Кофе жөнүндө насыйкат

  • 09.03.2023
  • 1855

Кызы атасына келип даттанат дейт:

– Ата, ишим өтө оор. Чарчадым. Көйгөйүм көкөйгө тийди: качан болсо агымга каршылык көрсөтүп жүрүп, эсим ооду. Бул аргасыздыктан кантип чыксам экен?

Атасы кызына жооп айткандын ордуна кемегедеги отко үч казан асат. Үчөөнө суу куюп, бирине сабиз, бирине жумуртка, бирине кофенин данын себелейт. Бир нече убакыттан кийин казанда бышкан сабизди, жумуртканы чыгарып, идишке салат. Чөйчөккө кофени куят да, сурайт:

– Эмнени байкадың?

– Жумуртка менен сабиз бышыптыр. Кофеңиз болсо сууда эрип кетиптир, – дейт кызы.

– Жок, кызым, сен булардын сырткы көрүнүшүн гана байкадың. Жакшылап кара, сабиз чийки кезинде катуу болчу. Туурабы?.. Сууга бышып, былпылдап жумшарып калды. А ичи суюк жумурткачы? Сууга бышырдым эле, катып калыптырбы? Ии… Экөөнүн тең сырткы көрүнүшү эч өзгөргөн жок. Чынбы? Тек, экөөнү тең кайнак сууда боркулдатсаң, мурункудай сырткы калыбы өзгөрбөгөнү менен, маңызы башка эми. Адам аткырың деле ушундай – сыртынан катуу көрүнгөндөрдү кайнаган турмуш жумшартып коёт. А жумуртканын кабыгындай сырты морт көрүнгөндөрдү кайнаган турмуш катыра бышырат.

– А кофечи? – дейт кызы.

– Эхе! Эң кызыгы ушунда, кызым! Кепке кулак түр эми. Кайнак сууда боркулдап койнаган кофенин даны аңкыган жыпар жыттуу суусундукка айланганын карачы. Бах! Шылдыраган суунун даамы таптакыр башка эми. Кофенин күчү ушунда! Адамдардын арасында да касиети башкача, өзгөчөлүү инсандар болот. Алар дагы бүтүндөй коомду өзгөртүп, айланасындагылардын баарын дал ушул жыпар жыттуу кофе сымал кубултуп ийген күчкө ээ. Чөйчөктөгү суунун баары кофеге айланып калган сымал, айрым инсандар да өз курчоосундагы чөйрөнү жаңыртып, жаңы билим, жаңы кырдаал жаратарын унутпа, – деген экен.

Которгон Бек Тамырлан

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз