Каныбек Иманалиев: Көктөн белги

  • 31.05.2022
  • 2561

Ошондо Көктөн белги келгенин минтип айтып келишет.

Алтын-Көлдүн аркы-берки жээгинде эки уруу эл жашайт. Түпкүлүгү бир атадан. Аң-кийик арбын, чөп белден. Алтын-Көлгө аңыр, ак-куу батпай жээкке кубалашат. Берекелүү заман. Жайыт кенен. Кээде анан адам баласы кененчиликти да көтөрө албай кетет эмеспи.

Эки уруу башчысы өзүнөн өзү эле адегенде аң-кийикти кызганып, кийин уч-кыйыры жок созулуп жаткан токой жерди, жайыт жайлоону, адыр түздү кызганып баштайт.

Жакынкы ат менен он күнчөлүк жерде ушу эки уруудан башка эл деле жок. ...Жайкалып жаткан жайлоону, ...көйкөлүп жаткан көлдү, ...кылкылдап жаткан кыдыр токоюн, ...аяк-башы көрүнбөгөн ушу Алтын-Көлдү бири-биринен кызганып, талашып баштайт. Болбосо колот-колот үйүр-үйүр жылкылар мына ушу эки урууга гана таандык. Күндөрдүн биринде Алтын-Көлдүн сол жээгинде ордологон орок уруу тымызын даярданып, курал-жарагын топтоп, көлдүн оң жээгинде жаткан урууга түн ичинде айдын жарыгында кол салат. Алачыктан чыккан сайын ар бир эркегин найза менен сайып, кылыч менен чаап, балта менен балталап, качып чыккандарын жаа менен атып, бирин калтырбай кырат. Кызыл кырчын, кара сүргүн болот.

Таң заарда кичинекей балдарын чыркыратып кырат. Катын-калачтарын, келин-кезектерин ар бир кыдыр дарагынын түбүнө аркан менен таңып, анан энелеринин көзүнчө кыздарын зордукташат. Эркектери адамдык кейиптен кетип, кечээ эле тууган урук болуп жүргөн кишилер үйүрдөгү айгырдан айырмасы жок айбанга айланат. Кыздарын зордуктап бүтөөрү менен ар бирин көлгө чыңыртып ыргытышат. Энелер көрүп зыркырап ыйлайт. Көздөрүнөн жаш, ...эмчектеринен сүт, ...денесинен кан, ...маңдайынан тер агат.

Кордук кылган тарап ого бетер табасы канып, ого бетер кумарланып, кутуруп, белден ылдый жылаңач болуп, түпкүлүгү өз уруусунан чыккан кыз зордуктаганына маашырланып, кыйкырышып, бири-бирине кылган жорук-жосундарын мактанып көрсөтүп, адам баласы бир заматта айбанга кантип айланганын өздөрү сезбей калышты. Энелери кыйкырып, ...ыйлап, ...муңдап, ...чаңырып, ...кызын ойлоп, ...Көк-Теңирге жалынып, ...жалдырап, ар кимиси ар дарактын түбүндө үндөрү Көккө жетип, өз көз жаштарына өздөрү чыланып, зордук менен кордук эмне экенин оозу менен татып, көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезип, кулагы менен угуп атышты.

Өз кызын көз алдында зордукталганын көргөн эне курусун. Жырткычка жем болгон балапандай тырпыраган кыз бала курусун. Эми анысы аз келгенсип энелерди чечиндирип, энеден туума жылаңач кылып, аркан менен бири бирине кошоктоп байлап, Алтын-Көлдүн жээгинде ары-бери айдашты. Эчкирип ыйлап атып аялдардын үнү чыкпай калды. Эми алар адгенде күйөөлөрү, анан балдары өлгөнүн унутушуп, азыр эле кыздары зордукталганын эстен чыгарып, ар кимиси колунан келгени менен дене боюн калкалаганга жан талашат. Бири алаканы менен, бири чачын жазып, денесин жаап, кээде жакын жерде бири-бирине далысын калкалап, эми баары бүттү.

Өлүм алдында уяттуу жерибизди калкалап өлөлү дешип, жерден жалбырак жулуп алып, эки эмчегин, аялдын абийрин коргоп атышты. Беркилер болсо эң бийик жерге эми туу сайгансып, боору эзилгенче каткырышып, тигилерди сөөмөйлөрү менен көрсөтүп, мазактап, жакын барып кээсин май куйрукка тээп, колдорундагы жалбырактарды жулуп алып, мас болгон эмелердей жасалма каткырып, деги эле ыракатка батышты. Бул кордук күндүн батышы тозок болду. Күн тез батса дене боюбузду караңгылык каптайт эле деп күндүн тез батып кетишин тиленишти. Күн бата аларды аркы жээктеги жардын кырына апкелишти. Эми аларга баары бир. Күйөөлөрүнөн, балдарынан, кыздарынан ажырашты. Эң акыркы аларды аял кылып, адам кылып турган абийирин да кордошту. Ошондо үндөрү эчкирип, каргылданып, дене бою көгөрүп, титиреп, көздөрү жашка ак шапак болгон, жүздөрү өң-алеттен кеткен энелер толуп турган айды карап минтип тиленишти:

– Оо, Көкө Теңир, бар экениң чын болсо, бизди өлүмгө ыраа көрсөң болот эле, тезирээк алсаң болот эле, мунжу кылсаң болот эле, эмне мынча бизди кордодуң, кай күнөөбүз үчүн!

– Оо, Теңир Ата, Обо Эне, бар экениң чын болсо бүгүн бизди минтип кыйнаган маңкурттарды:Төбөсү түпсүз Көк урсун,
Төшү түктүү жер урсун,
Эненин ыйык сүтү урсун,
Алтын Көлдүн куту урсун,
Асмандын ыйык таңы урсун,
Улуу Тоонун жаны урсун,
Атанын ыйык теги урсун,
Ата-Журттун жери урсун,
Эне-Сайдын суусу урсун,
Көк Теңирдин уусу урсун,
Адамдын анты урсун,
Адамзаттын салты урсун, – деп каргап атышты.

– Көкө Теңирди алдай албайсың, ал баарын көрүп турат, – деген үндөр жаңырды.

Алардын үнү тоонун бийигине, андан ары узаган Көккө жетип аткандай болду, ый, муң, зар аралашкан үнгө чыдабай Алтын Көл карарып баратты. Асман түнөрүп, капкара булуттар пайда болуп... Алтын Көл тээ түпкүрдөн дүңгүрөп келип, курчалган тоо титиреп, мууздалып бараткан жылкы кишенегендей киркиреген үн салып, ...асмандан чагылган чарт-чурт этип, ...Алтын Көл шарк-шурк этип, ...анан тээ бийиктен кулач, кулач боз үйдөй таштар мөндүрдөй, таш эмес темир[1] жаады.

Өлүп бараткан эненин ачуу үнү Көктөн угулду. Таштардан от чыгып, кумдай ыпыранып асман жерге аңтарылып түшкөндөй, даң-дүң эткен үндөр жаңырып, дене бой титиреп, Алтын Көлдүн шары Көккө атырылып, иттер улуп, уруу ордологон жер алай-дүлөй болуп атты. Асмандан түшкөн таштан жер оюлуп, ...таштар күзгү чөптөй күйүп, ...токою чатырап күйүп, жалыны тээ көккө алоолоп, ...өрт-жалын каптап, ...адамдын өлүмү кумурскадай эле сезилип, ...азыр эле энелерди кордогон уруунун журтун бир заматта зобологон таш басып, ...адам баласы онтогонго үлгүрбөй жан берип, ...Көктөн түшкөн таштын салмагынан Алтын Көл бир далайга титиреп, ...толкуну тоого урунуп, ...таштары кум болуп туш тарапка чачырап, ...карагайлар кыйрап, дүйнө асты-үстү болуп турду. Жети күн тынбай жамгыр жаап, энелердин онтогону угулуп турду. Мындай көрүнүштү Алтын Көл, Улуу Тоолор, Эне-Сай дагы биринчи жана акыркы ирет көрүштү.

Эненин каргышы узатпай турганын ошондо түшүнүштү. Көк Теңирдин касиетине ишеништи. Умай эне – бул Кудай эне деп табынышты. Ошондон ушу күнгө Эне-Сайдын боюнда, Алтайдын саясында энеге эч ким акаарат айтпайт. Көңүлүн калтырбайт. Назарын түшүрбөйт. Умай Эне, Эне-Сай, Эне сүтүн ыйык тутуп келишет. ...Ошондон соң гана эми бул элде ымыркай төрөлсө оң жамбашында көгүш так менен төрөлчү болду. Баамдап билгенге бул так ымыркайдын кырк күндүк түйүлдүк кезинде окшош. Умай Эненин тагы дешет. Бу Көкө Теңирдин кыргыздарга гана ыроологон белгиси дешет. Эч убакта эне наалатына, эне каргышына калба деген Көктөн белги деп айтышат. Мындай белги кыргыздардан ооп кеткен монголдордун да бир уруусунда бар имиш.

 

[1] Метеорит

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз