайым түбөлүктүү.

*     *     *

Эр жигиттин үч шериги, үч жоосу болот. Үч шериги: асыл жары, астындагы аты, антташкан досу. Үч жоосу: жалкоолук, жагымпостук жана жалганчылык. Адилдик акыйкатты сүйгүлө. Чындыкты сүйгөн жеңилбейт. Алар ар дайым өмүргө жарык берет. адал иш кылып, арам иштен качкыла.

*     *     *

Кыргыздарда саясатты билгендер көп, бирок ишти билгендер жок болуп атпайбы.

*     *     *

Эгерде жалган айтсаң, мактанчаак болсоң жана кошомат кылсаң, бүт көркүңө көө жабылат.

*     *     *

Эркекти кайым айтышып эмес, эркелеп жеңиш керек.

*     *     *

Өмүрдөгү өксүк арман: айыкпас дарт, табылбас жан, адашкан сүйүү.

*     *     *

Жанга эртеңки күнүң, эңсеген ашың, ээрчиген бактың аманат.

*     *     *

Кемпиринен ажыраган чал, чөп чыкпаган жер, айтылып, бирок түшүнбөй калган сөз жетим.

*     *     *

Эң таза жүрөк, бул кек сактабаган жүрөк.

*     *     *

Көктөгү Кудайды, анан маңдайдагы өлүмдү унутпа.

*     *     *

Үч нерсе көзгө көрүнбөйт. Тагдырдын жазганы, Өмүрдүн өткөнү, Адамдын мүнөзү.

*     *     *

Көңүлүңдө таарыныч, жүрөктө кек, ашказанда ашыкча тойгондон тамак оор жүк болот, ошолорду көтөрүп жүрүү кыйын.

*     *     *

Өз ачуусун токтото алган киши эң күчтүү. Ал акыры баарын жеңет.

*     *     *

Үй-булөңдөгү бак-таалай анын көлөмүнө же ичине жыйган байлыкка байланыштуу эмес. Бакыт, таалай ошол үйдө жашаган кишилердин пейилине, ынтымагына жараша болот.

*     *     *

Кыргыздын байыркы үнү комузда калган болсо, ошо доордогу ата-бабалардын ой чабыты, тагдыры, кыялы, мүнөзү оймолорунда калган.

*     *     *

Бул дүйнөдө бак-таалайлуу жашоонун үч эле сыры бар, эч бирөөгө көз артпа, эч кимди кызганба, эч кимди ушактаба.

*     *     *

Жүрөк эркти билгизсе, боор бир туугандык сезимди билдирет.

*     *     *

Жакшы сөз, жакшы мүнөз жана жакшы түгөй адамды картайтпайт.

*     *     *

Таза ойлоп, так сүйлөп, таза иштөө узак жашоонун сыры.

*     *     *

Колдун тазалыгы – кир нерсе кармаба; кулактын тазалыгы – жаман сөз уксаң унутуп кой; көздүн тазалыгы – көрө албастыктан алыс бол; ооздун тазалыгы – жаман сөз сүйлөбө; дене бойдун аруулугу – өзүңдү таза кармап, таза кийин; акыл-ойдун аруулугу – дайым арам ойдон оолак бол; жан-дүйнөң менен жүрөктүн аруулугу адамды айкөлдүккө алып барат.

*     *     *

Ар бир чөп, өсүмдүк, бак-дарак өйдөгө умтулуп өсөт. Ар бир куш бийиктикке карай учат. Адам баласы да өмүр бою өргө, бийиктикке гана умтулганы ийги.

*     *     *

Эне сүтүн тоё ээмп, даамын билген  атуул өз эл, мекен, жерин сатып кетпейт.

*     *     *

Байлык байлыктын чегин билбегенге такыр бакыт алып келбейт. Көрө албастык жана ачкөздүк ар кандай нерсени ууктуруп салат.

*     *     *

Жараткан өз тагдырын өзү жасагыдай мүмкүнчүлүктү ар бир адамга берген.

*     *     *

Мен эч кимден коркпоймун. Бирок элдин ишеничинен кеткенден коркомун. Алар мени ушундай даражага алып келген. Ошондуктан мен аларга ишенемин.

*     *     *

Адам баласы да бир жерде жата берсе дене бою берч болуп кетет.

*     *     *

Дүйнөдө эң бай киши – балалуу адам. Эң ынак дос – чыдамдуулук. Азап – бул суусуз жашоо. Кайсы жерден суу бүтсө, ошол жерден жашоо азап менен бүтөт. Адамдын эң башкы душманы – ачууга алдыруу. Адамдын пастыгы – ата-баба салтын саткандар. (Мойт аке, Сарт аке)

*     *     *

Бул жалганда бак-таалайды асыроо керек.

Куру кайгы пайдасыз, нааданга наалуу пайдасыз, өлгөнгө өкүнүп кайгыруу пайдасыз.

(Сарт аке)

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз