Нуралы Капаров: Каныбек Иманалиев иниме (толукталган варианты)

Сен мен үчүн майда эмессиң үлкөнсүң,
“Асабанын” уясында туулуп,
Акаевдин уясынан “чыйп!”, “чыйп!” этип
көзүн жарган чүрпөмсүң.

Чуу түшүп Ак үй аттуу кызмат жайга
“топ!”, “топ!” этип жерге кулап куштар майда,
кокус келип саясатка буйругу жок,
учам десе канаты жок,
коном десе куйругу жок
Оо Каныбек,
ошондогу учалбай кулап түшкөн
уялаш уядагы куштар кайда?!

Сен гана “пы-ы-ыр!” деп учуп
саясатттын айдыңына,
түкүрүп салып тагдыр жардыгына,
түрүнүп чыктың анан темир канат
айланып алп саясат алгырына!

Сен азыр чабандессиң
туйлатып тулпар атты минги кылган,
сен азыр улакчысың
дуу түшкөн жүз жыйырманы жинди кылган,
саясат айдыңынын сары тобун жара тепкен
айбаттуу футболчусуң
алдынан чыккандарды алдап өткөн,
бурулуштан чыкканын буйтап өткөн,
чалып жыккан чагымчысын,
Тайбуурулдай даң салган чабуулчусун!

Сен азыр кыш чилдеде кайыкпай кайнап турган,
сүйлө десе сүйлөбөй сайрап турган,
кан Манастын картайбас канын улап,
Сагынбайдын, Саякбайдын саны жок сабын улап,
манасчысың мээни жарып “мен!”, “мен!” деген,
Алтайыңды, Сибириңди аралай чаап,
Ала-Тоонун адыр-түсүн чеңгелдеген,
бели бек Беренимсиң,
өчпөгөн өнөрүмсүң.
Кут түшкөн Кеминимдин шамалына шуулдаган
ак кайың, терегимсиң.

Төбөсүндө Көкө-Теңир колдоосу бар,
көөдөнүндө талант деген бомбасы бар,
Рысбектей, Станбектей досту күтүп,
Садык Шердей, Өмүрбектей, Алманбеттей жолдошу бар
биригип күчкө айланып,
бийиги асман челип,
тереңи терең чөгүп түп байлаган,
акыл менен,
билим менен бүт жайлаган,
алдууга канатсың сен,
саясатка сабылып кулдай иштеп,
маданият төрүндө манапсың сен.

Тышка чечип көлөчтөй ызы-чуусун,
арыбас акынсың да,
жанбирге жазуучумсуң.
Маңкайган маданиятка касиетсиң,
саксайган саясатка капилетсиң,
кокуйга кокуйсуң сен кокуйлаткан
момунга моюн сунган адилетсиң.

Сен азыр
Шайлообектей, Чыныбайдай
ага таап түшүнө алган,
Жылдызжандай эже таап күтүп алган,
Кеңеш чалдай ата таап күчүн алган,
билгичсиң, сезимталсың, талаптуусуң,
боору менен кар жиреп жерде калбай
кайкып учкан асманда канаттуусуң.

Отсуң сен,
жалынсың сен
алоолоп мешке толгон,
жеңилбес депутатсың
он жолу бешке толгон.

Өрөпкүткөн көөдөндө жүрөгүң бар,
өмүр бою өскөнгө тилегиң бар,
жулкулдаша келгенде жулдурбаган,
алышканда алдырбас билегиң бар.

Аз эмес жолду бастың,
калтырбай баарын жаздың,
алдыңан пайгамбардай Жолон чыккан,
кара сөздү соколоп каршы-терши,
ар сабыңан озондоп обон чыккан.

...Жай жашоону жактырбас жаны көгүм,
жер таянып жыгылбас жаны бегим,
кажылдашкан жүз жыйырма арасында
кара пилдей каркайган Каныбегим!

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Сарымай

    Ооба абдан жылмаяк адам .......

Комментарий калтырыңыз