Каныбек Иманалиев: Кан Алтай

  • 16.05.2022
  • 3788

Бу Алтай жергеси жолборстун күркүрөгү, ...бөрүнүн улуганы, ...аюунун бакырыгы, ...камандын коркулдаганы,  ...көктө бүркүттүн шаңшыганы, ...куштун сайраганы, ...өзөндүн шаркыраганы басылбаган өзүнчө бир керемет жер. Асман аралаган булуттардын көбү ушу жерде төрөлүп, там-туң басып, тушоосу кесилип, анан бүт ааламга сапар алат. Ааламдын жер киндиги мына ушу касиеттүү Алтайдан башталат. Абасы булак даамдуу. Булагы – мүрөк. Ташка да чөп өсөт. Бу жайда жердин дем алганы угулуп турат.

Оң канаты Көгмөн, Байкөлдү кырдап барып аягы түпсүз түндүк жакка Тынч океанга кошулат, сол канаты Теңир-тоо, Памир, Гималай тоолорун кырдап барып Каспий, Кара деңизге келип куят.

Түштүк-чыгышы болсо Өтүкен[1], Кытай, Тибет, Индияга кире токтойт. Түндүк-батышы бүт Шибер, Орол тоолорун аралап кетет.

Үч улуу дайра Эне-Сай,  Өб, Артыш мына ушу Алтай тоолорунун миң булагынан топтолот. Баары тээ бийиктеги ак мөңгүлөрдөн башат алат. Ал мөңгүлөр канча кылымдан бери жатканын эч ким болжоп билбейт. Ал мөңгүлөрдү адам эмес, кийик буту баса элек. Аларды күндүн нуру гана кайгып өтөт. Андан төмөн ак кар баскан тоолор. Ошондон төмөн кыдыр өскөн токойлор, ...андан төмөн миң түркүн көлдөр, ...анан түзөңдөр. Алтайдын ээси ак боз ат минген нур жүздүү, ак сакалы белине чейин жайкалган карыя дешет. Ал көрүнчү кишиге гана көрүнөт имиш. Түндөсү, айдын жарыгында же буурул таңда. Ага кабылган адамдын жашоосунда зор өзгөрүүлөр болот экен. Андан башка Алтайда ар бир тоонун, өзөн суунун, көлдүн ээси бар. Кээде куш, ...кээде жандык, ...кээде бала, ...кээде чал, ...кээде аял болуп көрүнүп, ошол жерди ар кандай апааттан коргоп турат. ...Ак Кулан, ...Ак Тайлак, ...Ак Бака, ...Ак эчки, ...Ак Бугу, ...Ак Буура, ...Ак Кабылан, ...Жылаңач Бугу. Мына ошо Жылаңач терисин сыйрып койгондой Бугу көрүнгөн жылы кырсык болот дешет. Алар кээде үн чыгарып, ...кээде көзгө көрүнүп турат. Анан дагы ыйык жайлар бар. Ал жакка адам буту басып киргенге болбойт. Ыйык жер ыйык бойдон калганы ийги. Ал жерлер тынчтыкты сүйөт. Чочутууга болбойт.

Бул жакта чөптүн жыты укмуш. Түндөсү жаан жаап, таңда күн ачылып, кичине эле жел жүрсө, адам баласы чөп жыпарына мас болот. Мындай атыр жыт дүйнөдө ушу жерде гана бар. Аны бир искебеген арманда.

Адам баласы мына ушу Алтай тоолорунун койнуна, түштүк жана чыгыш тоолорунун этегинде, ...адегенде бөбөк болуп төрөлүп, ...бала болуп торолуп, ...эр жетип, ...үй-бүлө куруп, ...деги Ааламда адамзаттын алтын бешиги ушу Алтайдан башталган дешет. Ушу керемет жерде оттун ысыгын, ...суунун тазасын, ...чөптүн жытын, ...шамалдын күчүн, ...көлдүн шоокумун сезип жашады.

