Нуралы Капаров: Эстелик коёт элем

  • 21.04.2024
  • 4345

Коронавирус дүйнөлүк апаатка айланган күндөн бери бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөн мекендештерибизге бул сыноо оңой болгон жери жок. Учурда Россиядан аргасыз кайтып келген мигрант мекендештерибизге карата да жылуу-жумшак мамиле болуп атпаганын көрүп аткандан улам, акын Нуралы Капаровдун “РухЭш” сайтында мурда да жарыяланган береги эки ырын кайталап жарыялоону эп көрдүк.

Арийне, убагында сыртта жүргөн мигранттарыбыз өз мекенине тыйын-тыпырын которуп турган кезде сүймөнчүгүбүз эле, эми минтип дүйнөлүк апаат баардык адамзаттын башына жапа-жабыр салып турган кезеңде – аларды маңдайынан сылап мамиле кыла албасак да, куру дегенде акын агабыз Нуралы Капаровдун мигранттарга арналган береги эки чыгармасы жамы журттун жароокер сезимин ойготор деген ишенимдебиз...

КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНА АРНАЙМ

Россиянын кырк градус суугунда аба жиреп,
кабат-кабат үйлөрдү кайыгып салып жаткан,
ит баккан Италиянын,
куш баккан Түркиянын
үйлөрүндө турбай калган
саңырсыган сары жамбаш
кемпир-чалын багып жаткан,
Австралиянын куйкалаган күнүндө кой кайтарып,
Норвегиянын кол какшаткан көк суугунда
тор жайып, балык тарткан,
ак бубак аюу болуп
Тайганын карагайын кыйып жаткан,
Американын өрттөнгөн токойлорун өчүрөм деп,
куу жыгачка сайылган шишкебектей
кара-күрөң эт болуп күйүп жаткан.

Айласыз алыс кеткен асылдарым,
жиби үзүлүп
жер шарына чачылган шуруларым,
мен тааныган-тааныбаган
улуу-кичүү курбуларым,
отто калган, чокто калган түгөйлөрүм,
чоочун элде, чоочун жерде чочулабай,
үрпөңдөшүп учурбаган үрөйлөрүн,
бөтөн элдин, бөтөн жердин корун тартып,
кармашып, салгылашып, жол талашып,
жолун таап оңолгондор,
карсылдашып, канжалашып,
жанын үрөп жанталашып,
жол бергин деп жол талашып,
жолун таппай жоголгондор…
Түндүгүңө, түштүгүңө,
баары баткан батышыңа батпаймын деп,
төшөнөөр төшөгү жок
жайдак калган Кыргызстанга жатпаймын деп,
эр жеттим, элим жука, тонум жука, чоңойдум деп,
тонолгон Кыргызстанды, таланган Кыргызстанды
жалданып иштесем да оңоймун деп,
талаа-түзгө таалай издеп көчкөндөрүм,
жер шарынын түгөнбөгөн булуңунан
“жарк!” деп күйүп,
“жалп!” деп кайра өчкөндөрүм,
жөлөгү жок, дареги жок дайынсыз кеткендерим…

Жылаңайлак суу кечип, кар баскандар,
кашык каны калганча кармашкандар,
таманынан сыз өтүп Россияда,
төбөсүнөн күн өтүп Дубайында,
бири-бирине жармашып жан баккандар –
күндө беш маал жалынып Кудайына,
азап менен тозокто жол баскандар – мигранттар!
Ичип-жебей жөнөткөн миллиарддар
кыйналган кыргызымды кийиндирген,
кыйналган кыргызымды ичиндирген,
кыйраган кыргызымды сүйүндүргөн,
ак нанга алмаштырган
кыргызымдын колундагы каткан нанын,
өз элинин ырыскысын шыпкап жешип,
миллиардер ажолордун көчүгүн жапкандарым,
безилдеп өз элинен качып кеткен,
байлыгын өз элинин ташып кеткен
акылсыз ажолордун азабын тарткандарым,
оңурайган тешигин бүтөймүн деп,
өз элине жөнөткөн тапкандарын.

Мигранттар, шордууларым, асылдарым,
койбостон каруусу жок өлкөсүн карып кылып,
кан түкүргөн өлкөсүн айыктырып,
калчылдаган денине кан куюшкан.
Көмкөрөдөн жыгылып күн буюккан,
чалкасынан жыгылып түн буюккан,
алып чыкты асылдар ата-журтун
ажолору түртүп ийген туңгуюктан.

Мигранттар, алтындарым, баатырларым,
ар кимиси агып келген ар-ар жерден булак болуп,
ар кимиси ар-ар жерден жанып келген чырак болуп,
асылдарым жүк көтөргөн вокзалдарда,
ата-журтун бүт көтөргөн
баатырларым асылзаада,
жаны бек, жанталашкан, жөтөлбөгөн,
жөөлөшүп орус менен, чечен менен,
соодалап көмүр менен темир менен,
койгулашып корей менен, негр менен,
кайышкан кандаштарым,
жабыккан жердештерим,
ата-журтун багышкан асылдарым,
мен силерге көңүлүм бөлгүм келет,
мен силерге түбөлүк эсте калаар
мен силерге эстелик койгум келет.

Темир жол вокзалынын маңдайына Бишкегимдин,
жол тартып баратышкан жүгү менен
үч жигит, үч келиндин…
Анан да “ач оозуна” нанын бурдап,
бараткан ажолорду алтын уурдап…

Болбосо “Манасымдын” маңдайында
дүңгүрөгөн самолёту дүйнөнү үч көтөргөн,
ошол жерге койсом дейм эстеликти
үч жигит, үч келинди жүк көтөргөн…

Анан да оозуна тыккан нанын чала күрмөп,
бараткан ажолорду алтын сүйрөп…

Жазсам деймин анан дагы эстеликке:
“БУЛ ЭКӨӨ ЭЛ БАШЧЫСЫ ЭЛДЕН КАЧКАН,
ЭЛИН ЖЕП, ЭЛИН САТКАН…
АЖОЛОР ЖЕП КЕТКЕНДИ ТОЛТУРАМ ДЕП
ТИГИ АЛТОО МИГРАНТТАР ЭЛИН БАККАН!”

МИГРАНТТАР

Күчүктөй пайда издеген кыйгач карап,
үзүктөй калың чачын кыйгач тарап,
дөбөттөй этти карай,
эшектей чөптү карай
жулкунган заман келди.

Жондуулар жымыңдаган,
кыйындар кымыңдаган,
түлкүлөр жалпактаган,
коркоктор жалтактаган,
карыздуулар карыз издеп
каргадай күнү-түнү салпактаган…

Жонуна төрт кишини
карк кылаар аш байланып,
бооруна бир өлкөнү
мерт кылаар таш байланып,
кемшейген кемпирлери улан күткөн,
келишкен жигиттери жубан күткөн,
калжайган карыларын кызга түрткөн,
өзөн-сайда жаз-жайды кышка түрткөн,
өскөн жерде балдарын сыртка түрткөн
заман келди…

Заманың ары болсо, ары бол деп,
бери болсо бери бол деп,
заманың бөрү болсо, бөрү бол деп,
Мекенге жатып албай догун артып,
турмуштун запкысын жеп, корун тартып
жаштарың жапжаш күчтүү,
жаштарың алыс-алыс
алыскы жолго түштү.

Мен ага кейибеймин,
кезинде келет алар
ийленген териге окшоп,
чыңалган темирге окшоп,
келет алар, кеңейтип тар жолуңду,
түшүнүп бар-жогуңду, келет алар,
замбиректей ок атып
жокчулуктун аңырдай бош оозуна,
тагдырдын шамал урган,
жашоонун жалын урган от оозуна.
Башына ак кебездей акыл жыйып,
боюна чулу чоюн каруу жыйып…

Алдуулардын алдында мөгдөп турган
өз өлкөсүн сүйүнткөнү, өңгөнү эмес,
өзүм деп дегдеп турган
жону жука өлкөсүн кийинткени келет алар
толкун жарган кемедей топту жарып,
эшолондой дүкүлдөп дабыш кагып,
лом темирдей сайылып жалкоолукка,
айбалтадай чабылып ыкшоолукка,
жакырчылык дегендин колун жулуп,
кедейчилик дегендин бутун жулуп,
жокчулукту жер менен жексен кылып,
ысыктын табын алып,
салкындын желин алып,
сулуунун мөлүн алып, келет алар.
Мөгдөгөн өлкөсүнө
өчпөгөн жарык алып, келет алар!
Балким болор канаты кайрылгандар.
Кыйкуулап учалбаган
уядан айрылгандар.
Бөлөк элди элдегендер,
бөлөк жерди жердегендер,
түбөлүк ата-журтка келбегендер,
түбөлүк көздө жашы көлдөгөндөр,
түбөлүк түтөп күйгөн армандары,
туз буюрбай калгандары,
сапарын кар баскандар,
бороондуу жолдо боздоп,
ызгаардуу жолдо какшап
жолунан адашкандар…
Алар аздыр, көптөрү кайтып келээр,
туудай тутуп тууган жер-туурларын.
Күн нурундай тараган уулдарың,
таалай издеп сен үчүн сапар чеккен,
уулдарың өжөр-өктөм,
уулдарың бүркүттөй шаңшып учкан,
карлыгачтай кайкып учкан тегиз менен,
кыйкуулаган турналардай асмандагы,
келишет чардактардай деңиз менен,
уулдарың келгиндей жаз баардагы,
уулдарың – барчындарың,
уулдарың чарчабас чалкарларың,
чоюн жери болот болгон,
чакан өмүр жомок болгон,
Ата-журтун жоготпогон асылдарың келет баары!
Самолёттой бороздоп асманыңды,
көк добулдай жапырып бак-шагыңды,
эшелондой дүкүлдөп жер үстүндө,
толкун жарып кемедей деңиз менен!
Келишет уулдарың сен күткөн, сен издеген
жол каратпай келишет каралдылар
ый, жоготуу, кубаныч, жеңиш менен!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз