АҢГЕМЕ
Студент кезде кабылган бул ит оору узак жылдарга созулуп, азабымды берет деп ким ойлоптур. Кабылганым мындай: 5-курста окуп жүргөн кез эле. Кыш өтүп, март, анын артынан кулпурган апрель келди. Сагынган жаздын илебине мас болгон группалаштар бир күнү уюшуп тоого чыкмай болдук. Күн чайыттай ачык, башкача ачуу тийип табы ысык болуп турду. Чогуу окуган досубуз Жапаркулов Жаныбек – Жонинин кеңеши менен ал жашаган Кара-Балтанын өйдө жагындагы тоого жөнөп кеттик.
Жеттик, отурдук, эс алдык, ары-бери бастык, анан эле бир оокумда алай-дүлөй шамал келди, анын артынан шатырата муздак жамгыр төгүп, арты заматта суу карга айланды. Жалаңкат көйнөкчөн тоого барган мен анык келесоо экем, жок дегенде калыңыраак бирдеме алып алсамчы. Жаздын суугу жандан өтөт деген эскилердин кеби туура экен, мени «союп» кеткен ошол экскурсия болду.
Тоого чыкпай томуран калайын дегендей, тоодон түшкөн күндүн эртеси эле тамакты кычыштырган күрсүлдөгөн жөтөл пайда болуп, ага деле маани берген жокмун. Токтоп калар деп ысык чайдан баса-баса ичип сабакка барып жүрдүм. Антип-минтип бир жума өтүп кетти, күркүлдөгөн көк жөтөлдүн токточудай түрү жок. Батирдин ээси Оля деген ыймандуу кожейкебиз бар эле, ошол күн сайын кечинде, эртең менен сары май салынган бир күрүшкө ысык сүт берип жүрдү. Болбой эле түнү менен итине кошулуп «үрө» бердим эле, догдурга барсаңчы деди. Барсам, дарыгер тыңшап көрүп, бронхит болупсуң деп дары жазып берди, эки-үч ирет үкөл сайдырдым эле сакайып кеткендей болдум.
Бирок баары бир кыйналып жүрдүм, анүстүнө мамлекеттик экзамендер да кычап келип калды, ооруну да унутуп, окууну аяктап диплом алыш керек эле. Дипломду да алдык, группалаштар менен коштошуп туш-тушка тарадык.
* * *
Айылга кайтып барганда ден соолук сопсонундай көрүнгөн, анткени биздин Лейлек ысык жер; бул бетпак оору, көрсө, ысык жерге келгенде айыккандай жоголуп кетет экен, тагыраак айтканда, ичиңе кире качып, бекинип алат экен. Футболду жакшы ойночумун. Бир күнү кара терге түшө чуркап жүрө берип, каным катканда булактын муздак суусунан жуткан элем, ошону абдан чеки кылыптырмын. Сакайды деген бронхитим ошол түнү эле мен мындамын деп жабышып жаткан жеринен чыга келип кайра тамакка жармашты, баягы көк жөтөл дагы башталды.
Дагы эле моюн берген жокмун. Ал ортодо чоңдор райондук аткаруу комитетине жумушка чакырып, ошол эле күнү партиянын (КПССтын) катарына өткөрүп коюшту. Тагдырымдагы ойго келбеген мындай бурулуш учурга шыктанып ооруну да унутуп койдум; кайдагы бронхит, артылган чоң ишенимди акташ үчүн жаш коммунист катары күнү-түнү чапкылап иштеп жүрдүм. Бирок көргүлүгүм алдыда экен.
Эки жылдан кийин райондун аталары эми кадр катары такшал, өз алдыңча жетекчилик ишти баштап көрчү дешип, алыскы тоолуу айылдардын бирине айыл өкмөттүн башчысы кылып жөнөтүштү. Жаңылбасам, ошол 1992-жылдын кышы өзгөчө катуу келди, калың түшкөн кар элди кыйла жүдөттү, кардан да анын ызгаар суугун айтпа. Эчак айыкты го деген бронхитим ошол ит тургус аязы кырчылдаган суук күндөрдүн биринде үчүнчү ирет «тирилип» чыга келди. Бул ирет буйдалган жокмун, абалымды чоңдорго айтып, догдурдан бүлүтүн ачтырдым да, автобуска отуруп, Бишкекти көздөй жол тарттым.
Логвиненко көчөсүндө жайгашкан азыркы улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнө жаттым. Ал жерде академик Миррахимовдун демилгеси менен Москвадан алынып келинген барокамерага дарыланууга киргизип турушту. Барокамера деген сыртынан карасаң кудум эле Таабалды Эгембердиевдин Чуңкурчак комплексинде салган бешик үйлөрүндөй же кадимки эле жумуртканы элестеткен герметикаланган темир камера экен. Ичине өпкөсүнөн чалынган мендей 4-5 бейтапты киргизип отургузат да эшиктерин самолёттукунан бетер бекемдеп жабат. Бейтаптардын жанына да бир инструктор дарыгер чогуу отурат. Ал камеранын ичиндеги абаны акырындап суюлтуп, басымын 4-5 миң км. бийиктеги тоонун чокусунда тургандай деңгээлге жеткирет. Аны атайын приборлор көрсөтүп турат. Демиң ачылып, кадимкидей жыргай түшөсүң. «Тоонун чокусунда» жыйырма-отуз мүнөттөй кере-кере дем алабыз да анан ылдый түшө баштайбыз, чын эле бийик ашуудан түшүп келаткансып, кулактарың чыңылдап тунуп, инструктор болсо моминтип жутунгула, ошондо кулагыңар чыңылдаганы азаят деп улам өзү көрсөтүп турат. Камерадан жеңил чыгабыз, бирок абалы оорлор бат эле кайрадан таз кейпине түшөт.
Анан да жаткан палатанын ысыгын айтпа, дем алып болбойт; мага жакпаганы жаныңдагылар жүрөктү айлантып улам керебетинин астынан банкесин алып чыгып, какырынып-түкүрүнөт, аларды карап такыр эле тамагыңдан эч нерсе өтпөйт. Айтор, он беш күндөй жаткан соң айыктың деп чыгарышты. Ырас болду деп кубанган бойдон чыгып кеттим. Шаардагы туугандардын бириникинде бир түнөп эртеси жолго чыгып кетмекмин. Кечки тамакты ичкенден кийин төшөк салып беришти. Ушул жерде мен дагы бир чоң ката кетириптирмин. Муздагыраак бөлмөдө турган төшөктөрдүн чылпылдап ным экенин байкабапмын, анысын билгенде кийимимди чечпей жатмак экемин. Күркүлдөгөн тааныш жөтөл менен демигүү көпкө күттүргөн жок, экөө бирдей келип баса калды, он беш күндүк дарылануу заматта жокко чыккандай болду. Бирок мен сыр бербей тымпыйган бойдон Лейлекке кете бердим, кайра ооруканага бармак белем.
* * *
Адегенде эч бир коркунучу жоктой сезилген катардагы бронхит акең алдын албасаң, хронический же кыргызча айтканда, өнөкөт бронхитке өтөт экен, кыргыздын кайдыгерлигине салып камырабай жүрө берсең, бир күнү астмага айланат да ит азабыңды ошондо жедирет; бара-бара мен да ошондой абалга жеттим. Чекеңдеги майда кан тамырчаларды үзүп кеткидей көк жөтөл түнү бою тынчтык бербейт, ыкшый берип көзүң бирде тунарат, бирде чакчаят, жата да албайсың, отура да албайсың, туруп баса да албайсың. Аргаң куруганда айбандан бетер төрт буттап турасың, ошентсең дем алганың жакшырып, кичине жеңилдей түшөсүң.
Ооруну ушинтип акырын «алдай» баштайсың, бир далайда барып жөтөлүң тып басылат да, жаның жыргай түшөт. Кудайлап аста секин бир жагыңа кыңаясың. Уктап эле кетсем дейсиң, жаның көшүлүп, көзүң илинип барат...