Алтайдын тоолоруна жаандан кийин асан-үсөн чыкканда жаратылыш шаңдана түшөт. Адатта, дүйнө эки түстө дешет. Ак жана кара. Жок. Алтай асманында асан-үсөн кылыч сап болуп түшкөндө жер жүзү көп түстүү боло түшөт. Мына ошондой. Жети түстүү керемет. Адегендеги ак түсү – ак сүттүн түсү, ...адам болуп төрөлгөндүгү, анан сары түсү – адам алгач күндү көргөндүгү, ...ымыркай кези, ...анан жашыл түсү – өмүрдүн жазы менен жаштыгы, ...анан көк түсү, мүнөз токтолуп, кээде көгөрүп, үй-бүлө күтүп, бала бакырасы, кыргыз көгөрүп дегени ошо, ...анан кызыл – кызарып чок болуп, ...өмүрдүн соңку аптабы жалындай күйөт, жарыгын чачат, ошо күйүп бир күн түгөнөт, түгөнүп баратып, күрөң түстө болот. Ошондо айтаарыңды айтып кал, дээриңди деп кал. ...Анан кара түс – өмүрдүн соңу. Кара топуракка оронор кез.

Алтайдын асан-үсөнү мына ушу өмүрдүн жети түсүн – жети курагын ар дайым эскертип турат. Бир келген өмүрдүн жети кереметин караң.

Ал доордо кыргыздар мына ошо ак мөңгүлөрдү ыйык деп эсептеп, ...анан андан агып түшкөн булакты ыйык деп эсептеп, ...кургакчылыкта ак жаан тилеп, ...ак бата берип, ...эркектери ак калпак кийип, ...ургаачылары ак жоолук, ...ак элечек кийип, ...бири-бирине ак тилек айтып, ...ак сүйүү каалап, ...ак чачып, ...ак жалгасын деп, ...өлүм-ак деп, ...акка жыгылып, ...деги эле ак деген сөз кыргыздарды мына ошо Алтайдан бери коштоп келатат. Тээ бийикте – Ак Тоо, тээ төмөндө – ак суу. Ортодо – ак калпак кыргыз эли.

Илгери бу жерде кыргыздар шамалга, сууга, тоого, күнгө, айга карап ыр айтышчу. Көңкү доордо кыргыздар Алтайды жөн Алтай дебей, Кан Алтай дечү эле, канга теңечү да. Кан Алтайдын алтын бешигине бөлөнүп кыргыздар жашачу.

Сыягы, кыргыз кыргыз болгону алгач ирет күн нурун Алтайдан көрдү, ...күнгө тике карай албай көзү уялды, ...күнгө чайынды, ...күнгө жылынды, ...күнгө карап жылмайды, ...күн жарыгынан апасын көрдү, ...анан Ааламды тааныды.

...Анан эң алгач ирээт Алтайдан гүлдү көрдү. Ак, ...сары, ...кызыл, ...мала, ...кочкул кызыл, ...көгүш, .....айтор койчу. Миң түркүн гүл мына ушу Алтайда өсөт экен. Жыты укмуш кеңил жээрди өрдөйт, ...көөдөндү жыргатып, көңүлдү мас кылат. Анан жел жүрсө гүлдөр шамалга термелет, аны көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда. Көңүлдү бейишке бөлөйт. Көккө оболойт. Таңда, анан күн батаарда гүлдөрдүн түсү бир башкача өзгөрөт. Көргөндүн көңүлүн керемет сезимдерге бөлөйт. Тулаң чөбү тартсаң тамыры менен кошо жулунат. Жыты булак даамдуу, бал даамдуу, тамак даамдуу, кымыз даамдуу. Алтайда кыргыз алгач ирээт тоону көргөн. Алтайдын бийигинен кийин башкалар майда-чүйдө эле болуп калат. Алтайдын тоосунан коркпогон кыргыз башка эч нерседен коркпойт. Бу тоолор бийик, ...таза, ...аруу, ...миң кырлуу, ...миң булактуу, ...татаал, ...аскалуу, ...токойлуу, ...өзөндүү, ...шиберлүү, ...кийиктүү, ...айкөл, ...кенен, ...миң сырлуу. Кыргыз өзү да тоо мүнөз.

Кыргыз да мына ошондой болуп өсөм деп жүрүп жетилди. Ушу жерде туңгуч ирээт кыргыз баласы булакты көргөн. Ага жүзүн чайган, ...чаңкаса ичкен, ...чаң болсо жуунган, ...ысыса сергиген, ...булакты бойлоп, ...өйдө-төмөн чуркап, ...канча ирээт тоголонуп, ...жыгылып, өмүр булактан башталарын баамдаган. Булактай аруу балалыгы булакты жээктеп өткөн. Алгач жолу мына ушу булак жээгинде тоонун мөндүрүндө калган. Улуу тоолордо кыш кетпей турганын ошондо түшүнгөн. Мөндүр алгач денеге тийгенин, “тыз” эткенин ошондо билген. Табият башка салса мөндүргө да чыдаш керектигин, баары бир мөндүр жаап болгон соң күн ачылаарын, мөндүргө чыдай гана билиш керек экендигин, алгач мөндүрдү утурлай чуркап, мөндүр чогултуп жүрүп түшүнгөн. Бу тоолорго кийин кимдер көз артып, кимдер гана кызыкпады. Кыргыз гана улуу тоонун киндигинен өсүп чыкты.

Мына ушу Алтай тоолорунда жүрүп, кыргыз баласы эң алгач атты көрдү. Чочуган жок. Мурда көрүп жүргөндөй тааныды. Ат баласы аны тааныган шекилдүү. Анан жонуна минди. Ат да үркпөдү. Эми бүт өмүрү ат үстүндө өттү. Тили адегенде “ата”, “апа”, “нан”, “тоо” анан “ат” деп чыкты.

...Кыргыз баласы от башында болгонду жакшы көрөт. Отту улуу дейт. От дене бойду илдеттен арылтат дейт. Аруулайт дейт. Ошондон го отту аттабайт. Сөкпөйт. Суу чачып өчүрбөйт. Түкүрбөйт. Отту чоочунга бербейт. Келин келгенде отко киргизет. Отуң өчпөсүн деп тилек айтат. 

Бу Алтайда кыргыздар от жагып, ага табынып, ыйык тутуп, очокту аттабай, от дилди тазартат, оору-сыркоодон коргойт деп, сыркоону от менен аластап, жаңы келген келинди отко жүгүнтүп отко киргизет, отко тегеренбейт, а тургай кечте жагылган чыракты таңга дейре өчүргөн эмес.

Алар сөздү сыйлайт, сөз баккан эл. Сөзгө кумары канбайт. Сөздү өлбөйт дешет. Мыкты сөздү тамшанып угат. Уккан узарат дешет.

– Күнгө алкыш!

– Сууга алкыш!

– Тоого алкыш!

...Мына ушинтип кыргыз баласы баарын алкап жашайт.

Асмандан көктөн түшүп кетпейт, тоо ордунан козголбой, ортодо кыргыз баласы тукум улап келатат.

Сууну булгабай жашайт. Булактын көзүн ачканды улуу иш дешет. Көлгө тайынат. Көлгө, сууга түкүрбөйт. Аккан суу – аруу суу. Ымыркайга кырк булактан оозантат. Эл башы болбой, суу башы бол дешет. Токтоолукту, чыдамкайлыкты улуу тоолордон үйрөнсө, мөлдүктү, тунуктукту, аруулукту ушу аккан суудан алды, кыргыз баласы. Суу сыйлаган зор болор. Булакты эне сүтүндөй ыйык көргөн мына ушу кыргыздар эмеспи. Тузду да ыйык көрүшөт. Каргаганда “туз урсун” дейт. Ал тууган жердин тузу. Мындан өткөн каргыш барбы. Бөбөк көз жарганда эне сүтү менен удаа эле чоң энелер мурдатан карынга куюп сактап жүргөн сары майдан оозантат. Уул төрөлсө баатыр болсун деп бөрүнүн шилекейи менен оозантат. ...Оо анан бир айыл бүт кубанып, ат чаптырып алыс-жакын жерге сүйүнчүлөтөт. Бай-кедейине карабай сүйүнчүлөгөндү куру кол калтырышпайт. Айылдагы касиети бар энелер баланын жүрөгү түшүп же көз тийсе “менин колум эмес, Умай Эненин колу” деп, нанды сындырып жетиге же тогузга бөлүп, денесине тийгизип, итке суксуктап берип, ырымдашат. Ымыркайдын жети энеси бар, өз энеси, чоң энеси, таянеси, аяш энеси, кайненеси, өкүл энеси, киндик энеси болот деп эсептешкен. Ымыркайдын алгачкы жаш курамын ай эсеби боюнча санайт: “бит көйнөк” кийип колго кирип калган курамы, эки айы – кыркын чыгарганы, карын чачын алган курак, үч айлыгы – үн салып күлүп калган курамы, төрт айы – мойну катып, ороп койсо отуруп калган курамы, беш айы – балтыр бешик курамы, алты айы – талпынып калган курамы, жети айылыгы – жөрмөлөп калган кези, сегиз айлыгы – жаны тынбай сербеңдеп калган кези, тогуз айы – тура калма курагы, он айы – там-туң баскан, он бир айы – каз-каз туруп, бут шилтеген кези, он эки айы – кадам таштап, тушоо кескен кези. Эркек уул боорун жерден көтөрүп 4-5 жашка келгенде ээрге отургузуп, тай мингизип, ак бата айтышат. Бала төрөлгөндө эле чыдамкай болсун деп киндигин муз менен кесип, кар менен киринткен эзелкилер. Андан соң кыргыздын өмүрү ат үстүндө өтөт, чиркин.

Кыштын кандай болорун алдын-ала малдын далы сөөгүнөн билишет. Кыш мойну узак, катуу болору күтүлсө жан жаныбар боюна болушунча топтоп май жыят, кышка күтүнөт. Жандыктын чучугу толуп, майы сөөгүнө чейин чыгат. Кыш жеңил күтүлсө, далынын жука бетинин аянты жазы тартат, темгилдүү келет.

Кышка отун-суусун белендейт. Кышкы согуму семиз чыкса бир кубанып алышат. Эгиндин түшүмү мол болсо жакшылыкка жорушат. Кулча иштеп, бийче жашагандан ыракат алат. Улуусу иштеп атса кичүүсү карап турбайт. Үрөн сепсе, адагенде жетим-жесирге, жарды-жакырга арнайт. Андан калса өзүмө дейт. Катуу айтып адамдык шагын сындырбайт. Колундагы байлыгы – төрт түлүк мал. Мал, жан кандай деп эсендешет. Конок келсе жараткандын элчиси дейт.

Эрмен, шыбак, жалбын, шыралжын жытын кастарлашат.

Умай Энеге өзгөчө табынышат. Умай Эне бөбөк төрөлгөндө эле анын киндигин кесип, сыркоолосо айтырбай өзү келип дарылап, кирене кирсе ырымдап, курсагы ачса эмчегин ырымдап, ыйлатпай, жашын алаканы менен аарчып, жалгыз калса ойнотуп, корксо алаксатып турат дешет. Умай Эне төл менен мол түшүмдүн да колдоочусу болуп, түшүм мол болсо “Умай Энесинин төшүнөн сүт акты” дешкен. Суук тийсе темир кычкачты отко салып кызарта ысытып, ага муздак суу бүркүп, ооруган адамды желбегей чапан жаап, ысык буу денесин каптап, тердетип сакайткан. Аялга, кыз кишиге катуу айтпайт. Конокко барса эркектери тартылган устуканды чала мүлжүйт, эгерде үйдөгү балдар ачыраак болсо тоюнуп алсын дейт.

Бу тейде кыргыздар табияттын тилин таап, мал күтүп, эгин эгип, мергенчилик кылып, түшүнө карап иш кылып, Теңир карап, от, суу, шамал менен пикирлеш болуп, тоону  Теңирдин ордосу деп таанып, бирөөнү кемсинтпей, кордобой, мазактабай, жаман сөз  оозанбай ...митаамдык, сараңдык, өзүмчүлдүк, ачкөздүк кылбай, ...ушак айтпай, ...токтоо, шашпай, улуу кишиден жазганып, эл менен болуп, элден калбай, ... көөнү таза, көңүлү жайдары, ...сөздү уга да билип, айта билип, туюму менен туя билип, ...жоого, кырсыкка сак, убадага так, эрендери берендикке, жоомарттыкка ык коюп, улуу тоону мекендеп, ар намысты туу тутуп, жер касиетине ишенип, ...жашыл шибер, жайкалган жайлоодо Теңир жолуна багыштап, арча түтөтүп, жети токоч баабедин жасап, кан чыгарып, жалгыздыкка сүкүт чалып, ата-энени ыраазы кылып күн көрүп келет. Карышкыр атып же капканга түшүрсө анын жүрөгүн тайганына же бүркүткө берет. Ал да карышкыр жүрөктүү болсун деп. “Атабыз – Нур, энебиз – Жер, каныбыз – Суу, жаныбыз – Аба” деп табиятты ырыскы тутуп жашашты. Кыргыз баласы бу жерде күндү карап, үнүн угат,... шамалды тыңдап,  көзүн көрөт,... көлдү карап, булак менен сүйлөшөт,... таңдын алтын шооласын эң алгачкы көрөт,... ушу тоолор тынчтыкты күзөтүп тургандай сезилет.

Тоо таянып жашап  ниеттин актыгына,  ...дилдин кеңдигине, ...ойдун түздүгүнө, ...сезимдин аруулугуна, ...зээндин зиректигине, ...эрктин күчтүүлүгүнө умтулуп, ...сөз таап, ...сөз тандап, ...сөз баалап жашайт. Жети атасын билүү – парз. Калп айтсаң, зулумдук кылсаң каргышы жети муун урпагыңа чейин жетет дешет. Кесир сүйлөгөндү жактырбайт.

...Кан Алтай,... Ак Алтай,... Алтын Алтай,... Баш Алтай,... Аруу Алтай,... Бай Алтай,... Төрө Алтай,... Эне Алтай,... Улуу Алтай,... Тоолуу Алтай,... Ай-Күндүү Алтай,... Алтын каптуу Алтай,... Көк Алтай,... Көк мөңгүлүү Алтай,... Ак таажылуу Алтай,... Ак шаңкылуу Алтай,... Коңур Алтай,... Буурул баштуу Алтай,... Күмүш Алтай,... Аршан сулуу Алтай,... деги койчу Алтай тууралуу  сөз бүтпөйт.

...Жакын жерде сымаптай жалт-жулт эткен, ...күмүш түспөл, ...түбүндө алтын уюгун Кундуз-Булак агат дешет.

*     *     *

Бу жердеги кыргыздар кыдыр дарагынан башка кызыл карагайды ыйык тутушат.

Кызыл карагай өзү куурап, чирип калмайын эзели тийишпейт. Жыгылып жатса гана отун кылып алып кетишет. Кышка сактайт. Табы күч. Мунун табына темир эрийт. Чатырап жарып ийчүдөй укмуш күйөт. Кызыл карагайды кыйган каргышка калат.

Ал эми  кимде-ким тогуз  бутактуу кызыл карагайды кыйса, ал тогуз муун небере, чөбөрө, кыбырага чейин каргышка калат. Мына ушул кызыл карагайдан найза жасаса ийилбейт, сынбайт. Жаанын жебесин жасаса учтуу, курч болот. Бу Алтайдагы кыргыздар түгөйлүү кушка такыр тийбейт. Ким түгөйлүү кушка тийип, түгөйүн өлтүрсө, ал түгөйүнөн ажырайт дешет. Ошондуктан шумкар, каркыра, ак куу, деги эле түгөйлөшүп учкан куштар өздөрүн эркин сезишет. Алар башка жактан запкы көрүп, жараат алып калса, мына ушу чөлкөмгө келип, айыгып, уя салып, кыргыздарга аралашып жашайт. Калканаар тоосу – кыргыздар.

Ал эми бүркүттүн жайы – өзүнчө. Бу жакта эркут деген уруу жашайт. Алар бүркүт тукумунан тараганбыз дешет. Аларга көктөн кут бүркүт аркылуу келет имиш. Кайсы гана уруудан болбосун ким бүркүткө кол көтөрсө, жаа мээлеп, таш ыргытса, ал эң жакын адамынан, ошол эл бүркүттөй эр жүрөк баатырынан ажырайт дешет.

Ал эми токойдо ким маралды атса, анын тукуму каргышка калып, ошо менен курут болот деп келишкен. Сыягы, Алтайда чөптүн да, куштун да, аңдын да ыйыгы мекендеп, адамдардан кыргыздар жашайт.

Сыбызгынын үнүн да туңгуч жыгачка түшүргөн кыргыздар болгон дешет. Алтайда атактуу уста токой аралап, тоо ашып, жыгачтын ылайыктуусун тандап устачылык кылчу. Бирок туш келген жыланды колундагы балтасы менен башка чаап, кескилеп өлтүрчү. Карыганда көргөн баласын тоого кошо жетелеп жүрүп, ушу жалгыз баламды жылан чагып алат деп алдын ала чочулап, жылан көрсө эле өлтүрө берчү экен. Анан бир күнү жыгач кыйганы кетип, кайра келсе тестиер баласына жылан уюгу менен көчүп келип, таттуу уйкудагы балага оролуп алышыптыр. Баланын бал уйкусуна балкып, уюткулуу жыландар уйкуда.

Мына ошондо атасы жыландарга балта шилтейт. Чочуп кеткен жылан баланы муунтуп өлтүрөт. Уста балтасы менен ызасына чыдабай уюктагы жыландын баарын балталайт. Эң улуусу, эң чоңу гана тирүү калат, кадимкидей эки эмчектүү жылан экен дейт. Балдары өлгөндө кадимкидей ал жыландын көзүнөн жаш, боорунан сүт акты дейт.

Уста айылдан окчун жерге алып барып, уулун көмөт. Эртеси келсе, баласы көмүлгөн жерден сыбызгыган үн чыгат. Жерди тыңшайт. Көрдү казат. Уста жерди карап, көргөн көзүнө ишенбейт. Бая күнкү эне жылан анын баласына оролуп, денесинен сүт агып, демейдегидей ышкырбай, сыбызгытып үн чыгарып аткан экен.

Уста ошондо баласын ороп жаткан жыландарды бекер өлтүргөнүн, ал балдарын жоготуп сыздаган эне  жыландын арман кошогун, жер көтөргүс кайгысын, жыгачтан чоор сыяктуу кылып жасап, анан сыбызгыга салып, өмүр бою сыбызгытып өткөн дейт. Ал “Жылан – Эненин арманы” деп аталат. Анда балдарын жоготкон эне-жылан менен жалгыз уулун жоготкон атанын арманы сыздайт. Экөөнүн күйүтү тең бирдей.

Кыргыз журту бу чөлкөмдө кышкы чилдеде да жайдагы шаңын өчүрбөй тай союп, кара таруудан бозо салып, кымыздан жайда даярдаган шарабын ичип, күрүч көжө жеп, өздөрү эккен буудайын моло ташка бастырып, токоч бышырып, балык кармап, аң уулап, усталар жаандан кийинки жер бетине агылып калган кешектен[2] өткүр куралын жасап, жай камын көрүп, эч капарсыз жашаар эле.

Ошондой эле көктөгү жылдыздарды, ...чарт эткен чагылганды, ...куюлгуп келген куюнду, ...жаз, күз, жайда жааган жамгырды, көйкөлгөн көлдү, ... булбул үндүү булакты, ...адеми жыттуу арчаны, ...жалгыздап өскөн талды көрсө да баарын касиеттүү деп келишкен.

Дегеним, кыргыз өзү касиеттүү эл эле. Токойду өрттөбөй, ... жылдыз санабай, ...суу булгабай, ...чөптү жулбай, анда кыргыз аруу жашачу.

...Ошондой эмеспи.

*     *     *

Кыргыздар бу жерге келип отурукташканына бир кыйла болуп калган.

Жай өтө ысык болду. Адатта, жайы салкын болчу эле... Аптап... Куштар да көктө бийикке учалбай, жээктеп эле сууга чумкуп, ...токойдогу жан-жаныбарлар көлөкөлөп суу жээктеп, ...айтор чымын чиркей өтө көбөйүп, ...көпөлөк да нымдуу гүл тандап конуп калган кез.

Ошондо токойдон капыстан өрт чыкты. ...Адегенде жайлап түтөп баштады. ...Аны көрөөрү менен адегенде карга кузгундар учуп кетишти. ...Анан чөөлөр качты, ...улам токтоп, ...улам анда-мында бир аттап, артын карап, кайра алдыга шугулданып. ...Анда түлкүлөр качты, колдон жылмышкан самындай. ...Кайың, ...кыдыр, ...карагайдагы куштун баары улам ыраактап атты. ...Бир кезде илбээсин, ...анын артынан тоодак, ...бүркүт качты калдалаңдап учуп, ...Анан карышкыр качты куйругун кыпчып, желип жортуп артын карабай акактап. ...Илбирс качты, ...артты карап бир ырылдап, ...алдын карап бир ырылдап. Ушу токойдун шери деген жолборс да өзү жүргөн токой ысып, өрттүн табы куйкалай бергенде жай басып, тилин салаңдатып, суусаганы билинип, акыркы болуп токойдон жай чыгып келатты. ...Баары токойду таштап качып чыгып, журтун таштап алыстап кетишип, эми баары тең тээ алыстан өрт качан күйүп бүтөр экен деп тээ алыстан карап турушту.

...Токой эми жан-жаныбарсыз калгандай. Өрт ого бетер жалбыртайт.

Кыргыз карыя ичинен күйүп бышып кыжаалат. Токойдун дал ортосунда окчунураак дөбөчө жерде кумурсканын уюгу бар эле. Ал жерден кумурскалары да өтө эле көлөмдүү, бармактай болгон, өздөрү сары түстө, алтын түспөл. Кумурсканын уюгун бу жерди “Кан Алтай” дешет. Ошол кумурскалар бу Алтайдын колдоочусу имиш. Аны тегеректетип небереси экөөлөп коргон жасаган. Ары-бери өткөндө токтоп, сыйынып өтүшөт, нандын күкүмүн чачышат. Бу жерден кумурскасын өлтүргөнгө болбойт дешет. Бирок бу жердин кумурскалары кадимкидей кымыз беришет. Узун чыбыкты шилекейлеп анан уюкка таштасаң кумурскалар жабылып кымызын чачат. Анан ал чыбыкты тилиң менен жаласаң кадимкидей кымыз даамдуу.

Бир канча ирээт ачкачылыкта кыргыздар ушу кумурсканын кымызы менен тирүү калган экен. Ошон үчүн бул кумурсканын уюгун ыйык тутушат. Келин-кыздар жүгүнүп өтүшөт. Мергендер шыралгасын таштай кетишет. Бу уюкту эч ким тебелегенге болбойт. Бу жер Алтайдын төбөсү. Кан Алтай. Кумурскалар сан миң. Уюгу дөбөдөй. Кумурскалары бармактай. Карыя бүгүн өрттө ушу уюк эмне болду экен деп ойлоду. Алтайдын колдоочусу Кан Алтайдын уюгу өрт менен кошо күйүп кетсе бу Алтай эмне болот деп санаа тартты. Мекени, журту жок калчудай сезди. Жүрөгү опкоолжуп, тынч жата албады.

Кайыңдын ичке, узун бутактарын кесип, өзөнгө суулап, небересине кайрылды:

– Жүрү балам, токойго кирип, Кан Алтайды сактап калалы.

– Ата, өрткө кошо күйүп кетпейбизби, – деди чочулап.

– Жок, балам, Кан Алтай бу токойдун колдоочусу, алар бизди сактайт, эгер биз аларды сактасак.

Экөө эки узун шыпыргы сымал жасалган кайыңдын бутактарын суулап, сүйрөп өртү басаңдап калган токойду аралап жөнөштү.

Жер күйүп, жер ысык. Буттарына суу жашыл жалбырак оронушту. Карарган токой. Күл болгон токой.

...Кумурсканын уюгу кадимкидей тирүү. Көргөн көздөрүнө ишенишпеди. Сары түстүү кумурскалар денесинен “зирт” эткен суу бөлүп улам пайда болгон өрттү өчүрүп атыптыр. Бир канчага анча алыс эмес булактан суу ташып, өзүнчө эле жол болуп калыптыр. Кадимки аскерлер каз катар тизилгендей. Сары түстүү кумурскалардын бир канчасы күйүп жоодон мерт болгон жоокерлердей жерде жатты, ...бир канчасы жарым жан, ...бир канчасы көө болуп тирүү калыптыр. Өлүп калгандарын талаага таштабай уюкка ташып келип атышты. ...Экөөлөп сууланган кайыңдын бутактары менен тегерегени чек кылып, түтөп өрткө өрттү өчүрүп уюкту коргондоп калышты.

...Сары кумурскалар аны сезгенсип уюкка чогулушту. Уюкту журтту өрттөн сактап калышты. ...Токойдо эч ким жок. ...Өз журтун аман сактап калган кумурскалар жана кыргыз карыя небереси менен.

...Маңдайдан тери таамп аткан карыя небересине кайрылды:

– Көрдүңбү балам, эр жүрөктүүлүк менен бирдикте гана кумурскалар өз журтун сактап калды. Биз да кумуркалардай ынтымак жана эр жүрөк эл болсок өз мекенибизди сактап калабыз, – карыянын маанайы дурус.

Токой да, аба да өрт жыттанат.

...Түтүн басаңдап, өрт өчүп, жамгыр дыбырай баштады.

...Ошондон бери кыргыздар кумурсканын уюгун ыйык тутуп, аялзаты сыйынып, аны Кан Алтай деп атап келет..

[1] Азыркы Монголия.

[2] темир.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз