Бахтияр Шаматов: Дөңгөлөк жылдар

  • 18.02.2023
  • 2693

ПОВЕСТЬ

(Алыскы сапарга жүрүүчү поезд узатуучусунун жол аңгемелери)

Кириш сөз

Кадырлуу окурманым! Колуңузда турган бул чыгарма менин өз көзүм менен көрүп, жон теримен өткөргөн поюз турмушунан алынган аңгемелер. Муну мен көп жылдар бою жаздым. Алыскы сапардагы поюздардын узатуучусу болуп иштеп тапкан, жыйнаган байлыгым ушул китеп болду. Менин каармандарым - карапайым узатуучулар, мигранттар, ары-бери каттаган соодаргерлер (челноктор) ж.б. Мени менен сапарга чогуу чыгып жүргөндөрдөн балким, кимдир бирөөлөр бул китептен өзүлөрүн таанышат чыгаар, айрымдарынын аттары гана өзгөрбөсө, каармандарымдын баары реалдуу адамдар, окуялардын баары болгон окуялар.

    Улуу империя СССР кулап, эл алапайын таппай калган, азык-түлүккө шыкалып турган дүкөндөр заматта жылан сыйпагандай бош, кой үстүнө торгой жумурткалаган кечеки бардар жашоо кайда, ордуна эмне болгон заман келатканына адамдардын али баам парасаты, түшүнүгү жете элек, эртеңки көрөөр күнү бүдөмүк, көздөрүн коркуу баскан, мээсинде кантип жан багыш керек деген жалгыз гана суроо күйүп турган ошол жылдардын азабы ай! Капылет жылып келип баса калган коюу тумандай алды белгисиз, илеби муздак каат заман бүтүндөй муун адамдарды көчөгө ыргытты;дээринен күрөшкө жаралган тың жандар бакты-таалайын издеп, кара башын тобокелге сала чоочун жактарга аттанышты, өлжүрөгөн алсыз мажирөөлөрү болсо тагдырына моюн бүгүп отуруп беришти, өлгөнү өлдү, дайынсыз жоголду, ичкени ичип кетти. Атаганат, далай адамдардын тагдырын сындырган ушул мезгилдин трагедиясы жөнүндө не бир китеп жазылып, же бир кино тартылса элге-журтка бул да таалим болмокпу деп калам...     

      Мына ошол карайлаган заманда мен да жан багуунун аргасын жасадым; тагдырдын туюп болбос шамалы мени акыры темир жолго айдап келди. Ошентип жакында эле партиялык-советтик кызматкер болуп райкомдун жылуу жайлуу кабинетинде отурган мен ойго түшкө келбеген жерден 90-жылдардын орто ченинде Бишкекке келип, алыскы сапардагы поюздардын узатуучусу болуп кыргыз темир жолунда иштеп калдым..              

     Поюз минип жүргөн ушу жылдары баштан нелер өтпөдү, алардын баарын жазсаң опол тоодой он романга да батчудай эмес. Бул жерден тапкан байлыгым – дөңгөлөк үстүндө өткөн сегиз жыл ичинде канчалаган сонун адамдар менен сапарлаш, насиптеш болдум, дос, тааныш күттүм, жакшылардын асмандай кеңдигин, бийиктигин, жамандардын айласыз пастыгын, кара көрдөй тардыгын көрдүм. Жиндикананы элестеткен, жүрөктү жалкытып, сары суусун алып бүткөн поюздун турмушунан тажаганым ушунчалык, нечен жолу поюз арылдап бараткан ай-талаадан түшө качкым келген учурларым болду. «Кылкылдап поюз баратканда, кылгырып көздөн жаш аккан», алдыдагы сар-санаасы, кырсыгы менен кабатыры, бандити менен безериси, жиндиси, ууру-кескиси көп, уят-сыйыт, ыймандан көрө арамдыктын, ыпыластыктын арааны жүргөн алыс сапарга жанды оозго тиштеп кудайлап чыккан далай күндөрүм болду. Айтор, 90-жылдардагы алаамат замандын кайнаган турмушу, көргөн билгендерим -  тагдырымдагы бурулуш бир учур болбогондо – өзүмдө, анан жатсам-турсам дайыма жан шерик болуп жүргөн күндөлүгүмдө гана калып кетер беле, ким билет... 

    2003-жылы болсо керек эле, таанымал акын жана журналист Нуралы Капаров (анда а киши менен тааныштыгым жок) «Бишкек-таймс» деп аталган мыкты гезит ачып, менин «Дөңгөлөгүм» сандан санга басыла баштады; адегенде гезиттин арткы бетиндеги алакандай бурчка жарыяланып турду, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алына баштаган соң кожоюндар жарым бетке, бара-бара гезиттин толук бетине басканга уруксат кылышты. Уруксат кылмак тургай, баш редактор Нуралы Капарович мени «жеке ишкерчилик» кылып жүргөн жеримен чакырып, таанышып, кабарчылык кызматка да орноштуруп койду. Жеке ишкерчилик дегеним, курулуш иштерин түзүк билгендиктен, дайыма бир үйдү же батирди шериги, жардамчысы жок жалгыз алып ремонт (евро деп коюшатко) жасачумун. Анткени эч ким оюңа тоскоол болбойт, себеби муну иштеп жатып да толуктап жазып жүрдүм. Келе калган ойду качырып ийбеш үчүн картон кагаздын бетине, тамекинин кутусуна, жадагалса, эки билегиме, апакай дубал бетине, айтор, колума эмне тийсе, ошого жаза берчүмүн да анан баарын чогултуп, үйгө барганда түнү менен кайра дептерге түшүрчүмүн.Чыгарма кай дир даражада жаңы ачылган «Бишкек таймс» гезитинин нускасынын көбөйүшүнө да салым кошту. Менин сыймыктанганым да, жетине албай кубанганым да –  «Дөңгөлөгүм» окурмандар редакцияга чейин издеп келип, алтургай, жаккан жерлерин кесип алып сактап, издеп окуган акжолтой баян болду. Бирок соцреализмдин таасиринен алиге чыга албай жүргөн олуттуу адабиятчылар: «Тилиңго укмуш экен, бирок ичинде жаргон сөздөр бар экен, кайрадан оңдоп чыкпасаң болбойт», - дешти, бирок ага көнгөн жокмун. Оңдосом чыгармада өзүм көргөн ошо кымгуут замандын жүзү өзгөрүп, чыгарманын тузу кемип калмак, өмүрү башыман кепка же калпак түшпөгөн өзүм да обу жоктоно шляпа кийип алган сыланкороздой башкача болуп чыга келмекмин. Калганын даанышман окурман өзү ылгап алаар... 

90-жылдардын башында СССР менен кошо менин да турмушум күтүлбөгөн жерден аңтар-теңтер оодарылып, орношкон орун-очогум, кыйышпас достор, жакшы кызматым, ойдогудай башталып келаткан карьерам менен биротоло кош айтышып, тапандар Камчатка деп атап алышкан алыскы, киндик кан тамган жерим Лейлектен Бишкекке ооп келдим. Минтип келгениме да себеп бар эле. Келбегенге аргам да жок эле.

Жашыргым келбейт, ошо замандарда коммерция, бизнес деген балекет жаңыдан гана башталып,   адамдардын эси-дартына жаңыдан орной баштаган кез эле; шаарга кеткен атам десем чогуу иштешкен кесиптештеримдин арасынан мунумду партиянын идеалдарын саткан чыккынчынын иши катары баалап, бул байлык топтош үчүн гана партбилетинен кечип, коммерция жагына ооп кетип баратат деп чоңдорго чейин жамандап жеткирип бара калгандар да болду. Бирок биздин тукумдан эч качан соодагер чыккан эмес, менден да чыкмак эмес. Менин шаарга кетип баратканымдын себеби таптакыр башка, башкача айтканда, бурчка такаган жогорудагы аргасыздык болубатканын кесиптештерим түшүнбөгөнүнө өкүнүп да жүрдүм...

Ошентип борбор шаарга келсем, биз студент кездеги баягы сүйкүм, көчөлөрүн машине күндө эки иреттен мизилдете жууп, айланага жыпар жыт аңкып турчу, гүлзарга оронгон тартиптүү, ыймандуу калкы бар жашыл калаа баягы Фрунзе жок, акыр-чикирге толгон, адамдары орой жана кабактары салыңкы, улкунуп-жулкунган безери бейбаш, куту учкан базар-шаарга айланып калыптыр. Жумуш жок, элдин баары тегиз соода кылып базарда экен; бир кезде соодагерди киши ордуна санабай мурдун чүйрүгөн кыргыздар эми өзү жапырт чайкоочулукка ыктаптыр, баарынан да кара тумоо мээнет дарт жапырт айылдан куугансып, шаарды толугу менен айылдыктар ээлептир.

Момураган, мыйзам сүйгөн, бийликти урматтаган кыргыздын баягы камырабаган бейпил, ток жашоосу каныбайраны чыгып, ар ким ар жакка тозуптур, кыбыр эткен кыймылдын баарына акча кожоюндук жүргүзүп, болгон нерсенин баары акча менен чечилип, ченелип баштаптыр, көрсө, биз мектепте тарыхтан гана окуп, эзели көзүбүз көрбөгөн, уктасак түшкө кирбеген жапайы капитализмдин заманы келип баскан учуру так ушул турбайбы. Тарыхтан берген Сулайман агайым бир кезде: «Эй, акмактар, капиталисттик мамлекеттерде силерге окшогон чычкандай балдар суткесине 15-16 сааттан иштейт, силер болсо жарыбаган бир беш теманы тыңыраак окуп келбейсиңер», – деп сөксө да таптакыр башыбыз жетчү эмес, бу кайдагы балдарды айтып атат деп. Агай айткан ошол заман бизге да келип жеткен тура...

*     *     *

Аялымды Фучиктеги биринчи бейтапканага жаткырдык. Чоң шаарда же таянар тааныш-билиш болсочу... Бирок жанды багыш керек эмеспи. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры элдин баары эле акча таап атса, алардан эмнем кем деп арданымыш болуп мен да базарга жармаштым. Майнап чыккан жок, көрсө соодагер болуш үчүн бет деген торпоктун терисиндей калың, бирөөлөргө колдон шыпырылган шылуун, бирөөлөргө зөөкүр, дагы бирөөлөргө көлдөлөң боло жайылып жата калган кошоматчы, айтор, пулуң болсо кулуңмун деген бетпактыгы артык жан болушуң керек экен. Жаңы заманга зарыл сапаттар ушулар тура, көрсө. Атамзамандан бери жашоо-турмушка түркүк болуп келаткан уят-сыйыт, абийир ж.б.у.с. түшүнүктөр пул табам, байыйм деген пенделер үчүн эчак эски жомокко айланыптыр.

Ошентип элге кошулуп, эгемен, эркин заман орногонуна бир сүйүнсөм, бир туруп момундай шумдук заман келе калып кокологонуна эки ичиркенип, алапайымды таппай турдум. Базар экономикасына кирерде кандай коом болбосун, башынан таманына чейин кан-жинине аралашып жатып калат деген аныктаманы даанышман Маркстан окуган жерим бар эле, эми эгемен деген атты жамынган так ошол алаамат заман келип, жалгыз эле мени дейсиңби, мага окшогон миңдеген адамдарды жарга такап турду.

*     *     *

Эми эмне кылыш керек? Соодасы жогеле жан бакса болор бекен? Бу соода дегени мага окшогон оозун ачкан момун адамдарга өлсө да жукпай турган оокат экен. Карап турам, элдин баары эле тигини-муну бир жерден ала коюп, арыраак бара калып сатып эле уучтап акча таап атканы. Мен болсо эртең менен товарга жумшаган акчамдан пайда тапмак тургай, тескерисинче, анын жарымын жоготуп, өз эсебиме өзүмдүн башым жетпей, шалпайып кечинде кайра кайтам. Эч кандай киреше деген жок, коммерсант эмей эле, ит эле болуп жүрдүм. Коммерсант имиш. Базарда бирин-экин тааныш алыстан карааны көрүнө калчу болсо, жети өмүрүм жерге кире уялып, кирерге тешик таппайм, дароо башымды ылдый катам, узап кеткенче өйдө болмой жок. Иши кылса, бул оокаттан менин жолум болбоду, сырын билбеген соң мунун балекетин аламбы дедим аргам кеткенде. Кой дедим, капитализм такыр күчөп кеткичекти эптеп колдон келген ишти таап алайын деп базарга чыкканды биротоло токтоттум. Алты саны аман туруп локуйган эркектин үйдө отурганы жаман экен, узун түндөрдө же таң атпай, какчыйып шыпты тиктеп көз илинбей жаткан учурларда аргасыздан мурдакы жайлуу, ыргактуу жашооң кинонун эски тасмасындай көз алдыңан чубурат, кайрылгыс болуп алыс калган ал кездер жомок болгонбу, же эмнеси экенин билбейсиң, чиедей балдарды бир ойлоп, сыркоолоп жаткан аялыңды эки ойлоп, колуңан эчтеке келбеген алсыздыгыңа ызаң кайнап чыгат, аны менен кошо ысык жашың жаагыңан ылдый сызылат... Эмне кылыш керек деген чернышевскилик собол мээңде күнү-түнү өчпөй күйүп тургансыйт, башта миллион ой сапырылат. Ошентип жарыгы, үмүтү жок кунарсыз күндөр биринин артынан бири ээрчишип өтө берди. Жашаш керек, күрөшүш керек эле, бирок мына бул бетпак заман кайра оңолобу же биротоло ушинтип калабы, канча ойлогон менен ага мээм жетпей турду.

*     *     *

Канча издесем да талаада калгыр жумуш табыла койбоду. Темселеп жүрүп далай ишкана-мекеменин эшигин сүзүп көрдүм, эмнеси болсо да дипломдуу киши эмесминби дейм, анан кантип эле килейген шаардан мага бир жумуш табылбасын деп өзүмдү өзүм тикелейм, шердентем, жооткотом. Баш багып кирген жерлер дегеле көңүл кирдетишкен жок, сырдуу, азезилдикиндей капиталисттик жаңы көз караштары менен сынай тиктеп, сылык-сыпаа узатып коюп атышты. “Көрөбүз”, “балким”, “күтө туруңуз» дегенден башка түзүк сөз уккан жокмун. Көрсө, мындай сыпаалыктын артында «эй, шоркелдей, жумушка киргиң келсе, бирдеме таштасаң боло» деген ишара бар тура кийин билсем.

Бир кезде алган кесибим – мугалим болгонго түк каалоом жок эле, анүстүнө мугалим болуп, болгону бир гана жыл иштедим. Анан бир күн эле райондук аткаруу комитетине чакырып, КПССтин катарына өткөрүштү да, ошол эле күнү инструкторлук кызматка дайындап коюшту. Райондун кадры болгон жакшы, улам жооптуу, улам жогорураак жаңы кызматка которуп, сынап, өстүрө беришет. Дегеле, советтик кадр системасынан айланса болот. Анын тегирменинен мен да жакшыле өттүм. Азыр ойлосом, бул да өзүнчө мыкты мектеп болгон экен, болгондо да табылгыс мектеп экен, андан алган тажрыйбанын азырга чейин үзүрүн гана көрүп келатам, бирок жамандыгын көргөн жокмун. Комсомолдук-советтик-партиялык мектеп мени темирдей тартипке, ар кандай ишке жооптуу караганга, аны аягына чыгарганга такшалтты. Атаңгөрү, бизге азыр так мына ошондой кадрларды жасачу мектеп керек болуп туру...   

*     *     *

Алты саны аман эркек үчүн үйдө бекер жаткан тирүүлөй өлгөнгө тете иш дебедимби. Бир жолу тажаганда сыртка чыгып Ош базар тарапка илкидим. Бардык жолдор Римге алып барат дегендей, шаардын кай жеринен аттанып чыкпа, бардык жолдор ушул базарга алып келет, керектүү адамдарың да бүт ушул жерден жолугат. Ош базары да Петербургдагы атактуу Невский проспектисиндей өзгөчө социалдык мааниге ээ жер. Коомдук маанайдын температурасын чагылдырып тургандай сезилет мага Ош базар. Бул эми өзүнчө кеп, аны мен бир кезде чыгарма кылып жазсамбы деп жүрөм.

Базарга барып, албетте, мага жолдош балдардан бирөө жолугуп калды. Ар кайсы жакты чалып, темселеп жумуш издеп жүрсө керек бул шордуу да мен сыяктуу. Окшошкон экөөбүз көпкө сүйлөшүп, арман-муңубузду айтышып, капылет келип капшыра басып калган капитализмди ата-жотосун калтырбай сөгүп отурдук. Досум бир оокумда: «Эй, сен эмне жумуш издеп башыңды оорутасың, менин сеникиндей талантым болгондо түк кор болмок эмесмин. Базарга чыгып не кыласың, сенден ушул жыргаткан коммерсант чыгаарына, кудай урсун, көзүм жетпейт, – деп калды. – Андан көрө гитараңды көтөрүп алып тетиги филармониянын маңдайындагы чоң жертөлөгө (подземка) барып эки саат эле ырдап койчу, керели кечке базардан таппаган акчаны ошол жерден эле шыпырып аласың», – деди.

*     *     *

Адегенде ынаган жокмун. Жертөлөдө гитара чертип турганымды көзүмө элестетип көрүп, жо, болбойт бул масилетиңе ыракмат достум, бирок бул иш да колуман келбейт десем, артка кайтаар, көнчү түрү жок. «Эй, кийин мага ыракмат айтасың, ал жакта кайдагы бир кудайдан жөө качкан немелер эптеп бирдемени дарылдап, ырдамыш болуп ошонусуна эле кечке дейре далай акчаны чаап алышат экен. Көп түкүрсө көл болорун мына ошолор абдан жакшы билип алышкан. Сен болсо алардан ашып түшөсүң, анткени сенде нукура талант бар. Алардын жанындабы, тимеле тойго барчу кишисиң сен!» – деп маанайымды көтөрүп, ансыз да аргасы куруп турган мени жертөлө ырчысы болгонго чындап көкүттү досум. Акыры кыйылып атып барса барып көрөйүн, андан кайсы жерим кемип атты эле, болсо болду, болбосо жок дедим ичимде. Бул да бир жол эмеспи, балким, андан ары жакшы болуп кетер... Бирдеме кылыш керек эмеспи. Бир туруп быкылдаган кымгуут эл ары-бери тынбай агылган өтмө жертөлөдө кыңгыратып гитара чертип ырдап акча тапкан абдан эле осол, уят иш көрүнөт, тааныштар көрсө не дейт деген баягы эле куру намыс көңүлдү өйкөйт. Бир туруп колоктоп бош жүргөндөн көрө башка иш колдон келбесе мунун эмне уяты бар деп ичимден өзүмдү өзүм ардантам. Акыры бармак болдум. 

*     *     *

Эртеси таң атып атпай, шерттешкен келишим боюнча досум экөөбүз гитара көтөрүп, филармония менен эски «Детский мирдин» (азыркы БУУнун үйү деген имарат) ортосундагы борбордук жертөлөгө жеттик. Досум жолдо келатып «биртике ичиңди ысытып ал, күч кайрат болот» дегенинен, карга пок чокуй электе келатып, ыраңы суук бир аялдын тоокканадай жепирейген комогунан жүз граммдан самогон ичип алганбыз. Ачкарын ичкенге ич куйкаланып, чындап арыма келип, эрдемсий түштүм, кунары жок айлана да көзүмө жакшы көрүндү, жертөлөдө ырдап турган эч бир уят эмес, кадыресе иштей көрүнүп калды. Алтургай, жетсек экен бачым деп ашыга да баштадым. Жетип келсек ары-бери баскан деле тирүү жан жок. Саатты карасак, алтыдан араң ары кыйшайыптыр. Экөөбүз бир бурчта көпкө туруп калдык. Анан бир топто барып каршы терши агылган элдин агымы жандана баштаган кезде меникиндей таланты жок, кылган иши жок, бирок чын дилинен мага күйөрман болуп колдоп келген досум эки жагын карап туруп: «Кана давай эми, башта!» – деп шаштырып калды. 

*     *     *

Гитара мыкты, барабаны чоң, концертный деп коёт, ошол түрүнөн, кылдарын урганда эле эртең мененки ээн жертөлө ичи жаңыра түштү. Анан «концертти» баштадык. Репертуардагы болгон ырдын баарын биринин артынан бирин, тынбай, улам винегрет кылып алмаштырып уруп атам, уруп атам, түк токтогон жокмун, токтосом эле акча түшпөй калчудай жанталашып ойноп аттым. Адегенде бир аз тартынгандай болуп барып, анан бара-бара марага чапкан аттай каным кызыды, жашоодон жолум болбой куурап келатканымдын, аргасыздыгымдын эсесин ушул гитарадан чыгарчудай бирде кылдарын тытмалап, бирде тарсылдата боорун ургулай ойной бердим, ырдай бердим, чытырата тартылган ичке кылдардан кесилген манжаларым ачышып, тула боюман алка-шалка тер кетти. Чын эле бир байкасам, алды түнү менен гүүлдөп, башы челектей шишиген алкаштардан тартып, калган бирин-серин эл, негизинен кылаарга иши жок бекерпоздор тегеректей чогулуп калыптыр. Бирөөлөрү коштоп, башкалары кадимкидей сүрөгөн элдин деми кайрат берди окшойт, мен ого бетер безеленип күчөгөндөн күчөдүм.

*     *     *

Биз, түштүктүн адамдары, тээ бала кезден эле индия кинолорун көбүрөөк көрүп, анан да ырга шыктуу шайыр калктар – тажик, өзбек туугандарга танапташ аралашып чоңойгондуктанбы, ар улуттун ырларын кадимкидей ырдап көнгөнбүз. Мен да адегенде эле атактуу Радж Капурдун «Сангам» фильминен, кезинде элдин баарын тамшанткан «Танцор дискодогу» Жиминин  ырларынан созолонттум. Анан Высоцкийдин «Охота на волков», «07», «Таганка» деген ырлары уланды, афганчы жоокерлердин ырлары, орустун байыркы романстары, уурулардын муңдуу, орой көчө ырлары, Кыргызстанга таанымал таасын талант, ушу тапта атагы жамы журтка таанымал болуп турган ырчы кыз Самара Каримованын атасы, жакын агам Эрмек Каримовдун айтылуу «Хорезм лазгиси», «Гыйма галам» ж. б. ырларын эстеп, биринин артынан экинчисин дем тартпай аткарып жаттым.

Хорезм лазгисин ырдап атканда бирин-экин ширекайф, кыязы түштүктүн адамдары окшойт, ошол жерден эле чыдабай, туйлап дүпүрөтө бийге да түшүп жиберишти. Жердештер го деп койдум ичимде. Ырдаган сайын экинчи демим ачылып, бул жерге акча табыш үчүн келгенимди да унуттум. Тимеле жыты саңырсыган жертөлөдө эмес, өкмөттүк концерт берген сахнада тургансып, абдан аракеттенип, берилип бараттым, далайдан бери сыртка чыгалбай толуп, кайнап калган ичтеги бугумду, арманым менен кайгы-кусаматымды ушул ырлардан чыгарып жаткансыдым. Ырдаган сайын көңүлүм да ачылып, желкемен тоодой жүк кулагандай жеңилденип да бараттым... Ырдын касиети ушул белем...  

*     *     *

Баса, бул ырларды бир кезде Эрмек авам аккордеон менен өзбектердин өзүнөн да мыкты аткарып,  чоң-чоң гүүлдөгү аба жарган сейил тойлордо, Борбор Азиялык мартабалуу кароо-сынактарда далай жолу жюрисин кошуп, калың элдин оозун ачырган. Мынчалык болду, айта кетейин, совет доорунун кайсы бир жылдарында кыргыздын Эстебес баш болгон белгилүү төкмөлөрү Өзбекстанды, Тажикстанды кыдыра өнөрлөрүн көрсөткөнү концерт коюп барышкан экен. Кылкылдаган эл батпаган залда биздин залкарлар комуз менен нөшөрлөтө төгүп, чоң залды ыр деңизге каптатып атышса да бул керемет өнөрдү жакшы түшүнбөгөн, укканга анчалык ышкысы жок өзбек, тажик туугандар бири-бирине мыйыгынан мылжыйышып, жадагансып каш кагышып: «эх-хаа, якта тараша-ю, дириң-дириң» (бир жыгачты кармап алып кечке кыңгырата беришет экен да) дешип, дымактуу шыпшына шыбырашып, түзүктөп кол да чаппай, кабак-каштары да жазылбай, айтор, мостоюшуп, көрүнөө эле теңине албагансып кайдыгер түр менен отурушат.

Делегацияга кошулуп барган Эрмек авага кезек келгенде а киши аккордеонун көтөрүп сахнага атып чыгат да, ойкуп кайкыган вариациялары менен адегенде эле тигилердин ошо кездеги хитке айланып турган мыкты ырларын биринин артынан экинчисин айдайт. Аткаруу чеберчилиги жагынан да тигилердин артисттеринен алда канча ашып түшөт. Жанатан бери тымтырс болуп отургандар заматта жандана түшүп, дуулдата карсектеп, алакан урушуп, улам кайра суранышат дейт, айтор, Эрмекти көпкө дейре сахнадан кетирбей туруп алышат. Улам бир кайрыкты кайырганда жанагы тоңгон муздай мерез болуп отургандардын ичинен: «Яшаворың, вай даа-ад, кайтарың хаапызжан, кайтарың!», – деп ээктери түшүп, делебеси козголуп, жер тепкилегендери көбөйөт, төштөрүн ачып таштап, ышкысы жалбырттаган алоодой ысык жандарынын ырга мас боло буулуга кыйкыргандары көпкө чейин басылбай турду дешет ошол окуяны көзү менен көргөндөр. Анан кийин Эрмек ава кыргыздын кымбат ырларын созуп киргенде, залдагылардын обору ачылып, дуулдата карсектеп кол чапканын көрүп ал!..

*     *     *

Айтор, Эрмек Каримов туурасында эл арасында айтылып жүргөн уламыш аңызга айланып кеткен кептер арбын. Мисалы, кадимки Рыспай Абдыкадыров менен жаштык куракта бирге жүрүп, кыйышпас достордон болушкан экен, атүгүл, эл ичиндеги алигече айтылып келаткан уламышка ишенсек, бир аялзатын экөө тең сүйүп, ашык болуп жүрүшкөн имиш.

Баарынан да Эрмек Каримовдун аккордеонду  ойногон чеберчилиги көралбастардын ичин убагында абдан катуу  күйгүзгөн; бир жолу кайсыл бир чоң үлпөт тойдон кийин арам ойлуу көралбас көпактар аны абдан ичирип туруп ээн жерге алып барышкан да, манжаларын сындырабыз дешкен, бирок бактыга жараша, Эрмекти издеген кишилер келип калып, кара ниети ишке ашпай калган. Аккордеонду комуздай тарсылдата чапкылап ойногон анык виртуоз ушул киши эле. Айтор, авамдын жүргөн жери дайыма элге шаң-тамаша, куунак маанай тартуулаган жер боло турган. Өзү да арык чырай, узун бойлуу, кааматы келишкен жигит эле. Эрмек ава бир кезде, эми эч нерсени аябаган убакыт аны да картайткандыр, көрбөгөнүмө бир топ болду...

Бул улуу ырчы Лейлек гана эмес, Кыргызстанга аты таанымал адам. Айрыкча аны кошуналаш Өзбекстан, Тажикстан республикаларындагы ыр ышкыбоздору биздин кыргыздарга караганда алда канча жакшы билишет. Бирок атаганат, биз качан эле мыктыны, кыйынды, таланттууну баалачу элек, кыргыз деген ичи тар, арасынан бирөө бийигирек учуп калса канатын кыркып, же таскагы чыкканды тизеге тээп турган ичи тар, көралбас элге айланбадыкпы... Же башынан эле жараткан берген табигый даргөйүбүз ушундайбы, ким билет...

Эрмек Каримовдун да эмгеги өз кезинде колдо бар алтындын баркы жок болуп, татыктуу баасын алган жок, райондогу аким баш болгон атка минерлер азыр деле жаш курагы бир топко келип, оорудан жабыркап жүргөн бул инсанга үзүлө түшүп жардам бергенин, талантын баалап, атын урматтап атканын, не бир наам ыйгарганын уккан да, билген да киши жок. Бирок ошенткен менен чыгаан таланттын эл ичинде жакшы аты, керемет өнөрү, атак-даңкы кала берет, муундан муунга ширин, апсана кеп болуп өтүп кете берет. Акимдин аты калбаган элдин эсинде Эрмектин аты сөзсүз калат. Тооп кыла турган нерсе ушул.

Анан кыз болсо да атасынын жолун улап, кыргыздын өнөр сересине өз таланты, үнү менен көкөлөп чыккан перзенти Самара Каримованын калың эл тааныган булбул доош ырчыга айланганы Эрмек авамдын бул жашоодогу болгон арман-кусаматын, өксөөсүн биротоло жууп, көңүлүн жай алдырып, артынан кыз болсо да өнөр жолун улаар татыктуу туяк калганы күүгүмдөнүп кеч күзүнө кирип бараткан өмүрүндө таберик башын дагы бир жолу бийик көтөрткөн сыймыгы болоруна бекем ишенем. 

*     *     *

Ошентип Ош базарда капылет жолуга калган эски достун масилети менен гитара көтөрүп подземкага келип, ырдап турганым. Колуман келишинче өнөрүмдү көрсөттүм, эл болсо топурап, тегеректеп алган. Бут алдындагы досум таап көтөрүп келген кутуну бир кезде көз кыйыгым менен карасам, ой тообо, чын эле акырындап акчага толуп баратат. Кутунун жарымынан өйдөсү акчага толгонун көргөндө ырчылар айткандай, кадимкидей экинчи демим ачыла түштү, болгон чогулган буктун, кайгы – кусаматтын,  өксүктүн эсесин ушул ырлардан чыгарчудай, ак урган дервишче кызып, ансайын күүлөнүп, тула бойду каптап келген чоктой ысык илхамга өрттөнүп, безеленип басыла албайм, ырдагым эле келет. Кайсы бир классик айткандай, чыгармачылыкта илхамдын жаралышы чын эле Кудайдын сага жакындап келген учуру окшобойбу...

Элдин сүрөгөнү бир укмуш да, демиме дем кошулуп, сыз, сийдик саңырсыган жертөлөдө эмес, тимеле Кремлдин концерт залында ырдап аткансып, ансайын күчөдүм. Концерт абдан табына келген бир чакта кайдан жайдан жеткенин ким билсин, бир ажаан аял келе калып кыйкырып өкүрүп, элди жапырт кубалай баштаса болобу! «Башка жер куругансып так менин контейнеримдин тушуна туруп алганыңар эмне, салпаяктар, көзгө көрүнбөй жоголгула бул жерден!», – деп албарсты катын таза алкылдап алыптыр. Арга жок, жылып кетүүгө туура келди. Ыр ышкыбоздору адегенде мага болушуп көрдү эле, тиги күүлөнүп алган бейжай катындын угаар түрү жок, ого бетер катуу чаңырып кирди. Түшкө чейин уктап келип соодадан түшпөй калган акчасына күйүтүн ушинтип бизден чыгарып алды окшойт. Мага болушкусу келген элге ыраазы боло түштүм, касиетиңден, демиңден айланайын карапайым калайык калк дедим ичимен. Арыраак барып  дагы улантсамбы дегем, бирок карасам гитаранын кылдарын тытмалай берип манжаларым канап, тилинип -тилинип кетиптир. Токтодум ошондо. Баса, ошол биринчи «концерттен» дос экөөбүз эки жүз сомдой акча тапкан элек. Кубанычты айтпа. Үйгө толтура тамак-аш алып барып, кадимкидей майрам болгон. Бирок эртеңки күн эмне болот деген сарсанаа баары бир ойдон кетпейт, ичкеним ириң, жегеним желим болуп, дүйнөм дагы эле тарып турду. 

*     *     *

Далдараак жерге барып кутудагы акчаны санап жатканбыз, бир оокумда кычырап кийинген, бутунда эки жүз доллардан кем эмес саламандр туфлийчен, кебетеси түрк өңдөнгөн бирөө жакын басып келип, адегенде унчукпай кутуга бели сына элек жыйырма сомдук бир көк кагазды таштады да анан:

    – Гардашым, сен профессионал музыкантсыңбы? – деп сурап калды.

    – Жок, мындай эле үйрөнгөм черткенди…

    – Оо, тимеле эзет экенсиң го! Кыскасы, кеп мындай. Менин кафеме музыкант болуп барасыңбы? Акча жагынан капа кылбайм, кааласаң күндөкүсүн күндө алып тур. Тамак-ашың да бекер. Тапканыңдан тышкары чай-чамектик да акча чыгып турат. Иши кылып жаман болбойсуң тууганым. Эмесе, кеттикпи анда? – деп жүндүү колун шак сунду. Карасам кебинде жан бар. Минтип сасыган жертөлөдө ырдап тургандан көрө таптаза ресторан-кафеде иштегенге не жетсин дедим ичимде. Айтканы жага түштү. Ойлонуп калдым. «Үйгө барганда келинчегим менен кеңешип көрүш керек, мен деген ар кайсыл жерде бытпылдык аткан бирөө эмесмин тууган, семейный кишимин» – дедим. Бирок, бул иш мага буюрбаган экен, ал жакка эки эле күн иштедим. Мага жакпаганы аякта күн сайын иштеген элден калбай ичкилик ичип туруш керек экен, ичпесең катардан чыгып калат экенсиң. Айтор, эки күн болсо да барып болгон өнөрүмдү көрсөттүм, кафеге келип отурган меймандар кардарлар дуулдата жапырт кол чаап, кайра-кайра тиги ырды, бул ырды суранып заказ кылып атышты, мен болсо астейдил киришип, Бишкектин кайсыл бир кафесинде эмес, кылкылдаган миллион эл толо сахнада өнөр көрсөтүп аткансып кара терге чөмүлө чын дилимден иштеп бердим.

Мен келгени жумушсуз  калган берки музыкант балдар улам жаман көздөрү менен карашып, бу кыргыз кайдан келе калды эле дешкенсигенин билип эле турам. Булар деле кыйраткан музыканттар эмес эле, анүстүнө келген элдин жарпын жаза турган жыргаган репертуарларын деле көрбөдүм, улам бир ырды эле кечке кайталай берип элди тажатышканы кожоюнду ого бетер жиндентип атканын көрүп турдум. Ырдагандары саналуу эле ыр, бирин-экин түркчөбү же азербайжанчабы, ырдап коюшат, анан эле кавказдын обону менен орус тилине оодарылган «ночью я родился под забором» өңдөнгөн, уккан сайын маанайды ого бетер чөгөрткөн эски, дейди ырлар. Алар жаман көргөн сайын мен да өчөшөм, ырдаган андай болбойт, мындай болот дегенчелик кылып,  дээрлик эки-үч саат бою токтобой ырдап коём, болгону тиги үстөлдөн, бул үстөлдөн улам бир мастар тура калып келип арак сунушат, ошол эле жерден басам да (кардардын көңүлүн түк калтырбаш керек экен), кайра эле ырды улап кете бермей. Кыскасы, кесибиңе туура келбесе да колуңдан келген ишти жасап, башкалар менен  нан талашып жегендин алгачкы сабактарын мен ошол түрктүн кафесинде иштеген эки күндүн ичинде абдан жакшы түшүндүм.   

Баарынан да жаңы шефтин ыраазы болгонун айтпа, тимеле жетиналбай сүйүнөт, мен адегенде түшүнбөй калдым, бул эмнеле мынчалык ыраазы болуп атат деп. Көрсө, ырдап турган музыканттары мыкты болсо кафеге да киши көп келет экен. Кардар канчалык арбын келсе, тигиге да ошончолук акча түшөт экен. Түнкү саат бир-экилерге барып келген эл тарайт, биз да ишти токтотобуз. Биринчи эле кечте жаңы кесиптештер ийгилигиңди жуубасаң болбойт дешти, тапкан акчамды балдарымды, ооруп жүргөн аялымды ойлоп кыйбай турсам да, аянбай эле жакшылап жууп берип, үйгө таңга маал келдим. Эртеси турсам аялым кенен эки саат абдан «терең насаат» окуп, ооруп турган башымды ого бетер чиритти. Унчукпай туруп кеттим. Экини күнү дагы кайталанды үйдөгү тарбия-таалим. Чыдабай кетип, деги барбай койсом жаным калабы дедим да ошол бойдон кафеге барганды токтоттум. Кудай жалгап, агезде азыркыдай чөнтөк телефон жок, каяктан болсо чалып таап ала тургандай. Баягы кожоюнду кийин, төрт беш жылдан соң Бишкек – Екатеринбург поюзунда кокусунан жолуктурдум баса. Бекер кылдың ошондо деди. Башка кеп айткан жок.

*     *     *

Ошентип жүрүп, бир жолу документке абдан бек жаным аскер белетимди каттоого коеюн деп Бишкектеги Биринчи май райондук аскер комиссариатына кирсем, ал жакта подполковник чининдеги бир орус аксакал: «Сен деген милицияга иштей турган шартың бар экен, документтериң да ошого туура келип турат. Орус тилин да мыкты билет экенсиң. Макул десең, кылмышкер боз балдардын колониясына жумушка кишилер керек болуп атат, сен ошол жакка барып иште. Кийинчерээк юрфакты сырттан бүтүп аласың. Бул да бир келген оомат, сен жолдуу бала экенсиң, ойлонбой бара бер, эртең кеч болуп калат», – деп абдан асылып үгүттөп калды. Ичимде мент болуп кетсем, ушу менден кандай милийса чыгат болду экен, жаш балдардын түрмөсү деп атат, өмүрү мындайды көрбөгөн жаным, элестетип алып чочуй да түштүм. Ойлонуп көрөйүн сунушуңузга, кошкон акылыңызга ыракмат дедим да ошол бойдон жолобой коюп, дагы бир жолу кокусунан баягы абышка менен көчөдөн  карпа-күрп жолугушуп калдык. Кайда жоголуп кеттиң деп дагы жабышты. Башка иш таптым деп араң кутулдум. Эми ойлосом, ошондо милийса болбой калганым жакшы эле болгон экен...

*     *     *

Ошондой күндөрдүн биринде бирөө (жакын эле тууганым) «темир жолго жумушка кийирип коём», – деп кубантып, анан артынан үч-төрт ай салпактатып, акыры чыдамым калбай калганда бир жолу үйүнө келинчегимди жиберип иштин жайын сураттым. Акчасы ашып ташып, көөп турган кези эле, итиреңдеп  жактырбай: «Күткүлө, бул жакка айлап жылдап кире албай жүргөндөр толтура. Мен аракет кылып атам дебедимби, жок десеңер анда өзү эле кирип алсынчы», – деп ачык эле айтып жолго салыптыр. Атаңгөрү, намыс деген башка тепкенде болбогон нерсе да болуп кетет экен, кишини чыйралтып, канын кызытып, ызасын келтирип намыс деген ошондо тирукмуш кудуреттүү күчкө айланат турбайбы, «коё тур, сен кийирбесең, темир жолуңа өзүм кирем « деп эрдимди бек тиштедим. Жаны барда бирөөгө жалынган жаман эрдин иши экен чынында эле. Эртеси эле таң атып атпай жөө жалаңдап 4-5 чакырым жол басып, темир жолдун Толстой көчөсүндөгү баш кеңсесине жетип бардым.

*     *     *

Короосуна кирсем өңчөй ийинде шапат погончон, көк көйнөкчөндөр топурап жүрүшөт, нары-бери эле чапкылаган эл. Бысмылла деп  «Отдел кадров» деген эшикти ачайын деп баратып, «На работу не принимаем» деген жазууну көрө калып кайра токтоп калдым. Тиштери меникинен бешбетер арсак-терсек саргарган, жүдөңкү киши сыртта турган экен, жанына барып акырын сөзгө тарттым:

– Байке, ушул жерде иштейсиңерби?

– Уху.

– Жумушка кирейин дегем, бирок албайт турбайбы ээ?

– Уху...

– Такыр албайбы же убактынча токтотушканбы?

Үстү башыма сынагандай бир сыйра көз жүгүрттү да анан күңк этти:

– Чылым барбы, жүрчү, арыраак чыгып айтып берейин сага бияктын сырын.

– Бирок меники фильтири жок тамеки, боло береби? – деп ээрчип, сыртка чыктым.

– «Крышаң» кандай? Же «бабкиби» сеники? – деди алиги орсок тиш мага түшүнүксүз тилде колдурап.

Аа, азыр турган үйдү сурап атат ко деген ой кетти:

– Крышасы эскирээк, бабка эмес, бажамын эски үйүндө турам.

«Даана келесоо неме го бул» деп угуза сүйлөнүп алды да:

– Эй, иним, колдогон кишиң барбы, же бапыраган акчаң барбы бул жакка киргенге, ошону сурап атам.

– Ошентпейсизби анан. Жок, кайдан...

– Анда жолуң жок! Келген жагыңа кайра кете бер. Келе койсоң эле мынакей деп ала койгондой киши биерде жок. Киши эмес, кишинин карышкырлары отурат бу жерде. Акчасы жокторду адам ордуна эсептешпейт. Түшүндү?

– Эми эмне кылыш керек?..

– Акча тап. Жок дегенде тааныш тап. Кай жерлик болосуң өзүң, иничек?

– Оштон, Лейлектен.

– Кебетең окшоп турат баса. Биерде сенин туугандарыңдан эч ким деле жок болушу керек по-мойуму. Жок, бар экен. Салай деген неме бар. Инструктор өзү. Бирок жеткен чирик. Анан дагы бирөө бар. Жиман деп коюшат. Бул да Төө-Ашуунун аркы жагынан иши кылса. Булар деле силердей сарттар да, туурабы? Сен жаман көрбө иним, биз аркалыктар ушинтип орой сүйлөй беребиз. Силер деле бизди коңкоштор деп өзүңөрчө тоготмоксон болот эмессиңерби. Жанагы экөө болсо биринен бири ашып түшөт. Экөө тең жеткен акмактар! Ошондуктан булардан дурусураак ям тааныш тапың. Ушинтип койчу белеңер?

– Ошо дурус тааныш болсо эле сүйлөшүп кирип алып, иштеп кетемби?

– Туй ата, анык апендисиң го. Эй, мунун деген адегенде окуусун бүтүрүш керек, ал өзүнчө баш оору. Аны барсаң көрөсүң бала, университет, институт дегендериң мунун жанында шоона эшпейт, аларың «чыхня» болуп калат. Аягына да келегой деп күтүп турган эч ким жок. Ал жактан да тааныш табышың керек, аның ишке жараса, берчүсүн ошол аркылуу берип анан окуусуна киресиң. Окуп бүткөн соң анан диплом алып, кайра бул жакка келесиң, жумушка орношуу өзүнчө дагы проблема. Тааныш керек дагы эле, анын да «долясы» өзүнчө, түшүндүңбү, достум?

        Баш ийкедим. Майнап чыкпасын билип, келген изим менен шылкыйып артка кайттым. 

Бишкек, темир жол кеңсеси, 1992-жыл

Түнү менен кирпик какпай, ойлонуп чыктым. Эртеси таң атпай шымаланып, Жумушчулар шаарчасындагы (Рабочий городок) баягы киши айткан темир жолдун окуу жайына келдим. Бирөөлөргө жолугуп, аны мунусун сурап, тактап көрөйүн дедим. Албаса албайт да, көйнөгүмдү чечип калмак беле. Бактымды бир сынап көрөйүнчү. Жетип карасам, бозмолтой болуп бозоргон бир имарат турат, кирип-чыккан студенттерди байкасам, жалаң эле кычырап кийинген кундуз жака тончон, норка тумакчан, жашы ортолоп эле калган кишилер. Бир туруп күлкүң келет. Бир кездерде жалаң орустун кудайдан жөө качкан безери, шумпай балдары келип окучу бул кадимки эле ПТУ деген аты бар курган жай эми кадыр-мартабасы ченемсиз көкөлөп, калтасында акчасы жок пенделер эшигине эмес, дарбазасына жолой албаган Кыргызстандагы эң барктуу окуу жайга айланып турган чагы экен. Баягы заман турганда бул училищага ит да басып келмек эмес, эми мунун минтип багы ачылып, ооматы келип, аптарыйкаты  асмандап кетерин ким билиптир дейсиң.  Поюзга узатуучу болом дегендер адегенде ушул жерден үч ай бою таалим алып, анан дипломго ээ болушат турбайбы.

*     *     *

Болсоң бол, болбосоң жок деп акыйып күтүп турам. Саат туптуура жети жарымда салабаттуу, чачтарын ак аралап калган зыңгыраган бир киши келди да чөнтөгүнөн бир ууч ачкычын сууруп чыгып эшигин ачты. Директор ушул болсо керек деп артынан ээрчий кенен, кооз жасалгаланган кабинетине кирип бардым. Мени көрө коюп чочуп кетти. Бирок кууп чыккан жок. Насип өзү чакырып, тартып турса айла жок экен, бул киши бир кезде мени үчүнчү класста орус тилден окуткан жердеш агайым Далиев Юсуп аке болуп чыкпаспы... Мунун дарегин мага Бишкекке кетип баратканда Хабибулла Туракулов деген бир досум берген эле кереги тийип калат деп. Жаңылбаптыр ошол досум. Мырза Далиев көпкө тааныбай атып, акыры сыпайычылыкка араң  «ии, тааныдым» демиш болду. Бирок тааныбаганын сезип эле турдум. Кайдан эстей алмак эле. Жогорку Кеңештин депутаты экен. Ошентип кабинетинин эшигинде жазылып турат. Иштин жайын ачык эле айттым, сизге пара берип ишке киргенге акчам жок, бирок сизден башка таанышым да жок, колуңуздан келсе жардам кылыңыз агай, келбесе капачылык жок дедим. Адегенде ачылып сүйлөгүсү келбей отурган, айылды, тааныштарынын атын угуп бара-бара жумшарды, жүзүндөгү мерестик жоголуп, адамды өзүнө тарткан кандайдыр бир жылуулук пайда болду. Тигини муну сурамжылап атып көпкө сүйлөшүп отуруп калдык. Анан кимдир бирөөгө бир телефон чалды да: «Валя, азыр сага бир бала барат, менин окуучум, ошого жолдомо берип кой», – деп маселени шарт чечип койду. «Азыр эле темир жолдун кеңсесине бар да кадр бөлүмүнө кирип, ал жерден Валентина деген аялга жолугасың, калганын ал өзү түшүндүрүп берет. Эрте күндү кеч кылбайлы эмесе», – деп сөзүн аяктады.

«Агай, бул жакшылыгыңызды эч качан унутпайм, бирок сизди ыраазы кылаар күн да келер, капа болбой туруңуз», – дедим кетип баратып дагы бир жолу. Унчуккан жок. Колун шилтеп гана койду.  Жанагы чалган кишиси, көрсө, өзүнүн эле аялы Валентина Далиева экен. А киши темир жолдо  кадрлар бөлүмүн башкарат тура. Окууга кире тургандарга жолдомону ошо  жазып, күйөөсү болсо училищеге кабыл алат экен. Ыраазы болгонумду, кубанганымды айтпа! Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй болуп чыктым, тимеле канат бүткөнсүйт. «Сендейди билбейм, башты оорутпа» деп кууп чыкса эмне дей алмакмын? Кайра жөө, бирде басып, бирде жорто чуркап отуруп Рабочий городоктон эки сааттай убакытта баягы темир жолдун кеңсесине кайра келдим. Валя эжекеге эптеп кирдим эле дароо багыттаманы жазып берип колума карматты. Кайра акактап училищеге чуркап жөнөдүм. Келип орун басар деректирге кирсем: «19-группа окуп жатат, бир айга жетип калды, ошолорго кошуласың. Сен эми жогорку билимдүү жигит экенсиң, бат эле кууп жетесиң да, шефтин буйругу ошондой болду. Азыр эми бара бер, окууга эртең саат 9дан кечикпей келип кал», – деди. 

*     *     *

Маанайым асманга чыккан бойдон кыңылдап ырдап жүрүп отуруп, кантип квартирага жеткенимди да байкабай калыптырмын. Аялыма сүйүнчүлөдүм, ишенбейт. «Асмандагы айды үзүп түшүп, томолотуп келдим десең ишенет элем, бирок темир жолдун окуусуна кирдим дегениңе ишене албай турам, койчу?! – дейт. Болгон ишти төкпөй чачпай айтып бердим эле, анан ишенди окшойт, карбаластап, окууга кие тургандай кийимиң жок дурусураак, тигиниң жок, мунуң жок, жездемден биртике акча сурап келсемби деп чыйпылыктап да жиберди. Ошол кечте үйдүн ичине кут түшкөнсүп башкача шаңга бөлөндү, баарыбыз бапырап, балдар уктаганча түндүн тээ бир оокумуна чейин отурдук. Эртеси окууга алып бара турган уручке-дептеримди белендеп коюп, уктаганы жаттым. Уйкум келсечи. Ойлорум сапырылат, тагдырдын башка салганын кара, кечээ эле буюрса, райондо бир жакшы кадр болосуң дешкен мен эми минтип кайсы бир орустун бажама сатып Россияга көчүп кеткен эски тамында жарым жартылай ачка, үстүмдө тыңыраак кийимим жок, кор турмушта жашап калганыма арданам. Караан болоор же агадан же таяныч болоор иниден жок, тагдырдын башка салганын жалгыз көтөрүү бир топ эле кыйын экен... Сарсанаамдын баарын бүгүнкү окуя кайра кубалап, келечектен үмүтүңдү үзбө дегенсийт. Кудум эртең эле поюзга, сапарга чыкчудай жүрөк өзүнөн өзү өрөпкүйт. Бир туруп, тообо, кадимки эле ПТУга окууга кирген да адамга ушундай тоодой кубаныч апкелерин ким билиптир дейм…

*     *     *

Темир жол окуу жайындагы «студенттик» күндөр да акыры башталды. Группада кимдер гана жок, механизатор, грейдерчи, башкы зоотехник, алдыңкы саанчы, физика-математика илиминин кандидаты, врач-анестезиолог, бала бакча башчысы, а түгүл «Алганын» кай бир замандагы сол канат чабуулчусу да бар болуп чыкты. «Биз кеп бекенбиз, он биринчи группада балерина келин окуп атат» дешти. 

Адегенде бир-эки жумадай партага жабыша жата калып, дептерге тырмалап жазып, сабакты дым чыгарбай берилип угуп, биринчи класска жаңыдан барган балакайлардан бетер тим эле кызыгып окудук. Сабактан башканы кеп кылмай жок. Атүгүл танаписте да жалаң окууну, паровоздун канча жолку ышкырыгы нени билдирерин, сапарга чыгаарда узатуучу кандай болушу керек, дөңгөлөктүн диаметри канча, темир жолдун туурасы канча метр, иши кылса жалаң сүйлөгөнүбүз поюз. Экинчи жума аяктап, окууга көнүп, бул жерге кичине жайдары боло түшкөндө гана барып көптөр бошошту.

   Группанын ичинен эң эле жүдөңкүсү менмин. Бутумда жадагалса дурус эмес, ортозаар да туфлийим жок, солдатский бышык хром өтүктүн кончун кесип таштап, ошондон илме сандал жасап алгам, бетин жылтырата майлап коем, сыртынан караганда дурус эле батинкедей көрүнөт. Артын болсо шымдын багалеги жаап, алдынан кадимки эле ырыстуу туфлийдей көрүнөт. Жайды жайлата тоңкулдатып ошону кийип чыктым. Кедейлик деген жаман эле нерсе экен, ансыз да жетинбеген карапайым турмушта өскөн мендей адамга бул жердеги мыктылар менен теңтайлашуу кайда! Мен аларды билимим менен гана басып теңата болбосом, калган жагынан теңеле албайм, ачык кеп. Кайсы темада талкуу кеп болбосун, чаласабат буларды дароо эле чаап салчумун. 

*     *     *

Иш жүзүндө кээ бир жолдоштордун мээси (маселен, Мөңкөдөн келген грейдерчи казак дос) такыр эле «кургап» калган экен, окуудан кыйнала да башташты. Мектепти бүткөндөрүнө алды 20-30 жыл болуп кетиптир анан, не кылсын байкуштар. Өзгөчө ошол Мөңкөлүк грейдерчи Жармахан байкушка кыйын болду. «Тамгаларды унутуп калыпмын гой, шешеңди», – деп коет. Кызык адам экен өзү. Басса турса сүйлөгөнү аялдар менен грейдер. Ааламда жалаң аялдар менен грейдерлер гана бардай, ушу экөөнөн башканы уккусу да жок. Качан карасаң «кеттик тигилерге» дейт да турат. Алардан оозу бошодубу, кайра эле грейдерин айтып түгөтө албайт. Айтканын угуп отурсаң бу жигит өзүнүн Мөңкө районундагы ургаачы атмайдын бирин калтырбай грейдерине салып алып, тоо-талааны кыдырта бүт «жайлап» чыккан имиш. Ошо калкоздо грейдер айдап жүргөн ширин күндөрүн сагынат окшойт да, бир аңгеме баштаса үч күндө да айтып түгөталбайт Жармахан кургур.

   Старостабыз Асан байке, баягы илимдин кандидаты деген киши. Болгондо да техникалык илим жактаган. Кечкисин политехте сабак берет. Зыңгыраган маданияттуу мыкты жигит, бирок интеллигент атмайдын көбүнө окшоп бу да өлжүрөк. Бирок ага биердеги мугалимдер тең келе алабы. Туура да, кайдагы бир ПТУнун батекке жарабас мугалимдерине Асан байкенин деңгээлине жеткенче анча көп убакыт керек. Керек болсо алардын баарын тизип туруп Асан өзү окутуп коёр.

Иши кылып ар түркүн кесиптин адамдары чогулуп окуп жатабыз. Ар кимдин мурдакы кесибине карап ысым коюп алганбыз, мени болсо «өкмат» деп коюшту, акыркы ишиң кандай эле дешкенинен айыл өкмөтүнүн төрагасы болгом десем эле ошол замат ушул ысымды ыйгарышты.

*     *     *

Иткин деген сабак окуткан абышка бар. Фамилиясы Собачкин, бирок биз кыргызча ошентип тергеп коебуз. Накта сталиндик тартип көргөн маалим, чыныгы устат. «Темир жолдун жалпы курсу» деген сабактан берет.Тартипти өлө сүйгөн бул адамдын жинине биздин агроном Акмат группалаш  тийип алыптыр. Агроном өзүнүн агрономдугуна салып, жер-сууну тынбай тыта кыдырып, темселеп каңгып көнсө керек да, биерде да училищанын тегерегин акмалап жүрүп, акыры жакын жерден пийвокана таап алыптыр. Танапис сайын чуркап барып бир күрүшкөдөн согуп келмей адат тапты. Бүгүн кезекте көбүрөөк туруп калган окшойт, Сабачкиндин сабагы ортолоп калганда келди. Анысын кечирчү Иткин бекен, биринчи сыныптагы мадыра баштан бетер тилдеп туруп, бурчка тургузуп койду эле, колдур тили менен кайра кайра: «извените пажалста, тавариш Сабачкин» деп жалдырап көпкө турду. Кийин бир жолу пивоканадан сүрсүгөн эки балыкты өзү жебей, койнуна атайын катып келип, киши жокто Сабачкинге тартуулай койгон экен, «малды көрүп пайгамбар жолдон чыккан» сыңары, Акмат сабак бүтөрдө келсе да сталинчил мугалим делинген Сабачкин ага биротоло жумшады. Сабагына кирбей койсо да унчукпай калды. Балык менен жайлаганы чын окшойт деп калдык.

Бишкек, Темир жол окуу жайы, 94

Эртең 9-май. Бүгүн болсо группадагылар жөн турабы, «биз да ветерандарбыз» дешип акча чогултуп, группанын жоон топ эркек-аял, жаш кары студенттери жакынкы жердеги бак арасындагы пийвоканага «чабуул» коюшту.

   Улам-улам ичилип, ичтер кызып, тилдер чайналып, көздөр ала чакмак боло одурайып бараткан бак арасындагы зыяпат-отурушта тост сүйлөсөм деп умтулган киши көп. Ошо тост аркылуу ар ким өзүнүн мурдакы турмушун, кызматын саймедиреп, өз калкоз-сапкозунда, мектебинде, ооруканасында, театрында ж. б. иштеген жеринде мартабалуу, эмгеги сиңген бирден бир адам болгонун улам баса айтып, ал эми бу темир жолго арга жоктон, тыйын-тыпыр тапканы гана келгенин бажырап атышты. Тосттордон өлө жадаган отуруш, акыры барып биринин сөзүн бири укпаган, алагүү, бейтартип бажылдакка айланды.

«Жашасын СССР!», «Капитализмдин кимге кереги бар?», «Атаңын как чокусу, Ленинге тийишпе!», «Главный зоотехник болгонуңду урганым жок эй», «Мен поездден түшпөйм, мүшөккө акча чогулта берем, буюрса», «О, өлүңгөрөйүн, башыңды жуткур Горбачев, жакшылык көрбөй кал ылайым!» жана ушул сыяктуу ураан-кыйкырыктардан турган «каалоо-тилектер» жамгырдай жаап жатып калды. Бир убакта карасам «Алганын» бир кездеги сол чабуулчусу Адамкалый байке тост сүйлөп аткандай. Оозу кыбырап атыры. Уккан эч ким жок. Эмне деп атты экен деп жакыныраак барып кулак сала тыңшасам: «Кыргызстанда футбол эч качан өнүкпөйт, биз эч качан футбол державасы боло албайбыз», – деп булдуруктаса, жакын жерде дагы бирөөсү арыктын кырында улам-улам чимкирип коюп, көз жашын чубурта ыйлап отурду. Бул болсо:«Сапкозго көп жыл эмгегим сиңди эле, бульдозурумду башкага сатып ийишти, энеңди урайын чоңдор. Билип эле турам, бу жанагы шүмшүк главный инжинердин кылганы. Ич күйөт да энең...», – дейт.

Жеңиш майрамы ушинтип өттү.

*     *     *

Акыры бүтпөчүдөй сезилген окуу да бүттү. Жайдын аптап чилдесинде бүтүрүп, эңсеген көк дипломун да алдык. Поюзга, рейске  качан чыгарат деп марага чабылчу аттардай тыбырап, жулунуп турабыз. Мастер баарыбызды шагырата айдап, темир жолдун Л. Толстой көчөсүндөгү алиги кеңсесине айдап келди. «Азыр баарыңар отдел кадрга бирден киресиңер да, ар бириң өз «крышаңды» конкретно айтып, аты-жөнүн  жаздырасыңар», – деди ачык эле. Түй ата, бул заман болбой калган экен, ушунчалыкка жетсек деп ичимден ойлоп койдум. Кезек мага келгенде кирдим, жер тиктеп буйдалып калдым эле: «Ну, смелее», – дейт, карасам баягы мага жолдомо берген орус аял Валя жеңе. Өз апамды көргөнсүп кымыңдап «Далиев Юсупжан!», – дедим эле таң калгансып карап калды. Менин баягыда келип кеткенимди унутуп калган окшойт. «Крыша» деген сөздүн маанисин ошондо билип жүрбөйүмбү. Кыскасы, темир жолдун окуусуна «крышасыз», жөн эле өз күчү менен кирип окуган адамдар таптакыр арабызда жок болуп чыкты. Менден айырмаланып, булар ошол крышаларынын ооздорун адегенде абдан «майлап-жайлап», анан окууга киришиптир. Мен сокур тыйын бербей эле кирдим десем бири да ишенген жок. Эгемендигинин алгачкы эле жылдары минтип «крыша» деген бетпак түшүнүктүн кириши менен башталган мамлекетибиздин абалы кийин кандай болор экен, аны канчалык ойлосом да элестете албаган элем ошондо. 

Бишкек, Темир жол окуу жайы

Бүгүн биринчи рейске «Афганистанга» (Жалалабат каттамын ушинтип коюшат экен) жөнөдүк! Кандидат Асан байке экөөбүзгө бир вагон тийди. «Культураны кармайлы, уят болуп калбайлы», – деди ал салабаттуу. Куп болот дедим мен да толкунданып, «пассажирлер менен сылык бололу, пажалстаны» унутпайлы деп кошумчаладым. Форманы кычырата үтүктөп кийгенбиз, мойнубузда июлдун аптабына карабай кыкыйта байланып алган галустугубуз бар, бер жакта туруп эле кебетебизден киши сүрдөгүдөй. Китептен окуган узатуучунун жумушун элестетип турабыз да экөөбүз. Азыр поезд акырын перронго жылып келип токтойт, анан экөөбүз шашпай жүргүнчүлөр менен салабаттуу амандашып, бирден белетин текшерип, иши кылса элди орунга жайгаштырууну абдан маданияттуу, бийик деңгээлде өткөрөбүз деп камынып, даярданып алганбыз.

   Бирок биз ойлогондун бири болгон жок. Атабыздын как башы! Локомотив составды перронго тартып келип коеру менен кымгуут балекет башталып кетти, жонуна сумке, мүшөк арткан, сандыктан өйдө сүйрөп алган быкпырдай кайнаган эл кара таандай каптап, поезддин айланып келаткан дөңгөлөгү токтоп-токтой электе эле, тепкичке жармашып-журмашып өзүн вагондорго урду, кыйкырык, ызы-чуу, ашата сөгүнгөн, каргап-шилеген, оозунан көбүк чачыраган сүрмө кара топ селдей жабылып, «пажалста, ваш белетик» дегенибизди уруп ойнобой, экөөбүздү эки жакка түртүп салып, кирип атат, кирип атат, канчасы кирди, санап санагына жетпедик, улам-улам «пажалста» деп бирин кармасак, башкасы жулунуп кирип кетет. Бизди проводник эмес ит ордуна да саначудай түрлөрү жок. Бир маалда карасам, көзүң мындай шумдукту көрбөсүн, бир жапжаш жигитче сумкесин сүйрөп... элдин башынан кадимки эле жерде, арыкты аттап келаткансып аттап-буттап басып, вагонго кирип кетти! «Эй акмак, төбөмдөн түш» деген бир жан жок!  Оозум ачылып, мындай шумдукту көрбөгөн жаным эмне дээрди билбей туруп калыптырмын.

   Эптеп эсти жыйып, өзүбүз акыркы болуп вагонго кирсек, будуң-чаң, туман, кишиден жүк көп, жүктөн киши көп, үчүнчү полкага чейин чыгып кетишиптир. Кызматтык купеге кирели десе элүүнчү, алтымышынчы ыразмердеги беш-алты аял аталарынын төрүндө жаткансып биздин мыйзамдуу орундарыбызга эчак жайланышып жатып алышыптыр. «Бу кандай урматтуу аялдар, пажалста, чыккыла» дегенибизди зөөкүр чалыш катындар тоготуп да коюшпады. Суранып атабыз, жалынып атабыз, акырында экөөбүздү түртүп таштап, эшикти карс жаап, ичинен илип алышты, доцент экөөбүз темтейип чай кайнатчу титандын жанында калдык. «Ничево, первый блин комом» деп мени кайраттандырып коет, өзү болсо ыйлагысы келип араң эле турат, көз айнегинин бир жагы сынып түшүп, бир көзү эле калыптыр, бирде күлкүм келсе, бир туруп боорум ооруйт. Кылдырап жүрүп отуруп поюз тээтиги Меркеден өтүп Луговойго жетип калса да, экөөбүз самоордун жанында турабыз.

*     *     *

Я кокуй, байке, ушинтип Жалалабатына чейин жөө, тикебизден тик туруп кетебизби, жок дегенде салондон эки места таап алалы түнгө калбай десем, «Ташкентке дейре чыдап туралы, – дейт аякка азыр эле жетип барчудай. –  Ошол жактан тигилер түшөт экен, жана сурап билдим», – деп служебканы жаңсап койду. Ары-бери өткөн проводниктерге сыр бербейбиз, «Оо, служебкага чейин сатып ийип, катуу кетипсиңер го, канча зарядка тептиңер?» – деп сурашат, эчтемесине түшүнбөсөк деле чамалап теберинче тептик деп компоюп коебуз. Зарядка деген эмнеси, аны ит билеби…Курсак ачып, самоордун жанында айла кетип турганда спорт кийимчен бирөө келди шүдүңдөп. «Келгиле сбор, азыр Жамбылскийлер отурду» дейт. Сен ким элең десек: «Штабныйдын сборщигимин, болбойсуңарбы!?» – деп демитет. Анан: «Кайра келатканда ала кетем, сом менен бешти даярдап койгула», – деп мыртыйган беш манжасын көрсөтүп коюп ары безип кетти.

   Өлдүк дедим байкеге, эми чокубузду беребизби сборуна? «Ничево, беш сом менде бар», – деп боорду эзет да. Ай ушу беш сом боло койбосо керек деп турсам эле, жанагы тапичкечен неме кайра бат эле жетип келип «Давай, кана акча» деп туруп калбаспы? Кандидат беш сомун сунду эле, карап туруп: «Эй, бул эмне?» – дейт. – Мен деген 500 сом деп кетпедимби? Даана композдор го мобулар?» Акчабыз жок десек, «А мынабу колхозчу?» – деп вагонду көрсөтөт. Майнап чыкпасын көрдү окшойт,«черный списокко түштүңөр, карыз» деп 500 сомду мойнубузга илип кетти, ашата сөгүп.

*     *     *

Экөөбүз эки жерде телпейип турабыз, поюзга чыксак эле бапыраган акчанын астында калабыз деген үмүтүбүз бизди тегеренип-тегеренип туруп, эски вагондун жыртыгынан кайдадыр алыс-алыс учуп кеткенсиди. Тимеле түшө качып кеткибиз келип турду экөөбүз тең. Баса, сбор дегени бул поюздун турмушундагы жазылбаган, бирок ар бир сапар узатуучусу кың дебей аткарууга милдеттүү болгон катуу мыйзам экен. Бул көрүнүш тээ тартиби катуу совет доорунан бери эле келатат имиш. Айталык, транспорт министрлигинде же темир жол башкармалыгында ревизор болуп иштеген Ташмат өзүнүн командасын ээрчитип, бекитилген график боюнча жүргүнчүлөр поюзун, маселен, Бишкек – Москва поюзун кетип баратканда бир, кайра кайтып Кыргызстандын чегине кирип келатканда бир жолу текшергенге отурат. Булар жүргүнчүлөр кандай шартта келатат, поюздун санитардык абалы түзүкпү, канча шейшеп сатылганынан өйдө кыбык-кычыгына чейин текшериши керек. Иши, милдети ушу. Бирок булар аны менен башын оорутпайт. 

   Карап турсаң мыйзам буларга поюздарды тоногонго атайын шарт түзүп бергендей көрүнөт. Поезддин начальниги булар составга отурар замат жалпаңдап кошоматтана чуркап тосуп, купесине ээрчитип келет да, ошол жерден чай үстүндө Ош базардагыдай  эле кызуу соода жүрөт. Текшерүүчү ревизор мырзалар тоодой кемчиликтерди санап, акты жазабыз, составды талкалайбыз дешип кара күчкө опурулуп-жапырылып, күпүлдөп башташат. Бир кучак акты алып резервге келгенде бригадасы чачылып, өзү чоңдор тарабынан төөбастыга алынаарын, керек болсо, өмүр бою эңсеп жеткен кызматынан көчүккө тебилээрин, анын ордун ээлесем дегендерге сан жетпесин ойлогон шордуу начальник аргасы кеткенде составдан ооз басырыкка акча чогултат. Ал орто ченем менен алганда оңбогондой ири акчалар. Каражемсөө ревизор мырзалар бааны өйдө тепсе, начальник бечара болсо эптеп ылдый түшүргөнгө аракет кылат. Ошентип отуруп,  иш эки жакты тең канааттандырган суммага токтогондо ревизорлор баштагыдай кыйшалаңдабай, отурган жеринде отуруп калышат. Сбор деген ушул. Карапайым узатуучулардын жон терисинен кайыш тилип туруп чогултуп алынган акчалар.

*     *     *

Бир баштык акча сыгып алган поюздун желмогуздары анан жылуу-жумшак отуруп алып шашпай олжону санап, өйдө жакта отурган өз чоңдорунун үлүшүн өзүнчө чыгарышат да, артканын чөнтөккө урушат. Москванын таза арагынан татып же быжыраган баланча жылдыздуу кымбат коньяктан ууртап ичип, анан жайбаракат чалкалай басып түшүп кете беришет. Күндө ушул жумуш кайталанат. Жыргал эмеспи бул жумуш эмей эле. Акчанын айырмасынан арттырып, чөнтөгүнө олчойто пайда түшүрүп алган начальник мырза – бу бечара да жетиналбай өзүнчө курсант. Азыр ойлосом, кыргыздын поюздарынын чалдыбары чыгып, каныбайран болуп талкаланышында так ушул ревизорлордун, ж. б. текшерүүчүлөрдүн «сиңирген эмгеги» абдан чоң болгон экен. Поюздан түшкөнүмө көп жыл болсо да, алиге чейин ревизор деген сөздүн өзүн уксам итатайым кармап кетет, ушунчалык жүрөк жалкып калыптыр. Поюзда жүргөндө сүлүктөй жабышып канды соргон далай ревизордун аттарын атап кетсем болот эле, бирок, алардын ыпылас аттарын атап, таза кагазды булгагым келбейт, алар буга татыктуу эмес. «Кандайча мойнума коесуң? – деп сотко сүйрөчү акмактары да чыгышы мүмкүн, анан жүр алар менен соттон сотко сүйрөшүп.

*     *     *

Ошо рейсте Жалалабатка кантип барып келгенди эстесем алиге чейин жүдөп кетем. Өзүбүздүн купеге өзүбүз киралбай, тээ Арыска чейин самоордун жанында туруп барганбыз. Өзбекстан жакка кайрылган бекет – Арыска келгенде Асылбаштык жигит (аты Койчубек бекен) вагонго келип калды. Өзү тээ арттагы вагондо келатат. Экөөбүздү шектене карап: «Эмнеле самоордун жанынан чыкпай калгансыңар, купеңерди сатып жибердиңер беле?», – деп сурады. Болгонун болгондой айттык. Угуп туруп каткырып күлдү да, ошол эле замат кызматтык купеге кирип кетти. Эмне деп кантип сүйлөштү, анысын биз укпадык, бирок беш мүнөткө жеткирбей жанагы ичкеридеги бетпак катындарды коридорго бирин калтырбай түгөл кууп чыкты. Кууп чыкмак тургай, бизге берээр акчаларынан өйдө өндүрүп, колубузга санап берди. Бул катындар Ташкенге деп менин доцентимди алдап коюшуптур, көрсө Жалалабатка чейин барышат экен! Койчуке келбегенде доцент экөөбүз Жалалабатка чейинки жолдун акырына чейин тикебизден тик туруп бармак экенбиз. Колубузга бир тутам акча тийгени кичине көөдөнүбүз көтөрүлүп, көңүлүбүз ачылгансыды. Вагонду кожоюндарча аралап, жүргүнчүлөргө бакылдап бекем-бекем сүйлөп калдык. 

*     *     *

Өзбекстанды аралап баратабыз, өңгөсүнөн да кыргыздын поюзун өзбектин шумпай чалдары, жаш жубарымбек балдары таш менен айнегин күбүп, таза арганы кетирет экен. Муну эрмек оюн кылып алышыптыр. Ал анан, көрүп ал: бирөөнүн башы жарылган, бирөөнүн чекеси томуйган, иши кылып, состав уруштан жарадарларды ташып келаткан санитар поюз кебетеленип чыга келет. Эптеп Жалалабатына жетип карасак, терезеси талкаланбаган соо вагон дегеле калбаптыр. Начальник поюз деген кабагынан кар жаачудай болгон бирөө вагондорду аралап көрүп, орустун үч кабат ойрон маты менен кимдир бирөөлөрдү ашатып сөгүп жүрдү. Жалалабаттан кайра бери чыгып, Андижанга жеткенде жерге түшсөк, перрондун четиндеги «Союзпечаттын» күркөсүндө Өзбекстандын президенти Каримовдун килейген кагаз портреттери сатылып жаткан экен. Дароо  онду сатып алсам, доцентим: «кылаарга башка ишиң жокпу? – дейт. Булар иш берет дедим, түшүнгөн жок. Мен дароо ичкери кирип, ар бир терезеге бирден портрет чаптап чыктым, жок дегенде соо калган айнектер үйгө аман-эсен жетсин дебатам да.

*     *     *

Тапкан акылым чын эле жардам берди, поюз Өзбекстандан дээрлик бир суткадай суналып шалдырап өтүп баратат, башка вагондордун соо калган терезелери чаңгыр-чуңгур сынып атат, биздикин болсо таш менен урган эч ким жок. Өзбек туугандар өзүлөрүнүн падышасынын портрети илинип урган терезелерди талкалаганга даашпады шекилди. Станцияга токтогон сайын вагонго кирген милийса өзбек жигиттер: «Эххе-ее, азаматтар, проблеманы мына ушинтип чечсе болот экен да!» деп калышат. Кийинки рейсте элдин баары бизди туурады. Бир мээси шамалдаган, патриот кебетеленген кеңкелес элге өчөшүп (тескери кетчүлөр көп да), Акаевдин портреттерин илип алыптыр болчу жайнатып, кайра кайтканда бир терезеси соо калбай, бүт күбүлүп, алтургай өзүнүн чекеси да жарылып араң жетти.

№ 187 поезд, Бишкек – Жалалабат

«Афганистанга» дагы бир жолу барып келдим. Доцент шеригим баягыда эле: «урдум ушундай жумушту», – деп жерге түкүрүп, үйүнө кеткен боюнча дайынсыз. Бул жолу Нурбек деген напарник менен чыктым. Жолдун накта жойлоп көнгөн бөрүсү экен, барып келгичекти катуу тарбиялап таштады бир эле рейсте.

– «Пажалста» деген итиркейди келтирген сөздү кой байке, – деди адегенделе, – Минтип иштесең коко тыйын таппайсың. Сбордон карыз болуп жүрүп, бир күн бригададан тарс ыргып кетесиң. Азыр жыргаткан деле пассажириң жок, баарысы соодагерлер, самый главный – эч вагондо эч кимди башыңа чыгарба, вагондо бир гана кожоюн өзүңсүң, калгандары сенин алдыңда бүгүлүп эле турушу керек. Бирдеме деп келжиресе алка-жакадан алып эле тамбурду көздөй сүйрө, ыргытам де поюздан. Булар ошондо гана сени сыйлайт, билдиң? «Коендордун» кулагын түбүнөн шылып кес. Акча жок, жеткенде берейин дегенин эч укпа. Ошентип өлүмүш боло беришет. Айрыкча поюзда катындар айлакер болот, акча жок десе түз эле колуңду көкүрөгүнө сойлот, жанагы липчик жагына, ошояктан өлө коркушат, анткени каткан акчасы ошерде, «Швейцарский банк» деп коет аерди биздикилер. Коммерсанттар – адамдын желмогузу ушулар, проводниктерди кулака тээп, кидайт эткенден башка ою жок булардын.

*     *     *

Казак баурларга болсо опурулуп-жапырылып туруш керек. «Шешеңди, лактырам казыр» деп кара күчкө күпүлдөп сөгүп, тытмалай берсең гана тыйынын аласың. Өзүбек акалар болсо бу жерден чыгып кеткичекти көчүгүн бек кысып тымпыйып, коркуп барышат да, өзүнүн чегине жеткенде, баары баатыр болуп чыга келишет. «Кокондо гаплашамиз, Андижандан гаплашамиз» деген сөздөрү бар. Любой жерден барып кеплеше берем де, главный, задныйды ключать этпе брат, эки эмес, үч метрлик өзбек аке келсе да тетиги темир кочерганы алып коркпой чыга бер, баштан ары басып алсаң молдо болот да калат.

   Анан рэкетпиз деп дайыма он беш, жыйырма бала топ жүрөт, күчү ошо топтошуп, үйүгүшүп жүргөнүндө бу шакалдардын. Кыргыздын эле айылдан келген безери балдары. Алы жеткенди баса калып сабап-тоноп, кыз зордоп, чоңураак муштум келатса кара жанын уучтап, коңулга кире каччу сандалбаптар да. Бизге, проводниктерге тие албайт, бирок колго тийгенин уурдашат, корголуңду кагазга ороп таштап койсоң да шыпырып кетишет эй! Андыктан кармаган  жерден жанча бер, буларга убал жок!

*     *     *

Милийса, инструктор ж. б. мойнуна иттин каргысындай кылып  кыкыйтып галстук байлап, папке көтөрүп чочоңдогон итпай-чотпайлардын жарасы эле акча. Бияктан текшеримиш этет да, бияктан чөнтөгүн ачып турат таштап кой бирдеме деп. Жалаң темир жолду тоноп, байып атышат булар, кудайын унутуп калышты. Миңген машинелерин карабайсыңбы, эмне, аларды айлыгына алып атат дейсиңби? Ушу бизден тоногон акчаларга да! Керек болсо мында биздин ар бирибиздин үлүшүбүз бар. Биз проводниктер, буларга кулдай иштеп байытып, көптүрүп атабыз. Бирок муну булар билбейт да эч качан баалабайт! Алчусун алат да, көчүктөрүн чайкап коюп, тетиги Кара-Балтадан түшүп кете беришет. Сен экөөбүз болсо дагы канча нерв коротуп, канча жол кетебиз. Буларга азыр оомат, май-талкан заман келип турат, темир жолду, сени менен мага окшогондорду каалагандай зордуктап атышат. Мыйзам-заң деген жалаң ушулардыкы. Кыскасы, буларды жакшылап ылгап туруп акча  бер, баарына эле бере бербе. Кебетесин карасаң кими борзый, кимиси лох, өзү эле мордасынан көрүнүп турат. Борзыйларын калп эле мактап-сактап, өлжүрөгөн лохторуна акча жок деп эле бозоруп тура берсең, темтейип туруп-туруп, жадаганда өзүлөрү басып кетишет.

Ревизорлордон сак бол. Кокус вагонго кирип калса, калп эле жалпаңдап тура чуркап, поюздун астында калгыр бул козелдорду ден соолугун сурамыш этип, кара күчкө үйрүлүп үстүнө түшө бер. Кыскасы, бир кудай асманда, бири жерде болсо, ошонун жердегиси сенсиң де. Бул жүзү каралардын  арасында түшүнүктүү кишилер аз. Поюзга, пассажирге, сен экөөбүзгө күйбөйт булар, бирдеме алайын, тоноюн дебеле турушат. Бул шакалдардын кекиртегин майда отметка менен жаба албайсың. Жалаң чоң алып, чоң чычып көнгөн акмактар. Энеңди урайындарды  колдон келсе, галстугунан байлап, тыбырчылатып туруп тамбурга четинен асмакмын...»

Нурбек иши кылып чыныгы проводник деген кандай иштеши керек экенин куру сөз бойдон калтырбай, рейске барып келгенче иш жүзүндө да мыкты көрсөттү, бери жакта туруп эле суктанасың. Ушул акыл-насаатты уккан соң кой, мен да ушундай болбоско айлам жок экен деп калдым. Ооз толтура сөккөндү, оройлукту, жүргүнчүлөрдөн кантип акча сыгып алганды үйрөнбөсөм болбойт... Бетпак болсоң жүрөт экенсиң поюзда иши кылып, анте албасаң өзүңүн шоруң өзүңө экен. Кой…

Ары-2 – Ташкент, №187 поезд, Бишкек – Жалалабат

Ура! «Афганистанды» желкемдин чуңкуру гана көрсүн эми! Кечээ акыркы «афганский» рейстен, Жалалабаттан келдим. Рэкеттер кутурду го чиркин бул рейсте, барып келгенче оюна келгенин жасашты, айрыкча өңдүү-түстүү келин-кыздарды артынан кууп жүрүп, кармаган жеринен тырпырата эле басып жатышты. Буюмун уурдатып кокуйлаган киши мындан көп. Кой ай деген жан жок.

   Ордунан куулган белетчен пассажирлер тамбурларда жайнайт. Ченемсиз көпкөн бул айбандарга кой деп каршы чыккан, эшек куртун мурдунан агызган эч ким жоктугунан булар ушинтип кутуруп атышат да. Биротоло өзүлөрүн кожоюн сезип алышкан. Ырасы, 187-нин балдары бир курдай буларды ордуна коюп, поюзда ким кожоюн экенин мыктап көрсөтүшкөн, ошондон кийин проводниктерге тийише алышпайт, бирок, учуру келгенде ар кандай  карамүртөз иштерди жасап кое беришет. Биздин вагонго эки үчөө келди айланчыктап, байкасам бандиттен айланабы, жөн эле сүрмө топко кошулуп, кутуруп жүргөн чимкирик жаш балдар. Навсякий случай, не бар не жок деп бир эки «афганец» пассажир балдар менен сүйлөшүп койгом, «бир нерсе болсо чакыра кой, баштарын жулуп туруп, чатына тыгабыз» дешкен.

*     *     *

Бул рейсте Нурбек жок, жүдөгөн бир орус аял напарник болуп келатат. Орустун катындары тың болчу эле, бул кайдан чыккан бечара, мындайын биринчи көрүшүм. Сыйырдай болуп курсагы тойсо болду, бышылдап уктайт эле уктайт, уйкуга жутаган неме окшойт. Служебкада отургам. Алиги биздин вагонго кирген кулигандардын ичинен көкүрөгүн алдыга керген чала мас бирөөсү баш багып: «братка, атметкага бир шише койбойсуңбу?» деп деловойлонот. Өзүм ичпейм, жаш балдарга да куйбайм дедим мен да жамбаштап жаткан бойдон. «Уважение болуш керек да?» дебеспи жанындагы чычымы. Жиним кайнап кетти. «Эй далб…п! Мен сени урматтагыдай кимсиң өзүң? Менин бир жерим менен тең болуп турасың, анан мен сага арак куямбы?! – деп өкүрүп-бакырып, татар опузага сала ордуман атып турдум. Ызы-чууну укту окшойт, «афганецтер» жетип келди айттырбай эле. Бети танканын ичинде күйгөн бирөөсү бар эле, кулигандын бирин билегинен качырата кармады. Кармаган жерин үзүп таштамакпы, анын кебетесин көрүп эле беркилердин жүрөктөрү түшүп калды. Кечирим сурап, шарт куйрук түйүштү кулигандар. Үйүрүн ээрчитип келеби дедик эле, ошол бойдон жоголушту. 

*     *     *

Жалалабаттан кайтып, Луговойго жетип токтосок, биздин транспортный ЛОМдун милисалары жайнап жүрүшөт. Эмнегедир баары  формачан эмес, жөн эле кийинип алышыптыр. Көрсө, атайын кармаганы чыгышкан экен булар рекеттерди. Топту каратечи Женя начальник (фамилиясы эсте калбаптыр, кийинчерээк Орусияга көчүп кетти окшойт) өзү баштап чыгыптыр. Служебкага кирип эле «Малышты көрдүңбү?», – дейт бирөө, карасам биздин темир жолдогу ЛОМдун начальниги Женя. Жок десем ары кеткен, бир аздан соң эле бирөөнү кишендеп сүйрөп кирип, полканын тирөөч темирине аса байлап коюп кайра кетти. Байланган неме атың өчкүр так алиги атаман Малыштын өзү экен, спортивкачан, бел курчоого чейин жылаңач, «тамекиден бербейсиңби братка» дейт мылжыйып. А бул эмне деп бөөшсүнүп кишенди көрсөтсөм: «Ерунда, мындай кишендин далайын көргөнбүз, менттер азыр элдин көзүнчө ушинтимиш этет да, Бишкекке барганда кое беришет, керек болсо менден кечирим сурашат», – деп баратып, оозун жыя электе Женя кирип келди; унчукпай туруп эле, кантип буту көтөрүлүп кетти билбей калдым, тигини ооздон ары дубалга жабыштыра тепти.

*     *     *

Шалкылдатып сабап атат, сабап атат, купенин ичи заматта кызыл жаян канга толуп чыкты, жаалы кайнап алган Женянын тигини аяр түрү жок, Малыштын чучуктай чыңырганына, жалынып жалбарганына карабай, былчылдатып сабап атып  рекет-атамандын талпагын ташка жайып, бачагын чыгарып таштады. Эси оогончо, буту-колу талыганча сабады. Малыштын бет тумшугунун кейпи биротоло кетип, кебетеси киши коркоор былжырак бирдемеге айланып калганына да караган жок, Луговойдон Беловодскиге чейин тынымсыз келтектеп келди. Малыштын кебетесинин сырты го бүттү, өпкө-боор дегенден соо бирдемеси калдыбы жокпу, кудай билет, иши кылып далай убакыт кутуруп,  далайдын канын соргон бандитти бир жарым сааттын ичинде өзүн кан сийдирип таштады Женя начальник.

«Балекетиңди алайын байке, жан соога», – деп жалынган Малыштын боздогон үнү ай-ааламга жетчүдөй. Мен өлтүрүп коет ко дегем. Перронго келгенде  рекет топтун баарын бирин бирине кошоктоп, кишендеп түшүрүп айдап кетишкен. Кийин айтышты Малышты компаниясы менен кошо  бир топ жылга түрмөгө кесип ийишиптир дешип, андан кийин рекет дегенди Жалалабаттын поюзунан жолуктурбадык. Баса, ошол Малыш деген немени мен көп жылдардан кийин резервдин дарбазасынын оозунда итейип бомуж  болуп отурган жеринен кезиктирип калдым. Тиштери бүт кагылган, көп болсо отуз бешке чыккан чалды ушунун кейпинен көрдүм.

Жалалабат – Бишкек, №187 поюз

Бүгүн, буюрса, Москвага жөнөгөнү турабыз. Жанагы мени темир жолго кийирбей койгон тууганым менин жумушка кирип иштеп жүргөнүмдү көрүп уялды окшойт, бригадасына кошуп алды. Москваны картаң карышкырлар «элитный направления» деп коюшат экен. Жалаң «деловойлор» жүрүп, жүдөгөн-сүдөгөндөр «местныйда» (жергиликтүү каттамдарда) анан Жалалабатта жүрүшөт тура. Кандай гана бактылуумун дейм ичимен, резервде жүргөн жалалабатский составдын проводниктерине өөдөсүнүп карап коем.

 Вагондун пардаларын илип жатсак, бирөө келип: «Бул деген силердин Жалалабатыңар эмес, сбордон бир тыйын кем болсо экинчи жүрбөй каласыңар, чтобы сбор чики-чики...» деп кетти кыйынсына адыраңдап.

 Перрондон чыгаар менен башымды чыгарып: «Пока Бишкек, бир жумадан соң кайтам! – деп өзүмчө эле мадыраңдап обу жоктоно кыйкырып койдум. Беш-алты «жирный» коендорубуз, жүгүбүз, жолдо сатабыз деп алып алган он жашик көк-жашыл помидорлорубуз бар, сборуна кабатыр болбой, потолокко түкүрүп кете бермей. «Майлуулардан» экөө ирандар, үчөө машине тетигин сатуу менен шугулданган корейлер. Эптеп «сборуна» жеткирсек, өзүбүзгө биртике тыйын артчудай, Москваны ошондо бир кыдырабыз го буюрса.

  •  

 Бу Казакстаның оо, абдан чатак экен эй, абдан чатак экен! Кыргыздар айылдан айылга ат менен каттаса, булар жалаң поюз менен жүрөт экен. Тыйын бербей качып-тийип, көрүнгөндүн жылтыраган бирдемесин жула качып түшүп кете беришет. Жөн гана түшүп кетсе эмне. Таң заардан Кызыл-Ордо деген шаарына жеттик. Жапайы талаанын ээн өскөн жапайы доңуздарынын өнөрү так ушул чөлкөмдөн башталат экен. Мактаган 17-скорый эшектей эшейип, кылдырап, Жалалабаттын поюзунан айырмасы жок болуп калды. Сборун калтырбай төлөп келатабыз. Сборщиктин көңүлү куунак, кыңылдап ырдап, бир баштык акчаны колтугуна кыса көтөрүп өтүп баратып «пока ничево» деп коет. Арыс деген бекеттен 120 литрдик казан көтөрүп бир тажик чыккан. «Москвага барып аш жасап сатып, бизнес кылам» дейт. Ошонун казаны эч жакка батпай койду. Менттер келгенде жок бол дейбиз, байкуш казанын көтөрүп туалетке качып кирип, ичинен бекинет. Өзү да билети жок «коен» болуп келатат. Казаны болсо үч адамдын ордун алат экен.

 Жол шерик напарник жеткен жыпыңдаган, эркектен чыккан накта жалап, жеткен жобур эргул болуп чыкты, вагондогу аял атмайды милдеттенме алгансып, бура бастырбай, аңдып жүрүп колго түшүрүп, көнбөгөнүн зөөкүрдүккө сала, бир көз кысканда эле кетчүлөрүн буйтка жерге кийире коюп, түз эле тикесинен тургузуп «неметип», ургаачыларды четинен аеосуз «кырып» келатыры. Көзүнө көрүндүбү, бүттү, «оформить этиш керек» деп коюп артынан сая түшөт. Айрыкча ар кошкон журт жашаган Чымкенттен өтүп баратканда катуу «иштеди». Казактын биердеги казакка окшобогон, өзбек-уйгурдун каны аралашкан кара каш, мөлтүрөгөн жейрен көз, акчалары жок, курсагы ачка студент кыздарын каалагандай жайлап жүрүп отурду. Кургур кыздарың да безаткез экен. Тим эле кезекке коюп койгондой улам бирөөсүн алып кирип кетет. «Жардамдашпайсыңбы байке!», – дейт кээде кыска мүнөткө эс алганы келип тырайып жата калганда. Жок дейм. Станция сайын бечара аптекага чуркап үкөл сатып алат. Мунуң эмнең десем «профилактика» дейт. «Алигисин» туш келди ар кимдикине сая берип, бул ойрон ортоң бутунан учунган окшойт падарыңа наалат... Өзү өлалбай атып кыз-келиндердин жалаң фигурасы келишкен сулуусун издегеничи. Кээде кишини таң калдырып, өтө эле ыраңы суугуна жабыша калат. Бул эмне кылганың десем: «Булар таза болот, эч кимдин колу тиелек», – дейт. Бу таш аңгиге айла жок экен да дейм... Оо бир далайда, Орусиянын Оренбург чегине жетип-жетпеген бир жарым суткеде вагондогу ургаачы атмайды түгөл жайлап бүттү окшойт, ал да аз болдубу билбейм, бир эки сааттай башка вагондорго да жойлоп барып келди, ал жактан да бир топ «самсам машкорлордон» даам сызып кайтты окшойт, «жарым саат тук этип алайынчы» деп тырайып жаткан бойдон мүрт кеткенсип катты да калды.

 Мен болсо кетип баратам. Милициясы мындан көп, жиндиси андан көп Чалкар деген кудай урган бир жерине жеттик. Не бир уурулардын, кисебир-гезенде, баш кесерлердин жери ушул дешти билгендер. Быяктын милийсасы да берки каракчылардан кем калбайт экен, айырмасы эле үстүндө формасы болбосо. Кара шири болуп катып калган казактын ыраңы суук капкара балдары вагондорду аралай чаап, көрүнгөндүн бирдемесин жула качып шорлотуп кете берет экен.

 Иши кылса ээн жердин дөбөгө чыккан бул доңуздары ары-бери өткөн поезддерди тоноп, каалагандай кордук көрсөтүп, кумар кандырышат окшобойбу... Ошол турмушка абдан көнүшүптүр. Өзгөчө өзбектердин атлас пардалуу поюздары буларга даяр «жайыл дасторкон» экен, кыкеңдердей тура калып кармаша кеткенге жүрөгү даабаган өзбек проводниктер буларга мулайым жумшак мамиле жасап, «акалаган» сайын жапайы талаанын шакалдары ого бетер ырайымсыз таш боорлугун көрсөтүп, ошондон өзүлөрүнчө «кайф» кармайт тура. Жаманы биздин "скорый" деген мартабалуу 17нчи казактын ар бир айылына автобустан бетер токтоп, ал жердеги бейтартип элди четинен терип кете берет. Бир аулдан (айылдан) эшикти ачпай койсом, туалеттин терезесинен кирген эки-үч кемпир (ушунча бийиктен кантип кирди десең?) сыртта калган мадырабаштарды көрсөтүп айтып атышпайбы:

– Уйбай карагым, анаулар да өз балдарыңдар гой, неминеге оларга эсикти ашпайсыңдар?

– Калайча булар биздин баламыз болот?

– Маскара го мына киси? Сендер олай-былай откен сайын келин-кыздарымыз менен жата берип, оларга урук шаша берип, сондан жаралган өз балаларыңдар гой?

 Кемпирлердин мындай күтүүсүз жүйөсүнө каткырып күлдүм, өзүнчө эле жаңы анекдот.

Казакстан, Чалкар бекети, №17 Бишкек –Москва поезди

Кырылышып атып казактын бүтпөстөй көрүнгөн талааларынан да өттүк. Кол жетпеген үмүттөй андан-мындан сейрек от жылт эткен бул кыйырсыз талаалар кишини түпсүз ойго тартып, дилиңде сарсанаа, шуудурап өрөпкүгөн, жүрөктү жумшак мыжыган алда кандай бир кусалыкты ойготот. Асман көмкөрүлүп жаткан мындай ээндик бир туруп үшүңдү алса, бир туруп ааламдын айласыз улуулугун, чексиздигин көзүңө сайып көрсөтүп тургандай... Казактын домбрасынан төгүлгөн не бир керемет күүлөр, обон-өлөңдөр, көрсө, чебер устаттардын ушу чексиз кыйырсыз, айдың талаалардан жыйнаган арман-азабынан, санаа-кусасынан жаралат окшобойбу...

 Аалам дүйнө поюз менен поюз болуп, шарака-шурак, дүкү-дүк түшүп, жер-асман, мына бул кыйырсыз талаа закым болуп аркага учкан ушундай мүнөттөрдө өзүмдү өзүм унутсам керек, бир оокумда «Эй проводник!» деп дарылдап өктөм чыккан үндөн эсиме келе түштүм. Казак подполковник турат карай салсам, аскер кишиси, «температурасы» бир топ жогору. Жаш курагы менден көп болсо 5-6 көйнөк мурда жырткандыр. Жанында ээрчитип алган жылтыңдаган жымшык көз патакүш келинчек бар.

– Тыңдап турмун жолдас подполковник, – дедим тийише какшыктап.

– Ия солай го, тыңдамаска айлаң жок кой энди. Былай проводник, казир мен шаршап турмун, мына экөмизге бир купеден орун таба сал. Актөбеден ойгатасың, түсип кетемиз.

– Кечиресиң көкө, белетиң барбы?

– Не деп туру манау, сен көрмей турасыңба не меның ким экенимды?

– Енди калай дейсиз, местам да жок, биринчи выход ошо Актөбөдөн гой…

– Эй акең аузы правадник, сен не балтай а? Подполковник сказал, а ты делай давай!

 Менин да жиним келип кетти. Ушул казактан келгенди көрдүм деп туруп мен да бакырыша кеттим.

 – Эй көкө! Сен подполковник босаң, мен мынау вагондо генералмын. Шешеңди … сенин айхайлаган! Сен буйрукту солдаттарыңа барып бер. Мало того формачан жүрүп, дагы чочкодой тоюп алыпсың. Азыр Кандагаштан түшө калып военный патруль чакырам да салып берем. Какого хера деловой болуп атасың мага, вагондун генералына?! Да пашел ты!

  •  

 Экөөбүз бир топко сөгүштүк. Казактардын ушунусу жакшы, жиниңе тийгенде кадимкидей сөгүшө бересиң, не болсо да бир тууган эл эмеспизби. Кырылышып туруп кайра эле тил табышып кете беребиз. Бир топ дымагы кагыла түштү. Бир оюм кетет, өзү мас жүрсө, алка-жакадан алып тамбурга сүйрөп чыгып тумшукка басып-басып алсамбы дейм, же кепке көнбөйт, айламды алты кетирди. Жанындагы жалап арачаламыш болуп коюп жалдырап тигиниси да баратыры. Актөбөсүнө чейин дагы бир топ бар. Коридордо турушат, мен да отурсаң мына менин жаныма отур, болбосо орун жок деп көгөрдүм. Ошентип турсак, кудай жалгап, милийса балдар келип калды.

 Бирөөсү акырын сурайт менден:

– Манау гавнюк не туратын, ишип алган гой, касындагы проституткасын тааныйм, айхайлап атырма не саган?

– Орын сурап туру.

– Берме шешесин. Ке братка не дейсиң, атаганың бар шыгаар бизге? Алайык да таяйык! Үшөөмүз, делай нормально, сомуң боса да жаксы...

– Сом калбай калды, назарбакс, мине 100 теңге.

– Тагы бир кагаз коша салсайшы енди?

– Мейличи, мине тагы 50 теңге.

– Москвадан маган адеми кроссовка апкеп берсеңши көке, коркпа, кунын төлейм!

– Базар жок, только мынабул подполковникти плацкарт жакка сүйрөй кетчи.

– Ия, жарайт, ол шест секунд гой бизге.

 Эшикти ачып коридорго чыксак подполковниктин жыты да жок. Менттер менен байланышпай эле коеюн деп өзү эле качып жоголгон окшойт.

  •  

 Келатабыз. Напарник сулк жатат, без признаков жизни деп коебу орустар, ошондой. Эки саат чырм эте калганга эс ала түшүптүрмүн. Помидорлор бар эмес беле, көрүп коеюнчу деп карасам, шумдугуң кур, көк жашыл помидорлор кызарып кадимкидей быша түшүптүр. Орусияга кире бериш Соль-Илецк деген жерден карала-торала болгон эки үч тажик келди. Булар ошо помидор күткөндөр экен, шыбышын алган окшойт да, чапкылап жетип келишиптир. Напарник, чала өлүк болуп катуу уйкуда жаткан шеригимдин мурдуна тажиктердин жыты урганбы же Штрлиц сыяктуу керек учурда мунун мээси өзүнөн өзү ойгонуп, иштеп кетеби, иши кылып кокусунан тириле туруп келди. Оболу помидорлордун ахывалын сурап эле анан «Вагонго жаңы кыз-келиндер түштүбү?» дейт. «Подполковник түндө болду» десем, уйку-соосу менен «жайладыңбы?» дейт кайра кеңкелес. Ою эле ошол неңди урайын. Помидорчу тажиктер болсо товарды көргөн соң «оо, дурус экен, алабыз» дешип соодалашуу кызып кетсе болобу. Алар ылдый тебет, биз өйдө тартабыз. Ошентип азарт соодалашып атып бир далайда барып баасы бычылды, Оренбургга жетип токтоор замат, санврачтар составды аралап келгенче булар жүктү түшүрүп кетмей болушту.

  •  

 Оренбургга кирдик. Түшчү эл кайнайт, баары эле сыртка жүткүнөт. Тополоң-тосто жүктү жеңилдете берейин деп четки коробканы тарта койсом, араң турган бышкан помидорлор төбөмдөн бутума чейин куюлуп калса... Кысталак бу чатак болду го, мага эмес, теңи ылдыйкы полкада китеп окумуш болуп жаткан, оозу-башын аябай боёгон ири ыразмердеги орус айымдын үстүнө куюлуп, ит ыраспасын чыгарып, келишкен кебетесин ого бетер келиштирип таштады. Чыңырып тура калып ашата айдап кое берди дейсиң, мындай үч этаж отборный матты мурда, болгондо да аял затынан уккан эмесмин, неси болсо да, кулагымдын кычуусу канып, айлам кете түшкөн жаным не дээрди билбей: «оо, великий русский язык» деп аялды карап онтоп жибердим.

  •  

Жер-суунун баары кызыл жаян помидор, бир жактан билетчендер кирип атат, бир жактан калай-макан түшүп тепсеп, помидорго тайгаланып жыгылып жатканы андан көп. Арасында чыладан оонап тура келген чочко өңдөнүп, бутуман башыма чейин кызыл-жаян помидор болуп мен жүрөм. Урдум ушундай бизнесин дедим, эми бир памидор артсам өлөйүн! Так ошо «драматический» моментте бир куйкул баш жоон орус улам жеңден тартып атканынан «пошел ты пажалста брат, пока на три букву а» деп сылык сөгүп койсом, «эй урод, я шас тебя так пошлю, что скоро не вернешся» деп күбөлүгүн мурдума такап кирди. «Хоп, хоп братан, я пас» дебатып четке жетелеп чыксам «пару килограммчик сделаешь, у бабы день рождения» дейт. Килтейген майор. Ойбай энең, Иван, «кара эчкиге жан кайгы» болуп алапайымды таппай турсам, мунун айтып турганын көр... Помидорго булганган башым менен карс дедире сүзүп ие жаздап барып араң эле токтодум. Эптеп далыга таптап, төрт беш тоголок памидорду колуна кармата эшиктен ары түрткөн маалда поезд жылып жөнөй берди. Майор бакырып өкүрүп сөгүнүп кала берди. «Кайра өткөндө сага хана!» деген кыйкырыгын гана угуп калдым.

  •  

 Деги ушул жылас болгур помидордон тээ студент кезде эле көңүл калган эле. Бизди, биринчи курстун мадыра баш студенттерин, Токмок тараптагы дунгандар байырлаган Кең-Булуң деген айылга помидор тергени алып барышкан. Ошондо староста Дөкө дос помидор майданында абдан берилип иштеп эмгекте эрдик көрсөткөн, кийин жумуш аяктап, шаарга кетээр алдынан социалисттик мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, Дөкөгө килтейген ардак грамота берилген, бапыраган акчага марыган, атүгүл, ага жетекчилик тарабынан Кең-Булуң айылынын как ортосуна Дөөлөткан Нарботоевге помидордон эстелик койсокпу деген да олуттуу сунуштар айтылган эле.

  •  

 Килейген бункерди киши башына бирден берип коет, кечке чейин норма ошол, же анысы бат эле толо койсочу...Кара жумушка көнбөгөн Чүйдүн, Көлдүн, шаардын назик кыздары кечке ийрейип жүрүшүп, үчөөлөп, төртөөлөп атып контейнердин биринин теңин араң толтурса, оштук кыздардын бирөө эле эки-үч саатта толтуруп койчу. Көрсө, булар кенедейинен тамеки үзүп, пахта терип жүрүп жедеп ишке бышып калышат тура, анан берки, беттерине жадагалса күн тийгизбеген, өзүлөрүн абдан караган аккол кыздар бир эңкейгенче алар төрт-беш жолу эңкеет. Ошентип атып бат эле ишти тамамдап, көлөкөгө барып чалкалап суналып жата кетишет экен. Дегеле кара ишке келгенде таластык, оштук кыздар тың келишээрин ошондо көргөм. Помидорлорду көрүп ошол студенттик жылдар эске түшүп кетти.

  •  

 Самарадан өтүп, улуу дайра Волганы жакалап баратканда гана жанагы талаада калгыр помидорлордон ыраса чөгөт болгон көңүлүм бир аз ачылып, эми вагонго дагы бир жолу помидор артсам атым өчсүн деп өзүмө дагы бир жолу шерт бекемдеп, кой, андан көрө мобул матушке Волганы жакшылап карап алайынчы дедим да, айнекке жабышып, Волгага үңүлдүм. Вагон ичи мемиреп тыптынч. Дегеле Орусия аймагында поезд минсең сонун атаңгөрү... Булар тартиптүү эл эмеспи, казактардай поюзга үйүр-үйүрү менен чабуул коюу деген жок, уруксатың болсо гана вагонго кирет, кет эле десең жетишет, унчукпай бурула басып кете берет. Мына айырма!

  •  

 Жол жүрсө да ана, ушул орустар жүрсүн... Баары ирети менен келет, жайланышат, жол кийимин киет. Анан алакандай үстөлгө жол азыгын – кара нанын, сөзсүз картошка-саласын, колбасасын, жана да мунсуз болобу, бөтөлкөсүн жайып алып акырын жүз жүздөн атып коюп жыргап куунап кете бергени сонун. Даргөйү кенен, туура калк, тилин тапсаң жанын аябайт. Туруп-туруп кээде оюна келгенин жасап иймейи болбосо... Бул элдин кудай берген табияты ошодур, ошонусу менен табышмактыр булар... «Умом Россию не понять» деп Тютчев деген булардын орошон акыны куп гана келиштирип айткан да. Анан да патриотун кантесиң, бүгүн өлө ичип, забор түбүнө сийип, араң бутунда турган орустун мужиги эртең согушка барып танкенин алдына гранат байланып жата калгангандан кайра тартпайт. Мындай элди жеңип да болбойт.

  •  

 Чогуу иштешкен бир эски проводник Аким дос айтып берди эле. Союз кезинде аракка өчүрөткө туруп, кызыл чеке боло түшкөндө, ушул эле Москвада орустардын анча-мынчасын кыргыз проводниктер сабап да коюшчу дейт. Кийин Союз урап, орустар караларды көзүнүн төбөсү менен карап калган жылдары Москвада бир күнү дагы аракка кезекке турдук дейт. Чылгый океңдердин арасында үчөөбүз элебиз. Кезекте мен турам, берки экөө четте турушат.

Рыжковдун тартыш заманы уланып, рынок деген али толук кирелек, өлмө-талма каат учур бир турду го, ошондо болсо керек бул окуя. Турабыз дейт, кезек жылбайт, убакыт болсо кысып баратат. Ошондо зөөкүр чалыш (проводниктердин көбү эле ошондой) мобул эле кызыл-туулук бир шерик проводник кезекке карап: "эй, свиньи!" деп дар кыйкырбаспы. Өлдүк дедим эми, жоон топ дүргүй түшүп, алды шымаланып иреңи бузулуп, «ах ты сукалап» баса калганы даярданып калыптыр. Биз болсок саатына сексен эмес, жүз сексенди басып көздөн кайым болгонго шайлана калдык. Тиги кеңкелес болсо камаарыбай туруп: «можно одному барану водку взять без очереди?» десе өчүрөттө эмеле ызылдап турган орус атмай дуу күлүштү дейт, маашырлана каткырган мужиктер тигини далыдан түрткүлөшүп: "пусть один баран возметтошуп", тигини астына кое беришиптир. Мына ушундай кең пейил калк экен да океңдериң...

  •  

 Баса, бир окумуштуу китеп жазып, анда орус менен кыргыздын мүнөзүндөгү абдан окшош жерлерди бөлө-бөлө көрсөтүп, акырында булардын түбү бир эмеспи деген ойду кыйытып аяктаптыр болчу китебин. Ким билсин, окумуштуунун бир билгени бардыр да, бирок кыргыз менен орустун ортосундагы окшоштук бар, абдан көп.

Россия, Оренбург

Түнү менен орустун Пенза деген байыркы шаарын артка таштап, таң эртеси Маршанск аттуу шаарчасынын четиндеги бекетке келип токтодук. Эмки чоң станция Рязань, андан ары кол сунса жеткидей жерде Москванын өзү. Ушу Маршанск менен Рязандын ортосу төтөн кооз, чебер сүрөтчү кол менен атайлап тарткандай ажайып, керемет жер. Бирок капилет кырсык сыяктанып чыга калчу цыган аялдардын кожоюндук кылган чөлкөмү да ушу жер. Ага кошул-ташыл таңгак-таңгак кездеме ташып келаткан тажиктер да ушуерден түшүп калышат. «Бу кездемелер жакшы өткүдөй эмне болгон кездеме эле?» – деп бир жолу сурасам, чогуу келаткан бир тажик: «Ээ ако, урислар гробдун үстүнө жапканга дешип жакшы алышат», – дейт. Тооба, ишкерликтин тамыры бар деп ушуну айт, көрсөң булардын таап алган «алтын акырын» эй. Абдан такып сурадым, айтып берип атат, байкап көрсөм биз бул жасаган ишти кылалбайт экенбиз.

  •  

 Кой айланайын, муну менен бабырашып отурганча тамбураларды бир шыпырып чыкканым пайдалуурактыр деп шыпыргыны кармап «Кызыл өрүктү» кыңылдап аркы тамбурга чыга калсам эле, үч аял дүпө-дүп түшүп, чачташып, кадимкидей мушташып атат. Экөө тажик, бирөө кыргыз. Ызадан буулугуп, өңү-башы таанылгыс болуп кеткен болтойгон семиз кыргыз келин аржак бержагына өтүп дурустап баксам, кошуна вагондун проводницасы Гуля экен. «Эмне турасың? Томолото чаппайсыңбы момунусун!» деп чаңырат мага, беркисин болсо ит тыткандай тытып, тырпыратып басып минип алган. Бир маалда жаны ачып кеттиби же мен да ломду кармап келе калганымдан коркуштубу, душмандар «вай, апажан, мана хазыр берамиз пулуңузду» болуп калышты.

 Атаман Гуля болсо мен келип калганыма демине дем кошулуп, биротоло күүлөнүп алган, тартсам да болбойт тепкиленип, чапкыланып. Чачы болсо кеткен саксайып. Эптеп арачалап кармап турду элем, болбой жулунуп барып, зуңкуйган узунун мыртыгый буту менен араң тизеден ылдый болсо да бир тээп алды.

 Так ошол учурда «Че за панкратион здесь?» деген бир милийса келип калыптыр. Турду турду, Гулянын түрүнөн чочуладыбы, же аралашпай эле коеюн дедиби, айтор унчукпай мылжыйып алып ары кетти. Көрсө, тажик аялдар Гулянын вагонуна материал жүктөп, тең акысын берип, теңине товар беребиз дешпейби, түшчү мерчемге жетип калганда акырын барышса, кайран Гуляжан манас коңурукту салып, служебкасын титиретип аткан чагы экен. Кудай мындай бербеспи деген беркилер секин басып түшүп кетмекке даярданышып калышыптыр да. Анан так ошол кезде…

 О башта айтпадымбы шеригимди мисалга тартып. Керек учурда, тагыраак айтканда уктап кетип, анан поезд станцияга келип тык токтогон маалда өзүнөн өзү ойгонуп иштеп кетчү мээ көрсө бүт эле проводниктерде, анын ичинде Гуляда да бар тура.... Апыл-тапыл тура калып сыйпаласа эле тажиктери жок. Издеп келип биздин нерабочий тамбурдан түшүп атышканда кармап алып атпайбы шордууларды. Сөз айтпай туруп бисмилла дебеле жумшак муштуму менен бирин төбөгө баскан экен, накаутка кетире койгон окшойт. Айтам да, жана бири эмнеле турган жеринде көк мээ койдой тегеренет деп, көрсө... Кийин алчусун алып, чоң уруштан жеңүүчү болуп чыккан Гуля мага: «кой кошуна, мен жеңип чыккан теңсиз салгылашта сенин да эмгегиң бар, ошонуң үчүн чай берип коеюн» – деген сыпаачылыгын көрсөтүп чайга чакырып, бөтөлкөсүн бузуп атып минтип атпайбы:

 – Өлүгүңдү көрөйүн, берки мышмыйганын секирип тебейин дедим эле, семиздигим гана мишайт кылып, белге тепти да... кап, ата...

Тим эле чын жүрөктөн кейип алыптыр, күлө берип боорум эзилген ошондо. Гулянын окуялары толтура, китеп аяктаганча тиягынан, биягынан бир чыгып, аралашып кете берет, анткени экөөбүз напарник болуп көп жүргөнбүз.

Бир жолу Сибирге оборот менен кетип, ал жактын поюз тоногону чыккан чолок мылтыкчан эки рекетин ушул Гуля, атып ийгенине карабай, мынтыгын колунан тартып алып жаткыра чапкан.

Окуя мындай болгон: чытырман тайга арасындагы кайсыл бир кичинекей станциядан жаңы эле поюз жылжып жөнөгөндө опур- топур үндөн улам Гуля эшикти карап коеюн деп тамбурга чыга калса эле эки сакалчан мужук кирип келатат дейт. Биринин колунда коюнга салганга ыңгайлап, сөңгөгүн кыскарта аралай кыркып алган чолок мынтыгы (обрез) бар экен. Бирөө шак эле Гуляны алка жакадан алып: «бабки тащи, сука!» дебейби. Гуля болсо анын үтүктөлбөгөн көйнөктөй бырышкан кебетесин карап туруп, ме деп баш бармагын сөөмөй астынан суна бериптир да. Жини келе түшкөн рекет мынтыгын сууруп чыгып адегенде бетине туштап, анан атканга даабаганбы, иши кылып ылдыйлата бут жакка атып жиберсе, ок чуу деп Гулянын так оң бутунун жанына сайылыптыр! Ал анан, эмне болуп кеткенин билбей, бир чети өлөөрчө коркуп кеткен, бир чети жан деген таттуу нерсе ширин да, Гуля өзүн өзү кармай албай, жандалбас тигинин түктүү бетин өзүнүн эки ай армансыз өстүргөн курч тырмактары менен шылып ийип, бетинен жошологон кан диркиреп атып кеткенде, колунан жанагы чолок мынтыгын жулуп алып так башка соккон экен! Берки болсо турган жеринен кыйылган карагайдай шалак этиптир. Аял башы менен мындай эрдикке барыш ар кайсыл катындын эле колунан келе бербейт. Жаратылыш эне кээде ушинтип жаңылып калат окшойт – эркекке бербеген кайратты алсыз ургаачыга ыроолоп, тескерисинче, катынга мүнөздүү коркоктукту айрым эркек таналарга берип коет окшобойбу. Андайлардын далайын көрдүк го...

Мунун баары көз ачып жумгучакты болуп өткөн экен, экинчиси өзүн жогото түшкөн бейм, аны Гуля опоңой эле колго түшүргөн экен. Билбейм, бул окуя башка бир мамлекеттин жараны тарабынан жасалган болсо куралдуу бандитке жылаңач колу менен каршылык көрсөтүп, милийсага кармап берген Гулядай арстан жүрөк аялды орден менен сыйлашып, мартабасын көтөрүшмөк. Анан калса ал кезде мындай окуялар кадам сайын болуп турганынанбы билбейм, айтор, Гулянын эрдиги биздей карапайым кесиптештеринин гана эсинде калды окшойт. Бирок жанагы экөөн алып калган милийсалар кийин да Гуляга көргөн сайын ыракматын айтышып: «молодец, бабёнка» дешип мактап, вагонуна тийишпей жүрүшкөнү эсте. Азыр Гуля темир жолдо иштеп атабы жокпу, билбейм, атын да толук билбей калдым, Гүлайим беле Гүлмира беле, эсимде Гуля бойдон гана калыптыр. Иши кылса кайда жүрсөң да аман бол Гуля достум, апаат жылдарда кыргыздын жиндикана поюздарында көрсөткөн сенин тайманбас эрдиктериң темир жолдогу урпактардын эси көөнүнөн эч кетпес…

 Станция Ряжск, Россия

Оо, Москва! Кечээ эле Союз тургандагы улуу мамлекеттин борбору эмес белең... Чынында эле да... Ачыгын айтсам, эгемен болгонум менен азат болгонум бул анчалык деле тан-жаныма сиңе элек. Улуу державанын чыккынчылардын айынан заматта кыйрап калганына ичим эңшерилип, жүрөктүн жартысы СССР менен кошо кеткендей туюлат. Мени, мага окшогон миллиондорду мыкты өлкөдөн айырышты. Өмүр бою келише алгыс арман калды көптөрдө. Эгемендигине каршы деле эмесмин, бирок... елки палки, ошо бирогу бар, аны сөз менен айтып болбос, жеткирип болбос... Бирок ошол эгемендиктен бир да союздук республика жыргап кеткен жери жок. Кимисин караба, өлбө жаным, өлбө деген кемчил ит турмуш...

  •  

 Ошо мамлекеттин мектебин окудум, кызыл жагоосун байлап пионери болдум, комсомолунун тарбиясын алдым. Партиянын, аткаруу комитетинин кызматтарын аркалап, өзүнчө эле бир чоң мектептен өттүм, өнүп өстүм. Эгемен болгон бул заманда кадрлардын сапаты эмес, акчасы же саксактаган «крышасы» роль ойнойт экен, анысы да мунусу да жок чынчыл, ак адамдар тышта кала беришет экен. Азыркы актиптерде, мамкызматчыларда ошондогудай жоопкерчилик, тартип деген барбы? Ай ким билет, ким билет, сурлары жаман, галстук байланып өөдөсүнүп жүргөндөрү менен эмне ишти кыйратып атышканы белгисиз.

 Мурдагы жетекчилер мамлекеттен орден алдым, наам алдым деп мактанса, азыр аким-сакимдери, башка итпай-чотпайлары кабаттап салган особняктары, катар-катар алган катындары менен мактанышат экен.

Бу кыргыздар асмандан түшкөн азатыкка, өзү келип бак кушундай төбөсүнө конуп калган эгемендикке адегенде айда мас болушту, кудум өзүлөрү кыйналып жетишкенсип. Анан мамлекет болобуз дешти, болуп деле жыргатышканы жок. Бийлиги бары элин тоноп, манап болуп бийлеп, карыптарын тентитип, кенедей болгон республиканы сызга отургузушту, эмдигиге чейин ошол саздан көчүгүбүздү сууруй албай келебиз. Накта кан соргуч, кара мүртөз, өз элине суук тумшук атанган так ушул бийлик кармагандар болот деп кимдин оюна келиптир… Сүйлөшө келсең акча, баягы эле «крыша» дейт да турат. Ишенгендери эле ошол «крыша».

Менин болсо партбилетим дагы эле жанымда жүрөт. Союздан калган эстелик. Эх, несин айтасың… несин айтасың… Эми союздай мамлекетте жашайбызбы, жокпу, ким билет… Биздин муун баары бир Союзду эсинен чыгарбайт, аны унутканга акысы да, каалоосу да жок, башканы билбейм, мына мисалы мен өзүмдү дагы эле СССРдин кишисимин деп эсептейм... Россияда жүргөндө да ошентип айтам, аным ал жактагы орто, улуу курактагы адамдарга майдай жагат. Азаттыкка, демократияга кокосунан тоюп, Америка баштаган жолдун түбү акыры алпарып тунгуюкка кептерин эми гана билип, айда ичип соолуккан адамдай эсине келген улуу Россия эми кайран Союздан өтөөрү жок турбайбы деп, жалаң советтик кинолорду телеге кайтарып, советтик ырларды ырдап калбадыбы азыр...

Мына ошол ар качандан бир качан советтик адамдардын жүрөгү алып учуп турган, көзгө сүртөөр көк жээктей сезилген Москвага минтип поюз минип, узатуучу болуп элди апкелатам. Өзүмчө алеп-желеп болуп алыпмын, кудум КПССтин же ВЛКСМдын баланчанчы съездине делегат болуп келаткансып.

Же бир кездерде издериң калган жерге көп жылдан соң кайрылып келатканда адам ушундай бир сезимдерге туштугабы билбейм... Ушу Москванын чок ортосунда, айтылуу Хорошевский шоссенин боюндагы бир аскер бөлүгүндө, стройбатта кызмат өтөгөнмүн. Акыркы алты ай айтылуу «Красная Знамя» гезитинин басмаканасында иштедик. Жумуш оор эле, конвеерде керели кечке какыйып турасың, кылт этсең тасмадан шурудай тизилип келе жаткан гезит журналдардын тымтыракайы чыгат, баш аламан болуп чачылат, анан чогултуп иреттеп көр, бирок адам деген баарына көнөт, биз да көнүп кеттик. Болгону бир саат гана обедке берет калган маалды тикеңе тик туруп иштемей. Ошол жерде дембилге чейин иштедик.

  •  

 Аскердик кызматтан үйгө кайтып жатканда биздин ротный, старший лейтенант Думалкин деген неме: «Шаман, (фамилиямдан тергешчү) оставайся тут, твоя деревня, твой ишак никуда не убежит. Тут такие возможности, вьежаешь?», – десе, анда мен кеңкелес: «Нет, домой нада», – деп, тимеле айыл качып кетчүдөй болбой туруп алгам. Бир жердеш бала ошондо калып калыптыр болчу, бечарага кыйын болду деп ыраса ичибиз ачышкан эле, кийин бейбаш, эркин заман келип, оокаты өтпөй калган кыргыз атмай жапырт Москвага жабалактап жөнөп берди. Баягы биз ичибиз ачышкан дос эчак бутуна туруп, үй-жайлуу, нукура москвич болуп калган экен, кайра суктанышка, өзүбүздү болсо башка муштагылап сөгүшкө туура келди. Несин айтасың, кысталак, бул жашоодо Алла таала пенденин этегине марттык менен аянбай эле салып берет экен, анысын көр пенде убагында сезбейт да, туйбайт да турбайбы? Ошондон улам көзү кашайган көр пенде деп коёт экен да...

– Эй байке, эмнеле мелтейдиң, бул бригададан ыргып кетпей жүрсөң Москвага али далай келесиң, атүгүл жадайсың да! Бол, туалеттерди бекит, мен матрастарды жыйнай коеюн.

Карай салсам напарнигим ары-бери чамынып, түйшүктөнүп калыптыр. Саат түшкү үч экен. Эми түнкү он экиде кайра тартабыз дешти. Элди түшүрүп, «заходите еще» деп сыпайы сөздү айтып коштошкон соң, локомотив составды зырылдатып, артка тартып отуруп, Николаевский тупик деген жерге апкелип таштады. Напарник перрондон түшүп эле шаарга чыгып кеткен. Ээнсиреп тыптынч вагондо кыйшая жатып уктап кетиптирмин.

 Бир убакта ойгонуп кетсем состав солкулдабатат. Кудай сактай көр, жер титиреп аткандай сезилди. Акырын басып эшиктен карасам бүт состав боюнча жүк басып атышат. Тоо-тоо коробка, килемдер вагондорго ыргып кирип атат, поюзду чайпап аткан ошол оңбогондой жүк экен. Кайдан-жайдан напарник пайда болду. Шашып алыптыр. Кирип-кирбей атып эле: «чечин» деди. Энеңди урайын, үч суткеден бери ургаачы атмайды түгөл кырып, дагы эле канбаган бул акмактын оюнда дагы эмне бар болду деген алда недей жаман ой кетти, аза-боюм дүр этти.

– Эй, бул эмне дегениң?

– Чечин дебатпайымбы шеф, тигине груз келип калды түшүрүп, басыш керек да. Жылаңач болуп иштебесек ысык болуп атпайбы, дегенде гана жаман оюма өзүм уяла түштүм.

 Груз деген бир килейген машине толтура килем болуп чыкты, жеңил синтетикадан жасалган, бельгийский деп коюшат экен. Ош базарына ушуерден агылып, ташылып барат тура. Тердеп кургап атып бир далайда жайлап бүттүк. Анан ээси келди, ар бир даанасына момунчадан берем деп. Жок дейбиз. Вот зарядка тебет экенсиңер да дейт. Берген акчаң жолго, сборго эле кетип калат дейбиз. Ары сүрүшүп, бери сүрүшүп атып баасын бычып, теңин груз жеткенде аласыңар десе болобу жанагы килем арткан коммерсант... Кайра экөөлөп асылып атып, акыры араң акчаны түгөл төлөтүп алдык. Эптеп алып кеттик, вагондун кайсы кычыгын караба, бүт килем.

Кыргызстанга жеткенде, кайра келатканда, эки жүз элүү чакты килемди таң заардан Кара-Балтадан ыргыттык. Ээлери ошол жерде күтүп турушуптур. Перрон тарап толтура ары-бери делдектеп чуркаган бажычылар менен кызыл шапкелер. Биз болсок товарды тескери жактан, темир жолдун түбүндөгү буудай айдалып орулган тоо тараптагы ээн талаанын жээгине түшүрдүк. Килем жыйнагычтар көзүмө ого бетер эле көп көрүндү. Жеке килем эмес, куту-куту шакалат, кофе, дагы толгон балекет вагондордон талаага учуп атат, эл болсо ээси менен талаша терип атат, товар кимдики түшүнбөйсүң.