Канча убакыт жаттың, ким билет, бир оокумда бирөөнүн көрүнбөс колу бир тал чөптү акырын сойлотуп барып өпкөңдү билинер билинбес кытыгылап өткөнсүп, тарс эткен жөтөл чыгат да, анан баары кайра башталат. Өз шоруңа өзүң кайнап, каалайсыңбы жокпу, түнү менен өпкөң «черткен гармошка-кыякты» тыңшап жата бересиң, тагыраак айтканда, кайра эле төрт буттап туруп каласың. Же узун түн өтүп батыраак таң атсачы дейсиң, акыры барып суйкайган таң да атат, бирок ал деле сени кубандырбайт, анткени чеңгелдеп мыкчып алган мээнетиң оор, дүйнөң тар, күн жаркырап тийип турса да аалам караңгы. Кудайдын куттуу күнү ушул абал, жанды кыйнаган жөтөл да «чарчайт» болушу керек, кез-кезде тып басыла калса кадимкидей сопсоо кишисиң, жөтөл башталганда кайра эле онтогон оорулуусуң. Менин айтып аткандарымды бул оорунун азабын тарткандар жакшы түшүнсө керек.
* * *
Ошентип куурап атып араң дегенде жазга, анан ысык таптуу жайга жеттим. Абалым жеңилдешти, кадимкидей басып калдым. Бирок жанымда дайыма ингалятор жүрчү болду, демигип баратканда бышылдатып коёсуң, демиң ачыла калат. Бирок аның деле бара-бара таасир этпей калды.
Бишкекке көчүп келгенден бир жылдан кийин темир жолго жумушка орношуп, алыскы каттамдагы поюздарга проводник, кыргызча айтканда, узатуучу болуп калдым. Жабышкан оору чегинейин деген түрү жок эле. Темир жолдун Толстой көчөсүндөгү ооруканасына эки-үч курдай жатып чыктым. Өйдө жактагы шаардык ооруканага да (экинчи болсо керек) жатып дарыландым. Анан бир күнү догдур орус аял ачык эле айтты. «Сенин ооруңа медицина алсыз, кыйналган маалда гана демиккениңди убактылуу жеңилдетишибиз мүмкүн», – деди. Бул мага тимеле өкүмдөй угулду, ишим чатак экен дедим. Кызыталак, тагдыр ушундай болуп калабы, жок дегенде эки баламды чоңойтуп алсам деп ичимен кан өтүп турду. Бирок мен жеңилгенге макул эмес элем, отуз үч жаш деген кайдагы бир ооруга моюн суна турган куракпы? Алдыда менин да ой-максаттарым, пландарым бар эле, ошондуктан жеңилгенге таптакыр макул эмес элем.
Ар кандай мотивация берген китептерди окуй баштадым, таптакыр үмүтү өчүп, аргасы куруган адамдардын жашоого болгон эрки, акыр аягына чейин кармашкан күрөшкерлиги мага көп ирет дем берди, андан улам жаман ойлорду алыс кууп, бул оорудан сөзсүз айыгам деген бекем чечимге келдим. Оору жакалап турган эң оор учурларда ошол адамдар кадимкидей көзүмө элестеп турду. Субханаллах, ушундай кезде таяныч берген Жаратканга миң ирет салават!
Жаның көзүңө көрүнүп турганда азабыңды жеңилдетиш үчүн эмнеге болсо да макул экенсиң; мындайда боор тарткан билермандар да көп эмеспи, туш-тараптан кеңештер жаай баштады. Куркулдайдын уясын түбү менен эле омкоруп келип ошо бойдон кайнатып ич дешти. Шектене түшсөм да демигип, кыйналып турган жаным буга да макул болдум. Жардам жок. Ит дешти иттин, аюунун, чочконун, жайранын ж.б. майларын жедим, ичтим; жебе, ичпе, куруттай кылып таңдайыңа салып сор дешти, аны жасадым, жаш баланын сийдиги таза болот дешти, аны да таттым. Иши кылса эски батиңкенин батегин кайнатып ич дешсе да ошону жасамакмын. Арга жок. Кыскасы, өз алдынча дарылангандан да майнап чыкпады. Алдыда бир гана үмүт калды – элдик дарыгерлер, табыптар, көзачыктар ж.б. айтор, мен мурда аралашпаган, ишеним артпаган сырдуу дүйнө турду кыйналган жанды азгырып. Бул да бир жол болчу, муну да көрүш керек эле.
* * *
97-жыл бекен, кычыраган кышта оорум кайра күчөп кеткенинен элдик дарыгерлерди сураштырсам, темир жолдун үстүндө бир укмуш табып-дарыгер бар дешти. Араң илкий басып таап бардым. Өзү мурдакы врач, учурда пенсионер, жашы да бир топ өйдөлөп калган аксакал экен, адегенде эле: «Асмаңды аттан аңтаргандай алып түшөм, болгону үч жолу гана келесиң», – деди ишенимдүү имере сүйлөп. Уккан кулагыма ишенбей сүйүндүм. Ошо кезде транспорт министри болуп иштеген адамды (Ажыкеев деди беле, эсте жок) айтып калды, ошол киши так ушул астмадан каза болгон, мага келсе болмок дейт. Көп кептин башын божурап келип бир маалда: «Бел кырчоодон чечин» деди. Чечиндим. «Азыр этиң эки-үч мүнөттөй катуу ачышат, анан басылат, чыдап тур», – деди да суюк күрөң дарыдан жалпагыраак мискейге куюп, щётка менен далыма шыбап кирди. Чын эле кудум чокко кызытылган темирди басып алгандай так секирдим, чыдап болбойт. Анан көкүрөккө шыбады. Онтоп атып эптеп чыдадым, шыбап бүткөндөн кийин ой аксакал, бул эмне болгон суюктук деп сурасам, канды тазалачу дары дейт. Каным да таза эмес турбайбы деп ичимен бир топ капа боло түштүм.
«Эми эки жолу келесиң, бүттү, анан сен көр мен көр айыгасың, бирок лечение ошого жараша кымбатыраак, бир курсу жүз доллар», – деди. Шак эле карматтым. Үйгө жеңилдей түшкөндөй шайдоот бардым. Экинчи жолу «күйгүзгөн» соң дарыгер менен кош айтыштык. Ушул жетишет деди. Мындай сыйкырчы адам болбоспу деп бир чети ишенбей, бир чети ишенип чыктым, көп өтпөй Свердловскиге каттаган бригадама кошулуп, рейске чыгып кеттим. Кыйналганда ууртап коёсуң деп желим бөтөлкөгө куюп берген суюк дарысы такай сомкемде. Жолдо баратсам, кадимкидей сопсоодоймун.
Ошентип Бишкек–Свердловск каттамындагы поюз Орусиянын Курган шаарына таңзаарлап келип токтогондо тура калып чоң эшикти ачтым. Элди түшүрүш керек да. Эшикти ача салсам эле муздак аба бетке, андан ары мурундан кирип түз эле өпкөгө урду. Жүрөгүм шуу дей түштү, иштин айныганын сездим. Кыскасы, рейстен кайткыча баягы таз кейпиме түшүп, үйгө араң сүйрөлүп жеттим. Эртеси дарыгер абышкага кайра барып иштин жайын айтсам, эч бир кебелбей туруп: «Сеники өтүшүп кеткен турбайбы, эми дагы келип турасың да», – деп жыландын башын кылтыйтты.
Оюнда дагы жүз доллар бере салса деп турат да. Мен болсо бул афиристен акчамды кайра доолайын деп жүрөм. Эртеси дагы бардым. Барсам абышка эмес, анын жыты да жок, кошуна орус чыгып: «Его прогнали отсюда, аренду не платил», – дейт. Ошентип эки жолу дары сүрткөнү үчүн жүз доллар алып качып жоголду шумпай чал. Ачуум келип жүргөндө бир күнү так маңдайымдан чыга калса болобу. Киностудиянын жанынан үйдү көздөй өтүп бараткам, ал болсо киностудиядан чыгып келатыптыр, карпа-күрп сүзүшүп калдык. Колго түштүңбү оңбогон чал дедим ичимен, коколоюн деп баратып, бирок жүдөңкү тартып, тике карай албай жалтактап жер караган кебетесин карап, боорум ооруп кетти, сага берген акчам башы-көздөн садага деп кете бердим.
Баарынан кызыгы, «канды тазалайт» деп алиги шыбаганы дарысынан кийин денемдеги көгала так көпкө чейин кетпей, айрыкча мончого түшкөн сайын элдин жүрөгү түшүп жүрдү. Каныбыйран түшкөн бандит заман эмес беле, ошондон улам мончодогу бирөөлөр муну «разборкадан» алган так дештиби, мага көп жакындабай, чылапчынын обочороок көтөрө качып жуунуп жүрүштү. Айрымдары тимеле ажына же ажайыпканадан качып чыккан макулукту көргөнсүп таңдана карап калышат. Бир жолу денесин татуировка баскан (эски зэк болсо керек) бир орус киши сурап калды “эмне болду эле” деп. Болгонун айтып берсем каткырып калды, сенин дарыгериң дарыгер эмей эле анык гестапочу турбайбы дейт.
* * *
Элдик дарыгермин деген абышка алдап кеткенден кийин издеп атып дагы бирөөн таптым. Барсам короосуна быкпырдай эл толуп алыптыр, бир кезде дарыгер таксыр (эл шыпшынып калды) чыга калды да, «Мерседес» тээп келген кимдир-бирөөлөр менен узакка сүйлөштү. Өзүнүн сөөлөтүнө өзү маашырланган текебер, дымагы бийик неме окшойт, министр биякта калсын. Мерседесчен менен акыры сүйлөшүп бүттү да, чайпала басып казкатар тизилип отурган карапайым калкты көзүнүн төбөсү менен сыдыра карап, кабинетине кирип кетти. Кашпировский болуп кетсе да эмне экен, бул энеңди урайын жыргатпайт дедим ичимен, кезегимдин келишин да күтпөй чыгып кете бердим.
Кийинки тапкан элдик дарыгер жаш кызбы же келин беле, эсимде жок. «Восток-5» кичи районундагы кабат үйлөрдүн биринде турат экен. Кезек күтүп отуруп кирдим, анан кыска сүйлөштү да көзүн чылк жуумп, бир колун көтөрүп алып манжалары менен улам бирдеме терип аткансыган кыймыл менен бош абаны чымчылап кирди. «Жаныңызга бир ата келип отурду», – деди бир оокумда жүрөктү түшүрүп. Эки жагымды карап, эч кимди көрө алган жокмун. Унчукпай отура бердим. Сеанс аяктады. «Түндө жатканда терезени ачып коюп жатыңыз да, үстөлгө бир чыныга толтура ун коюп коюңуз, менин периштелерим барып кетишет. Ундун бетине белги түшүп калат», – деди.
Айтканындай кылып түндө терезени ачып, унду да коюп жаттым. Караңгы бөлмөгө улам сайыла көз тигип, кандайдыр бир жышаан көрүнүп калабы деп күтүп жатам. Эч нерсе жок. Кыскасы, пияланын бетине так тургай ташбалекет да түшпөдү. Эмне деген белги түшмөк, аны азырга дейре билбейм.
Эки айдай каттадым. Абалым оорлогондон оорлой берди. Кийимдерим шалбырап, ийне жеген иттей арыктадым, күндүз кадимкидей эле басып жүрөм, балекеттин баары түндө башталат. Менин жөтөлүм менен өпкөм «черткен гармошка» биз жашаган көчөгө бүт угулуп тургандай сезилет. Башты чыңалткан тынымсыз жөтөлдөн адегенде ак көбүктөнгөн бирдеме чыкчу эле, бара-бара таптакыр токтоп, кургак жөтөлгө өттү. Демейде жийиркенген какырык деген балекет чыксачы деп тилечү болдум. Ит көрбөгөн азап кайра башынан башталды.
Жашоо-турмуштун кызыгы тарап, өзүм менен өзүм гана алпурушуп калдым. Жаркырап тийген күндөн көзүм уялбай, ал асманга илип койгон капкара тегерек табак болуп көрүнөт. Кез-кезде көк жөтөл өзүнөн өзү тык токтоп, жаным биртике болсо да жай ала түшкөндө жарык дүйнөдө жашап атканым, көчөдө эл топурап, бирөөлөр ырдап, бирөөлөр каткырып-күлүп, дуулдаган шаарда жашоо уланып атканы эсиме түшө калат; күйпөлөктөгөн аялым байкуш ич деп бирдемелерди берген болот, улам келип чылпылдап кеткен далыма кургак сүлгүнү сойлотуп, суу болгонун алып кетет. Эки жерде үнсүз томсоргон эки баламды карап, эмне кылаарымды билбей алдастайм, бирдемелерди айтып, кучактап алып алар менен сүйлөшкүм келет, бирок шайым болсочу.
* * *
Ошентип өз шорума өзүм кайнаган азаптуу күндөрдүн биринде, догдурлардын тили менен айтканда, катуу «приступ» кармап жыгылдым. Кеч кирип, эл орунга отуруп калган маал эле. Соодам бүттү дедим ичимен, ошол замат тула боюм муздап кетти. Эмне кылаарын билбей карбаластаган аялым бир жакка чуркап кеткенсиди. Көп өтпөй кошуна жашаган Климентьевна деген немис кемпирди ээрчитип келиптир. Ал байбиче өмүр бою шаардагы №1 бейтапканада медсестра болуп иштеп, пенсияга чыккан эле.
Шаштырып чакырып келген окшойт, кемпир өзү да шашмабы, же мага тезирек жардам кылайын дедиби, айтор, далбастап чуркап келип эле эуфилин деген дарынын суюк ампуласын тырс сындырып ийип, чоң шприцке толтура сордурду да, түз эле венага урду. Ошол замат отурган жеримден кулап түшүп эстен тандым, андан аркысын билбейм. Көрсө, кайран кемпир эуфилинге физраствордон аралаштырбай туруп эле күчтүү доза менен мени жаткыра чапкан экен. Түпсүз туңгуюкка кулап бараткансыдым, анан эле кайдан-жайдан жарык жарк этти да көзүмдү ачтым. Адегенде көзү алайып корккон аялымды, анан андан бешбетер көз ирмебей чекчейип жанында турган кемпирди көрдүм. «Билбей туруп муну тиякка жөнөтүп ийдим го» деп жүрөгү түшүп турган окшойт.
Климентьевнанын аткан үкөлү бир азга болсо да жардам берди, жөтөл токтоп, канча түндөн бери уйку көрбөгөн жаным көшүлүп уктап кеттим. Ошондон кийин жаңы ыкмага өттүм: эуфилиндин суюгун алам да чоң кашыкка куюп туруп жутуп жиберем, тимеле эрмен шыбактан жасалабы кандай, уудай ачуу... Бирок жардам берет. Бара-бара баңгиге көнүп алган немедей анын да таасири болбой калды.
* * *
Бул жабышкан мээнеттен эми кутула албай калдым го деп бары-жоктун баарына кайдыгер болуп турганда дагы бирөө айтып калды, «укмуш табып чыгыптыр, тимеле элдин баары агылып барып, түнкү саат бирден тарта өчүрөткө туруп атыптыр» деп. Мобул эле Кызыл-Аскердеги бир көчөдө (Нарвская бекен), эски бала бакчанын имаратында көрүп аткан экен элди. Наүмүт шайтан дегендей, ага да барып көрөйүн дедим. Аялым алып барды, дарегин бат эле таптык; ошондо кудая тобо, короосуна кире турган чакан темир эшикти ачып, аттап киргенде эле энтигип араң барган демим ачылып кеткенсип, өзүмдү куштай жеп-жеңил сезе түштүм. Айланайын чоң Кудай, ушул жерден өзүң шыпаа берегөр деп кирип бардым. Адамдар коридордо кезек күтүп отурушуптур, кыдырата карап ошол кездеги бир топ таанымал ырчылар, куудулдар отурганын көрдүм. Алар менин кыйналган кебетемди көрүп эле кезексиз киргизип ийишти.
Кирип барсам атактуу актёр Антонио Бандерас менен кошо «Отчаянный» (жанкечти) деп аталган тасмага тартылган мексикалык актриса Сальма Хайекке түспөлдөш келин отуруптур. Азыр эстеп атам да, ал кезде кайдан. «Отуруңуз, эмне болду?» – деп сурады. Болгонун айттым. Бир сөзүмдү бөлбөй кунт коюп укту да, бир оокумда: «Мен сизди айыктырам, бирок бир гана шартым бар: мага өзүңүзгө ишенгендей ишенесиз, күн сайын менин айткандарымды так аткарасыз. Мунсуз айыкпайсыз», – деди. Макул дедим дароо эле, ого бетер жеңилдене түштүм.
Ошентип жумасына үч жолудан Кызыл-Аскерге каттай баштадым. Дары чөптөрдүн кайнатмасын ичем, анан дуба окуйт. Ал ортодо ишимден да чыгып калдым. Менде айыксам, жашасам деген үмүт менен дегдөө ушунчалык күч эле, жөөттөрдүн: «эгерде бейтап чындап жашоону кааласа, анда догдурдун колунан эч нерсе келбейт» деген макалындай эле болду. Аз-аздан ден соолугум жакшырып, дем алганым калыбына келди, кадимкидей тамак ичип калдым. Табып Сайрагүл бир күнү «көбүрөөк кыймылда, колдон келсе чуркап же бийик тоого чыгып турсаң да жакшы болмок» дегенинен алыскы аралыкка чуркап, тоого чыга баштадым. Студент кезде жалданма батирге 26-чы автобус каттачу Белинский көчөсүнөн Чоң-Арыктагы ВДНХны көздөй түз чыккан жол менен чуркап жүрдүм. Ошол жактагы тоолорго да чыгып жүрдүм. Айтор, эки-үч айда куландан соо айыгып кеттим.
Адамкерчиликтүү Сайрагүл менин иши жок, акчасы жок кедейге айланганымды түшүндү окшойт, анча-мынча майда-барат жумуш таап берип да жүрдү. Бара-бара башы оорубагандын кудай менен иши жок дегендей, айыккандан кийин аны менен байланыш да үзүлүп калды.
* * *
Арадан жылдар өттү. Бир жолу айылдаш агалардан бирөө атайы Лейлектен мени издеп келиптир. Көрсө, ал да так мен ооруган оорунун азабын тартып аткан экен. Кимден уккан билбейм, же бир кезде «Аалам» гезитине басылган макаламдан (чакан макала жазган элем) окуганбы, айтор ошол Сайрагүл дарыгерди таап бербесең болбойт деди. Баягы Кызыл-Аскердеги дарекке барсам, ал жактан эчак кеткен экен, билбейбиз дешти. Чындап издеген киши табат эмеспи, Токмоктун үстүндөгү Шамшы деген айылдан экенин айткан эле. Ошол жакка баралы деп атсак, азыр ким экени эсимде жок, бирөө айтып калды, мынабул эле Күн-Тууда так ошондой дарыгер аял бар, аты да Сайрагүл, балким издегениңер ошол болуп жүрбөсүн деди. Агам экөөбүз машинесин айдатып Күн-Тууга бардык. Үйүн таптык. Ал жердегилер шаарда политехникалык институттун үстү жагында, Ахунбаев менен Белинский көчөлөрү кесилишкен райондо көп кабаттуу үйдө көрөт дешти. Издеп таап барсак, так биз издеген Сайрагүл ошол жерде экен, бирок баягыдай эмес, кыйла өзгөрүп кетиптир.
Агамды киргизип коюп сыртта күтүп турдум, жарым сааттай убакыт өткөн соң чыкты. Кандайсыз деген суроомо анчалык деле көңүлдөнбөгөнсүп, ооз учунан «жакшы» деп койду. Бул киши эми келбейт болушу керек дедим. Чын эле ошол бойдон келген жок. Ишенбеди кыязы. А киши ишенимдин кандай кудуреттүү күч экенин мен билгенчелик билгиси келбеди окшойт...
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR