Каныбек Иманалиев: Төкөр уста Бөлөкбай

  • 06.06.2022
  • 2566

Бу уста атагы Алтайга, дайыны далайга кеткен даңазалуу уста эмеспи. Баатырлардын ай балтасы, сыр найзасы, ач албарс кылычы мына ушу устанын колунан жасалган. Найзанын эле алтымыштай түрүн жасаган имиш. Алтымыш кулач найза, ...алп найза, ...болот найза, ...бөрү тилдүү найза, ...жыгач найза, ...кандуу найза, ...кара тил найза, ...карагай найза, ...жүз кулач найза, ...көк найза, ...көк түпөк бөрү тил найза, ... көк түпөк кызыл найза, ...көмөкөйлүү найза, ...кызыл түпөк найза, кыяктуу найза, ...кылкандай найза, ...кырк кулач найза, ....сыр найза, ...отуз кулач найза, ...тектүү найза, ...темир найза, ....түпөктүү найза, ...укурук бою найза, ...устундай найза, ...шыргыйдай найза, ...кар тил найза, ... кандуу найза.

Ар бири өз ыңгайына жараша колдонулат, кээси жөө сайышта, ...эр сайышта, ... түз жерде, ... тоодон ылдый сайганда, ...ылдыйдан өйдө сайганда, ...жекеме-жек сайышта, ...аламан, ...сүрмө түп сайышта.

Төкөр Бөлөкбай орто бойлуу болгон менен колу тарамыш, дене бою чулу, манжалары булчуңдуу. Оор таштардан балбал, моло таш жасайт. Ал өзүнчө бир кеп.

Суу талды кыйып, үч-төрт жыл жаан тийбеген, күн көрбөгөн салкын жерге кургатып, анын жарылбасына көзү жеткен соң гана жыгачтан аяк, табак, чөйчөк, челек, сузгу, кашыкты жасап, ага оймо түшүрүп, өгөө менен жылмалап, уйдун сары майы менен сүртүп, чыны куту, аяк кутулардын алкагын арчадан жасайт.

Бөлөкбай уста чебердеп кайыш, кол булгарыны өз ыкмасы менен жасайт. Кайыш булгаары жасоо үчүн бодонун, кээде кайберендин терисин ашаткыга салат.

Атактуу устанын үзөңгү куючу калыбы бир нече бөлүктөн турат. Жезди чопо чөйчөктө эритип, анан жик-жиги менен курап кепшерлейт.

Ээрди болсо үч ыкмада кармайт: жумуру ээр (терини ээрге чылгый көктөйт), аштама ээр (бул үч-төрт бөлүктөн турат), курама ээр (бул көп бөлүктөн турат). Ээрдин кашын “кырчый моюн”, “бөрү кулак”, “бүркүт томого” кылып чыгарат. Баатырларга өзүнчө арнайт.

Бөлөкбай уста кара темирди камырдай ийлеп, сомдоонун, чоктонтуунун ички сырларын мыкты билет. А тургай күмүштү эритип, жатагына чебер куя билген. Аралашмасы бар күмүштүн ыпласын ылгап, жараштырып жамбы уютат.

Ал өрүмчү катары жаңы союлган кулундун же музоонун терисинин боорунан көк тилип, андан “жылан боор”, “музоо тиш өрүм” өрөт. Ал темирди “ак курч”, “кара курч”, “жашык темир” деп үчкө бөлөт. Ак курчтан кесүүчү, миздүү керки, кескич, өгөө, балта, бычак, маки өңдүү буюм-аспаптарды калып темир жасайт. Кара курч катуу жана морт келет. Ага өгөө өтпөйт. Кара курчтан буюм жасоодо көбүнчө чарык колдонот. Ал эми жашык темирден така, калак, кычкач, кыпчуур, ат куур, депкир, үзөңгү жана ат жабдыктарын шөкөттөгөн буюм-тайымдарды жасайт.

Көөрүгү көк өгүздөй өкүргөн,
Балкасы тоо текедей секирген, – деген уста ушу Бөлөкбай болгон.

Бир жолу бир уйгур алдап кеткенде өчүн алайын деп төкөр уста уйдун тоң жампасына ээр уютуп, тышын кооздоп, тиги сүткөргө карматып жатып:

Бөлөкбай куйган ээрсин,
Беш ай токуп минээрсиң,
Беш ай токуп  минген соң
Бекер алдапмын дээрсиң, – деп айткан экен.

Жаз келип, күн жылыганда уйдун тоң жампасы эрип түшүп калган, ал элге күлкү болгону айтылып келет.

Бөлөкбай уста устачылык менен кошо табыпчылык кылган дешет. Туубастын дарысын ийлеп жасап, ал кереметин эч ким үйрөнө албай өзү менен кошо кеткен экен. Анын даярдаган оттун ташы сайлаган бараңдын огунун учуу ылдамдыгы отуз тайлактын күчүнө барабар болгон имиш. Жоро-жолдоштору менен бастырганда, эли көчкөндө төбөсүндө булут пайда болуп, көлөкө кылып ээрчип жүргөн касиеттүү табып болгону айтылат.

Төкөр уста Бөлөкбай,
Көктөн жылдыз козголгон.
Дөөтү менен Бөлөкбай.
Кыяматтык дос болгон, – деген ыр таркады эл ичинде.

Курал-жарак жасоо үчүн тоо-ташты аралап кен чалгындайт. Кен таап, кенди казат, эритүү үчүн отундун түрүн тандайт. Чийки затты эритет, эрүү убактысын так билет, эриген суюктукту куюу үчүн куралдын кебин жасайт. Анан көзөйт, курчутат, шөкөттөйт, саптайт, кооздойт. Айтор машакаты көп.

Бөлөкбай устанын атак-даңкы алыска кетип, Кытайдын бир паашасы өлгөндө издеп келишип, атайын арчадан эң кооз табыт жасап, анан анын устачылыгын көргөн бир улуктун көзү тийип өлгөн дешет ал тууралуу.

Бөлөкбай уста карагайдан кыйып, саратандын ысыгында алты ай бою кумга бөлөп жаткырып, чарайна менен чаптап, тери менен каптап, колдон тайыбасын деп кош тутам жерин төрт кырдуу кылып, колго жылуу болсун деп кой макмал менен тыштап, улатпай учун болоттон чыгарып, мизин бөрү тил кылып, чыгарагын алтындап, орто жерин айгыктап сайдырып, тийген жери ырбасын деп учун ууга чылап, узундугу кырк кез болгон атактуу сыр найзаны жасаган. Бөлөкбай уста эң тубаса карапачы болгон. Ал Тан бийлигинин чакыруусу менен көз жумган Кытай паашасына үкөк жасап жүрүп, карапа жасоонун накта устаты болду. Адегенде Көгмөн тоолорунун ак топурагын, Көгмөн тоолорунун көгүш топурагын пайдаланып, камырдай жууруп, жупкадай ийлеп, калыпка түшүрүп, дүкөнүнө коюп иштетип, тоголоктоп чаптап, курчатып боёп, топуракты бышырып, сыртын суу өтпөгүдөй жылтыратып, оймо-чиймелерди түшүрүп, челек, табак, көөкөр, аяк, кесе, чай чыныларды карападан жасап, ошо доордон “кыргыз карапалары” деген буюм тиягы Тан бийлиги, бул жагы Тибет, Түрк, Уйгур мамлекеттерине чейин жакшы баада кетип турган.

Табышмактуу сырдуу жебени да ушу төкөр Бөлөкбай уста ойлоп тапкан имиш. Жумурдагы сыр. Кылычка сызгырылган балыктын майын жаба төгүп, жылкынын майы менен чылпылдата майлап туруп булактын жанындагы жерди оюп ошол жерге таштайт, анан жыландын өтүн жыйдырып келип майлайт, ыштуу сары курмушу менен оройт, күн тийбеген жерге бир апта таштайт. Ошондон соң гана кылыч жаш чырпыктай ийилчээк, бүктөсө бүктөлөт, коё берсе түз болот. Бу да болсо Бөлөкбай устанын бир сыры. Кызыл жалын темирди кычкачсыз кармачу экен.

*     *     *

Бу Эне-Сайда төкөр уста Бөлөкбайга дейре деле Чаңшы, Шогур деген атактуу усталар болгон. Бирок алардын даңазасы Бөлөкбайга жете бербеди. Ал бир эле учурда уста, ...өрүмчү, ...жыгаччы, ...зергер, ...сөөкчү, ...темирчи, ... бедизчи, ...карапачы, ...табып, ...мүйүзчү, а тургай билгичтик жайы бар. Төкөр уста баягы Тан бийлигинин падышасынын кооз үкөгүн жасаган соң Кытай билгилери аны кыдыртып Орхон, Алтай өрөөндөрүн, Хангай, Өтүкен тоолорун, Гоби чөлүнө чейин, Жети-Суу, Ысык-Көлгө чейинки өрөөндөрдү кербендер менен кошулуп, атчан, төөчөн жүрүп, бу тегеректе ал кечпеген суу, ал жетпеген жер калбады.

Айрыкча, Кытайды кыдырып келген соң балбал таштарды мыкты чеккен уста болду. Атургай өзү ташка жан киргизип эн тамга салып, анан таш менен сүйлөшөт дешет.

Эне-Сай жээгиндеги өзү жасаган моло ташка зикир чалып сүйлөшөт экен. Анын жөнү мындайча:

... Элтууган деген баласы али өспүрүм болчу. Комузду боздотуп, шаңшытып, кол ойнотуп чертчү. Күндүзү комуз чертип, түндөсү да комузга коштоп ырын ырдап чыкчу. Эртеден кечке атасы Эне-Сайдын жээгинен алып келген бою эки кулач, өңү асман түспөл көк ташка отуруп алып чертчү. Тынбай чертчү. Атасы кээде карап, бала да ойноп атат деп койчу. Коңшу кыздар-балдар келип тыңшачу. Аларга комуз үйрөткөн болчу. Кээси кошулуп ырдачу. Өзү теңдүүлөр менен каткырып күлүп ойночу. Али бой жете элек. Өзү күлмүңдөп, көзү күлмүңдөп, комуз черткенде комузу да күлмүңдөп аткандай сезилчү. Бара-бара ал чертип жүргөн “Эне-Сай” күүсүнө  Эне-Сай тууралуу ыры чыга баштады:

... Эне-Сай, неге мынча жериң сулуу,
Эне-Сай, неге мынча кызың сулуу,
Эне-Сай, неге мынча сууң муздак,
Эне-Сай, неге мынча жүрөк сыздайт.

Көрсө ушул эле айылдын байынын кызы Чачыкейге ашык болуп жүрүптүр.

Экөө адырга барып гүл терип ойноор эле. Миң түркүн гүл өскөн адырлуу жер. Бу жерди Сангүл деп аташат. Эрте жаздан кеч күзгө дейре улам бир гүлү ача берет ...ак гүл, ...сары гүл, ...көк гүл, ...мала гүл, ...сыя гүл, ...кызыл гүл. Экөө жарышып гүл теришет. ...Анан гүлгө конгон көпөлөктөрдү кууп ойношот. Көпөлөктөрдүн түсү да ар түркүн ....ак көпөлөк, ...кызыл көпөлөк, ...сур көпөлөк. Бир гүл бар, күндүз ачылып, түнү жабылып калат. Аны экөө көпөлөк гүл деп коюшат. Жалбырагы көпөлөккө окшош. Көпөлөк ал гүлгө консо кайсынысы көпөлөк, кайсынысы жалбырак билинбей калат. Экөө анан келип гүлдүн сабагын силкип койсо, көпөлөктөр учуп чыгат. Экөө көпөлөктөрдү кууп жөнөйт. Гүлгө буттары чалынып жыгылат. Каткырышат. Кайра турушат. Кайра көпөлөк гүлдү издешет. ...Экөө гүлдүү талаада ойноп, кээде чарчап гүл үстүнө уктап калган күндөрү да болду.

Экөө бир күнү жалаң кызыл гүлдөрдү термек болушту. ...Кочкул кызыл, ...мала кызыл, ...ачык кызыл, ...кызгылтым, ...күңүр кызыл, ...айтор кызыл гүлдүн эле бир канча түрү. Гүлдүн атыр жытын жыттап алып, кадимкидей мас болушуп, гүлдөргө чалынып жыгылып, бала кызды колунан алып тургузуп, айтор бу күндөр балалык ууз сүйүүнүн керемет күндөрү эле.

Алар сүйүшкөнгө али жашы эрте эле да. Уулу он экиде, кыз – али тестиер. Анан бир күнү болочок чоң сүйүүнүн балалык кумарына мас комузчу Чачыкейге “Мен сени чоңойгондо алам” дейт. Кыз ошондо кызара кетип, өзүнүн бой жетип келатканын билет. Келип энесине айтат. Энеси болсо:

– Төкөрдөн төкөр төрөлөт. Төкөрдүн баласына эмнеге кызымды бермек элем, – дейт.

Жаш кыз болгонун болгондой комузчу балага айтып келет. Ал да атасына окшоп төкөр эле. Жаш өспүрүм ызасына чыдабай Эне-Сайга барып бой таштайт. Ошо бойдон денеси табылбайт. Атасы Бөлөкбай эки жыл бою Эне-Сайды жээктеп баласынын сөөгүн издейт. Таба албайт. Анан баласы отуруп комуз черткен көк ташка көз жашын агызып отуруп, баласынын элесин түшүрөт да, аны баласы секирген жээкке апкелип эстелик кылып коёт. Көр казып баягы баласы черткен комузду көмөт, комуз менен кошо баласынын бет кабын жезден жасап, алтындан булоолоп көмөт. Анан күнүнө бир маал ушу моло ташка келет. Түбөлүк булакка жуунган моло таш эле.

Бара-бара күн жалап, жел мүлжүгөн моло таш баласына окшоп баштайт. Бою, жүзү күлүп турган сымал, эч арам ою жок күлкүсү. Кээ бирөөлөр түнү ушу моло таштын түбүнөн комуздун күүсү, анан кыздын күлкүсү угулат дешет. Байма-бай келе берип, кийин төкөр уста өзү жалгыз келип, эми моло ташты кырк жолу айланып, зикир чалып, баласы менен, анан асманды карап алып Теңир менен сүйлөшүп баштайт. Башы калчылдап, дене бою титиреп, баласынан айланып, тегеренип, баласынын али сүт жыты мурдуна келип, бала жыты кете элек жатып сүйүүгө мас болгон баласын армандап, анан эсине келсе баягы эле моло ташты кучактап жаткан болот. Баласы ырдап кеткен ырды туурап ырдайт:

... Эне-Сай, неге мынча жериң сулуу,
Эне-Сай, неге мынча кызың сулуу,
Эне-Сай, неге мынча сууң муздак,
Эне-Сай, неге мынча жүрөк сыздайт.

Өмүр бою атак-даңкка бөлөнүп жашаган Бөлөкбай уста аягында таш кучактап калам деп ойлогон эмес. Эркек катары, ата катары бала тукум калбайт. Таштан тукум калганына зээни кейийт. Бала ордуна ташты кучактап, эркелетип калам деп үч уктаса түшүнө кирбесе керек.

...Таш кесип, ...таш чегелеп, ...ташка тамга салып, ...таштан адам элесин жасап, ...ташка жан киргизип жүрүп, эми жок баласын ташка айлантты.

Күндө ташка келип сыйынат, айлана тегерек менен сүйлөшөт, сырдашат. Бир болгону таштан жылуулук таба албайт. Таш жаанда, бороондо, кышта калганда кадимкидей баласы үшүп аткандай сезилет. Каректен жаш эмес, кан акты.

Кийин бул ташка алыстан бүбүлөр келе баштады. Алар ташты айланып, зикир чалышып, оорукчандарды дарттан арылтышып, бу жерден ыйыктар менен сүйлөшүп, баягы көк моло таш эми эл көп келген касиет жерге айланды. Ошондон соң эл-журтка кеп таркады.

Эгер балбал таш турса, таш бетинде жазуу чегилсе анын ысымы Теңирде түбөлүккө калат экен деп. Ошондон соң бу чөлкөмдө баатырлар өлсө ага балбал ташты төкөр уста Бөлөкбай чегет, ага жазууну төкөр уста Бөлөкбай чегелейт. Ар бир урууга өзүнүн эн тамгасын чегип коёт. Басыз уурусунуку – керки тамга, кылыч тамга, дөөлөстөрдүкү, солто, саруунуку – ай тамга, кош тамга, мундуздардыкы – кырк тамга, ача тамга, каңдылардыкы – орок тамга, чоң багыштыкы үч тамга, кош тамга, бугу, азык, черик, кара багыш, солто, моңолдор, сарыбагыш, баргыныкы – жагалмай тамга, саяк уруусу – кайчы тамга, сол канаттыкы – кашка таман тамга, кушчунуку күн тамга, жедигердики – кылыч тамга, кыпчактардыкы – кош алип тамга... Башка да көз тамга, бакан тамга, тарак тамга, тумар тамга, аркар тамга, көсөө, найза, ок, балта, жебе, саадак тамга болуп кете берет. Ошондон соң Эне-Сайдагы бакабут жазуулардын[1] башында кыргыз Бөлөкбай уста болгон дешет. Кээ тамгалар жебени, ...кээси, айды, ...кай бири кийикти, ...атты, ...тоону, ....мергенчиликти, ....эрдикти, ....антты, ...энени, ...атаны туюунтат.

Адегенде жети тамганы тапты, алар ар нерсени туюнткан, адамдын турмуш аракетин чагылдырган, анын жазмаларын эл бакабут тамгалар деп атады, кийинчерээк кырк тамга, кийин он беш тамга кошулат. Бара-бара көк түрктөр да, уйгурлар да Бөлөкбай устадан үйрөнүп, баатырлары өлсө балбал коюп, жазууларды чегелеп баштайт.

Акыры Бөлөкбай уста кайда, кантип өлгөнүн эч ким билбейт. Бири айтат, күйүтүнөн Эне-Сайга чөмүп кетиптир деп, бири айтат Көкө Теңир өзү алып кеткен көккө деп, кай бири аны өкүттүн айынан думана болуп жер кезип кеткен дейт. Ай тутулганда моло ташка келип-кетип турат дейт. Бирок Эне-Сайдын боюндагы балбал таштар, моло таштар, жаа-таштар, айкел таштар, таш жазуулар анын колунан жасалып жана ошондо калганы айкын кеп.

Баласынын сүйгөнү Чачыкей эмне болгону белгисиз. Болгону гүлдүү талаадан өлүгү табылып, кийин ошол Сангүл аталган гүлдүү адыр соолуп, капкара болуп күйүп, гүл эмес, чөп өспөй, кийинчерээк “Күйгөн талаа” аталып калганын айтып келишет.

...Ошондо кыргыздардын бир кулачы Байкөлгө, бир кулачы Ысык-Көлгө жете баштаган эле. Убакыт закымдап баратты.

 

[1] Орхон-Энесай

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз