Каныбек Иманалиев: Көгмөндө

  • 11.05.2022
  • 2223

АҢГЕМЕ

Бу Кыргыз-Нурда катуу жут болуп, кыргыздар жер которуп, айлап көчүп жүрүп, мына эми адеп кыдыр токоюн аралап, эч бир киши баспаган, шиберлүү, токойлуу, аң-кийиги көп зор өзөндү бойлоп жайгашты. Ээн жер экен. Ушу ээн жердин ээси кыргыздар болду. Ээн сайды бойлоп жайгашып, анан бу жерди Ээн-Сай деп аташты. Бу жерге кыргыз келип, алгач очок жасап, от жакты.

...Оту оболоп күйдү. ...Жалыны көк серпиди. ...Аны жакшылыкка жоруду. ...Алгач келгенде сүрдүү эле. ...Эми отурукташты. ...Ордолоду. Өз журтундай болуп калды. Жапайы жылкылар көп экен. Жал-куйругу төгүлгөн. Кишенесе асман жаңыртат. Жер чапчыса сай титирейт. Айгырлары айбат кылат кишиге. Жолборсту кубалаган айгырды биринчи көрүштү. Ошентсе да бу ээн сайдын саясындагы жан-жаныбардын ичинен жылкы баласы көзүнө жакшы көрүнүп туруп алды. Мына ошондо жапайы бир үйүрдөгү тайга кыргыздын көзү түштү. Ак боз тай. Көзү бөбөктүкүндөй сүйкүм. Кулактары шамдай, буттары, бели түз, бирок кыска, чуркаганы учкаяк. Башкалары кошкуруп үрксө, бу илгертен шериктеш жүргөндөй кыргызга жакын келет. Келет да, кошкуруп кайра ойт берет. Так секирип ойнойт. Кишенесе жанга жагымдуу. Эркелеп аткандай. Үйүрдөн обочолонуп, өйдөлөп барып оттойт. Ушуну кармап, үйрөтүп, ат кылып минем деп шерт берди өзүнө. Жазда мал этинен түшкөндө жоошуп калат деп күттү.

Чилде чыгып, жаз келди. Ээн-Сайдын жээгинде байчечекей көз ачты. Камдап жүргөн укуругун ак боз тайга ыргытты. Дароо мойнуна илинди. Тай тулпардай туйлап, капканга түшкөн илбээсиндей жулунат. Соорусу жумурткадай жумуру. Мойну жоон. Нокто салып, түн бою аса байлады. Күрмөп байлады. Болбосо бу жерде жип, аркан байлоонун бир нече түрүн ойлоп чыгарышты. Күрмөө, ...чырмоо, ...казыкбаш, ...чие, ...илмек, ...түймө, ...түйүн, ...тузак, ...кылтак, ...чалма, ...торой чал, ...өрмө, ...өбөш. Курсагын ачырып, ноктого көндүрүп, анан эртеси жетекке бастырып, дагы эртесинде тестиер баласын миндирип, көндүрөйүн деди. Азоо тайды үйрөтөйүн деди. Түнү бою тоо жаңырта кишенеп чыкты. Тай болуп туруп, үйүр баскан зоот айгырдай кишенейт. Дүңгүрөтө жер чапчыйт. Киши жакындаса доосун артып окуранат. Байлоодогу тайдын дабышын тыңшап жатып таттуу уйкуга кетиптир.

Түшүндө Ээн-Сайдын ээси көзүнө көрүндү. Алп денелүү, нур жүздүү, миң жыл жашап койгондой ак сакалдуу, үнү коңур киши экен. ...“Ээн-Сайдын ээси мен элем. Эми бу жерге келип, очок жандырып, отурукташып жатасыңар. Эми Ээн-Сайды силерге калтырып жатам. Этият болгула. Байлоодогу тай кай жерге качып барып токтосо, ошол тушка журттагыла. Ал улам токтоп, улам качып жүрүп отурат. Кыдыр дарак өскөн, Ак бугу оттогон, Ак шумкар обологон жери бар. Күйөр гүл деген гүл бар. Ошо жерге келгенде токтоп, журт кылып байырлагыла. Андан кетпегиле. Кутуңар ошо жерге орнойт. Жоо келсе да кетпегиле. Кошкула, эсендик тилейм” деп, азыр эле алачыктан чыгып кеткендей шарт-шурт үн чыкты. 

Үндөн ойгонду. Бир аздан соң дабыш алыстап кетти. Сыртка чыкса шүүдүрүм. Шүүдүрүмдө бир из калыптыр. Дене бою “дүр” этти. Тайды жетелеп кетпеди бекен деп карады. Байлоодогу ак боз тай эзелки таанышын көргөндөй окуранып ийди. Барып, алаканын тосуп “кыр-р”, “кыр-р” деп, жеткенде мойнун кашып, маңдайынан сылады. Азоо тай да көнө түштү. Аруу, таза, кошкуруп турган тайдан тааныш жыт каңшаарды өрдөйт. Азоо тай да аны искеди. Эми экөө жытташты. Тайга да адам жыты тааныш сезилди. Бу азоо тай эми кача тургандай эмес, үркчүдөй эмес. Ага ыраазы болуп, эми күн чыкканда келейин деп, эки жакты карап, алачыгына кирди.

....Күн аркан бою көтөрүлүп калганда ойгонду. Түз эле мамыга бет алды. Түн бою байлоодо болгон азоо тай, эми томоголуу бүркүтчө талпынып аткан экен. Ээсин көрүп, тынчый түштү. “Так”, “так” деп жакын келди эле, эми жакындан жыттап, үркүп, жер чапчып, ойт берип, кыл ноктону үздү. Чылбыры чубалжып өрдү көздөй качты. Артынан жөнөдү. Азоо тай түн бою ачка болгондуктан улам чөптү үстүртөн чалып баратты. Артынан жете  бергенде кайра ойт берип, тай чабым алдыга кетет. Аны кууп баратып ал түндөгү түшүн эстеди. Бу азоо тайдын качаарын түндө эле билген. Ээн-Сайдын ээси тай токтоп, оторлогон жерге журт котор деген. Бу азоо тай ошо журтту издеп бараткандай сезилет. Кээде, кайра  ойлойт, бу жөн эле азгырылма түш эмеспи деп ишенип, ишенбей да кетет. Чакчайып күн тийди. Тайдын жонунан аккан тер күнгө чагылышат. Жанына келсе качат, алыста калса оттойт. Ушинтип азоо тайды кубалап жүргөнүнө жарым күн болду. Курсагы ачты, тамагы кургады. Кочуштап булактын суусун ичти. Тайды кубалап отуруп көк шиберде өзүнчө из калды. Улам алдыга жүгүрүп тай бир далайга алдыга кетти. Курсагы ачып, артка кайтайын дейт. Кайра келгиче тайды жоготуп аламбы дейт, түндөгү түшү эске келет. Күн түш ооп калса да түндөгү түшү эсинен кетпей эс-мас болуп баратты.

Бу тай болбосо мынча түзөң, мынча бөксө тоолорду көрмөк эмес. Азоо тай да тиги менен жашынмак ойногонсуйт. Өрдөлөп, тоону аралап кетсе эбак таппай калмак. Эгер токойго кирип кетсе да, таба алмак эмес. Түзөң жерде качып баратканы кээде көрүнөт, кээде көрүнбөйт. Бир саам эс алмакчы болду. Жаңы эле көк шиберге отурган. Шабырт-шубурт эткенинен караса, токойдон чыга калган Ак-Бугу турат маңкайып. Адам менен мурда тааныш болуп жүргөнсүп, үркө турган кейпи жок. Бирде азоо тайды карайт, бирде кишини карайт. Түн бою отко тойгон таризде. Мүйүзү эки кулач. Көзү бото. Өзү кардай аппак. Жомоктон келгендей. Түндөгү түшүн эстеди. Ал Ак Бугуга жакын барайын деди. Бирок аны да үркүтүп алыс качырып алам го деп коркту. Өзү да эс алды. Азоо тай да эс алып, ушу жерге токтоп оттоду. Кырка токойдун  этеги эле. Ыктоо, оттуу жер экен. Тээ төмөндө күнгө чагылышып алакандай көл көрүндү. Жаны жер тартат. Ушу жерден кеткиси жок. Азоо тай да байырлап, алыска кетпей оттоду. Ак Бугу болсо эки жакты каранып, саксактанып жатты.

...Күн бата, ар кай жерден жылт-жулт этип, күйөр гүлдөр көрүндү. Аалам кереметке бөлөндү. Асманда жылдыздар жымың этсе, жерде күйөр гүлдөр “жылт”, “жылт” этет ар кай жерде. Чырак болуп жагылды.

Ал курсагы ачканын, үшүгөнүн да унутту. Таңга жуук Ак шумкар көрүндү оболоп. Ушу жерди кыргыздар журттап калды. Куштун уясындай ыктоо жер. Бу ордону Алтын-Көл деп аташты. Ак боз үч жылдан кийин үйүргө кошулду.

Кыргыз баласы бу жерди журттап жүргөн доордо тоо-токойдо Ак бугусу, көктө Ак шумкары кошо жүрдү.

Алтын-Көлдү тегеректей эл отуракташты.

Таңда ушу көлгө карап тайынышат. Кыргыз баласы төрөлгөнгө чейин кайда жүргөн, бу жерге келбейт.

...Кыргыз тоону беттеп кайберен менен бирге жашады.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз