(Ала-Арча көрүстөнүндө түбөлүк уйкуда жаткан кыргыз элинин залкарларынын жаркын элесине арналат)
Жылдыз өчүп, күндөр сызып, ай жылып,
Жылдар өтүп, доор жүгүн артынып,
Ала-Арчада жатат канча шейиттер
Кыргыз үчүн өлбөс эмгек калтырып.
Көрүстөндө күнү бүтүп күлүктүн,
Көр үстүндө шамы өчүп үмүттүн,
Көк астында куштун талып канаты,
Көр астында күлү түтөйт күйүттүн.
А бул жайда гүл соолуйт да, гүл чыкпайт,
Элдер кайда, күлкүлөр жок, үн чыкпайт,
Бу тарапка каркыралар түнөбөйт
Бу тарапта күн батат да, күн чыкпайт.
Бут алдыңда жер тумчугуп, буюгуп,
Азыр кошок угулчудай туюлуп,
А бул жерде “Таң булбулу” таңшыбайт
Жалаң гана “Көкөй кести” угулуп.
Айылда бул очок күйүп, өрт жанбайт,
Ала-Арчада көз жаш тамат, от танбайт,
Бу айылга элдер келип агылып,
Бу айылдан элдер кайра аттанбайт.
Мүрзө менен өмүр бүтпөйт далайга,
Бейишпи же, тозок бекен бу жайда,
Көктү карап Кудай бар деп ишенип,
Көрдү карап табалбайсың бир айла.
Асман ачык, а жер бүркөө созулуп,
Төбөдө көк, төмөндө көр көк озунуп,
Кыргызымдын жакшылары азайып
Ала-Арчада көр көбөйдү кошулуп.
Жылдыз “жылт” деп, күн жылмайып ак таӊда,
Бу Саякбай Тайторуну чапканда,
Атаганат, таш боорун айт ажалдын
Алп манасчы жер алдында жатканга.
Өлүм балким түндө көргөн түшүңдөй,
Калса болмок үзүлөөрдө үзүлбөй,
Бу Саякбай алп Манасты өлтүрбөй
Өзү кантип өлгөнүнө түшүнбөйм.
Жүлүнүңө кыт куйгандай саптарын,
Жүрөгүмө эргүү алып жаттадым,
Жер үстүндө ыры калып Алыкул,
Өзүн кара, жер астында жатканын.
Ай асманда учуп жүргөн периштеӊ,
Бүбүсайра көрдө жатат неликтен,
Өнөр берип көк асманга көкөлөп,
Өлүм берип бир бактысын кемиткен.
Аруу эле, пери эле келишкен,
Аккуу сымал азыр чыккан деӊизден,
Көктү карап кудай бар деп ишенип,
Көрдү карап “кана, кайда бейиш” дейм.
Таланты күч, ташты эритип, кыйратып,
Кыргыз эмес, Лондонду да ыйлатып,
Ташка айланып анын жаркын элеси,
Рыскулов да турат мында муӊ катып,
Көздөн учкан көк иримдей кылактап,
Көпкө жүрбөй кете берди ыраактап,
Ким ырдаптыр Миңжылкиев Болоттой
Ал үн салса дүйнө турчу кубаттап.
Көзү барда атак албай, даңк албай,
Өз кезинде Раззаковду барк албай.
Москвадан алып келип көмдүк го
“Кечириңиз” деген бир сөз айталбай.
Кыргыз жерин суу чыгарып бакты эле,
Мыкты эле, кыргыз мүнөз жакшы эле,
Элдин уулу Ибраимов Султанды
Эч ким билбейт, кимдер мээлеп атты эле?
Бир күн келип, анан артка кайталбай,
Ажал менен бет келишип жалтанбай,
Атаганат Мидин менен Райканды
Көзү барда койдук балким баркалбай.
Поэзиянын, аруулуктун кенчи эле,
Бир укмуштай ырын окуп берчү эле,
Кызыл гүлдѳр жер астында гүлдөбөйт
Гүл жок жакта кантти экен Тенти эже?
Сөздөн жасап, ырдан жасап дарыны,
Кандан бүткөн, жандан бүткөн ар ыры,
“Таң алдында” китебине кеч кирбейт
Ким тааныбайт Токомбаев Аалыны.
Аябады өлүм таш боор бириңди,
Карабады баатырыңбы, кимиңди.
Ажал келип дал өзүңдөй багынтты
Муса Адышев багынткандай илимди.
Жоомарт акын сөз найзасы мурч эле,
Алымкул да, Калык дагы курч эле,
Осмонкулду эч ким тирүү жеңбептир
Азыр минтип, жатат баары тынч эле.
Жакшылыктар, той-салтанат кенчи эле,
Эстекени элдер жакшы көрчү эле,
Тууганбай да, Ашыке да бу жайда
А Ысмайыл төкмөлөрдүн өртү эле.
Билбейм канча элдин түшкөн назары,
Бийлегенде жанып турчу ажары,
Чолпон сындуу Базарбаев Чолпонбек
“Жарк” деп күйүп, “жалп” деп өчүп жашады.
Көрдүк далай көрөрман кол чапканын,
Көркү эле, көркөмү эле сахнанын,
Сабира эже, Даркүл, Бакен эжелер
Элестетчү караңгыда жатканын.
Кайрыктары сүйүү менен кусанын,
Кайран өнөр, ырдаганы Мусанын
Обон созгон Малдыбаев Абдылас
Обочолоп элден бир күн узадың.
Алаканга жүрөк кармап калчадың,
Аман сактап, жан өмүрүн канчанын,
Ахунбаев токтогон соң жүрөгү
Азыр жатат ал түбүндө арчанын.
Жантөшевдин “Каныбеги”, “Эки жаш”,
Эми мындай чыгармалар жазылбас,
“Көк Асаба” көтөрдү да Түкөбүз
Көр алдында жатат минтип асыл баш.
Сүйкүм эле бирде карап күлмүңдөй,
Сүр бар бекен Сүймөнкүлдун сүрүндөй,
Суутулуп жерди чапчып, кишенеп
Сүлүккара ээсин издейт түңүлбөй.
Күндө эле бере бербей асылды,
Кыргыз эли ардактачу Насырды.
Сый киши эле Мирахимов Мирсаид
Сыпаа, секин келбес жайга жашырды.
Таякчасы тап-так эле жаңылбай,
Талант балким сейрек чыгат Калыйдай,
Кайран элим, какшап турду бир күнү
Исановдой инсан бүгүн табылбай.
Тирилчидей тартчу эле сүрөттү,
Тирилген жок Айтиев зор сүрөтчү,
Кара Молдо кайрылып бир келген жок
Канча ай, жыл андан бери күн өттү.
Жер астына каткан өңдүү тумарды,
Ким ойлоптур эрте өчөт деп буларды,
Бирге келип ырын окуп алсын деп
Бирге алды го Жолон менен Турарды.
Масалиев момун мүнөз карк эле,
Таза жүрүп, пакизалык наркы эле,
Ишенбедим Абдуразаков Ишенбай
Өлдү десе, өчкөн өңдүү калп эле.
Өз элинен алыс кетип кезинде,
Өз журтуна кайтып келип кечинде
Булут канча көктүн бетин жаппасын
Болот түшкөн көп кинолор эсимде.
Кылым жашап ырларына кам көргөн,
Сооронбайга, Сүйүнбайга таң бергем,
Экөөсү тең аман келип согуштан
Экөөсү тең тынчтык күнү жан берген.
Кылымдарга өлбөстүктү сепкендей,
“Кыргыз көчүн” кыргыз үчүн черткендей,
Кыдырназаров өттү, кетти бир күнү
Кыдыр өзү кайып болуп кеткендей.
Дирт-дирт этип чачы укмуш жасалган,
Аны уккандар эки көздөн жаш алган,
Оркестрге сейрек келээр бул талант
Кайда жатат Жумакматов Асанкан.
Ыр оозантып, ким оозуна салды экен,
Ыр саптары кантип жетим калды экен,
Төшөктө эмес, жатат азыр таш жерде
Талас суусун эңсеп коюп Байдыкең.
Арт жагында жолдор калып, түз калып,
Чапкан арык, баккан бакча из калып,
Турат азыр Усубалиев салган шаар
Атбай журтка түндө тийип бүт жарык.
Мындай алпты кандай эне төрөгөн,
Мында жок го Касымбеков Төлөгөн,
Сынбайт кылыч, сынбайт кыргыз эч качан
Бешигине бычак кошо бөлөгөн.
Көчмөн элдин карт тарыхын ирээттеп,
“Көчмөндөрдүн кагылышын” сүрөттөп,
Жумду көзүн Осмоналиев Качкынбай
Жумгал жакта жүрө бербей күнөстөп.
Канча сүйүү жатат мында күйдүм чок,
“Кайран эл”, бар калыс айткан Докең жок.
Эми канча байлар жатат бу жерде,
Аттиң бирок, көр астында дүкөн жок.
“Кыргыз жалкоо”, “кыргыз кедей” деп айтып,
Безеленип, безге сайчу кеп айтып,
Бир кыргызга керек болчу бир өзү
С.Жигитов да келбейт эми бир кайтып.
Ушул мүрзө – өмүр жалган далили,
Жатат мында Садыковдун Жалили,
Жазып коюп үчилтигин Манастын
Жазмыш ушу, жараткандын амири.
Сөзү менен арбап алып тирүүнү,
Бир укмуштай сүрөттөчү сүйүүнү,
“Чүй дастанын” жазып кеткен Стамов
Аларчадан түнөк тапты бир күнү.
Кино тартып, дүйнө кезип аралап,
Кереметин аалам көрүп дамамат,
Океевдей, Шамшиевдей талантты
Айтчы эми кыргыз кантип табалат.
Асанкалый, Рыспайды эскерип,
Бейитине гүл коёлу деп келип,
Таттыбүбү, Аксуубайды таппадык
Бир ууч торпо салалбадык апкелип.
Канчаны да койнуна алып эне жер,
Канча уулду жоктоду экен энелер,
Алптар жатат Ата Бейит тарапта
Арасында Айтматов бар, кеменгер.
Жердин үстү адыр, жылга, тоо эгиз,
Тунук булак, өзөн, дайра, көк деңиз
Жердин үстү сан миң түркүн ар башка
Жердин асты бирок окшош тептегиз.
Улуу тоодон бир кулаган улардай,
Жатасыңар бир жыгылып туралбай,
Ушак сөздөр жетпейт эми силерге
Тирүүңөрдө көп жакшы сөз угалбай.
Ала-Арчада тыйын эмес тыйының,
Алтын, күмүш буюм эмес буюмуң,
Бул калаада салтанат, шаң, той да жок.
Бу айылдын ыры да – муң, бугу – муң.
Берки чети .... Ош базары дуулдап,
Аркы чети... автовокзал зуулдап,
Күн чыгыштан кысып жатат курулуш
Күн батышы Ала-Арчанын чуулдак.
Өмүр көчү бүтпөчүдөй туюлган,
... Өлүм көчү... мүрзө жатат уюлган,
Баарысы тең бакыт издеп келишип,
Баарына тең бир көрүстөн буюрган.
Ысык-суугу эми бирдей аларга,
Жаз менен кыш – экөөсү тең бир айла,
Баасы эми кызыктырбайт базардын
Бешик келбей, табыт келет бу жайга.
Гүл сатылбай кул сатылган базарда,
Адам арзан, буюм кымбат заманда,
Кыраан уул-кыз төрөлсө экен кыргызда
Ат чаптырып сүйүнчүлөп азанда.
Артыңарда ак калпакчан эл калып,
Алтын өрөөн, күмүш өзөн, жер калып,
Комуз күүсү тураар дайым эскерип,
Көздө учкан көпкөк мөлтүр көл калып.
Эли боздоп, көздүн жашын тыя албай,
Элмирбекти кечээ жерге кыя албай,
Эчен ирээт эми жоктоп издээрбиз
Эңсеп сенин ырларыңды угалбай.
Кыргыз жери касиеттүү көктөм жер,
Кылымдарда коргоп канын төккөн жер,
Кечиргиле, барктабасак кезинде
Кыргыз үчүн өмүр арнап өткөндөр.
Эч бир жерде асман болбойт булутсуз,
Эл журт үчүн из калтырып унуткус,
Элесиңер жашайт дайым жүрөктө
Эмгек менен өсүп өнөөр улутбуз.
22-апрель, 2020-жыл
(Элмирбек Иманалиевди жерге берген күн)