Менин шекшингенимдин жөнү бар экен, кийинчерээк ошол талаада келген жүктөрдүн көбүн ээлеринен мурда озунуп, куюндата ат коюп келип, карактап кетип турчу Поюзбек аттуу корбашынын бандасы кармалды. Булар Күн-Туулукпу же аркы Шалталык балдар бекен, эстен чыгып кетиптир. Бирок далай жүктү уурдай качып, таң ата электе эле Ош базардан арзан колго уруп жиберип, бапырата пайдага марып көнгөн немелер кийин ошол Ош базардан колго түшүштү. Баса, бизге да бирөө келиптир, килемден эки үчөө жетишпейт деп. Кыжылдашып атып араң далилдедик, кудай жалгап килемин санап алган жигиттин өзү келип, беркисин ээрчитип кетти.

  Москва, Николаевский тупик - Кыргызстан, Кара-Балта

  •  

 Үйдө бир жума эс алып жатып, кайра жолго чыктык, кайра рейстен кайттык. Вагон тапшырып, резервде чуркап жүрсөм бомуж өңдөнгөн бирөө жеңден кармап токтотуп калды:

– Братка, баш жазып койчу?

 Маңдайымда өлөсө болуп теңселген бич турду. Мындай бечаралар резервде көп эле жүрөт, арасында бир кезде проводник болуп иштеп, ооматы тайып, ичип кеткендери да көп. Дегеле темир жолдон же чириген бай, же бомуж болуп кетишет. Бирок тузу оор жерби кандай, канча адамдар жумуштан бошоп калышса да, ушул темир жолдун тегерегинде акмалап жүргөнү жүргөн. Бирок мынабу киши чо то көзгө жылуу көрүнөт да…

– Байке?! Сенсиңби?!

 Баягы экөөбүз биринчи жолу рейске чыккан группалаш доцент эмеспи бул!? Ошондон бери көрүнбөй калган. Эмне деген зыңкыйган жигит эле аттиң... Күндүз биз менен окуп, кечкисин политехте студенттерге лекция окучу. Минтип калат деп ким ойлоптур... Ичимде бир нерсе үзүлүп кеткендей эле болду. Вагонго келип шалдырап отуруп калдым. Эмне бул? Замандын оош-кыйышындагы интеллигенциянын трагедиясы. Акылым ушинтип бүтүм чыгарганга жетти. Көп сөз бок сөз. Кайран доцентим! Катаал замандын алакайыр борошосуна туштугуп, бүгүлүп бердиңби? Эпчилдер ээлеген карышкыр заманда сага, мага окшогондорго жылуу-жумшак жай калбады го...Убалың сенин Ельцинге, саткын Горбачевго жетсин ылайым!

Кийин уксам шордуунун катыны да катын эмей эле накта кара чаар жылан экен да. Өзүнө окшош илимпоз имиш анысы да. Орусиянын кай бир шаарында окуп атат аспирантурада деп доцент шормаңдай өзү мактанып айтып калчу. Тапкан акчасын коротпой жөнөтүп, байкуш өлө-тала окутту анысын. Бирок ал шуркуя ал жакта жөн жүрбөй, башка эркек менен жытыгышып, эчактан бери эле «куртташып» жүргөн окшобойбу. Тигил илимден да «берки» илимге дээринен жакын турбайбы. Окууну бүтүп келип эле байкуш доцентти үйдөн кууй баштаптыр. Акыры соттошуп ажыраган экөөнө сот ортодогу мал-мүлктү тең бөлсө, доцентке шаардан баланча чакырым алыстагы Койташтан дача тийиптир. Анан бир күнү темселеп, ошо дачага барган экен, ал жактын ээн дөбөсүндө жүргөн мас доңуздары кармап алып тоноп, көк желек кылып сабап да кетишиптир дешет. Ошондон кийин эле оңбой калган экен сыягы. Катын жапа, ит оопа деген ушу да. Жалаң орусча окуп, таалим алган балдары да атасына күйгөн эмес, аларга да баары бир шекилди. Ошентип кайыгып жүрүп байкуш бир күнү бу жарыктан акырын кете берген экен. Мунун баарын кийин уктук, кабыргабыз кайышты, бирок айла жок…Аттиң, аттиң…

Бишкек, резерв

 Жол жүргөн сайын эски оорум кармачу болду. Бронхиальная астма деп коет. Студент болуп жер сууга батпай жүргөн жылдары, бешинчи курсту аяктап атканда, 86-жылдын апрелинде эле, группалаштар менен Кара-Балтадан ары жогору, тоого чыккан элек. Күн мемиреп тимеле жайкысындай ачуу тийип, ысык болчу. Анан тоодо жүрсөк, капысынан кар аралаш жаан жаап келбеспи. Жалаңкат көйнөкчөн элем, ошондо суук абдан өтүп кетиптир. Адегенде бронхит дешти, андан соң хронический бронхит дешти. Бара-бара астма дегенге айланып, айламды алты кетире баштады, жакага жабышкан мээнет оңою менен кетпесин, ага убакыт талап кылынарын кийин гана билдим.

Ошол бетпак ооруу дагы эле жабышып келет. Поюзда жүргөнү ого бетер күчөдү. Кышында такыр жолго чыга да албай калдым. Кышы менен догдурлап жүрөм. Темир жолдун үстү жагындагы кабат үйлөрдүн биринде укмуш табып киши бар дешкенинен издеп таап бардым. Дарыгер ат-башылык шустряк чал, илгери врач болуп иштеген неме экен. Жапайы заман башталышында пенсияга чыгып, бир күн караса өзүндө ачылбай жаткан бир касиет бар экенин байкаптыр да, урган бойдон шаарга жетип барыптыр. Бир батирди ижарага бөлмө кылып алып, элди дарылай баштаптыр. «Транспорт министри болуп иштеген (Ажикеев деди окшойт атын) баланча киши да ушул астмадан кете берди, мага келсе болмок. Мен деген астмаңды алты күн эмес, эки эле сеанста аттан алып түшкөндөй алып түшөм. Бирок аплата вперед, жашыл акчадан жүздү бересиң» деди жаркылдап.

Ишендим. Акчаны шып алды да дароо бел кырчоодон чечиндирип, көкүрөккө, далыга бир шумдук ачуу дарыны шыбады. Тим эле чок баскандай ачыштырат экен анысы. Секирип кеттим турган жеримде. Өзү болсо жазы чоң картон кагазды алып артыман, алдыман өтө калып жепилдеп желпип турду басылганча. «Ай, аксакал, күйгүзүп салдың го?»  – десем: «Каныңды тазалап атам» деди. Кийин ал күйүк так болуп, мончого түшкөн сайын аяктагы элдин үрөйүн учуруп жүрдүм. Тимеле гестапочо кыйнаган окшойт деп тапандар тамашалап калышчу болду. Иши кылса 100 долларды колуна карматып, оорум ого бетер күчөп, баягы таз кейпимде кала бердим. Жаным кашайып бир жолу издеп барсам, ал жактан көчө качып кетиптир алиги купшуңдаган ат-башылык самопал табып чал.

 Жай келип, аптаптуу күндөн, ысык абадан астмам бираз артка кайтып, жеңилдей түшкөндө эптеп бригадага кошулуп, кайра сапарга чыктым. Кайтып келген соң мончого түшүп, кечинде үйгө келе жатсам жанагы афирис чал бет маңдай чыга калса болобу! Шарак эле алка-жакадан алдым, «акчаңды кайра берем, бирок эки күн күтө тур балам», – деди өң-алеттен кеткен табып. Бирок эки күн, эки ай, эки жыл өттү, ошо бойдон караанын көрсөткөн жок, Ат-башысына качып жоголгон окшойт.

  •  

 Ушу рейсте бир апенди чалыш киши менен тааныштым, өлө кызык адам экен.

 Москванын поюзу жакында мына, 5-10 мүнөттө жөнөгөнү турганда чаар ала аскерий кийимчен толмоч киши шаша чуркап келип «белетти анан, ичинен көрсөтөм» деп зып вагонго кирип кетти. Эки жагын улам алаңдай чалып, алда бирдемеден коркуп алгандай түрү бар. Түшүнүксүз жүрүм-турумдагы бул пендени артынан аңдып, кубалап келаткан бирөө деле жоктой, өзүнүн көлөкөсүнөн өзү үрккөн бул жүргүнчү шейшеп да албады, бир нерседен жүрөгү түшүп, коңулга кире качкан суурча купесине кирип кеткен бойдон тымтырс. Жолду ката байкап баратам, эл өңдөнүп бекеттерден түшө калып бирдеме-сирдеме алганын да көрбөйм. Купеси жабык. Жалгыз өзү кетип баратат, жанына жүргүнчү түшө элек. Москвага дейре барат. Өзүмчө кызыгам, бир чети чочугансып да баратам, орустар айткандай мало ли что. Азыркы кымкуут заманда поездде эмне көп, жинди көп. Сак болбосоң болбойт. Кете береличи, андан ары кандай өнөр көрсөтөт болду экен.

Луговой бекети. Талаада калгыр бетпак станция. Жүрөктү жалкытып бүтүрдү. Поезд токтоор замат кара таандай каптап карамүртөз милийсасы чуркап келет, сержантынан майоруна чейин ачка. Служебканын эшигинин жанында маянага кезекке тургандай үйүлүп калышат. «Биз үчөөбүз», «биз төртөөбүз», «биз алты кишибиз» дешкендерин кантесиң. Поезд ушуерде поезд аты өчүп, дурдомго айланат. Акча бербесең көрүнгөндүн сумкесине асылып, бычак менен тилишип, жер жайната чачып «наркота» издемиш болушат. Кийген формалары эле болбосо накта көчө каракчылары, тобо...

Өгүнү темселеп бир гаишниги вагондо жүрөт. Чала кызуу. «Эй брат, көчөнү курутуп бүтүп, эми поюзга келдиңби, жок дегенде алдыгы гаинин ызначогун чечип албайт белең?» – десем, – «курусун, айырмасы не?» – дейт да кайра. Бу станцияда, дегеле Луговой кыштагында бийлик деген барбы жокпу, ит билет. Милийсанын бети курусун дечи, бирок баарынан да ач милийсаң жаман экен ой. Жеп аткан тамагыңы колуңан талашып турса өзүңчө түңүлөт экенсиң да... Аппетитиң качат экен. Өгүнкү рейсте напарник экөөбүз ушул жерден он жумуртка алып жаңы эле чайга отурсак, эки лейтенант казак жигиттер кирип келбеспи. Айла жок кел демиш болосуң да. Экөө дароо отура калып бизге жумуртка «аарчышып», алеки заматта жайыл дасторконубузду тыптыйпылын чыгара майкандап кетишти. Кетип баратып жок дегенде рахмат деп коюшса боло…Кара жерге кирсин ушу Луговою да, жалаңкыч, карамүртөз дөдөй менттери да.

 Баса, баягы кызык деген киши «мен Кыргызстанга гана эмес, Россияга чейинки белгилүү кишимин, бала» дейт, «даарат кагазың болсо көбүрөөк бер, чайды купеге алып барып бербейсиңби, бу культура обслуживания деген болобу силерде?». Жанына кирип сөзгө тартып, муютуп көрөйүнчү десем, Кубанычбек Апас деген неме экен. Догдурмун дегенинен жүрүм-турумуна карап психиатрбы деп турсам, хирург тура. «Мен күзүндө президент болом» деди жүрөктү түшүрүп. «Акаевдин күнү бүттү. Так что бала, мени жолуктурган сен бактылуу экенсиң! Кийин мага эптеп жазылып, приёмума кир, мен президент башым менен сени өзүм издемек белем! Тааныбай калсам мага эстет ошондо. Сени темир жолго жакшы бир кызматка коем. Түшүндүң бала!? Эми давай, көп сүйлөбөй мага ухаживать эт. Мени менен көп сүйлөшкөнгө болбойт, кайра-кайра кире бербе мага, мен мамлекеттик иштерди ойлоп, планын түзүшүм керек!»

Менин жиним келди бул апенди чалыш немеге. Президент эмес, маа демектен башкасы болбойсуңбу деп айтып жибере жаздап, араң токтодум. Купесине барбай да койдум, үргүлдүм сендей президенттен деп. Кийин Оренбургдан ары узап чыкканда, Бузулук деген станциядан жерге түшүп турсам, жанагы «президент» акырын ымдап чакырып калганынан кирдим купесине. Кыргызстандын баш этеги жок сасыган саясатын бабырап кирди кайра. Жадабайт экен го. Эригип калган окшойт бир топ. Менин болсо эң эле итиркейимди келтиргени ушу саясат.

Спецслужбалардын аңдуусунда жүргөн имиш бул. Бийликтер кармаса барбы, соо койбойт имиш муну. Анан Москвадагы Жириновский, Явлинский, Немцов ж. б. орустун мен-мен деген кыйын саясатчылары менен абдан жакын, жытыгышкан достордон имиш, тигилер муну кайда барбасын, көргөн жерден ызаат-урматын аянбай, дайыма иши кылса колдоп турат имиш. Ошонун баарын мактана айтып келди да, бир оокумда тык токтоп: «Рязандан өтүп, Москвага кирип баратканда кел, кеп бар» деп калды. Хоп дедим шак эле, аңгеменин күтүүсүздөн токтогонуна сүйүнө.

Бишкектин №17 ылдам жүрөр поюзу Москвага кирип баратканда тим эле эшек арабадан бетер кылдырап калат. Жанагы Кубанычбек Апас деген президент болчу неме перронго жетпей ушул жерден түшүп кеткенге кам уруп калыптыр. Чын эле жетпей түшөм деп айтпады беле. Стоп кранды басып берейин, эмнеси болсо да Кыргызстандын болочок президенти суранып аткандан кийин, айлыгыман штраф кармап калса да мейличи деп кайыл болуп тургам. Бир оокумда аны күтпөй эле кудай аткан киши өзү секирип кетип атпайбы! Темир жолдун четин бербей жыш өскөн бадалдардын төбөсү тегиз силкине түшкөнүнө караганда, «болочок президент» чокусу менен сайылып түшүп, анан түбүнө көмөлөнүп кетти окшойт. Ошол Кубанычбек Апас президент болуп калса чын эле бармакмын, бирок менин бактыма бул киши эч качан президент боло албайт окшойт. Казань вокзалына келсек, аңдып тосуп чыккан деле шектүү адамдар келген жок басып.

Бишкек – Москва

Бу поюзуңдун турмушу негизинен «арак», «акча» анан «аял» деген Байдылда акын агабыз айткандай, үч кошкон ойрон «а»дан турат турбайбы! Бул үчөөсүз поюзду түк элестетип болбойт тооба… Кыргыздын жиндикана өңдөнгөн поюздарында бардык окуялар ушул үчөөнүн ортосунда, ушул үчөөнүн катышуусу менен айланганы айланган. Ушу жерге келип иштегени менин аялдар жөнүндөгү мурдакы романтика чалыш түшүнүгүм түп тамырынан бери, капитальный өзгөрдү. Буларың апасный калк турбайбы көрсө…

 Ченемин билбесең үчөө тең душман. Айрыкча арак дегени жаман экен. Бул жашоодо пенденин көргөн-болгон жамандыгы жалаң гана ушул арактан келерине менин көзүм жетти. Шишенин түбүнө түшүп кеткен бечаралардан акыл идиреги барлары кулап кеткен аңдан чыкканга жакшы эле аракет кылышат – ушундан кутулайын деп бири тааптарга, бири көзачыктарга, үчүнчүсү мечитке чуркаса, дагы бири догдурдан үмүт кылат. Бирок жардам бере турган бир гана догдур. Ал да ишин жакшы билген, мыкты адис догдур болсо гана. Мыкты адис доктур ана коём, мына коём деп өзүн өзү алдап жүрүп таза алкаш болуп кеткен, бирок оңолоюн деген ниети арактан алсыз болуп турган шордууну эмне кылат? Кантип дарылайт? 10 күн ичирбейт. Бул убакыт ичинде организмдеги алкоголь чыгып кетет. Он биринчи күнү муздак, таштай катуу үстөлүнө көмкөрөңдөн жаткырат да май куйруктан саал жогорураак, бөйрөк туштан териңди кесип туруп күчтүү бир дарыдан (аты эсте калбаптыр, бирок өзү эрип кете турган капсула болот) беш даананы теринин астына дүмбүлдөй сойлото тыгып-тыгып жиберет да үстүнөн тигип таштайт, болду! Ичип, непада өлүп калсам, өз убалым өзүмө, бул догдурга эч кандай дооматым жок деген тил кат да жаздырып алат.

Беш алты күн өткөндөн кийин жанагы «дары тигилген» кишиден ыраңы көмүрдүн майдасын чылагандай капкара сийдик чыга баштайт. Бирок мындан коркуштун кереги жок, анткени бул жанагы дарыдан улам организм тазаланып, махоо-пестин баары ушинтип кара сийдик болуп чыгат экен. Болду, ичтиңби, өлөсүң! Арак ичсем деген каалоо да жоголот, аны карамак тургай, жанына жакын баргың келбей калат имиш. Бирок азгырыкка алданып ичип алып мүрт кеткен пенделер да көп болот дейт.

Поюзда болсо арак суудай агып турганы турган. Узун жолдо эрмек деп арак ичкиси келген эркек киши болсо ар жери кычыша баштайт, бирөөлөр «эрдик» көрсөткөндү, көпчүлүгү ургаачыны самайт, алар болсо дароо жата калаар «бесплатный» оокат эмес, аларга чыгаша кылыш керек. Чыгаша деген акча. Анан да далай убакыт эзе сүйлөшүп, катындын мааниси жок тантырактаган кебин аргасыз угуп отурушка, ошентип отуруп жибитишке туура келет. Поюздагы турмуштун баарысы мына ушу үчөөнүн ортосунда айланат дебатканым ошо. Кызыгы, аял башы менен вагондорду аралап, билгизбей «мергенчиликке» өзүлөрү чыккан айымдарды да далай көрдүк...

  •  

 Ушул рейсте күн кайнап турат, вагондо болсо эл көп. Терезени ачсаң казактын кайнаган аптаптуу даласынан лапылдаган геримсел – ысык аба бетке урат.

 Элдин бетинен, жана башка калган жерлеринен шорголоп тер кетип, айлалары алты куруп акактап араң келатса, жылтыңдаган аялды ээрчитип алган бир эркек тана улам келет, бош купе сурап. Эмнеге десем, муну жайлаш керек дейт жанында ээрчитип алганын көзү менен байкатпай ымдап. Жиним келип кууп ийгем. Көрүнбөй калышкан. Анан эле бир кезде служебный туалеттин эшиги ачылбайт да! Кулпусу сынганбы дейм, бирок жайында эле окшойт. Акырын кулагымды такап тыңшасам, ичинде бирөөлөрдүн шабыр-шубуру бардай. Тепкилеп таңкылдатып туруп алдым мен да. Көптө барып эшик ачылып, ичинен жанагы келесоо чыгып келатпайбы! Кыйратып койгонсуп бел кырчадан жылаңач. Артынан ээрчип ургаачысы кошо чыкты бети чым деп койбой… «Акимдикинен да с…дики зарыл» деген ушул да. Шумдугуң кур, ненормальный немелерге айла да, сот да жок экен го. Жо, таң каласың да киши, жадагалса ушул поюздун термелгенинен да гүүжүп, козуган аялдар да болот экен эй… Бул экөө да ошондой немелерден окшойт. Болбосо башкалар акактап, аба жетпей, ысыктан думугуп өлчүдөй болуп зорго кетип баратса, бу маскаралардын ойрон жоругун кантип түшүнөсүң, башың маң.

Бишкектен бир айжамал отурган, кебетеси тээтиги автобус айда жылда бир каттаган, алай-далай жактардан экени көрүнүбеле турат. Кишини күйгүзүп, орусча сүйлөп болбойт да эми кургур. Серьезный болгусу келгендей түрү бар. Чала кызуу, апти кебете-кешпири американын ужас киносундагыдай бир кыргыз жакындап тийишсе тарс эле: «Иди атсуда суволуш, нашла дурочку, казел што ли?», – деп орустун бир топ ачуу-ширин сөздөрүн айдатканда орусча мектепте окуп, үйүндөгүлөр да тегиз орусча сүйлөгөн напарнигим Тимка бержакта туруп ыкшып жатып калыбатпайбы.

Тиги да өларман дөңгүт экен, оозу-мурду кыйшайбай, чым дебей туруп колдураган тили менен түз эле: «эй девичка, либовь не хочушь?», – дейт да кайра. Комедияны бир топко дейре көрүп бардык. Килейген төрт чаар сумкеси менен келатат бул тотугүл. Бир жерге келгенде: «Эриккен жоксузбу, жигиттерден бирди чаап албайт белең?», – деп тийишип калсак: «Э койчу, поюзуңарда дурус жигиттер жок, тегиз дурактар экен», – деп оозду ачырды эле. Таңга маал вагонду кыдырып барып калсам… кечээки өзү суволуш деп теңине албаган дөнөнбай экөө чапталыша кучакташып жатып алышыптыр! Жатканда да экинчи полкада жатышат эй! Сынып кетсе кулап өлбөйбүзбү деген коркуу жок экен го буларда! Проводниктин каныккан көзү менен караганда, шейшепке чулганып алган экөөндө тең кийим дегенден ныпым эчтеме жок. Иши кылып кеп жок, кеп жок, акыр заман жакын дегендери чын окшойт ов!..

Мен турмуштун айынан аргасыз поюз минип алып ары-бери каттап жүргөн аялдардын абийирин төгүп, жаманатты кылайын деген ойдон алысмын. Тек гана өз көзүм менен көргөндөрүмдү жазып коюп келатам. Ушу поюзда жүргөнү «көнбөгөн аял жок, көндүрө албаган эркектер көп» деген эски сөздүн да чын-чынына жеттим. Не деген асманы айдан келген, такыба, зымпыйган зымыракай, анча-мынча эркекти жийиркене караган аялдар узун сапардын биринчи эле кечинде таанылгыс болуп өзгөрөт, тооба... Жабышкан биринчи, экинчи болбосо да үчүнчү эркекке «жибип», астына жумшак пахта көрпөчөдөй төшөлүп бергенин көп эле көрдүм. Бирөөнүн ишине бирөө ит тумшугун малбаган заман экен, бу кызыталак, ысык жан болгон соң жыргалга, кумар кандырганга аялдарың деле эркектерден кем эмес талпынып турат окшобойбу. Бекем кулпулап койгудай ачкыч-килити болбогондон кийин көңүл келишкен, тилин тапкан жерден ачылып кете берет тура аялдын этеги дегениң. Эркек го эми өз аты айтып турат, эркек, малдан бир аз эле айырмасы болбосо… Кудай акы, аял аттууга тегиз көө шыбайын деген ой жок дебедимби, бирок мына бу поюзда...

  Казалы-Саксаульская – Арал, Казакстан

– Жаным, мурда сенсиз кантип жашап жүргөм, представить себе не могу. Өлтүрдүң го мени... Эми кантем...

– Ничево, поюздан жолугушуп турабыз да. Эриң билбесе болду.

– А сенин аялың билип калсачы?

– О федаразга пул болсо болду, калганына башы оорубайт.

Тамбурду карап коеюн деп түн бир оокумда чыксам, атайын караңгы кылып алган окшойт лампичкесин алып таштап, экөө ушинтип эзилишип туру. О энеңди урайын, жок дегенде уялымыш да болуп коюшпайт ай. Сүйүшүп атып өлүп кетишет ко булар. Берирек далдаланып, назар салып турам, бир маалда эркек тана активный иш-аракетке өттү. Өзү да букадай неме экен, ошоерден эле көйнөгүн чечип ыргытып, беркинин төшүнө, анан этегине асылып тытмалай баштады. Аял болсо «эмне кылсаң өзүң бил» дегенчелик таптакыр эрип, көзү тунарып, көйнөгү шыпырылып «дапдаяр» болуп, эки буту эки жакка тайтайып калса болобу...

Өзүм проводник болсом, анан вагонумда, болгондо да так мурдумдун астында момундай аморальный иштер болуп атса... Бирок карап турам чыдап. Бир кезде жанагы күржүйгөн неме аялдын белин суу көтөргөн апкечтей ийип туруп, эки бутун эки жакка ого бетер тайтайтты да, өзүнүн шымын шыпырды, найзасын тигинин аласына ачык эле суна берип «чабуулга» өткөнү калганда, бир чети өзүм да дүүлүгүп (мен деле ысык жанмын да), бир чети мындай кордукка чыдай албай өкүрүп жибердим:

– Эй пассажир болбой өлгүлө, жаптвайматтар. Уялбайсыңарбы?! Бу, кишини иштетесиңерби жокпу? Түнкү саат үчтө сүйүүнүн богун жейсиңерби, жатпайсыңарбы ары гүм болуп! Анчалык болбой баратсаңар үчүнчү полкалар бүт бошко?

 Экөө жалт карай чочумуш болуп кетишкенсиди. Эркеги корс этти:

 – Э акем, саал акырын сүйлөң эй. Аскарблайт кылышка акыңыз жок! Белет бар.

 – Сен иним, шымыңды кийчи. Мен жалаңкөт адамдар менен сүйлөшө албайм. Тигиниңдикин да өйдө тартып кийинтип кой, таптакыр эле шыпырып коюпсуң. Секс тамам! Жаткыла давай.

 – Жатсак койсок өзүбүз билебиз да шеф? Жөртөгө уборка кылымыш болуп өзүңүз да «мергенчиликке» чыккан окшойсуз. Үч сааттан бери араңдан зорго көндүрсөм, ишти өлтүрдүңүз да. Канча ырасход болдум. Энди ущербди төлөң, анан жатам барып...

– Оомэ-эй энеңди, не деп туру бу? Эй, көрүнгөн жерден көтөндөшө бергидей чоң энеңдин публичный домубу бу жер сага? Ансыз да бүт поюзду булгап бүттүңөр. Кай кычыкты караба, «өтүк». Өлалбай атып «өтүк» кийип алып... түшүнүктүү болуп кеткендерин булардын. Тиякта соода кылып жүргөн жердеги кылык-жоругуңарды да угубатам. Көчүк айланбаган квартирге жыйырмадан болуп эркек аял аралашып, коммунизмдин төшөгүнө жатып алат экенсиңер... Ошояктагы кылганыңар аз болуп атабы силерге?! Жок дегенде үйгө баратканда кичине ыйманга келип, тазараак болуп барсаңар боло... Бу проводник деген начальник бар вагондо, кармап алса ыштарап төлөп калам, же чатак салат дебейсиңби? Же, кой кокуй, проводник деле киши эле деп дагы бирди кошо ээрчите келсең мен да түшүнөт элем го...

– Ырасход болдум акем...

– О так ырасходуңду сенин... Төө десе бээ дейт да. Бар жат ары. Калп эле эмне дээр экен десем, "ыйасход бойдум" дейт да. Ою эле акча. Байкуш келинге көп болсо бир бөтөлкө пийва алып бергендирсиң. Өзүң болсо 100 грамм ичкендирсиң. Келиндин көзү мындай болгондо анын да теңин пийвасына куя салдың да, тезираак мас болуп калсын деп.

Элдин баарын өзүндөй кеңкелес дейт да. Ой бу коммерсант-челноктор укмуш! Баарынан да булардын сүйүүлөрү адамдан башкача. Азыр эле мобу дүйнө аңтарылып, кыямат жүрүп кетчүдөй, бири бирин акыркы ирет көрүп, акыркы ирет сүйүп аткандай пва клейдей чапташышат эй! Анан мындайлардын көзүнө вагон, проводник, тамбур көрүнөбү... Каерде болбосун, ким менен болсо да дегендей, эч нерсеге карабайт экен да булар.

Карап турсаң кээ бир аялдар поюзга ушунчалык сүйүнүп, жадырап-жайнап куунак чыгат дейсиң, байкасаң, узатып келген күйөөлөрү өзүлөрү бир кызык ахыбалда калышат. Анысы түсүнөн эле көрүнүп турат. Тээ аяккы хвостовой вагонго ушул эле маалда мадыраңдап дагы бирөө отуруп атканын, аял жадатма-тажатма «үй күйөөдөн» азат болуп, пейили, чөнтөгү кенен «жол күйөөнүн» карамагына өтүп жатканын, тузу кем көжөдөй супсак үй жашоого караганда, койну толо жыргал поюз жашоо алда канча кызык, ары көңүлдүү экенин бу мырзалар кайдан билсин. Же балким, аялдарын узатып келген булар да ичтеринен кымыңдап, алдыда жаткан узак –«эгемендүү» эркек турмушка жетишалбай сүйүнүп тургандыр... ким билет. Турмушуң кызык...

Казалы бекети, Казакстан

...Дүйнөдө бир туруп кыргыздан өткөн мыкты, айкөл калк жок. Мейли башкалар жалкоо дешсин, мейли орустар «баран» дешсин, баары бир айланып келип кыргызга жетпейт. Мен нормалдуу адамда улутчулдук сезим сөзсүз болушу керек деп эсептейм. Карапайым тилдин кыябы менен айтканда, кыргыз кыргызга боор тартып, күйүп турушу керек дегендей кеп. Поюзда ары-бери каттаган кыргыздардн ушундай бир көрүнүштөрдү астейдил байкайын деп дыкат кунт коем. Жакшы жагы жылт эте калганда жетине албай кетем, көзүмө жаш тегеренип кеткичекти, орустар айтат ко «до глубины души тронут» деп, мен да ошондой болом. Өкүнгөнүм, айрым улутташтарым чет таасирге бат алдырат, оома деп коебу... Кыргызга кыргыз эле болгон жарашат деп ойлойм. Кыргызга башканы туураган жарашпай, же анысы окшошпой, обу жоктук болуп калат.

Ушуга байланыштуу бир окуя эске келет. Поюз кетип баратат. Поюзда былкылдап кашын ийнедей ичке терген, оозу-башын аянбай боёгон кыргыз келин кетип баратат. Тамак ичейин деди окшойт, сумкесин чукулап ары-бери аңтарды да катып бараткан нанын алып чыгып жыттап көрүп:

– Фу, ужас, на выкинь, – деди жанындагы жашыраак жол шеригине карматып. Кыргыздын кызы качан нанды ушинтти эле? Бул муну бирөөлөрдөн көрүп туурап атпайбы. Кыргыздын баласы катып бараткан нанды качан ыргыт дечү эле?

 Дагы бир кыргыз келин вагондун ичинде шүмшүйгөн, желмогуздай болгон кичинекей кандек итин жетелеп улам эле ары-бери кайкайып басат. Кыймылын байкасаң, ит жетелеген маданияттуу орустун катындарына абдан окшошкусу келип атыры да. Канчалык аракет кылса да кыргыз экени оркоюп чыгып калыптыр – ит жетелеген жиби иттики эмес, кадимки эле ичке аркан. Кашайып ити да тарбия көрбөгөн бейбаш макулук окшобойбу. «Фунтик, неззя, нельзя» дегенине карабай, анысы улам ары-бери чуркагысы келет. Бир маалда жиби колунан чыгып кетти да, ити жепилдеп чуркап кетти, анан барып вагондун бир бурчуна тура калып көткү шыйрагын чычайта сийип жибергенде чыдамым түгөнө түштү. Жетип барып каңкылдата тепкилеп тамбурга кубалап чыктым акмак итин. «Жывотныйды кордогон кандай кишисиң, кашмар!», – деп бейкылык кожейкеси мени сөгүп калды. «Көзгө көрүнбөй ордуңарда кө...ңөрдү кысып отургула итиң экөөңөр тең!» – дедим жиним келип. Ээрчишип кетишкен, кийинчерээк үйгө жакындаарда башка вагонго чай ичкени барып карасам, баягы аял составды кезип дагы бейбаш кандек итин издеп жүрөт. Ары жок Фунтиги аркандан бошонуп, бирөөнү ээрчип кеткенби же поюздан бир жинди ыргытып жибергенби, айтор дайынсыз жоголду. Акыры кожейкеси мага опурулганга чейин барды: «Сен жаман көрүп аткансың, сен эле жайладың ушу», – дейт. «Бооруңа кысып кучактап жатпайт белең карындаш, эси жок кандегиңди», – дедим ичимен сүйүнө түшүп.

Кыргыздагы ушу сыяктуу обу жоктуктар безге сайгандай болот да турат. Дегеле ушу рейсте мындай шумдуктар көп болду. Үйдөн (Бишкектен) чыгып баратканда Пишпектен бир кыргыз жигит отурду Москвага чейин. Эми бир үйлөмө «качок» дейсиң... спортчу окшойт. Тайталаңдап басканына караганда же күрөшкөн же таш көтөргөн неме. Далысы дөбөдөй, эки кемпирди чыгарып койсоң кенен отурчудай маектешип. «Жакшынын бир жерин сөзсүз Кудай таала кем жаратат» дегендей, ушундай толуп-ташкан, бүтүн спортчунун кара басып ченде жок көйрөңдүгү бар экен, өпкө дегенден ныпым эчтеме жок. Эшикте январь, бу болсо вагондо жалаң майкечен жүрөт эй. Вагон жыргатып деле ысыбаткан жери жок (жолго жаккыла деп берген күл-топурак көмүргө атасынын башына жылыйбы) көптөр пальточон, тончон. Жигиттин гүлү болсо фигурасын улам көрсөтүп, дегеле кийинейин дебейт, жадагалса көйнөк кийип алаар ою жок. Же майкечен туулганбы... Кулагы чунак, көчүгү манек бу неме улам-улам мага келип: «братка проблема жокпу», – дей берип тажатты. Кашайып проблема да жок, проблема боло турган жерлер али алыс дегем. Болбой эле келе берди. Ай ушу проблема өзүң болосуң го минтип жүрсөң деп ичтен оюма кетип калган. Айтканымдай эле болду.

«На крутую задницу крутой член найдется» деген орустун ары орой, ойрон макалындай эле иш болду. Алыс жолдон тажадыбы, Кызыл-Ордодон өткөндөн кийин жанагы спортсменим спиртсменге айланды, кызыталак, ичип алса ого бетер чатак экен, өрүк килейдей көрүнгөнгө жабышып элдин мазесин алып бүттү. Айла түгөнгөндө напарникке айттым, «баягы өнөрүңдү кылбасаң болбой калды бу ноопазга». Кайран эргул 150 г аракка уйку дарыны өкүртө чылап туруп тигиге бастырган экен, «ишимди баалап койчу байке» дегенинен барып карасам, балбан оңкосунан сайылып, тоңкоюп калыптыр. «Эми тураарда баш жаз демиш этип муну Москвага чейин уктагыдай кыл» дегем, бирок спортчу Бузулуктан (станция) туруп кетип, тууру ресторанга барыптыр да, башын өзү жазып, кайра баягы табына келип күүлөнүп алыптыр кадимкидей. Сызрандан бир жапжаш орус келин отурган Москвага. Өзү да баччагар, өзбек туугандар айткандай, жүдаа кетиверген тоту экен, вагондогу эркек атмай бир сыйра шилекейин жутуп алды окшойт. Мындай сулуу аялдар эмнеге поюзга отурат билбейм. «Буга жакындаганга мен гана татыктуумун» деп ойлоду окшойт, масы таркабаган спортчубуз көрөөрү менен жанынан чыкпай эле отурду да калды.

 Бирок аялдардын баары эле бейтааныш эркекке бир көргөндө эле жайыл дасторкон болуп жатып бере бербейт сыягы. Андан калса калп эле майда-барат сатып жүрүмүш болгону менен менттерге тыңчы катары кызмат да кылат деген кепти укканбыз бу келинди. Агент болгону менен ал да мастан качып, биздин бука болсо артынан кууп алыптыр. «Эй иним, өзүмдүн кыргызымсың, сага көңүлү чаппаган немени эмне кыласың, балээге кабылып жүрбө. Азыр Пензанын менттери отурат, «зверь» балдар. Туш келип калсаң алар аёо дегенди билбейт», – дедим эскертип.

– Ээ братан, мээни чакпачы. Мен өмүрү менттерден корккон пацан эмесмин. Бул чыхня, менин проблемам азыр мына бул айпери. Ушуну бир талкалабасам арманда кетем. А мен колго түшкөн коенду коё бербейм брат, тем более мындай «тёлканы». Мындайларды мен үстүмө төшөнчү кылып жаап алам керек болсо. Усёк братан? Же проблема барбы?

– Проблема өзүң болосуң азыр, койсоңчу ушунчаңда. Көчүгүңө шиш издеп эмне кыласың?

– Братка, орой сүйлөп атасың. Не понял. Улуу катары айтып атасың го, бирок мен тигини баары бир... Ошентти да артынан дагы кууган бойдон кетти.

 Пензанын менттери, беш-алты бала составды кыдырып келип жаңы эле служебкага отурушкан. Арасында Женя дегени бар. Бишкектен көчүп кеткен. Бирок жердеш эле деп жан тартпайт. Жеткен нацист. Дагы бир буларга «шестерка» болуп ээрчип жүргөн өзбек бар. Кирип келип жаңы эле отурушкан учурда так жанагы орус келин ыйламсырап кирип келип атпайбы.

– Помогите пожалуйста!..

– Че случилось, девушка?

– За мной увязался один тип, – оозун жыя электе артынан спортсмен жетип келди. Бир колунда оозу ачылган жарым бөтөлкө арак, эми кое бер туруш-турпатын, фигура деген тим эле колодон куюлган айкел, атаң гөрү. Ыргалып туру, деңиз тизеден. Жабалакташкан милийсаларды тоготуп да койгон жок, гражданский кийимчен отурган немелерди жөн эле жүргүнчүлөр дедиби, айтор, кызды шап эле билектен толгой кармады:

– Красавица пойдем!..

– Эй урод, убрал лапы и быстро документы показал! – Милийсалардын бири барк этти.

– Ты чо братка? – деп келатканда эле калгандары тура калып алка-жакадан алып баарылап тамбурга сүйрөп кетишти.

Мен артынан умтула бергенде тамбурдун эшигин жаап туруп, ары жагынан ачкычтары менен жаап алышты. Тарса-турс, дүпө-дүп болуп эле жатып калды тамбур жак. Моокумдары канганча ийлешти окшойт бечара спортсменди. «Извините, простите, больше не будулап» жан соогалап атканы угулуп турду. Кайран жигит ушуну көрмөк экенсиң го. Бабаң кыргыз «өзүнөн өтпөсө жигитке өлүм (кырсык) жок» деп бекеринен какшабаган да... Дегеле ар бир кыргыз баласы үчүн ата-бабадан калган макалдардан, накыл кептерден өткөн тарбия барбы да, таалим барбы... Ар кандай педагогикаң мунун алдындабы, жөн эле батекке жарабай калат. Тоо-ташты, кокту-колотту аралап, мал багып жүрүп эле эмне деген сөз берметтерин калтырып кетишкен ата-бабаларга миң кулдук урсак арзыбас-ов!

Айттым мен буга: «эй иним, бу жер деген сага Бишкектеги Төкөлдөш же Шанхай эмес, чоочун жерде көчүктү бекем кысып, момурап гана жүрүш керек», – деп. Бир туруп боорум ачыйт, бир туруп чала сага дейм ичимде.

– Эй Геркулес хренов, иди собирай шмотки, сейчас мы тебя снимаем в Пензе, а там с тобой по душам потолкуем. Понял да?! Иш чатак. Чырылдап ортого түштүм.

– Мужики, да нахрена он вам нужен, итак по душам поговорили, что больше некуда. Оставьте его мне пожалуйста!? Ну нужен он мне, задолжал мне бабки. А вам за это... короче в долгах не останусь.

– Оставляй говоришь, ну остальное от тебя зависит, сам понимаешь...

– Уже сообразил, все, спасибо. Я мигом.

Урган бойдон ресторанга жеттим да, эки бөтөлкө «Кара-Балта» арак, беш-алты пива апкелип сумкелерине сала койдум.

– Оо «Карабалта», – дешет.

– Атаңардын башы, доңуздар!

– Че,че?

– Да я говорю, на здоровье.

– Аа, ну рахмат байке.

 Кетишти. Отурсам, акырын жылып, араң басып «качок» келди бир маалда. Тим эле сопу.

– Байке, составда менттер жүрөт деп койбойт белеңиз?

Туй энеңди, балбан чалыш адамдарда паам-парасат жагы кемирээк дегендери туп-туура экен! Мунун айтып турганын кара!

– Эй братка, айттым го жана, абайла биерден дедим го? Бир эмес, жолго чыккандан бери эле какшап келатам го? Кой деп келатам го? Сен уктуңбу менин айтканымды? Менттерден коркпойм дебедиңби жана эле? Анан минтип турганың кудайга туура келбейт ко? Мен сени эки арак, төрт пивага араң алмашып алып калдым. Алып түшүп кеткенде артыңды эки айрып, туруп бомжго айлантып көчөгө чыгарып салышмак. Кеп эми мындай: купеңе бар да, башыңы катып жат. Желиң чыккандыр эми? Сени менен сүйлөшөөр башка кебим жок. Дасвидания тууганым, жолуң болсун.

Өлүп-талып, далбастап от жагып атып Москвасына да жеттик. Вагонуна көмүрү, көмүрүнө вагону жарашкан бу чалдыбар поюзду жылытыштын өзү эле бир азап дейсиң. Секирип түшүп эле жөө качып жөнөп бергиң келет. Айрыкча үчүнчү купедеги эки орус аялдыкы өтүп кетти. Канча ысытсак деле болбой улам келишет. «Почему в вагоне холодно?» дешип. Дуулдап күйүп аткан топканы деле көрсөттүм. Кааласаңар ичине кирип кетип жылынып чыккыла да дедим. Москвага жетээрге жарым саат калганда ээрчишип алып кайра келишиптир.

– Нельзя ли еще подтопить, в вагоне холодно, а?

Мен бирдеме дей электе напарнигим, каны башына тээп кетти окшойт айдатып кое берди:

– Да вы зае..али суки долбанные! Пошли нах...й отсюда! Сколько можно кровь пить, суки!? Не нравиться ездить, сидите дома, глупые дуры!..

 Кочерганы ала коюп тап бергенде жүрөгү түшкөн немелер бурула калып, биринен бири озо качып беришти. Артынан сөгүп кыйкырып калды:

– Еще раз покажитесь, ноги переломаю обеим! – ошол бойдон Москвага жеткенче басып келишкен жок.

Москвадан кайра келатабыз. Россиянын чегинен чыгып Актөбөдөн жаңы эле өткөнбүз. Кыйналып жүдөп, сиркебиз суу көтөрбөй келатсак бир кыргыз аял келип: «Вагонуңарды эки чечен «на уши» коюп атат, кой дебейсиңерби?», – дебеспи. Дароо ишеничтүү, жаза тайбас курал – кочерганы колго алдык да чуркап бардык. Оозу, башын жүн баскан, төштөрү түктүү эки неме жүрөт көрүнгөнгө асылып. Акырын тыңшасам, бири-бирине тажикче сүйлөшүп атышат. Кадимки эле тажиктер. Бир топ кызуу.

– Я чечен, мне пох...й, любого зарежу, – дейт бирөөсү тишин кычыратып. Напарник, мындай төшү түктүүнүн миңин көргөн жолдун накта көкжалы, карасам тигини сходу эле «өчүргөнү» шымаланып калыптыр. «Кое тур» дедим.

– Эй бачо, инжа бие, гап даркор (эй балдар, бери келгилечи, сүйлөшөөр сөз бар). Ой тобо, бир убакта сельсовет болуп жүргөндө Умархожа деген катчы секретарым бар эле тажик. Ошондон үйрөнгөн аз-маз тил эми минтип ишке жарап кеткенин кара... Умархожа аке го тажиктин алтыны эле, а мобуларчы...

Экөө тең тажикче сөздү угуп селейе түшүштү. Соо калбасына көзү да жетти окшойт.

– Проводник ако, узр, гап нес, шутка ако! (Проводник байке, кечириңиз, эч сөз жок, тамаша байке).

– Эмне дебатышат байке? – напарник чыдамы кетип.

– Чечен эмеспиз, тамашалап койдук дебатышат.

– Ни х...я себе, тамашалашчу кишилери биз бекенбиз я? Эй! Иди сюда шимпанзе! Если ты «чечен», то я кыргыз!..

 Кочерга менен аянбай туруп төбөдөн ары басканда тажик мантикристин огу тийгенсип бүгүлүп барып узунунан жатып калды. Беркисинде өң жок, купкуу болуп титиреп туру.

– До Арыса я тебя назначаю уборщиком! Вперед! Савол хайми? (суроо барбы?)

– Майлаш ако, майлаш хуп, хуп. (Макул, куп болот)

Актөбө бекети, Казакстан

Бүгүн рейске чыгаарда кайсы бир аты-жыты белгисиз акын сөрөй бирөөнүн ырлар жыйнагын, «Гудок» деген китепти, эки пачкеден өкмөттүк чиновниктерден, бекерпоздордон башка эл окубаган, эт орогонго гана жараган совет доору жыттанган, жалаң ары жок бийликти мактаган гезиттерин мажбурлап таратып беришти. Бул да бизнес. Сатасыңбы, ыргытасыңбы, дааратканага коюп кө…үңү аарчыйсыңбы өзүң бил, бирок сатып, акчасын төлөп берүү керек. Акындын бир-эки ырын окусам, кадимкидей жүрөк айланып чыкканынан дароо самоорго урдум эле, чай шакылдап кайнап чыкса болобу. Пайдасы ушул болду. Мындай ырларды өмүрү ыр жазбаган мен деле сол колум менен эле жазып кое алам…

«Гудок» деген чакан китеп темир жолдо иштеп генерал даражасына жеткен Сооданбеков аттуу адамга арналыптыр. Илгерки советтик очерктердин стилинде, бирок чын дилден, жүрөктү козгогудай мыкты жазылган китеп экен, ыйлап жибербейин деп ток этээр жерин окуп, катып койсом, он класс бүтсө да сабаты жок, китеп дегенди барктабаган напарнигим «чемичке ораганга кагаз берчи шырагым» десе коммерсант казак кемпирге бир стакан чемичкеге кармата бериптир. Жакшы адамдар жөнүндө жазылган мындай эскерүү китептерди авторлор эмне үчүн ушул ыплас поюздарга берет, ичиң ачышат. Акча керек болуп атса керек да авторго. Бир чети темир жолчулар окусун деп апкелгени туура эле дечи, бирок бу проводниктериң өмүрү китеп окуган калк эмес, башкаларга болсо сатмак тургай бекер берсең да алышпайт, маселен казактарга же орустарга берсең алабы ушул китепти же өкмөттүн гезитин?

Айтор, ар ким өзүнүн өтпөгөн оокатын темир жолго көтөрүп келип бул жердеги мансаптуу тааныштары аркылуу байкуш проводниктерге күчтөп саттырган өнөр өнөкөткө айланды. Өзүнчө эле бизнес дебатпайымбы. Өткөндө резервдин начальниги өзүнүн «скромный» айлыгына катыны менен Италияга барган экен эл-жер кыдырып, анан кайтаарда самын-сумун апкелип бу да рейске чыккан проводниктерге сомкелеп таратты. Анысын да проводниктер сөгүп-сагып атып, бирок пулдап беришти. Мен үйгө бир пачкасын апкелип таштагам, туптуура бир жыл самындын, пастанын проблемасы жок болду...

Бишкек – Кара-Балта – Жамбул

Орусияда кыш эчак эле башталган. Москва өлө суук, түү деген түкүрүгүң жерге томолок муз болуп түшүп турган убак. Бирок сууктан коркуп тынып калчу эл жок, кайра барган сайын көбөйүп баратат. Жонуна жүк артып, бак-таалайын, ооматын Орусиядан издеп, күнү жылытпаган ал чөлкөмгө сапар тарткан кыргыздар көбөйдү. Эл барып эле атат, барып эле атат. Ошончонун баарын кантип батырат дейм да Москва. Орто Азиянын бүт эле республикаларынан поюздар жетип турат.

Баса, поюздар демекчи, сүйлөшүп алгансып биринин артынан бири келип токтоп атканы. Өзгөчө жайында кызык. Адеп Казан вокзалга Алматы – Москва поюзу келет. Проводниктери чыкыйып формачан, колдорунда апакай мээлей, бирден сигнальный флажок. Карап туруп өзүңчө эле айласыз суктанасың. Андан соң түш ооп саат үчтө биздин 17нчи жетет. Жеткени курусун, түрү шумдук. Бети жуулбаган баладай ботала-шотала вагондор шалдырап келип токтойт. Ичтен сакал-муруту үч суткеден бери устара көрбөгөн, арак-пиводон баса берип шишимик тарткан, карта чабыша берип уктабай көздөрү кызарган, биринде кызыл, биринде жашыл, кара, айтор, түркүн-түс шымчан, погону жок шакмар көк көйнөкчөн кыргыздын проводниктери перронго бут коет.

Душанбе – Москва мындан да чатак. Булардын формасы вагондун өңүндөй карала жашыл болгону болбосо, калганы биздей эле. Ашхабат – Москвада борборго дегдеп келген түркмөн бурадарлар болсо эшиктен чыкпай, куржун-сумкесин сүйрөп түз эле терезеден перронго аттап түшүп атканын өзүм көргөм. Казанскийде перрондор бийик эмеспи, убакыт коротуп эшиктен чыккыча... Ар бир элдин поюзу кандай болсо, андагы жүргүнчүлөрдүн маданияты да ошого жараша болобу дейм.

Биздики маселен, жүк поюздан айырмасы жок. Келатканда жүк, кайтканда жүк, иши кылып дайыма жүк. Жүккө акча төлөнөт, акча болсо сборго кетет. Бечара проводник узун сапарда ойлогону жүргүнчү калк эмес, кантип сбор төлөш керек, ошого акча жеткире албай эле куурай берет. Элдин баары акча деген проводниктерде деп айтат экен. Акчанын баары темир жолдун жана анын тегерегинде темселеп, шимшилеп жүргөн түркүн сорттогу, даражадагы папкечен чоң сөрөйлөрдө экенин карапайым калк кайдан билсин?.. Кыргызстандын мамлекеттик поюздарын бул чоңдор ортого алып талап, сойку катындан бетер кезектеше зордуктаганын койбойт, тоногонун койбойт. Мамлекеттик делинген темир жолдун чиновниктеринин кара мүртөздүгүнө, ач көздүгүнө чек жок экен. Байкуш темир жол темир экенинен гана түтүп атат ко дейм. Мындай абал дагы канча жылдар сакталып турат болдукен, бир кудай билет.

 Москва, Казан вокзалы

Азыр эле планеркадан чыктык. Чоңдордун баягы эле эски жомогу, чала сабат инструкторлордун тантырактаганы... Ылайдан киши жасап туруп костюм кийгизип, мойнуна галстук байлап койсоң эле инструктор болуп чыга берет турбайбы... Андан да коркунучтуусу, интеллекти нөл, жөнөкөй эле адамкерчиликтин планкасынан пас турган ушундай адамдарга непадам чоңураак бийлик тийип калсабы... Өлдүк да анда.

Жол... жол... Ар качандан бир качан пендени өзүңө азгырып, делөөрүтүп, шаштырып, чакырып турган касиетиң бар бейм... Жол адамы жолго чыкмайын көңүлү ачылбайт, жүрөгү жазылбайт. Арийне, алыскы сапарга аттанып чыккан адамды алдыда эмнелер гана күтүп, тооруп турбайт, бирөөлөрдүн жолу үстүнөн сыдырган майдай шыр, ооматтуу болсо, бирөөлөрдүкү азап, таштай катуу, жетээр мерчемине өлбөгөн төрт шыйрагын сүйрөп араң жетет. Жетпей да калышы ыктымал. Ал энди кой, өмүрдүн теңин дүкүлдөгөн дөңгөлөк үстүнөн түшпөй жашап, кара жанын, катын-баласын баккан проводниктин жолучу... Оо, бул татаал жол. Менин сүйүктүү жазуучум Джек Лондондун каармандары проводниктердин алдында шоона эшпей калат. В натуре. Вот перед кем надо снимать шляпу.

 Тоодой тобокелге башын сайган, жолго, улуу урматтуу Жолго, негизи чыдаган адамдар гана иштеп кете алат. Темир жол алсыз, табиятына өлармандык буюрбаган мажес пенделерди, ар кандай кырдаалда да «крышасын бекем» (мээсин) кармай албаган шордуу пенделерди кечирбейт. Андай байкуштар 3-4 рейске чыгып келгенден кийин эле чмосу куюлуп агып, алды-артын карабай темир жолдон качат же резервдин бир коңулунда темселеп, көрүнгөндөн 100 граммга «атметка» тиленген бичарага («бич») айланат.

Атаңгөрү, ушу резервде карапайым проводниктерге бир аз жан тартып, аларды жок дегенде түшүнүмүш эткен бир да жетекчини көрбөдүм. Наборот, качан караба, керсеңдешип «сен экинчи сорттогу адамсың» дегенчелик мамиле кылышат. Жок, баса бирөө бар. Жан Григорьевич деп коюшат. Бул аксакалдын резервде качан, кай заманда пайда болгонун архивден барып тактап билбесең, эч ким билбейт. Сталин, Хрущев, анан Брежневдин доорун көрүп, кай пааша тактыга келсе да «өз киши» аталган Саясый бюродо Микоян деген армян бар эмес беле, ошонун үкөсү да кайран Жан Григорьевич... Кандай начальник келсе да бу киши да дайыма өз ордунда, өз киши. Туура да, нечен зор улуттун тилин тапканды билген армян баласы үчүн кыргыздын тилин табуу да кеппи. Маладес эй, оштуктар айткандай атасыга рахмат.

Ойрон проводниктердин ойлоп таппаганы жок! Ичер-суусу түгөнүп, тиякка жүрүп кетсе Григорьевич, аны ушу резервге эле коюп, айкелин тургузушат имиш. Бирок Жандай айлакер, акылдуу адамдар чанда жаралаар, ошондуктан эстелик койсо татыйт. Проводниктерге кичине болсо да боор тартымыш эткен, күйүмүш болгон ушул гана киши. Калган чоңдор кудум эле кудайдын чөнтөгүнөн түшкөнсүп…

  •  

Казалыдан ары жаңыдан өтсөк эшик тыкылдап калды. Ачкыча болбой аялдын үксүйгөн башы көрүнүп, балтайган неме 6-7-класстагы окуучусундай болгон кызды жетелеп алыптыр. Эмнеге келишкенин сурай электе эле жанагы казак аял барк этти:

 – Прабадник, гүлай кыласынба?

 Түшүнбөй калдым.

 – Сени мененби? Турчу ары кишинин жүрөгүн айлантпай…

 – Жок, мана кыз менен! Карашы кандай адеми, али анасы да өппеген, болганы бир сагатка мың тенге бере салсаң болду гой…

Омеей энең, уккан кулагыма ишенбей турдум. Менин улуу баламдай болгон 12-13төрдөгү көзү алаңдап коркуп алган кичнекей кызчаны жанагы аял түртүп эле купеге алып кирди. Бир кызыктай боло түштүм, бирок сыр бербей сурап калдым:

– Канча теңге дейсиң?

– Мың тенге гой баурым, беш жүзак бере салсаң да болоду гой энди.

Ачык түшүндүм эми. Он гүлүнөн бир гүлү ачылбаган, балким багаар көрөөрү жок секелек жетим кызды бул катын көрүнгөндүн астына төшөп берип жанын багып жүргөн экен го! Акча таап аткан экен да! Эмне кылсам, азыр ушул жерден чаңын чыгарсамбы деп барып токтой калдым.

– Алып кир бул жакка!

– Кирип турмун го баяке?

– Анда сен кете бер!

– Акшасын бермейсенба?

– Бир сагат дедиң го ошондо аласың.

– Жок бомайтын, аплата перед баурым! Мен да рискобать этип жүрмүн!

– Жок аласың, только бир сагаттан кийин.

– Алдамайсан ба?

– Жок, чык, тезирээк бол.

Чыгып кетти. Берки байкуш кызда болсо жан жок, алаңдап коркуп алган. Оюнда тигиниси кетээр менен баса калат деп отурса керек, бурчка тыгылып бүрүшө түштү. Өзү да чийдей болгон арык, капкара кыз экен. Улам мурдун шуу тартып коет. Иттей боорум ооруп кетти. Шалдайып отуруп калдым. Оюм чар учкандай чалды-куйду, бир жерге токтоно албай сапырылып турду. Канча отурдум, билбейм, бир кезде кыздын акырын чыккан доошунан эсиме келе түштүм:

– Чечинейинби…

– Атың ким, кел отур менин жаныма, коркпа, мен саган тийбеймин. Чечинбе. Канчанчы класстан окуйсуң?

– Алтынчыдан окуп жүрүп эдем, анау апкем чыгарып алган.

– Аке шешең барбы?

– Жок.

– Поюзга канчадан бери чыгып жүрсүң апкең менен?

– Биринши ирет, көп акша берем деген апкем. Баска кыздарды да алып шыгатын, оларда акшасы көп энди, адеми көйлектери бар.

– Эркектер менен боган жакшы бекен оларга?

– Билмейм көке…

Курсагың ачпы деп сурасам жер карайт, айталбай уялды окшойт. Дароо ысык чайдан куюп, колбасадан кесип бердим, жолдон балдарыма деп Самарадан алган шакалаттан алып чыгып бир чоңун карматтым. Бала да, курсагы тойгон соң менден баягыдай коркпой, байыр ала түшкөндөй быдылдап сүйлөп кирди. Угуп отурам. Ара-чолодо бирдемелерди шыңкылдап, айткандарына өзү маашырлана күлүп калат. Балдарыңыз барбы, кызыңыз барбы деп коет. Экөөбүз көпкө отурдук. Экинчи поюзга чыкпа дедим, апкең жаман аял экен, оган акша эле керек экен, сен болсо окушуң керек, анан жакшы жумушка кирип, көп акша табасың, адеми көйнөктөрдү ошондо сатып аласың. Станцияга жакын турсаң мен ары бери өткөндө ушул вагонго келип тур, көрүп алдың, мен саган акша берип турам, бирок баягы апкеңди ээрчип экинчи ирет поюзга чыкпайсың, келиштикпи, чыгарам десе качып кетип кал, коркутса милийсага берем десең эчтемке кылалбайт дедим. Беш жүз теңге колуна берип бирок апкеңе бермейсиң дедим.

Көп өтпөй жанагы апкеси келди далдаңдап. Бир сааттан ашып кетти дейт. Ичкери алып кирип абдан мазгисин чагып, эзип кирдим. «Уголовный ишке аралашып атыпсың сен катын, артыңды ойлосоңчу, мен арыз жазып койдум, тиги кызың кол коюп берди, кара, экинчи ирет көзгө чалдыксаң милийсаларга кармап берип коем, анан жат ошоякта сурак берип» дедим. Адегенде алкылдап барып анан токтоду, анан жалооруганга өттү, акыры аргасы түгөнгөндө көз жашын көлдөтүп чечинип кирди. Бул эмне кылганың десем, «кылаарыңды каалаганча кыл, бирок арызыңды тытып ташта» дейт жок эле арызды. Кебетесин карап туруп ого бетер жүрөгүм айланып кетти, шак бурулуп эшикке чыгып кеттим. Карасам кийинип чыгып баратат, мени көргүсү жок. Жулкунуп барып кайсыл бир майда станциядан түшүп кетти.

Кызыл-Ордо, Казакстан

Бишкектен Луговойго чейин жоон топ комиссия отурду. Өлөйүн, бирден жыгып ичин жарып көрсөң бүт эле бирдеме алып калсак деген арам ою бар немелер. Проводниктер бүт на ушах. Сурагандары эле «канчадан сбор кетет?» «Коробьев отуруптур, Гюревич бар экен, өлдүк, болгонун бергиле» дешип өң-алеттен кеткен эле эл.

Отурам служебкада. Эмне, өлүп калыш керекпи эми. Бир оокумда напарник чуркап келип, «Воробьев!» деди да жок болду. Чыксам тепейген чал вагонго келип калыптыр. Жеттим.

– Здрастье.

– Че за бардак? – деди бурчтагы айран сатып жүргөн эки-үч аялга жаңсап.

– Это не бардак, это люди, это женщины, айран продают.

– Почему здесь?

– Выкинуть с поезда что ли?

– Ты, как разговариваешь со мной?!

– А Вы кто?

– Давай сюда удостоверение! Потом узнаешь кто я.

– Как я могу дать документ свой, если вас не знаю.

– Да я тебе...

– А че орете, я не глухой. Если вы какой-нибудь большой начальник то прошу документы?

Сөгүнүп сагынып алып артка кетти окшойт, үч мүнөттөн соң өң алеттен кеткен начальник поезд жетип келди.

– Эмне дедиң?

– Эчтемке. Сөгүп-сөгүп эле кетип калды, – дедим калп эле өлүмүш болуп.

– Борзый проводник деп кетти го? А бул мени түйрөт эми. Келе удостоверениеңди. Воробьев да бул. Билбейсиңби?

– Өзү айтпаса чекесине жазылып туруптурбу. Кайдан билем.

– Разборго управлениеге, рейстен келериң менен.

– Хоп.

Ошентип ызылдашып турсак Иван Кузьмич келди мылжыйып. Ушу да тажатты. Кай бир атам заманда резервде начальник болуп иштеген экен, эми эки бутун араң сүйрөгөн өлөсө чал, бу да бир блокнот, уручке көтөрүп составды текшеримиш этип жүрөт. Калп эле бирдемелерди жазган болуп алдыңа келет, болбогон майда-баратты айтып, замечание жасагысы келет. Иши кылып бир мүшөк картөшкөгө көндүрөт. Макул дейсиң. Ошентип бул аксакал картөшкө топтоп, ушу өткөн көөлөмдө огоротуна отургузса, экинчи күндүн эртеси таш балекет да жок имиш. Көрсө уурулар түз эле отургузган жөөктөрдөн казып кетишиптир.

Бир жолу алыс жолдон акт алып, «талкаланып» келатсак ушу уйкусу жок Кузьмич Луговойдон тосуп чыгыптыр. Кичине чырымтал болуп алган, Сибирге кетип бараткандар куюп берсе керек да. Напарнигим кара жинин кимден чыгараарды билбей, арактан баса ичип алып, самоордун жанында түтөп турган. Так ошол маментте Кузьмич мылжыйып кирип келди. «Ну ребята, че то в вагоне грязновато» деп блокнотун алып чыгып бирдемелерди чиймелей баштаганда эле напарнигим: «эй старик, пашел нах…й за…бал уже!» деп тимеле уруп жиберчүдөй умтула калды эле, байкуш абышка бурула калып дыргаяктап качып жөнөсө болобу! Күлүп атып боорум эзилип калды. Ошондон кийин Кузьмич келбей койду, келсе да акырын шыбырап саламдашып, ашыкча кеп айтпай, бергенди алып коюп, көлөкөдөй үнсүз жылып өтүп кетет.

  •  

 Рейске чыгаар алдында мен түнү бою уктай албай ойдолоп, онтолоп, улам бир капталыма оодарылып кыйналып чыкчу болдум. Жүрөк жолдон кадимкидей жалкып калат экен. Москвага барып келчү жети күн жети жылдай сезилет. Анүстүнө напарнигим бюллетенде жүргөндөн бери улам башка бирөөлөр менен барып атам. Өткөндө бир өзбек аял менен жазышыптыр. Дегеле аялдар менен жол шерик болгонду жактырбайм. Арыстан чыккан эки-үч мас казактар менен мушташа кетип жалгыздык кылып калдым. Ал «помогите» деп чаңырып жүрдү байкуш. Ошонун ордунда өзүмдүн напарнигим болсочу... Мастарга алдырчу мен бекемин, аянган жокмун, проводник болуп туруп пассажирлердин көзүнчө кай бир сандалбаптардан токмок жеген западло, сени эч ким тоотпой паска урулуп каласың. Ошондуктан жан далбас төбөлөшүп моюн берген жокмун, болгону бирөөсүнүн колу жакаман кармаган бойдон карышып калган окшойт, ошонусу жүдөттү. Табарсыкка катуу тепки жеп, жарым отключка болгон неме шалактап жакама колу жабышкан бойдон сүйрөлүп асылып жүрдү. Акыр аягында көйнөгүмдүн жакасы жулунуп, ошо бойдон карышкан колунда кетти.

Станция Луговое, Казакстан

Бүгүн 23-февраль. Москвага жетип перрондон түз эле шаарга чыгып кеттик. Жакшы көргөн жайлуу жер Сокольникке барып эки порциядан пельмен жеп, арак ичип көпкө отурдук. Кантсе да майрам эмеспи. Советтик Армиянын жоокери болгонбуз. Ошону эстеп белгилеп койдук. Балдар Кызыл аянтка кетишти сүрөткө түшкөнү. Мен Рижский вокзалды аралап өтүп түз эле вагонго келип куладым. Түнкү он экиде кайра тартабыз, уктап алыш керек.

Кайра тартканда Казакстандын Казалысынан бери өтүп калганбыз. Бир келин чуркап келди.

– Байке, поюзду токтотуңуз!

– Эмнеге?

– Токтотуңуз дейм поюзду!

– Кой айланайын, тамашаңды. Ичип алган окшойсуң, поюзду токтотот имиш. Күйөөңдөй болгон кишимин.

– Токтотуңузчу пажалста, – жалдырап ийди.

– Каалаган жерден токтоткудай эмне, бу таксиби сага карындаш, мындай аркы-беркини ойлоп сүйлөсөң секет, өзүң дурус эле аялдай окшойсуң...

– 500 долларымды туалетке түшүрүп ийдим, катуулап кетелекте стоп-кранды жулуңузчу, болуңузчу. Акыркы сөзүн укканда тура калганымды билбей калдым. Кыргыздар доллар дегенди укканда ичкен ашын жерге кое койгон заман келбедиби, эмне кылайын эми, мен деле ошолордун биримин да. Стопкранды шак эле жулдук. Булкунуп барып поезд тык токтоду да, катты да калды.

Эшикти ачып туруп келинчекке кыйкырдым:

– Чурка!

Талпалаңдап кетти жүгүрүп байкуш. Өмүрүндө мынчалык күйүгүп чуркаган эместир.

– Туш келген вагонго мин, ичи менен келесиң! – артынан кыйкырдык.

Уктубу, жокпу билбейм. Карап турам. Бир оокумда хвостовой вагонго минди. Поезд ордунан жылды. Шылкыйып келип олтурду.

– Таптыңбы?

– 200үн таптым, 300зү жок.

– Далалап темселеп жүргөн казакпайлар отоп кеткен го?

– Билбейм байке, ээн талаада эч ким деле көрүнбөйт.

– Бу кандайча болуп кетти?! Долларың кайда эле? Кантип тешикке түшүп кетти дейм да? Унитазда отурдуң беле?

– Ооба!

– Анан?

– Акча алаамда катылуу болчу.

– Кайсы жеринде? – бырс күлүп жибериптирмин.

– Кырсык болуп атса ырсаңдайсыз да, э байке.

– Жок, жаман көрбө, улуу сөздө уят жок, эч башым жетпей атат? Алаңдан түшүп кеткенин кара.

– Заара кылайын деп чечтим эле ошондо түшүп кетти го...

– Э кокуй, скоч менен чаптап албайт белең? Токто, демек долларды пачти алиги жериңе катып жүргөн окшойсуң – деп напарнигим «следствиеге» аралашты, – анан кантип түшүп кетет долларлар?

– Вообшым бетиңер жок экен, – дейт ыйламсырап келин, – туалет сөрөйүңөр да ылдыйкы капкагы жок экен, тим эле аркырап алдынан уруп турат, кайдан кире калдым эле. Эми кантем?

– Э падажди дорогуша, мен билдим, сенин калган үч жүз долларың муз болуп тоңгон покко жабышып келатат, эки кагаз түшүп кетти да, калганы жабышып тоңуп калды. Туурабы?

– Оозуңа май, кана ошондой болуп калса?

– Таап берсек сүйүнчүсү болобу?

– Канешно болот, сыйлап алганга алым жетет, силер эптеп таап берсеңер эле болду. 100ү силердики.

– Азыр станция болот, чукуганга даяр болуп тур, тигине, ысык суудан грелкага куюп ал.

Станцияга токтоор менен байкуш келин түшө калып жер менен тампаңдап кайра жүгүрдү. Биз да жеттик. Зыңкыйып тоңгон заң-муз салаңдап турат.

– Келе ломду, эмнеле чычпай жүргөн кишиче жийиркенимиш болуп турасыңар. Карс уруп чоң кусокту түшүрдүм. Куй ысык суудан, ии, эми чукугунуң. Чын эле бир-эки чукуганда Бенжамин аксакалдын покко шыбалган үч башы тең түгөл бойдон чыга келди. Келиндин сүйүнгөнүн айтпа. Көзү жашылданып турат, кой десем болбой эки бетимен өөп жиберди.

– «Банктын» адресин эми өзгөрт.

– Эмне дейсиз байке?

– Акчаңды жанагы жериңе тыкпай, белиңе эле байлап таңып жүр дебатам, күч-кубат да болот, туалетке кирсең да мишайт этпейт.

– Казак милийсалар тийбес дебеле ошояка жылдыра койгом, болбосо башкале жерде болчу.

Аа бечара аялзат, амалың кырк эшекке жүк болгон менен баары бир акылың чоркок. Бирок акчасын тапкан келин алиги убада кылган сүйүнчүсүн берген жок. Унутуп калдыбы же ушуларга сүйүнчү бергенден көрө дедиби…

Казалы, Казакстан

Деги ушу поюзда эрикпейсиң. Сөзсүз бирдеме болот да турат эй... Ысыгыраак тамагы болсо ичип алалы деп напарнигим экөөбүз вагон-ресторанга барбайбызбы. Отурсак кайдан-жайдан төрт казак жигит кирип келип жаныбызга отуруп калды. Төртөө тең бойлуу, шыргыйдай немелер экен, опокшош кара тери плашчан. Чачтары кыпкыска, чыкыйларын тасырайта кырып алышыптыр. Адеп тынч сүйлөшүп отурушту. Анан улам ичилген арактан бир топ кызып калышты. Бир убакта бирөөсү плашын чечип ыргытты да, ыстыканды кармап тост сүйлөй баштады. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, сол колунун каруусунда кадимки фашисттик свастика байланып жүрөт.

– Я поднимаю тост за великую казахскую нацию, – дейт, кебетесине караганда бул төртөөнүн «фюрери» ушунусу окшойт. Шилекейин чачыратып көпкө дөөдүрөдү. Иши кылса казактан чыккан эле жаңы Гитлер, атаңгөрү. Болгондо да башка жер куругансып ушу Арал менен Саксөөлдүн ортолугундагы кудай унутуп калгансыган кумсаң какыраган ай талаадан чыга калган Гитлер-көкө... Шумдугуң кур, угуп отурсаң өзүнчө эле «Майн камф» кысталак. Көпкө сүйлөп келип бир жерине жеткенде «Казактан башкасы киши эмес» дегенде дароо напарникке айттым: «Срочно бир бөтөлкө келтир, анан «фашисттер» менен сүйлөшөлү». Ни х...я себе, кыргыздын поюзунда, демек Кыргызстандын территориясында кайдагы бир самопал Гитлер казактан башкасы киши эмес деп моминтип дөөрүп атса мындай кордукка проводник башыбыз менен кантип чыдайбыз я? Начальник поюз, анан Гальпер шеп кечирсе да, урпактар биз Каныбек экөөбүздү кечирбес. Ошентип намысыбыз келип, 100 грамм менен кошо башка тепкен ызабызга ысып мына-мына "За родину, За Сталина" деп тура берээрде тээ арткы бурчтан үн чыкты:

- Эй башист, оо...оз, оозуңа кар... карап сүйлө, ык(!) а мы тухумы Ман... Манаса! Понил а?!

Карай салсак орто жаштардагы челнок кыргыз, нормальный кызуу. Ой маладес эй, ордунан туралбай калса да достойно сүйлөп койду. А биз болсо кадимкидей тапка келип, Гитлер эмес, Наполеон болсо да өлбөгөн жерде калышканга шайланып калдык. Поюз өзүбүздүкү, тамтыгы чыгып шалдырап турса да, өз үйүбүздөбүз, тигине жадагалса ашпозчу да чөмүчүн колуна кыса кармап, тишин кычыратып туру. Кеттик десең эле бүттү. Эшик шарак ачылып, бакыбат төрт милийса жигиттер чуркап кирди. Зыяпаты тамам боло элек "фашисттерди" сходу тампылдатып киришти. Эки "фашисттин" колу кишенделип, экөө качып берди. Бирөөсүн бутка тээп биздин балдар жыгып берди, жанатан бери казакты арий кылып аткан "Гитлер-баур" акылы жок бир кайсар болсо керек, терезени тарс сүзүп, түз эле сыртка ыргыды. Поюз кай ылдамдыкта баратат билбей калдым, бирок соо калган жокко, сөөгү сөпөт болду го...

Ст. Арал, Казакстан

Баары тынчыган соң баягы бурчтагы масты эстедим. Жанына барсам, отурат чекчейип. Өчүп калыптыр. Сыйлап коеюн дегем. Тили күрмөөгө келбейт. Бирдемелерди булдуруктайт. "Эй Жамила, остав меня покой" дегенин точно угуп калдым. Аялы деп айтып атканы го... Өзүмчө толкунданып, мекиренип кеттим, чүт көздөн жаш чыгып кете жаздады. Карачы ай, өзү кай ахывалда отурат дагы "Жамила, айланайын, жайыма койчу" депатканын эй... О энеңди урайын Жамила, мунун жүрөгүнүн сары суусун алып, канын ичип бүткөн экенсиң го жылаан... Колтуктап вагонума алып кеттим. Бир боор, бир жигер кыргызым!.. Даже сенин мас болгонуң да майдай жагат! Кыргыздын кайф болгону өзүнчө эле экзотика, анан... өлө коркунучтуу! Кыргыз мас болгондо орусча сүйлөйт, мейли Ат-Башынын Каракоюнунан же Лейлектин Баулунан, ана, бар Таластын "Май" колхозунан, өмүрүндө орус көрбөсө да пофик, кадимкидей орусча урдуруп кете берет! Өмүрү орус көрбөгөнү да мас болгондо эле орусча кетет. Бул бир табышмактуу, сырдуу көрүнүш, өзүнчө эле феномен! Дүйнөнүн башка элинде мындай укмуш жок ко дейм. Окумуштуулар мына ушуну изилдеп чыгып, ачылыш жасаса болмок жөн эле айлык жеп коюп отура бергенден көрө.

  •  

Айылда Лачынбек аттуу досум бар, сабаты кемирээк эми, фамилиясын жазганда пастоянна Чаткараева деп жазат да... Бирок белдүү механизатор. Ошо дос стройбатта өлө кызмат өтөп дембил болуп айылга кайтпайбы... Кургур Лачыкең стройбат болгондо да курулушта иштесе мейли элечи, эки жыл бою жалаң хоздвордо чочко кайтарып келип, анан дембелге кайтып, тетиги биздин чекке жакын Кожентке самолет менен келип түшөт. Аэропорттон минип келген таксисин чайхананын тушуна токтотуптур да кирип ошоерде отурган абышкалардан орусча сураган экен: "Ыздрасти старик, бу Чаткараныкы уй кайда?" Анан кантсин, кыргызча унутат да... Бечара дажы Чоткара аяш атамын атын туура айталбай калыптыр эй…Болгону орус көргөнү ошо армияда.

Лачын шериктин мас болуп алып, гаражда кийин да кадимкидей орусча урдуртканын угуп оозум ачылып калган. Баса, бул солдатка барганда присяга берээри менен эле эртеси курулушка алып барышкан экен ротанын жарымын. Туалетке барымыш болгон Лачын дос башындагы каскасын чечип бийик кабаттуу имараттын көлөкөсүнө отура калган окшойт. Он тогузунчу кабаттын крышасында болсо стариктер жатат күнгө какталып. Улам ылдый жакты карап коюшат, бирди жарым Лачындай темселеген келесоо молодойлор көрүнө калса дароо мелдешип кирпич ыргытышат, тийсе тийип калды, тийбесе жок. Буларга эрмек ушул, эртең бүрсүгүнү дембил болобуз деп тургандар. Лачындын даараткана издеп-издеп таппай, акыры көчүгүн күнгө чыгылыштырып түз эле тамдын так түбүнө отура калганын көргөн «деддер» кубанып, мелдешип кирпич таштай башташат. Бирөө келип так Лачындын башына тийген экен, пилоткачан шордуу башы жарылып, эси ооп жатып калат. Балдар дароо кабар берип, скорый апкетет экен да, эртеси эле часттагы медсанбатка которуп салышыптыр. Старщина барып «Чаткараев, че случилось?» деп сурап калса, тили жок “дудук” Лачын бечара чокусун көрсөтүп: «кирпич издес да, я биздес да» дейт имиш кыскача. Старщина боору эзилип күлүп, мунусун ротадагыларга анекдот кылып жайып жиберген экен.

Бузулук – Самара, Россия

Эртең 8-Март. Жолдо болобуз. Жүргүнчү аялдарды (өзүбүздүн вагондогу) куттуктап коюш керек. Гитарам турат, ойлонбойм. Гитара өмүр бою жан шерик. Райком партияда, исполком, гезит, сельсовет болобу, эмне кызматтарда жүрсөм да кабинетимде, сейфтин артында катылып гитара турар эле. Эми минтип поюзда, служебкада жүрөт.

 Кээде ушундай бир өзүңө өзүң батпаган, буулуккан, жашоодон аша кечип кетчүдөй учурлар болуп кетет го, ошондо гитараны колго кармап сүйгөн ырларымды ырдап кирем. Рыспайдан тартып ар жагы Высоцкий, индийский ырлар, өлөңдөр, хорезм лязгилери, бер жагы "Ой тобо", "Алымкан", иши кылып репертуар тизеден. Эмкилердин "жегениң шакалат, өзүңө жарашат" сындуу акмак чалыш ырларын пистелет такаса да ырдабайм. Баса ошо ырды Бек Борбиевдики дейби...

Гитараны моюнга асынып алып вагондо жүрөм, кай купеге кирип отурам, ошоерге бүт вагон чогулуп калат.

"Уважаемые пассажиры – женщины! Я сегодня пою для Вас" деп кыскача бир-бир кыйкырып коем.

Суранышат:

– "Алма гүлүн" дагы бир кайтарып коюңузчу?

– Давайте еще раз "Малиновый звон!"

– Братан, сбацай "Охоту на волков" а? Есть че нибудь про афган?

– Ой дат кайтар! Өпкө жүрөктү эзип жибердиң го?

– Кем бовоң акам, баягы "Сангамдагы" Радж Капурдун ырын дагы бир кайрыбасаңыз бовой калды.

– Байке, "Нарындан жазган салам катты" чогуу ырдап коелучу?

– Правадник ака, ха кани кетдик: "чаки, чаки бароми бахор ширин ааз..."

– Ака, Ибрагимдин "Жаш сулуусун" билесизби?

– Жок.

– Нимеге билбейсиз эй?

– Андай ырларды ырдаш мага западло.

– Сынок, проводник, хоть 100 г? Нет! Да тебя на сцене петь надо, а не на поезде кататься. Просим "Соловьиную рощу"!

– "Алымканды" сокчу, мен алып жиберейин брат?

– Спать дадите или нет, прямь ужас какой-то!

– Эй женщина, твой праздник, ты малчи а?

– Просим Вас пройти в соседний вагон!

– Биздин вагонго да баш багың эй шеп?

– Эй акам, мен битта бийлеп коеюнчу?

Ушинтип 8-Март тос тополоң түшкөн биздин сегизинчи вагондо ыр менен өттү.

Ст. Пенза – Кинель, Россия

Вагонду өткөрүп алып атабыз. Бу деген 38 матрац, 38 одеял, 38 кашык, 38 ыстакан, 38 кийим илгич ж. б. толгон-токой жол оокаты. Дүпүрөп бир короо комиссиясы да өттү. Булар ар бир вагонду аралап анын рейске даярлыгын көрүп чыкчулар.

Арасында бир санврач бар. Мурда көмүр жаккан кочегаркада иштеген неме дешет. Өзү да көмүрдөй капкара, иреңи куник жигит. Кудая тобо, киши да ушунчалык серт болобу, жылдыз дегенден түсүндө эч нерсе жок. Жеткен кеңкелес, бүткөн турган турпаты жалаң арамдыктан куюлгандай тобо. Текшеримиш болуп келип канды ичип жиберет. Жарасы эле акча. Көбүрөөк ыргытып койсоң астыңа жата калгандан кайра тартпайт. Өңү да кара, ичи андан бетер кара. Мындай карашалтак сандалбаптар кайдан санврач болуп чыга келет акылың жетпейт. Жылтырата жуулган ыстыкандын ары жагынан кокус түндө чыга калса жүрөктү түшүрөөр тултук бети туптунук көрүнүп турса да "мунуң кир" деп дептерине тыйралаңдата жазып кетет да, удостоверениеңди тартып алып, бербей артынан салпактатып күйдүрөт. Кыскасы орус айтмакчы, "из грязи в князи" болуп кара көрдөй болгон кочегаркадан минтип чыга келип галстук байланып, чала-була орусча сүйлөмүш этип, көмүрканада тоңкобаш атып жүргөн күндөрүнүн эсесин, ызасын проводниктерден чыгарып жүргөн чагы окшойт бул чумориктин. Элди кыйнагандан "кайф кармаган" мындайлар резервде толтура дечи, бирок мунуку абдан жанга батып кетти.

Өткөн рейсте да келжеңдеп тийишип, напарниктин удостоверениесин алып кетип калды. Напарник дааратканага кирип туруп, элүү сомго сийип, анан үстүнө түкүрүп туруп колуна карматты эле унчукпай чөнтөккө уруп, дакүмүтүн кайрып берди. Байкаган да жок. Башка айла калбаса проводник байкуш ушинтет да анан... Бир жолу түн ичинде санврач резервде темселеп мас жүргөн экен, проводниктер мүшөктү башына кийгизе коюп, жүндөй сабашкан болчу. «Экинчи кимиңерге тийишсем ит болоюн» деп атып араң кутулуп кеткен. Ошондон кийин эсине келип, бир топко «өчүп» жүрдү. Бирок бара-бара баягы кейпине бат эле кайра келип алды. «Бүкүрдү көр гана түзөбөсө…» деп бекеринен айтышпаптыр.

Бишкек, резерв

Москвага кетип баратабыз. Бишкектен бир кытай отурган. Эки орус аял анан бул, үчөө бир купеде кетип баратат. Болгону үч-төрт орусча сөз билет экен алиги кытайың түшкүр. "Милийса плоко, проводник карошо, вотыка (арак) карашо". Билген сөзү ушул, бүттү.

Кытай деселе табышмактуу Чыгыш, ажыдаарга табынган сырдуу калк, кунг-фу, Шаолинь, Брюс Ли, Джеки Чан деп элестетчү элем. А мынабу кытай болсо, тынбай быдылдаган тантык, өпкө дегенден эчтеме жок желпинген мактанчаак, жыртаңдаган жалап, анан да... жеткен оосурак экен. Жанагы баштап көргөндө "оо, иностранец, китаец, какой симпатичный, культурный и улыбчивый" дешип, жетиналбай атышкан эки орус катын Кызыл-Ордого жетпей "жогот эле жогот, мунуңду" деп чырылдап чыкпаспы. Эмне болду десем "иди в купе зайди, сидеть невозможно уже" дешет. Кирсем кызуу кытай шакылдап жаагын жанып отуру. Мен түшүнгөн жокмун эмне болгонун. Анүстүнө мурдум да жыт сезбейт. "Да он пердун проклятый, товарищ проводник, ты че совсем нюх потерял?" деп жарыша чырылдап башташты эле жаңыдан, дал ошол кезде кытай ыржайып, "момент" деди да, бир жамбашын көтөрүп туруп даңк дедире «мылтык» атты. Олда энеңди урайын, бул даана келесоо, жеткен көк мээ турбайбы, же атайлап бизди шылдыңдап атабы деп "ты чо Жеки Чан, офигел совсем или обарзел, ты че делаешь китаеза?!" деп коколомуш этсем, ийин куушуруп, композ болуп калды таптакыр.

«Вот, вот видите, а мы значит сиди и нюхай да?» Берки экөө жарыша быжылдап ийишти. Буларда минтип, элдин көзүнчө тарсылдатып жел чыгарып оосурган өөн көрүнүш эмес окшойт деп калдым. Оосурактыгы аз келгенсип, чала-була аңгилиги да бар экен бул падариңа наалаттын. Мас болуп алып түндө экөөнө секирип көргөн сыягы, орустун аялдары мындайларга оңой менен алдырабы, "ах ты кобель, пердун вонючий" деп туруп экөөлөп жулмалап, акесин окутушуптур ойда. Ошондон бери башкага алы келбей, буларды жалаң "газ" менен тумчуктуруп, "террор" жасап келаткан чамасы, же ошентип өч алып келаткандагысыбы, иши кылып, бу китайский мээде эмне ой барын ит билеби...

Эки аялды башка орунга котордум да, Оренбургдан чыккан эки вьетнамды үстүнө кийирип таштадым. Эми жыттыгышып, жытташып жата бергиле тосток көз туугандар... Кийин коридордон жолугуп "правадник плоко, баба нету" дейт кытай дос. Неңди урайын оосурак, «аялдарды кайда жоготтуң» деген таарынычы го...

Ст. Түркстан, Казакстан

Орустун орошон ырчысы, доошун укканда жан-дүйнөңдү титиретип ийээр Людмила Зыкина "Ах Самара, городок" деп даңктап, ырга салган ажайып көөнө калаа, накта шакалаттын мекени Самарага жетип токтодук. Оозго салсаң өзү эле эрип кетээр шакалаттын түр-түрү жайнап туру перрондо. Бишкектин базарларына да соодагерлер ташып барып басып таштаган ушу азыкка суктанып, көз жүгүртүп турсам, жаңы эле түшкөн орус аял (Бишкектен бери келаткан) тосуп чыккан туугандарына айтып туру: "Еле доехала, в Средней Азии столько русских убивают, в составе полно трупов везут" дейт оозу-мурду кыйшайбай туруп! Тигилери болсо жакаларын кармап эле туруп калышты. Ошоерден эле бакырдым:

– Ты, старая женщина, как тебе не стыдно?! Че ты несешь а?! Не боишся своего бога, что такое говоришь? Где ты видела трупов? Нука пойдем покажешь, – дебеле жеңден тартып кайра вагонго сүйрөдүм. Туугандары мага жабышышты. Эл чогулду, милийса келди в чем дело? деп. Айттым. Менин вагонумда келаткандар маган болушуп тиги алжыган как баштын абийирин айрандай төгүштү. Айта койгон тантырак сөзүнө өзү да бушайман болду шекил, унчукпай туугандарын ээрчип кетип баратат. Ушундай сасыткы адамдардын айынан элдин ортосу ыдырайт да... Туурабы?

Бул го ичкен кудугуна түкүрүп, Кыргызстанды жаманатты кылып Орусиясына жетиптир, эми биерден жыргап кетем десе керек. Дагы башка бир орус аялды билем. Оренбургга жетпей Сорочинская деген жерден дайыма биздин поюзга отуруп Бишкекке келип кетет, же көтөргөн жүгү жок. Бир жолу сурадым. "Бишкектен Россияга көчүп келгенибизге 6-7 жыл болуп калды балам, – дейт, – ошого карабай отурсам, турсам санааман Кыргызстан, Бишкек кетпейт. Кылган ишим колуман түшүп, сагынычым алып учат да турат. Же кайтып баралбайм. Колуман келгени эле ушул – поюзга отуруп Бишкекке жетем, ак карлуу тоолор көрүнгөндө эле жүрөк зыркырап, демим кыстыгып кетет. Өмүрүмдүн теңинен көбү өткөн бул шаардын ар бир тереги, адамдары ушунчалык көзүмө ысык көрүнөт, бир четтен өөп чыккым келет. Үйүмө жетем, аны сатканбыз, эми ал жерде баары чоочун. Көзүмдєн жаш чубуртуп айланчыктап жүрүп-жүрүп кетем, ар бир ташын, кашаанын ар бир тактайын колум менен сылап чыгам. Өз үйүм, өлөң төшөгүм, кечиралсаң кечир мендей акылсызды дейм. Баары баягы ордунда, жалгыз гана өзүм жокмун. Талаада калсын ошо Сорочинскиси, көрөөргө көзүм жок, эси дартымдын баары эле биякта. Ошон үчүн минтип жүрбөйүмбү, антпесем кусалыктан жүрөгүм айрылып кетээр". Мына сага! Буларды эмне бирөө кубалап атыптырбы, кыргыздын пейилиндей пейил барбы да, кыргыздай даргөйү кең калк барбы бу дүйнөдө...

КМШ дейби, СНГ дейби, биринде да окемдерге кыргыздай жакшы мамиле кылган эл жок, прибалттар, армян, грузинди бери кой, мына бу эле өзүбек, тажиктер эмне кылып атат буларды көрүп атабыз го...

Ээх дүйнө...

Самара, Россия

– Эй мышмыйган өлүгүңдү көрөйүн, алдыгы жүлжүк көз көзүңө айчүрөк көрүнүп атабы я?! Жок дегенде жаныңда турган менден уялсаң боло?! Аялыңмын го кантсем да, көзүм тирүү турат ко?! Эмне кылаар экен деп калп эле уктамыш болуп калсам… карачы бу бети жоктун кылып атканын. Шашпай тур, үйгө жеткендеби, сен акмак менен өлбөгөн жерде калышам!

– Койчу эми, Катя, сапырылбай. Эмне болуп кетти анчалык?

– Эмне болуп кетти деп коет ары жок. Атаңдын башы болуп кетти. Жамбашынан сыйпалап өлүп баратат ай, ой тобоо!

– Ой эже, болду кылың энди, акам бир аз эркекчилик кылып койду да акыры.

– Сен акаңа адвакат түшпөй жат ары!

Күйөөсү, аялы ушинтип түн жарымында вагонду үч көтөрүп ызы-чуу болуп атышат. Атаны энеңди урайын айе, жоон-туурасы бир бу Катя ханым өзү да бир аз кызуураакпы назарымда, эрин кууруп, тирүүлөй казанга бышырып жегени калды. Байкуш күйөө корголоп эмне кылаарын билбей абдырап туру.

– Эй, разборканы үйгө барганда кылгылачы, эмнеле вагонду башыңарга көтөрөсүңөр я?! Коммерсант эмей эле ит болуп калдыңар го. Эмнеле айкырып атасыңар жалгыз экөөңөр бараткансып?!

– Мобул айкыртып атса айкырам да. Каратып туруп бирөөнүн жамбашын сыйпалап...

– Кайгыңар ошол элеби? Ичип, тоюп алып көзүңө көрүнүп аткан го?

– Сен правадник, антип деловой болбо, мишайт этпе, бу деген семейный сөз болуп атат!

– Түкүрдүм сенин семейный сөзүңө! Элге тынчтык бер, мен ошончүн келдим, тынчыбайт экенсиңер, мен башкача сүйлөшөм анда. Давай атбой!

Унчукпай калышкансыды. Басып кеттим. Бу башка кеп. Карасаң "жамбашын сыйпалайт" деп ичи күйүп алганын. Гитарадай болуп жакшынакай кооз жамбаш жаткан болсо, байкуш эркек напсиси агылып кетип колу тийип кеткендир эми... Ошого ушунча ташпиш кылып... Талтөөндөй жамбашыңды итак өмүр бою кармап келатпайбы же ал жамбаштын көз кычытып, кызыгаар жери болсочу...

 Жөн койсоң булар ушинтип энең байтал жарамазан айтышып отуруп, анан вагон ичинде кубалашып, мушташып акыры биринен бири травма алышып тынат эй... Ошондо да жоопкер мен болом.

Чапаево, Россия

Чоң жаңылык – Луговойго казак туускандар бажы постун ачышыптыр. Анысы болгону эки азамат. Акырын тамырын тартып байкасам сибирдин кийиз өтүгүндөй тупой жигиттер. Эмне жумуш кыларын өзүлөрү деле дурустап биле беришпейт окшойт. Бирден инструкция колтуктарында. Анан колдорунда бирден иштебеген радиотелефон, жөн эле сүр көрсөтүүгө, салабаттуураак сезилгенге го... Экөө эки купени текшерип атышат. Эми ортолору бир эле метр. Ошого карабай радиотелефондон улам бири-бирине урдуруп коюшат:

– Первый, первый, сообщи свои координаты, прием, – десе тигиниси да уялбай жука дубалдын ары жагынан туруп:

– Второй, второй я в третьем купе, у меня нармално, прием, прием, – деп боорду эзет. Күлө турган киши жок эй бу келесоолорго. Бир маалда "байланыш" үзүлүп калды шекил, бирөө башын соройто чыгара калып:

 "Эй акеңин оозу Аргынбай, бери карашы!?" десе, анысы "немине айхайлайсың, турмун го касыңда, айта бер" дейт.

Кийин ошолорду мазактап жиндерине тийип жүрдүм, "прием, прием басакелер" деп баштасам эле чычалап кетишет. "Картөшкө апкелип берчи" дешет. Макул деп коюп кийинки рейсте чачты тасырайта кырдырып, мурутту алып Луговойдон өттүм эле, тааныбай, мени көрүнгөндөн көпкө сурап издешти. Өзүмдөн да сурашпадыбы. Кийин чач өсүп, мурут ордуна чыкканда биринен бири озо чуркап келишиптир "Эй мурут, мурут, сен бизди картөшкө акелем деп алдап кеттиң гой" дешип.

Луговое, Казакстан

Москвадан кайра кайтып келатканда дайыма Чимкенттен кыргыз аялдар тобу менен отурат. Булар тамеки бизнесчилер. Сигарет ташып барышат Бишкектин базарларына. Жалаң Баткен тараптын келиндери, өзүмдүн жердештерим. Бирок мен муну билдирбейм. Бу жолу да түшүштү. Сыртта басып тургам. Кирип атканда санасам сегиз катын отурду. Поюз жылып жөнөгөндө кулактарын кесип келейин деп барсам бирөө жок. Бирок сегиз сумка турат. Демек, ал аял ушуерде. Жетөө эле түштүк дешип кулакты "ушалап" атышса да, сегизин өз көзүм менен көргөм деп атпайымбы.

Э мейличи дедим да акчаларын жыйнап бери бастым. Томолоктоп жыйнап койгон эки, үч матрастын ылдыйкы полкага чачылып калганын көрүп жиним келип кетти. Улам-улам жыйнай бергидей эмне мен буларга... деп сөгүнүп, үчүнчү полкадан жанагы аялдардын сумкелерин тартып түшүрө баштадым. Үнчүсүн кармап ылдый тарткандале ичинен "И, ии, токтоң" деген мыңгырлаган үн чыгып, эсим чыгып кетти, чочуп кетипмин. Келме келтирип туруп "эй, ким бул" десем оозу ачылып аялдын саксайган башы көрүндү. Баягы дайынсыз жоголгон сегизинчи аял – чүкөдөй келинчекти сумкеге уруп, үчүнчү полкага ыргытып ийишиптир эй! Ошол жетпей аткан бир байкуш ушул тура.

– Түшүң паска, өлүң ээ шайтан, – дедим, – бекинген жериңди кара я? Эмне жаныңа мынча күч келди?

– Пулум йок эде.

– Йок болсо айтпайсыңбы анан сумкеге кире качпай?

– Энди эптеп жетип алышым керек да?

– Азыр Жамбылдан түшөсүң, – тийише баштадым.

– Коюң мусурманбыз.

– Түшөсүң.

– Бир аз пулум бар.

– Всеравно түшөсүң.

– Үстүгө жарым блок сигарет кошуп берейин ака.

– Эмне сигарет?

– Саратон, бес пилтр.

– Түшөсүң.

– Э барың дагы эки пачка "Самел" болдубу энди?

– Дагы эмне товарың бар?

– Кулагыңызды берирээк тосуң... Некин ону эч кимге айтпайсыз. Мен азыр …сизге… өзүңүз каалаганча… мм?

– Уят эмеспи, эриңдей болгон кишимин.

– А өлө калың, эримдей эмес эле, акамдай боп турасыз.

"Аялдын акылы, алигисинин учунда" деп эски кишилердин айтканы чынбы, же арып чарчап, уйкусуздуктан көздөрү канталап кызарып турган мынабу аял байкуштун акыркы айласы түгөнгөндө ушинтип тургандагысыбы, айтор жанатан бери шакаба чегип эрмектеп атканыма жиним келе түшүп, өзүмө-өзүм жакпай кеттим. "Апам акча таап келет, нан таап келет" дешип көздөрү төрт болуп, жол карап акыйып күтүп балдары отургандыр... А мен болсо бу шордууну минтип сумкеден кармап алып мыскылдап турумун.

– Бар жат, эс ал карындашым, мен сени баятан бери жөн эле эмне дээр экен деп сынап, тамашалап койдум да. Мындан кийин чыксаң Бахтияр акенин вагону кайсы деп келип кире бер. Сумкеге кире качпа эми, үчүнчү полкадан кулачу болсоңбу...

– Сигареттерди апкелейинби?

– Сигареттин, эчтекенин кереги жок, бар, жата бер...

Чимкент, Казакстан

Рязандан бери Оренбургду карай бир короо артисттер отурду. Отуздай киши. Чалкалап жатып келаткан "коен" челнокторду кууп салышып, өз орундарын ээлеп алышты. Жер-суунун баары балалайка, скрипка, барабан, контрабаска толуп, аралашып эле жатып калдык. Угушума караганда орустардын атактуу фольклордук ансамбли имиш. Бу артис дегениң тышы жылтырак, ичи анча дурус эмес калк болот турбайбы... Анүстүнө орус орустугун кылбаса жөн туралабы, вагондо түндүн жарымы ооп баратканына карабай, массовый пянка-гулянка башталып кетти. Арасында алты "коен" челнокторубуз, анан напарник экөөбүз жүрөбүз. "Коендун" бирөөсү бу да өз маалында манделин ойноп, айылдагы үлпөт кечелердин гүлү болуп жүргөн неме экен, балалейкени дыңгыратып "Алтынчы күнү кечиндени" бир сокту эле дейсиң, алагүү орус балалейкечи жетиналбай бетинен өөп, көзү жашылданып ыйлап ие жаздады.

"Кыргыздардын кандай ырдаарын буларга бир эстен кеткис кылып көргөзөлү" деп ордунан тура калып, Бишкекке алпарып сатам деген жумурткасынан 2-3тү чийки кулкулдатып жутуп жиберген Салима деген өзгөндүк, алп тулкулуу коммерсант келин (өзү да, үнү да Ольга Воронецтен, Зыкинадан ашса ашаар, асти кем эмес) "Эсимдени" созолонткондо тигилердин оозу аңкайып ачылып, катты да калды. "Вот это голос", "Какой мощный голос" дешет. Салимахан да аянбай безеленип бир топко ырдады баягы «Жамиладагы» Данияр арабакечтей. Кол чаап атышат, "Браво, бис" деп атышат.

Бир маалда бирөө жеңден тартат, карасам дагы бир "коен" Сапарбай аке. Шире кызуу.

– Эй шеп, тукумбаз келинчелик бизде-ям эле талант-маланттан бар. Анаву гыжжакты (скрипка) биякка алың, бир кол көрөйүн – десе, жанындагы аялы окшойт, айтып калды:

– Аа өлүң а, паңшактай (айрыдай) колуңуз менен сизге искрипкага балээ барбы, сурасаңыз нагарасыны (барабан) сураң, бекер пазор болбой.

– Эй катынжан, сен жөн тур, билбейсиң сен, мен гыжжакты ям (скрипканы айтканы) мамалатамын.

Каткыра жыргап күлдүм. Көптөн бери минтип күлгөн эместирмин. Ушундай адамдардын болгонуна шүгүр, ыраазы болуп кетесиң, пейилиң жайылып көргөн азап-тозогуң жадыңдан учуп, жашоо кадимкидей таттуу, кызыктуу боло түшөт эй... Менин карапайым кыргыздарым профессионалдардын алдында сүрдөп, өзүн жоготуп койбой, минтип алар менен аспап талашып "Маруся раз-два", "Ой мороз" дешип теңтайлашып турса сүйүнбөйсүңбү анан. Кептин кыскасы артисттер "коендорумду" кайра колтуктап купе-купеге бөлүп алып кирип кетишти. Марщанскийге жакындаганда таң агарып атып калыптыр.

Эми кыйшайып биртике бут сунуп эс алайын деп жата кетсем, туалетке кирем деп турган баягы Сапарбай акем ийне сайгандай кирип келди. "Э кудай, үкам, туалет бек экен, вагондун ортосуга эле зырылдатып кое берейин деп тамбурга чыга калсам… кысталак, эки эркек артист, бири-бирине чапташып алыптыр эй кысталактар! Алигидей, «голубой» деп коебу, сразым билдим ошолор. Биз анаякта түнү менен сейил кыла бериппиз, бу экөө биякта майшат кылып аткан экен го? Вай кысталак эй, биринчи көрүшүм а?! Энди ниме болот?"

 "Көргөңүңүздөн көрелегиңиз көп акем, кыжаалат болбой жеңеме бара бериң, же сиз да үчүнчү болуп кошулсам деп турасызбы?" "Тооба кылдым, тооба кылдым" деп алып жакасын кармаган бойдон жок болду.

Ст. Марщанск, Россия

Бу рейс Бишкектен Кызыл-Ордонун кайсы бир прокурору (иши кылып темир жолго тиешеси бар) биз менен кошо жөнөп чыгып, Кызыл-Ордосуна кайтып баратыры. Кыйраткан бир иши менен келди дейсиңби, дегеле дейдиленип Бишкекке дегдеп жөнөп калчу казакеңдин майда-чүйдө аткаминерлери көбөйдү. Биерде эмне кылат дейсиң, ары-бери ылымталаштары менен каңгып, кыз-пыз уулап, саунага чөмүлүп-чөмүлүп кайра жүрө берет да. Анысын шайтан алсын, кеп эми ошо поюзда кантип келет, кантип кетет, ошондо болуп атат да.

  •  

Прокурор мырза отургузган орунду чанып, "Штабной вагонуңар ызы-чуу экен, анабы вагондо як кете калайын" деп биздикине өтүп алды. Бирде экиде пуркурор ташып көрбөгөн жаныбыз башта бир аз сүрдөп да кеткенсидик. Анан тигинин кылык-жоругун көрүп туруп сүрдөбөй калдык, бул деле кадимкидей киши сыяктуу экен го, болгондо да ортодон төмөнүрөөк киши тура. Адегенде бизди кул жумшагандай тындырбай ары-бери чуркатып, эсти оодарды. Шефтер айткан "Эмне десе айтканын кылып эптеп чыдап жеткиргиле" деп кайта-кайта. Тишти-тишке басып кетип баратабыз, вагондо кудум эле пуркурор жалгыз бараткандай. Элди караганга чама жок. Баарынан да жанында кошо бараткан "мачалкесиники" өттү. "Мальборо" акелиңдер, кофе хачу, торт хачу" дей берип жадатып бүтүрдү. "Прокурор любовниктин доорунда бир жыргап алайын" дегени го...

Напарнигим келет сөгүнүп "Мальборо" эмес малдын тезегин чеккир энеңди, апкелип берсем "Горьковатый вкус, башкасын хачу, с ментолом" деп кайра экиленип, артка кубалады дейт. Сен барчы байке, улуурааксың, сенден тартынаар" дейт байкуш. Отурганбыз эми эле чай ичип алалы деп. "Правадник!" деп кайра чаңырды баягы. Бул бейжай эсирген катын экен го, кудай чыдам бере көр деп алып акырын басып бардым. Купеге баш баксам пуркурор улук башы менен дубал сүзүп тырайып калыптыр, түрсүчөн. Пол толтура кусунду, көк түтүн, кирип болбойт. "Убирай" дейт жанагы ыраңы суук. Пуркурор болуп туруп тапканын кара мунун, энеңди так сенин… Андан ары калчылдап чыдабай кеттим, эмне болсоң ошо бол деп өзүмдү кармай албай отборный мат-перемат менен шыпырылта сөгүп-сөгүп туруп, эшикти карс жаап басып кеттим. Ойлосом, кайдагы бир подстилка тээ үйдөн чыккандан бери чумобузду чыгарып келатканы аз келгенсип эми кусуп-чычып алып, жуугунуң деп чарылдап айгай салып атканын эй... Пуркурор болмоктон маа десе...

Түн ооду, таң агарды Чилиден өтүп өтпөй дежуркада үргүлөп отурсам маңдайда бир караан тура калды. Прокурор. Мордасын көрүп эле итиркейим келип кетти. Жетпей койдук го жылас болгур Кызыл-Ордосуна... Деңгимас неме "Баш сынып баратыр, бирдеме апкел" дейт. Шкафтан бөтөлкө алып чыгып шалдырата стаканга куйдум, дагы бирине куюп унчукпай сундум да өзүм да басып алдым. Карап эле калды. "Эй саган не болды" дейт. "Сендердин Кызылордого жеткениңер үчүн". "Аа, рахмет" дейт дагы. Аз жерден "Силерден кутулганым үчүн" дебие жаздадым.

Кызыл-Ордосуна да жеттик. Уйпаланып-суйпаланып, прокурор ойношун ээрчип "мачалке" да түштү да, тигини карап да койбой ары басып кетти. Душман көзүнө "чогуу түштү" дебесин деген алдын ала ойлонулган экөөнүн кыйтырлыгы го…

Кийин Кызыл-Ордодон өтүп жүргөндө алиги прокурор бир эки жолу кез келип, эки жолу тең колубузга пакет карматты, ачып карасак арак, эт, чучук салып коюптур.

Чили, Кызыл-Ордо, Казакстан

Вагонду өткөрүп алдык. Баягы-баягы бай кожонун таягы дегендей, мен жүрбөгөн үч-төрт айда темир жолдо бир дурус өзгөрүштөр болуп кеттиби деп дегдеп келсем, баары эле эски нугунда экен. Баягы эле эки жүздүү саясат, планеркада бирди айтышат, жолго жөнөп чыксаң эле туш-туштан жорудай учуп жетип проводникти таламай. Ушу сбор дегенди кай заманда, кайсы акмак ойлоп таап эрежеге, жарыя айтылбас закүнгө айлантты экен. Ылайым укум-тукуму жакшылык бетин көрбөй калсын. Мурда, совет доорунда деле бул балекет оору бар экен, бирок аны азыркы менен салыштырып болбойт дешет эски проводниктер. Эми минтип эгемен жолго чыкканы бу сбор деген балээ ого бетер күч алыптыр да.

 Мурда ревизорлор акчага чыпалактын учун гана салса, эмкилер кош колун биротоло тыгып алышыптыр. Милийса деген поездде такыр болбочу экен мурда, эми милийсасыз поюзду элестетүү мүмкүн эмес. Өгүнү эле бир акмак ревизорду обэппи-мобэппи, айтор артынан акмалаган бирөөлөр мына колго түшүрдүк деп кармап алып тинтип, шаңыраңдашса тигинин чөнтөгүнөн сокур тыйын чыкпаптыр. Ал ревизор жашы алтымышка таяп калган кексе чал, поюзду кудай ургандай беймарал тоноп жүрдү. Аты-жөнүн айтпай эле коеюн. Эмгиче миллионер болуп кеткен чыгаар. Проводниктерди жаман шорлотту го. Кудайын тааныбай, наглеть этип кеткен бул чалды ошол ОБЭПтер акырын аңдып жүрүп колго акча баштыгы менен түшүрөбүз дешсе керек го.

Какбаш чал коркунучту ийнинен сезген доңузча аяр кыймылдап, оперлердин аңдып турганын сегизинчи сезими менен туюп билген окшойт, олчойгон акчаны кай бир вагондун мусур челегине ыргытып таштап, жанакы аңдып тургандардын маңдайына кайкая басып барган го "мына колуңардан эмне келет, алгыла мени" деп. Балдар айтышат, жанагы мусур челектен бир баштык толтура акчаны таап алган бактылуу проводник "жолдон табаарымды кудай Луговойго жеткирбей эле берди, рейсин урдум" деп напарнигине ооз басырык карматыптыр да, Луговойдон түшүп калып такси жалдап кайра үйүн көздөй уруптур. Жетээри менен там, машине алып, короосун толтура мал-салын көбөйтүптүр. Туура, мен деле ошентмекмин. Ревизор чал болсо оперлерден кутулган соң алыстап кеткен поюзду такси менен Жамбылдан кубалап жетип, жанагы акча ыргыткан челекти үч оодара төгүп караса да таш балекет жок имиш.

Бирок ревизорлордун ичинде да киши өңдөнгөндөр болот экен. Мисалга, Чымыр же Чмырь деген аты бар ревизор боло турган. Биз муну бул блатной ысмына караганда зонадан чыгып келген неме го деп жүрсөк, көрсө мунун фамилиясы өзү Чымыров деген кадимки эле кыргыздын сөзү тура. Аны проводниктер эркелетип, фамилиясынан тергеп жүрүп, кийин Чмырь болуп кеткен го… Мына ошол киши карапайым проводниктерге дайыма жан тартып турганын көп жолу көргөм. Ушу кишиден башкасы бүт эле кан ичкичтер болчу. Дегеле ошол жылдарда иштеген ревизорлордун бактысы тоодой экен, акчаны чөбөрөлөрүнө жеткичекти кылып чогултушту окшойт. Дүйнөдө булардыкынан өткөн жыргал жумуш болбосо керек, акча жыйнаган жумуш кантип жаман болсун. Булар акчаны (шабашканы) управлениедеги чоңдоруна, алар өзүнүн долясын алып калып, калганын минтранска, керек болсо министрдин (ошол кезде Акаевдин лаборанты Жумалиев министр болду ) өзүнө чейин жеткиришип турушчу экен.

Ст. Жамбыл, Казакстан

Бул рейсте «против наркоманиябыз» деген төрт казак шимшилеп жүрүп, бир орус келинди кармады. Кудая тобо, кылтылдаган бу назик ургаачыны нашачабарман деп ким ойлоптур. Ээрчиткен эки-үч жаштагы баласы бар."Готовся, сейчас снимаем" дешти.

"Оо, енди кудай буюрса пагонго тагы бир жулдыздан тагамыз гой көкө" дешип шанаңдап турушту. Мага бир бөтөлкө куюп бергенден кайра тартышчудай эмес. "Эй басакерлер, мындайда бирдеме деп койбойсуңарбы унчукпай кете бербей" деп тийишип койгом. Аял болсо жүгүн жыйнап атыры. Наша бар деген түйүнчөктү колтугуна кысып казактын менти сигарет тартып ачык терезенин түбүндө отурат кырын минип. Мен болсо служебканын эшигинин жанында тургам. Бакылдап аткан. Бир убакта эле жанагы келин мышыкча шып жылып келип, тигинин колтугундагы пакетти шарт жулду да колундагы учтуу бирдеме менен заматта тилип-тилип жиберип сыртка ыргытты. Ичиндегиси арылдаган шамалга талаага бүт сапырылып кеткенин көзүм менен көрдүм. Мунун баары ушунчалык тез болуп кетти дейсиң, тиги казак "ой бай шешеңди" дегенге гана үлгүрдү.

Луговойго жеткенде "давай түш" деп омуроолоп көрүштү, бирок тиги келин "мегиле" деп баш бармагын эки манжасынын ортосунан сырайта чыгарып көрсөттү. Керек болсо провакацияңар үчүн жооп бересиңер деп зиркилдеп кирдиле, беркилер аргасыз артка чегиништи. Далилин колунан каратып туруп жулдурган бечаралар сөгүнүп алып түшүп кетишти.

 Чабарман орус келин мындай опуртал чабыттын далайын көргөн неме окшойт, бетинде бир да булчуң чым этип койбогонун жана колуна кишен салып атканда эле байкагам. Кайтып келатканда алиги "противнаркоманиялар" дагы топурап жүрүштү. "Жылдыздуу болдуңарбы?" десем "жылдыз ушуп кетти гой далага шешең" дешет.

Луговое, Казакстан

Москвадан кайттык. Баягы Кызыл-Ордонун прокурорундай болуп кайтаарда дагы бирөө чыгып алыптыр. Казан вокзалдан мына-ана жылып чыга берээрде бир кыргыз жигит отурган. Өңү-түсү, жылдызы ысык немедей көрүндү эле, кийин карасам жеткен ит экен, кудайдан жөө качып кутулган суволочтардан окшоду. "Шейшебиңер ным экен, одеялыңар кир экен" деп келжеңдеп баштагандале ичимен бир сестенип алгам, кадимки эле кыргыз баласы, минтпеши керек эле...

Чакыртып атат дегенинен барсам, жатат чалкалап, анча-мынча кызуу окшойт.

– Эй проводник, принеси чаю, – дейт өктөм орусча сүйлөп.

– Самоорду өчүргөнбүз, чай эртең болот тууган.

– Давай организуй а?

– Ооба, азыр чуркап жөнөдүм, түн ортосунда сага самоор жаккыдай мен келесоо бекем…

Мындай байкасам койкасынын баш жагында жашыл кители илинип турат. Подполковниктин жылдыздары. Өзү болсо отузга не чыккан не чыкпаган. Военный чамасы. Чай дейби, тамеки дейби, ресторандан напиток апкел дейби, иши кылып талгак катынча ар кайсынын башын айтып эсти оодарды. Же сөзгө түшүнбөйт. Жүргүнчү менен сылык болуш менин озуйпам, бирок бул жигитче чектен чыгып кетти такыр эле. Түнкү саат үчтөр чамасы служебкада үргүлөп отурсам дагы келди темтеңдеп. Озунуп сүйлөп ийдим:

– Эй братишка, эс албайсыңбы эми?

– Че ты такое говоришь а? Ты хоть знаешь кто перед тобой?

– Койдум баатыр, давай эс ал..

– Да я тебя... С работы вылетишь, понил?!

Безге сайгандай тура калдым.

– Эй үкөм, эми сага ачык эле кеп айтайын, капа болсоң койсоң өзүң бил. Сенин подполковник экениңди с…п ойнобойм мен. Сен подполковник болсоң мен бул вагондун маршалымын. Догоняешь! А теперь, пошел нах…й!

Мындай реакцияны күтпөсө керек да, көздөрү тегеректенип, мени менен чабышчудай болуп калды. Жакага асылып жүрөт. Ары жактан напарнигим келе калып, желкесинен алды да артка ыргытты. «Кое тургула, Бишкеке жетели, мен силерге көргөзөм, жумушуңарда бир күн да калбай ыргып кетесиңер!» деди аргасы кеткенде коркутуп.

Аай ата, карап отуруп күйбөгөн жериң күл болот ай, баягы совет доору турганда сендейлер сержанттан ары өтпөй сенейип жүрүп, пенсияга көп болсо капитан бойдон кетмек. Сен эмес тетиги космоско алгач жол салып түшкөн Гагарин деле майорду араң алган. Ал кезде адамдар өмүр бою кара жанын карч уруп, жылдыздан жылдызга жеткичекти өлүп кетээр эле, ушул заманда чоңдорго бир жылкы союп берип, кунуна сатып алган наамына дардаңдаган акмактардыкы өтүп кетти. Ушу сен, жыйырма бештен ашып ашпаган молокосос, ким болуп кетипсиң... Эмне иш жасап алдыгы званиеге жеттиң?! Эмгек менен эмес, атаңын бир жылкысына сатып алган званиеңге түкүрдүм! Мунун оюна койсо мен, сегизинчи вагондун маршалы, Советтик Армиянын катардагы жоокери Шаматов Бахтияр, эми эле "дандырдан чыккан" мына бул гөдөк подполковниктин маңдайында шордуу деншиктен бетер бөйпөңдөп, "ляппайлап" деп турушум керек экен го? Да пошел ты дагы бир жолу! Ошо сага звание бергендердин да энесин урдум, жогеле дегенде "отузга чейин кое тур" дебейби?.. Бу минтип кетишинде элүүгө жетип жетпей генералиссимус болуп кууратат ко...

Ст. Бузулук - Пенза, Россия

Кыргызда "тапкан тапалактыкы" деген сөз бар го, мен да бу рейстен бир банке алтын-күмүш сөйкө, шакек таап алып, олжолуу кайттым. Муну ананыраак кенен айтып берем. Рейске Кылыч экөөбүз чыкканбыз. Луговойго келсек менттер бир "утканы" отургузуп, Жамбылга деп, андан Кылыч шордуу 500 теңгесин ала койгон экен, шак эле взятка деп кармап, колуна кишен салышып Луговойдон чыга электе алып түшүп кетишти. Ай бала, бала ишиң чала да сенин. Ушу Луговой менен Жамбылдын ортосундагы жолго кайсы акмак казак 500 теңге берчү эле да, кайсы акмак проводник аны вагонго сала койчу эле. Жадность губит фрайера деген го, так эле ошо фрайер болду Кылыч братишка. Шүдүңдөп бир казак боорум келе калганы "500 теңге бере калам, ала кал мени Жамбылга" – деп. "А жомогуңду башкаларга барып айт көкө", – деп койгом, кантип Кылычтын башын айлантты экен.

Мен перрондо пасадкада тургам, ичи менен келип отуруп калса керек. Бир майору бар экен, мурун далай эле акча алып жүргөн эле неме менден, "эй шеп, ме алаарыңды ал да, напарнигимди кое бер" десем мурчуят асман тиктеп. Ой энеңди, каадаланган. Рейд дейби, кагаз керек дейби. Урдум мен сенин рейдиңди. Майор башы менен кайырчыдай тиленип эле басып жүрчү неме эле, эми минтип колунан бир иш келип калыптыр, далысын салат эй. Казак милийса менен деги мамиле да түзбөш керек экен, булар менен канча чапташып шилекейлешип дос күтсөң да айбалтаңы койнуңа ката жүрүшүң керек турбайбы. Жыргатып отметка деле берчү эмесмин. 100-150 теңге карматып, кулагын "ушалап-ушалап" кетирип ийчүмүн. "Сен хитрый шал" деп сүйлөнүп, сөгүп кетчү.

Чал десе мен ого бетер кекселенип, какырып түкүрүнүп, "пенсияга жеткиресиңерби жокпу" деп күңкүлдөп баштайм. Өзү менден 10 жаш улуу неме энең, өзүн жаш сезеби же чын эле мен улуу көрүнөмбү, билбейм. "Сага бергенден көрө, өзүмүн кыргыз сержанттарыма бергеним туура эмеспи акеңдин оозун урайын маңка казак" деп тамашаласам кадимкидей чычалап кетчү. Мына ошол алышып-беришип эле жүргөн майор эми минтип сөз сүйлөшкөнгө жарабай иттик кылып туру. Кылычты алып калышты, мен андан ары Москвага жалгыз кеттим.

Төрө-Там, Байкоңур, Казакстан

Жалгыз сапарга чыгып деле жүрөбүз го, бирок баары бир көнбөйсүң, бир капшытың аңгырап бирдеме жетпейт да турат. Анүстүнө жолдо ар кандай окуялар болуп кетет дегендей, ишенич жок. Дегеле алыс сапарга жан шериксиз чыгып болобу... Ошентип Кылычтан жүдаа болуп жалгыз кеттим. Эптеп кырылышып атып казактардан өттүк, алдыда Орусия. Алтынчы купеде эки жигит, эки кыз келатышат. Кыргыздар. Бирок жүрүм-турумдары төтөн башкача. Демейде мындай чогуу түшкөн жаштар вагонду үч көтөрө шарактап шаңдуу үлпөт менен кетишчү эле, булардын купесинен чурк эткен үн чыкпайт. Эмне болгон жандар болду экен... Челектеп, бочкелеп алып чыга калып суу май саткан «Богатое» деген бекеттен ары жылаар замат шыпыргыны көтөрүп калп эле уборка этимиш болуп алтынчы купеге баш бактым.

Ылдыйда эки кыз, жогорку полкада эки жигит. Колдорунда бирден Библия. Бирөөсү терезени карап кадимкидей "Во имя сына, отца и святого духа" деп күбүрөп сыйынып, кудайына жалынып отурат. Кирип барсам тура калышты. Дароо вагондун түйтөйгөн үстөлүнө тамак-аштарын жайып жиберишип "Байке, келиңиз, бир чыны чай ичиңиз" дешет. Пейилдерине ыраазы болдум, бирок баары бир өзүмдү кызыктай сезип турдум. Чынын айтсам динин өзгөрткөн кыргыздарды биринчи жолу көрүп жатышым. Өңү-түсүбүз, чачыбыз, тилибиз бир, кадимки эле кыргыздын улан-кыздары. Анан эле моминтип оомийн дебей "Аминь" дешип, христианча отурушканы өтө өөн сезилди. Бир улут, кандаш болуп туруп, эки жээкте тургандай болуп кетти. Киши жаман эле болот экенсиң. Бул эми биринчи реакция да.

Таанышып, чай ууртап олтурабыз. Тамак жайнап турса да, негедир кекиртектен эчтеке өтпөйт. "Алыңыз, жеңиз, ичиңиз" дешип үзүлө түшүп аткандарына гана тек ичим жылып, сыпайы сүйлөшүп, аңгеме куруп олтурдум.

– Биз баптисттербиз байке, Ленинградга жыйынга баратабыз, – дешти. Ойлорум чалды-куйду сапырылып, эмне дээрди билбей терезени тиктеп телмирип, булардын кебин угуп отурдум. Бир оокумда көкүрөктөн кашкайган бир акыйкат өзүнөн-өзү ачылып чыга келди. Мен өзүмдү формальный мусулман катары эсептейм, бирок мусулманчылыктын, шарияттын үтүр тамгасынан өйдө тутунган жан эмесмин. Алла тааланын кулумун, Мухаммед пайгамбардын үммөтүмүн деген келме гана жадыман чыкпай келет. Ачылып чыга келген чындыктын ток этээр мааниси ушул болду, ааламды жаратып, түгөл башкарган бир кудайдын бар экени ырас болсо, ага ар ким ар кайсыл жол менен барат окшобойбу. Өзүлөрүн кыргыз аташкан, бирок ишеничи же тутунган дини христиан мобул жаш адамдарга карата дилимде адеп ойгонгон чочуңкуроо жоголуп, кабылдабоо сезими бара-бара өзүнөн-өзү мокоп, жанатан бери катаалдана түшкөн туюмум кадимкидей жумшарып чыкты.

Эмнеси жаман, арак ичип, купени көк түтүнгө ыштап же башка адепсиздик кылган жери жок, уурдаба, өлтүрбө, калп айтпа деп какшаган осуяттан аша чаппаган булардын дининен эмнеле мен чочубатам, дегеле жайдак көөдөн, дили көр куракташтарынан айырмаланып көкүрөгү кудай деген чоң ишенимге балкыган, толгон булардын коркунучтуу жери кайсы... Көпкө аңгеме курдук. "Эми мейли, айткылачы, исламдын эмнесин чандыңар, бу динден табаарыңар эмне" деген собол таштадым. Көпкө талашып, жооп айтышты. Бирин түшүнсөм, бирин түшүнбөдүм, бирине ынансам, башкасына ичим чыкпады. Иш кылса, булар өз чындыгын жашырбай ортого салышты. Исламда, менин билишимче, динге мажбурлоо жок деген насаат бар эмеспи. Андай болсо эмне үчүн биздин молдокелер буларды жаман көрүп, элге жамандап, айрым жерлерде түз эле «диниңен кайт» деп коколоп, опузалап, айтор, адамдык абийирин басынтканга дайыма умтулуп турушат дейм да?..

Энди анын баарын жазып олтурсам бир далай кеп болуп кеткидей. Балким өзүлөрүнүкү өзүлөрүнө туурадыр булардыкы да. Өзүмө-өзүм чыгарган тыянак-бүтүмүм бу болду – калп айтпасам, бирөөнүкүн уурдабасам, эл катары мээнетим менен балдарымды багайын деп тоңкобаш атып жүрөм, намазга жыгылып такыба мусулман аталбасам да, көкүрөгүмдө кудай деген сырдуу күчкө ишеним байлап, ага шек келтирбесем мындан ашык ачылаар нээт, динчилдик барбы... Тигилер деле өздөрүнүн акыйкатын тутунуп, кудай жолунда жүргөн пенделер окшобойбу…

 Анан калса мусулманбыз деп сакал коюп, беш убак чекесин жерге урган, мечитке тынбай каттаган менен адам жасагыс иштерди жасап жаткандар жокпу. Катардагы мусулман болсо го бир жөн, муфтий болуп туруп, жаш кызды ваннадан итерип атканы интернетке жайылып кетип, ит болгон молдокени мен эмес республиканын калкы толук көрдү го...

Сызрань, Россия

Москвадан чыктык. Биринчи купеде төрт военный келатат. Перрондон эле отурганда өлө мас болушчу, бири-бирин сүйрөп атып араң чыгышкан. Белеттери Байкоңурга чейин. Космодромдон түшүшөт да. Ошоерде секретный часть бар го кыязы. Булар ошояктын офицерлери, болду болбоду. Ичишет, соолугуп кайра ичишмей, ушинтип Байкоңурга чейин уланып келди, "кел биз менен" дешип кайра-кайра чакырып атышып, мен да "формада" келатам. Булар түшчү бекет түнкү саат бирлер чамасында келет. Тээ акыркы купеде, туалеттин жанында бир келин келатат. Улам суранат башка жерге которчу, жүрөгүм айланып өлгөнү калдым деп. Челнок болуп жүргөнү жетпегенсип, челкейип кош бойлуу да болуп алыптыр. Араң эле келатат, кичине не то движение кылса эле тууп салганы туру.

Түнкү саат бирде алиги военныйлардын станциясына келип туруп калдык. Чочуп ойгонуп кетипмин, так ошоерде тура калганымды кара. Офицерлер өлүктөй сулк жатышат. Поезд болсо биерде ашып кетсе эки мүнөт турат. Шапа-шупа вагондон сүйрөп төртөөнү жерге турсийчен тартып түшүрдүм да, кийим-кече, жүк-мүгүн, белетин колдоруна карматтым: "честь имею господа офицеры, прощайте!" Состав жылды, тигилер дендароо бойдон туруп кала беришти. Жанагы кош бойлуу келинчек уктабай жаткан окшойт, тигилер түшүп кетип, поюз жылган соң дароо жетип келди. Ушул купеге которуп койчу дегенинен макул деп койгом. Эртеси таң атпай самоор күйгүзүп атсам көздөрүн алаңдата мени жеңден тартып служебкага сүйрөп атпайбы… Бу аялдардын оюнда эмне турганын бир кудай же шайтан билбесе пенде билбейт. Кирээрибиз менен эшикти илди.

Менин оюм болсо аргасыздан алиги жакка кетпеспи, ким билет, ай күнү жакындаганы күйөөсү менен жатпай коюп, эми ээн поюзда кокустан козуп чыдабай кеттиби, соо аял ушул ишти кылабы? Бир банке сунат. 200 граммдык кофенин идиши. Оор. Ачсам эле ичи толтура алтын күмүш шакек, сөйкө ж.б. аялдар такчу буюмдар. Маладес аял экен, мага айтпай өзү катып алса болмок беле, болот эле да. Экөөбүз сүйлөштүк. Эгерде жанагылардын бирөөсү такси менен кууп жетсе кайрып беребиз. Бул рейсте келбесе эмки рейсте тосуп чыгышы ыктымал, чыкса карматабыз. Чыкпайбы, экөөбүз по честному бөлүп алабыз. Ага чейин буюмдар менин жол сумкемде жүрмөк болду.Үйгө келген соң жанагыларды каякка катаарымды билбейм, кайда койсом эле аялым барып так ошол жерден бирдеме издеп баштайт. Акырын алып которуп коем, дагы барып так ошол жерди чукулайт да калат. Акыры айлам кеткенде огороттун тээ бир бурчуна алпарып көөмп таштап, жаным биртике жай алды. Кечирээк дааратканага баратсам, эми күчүк так баягы жерди тытмалап атыптыр, көрүп алып жаман жиним келди.

Эс алган алтынчы күндүн эртеси жанагыларды сумкеме салдым да, рейске жөнөп кеттим. Байкоңурдан өттүм, тоскон эч ким жок, кайра кайтып түндөсү жерге түштүм, жанагы военныйлардын бири келбеди. Бишкекке келсем курсагын челкейтип алиги келин келди, күйөөсү бар экен жанында. Таанышып ары өттүк да, олжону убадага ылайык тең ортосунан бөлүп алдык. Ошондо олжону бул аял алып койбогондо тапыраган казактын бирөөсү таап алып энчилеп кетмек экен.

  •  

 Декабрь башталып калды. Проводниктер ичинде дагы сарсанаа, ташпиш башталды. Себеби жыл аягында жолду текшергендер көбөйүп кетет. Анткени отчет керек, кагаз керек. Өлүп-талып болгон текшерүүчүлөрдүн баары жабалактап поюзга чыгып түшө берип өлө жүдөтөт. Мындайда проводниктин эки буту бир кончуна тыгылып, ыйманы учат, алапайын таппай жегени желим, ичкени ириң болгон учур дал ушул кез. Үйдөн чыгып бараткандале бул балээ башталган. Топурап вагондорго жайылып, үчтөн-төрттөн текшерген эле кишилер. Эми олчойгон "сбор" кетет, а жагы эки жерде эки төрт дегендей ачык кеп. Кайсы бирине түтөсүң башың маң. Бербейм деп койсоң өлдүң да. Шак эле төбөңө кагаз жаайт. Ал кагазды анан үч эсе кымбат сатып алууга туура келет. Эптеп бердиңби сборун, спокойно кете бер. Мындай "кыргын кыямат" учурда баягы эле челноктор, атыңан айланайын коммерсанттар ишке жарап кетет. Алар сени айттырбай билип турушат. Жетпеген акчаңы ошолордон карыздап алып берип турасың. Айкын иш, бүгүн сенин ишиң аларга түшүп турабы, эртең эле алардыкы сага түшөт.

Өлүп-талып атып Казакстанды артка таштап Орусияга да жеттик. Составды бу сапар Аваз шеф алып баратат. Көлдүн мыкты жигити. Айырмасы эле "Ысыккөл кээде тынч да, кээде толкун" болсо Абдыкеримов Аваз дайыма кебелбей тоодой салмактуу, бир калыпта жана мелтиреп тынч. Бу жигитте паника деген болбойт, болгон да эмес. Узун трассада дың дебей барып келип жүргөн нака көкжал деп ушуну айтса болот.

 Кылкылдаган Орусиянын жолу коркунучтуу, ичинде кайсы жерде кандай опуртал күтүп турганын билип болбойт. Кыргызстан өз үй, өлөң төшөк болсо, Казакстан боордош өлкө. Неси болсо да өң бир, каныбыз бир эмеспи, кырылыша сөгүшүп атып болсо да казактар менен акыры тил табышса болот. А бирок Орусия...

Ст. Рязань, Россия

Бекерге кооптонбоптурбуз. Марщанскийден жыла берээр менен поюзга жоон топ калдайган москвалык комиссия отурду. Отуздан ашуун папке көтөргөндөр составды басты да калды. Бетегеге жайылган койлордон бетер түгөл поюзда өрүп жүрүшөт. Мындайда өзүлөрү да дурус түшүнө бербей калат сыягы. Көпчүлүк болгон жер ошондой да.

Аваз шеф баягы эле калыбында. Тоо урап түшсө да былк этип койчу түрү жок. Болгону улам бир тамекинин артынан экинчисин күйгүзүп түтүн үйлөп турганына караганда ички чыңалуусу күч экени байкалат. Күч болбой анан... Нерви жука башка бирөө болсо бир жерден секирип түшүп дыр коймок, эчак "коен сүрөтүн тарта" бермек же башын ала качып, жүргүнчүлөрдүн ичине уруп кирип кетмек, формасын чечип ыргытып. Биздин штабнойдо да беш-алты орус тытып жүрөт. Дежуркада отурсам бири кирет. Формачан абышка. "Попить есть че нибудь" дейт. "Может пятьдесять грамм?" деп жантыгымдан жата калдым эпилдеп. "А давай, только не больше". Кайдан, улам ичип отуруп кадимкидей жибиди. Союзду эстеп бир сыйра көз жаш да чыгарып ийдик. "Ты хороший парень" деп байкуш улам бетимен өөп кучактайт. "Пока я здесь сижу, твой вагон никто не тронет" дейт. Бир экөө келди эле, бу кишини көрүп шак эле кайтып чыгып кетишти.

"Мой хороший друг был, Шабданбеков Насыр звали, знаешь такого железнодорожника?" деп калды. Толук өзүмө келдим. "Как же не знать своего родного шефа? Да он сейчас начальником резерва проводников. Вот с рейса аллах даст приедем, обязательно привет ваш передам" дебийдим айталектеле. "Зайди и скажи, Борис Анатольевич привет тебе шлет. Хорошо?А теперь давай еще по 50, нет по 100 за моего друга Шабданбекова. Вот такой(!) парень был".

Ошентип абышканын көңүлүн ачам деп ичишип отуруп вагон да калды, коммиссиясы да калды же кетирбейт кишини, айла жок отурдум. Түшөөрдө экөөбүз тимеле 2-белоруссиялык фронтто бир болгонсуп катуу коштоштук, араң түшүрүп кетишти. "100 сомуң болгончо, 100 досуң болсун" деген баягы даанышман сөз ушу турбайбы. Көрсө пулуң бүт эле учурда ишке жарай бербейт экен да.

Рязань, Россия

Ушул жаңы жыл астындагы эң акыркы рейс кудай жалгап тынч болду. Өткөндөгүдөй топураган комиссиясы да жок, дайыма графиктеги ревизорлор басып-баспай эле түшүп кетип жатышты. Жүз, эки жүз теңгелик казак милийсалар эсепке деле кирбейт дечи. Орустун милийсалары эле ыйман ынсаптуу атаңгөрү. Булар казакеңчилеп түз эле момунча келе деп манжасын көрсөтүп кирбейт. Сылык-сыпаа саламдашып, документин көрсөтүп ким экенин айтып анан кирет. Дегеле орус мусулманга караганда бир топ ынсаптуу болот окшойт. Алгандары 10-15 эле рубль. Аны да жөн шарт жулуп албай жасалма болсо да квитанция жазып колуңа карматып, анан алат. Ыраазы болосуң. Акча жок эле десең "хотя бы пачку сигарет или пару бутылок пивка" дешет. Болду. Жарасы жеңил иши кылып. Бирок булар деле барып-барып үйрөнөт, үйрөнбөсө да өзүбүз үйрөтөбүз да... Анан көрүп ал.

  •  

Жаңылык болду. Болгондо да дурус жаңылык эмес. Казакстан өзүнүн кылмыш кодексине 182 а, б деген статья кийириптир. Атайын проводниктер үчүн. Белетсиз жүргүнчүлөргө анан катталбаган жүккө. Бу деген милийса "коенду" же жүктү кармадыбы, ордунда протокол түзүп, ишти дознавателге өткөрүп салат. Анысы жарым китептин өлчөмүндө иш козгоп жазып, тергеп, сотко өткөрөт. Анан сен жүрөсүң шалпактап бир бутуң биякта, бир бутуң тиякта. Же олчойгон акча ыргытып, жазган протоколун ошоерден тыттырасың. Шору каткан баягы эле проводник. Оңго басса да аты өлөт, солго басса да аты өлөт, түз кетсе өзүнүн башы жарылат. Казактын милийсаларына кудай көктөн тилегенин минтип вагондон эле берип олтурбайбы, эми булардын кутурганын көрүп ал. Болду болбоду, айланып келип эле тагдыр-протокол начальник поюзга байланат. Сборду дым дебей төлөп турасыңбы "башың аман". Жүк салба, коен алба дешкендери менен бери чыкканда эле келе деген кеп боло берет. Байкуш проводниктер сборун да төлөп, тилин да угуп иштей беришет. Качан караба, ким жаман, проводник жаман, проводник крайний.

Арыс, Казакстан

Узун жолдо мен жүргүнчү челноктор менен көп сүйлөшөм. Дегеле ушуларга тан бериш керек. Жайы кышы, күнү-түнү дебей жолдо, поюзда. Көбүнесе аялдар. Кайратына бали! Колдон келбейт атаң гөрү, ушул челнок аялдар жөнүндө бир сонун гимнби, поэмабы, айкел эстеликпи, иши кылып бирдеме жаратаар киши жок. Фронтто жүргөндөй эле жүрүшөт. Жан дүйнөсүнө акырын баш багып, баарлаша келсең мобул алаамат жолдун не азап түйшүгүнө түтүп, таш болуп каткандай көрүнгөн жүрөктөрү жибип, маңдайыңда кадыресе назик, жумшак бир аялзаада отурган болот. Жылмайганда вагондун ичи жарык болуп кеткендей сезилет. Ушул ажайып, жумшак колдор, кылт этме ийиндер төөдөй болгон чаар баштыктарды дың дебей көтөрүп, тартып, сүйрөп жүрөөрүнө ишенбей кетесиң... Көтөргөнү курусун, оор жүк деген булардын ден соолугун, айжаркын ажарын аяйбы, акырындап четинен оюп жеп, түбүнө жетет да акыры... Челнок эркектер жерге кирсин, эркектин аты өзүндө, тамбурда деле жатып кете берет, эркекти поюзда кудай албайт. Таза болбоду дегенде жүз граммды бастырат да, узун составды темселеп тинтип жүрүп, акыры бир ак көңүл аялзатты табат да койнуна култ этип кирип кетет...

Эркектер демекчи, өткөн рейсте бир карт бойдок карышкыр менен таанышып калдым. Элүүлөрдөн ашып калган неме, колуна көтөргөнү болгону бир банан сумкеге салынган товар, ичинде баланча долларлык, баланча наски бар. "Ушу сен мага жүдаа жактың, сенин рейсиңди атайын күтүп, сен менен чыгып жүрөйүн" деди. "Орун-порун деп башыңды оорутпаймын, аны мен өзүм таап алам" дейт. Совхоздо экономистпи, же бухгалтер дейби, иши кылса майлуу кызмат мыкчып кекиртеги айрылып кеткенче жеп, чарбаны биротоло тукум курут кылып бүлдүргөндөрдүн бири да деп ойлодум бапылдак, дүпүлдөк эскерүүлөрүн угуп отуруп. Айткан- дегени эле "Атаңгөрү, мына мен мыкты жашап өттүм, момунчаны бияктан аяктан чөнтөккө урдум, тигини антип соктум, муну минтип жайладым, түштүгүмө жорго эмес, машинеден машине, анан... албетте, аялдан аял тандап "миндим" убагында" – деп мактана кетти.

Ой неңди урайын актип сөрөй, сасыган "аңги" деп ичимде сөгүнүп отурдум. Өмүр бою колхоздо башы менен тоңкочук атып, 12 рубль менен пенсияга чыккан жакын адамдарымды эстедим. Баса калып көзү чанагынан чыгып кеткичекти муунтуп ие жаздап араң токтодум. Сениби кое тур, бухгалтер башың менен тоңкоңдотуп вагон жуудурбасам деп андан аркы "баалуу" өмүр таржымалы кулакка кирбей ызырынып баштаганда "Эй, үкөм, сен Ги де Моппасан деген француз жобур жазуучунун "Милый друг" аттуу китебин окудуң беле, ошондо Дюруа аттуу жүдаа кысталак шылкым, аял атмайга адамдан башкача абжир жигит бар. Бир кезде окуп чыгып, досторго берип, анан ал иблистер маган ракмат айткандын ордуна кайра өзүмдү Дюруа деген лакапка кондурушту. Элге жакшылык кылсаң ушу экен да, бара-бара атам койгон Жоробай атым өчүп, Дюруа, анан кыргызча Жүрүба болуп кеттим. Көралбастар кылды да ушуну. Некин кайран өзүм Дюруадан давно ашып кеткемин эй, кайдагы бир француздан кем калаар мен бекемин, керек болсо үкөм, мелдешип туруп бир түндө ушу вагонуңдагы ургаачы атмайды оптом кырып таштайм" деп калды оолугуп. Об-боо акем, катуу кеттиңиз го десем, «давай спор алышабыз» дебеспи!

Омээй, балекет деп калдым ичимен, кызык, кызык, килейген вагон толтура аялды бир түндө бажарам деген бу пастек бугалтыр акең секс гигант ко, мунун шымынын ичинде мотор бар окшойт. Муну мен вагон жуудурбай эле сынап көрсөм окшойт. Балким бул редкий экземплярдыр. О падарыңа наалат, ушундай да челнок болот экен ээ?

– Калган сөздү токтотуп, төлкө ушундан согуң, анан практикага өтөсүз, брат, болду, бухгалтырчылык дооруңуз энди мени кызыктырбайт. Аялыңыз барбы?

– Ээ, мендейге аял чыдабайт окшойт. Бойдокмун. Бирок лекин менин даамымды бир таткан аял ПВА клейдей чапташат да калат мага. Хот орусу, татары, хот негири, кыргызы. Кудай бул жагынан хыслатты (касиетти) мага аянбай бериптир да. Айрым астыма жатып чыккан аялдар бир кылдары артыман биротоло ээрчип алышса, бир кылдары мени экинчи жолу көрө калганда ажына көргөндөй бакырып качат эй...

– Догдурга көрүндүңүз беле?

– Сен кызыксың эй, эч жерим оорубаса... Нормальный адаммын. Жараткан эгем берген мартаба экен да бу да.

– Сиздин мындай "касиетиңиз" бар экен, поюзда эмне кылып жүрөсүз галдирап. Москвада «буга» иш толтура да. Жатып-туруп эле миллионер болуп кетесиз. Бир объявление бересиз, бүттү, жатканыңыз да, көрсөткөнүңүз да доллар болуп башыңызга жаай берет.

– Кой, эй үкам, эл укса «Паланча аке Москвада көрүнгөн оруска алигисин көрсөтүп пулдап жүрөт экен» дебейби. Мага негизи ушу тирлик жагат, поюзга түшпөсөм ичим кысылып кетет. Балдарым зороюп (чоңоюп) кетишкен, менден жардамга деле муктаж эмес, бирок кичиктерине акча берип турамын. Анан жашоом ушул темир жол болуп калды, жолду ката катындардын аз-маз сообуна калып дегендей. Чыкпасам кадимкидей касалдап калам. Менде нахалство жок. Тынч кете берем. Ушу составдын өзүндө мени жакшы билген, тааныган он беш чакты аял кетип баратат. Саат-сааты менен өчүрөтке бөлүп, "графикке" коюп койгом, күтүп эле жатышат вагондорунда. Плюс дагы левый этектер ачылып кетсе, допалнительно успейт этпей калышым мүмкүн. Бул да өзүнчө жумуш. Анүстүнө аялдар да ар кыл калк. Ар кимисинин өзүнчө кылтың капризи бар да.

Кечээ поюзга чыгаардан мурдагы түнү Бишкекте биттасы болду "приемдо". Өзү бай неме экен, кычырайт, бирөөлөрдөн кабарымды угуп, атайын издеп таап келиптир эй. Муну караң. "Майданга" түшөөр маментте "өтүк" кий деп кыйнаса. Карындашым, мен таза адаммын, өмүрү "өтүкчөн" кирип иш кылган эмесмин. Эми келген экенсиң атайы даярданып, табыпка түшчүдөн бетер "өтүгү" жогеле "көрөм" мен деп "найзаны" алга сунуп жөнөй берсем, "я сейчас" дебалып туруп кеткен, 5-10 мүнөткө жетпей пачкеси менен көтөрүп жетип келиптир. Клиент всегда прав, кийсе киейин, бисмилла деп туруп бирин алып кийгизейин деп башына тартсам жарымынан саал ылдыйыраак токтоду.

"Оо, боже" деп кепелеги учкан келин шыпшына сүйлөнүп калды. Бирок оозу ачылып таң калып да, бир чети кубанып да алгандай. Энди не болду, калган жагына эмне жабам, селафан ороп алайынбы десем "лучше скотчем" деп атпайбы. Мен да тура бердим бозоруп. Акыры салафандан оромуш болдук жетпей калган жагына. Ар жак, бержагын оодарып карады да "вроде бы ничо, давайте" деп туруп чечинип, "дарбазасын" ачып таштап жумшак диванына көздөрүн жуумп жатып калды. Бу башка кеп. Өзү да пантазиясы бай айымзаада экен, палан поза, түкүн поза деп жүдаа түнү менен эзип, каалаганча кыйнады. «Мен, – дейт түндүн бир маалында, –телефондон падружкем менен сүйлөшүп турайын, шол моментте сен "чабуул" кой ылдый жактан» дейт. Ырасы түшүнбөй калдым. А мен каякта болушум керек шондо десем, "как каякта, сзади конечно" дейт көзү тунарып. Айтканын жасадым. Ага да канааттанбай тигиндей, мындай дей берди, акыры айла кеткенде чалкаман куладым да айттым: "мына, соройтуп тургузуп алып, өзүң кай поза менен болсо да сайыла бер карындашым, мени кыйнаба башка".

Менден өткөн бешенный экен, эч эле моокуму канбайт. Буга койсоң "мен он метр нарыда тигинимди турайын ачып, сен болсо күүлөнө чуркап келип ур" дегидей акмакчылыкка барганга да кайыл. Уят да. Ар нерсенин чеги болот эмеспи. Иши кылып түнү менен парса-пурс, зыпа-зыптан экөөбүздүн да пачагыбыз бир топ чыкты окшойт. Бирок жакшы жерим, мен кайра формага тез эле келип калам, ушуга өзүм да жакшы акылым жетпейт, бирок жаратканга ушунусу үчүн да шүгүрчүлүк.

Өткөндө болсо Москвадан биттасига жолугуп, паана жайдан абдан мыжылап, кармалап, анан боевой стойкага туруп калган аспапты көрсөтүп койдум эле, (орустун катындарынын ачыктыгы жагат да) таза артыман калбай ээрчип алса! Кыргыздын катынына ушинтип көрсөтсөң барбы, каргап шилеп, абийириңди төгүп туруп, бетиңди тытып алышы да мүмкүн. Бул орус келин болсо мага кызыкканы ушунчалык, эрин атайы бир жакка жумшап жиберип, үйүнө алпарды эй, мени. Жөн эле ажайыпканадагы мурда көрбөгөн жандыктай алигимди сууруп чыгарып алып кайра-кайра тигилип карайт, жөн эле шилекейи ууртунан чубурат патакүштүн! Ошол түнү кептин расы пачагымды чыгарды, өзү да дабдаласы чыгып кетти окшойт кысталактын.

Билбейм, таңга маал көзүм илинип кеткен экен, Жоралап жулкулдатып ойготуп атпайбы. Колунда чырк этме фотоаппарат карасам. Жан-паным чыгып кетти. Көзүмдү алаңдатып, тура калып качайын дегенимди түшүндү окшойт: «не бойся милый Жорик, мен сеникин эстелик үчүн сүрөткө тартып алайын дебатам, ты не против?» дейт манжалакы ойсоңдоп. Бу дагы эмнени баштап атат дегичекти «во идея, сен мындай аспабың менен не только аялдарды кандырбай, көп акча да табасың» дейт. «Сеникин азыр тартып алып, Гиннес китебине жиберем, анан аяктан көп доллар келет» дегенде наүмүт шайтан деп ичимен мен да жандана түштүм. Дароо макул болуп, бурчка барып турдум да аспабымды колума кармап, чубалжыта чойгон бойдон жыртая сүрөтүнө түшүп бердим. «Эми сен меникинде кал, тамак-аш, акча жагынан ойлонбо. Кылаар ишиңди мыктап кылып гана турсаң болду эреним. Кыскасы, мындай аспабың турганда кор болбойсуң» дейт. «Эриңдин көргөн күнү кантет?» демиш этсем, «пусть сдохнет» дебатпайбы шуркуя. Кийин бир эки өзүнө окшогон падружкелери бар экен, аларга да алпарып мени салып берди. Аптарыйкатты ылдый түшүрө койбой, парсылдатып уруп турдум ал тотуларды да. Ушундай үкөм, менин тагдыр-таржымалым, байтал майданда көрсөткөн эрдиктеримди айта берсем аягына чыкпасмын.

Оозум ачылып угуп отурам. Бир маалда бир келин бизди сырдуу көз менен атып, жылмайып коюп коридордон шып өтө чыкты. "Клиент келди, точно саат боюнча. Эми мага бир кылбатыраак жай керек", – деп калды "айгыр-бугалтыр". "Жай даяр, малый служебка" – дедим шак эле. "Болот, американскийге салабыз". Жоробай ыраспа ымдап койду эле, жамбаштары балыктай былкылдаган жанагы ноочо бойлуу келин малый служебкага шып эте үнсүз кирип кетти, артынан Жоробай кирип, эшик карс тартылды. Напарникти «срочно видикти даярда, азыр порнуха башталат» дедим. Берки өзүбүздүн служебкадагы щиттин жылчыгынан тикирейе шыкаалап карап турабыз. Видик деген ушул. Келин бойлуу экен, Жора-Жоробай жанында үкөсүндөй эле болуп калды. "Ушу тыртайган неме эмнеге жарамак эле" деп напарнигим шыбырап тигини аяп да жиберди. Мен болсо Жоробайдын айткандары канчалык чын болду экен дейм. Кургур Жоробой мурдуна такалган балканактай кош алмалардан деми кыстыгып, мурдуна дем жеткирбей жаап калган аларды өбүмүш этип, экөөн алмак-салмак тиши менен үзгүлөп, чойгулап, чолпулдата упчудай учтарынан бирин коюп бирин соро берди, соро берди эле, "болчу, Жора!" дегендей кыңкыстап ийген үн чыкты бир маалда. Ал ана көрүп ал, төшкө тумчуккан башы азат болоору менен Жоробай шымын шыпырып шыпырбай, келиндин шашкалактаган оң колу анын зиңгирбай болуп катып тура калган, узундугу милийсанын резинке токмогуна чамалаш, тизеге чейин узарып кеткенсиген, өзү жанатан бери бажырап мактап, айтып түгөталбаган, башы барпайып көөп алган шумдук "аспабын" өзү эле сууруп чыкты. Ана курал да, мына курал! Байкуш бекеринен мактабаптыр тилин сабап.

Кодойгон Жоробай келинге бою жетпей кайсактап бирдеме издеп, акыры шейшеп салынган бир мүшөктү өйдөдөн тартып түшүрүп, эки бүктөп туруп бутунун астына койду, келинге бою теңеле түшөөр менен келин анын аспабын кайрадан колуна алды, анан кынына туштады шекилди, онтоп ийди да, анан... ургаачы менен эркектин ортосундагы жер каймактагандан бери келаткан таттуу, азаптуу "салгылаш" Жоробай жобур өзү айткандай, тик турган бойдон (американча дегени ушул турбайбы) жүрүп кетти. Келин толмоч болгонуна карабай тулку бою кадимки цирктеги акробат аялдардыкынан бетер бирде чоюлуп, бирде түпкүчтөй ийилип, керилип, типтик шпагат жасап ийчүдөй болуп турду назарымда. Өзүн жоготкону ушунчалык де, Жоркени "алтыным, жаным, бүркүтүм, аным, мунум" деп келип бир маалда "эшегим" деп жиберсе болобу! Жанатан бери өзүн жоготпой этпей эле көзүн тостойтуп, кара шыбакка ылай тебелеп жаткансып кадыресе акыл-эсинде бир калыпта "спокойно сеанс" жүргүзүп аткан Жоробай жобурга келинчектин бул эркелеткени жага бербей калды көрүнөт: "эй карындашым, антип паска урба" деп коюп, «найзасы» менен ого бетер терең-терең матыра нукуп-нукуп койду. Охоле ох, ахеле ах дебаткан делбетап келин муну уктубу, жокпу ким билет, бирок баягы сөзүн кайра айткан жок.

Иши бир топто барып бүттү. Өз “ишинде” жогорку чебер аталган Жорке жобурдун энергиясына айда марып, соруп, ыраса ыраазы боло бакытка балкып, тамылжып чыккан келин тымпыйып жер караган бойдон эч нерсе билбеген кишидей биздин ачык эшигибиздин жанынан өтүп, кайра вагондун төр жагындагы ордуна кете берди. Берки кызмат көрсөткөн сексчи болсо аткарып чыккан озуйпасына маашырлана мен жакты тиктеп "көрдүңбү" дегенсип башбармагын өйдө чычайта, оозуна тамеки тиштеп, тамбурга чыгып кетти. Кирип, көп болсо бир саатка жетпеген убакыт отурдук сыягы, дагы бир жылтыңдаган жаш эле келинчек жанагыдай сырдуу жылмая жаныбыздан өтө бергенде Жоробай үшкүрүп алып, ордунан дагы козголду, биз болсок кезектеги видикке даярданып калдык. Бул келинчектин бою пас экен, тажрыйбалуу устат-сексчи Жорке шак эле тескери каратып туруп эле үстүнө секирди, ошол бойдон түшпөй шордууну ойда озондотту го! «Бул бечара төлкө артынан урдурганды жакшы көрөт» деп койду бизге кийин ишти тамамдап чыккан соң. Кыскасы ошол түнү Жорке убада кылгандай, графиктеги ургаачы атмайды түгөл прием кылып бүттү, ара-чолодо суранганынан биз да бекинип жаткан жерибизден атып чыга калып анча-мынча “жардамдашкан” болдук. Бирок Жоробайдын деңгээлине жетиш бизге кайда...

Арыс – Түркстан

Кыргыздар менимче саясатка өтө жакын эл болот окшобойбузбу, башкасын кой, ушу коммерсант-челнокчуларга чейин "саясатташып" кеткен. Саясий темада сөз кеттиби, бүттү, вагондогу тоо-тоо болуп үйүлгөн чаар кытай сумкалардын арасынан чыга калышып, бажылдактан ажылдак кылып ийишет. Коркунучтуусу – саясий "оппоненттердин" ичинде "градусу" барбы, сөзсүз бирдеме чыгып кетет. Сөз жүйө түгөнгөндө муштум жүйөлөр (аргумент деп коебу) ишке түшөт.

Ушу рейсте да биздин вагондо саясий көз караштар дал келбей, талаш-тартыш, бирөөнүн оозу ошко карап, бирөөнүн мурду сынып, дагы бирөөнүн көзүнө кадалган көк "чырак" менен аяктады. Кеп кедең болду, кедең неден болду сыягы, балээнин баары эки демократ челнок менен бир партократ челнок чогуу отуруп чай ичкенден башталды. Адегенде жакшы эле отурушат, таанышышып. Анан мунсуз болобу, кой эми дешип жүз-жүздөн жаканын наржагына басышат. Турмуш-тиричилик, бала-чака, үй-бүлө, соода атырабында сөз чимирилип отуруп саясатка келип такалбайбы. Партократ, өмүр бою чарбада партком-сартком, член райком, болуп жүрүп, райкомдун кайсы бир бөлүмүнө башчылыкка көтөрүлүп "мына эми мен" деп жаңыдан күпүлдөгү күч алганда Союз тарап, ооматы оодарылган неме КПССтин мүрт кеткенине эч бир ишенбей, кайра келээрине сөзсүз ишенип, күтүп жүрүп талаада калган экен. Мээсине, эси дартына партия, коммунисттик идеология кайра жангыс болуп биротоло кыттай бекем куюлган шордуу эми демократмын дегенди эле баса калып жеп жиберчүдөй даражага келип калганы ачык эле көрүнүп турат. Мындай фанат адамдар бир жүрөктү түшүрсө, бир туруп аргасыз жакаңы карматып ичиңде айтылып, бирок сыртыңа чыгарбаган урматыңды ойготот.

Арийне, ынкылап адегенде генийлердин мээсинде жаралып, анан ушундай фанаттар тарабынан ишке ашырылып, ал эми анын үзүрүн кайсы бир шумпайлар көрөт деген кеп бар эмеспи. Ал эми берки демократпыз дегендер деле айнектей тунук, суудан таза кишилер дейсиңби, бири кимди ким билди, быржыбайды там басты заманда чарбаны чакчелекей таратып, колго илингенин сатып "бутка" турган шустряк шумпай экен, бири болсо "армансыз май ташыдым, учурунда вагон-вагону менен урдум, мына тапсам мен таптым акчаны, мурда чөнтөгүм он сомго жарыбай жүргөн мен мына, демократиянын аркасы менен адам болдум" деп күпүлдөйт.

"Жалгыз болсоң чогоол бол, көп жанынан түңүлсүн" сыңары жалгыз партократ бул экөөнө бош келбей бакылдаша сөгүшүп, өзүнүкүн кайра-кайра алдыга түртүп, моюн берейин деген түрү жок. Угуп карап турам, кырдаал учуна чыгып, курчугандан курчуп барат. Жашырганда эмне, менин симпатиям партократ тарапта, непадам чарпыша кетсе ажыратымыш болуп "демократтарга" орустар айткандай "үлүлдүн кай жерде кыштаарын бир көрсөтүп койгонго" шайма-шай турам. Нагыз демократ болсо бир жөн, а биерде эки шылуун жалгыз байкушту "демократиянын атынан" коколоп төпөштөгөнү калды. Бир маалда "Лелин, Лелин" дешип эле ызы-чуу боло түшүштү.

"Атаңды деди, унчукпадым, энеңди деди, унчукпадым, катыныңды дегенде жаным чыгып кетти да" деген өзбек туугандардын айтылуу кыргыз арасына жайылып кеткен учкул макалындагыдай эле иш болду. Буга чейин баарына кайыл болуп келген неме, мына бу дөөпөрөс "демократтар" керек болсо өзүнүн атасынан ашыра урматтаган Ленин деген эң ыйык адамды ашата сөгүп ийгенине чыдабай, өзүн-өзү кармай албай кетти көрүнөт, үстөлдүн үстүндөгү үч литрлик термусту ала коюп "сенин Лелиниңди" деп жиберген мурутчан "демократты" каңк эттире төбөгө басты. "Ой энеңди урайын, чирик коммунист, бул эмнең?!" деп байбайлаган беркиси умтула бергенде аны да термос менен бетке уруп "токтотту". Андан аркысы, ким эмне болуп атканын билип болбойт, дүпө-дүп төбөлөш башталып, берки купедеги жаш балдар чыңырып ыйлап, катындар кокуйлап вагондун ичи кымгуут түшкөндө биз учуп жеттик. Ай-буйга келтирбей напарник экөөбүз эки "демократты" алка-жакадан алып дыргаяктата сүйрөй тамбурга алып чыктык. Экөөнүн ортосунда калып айда "уйпаланган" коммунист беркилерди алмак-салмак көчүккө тепкилеп арттан ээрчиди.

Биздики эмне, сөзүбүз кыска, сайда калган саясатты териштирип отурмак белек, экөөн эки уруп жыктык да аянбай эле дурустап ийлеп-ийлеп таштадык.

– Ленин үчүн кечирим сура чочко! – бакырат тепкиленген коммунист.

– Кечирип коюңуз Лелин, – дейт тебелелнип жерде жаткан бирөөсү шашканынан.

– Ооба, ооба, Ленин төртөөңөр тең кечирип койгула, – беркиниси мыңкылдап ийди.

Жан таттуу да, карачы башка күч келгенде булардын сайрап турганын. Бооруң эзилип өлөсүң. Коммунист иттей күүлөнүп алыптыр. Буга койсоң тигилерден пионер, комсомол үчүн кошуп туруп өчүн алып, тизелетип кечирим сураткысы бар эй!

Разборканы тамамдап, баарын орду ордуна койгон соң, чайга олтурсак купени аста тыкылдатып партократ-челнок-коммерсант келиптир. Бир шише арак эт-сети менен алдыбызга коет.

– Ыраазы кылдыңар эй инилерим, сөөгүмдү бир агартып, көңүлдү көккө көтөрүп таштадыңар. Эми мына буга силер ыраазы болгула.

– Э байке, баарыңар тең барчу жериңер базар, сатканыңар кытайдын товары, өлалбай атып эмне бөлүшөсүңөр эй!? Сенин коммунист, тигилердин болсо демократ экенин кимдин урган жери бар ыя?! Көчүгүңөрдү кысып, иччү арагыңарды ичип тынч кетпейсиңерби?

– Туура, туура кечиргиле үкөлөр. Жан кашайып кетти да. Мына жок жерден термоско төлөмөр болдум.

– Чала болот. Баш иштебесе чөнтөккө күч келет, ошо. Сен го астыбызга түштүң, тиги эки келесоо эмне унчукпайт? Айта бар, проводниктер чакырып атат де, бар бара бер, – напарнигим чыгарып жиберди.

Чын эле эки мүнөт өтпөй экөө жетип келди.

– Саясатыңарга го түкүргөнүбүз жок, маа демектен ким болсоңор ошо болгула. Ал кулиганчылыгыңарга эмне дейсиңер ыя?

– "Жечүбүздү жедик", эми эмне ыштарап төлөйбүзбү? Айтаарын айтып жиберип кайра өзү кайсалактап калды. Беркиси дулдуюп унчукпайт. Напарник ушинтип "соттоп" атыры. Койсоңчу десем болбойт. Мээлерин өлө "чаңдатып" бүткөн соң "грузить" эте баштады.

– Эмне товар алып баратасыңар?

– Наский.

– Сенчи?

– Мен деле.

– Братан экөөбүзгө бир жуптан апкелгиле давай! Чыгып баратышат.

– Эй, шефтер, бери карагыла, бул тамашалап атат, силердин наскиңерге зар эмеспиз. Бирок вагондо бейтартиптик кылганга жол бералбайбыз. Жакшы, милийса келген жок, алар келсе өлмөксүңөр. Поюздан түшүрүп калып, тоноп туруп турсийчен чыгарып коймок! Биз да катуураак кетип койдук. Айла жок, жумуш ушу. Келгиле элүүдөн басалы да, ордуңарга баргыла. Тиги "крышасы" кеткен коммунисттен кечирим сурап койгула. Баарыбыз бир элбиз дегендей. Түндүк-түштүк, христиан-мусулман болуп бөлүнгөнүбүз аз келгенсип эми партократ-демократ болуп кырылышабызбы? Ойлосоңор боло мындай?

Бишкек - Ряжеск - Москва

Бул рейске Рустам менен чыгып баратам. Орустун ойрон тагдырлуу орошон ырчысы Владимир Высоцкийдин дос, шерик жөнүндө минтип ырдаганы бар:

"Парня в горы тяни, рискни!

Пусть он в связке в одной с тобой –

Там поймешь, кто такой..."

 Кудум эле ушунда айтылгандай, алыскы жолго сапар тартышып бу мертебе мени менен жаш жигит Рустам баратат. Рустам эгиздин түгөйү. Дастан деген тең "жарымы" бар. Өзүлөрү Жети-Өгүздүн Саруусунан.

Эгиз уулдарына минтип эпостогу баатырлардын ысмын бергенине караганда булардын атасы жөн кишилерден окшобойт. Дегеле перзентке ат коюуда өзүнчө бир терең маани жатат. Акылдуу жандар, маселен, менин Жаке досумдай түшүнүгү жетик, туюм-парасаты курч адамдар балдарына Кишимжан, Ботогөз сыяктуу уксаң кулакка угумдуу, маани десең мааниси бар, кооз, ажайып ысымдарды берет. Айрымдары обу-жоктонуп берет деселе бере берет экен. Мисалы, Аллаберди, Аллакул, Мухамед, Ыйса сыяктуу (баланы кудайдын улуу пайгамбарлардын ысымдары менен атоо жөн эле пендечиликке жатат делинип айтылып жүрөт) "оор" ысымдар го мейли деп кой, тээтиги сериалдардан тандап ат коем деп күйдүргөн адамдар бар эй. Бир кеңкелес "служагым" аялы кыз төрөп, ата-энеси Айсана деп атын коелу десе "жок, менин өзүмүн, нээт кылып жүргөн вариянтым бар" дебейби. Көрсө «кызымын атын Простомария" коем дейт имиш. Мексикалыктардын самын сериалын бул да айда берилип көрөт экен да. "Эй бул болбойт, таза болбоду дегенде просто дегени жок, Мария коелук, кыргызча Маря болот да калат" десе да кепке келбейт дейт, жо Простомария дедимби Простомария".

Кеп Урустам баатыр туурасында эмес беле, бираз четтеп кеттим окшойт.

Рустамды кыргызчасынан Үрүстөм дебей так ушинтип чакырышат. Иши кылса өмүрлүү болушсун, экөө тең мыкты жигиттер. Күрөшүп да жүрүшөт, спортсмендер. Эгиздер табияттын өзүнчө бир керемети экен да, тобо... Маңдайыңда бир эле киши экөө болуп тургандай. Рустам шыпылдак, Дастан болсо жоошураак, жайыраактай. Бирок экөө тең өзүлөрүнө тың балдар. Алса алдырбайт, жулса жулдурбайт. Булар теңкурлардын көбү минтип окуп, жанталашып иштемек турсун, өзүлөрүн тыңгылыктуу алып жүрө албай, ансыз да жүдөп-какаган ата-энесинин мойнунан дагы эле түшпөй келатканын көрүп эле жатабыз го. Дегеле бу заманда балаң өзүнө тың болбосо да кыйын экен да. Рустамдан буюрса накта проводник чыгат, баралына келгенде узун жолду бир "чайнап" бир "жутаар" көкжал болгусу бардыр.

(Тилекке каршы, биздин инибиз Рустам Шамбетов 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияда Бакиевдин режимине каршы чыгып, баатырларча окко учкан. Ал кыска жашады, бирок элинин ар-намысын туу кылып көтөрүп, ажалга тике карап жалтанбай чыкты. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. – Автор)

Ст. Богатое, Россия

Москвада Сокольник деген килтейген базар бар. Араласаң аллаң оозуңан томолонот. Биздин мынабу Дордой, Ош базары дегендер бир кычыгындале калып кетет экен. Бир жери – буерде жалаң коңку мурун, төшүн жүн баскан кавказдыктар соода кылат. Кавказың түп көтөрүлө көчүп келип эле ушу базарга олтуруп алгандай. Москвада мындан башка дагы он чакты базар бар. Отуруп алып жайбаракат буларчылап соода жүргүзгөн кыргызды таппайсың. Кыргыздар болсо да кайсы бир кыбык кычыгында. Кытайдын майда-баратын кыдырып сатышат. Эртең менен жанагы кочкор мурундарга таратып кетишет, кечке жуук тыйынын чогултуп алышат. Ошентип жүрүп эле бапыратып акча тапкандар толтура. Акча-пул тынбай тегеренип турат, быяктан да товар болуп келет, тыяктан да товар болуп келет. Ушундай айлампа айланганы айланган. Бир караган кишиге түккө турбаган майнапсыз иштей көрүнгөн менен, оо-о биякта менин туугандарым айткандай, "иш катта"...

Жаман жагы поюз Москвадан Бишкекке таңкы беш жарымда келет. Перрондон жүк түшүргөндөн корккон коммерсанттар жүктөрүн Бишкекке жеткирбей, маселен көбүнчө Карабалтадан ыргытышат. Карабалтада болсо поюз түнкү саат үчтөрдө болот. Эки эле мүнөт токтойт. Москванын поюзу келип токтоор менен биерде тири укмуш тополоң башталат. Нары-бери дүпүрөп чуркаган эле калк. Бомужу, коммерсанты, бажычысы, милийсасы, ууру-кескиси, кайырчысы аралашып эле жатып калат. Кимдин ким экенин ит билбейт, будуң-чаң, тополоң, ызы-чуу, айкырык менен кыйкырык. Анысы аз келгенсип жакынкы айылдардан келип жол четинде бугуп жатып-жатып, товарлар ыргый баштаган кезде чыга калып коробкабы, мүшөкпү, иши кылса колго илингенин көтөрө качкан шумпайлар түн каракчылары көбөйдү. Базарга жеткирип уруп жиберсе бир эле коробка шакалаттан 3-3,5 миңдей сом түшүп калат имиш. Кудай берди да буларга, бир эле түн уйкудан калып кыйналып койгондун куну ушу болсо...

Канча коммерсантты шорлотуп атышат шайтан билеби, поезд күндө келип атпайбы. Ушу рейсте поюз Кайыңдыдан бери ашканда бир киши келет "эмне товар бар?" деп. Кебетеси жөн эле колхозчу, кызуудай. "Аны билгенде сага не пайда?" – десем, –  биерден арзаныраак сатып алып базарга алпарып кымбат берип тыйын кылам", –  дейт. "Ошондой акмактар бар бекен, ушу поюздан сага товар саткан?". "Өгүнү бир аялдан сатып алгам, ишенбесең кой". "Поюздан ыргытып иелекте тур, куру биерден!" "Жокпу товар? Жок болсо жок да, ага эмнеле мынча сапырыласың?" "Разведчик" да бул. Шимшилеп барат да "баалуу маалыматты" тиерде чөп арасында бугуп жаткан ылымталаштарына жеткире салат. Карачы, сатып алам деп тимеле, энеңди урайын...

Кайыңды, Кыргызстан

Ушу поюзда жүргөндөн бери жумуштан тышкары эрмегим эле кызыктуу адамдарды издемей, күндөлүккө түшүрмөй. Жакшы адамдар опол тоо сыяктуу, канчалык өйдө чыккан сайын ошончолук алысты көрөсүң, көңүлүң ачылып, дүйнөң тазара түшөт, мүнөт сайын кагылышып келаткан ыпыластык, пенделердин айласыз пастыгы бир саам болсо да жадыңдан көтөрүлөт. Тобо дейсиң ичиңде, кантсе да жакшы адамдар көп, эгерде жерди жамы жамандар каптаса, планета эчак бир жагына оодарылып, аласалып кетмек экен. Өткөндө бир кыргыз өлө мас, бир көзү түндүктү, бир көзү түштүктү карап калыптыр эчак, тамбурга туруп алып шымына сийип, кусуп, шерменде болуп турганы менен иши жок, нары-бери өткөн кыз-келиндерге асылып, тийишип атыры. Тиги вагондун проводницасы Гуля бери өтүп келатса "Эй карындаш, анекдот айтып берейинби?" дейт имиш.

Буга окшогон сандалбаптардын нечесин көргөн, атүгүл Сибирде, кайсы бир тайгадан чыга калган обрез мылтыкчан рэкетти мылтыгын колдон талаша жулуп алып (ошо кезде тиги машаасын басып жиберсе, ок полго, Гулянын бутунан бир сөөм нары кадалган дебедимби) чекеге уруп жыккан Гуляга кайдагы бир алкаш өзү өлалбай атып тийишкенинен өткөн кордук барбы, топканын килейген атиш күрөгү менен шордууну жалпайта чааптыр. Сүйрөп алпарып таштаганбыз, туура үч сааттан соң көзүн ачты. Колуна щетка, чүпүрөк берип, дароо тамбурга «жолдомо» жазып узаттык. Мизилдетип жууп чыкты, башын жазып берип, насаатты жакшылап айттык да, вагонуна айдадык.

Тайга дегендей, тайгасынын жүзү курусун! Өткөн жайда жолдон талкаланып келген биздин бригаданы 6 айга отпускага айдашканда напарнигим жаш жигит Марс Красноярскиге каттаган досу менен барып, ошол жерден бир жумуш сүйлөшүп келиптир. Жумуш –токой кыймай экен. Айына 60 миң рублди жөн эле чаап коет экенсиң Марстын айтымында. Мен охранага барып келип иштемиш болуп жүрсөм, бир күнү эле Марс келе калып «Байке, тетиги Красноярск тараптан бир мыкты иш таап келдим. Айлыгы шумдук, Акаевиң да бир айда мынчалык таппайт, жүрү, эртең эле жөнөп кетели» деп демитип калды. Ошентип экөөбүз бир жума ичи даярдык көрүп, анан Красноярскиге каттаган тааныш балдардын вагонуна отурдук да жөнөп кеттик. Поюз эмне, өзүбүздүкү, каалагандай дуулдап, шапар тээп кетип баратабыз. Ичкенибиз арак, уулаганыбыз кыздар дегендей. Кой деген кожо жок, тимеле армияга кетип бараткансып, өкүртө сайран тээп баратабыз, эч нерседен кем -карчыбыз жок, полный коммунизм иши кылса.

Сапардын үчүнчү суткасына жакын Марс «Даярданалык, азыр бир Искитым деген станция болот, ошондон түшөбүз» деп калды. Дагы жакшы күндүздүн күнү, убакыт түштөн ооп калган ченде жерге түштүк. Бирден тамеки тартып кичине отурдук да, анан Марс буга чейин келип кеткен канторуна алып жөнөдү. Жумушка ошол жерден киришибиз керек экен. Станциядан бир аз чыксак биз издеген кантора темир жолдун жанында эле экен. Кичинекей поселокто эл аз. Кебетеси келишкен, боорундагы шыбагы андан мындан көчкөн, жепирейген жалпак тамга жетип токтодук.

Ичине кирсек төркү бир кабинетте болтойгон орус келин отуруптур. Валентина деп тааныштырды өзүн. Кабинеттин жасалгасына караганда, бул ишкананын чоңу ушу аял окшоду. Марсты тааныды шекилди, саламыбызды абдан жакшы кабыл алды. Марс сумкенин оозун ачып, бир шише кыргыз коньягын карматты, таттуу-паттуусу менен, тимеле эрип кете жаздады тиги бечара.

Документтерибизди шыпылдата жазып, мөөрүн басты да, эки кагазды колубузга карматты. Бул эмне десек, ушу кагаз менен түз эле жумушка кирише бересиңер деди. Анан иштин шартын, канча айлык алаарыбыздан өйдө шашпай түшүндүрдү. Мен аны угуп отуруп, жумуш ушул жакын эле ортодо болсо керек деп ойлогом, бир маалда жанагы катындын «на работу вас заберут завтра, вертолетом полетите с утра» дегени кулагыма кирип келгенде жүрөгүм болк дей түштү. Менин бул абалымды байкады окшойт «да не переживайте вы, все будет хорошо, за то денег немало срубите» деп калды. Жумушка го кирдик, эми эртеңкиге дейре бир жата турган жер издеп чыгалы деп турганбыз, Валя кайра өзү токтотту. «Жата турган жериңер жок болсо керек, бул жерде мейманкана деген жок. Келгиндер ар кимдин үйүндө жатып кете беришет. Суткасына 10-15 рубль төлөсөңөр ким болбосун жан жан деп кийирет дейт. Каалайсыңарбы, меникине жатып алгыла. Тамыбыз кенен, места не жалка, Вася (күйөөсү) силерге балалайка чертип берет, биздин орустун накта самогонунан татып көрөсүңөр» деп калды.

Карасак бизчесинен “чай ичебиз” дебестен, чын дилинен айтып турат. Макул дедик, бирок кыштакчаны бир айланып, дүкөндөн тиги-бу базарлык алып алалы деп сыртка чыктык. Кайра эки саатта артка келип калмай болдук. Печени, канфет, эки шише жакшы арактан алдык да, Валяга кайра келдик. «Убагында келдиңер, азыр Вася да келип калат» деди. Айтымына караганда күйөөсү Василий муну жумушка алып келип, алып кетип ташып жүрөт шекилди. Эмне машинеси бар болдукен деп турсак, бир маалда көчөнүн чаңын ызгытып, учуртуп матасекил айдаган бирөө зуулдатып келип, так жаныбызга токтоп калганда, берки люлка жагы көтөрүлүп, аңтарылып кете жаздап кайра тарс этип жерге түштү. Кайра-кайра «гурр-руң, гурр-руң» дедиртип газ басып, матасекилин бат эле өчүрө койсочу эми. Көйрөң, өпкөсү жок адамдар орустардан да чыгат экен деп күлүп калдык. Валя да чыга калды, бизди тааныштыргандан соң Вася жоон аялын люлкага тыгып, мени артына учкаштырды, Марсты болсо чокчойтуп, люлканын арт жагына отургузду. Кайрадан гуруңдатып от алдырды да учуруп айдаган бойдон жөнөдү.

Бизде качан аңтарылып кетебиз деп жан жок. Тиги болсо «люблю с ветерком ездить» деп кыйкырат да ансайын учуртат. Иши кылып бир маалда айылына да жеттик. Бир короо балдарын көчөгө айдап чыкты да он алтылардагы кызына буюрду Валя: «Настя, на стол накрывай» деди. Үстөлгө килейген капкара тегерек нан, сало, көк пияз, помидор, бадыраң, анан киргилденген суудай бозомук, курсагы килейген бооз бөтөлкөдө самогон коюлду. Бөтөлкөсү тимеле колтоет. Өзүм тарткам деп Вася мактана кетти оозун ачып атып. Валясы ашкана тарапта күймөнүп жүрдү эле, көрсө бат эле картөшкө кууруп келе калыптыр. «Силер бизчилеп картөшкөнү сууга бышырып жебейт эмессиңерби, андыктан кууруп жибердим» дейт. Анан баарыбыз отурдук. Настя кызы да биз менен кошо отурду.

Суйкайган сулуу кызга менин напарнигим Марсчик кайра- кайра карай бергенинен кыз уялдыбы же жактырбадыбы, бир кезде акырын туруп кетти. Самогондон кырдуу ыстыкандын теңи менен үчтөн соккондон соң Васянын чечекейи чеч боло, боргулдана маңдайынанан тер агып, баркылдап-бакылдаганы ого бетер күчөдү. Аны муну айтып тынбай мактанат, бир оокумда «жүргүлө, менин чарбамды көргүлө, өзүңөр баа бергиле» деп кенедей жабыша экөөбүздү коросуна алып чыкты ээрчитип. Эми көңүлү ачык, накта сибирлик карапайым орус адамы да. Эки-үч желини жерге салаңдаган килейген уюн, суу тартканга деп сатып алган кыска буттуу владимир тукумундагы эки жылкысын, чочколорун, коендорун, тоок-үндүктөрүн, эчкилерин көрсөтүп жетине албай бакылдайт бечара Василий. Он жаштардагы балакайын падноско закүзкө, самогон көтөртүп, артыбыздан ээрчитип койгон, улам көбүрөөк токтоп туруп калган жерден шыңгытабыз. Чарбаны көрүп бүттүк эле, көк чөптүн үстүнө жамбаштай жата кеткен кожоюн бир маалда баласын балалайкасына жумшады. «Валя жаркое готовит, так что давайте, гости дорогие» деп кайра самогондон куят. Вася бажырап отурса бир заманда Өзбекстанда армияда кызмат өтөгөн экен. «Борбор Азия жакшы жер экен, биротоло калып калмак элем, бирок карыган апам бул жерде калып, таштай алган жокмун» дейт.

Кыскасы ошол түнү Васянын сыйын абдан көрдүк, самогонун ичип, кыргыздар бул жагынан орустардан кем эмес экенин далилдеп, «классыбызды» колдон келгенче аянбай көрсөттүк окшойт, Вася бизге жакты, биз Васяга жактык иши кылса. Кыңгыратып балалайкасын бир топко ойноду, колдураган жоон үнү менен дарылдап, биз өмүрү укпаган орустун кайсы бир көөнө, жадатма, муңдуу ырларын аянбай созолонтушту. Кийин гитара таптырып келди, мен абдан келиштире концерт бердим Вася менен аялы, балдарына. Кошуналары да ачык көңүл адамдар экен, тапырашып кирип атышты, ар бири кирген сайын колтойгон шишеде самогонун колтуктап көтөрүп келип атышты. Тимеле миң жылдардан бери чогуу келаткан кадимки эски тааныштардай болуп кеттик заматта эле. Абдан отуруш табына чыгып, элдин баарысы алагүү мас бажылдакка кирип, кыйкыра ырдап чардап атышканда кожоюн экөөбүз тамеки тартканы сыртка чыктык. «Васяжан достум, сен Настя кызыңды менин напарнигиме бер, Кыргызстанга кайтаарда ала кетели» деп сынамыш этсем, түк ойлонбой туруп «пажалста, эгерде Настя каалап турса мен грамм каршы эмесмин» дейт. Пейилине ыраазы болчудай кишилер экен, иши кылса.

Түнү менен бир топко отуруп, эртеси уйкусураган бойдон Васянын матасекили менен кайрадан жумушка жөнөп кетчү жерге жеттик. Ал тарапка кетчү вертолет тамак-аш жүктөп бүтүп, бизди салды, куйругун кыңайта жерден көтөрүлдү да тайганын тээ төр жагын көздөй бет алып учту. Канча саат учтук, эсте жок, бирок бир топко эле учуптурбуз ойгонсом. Темир жолдон бул жерге чейин 300 чакырым имиш. Вертолеттон башка бир да унаа келбеген жерге ишке келиптирбиз.

Тайга дегениң укмуш экен, чытырман токой, баарынан да жанды койбогон чиркейи кишини тимеле жеп ийчүдөй. Кабаттап кийген киймиңди тоготуп да койбойт. Ийнесинин узунун айтпа, денеңе чейин жеткире сайып, айлаңды алты кетирет да турат. Мында иштегендер кебетеси келишкен, жондору сыйрылган эски вагондордо жашашат экен. Төшөнчү, матрас дегендер карашакмар болуп кетиптир, бир сыйра күбүгөн болдук да, эптеп жазып туруп, ала келген таза шейшептен жайдык да, жайгашып жатып алдык.

 Биз өмүрү токой кесип көрбөгөндүктөн, «адегенде он чакты күн окуучу болосуңар, электр менен иштеген арааны анан аласыңар» деди бригадир Гаврила деген неме. Экөөбүздү аюудай болгон чоң оруска кошуп койду.

 Олбурлуу болгону менен ишке келгенде көрүп ал муну: килейген жоон карагайды майпалаңдап, ары жагынан бир, бери жагынан бир чыгып атып бат эле сулатып салат, биз болсо карагайды жылаңачтап, курч балта менен шактарын бутайбыз. Бензин менен иштеген тыртылдаган жаман араасын тимеле өлө жашыруун шумдук куралдан бетер бизден кызганып, дымактуу кыйынсынганын айт. Ошентип иштеп жүрдүк. Бир жума өткөндө шеригимдин ындыны өчө баштады, улам вертолет анда мында келип тамак-аш, тиги-муну таштап кетип турган аңырайган бопбоз асманды карайт бечара... Ааламды кудай унутуп калгансыган бул чытырман токой менен байланыштарган асмандагы чыйырдан башка дагы бир жол – темир жол мындан 200дөй чакырым ары тураарын ойлогондо аргасы ого бетер куруп, деми кыстыгып кетип атканын туюп турсам да унчукпайм.

Кээде жаныбызга кебетелери тири шумдук, кишини тиктесе көздөрү тешип кетчүдөй, сакал муруттары бапыйган, муздак илеби аза-бойду ичиркенткен чоочун адамдар келип калышат.

Буларды Гаврила партизандар деп коет, катуу сүйлөбөгүлө, уруша көрбөгүлө булар менен дейт. Негизи алар бизге тийишпейт деле, тек гана тамеки сурап кетишет, көп да сүйлөшпөйт, бирок жаныңда турса дене-боюңду сууткан бир илээшкек сезим жабышып алат, булар кимдер, эмне болгон адамдар деп бир жолу сурасак, көрсө, ар кайсыл жерде оор кылмыш жасап, анан көз көрбөгөн чытырман биерге качып келип, биротоло тайганын ичинен башпаанек тапкандар экен; «буларга эми артка кайтканга жол жок, кайтып барышса эле колго түшүшөт, анан көп жылдарга камалышат, балким көптөрү атылып да кетишет» дейт Гаврила. Качан, кайдан жаныңа келе калгандарын билбей да каласың, караан арбактай болуп күтүлбөгөн жерден кандай пайда болушса, ошондой эле заматта жок болуп кетишет. Дегеле «мындай караңдаган арбактай түрү суук шумдук адамдар тайганын ичинде көп» дейт Гаврила.

Бригадада орустар, хачиктер көбүнчө. Мусулмандар аз окшоду. Булар далайдан бери иштеп, абдан иштин кынтыгын алып алган опуттуу немелер экени көрүнүп турат, аларга теңтайлашуу үчүн биз дагы ондогон жылдар бою иштешибиз керек, бул анык.

Иштегенибизге жарым айдан ашып, жумушка кадимкидей көнүп калганда напарнигим ооруп калды. Малярия же безгек деген оору дешти. Эти от менен жалын, бир туруп ысытмасы түшүп, өзүнө келе калат, анан кайра ооруп баштайт, кадимкидей жөөлүп чыга баштады түндөрү. «Токоюн да, айлыгын да урдум, эптеп мени алып кет биерден» дейт. Гаврила болсо карап туруп «вертолет келет, ошондо салып жибересиң, өлбөйт, сакайып кайра келип калат» деди камаарыбай. Марс болсо экөөбүз тең кетебиз, сенсиз мен кетпейм деп жабышат. Вертолет келгенде экөөбүз тең чыгып алдык. Менин да калгым келбей, Марсты шылтоолоп жөнөп алдым.

Ошентип жанагы жөнөп кеткен жерибизге кайра келдик. Кайрадан Валяга жолуктук, айлыгыбызды жалынып атып эсептетип, биротоло кетмей болдук. Он сегиз күнгө ар бирибизге 28 миң рублден айлык жазып берди Валя. Кассирин таап жолуктуруп, акчабызды кечиктирбей колубузга тийгизди. Абдан ыраазы болдук. Арактын жакшысынан эки бөтөлкө, конфет, таттуу-паттуу кылып колуна карматтык, Вася келип дагы үйүнө алып кетти, бир түнөп, эртеси проходящий поездге отуруп Барнаулга жеттик да, бир суткадан кийин Новокузнецкиден кайткан өзүбүздүн поюзга чыгып алдык. Тайганы ошентип бир көргөнбүз.

  •  

 Ушу рейсте жалаң сөз жыйнадым. Тагыраак айтканда элдин оозунан жыйнаган өзүмө кызык, кайталангыс көрүнгөн сөздөр, сөз айрыктарын көптөн бери чогултуп келем. Мына айрымдары:

"Табышпаса серавно жабышпайт эй Каке".

"Мен аялымдын көзүнө болгону бир эле жолу чөп салдым ал роддомдо жатканда. И то буюрса уулдуу болом го деп ниет кылып бардым ушу ишке" (үчүнчү полкадан угулган сопу кыргыздын сөзү).

"Эй дос, мен Кокон базарда самса жеп жүргөн жигиттерденмин. Мени ким деп турасың өзү?" (Вагон ресторанда ичип отурган эки достон).

 "Синикерс жедим, Тивикис жедим, Марс, Баунти жедим, шу Тампакс дегендин даамын пока тата элекмин" (Айылдан жаңы келип түз эле Маскөөгө бараткан жигит).

"Девушка, прашка есть? "Нет" "Это что?" "Омулет". "А көтүлет нету?" (Жамбыл бекетиндеги жол буфетинде тамак алып аткан кыргыз).

"Менде кызгануу деген ваабщем жок, тиги албарстынын бетин жөн эле элдик салт боюнча тытып алдым эй Анипа" (Эки кызуу аялдын сүйлөшкөнүнөн).

"Сага тием деп жабыша бергенинен наркоманмын, импотентмин деп алдап койгом энең, эми тийгенден кийин муну мен киши кылдым деп элге мактанып жүрү елки..." (Челнок кыргыз).

"Чоң кыз, алдыгы көчүгүңүздүн астындагы гезитти окуп атасызбы?" (Челнок Мурат).

– Бир жылдан кийин ал мени таштап кете берди. Мен кайрадан күйөөм менен жалгыз калдым…

– Меники да жаш кыздарга карап кыйшаңдап калыптыр. Өлүгүңдү көрөйүн шүмшүктү кое тур, өз күйөөм менен изменять этпесем элеби ага... » (Сырдашып атышкан аялдардын кебинен).

 Москвада көчөдө келатсак бир орус кемпир гүл сатып отуруптур. Айтып атпайбы:

– Миленькие, купите букетик, неделю стоять будет.

Напарнигим Жорик сүйүнүп кетти:

– Неужели? Давай читири бабка!

"Жатып өлгүчө, сатып өл" (Челноктордун урааны).

"Менде бир эле кемчилигим болуп турат: башкадан боюма бүтүп калыптыр эми... Эси жок айбан (күйөөсүн айтат) күндөле сабайт, күндөле сабайт" ("Кемчилиги" билинип калган аялдын арманынан).

  •  

 Бул рейстен олжолуу кайтканым бир өлө кызык адам биздин вагондо Москвадан бери келатат. Аркы-беркини тынбай бабырап эриктирбеген, көңүлү ачык шайыр киши экен, муну поюздан түшүрүп эле театрдын сахнасына чыгарып койсо ошояктан өсүп-өнчү түрү бар. Тубаса юморист деп койсо болот. Ансыз да сахнада иттин уулу байгара деле куудул болумуш болуп жүрбөйбү, айласы кетип сөз таппай калганда бармак башы менен мээсин ургулап, аягынан коңкулдаган үн чыкса, эл күлүмүш эткен сайын ого бетер күчөйт. Башы көңдөй болсо үн чыгат да жанагыдай. Ушинтип сахнага чыккандан көрө Ош базарына бара калып тачки түртсө өзүнө да элге да пайдалуураак болмокпу дейм да күйгөнүмөн. Жер-суунун баарына куудул эмей эле маскарапоздор, шуттар толуп кетти. Кыргыздын эстрада юморунда көзгө басаар, мыкты экен дегендер болсо экөө чыгаар, а калган беркилер көп болсо жөн эле бозо-жоролордон чыккан "таланттар". Өзүлөрү да, юмору да ошо деңгээлден нары ашпайт. Бир концерттен бир концертке чейин эптеп жашагандар.

  •  

 Өткөндө саат жетпей бир рейс Сибирь жакка оборот менен айдаганынан барып келгенбиз. Кайра келатсак куудулбуз, жылдызбыз дегендердин экөөсү (аттарын айтпай эле коеюн) коңшулаш вагондо билети жок, акчасы жок "крот" болуп келатышыптыр. Жаткандары үчүнчү боковой полкалар, куру тактайдын үстүндө какайып. "Гастролдон" кайткандагы кебетелерин эми көрүп ал. Анан муну көрүп туруп боорукер челнок келиндер түтөбү, кой минткенибиз болбос, булар да өзүбүздүн таланттар дешип экөөнө тамак-самак жайып, бөтөлкө коюшпайбы. Ичине бирдеме барып "тирилген" тиги экөө кадимкидей бапылдап, элдин баары бизди ушинтип бапестеп турушу абзел, эми бу калгандар эмне унчукпайт дегендей таарына да түшкөнгө чейин барышыптыр эй.

Айта берсең ушу да, ойногондору он ооз обу жок интермедия, анан эле дымактары Хантеңирдин чокусун чапчыйт да турат. Ушу поюзда жонуна чаар сумке көтөрүп не деген тубаса таланттар жүрү, мына бирөө жанагы башта сөз кылган байке. Кеп ошо жөнүндө болуп атпады беле. Мен куудулдар жөнүндө икаяга кирип кеткен турбайымбы...

Сүйлөсө Петросяндан ашып түшпөсө да, андан кем эмес. Өзгөчө бир аңгемеси жагып калды, ошону айтып берейин. Аңгемеге кирээрде эле опур-топур милийса вагонду басып, документ текшерүү жүрүп кетти. Эки сааттай ызы-чуу болуп атып араң түшүп кетишти.

– Сен Дао дегенди уктуң белең, – айтаар кебин ушинтип баштап калды байке. – Мен ошо Даону таап, атүгүл кемпириме тажрыйба өткөрдүм.

Бишкек-Цаплина – Озерки – Новокузнецк

Ура! Бүгүн Свердловскийге кетем. Акты алып үч айдай бригада чачылып, охранада жүрдүм. Анан тийиштүү кишилер резервдин старший нарядчицасы болуп иштеген шылуун катын Бегундун кулагына "кагып" койгон экен, мени чакырып, Бегун деген мурда мендейлерди киши ордуна көрбөгөн неме, тим эле жалпактап колтуктап, планеркага алып кирди. Бригада менен тааныштырып, начальникке дайындап, жан алы калбай чебелектейт. Демейде проводникти киши ордуна санабаган бу катын бир жерине күч келсе ошо проводниктин бутуна жыгылууга даяр экен көрсө. Туй ата, бийликтин күчүн кара да, эсирген Бегундун алсыздыгын кара... Бай-бай-бай... Ошентип Свердловскиге, Наби деген азербайжан начальниктин бригадасында жүрмөй болдум.

Карасам жалаң эле түрк балдар, кыргыз аз. Ичинде мени менен чогуу окуган Вася (Вакиль), Салех деген балдарды көрүп сүйүнүп кеттим. Ушу Москвадан кутулганыма чексиз кубанып турам. Колдон келсе экинчи барбаска аракет кылам. Бирок Свердловск кандай болду экен... (Темир жолго Ава Такырбашев аксакал чоң болуп келгенде кудайын тааныбай кеткен Бегунду кызы менен кошо айдап чыккан эле, ошол бойдон жоголгон).

 Бишкек, резерв

Бишкек – Свердловск багытын эски проводниктер "престижный", өлө жемиштүү каттам дешет экен. Бул трассаны негизинен түрк бригадалары ээлеп келишкен имиш тээ илгертен. Түрктөр деген менен булар түрк эмес, мынабул Казакстандын танапташ Мерке, Чу, Луговоюнан келип иштеген азербайжан балдар. Булардын саны резервде бир кыйла. Биздин темир жол илгери Алматы жолунун бир бөлүмү болуп келген замандан тартып байыр алышкан. Өзүлөрүнчө бригада бригада болушуп жүрүшөт, четтен келгендерди көп эле кошо беришпейт, мындай бригадаларга кирүү да кыйын, атайын ортомчулар же дагы бир "башка нерсенин" күчүн көрсөтмөйүн алышпайт. Мен келген бригаданын начальниги Шукуров Наби деген жигит мобул эле Луговойлук азербайжан экен. Өзү жаш болгону менен азаптуу иштин түйшүгүндө жүрүп эрте карып бараткандай, кадимки аксакалдардай баскан турганы каадалуу. Наби резервдеги өтө популярдуу начальниктердин бири. Челнок журтунун ичинде да мартабасы бир топ жогору. Анткени бригадасын дурус балдардан жыйнап алган, эч качан уятка калтырышпайт, Наби алардын кимисин болбосун, «ушу турган жеринде азыр өлүп кал" десе, жата калып, төрт аягын асманга тырайтып өлүп калууга даяр. Кыскасы ынтымактуу бригадалардын бири. Менин азырынча укканым ушу гана. Калганын аман болсок көрө жатабыз да.

Свердловскиге чыгып баратабыз. Напарнигим Жазыкпай баласы Марат. Луговойдун адамы бу да. Экөөбүздү 8-вагонго жазыптыр. Комиссиясы текшерип өттү. Бурдуш акең мурутун чычайтып, кабагын карыш салып алыптыр, жан жөкөрлөрүнө нараазы болгон түрү бар. Деле ушунун кабагы түк ачылгыс болду да. Штабник келип көнүмүш болгон "Сатып акчасын апкелгиле" деген буюм тайымдарды таратып жүрү. Составды перронго коер замат баягы Жалалабаттын поюзундагыдай төө басты башталып кетти. Балким андан да жаман чыгаар. Москванын поюзундагыдай эмес экен биерде.

Үлгүрдүңбү кирдиң, үлгүрбөдүңбү маа демектен он билетиң чөнтөгүңдө турса да "пращай" деп кала берет экенсиң оозуңду ачып. Ызы-чуу менен гүрү-гүү. Бир оокумда бир аял кокуйлап калды "стащили, стащили деньги" дебеле. Белинен жарымы вагондун сыртында салаңдайт, жарым денеси вагонго кирип кеткен. Байкуш же түшөлбайт, же киралбайт. Чаар сумкелердин ортосунда кыпчылып асылып туру, кандай болгонун билбейм бир маалда бир буту өйдө чыгып чычайып калыптыр. Ушундай оор "положениеден" акчаны жула качкан чөнтөкчүгө бали дебеске айла жок эй. "Тренировка" кылып жүргөн да сыйныгар кысаапыр. Дагы бирөө, көзүндө көз айнеги бар карама көр, жүдөп какап туфлийин издеп жүрөт.

Мен дурус эле тартип кылалы деп адегенде каптап киргендердин шаштысын бир сыйра сындырдым эле, напарнигим жерге тартып түшүрдү. Карасак башка вагондордун проводниктери колду чөнтөккө салып, эмне болсоң ошо бол дегендей тамеки тартып, лимонад ичип перрондо сейилдеп жүрүшөт. Шарт эле биз да четке чыга калганыбыз ошол. Иши кылып баланча саатта эл кирип бүттү, кире албагандары сыртта калды. Оор состав солкулдап туру. Узун бир өкүрүп алган соң паровоз ордунан жылып жөнөдү.

 Бишкектин перрону

Бул жактын "сбору" укмуш экен. Айтканга ооз барбайт. Мен таң кала берем, мынча акча кайсы "кумга" сиңет болду экен. Бир эле жолу бербей көрчү, териңди тескери сыйрып алышаар. Угушума караганда, бул акчалар тээ бийик бийик жерлерде отургандарга чейин "чаап" жетет экен. Көзүң менен көрбөйсүң дечи, бирок мындай көрүнүп эле турат да, ким эмне машине минип, кандай там салдырып атканы. Ошонун баарын зарплатка жасап атат дейсиңби, атасынын башы... Бир папке көтөргөн неме проводниктин тоңкочук атып тапкан акчасын шыпырат да "нарушение кылдың" деп кайра өзүн коколойт, кагаз жазат, телеграмма урат. Иши кылып мунун жумушу жүрүп да, чөнтөгү толуп да турушу керек экен...

Ушундан өткөн да эки жүздүүлүк, бетпактык болобу... Байкуш проводник "таза" кетип, келип эчтеме бербей, буга окшогондорго "ме" деп тыягын көрсөтөөр замандын келчү түрү дегеле жок. Андай замандын келишине бу темир жолдогулар кызыкдар да эмес, уккусу да келбейт. Молдонун тилинде дайыма бата же дуба жүргөн сыңары, булардын оозунда жүргөнү эле инструкция, тартип. А кылгандары башка. Өгүнү бир резервдин папкечени (атын айткым да келбейт), Москва багытындагы инструктор болуп жүргөн неме шаар ичиндеги кайсы бир кафеде өлө аракка тоюп алып, (каерде отурганын да эстен чыгарып койсо керек го) туалетке кирип "где мыло-моющее средство" деп адыраңдайт имиш, вагон текшерип атам деген го. Желкеден алып сыртка ыргытышыптыр көпкөн акмакты.

  •  

 №205 "Бишкек – Свердловск" поезди Луговойго жетип кайра артка, оң жакка кеткенин көрүп ушунчалык бир жеңил тартып сүйүнө түштүм. Анткени Москвага баратканда накта "дурдом" ошо Луговойдон кийинки батышка карай түз кеткен Жамбыл, Чимкенттен башталчу да. Эми аякка бармай жок. Жүрөк жалкып бүтүптүр да көрсө. Бир жаман жери Свердловскийге бүт эле жүк кетет экен, элден да чаар сумкелер көп. Марат өзү Луговойлук эмеспи, кара мүртөз, кишиге ныпым жакшылыгы жок милийса земляктарын эптеп узатып атат. Составда жалгыз баурум кетип баратат деген күйүмдарларын айт булардын. Башкалардан 500 теңгеден түшпөй шыпырып келаткандарга Марат 50 теңге сунат. "өзүмүзгой" деп. "Дурус Маке, жолдарың босын" дешкен сыпайылыгын кантесиң...

Ушу трассада Баха аттуу Кинг-конг деген тергеме лакап ысымы бар мент бар дешкен балдар. "Крышасы" шамалдаган неме, өзү мент болгону менен айбандан айырмасы жок, баса калып сабап ийгенден кайра тартпайт. Бука жиндүү, басты бою да өгүздөй албан, ошончүн Кинг-Конг дешип жанагы кинодогу суру шумдук чоң маймылдын атын беришкен, анысы аз келгенсип, кудай писих да кылып жаратканбы же болгону ошобу, балким ымыркай чагында энесинин колунан түшүп кеткендир.

Чу менен Сарышагандын ортосунда жойлогон жалгыз бөрү дешти. Мунун дене башына чак келээр форма жок шекил, жайы кышы "гражданкачан" жүрөт экен. Кинг-Конгдун ставкасы вагон башына ашык кеми жок 500 теңге. Барбы, жокпу ал жагы аны кызыктырбайт имиш.

Ушу Кинг-Конгдон келгенди көрдүк дешкен го, кай бир жылы (бул проводниктер ичинде жайылып кеткен чындык-уламыш) күтүп турган он чакты казак балдар Кинг-Конг тэтиги өзүнүн чеги болгон Сарышаганга түн ката жетип, башы булоолонуп, поездден жаңы эле жерге бут коердо даяр болуп, тигини шапа-шупа тегеректеп калышат. Чала кызуу болсо да, Баха иштин чатагына айланып баратканын мент туюму сезе коет да, курткасын чечип ыргытып "Кане, келиңиздерши" дейт. Жоон топ дүргүй түшүп, мындай болоорун күтпөсө керек ко, сен башта мен башта дешкенсип туруп калышат.

Ошондо ичинен тирикарагыраак шудуйган, каратис өңдөнгөн бирөөсү "кия-мия" деп чыңырып алып, айбат сес көрсөтмүш этип келет да, күүлөнүп туруп Кинг-Конгду курсакка тээп калат. Бирок тебээрин тебет да, моло ташты жылаңач буту менен тээп алгансып онтоп ийип, кайра өзү чалкасынан учуп түшөт. Аюудан бетер шымы айрылып кеткенче бир айкырып алган Кинг-Конг эңкейип тигини бир бутунан кармап, тезек ыргыткандай нары-бери ыргытат. Бул арада ар кимиси ар тараптан каптап, тапыратып калышат. Мындай "ударларды" чымын чакканчалык да көрбөгөн Кинг-Конг колуна илингенин кайра тургус кылып бирден жалпайта муштап отурат. Урганын эле "өчүрөт". Экөөсүн белиндеги илинген наручнигин алып чыгып бири-бирине матап байлап да жиберет. Ошондо каны башка тепкен бир жиндиси суурулуп чыгат да чуркап барып бекеттеги противопожарный щиттен күрөктү жулуп алып келип Кинг-Конгду жалпак жагы менен баштан ары тартып жиберет.

Эми жыгылат дегендин ордуна ай-талааны сээрине шиш сайылган букача башына көтөрүп бакырган Кинг-Конг бети башынан дирилдеп аткан канга карабай, күрөкчөн немени дыркырата кууйт. Жан таттуу да, анүстүнө 120 килдик салмагы бар неме 60 килдик жеңил кишини кантип кууп жетсин. Ага карабай жаны кашая дүмүрөңдөп чуркайт. Кууганы кудайлап отуруп кутулуп кетип, өзү болсо болгон ызасын барскан муштумуна бекем бууп, калгандарга келсе, баягы салгылаш болгон жерде бир да жан жок. Атүгүл байлап койгондору наручниги менен кошмоктошуп качып жоголушуптур.

Мына ошо Кинг-Конг эми биердин накта паашасы болуп, тиякка, биякка өткөн поезддерди текшерип жүрү. Кайсы иш кылат, эмне болгон деги милийса бул, эч ким билбейт, аны сурашка дааган жан да жок. Болгону колунда бир жука папке, Бахабы Баха болуп жүргөнү жүргөн. Дулдуюп сүйлөшпөй кирет, алчусун алат да кете берет. Марат айтат, «Азырынча көрүнбөйт, бирок баары бир жерден чыгат» дейт.

 Кетип баратабыз. Составда калп айтпасам бир элүүдөн ашык милийса жүрү. Улам келет төрт бештен болуп, улам келет, акырында кайда бекинээрди да билбей калдык. Көнгөн Москвама эле кете бербей деп мен турам сөгүнүп. Жанагы түрү суук Баха Чудан чыгат дешти окшойт.

Луговой – Чу

Чу, Чу деп калышты, көрсө Чусуна келиптирбиз. Береке төгүлгөн жер экен, эмне издесең баары бар. Күзүндө укмуш дейт Марат биерди. Жакшысы го жакшы экен, перрон толтура поездди аңдып күткөн менттерди көрүп кыжаалат боло түштүм. Нары-бери топурап чуркаган милийсалар. Эмнеге мынчалык күйүгүп ары-бери чуркайт десе жүгү өтө көп вагондорду издешип, коркутуп, үркүтүп "отметка" алышат экен. Анткени поюз жылжыганга чейин үлгүрүп калыш керек да. Себеби булар поездге чыкпай турган милийсалар.

Бишкектен салганга үлгүрбөгөн жүктөр ушуерден салынат поездге. Челноктор машине жалдашып кууп келишет. Чудан да салалбаса машинистке акча беришип, арыраактагы Бирлик I, Бирлик II деген майда бекеттерден ыргытышат. Машинист поюзду токтотпойт, акырындатып, жүк салгыдай ылдамдыкта кылдыратып сүйрөп кете берет. Сумке көтөрө берип бышып бүткөн темир бетон жондуу жүкчү балдар поюзга теңеле чуркап, улам сумкеден ыргытып отуруп, иши кылып салып бүтөт да, муну каптал күзгүсүнөн шыкаалап бараткан машинист анан паровозду күүлөп, поюз кадимки шарактап чуркаган табына келет.

Жарым аскерий режимде иштеген темир жолдо мындай жорук дегеле буга чейин болгон эмес, непадам болуп кетсе арты өтө жаман бүтөөрү турган кеп да. Эми карабайсыңбы, акча ыргытып, килейген составды ээн талаадан минтип жайлатып, жүк салып атышкандарын... Туй ата, бу капитализм дегениң жүдаа кысталак бетпак заман экен да, акча, пайда дегенде болбойт деген – ям болуп кетет тура...

Жүк түшүп аткан вагондорго болсо поюздун ичи менен милийса чаап жетип кожоюнду коколойт. Кожоюн болсо "давай отвечайт эт" деп проводникти жакалайт. Ош базарынан картөшкө соодалашкандай кызуу соода жүрөт. Проводник шашпайт атайлап, берки кызыл шапкелер болсо элең-элең этип, батыраак тайып түшүп кетсек деп турат, же өзүнүн чегине жетип өтүп да кетиши мүмкүн. Ошончүн көбүнчө бергенди айласыз алат да, түшүп кете беришет. Сураганын колго кийралбаган кара мүртөздөрү болсо "мына эмесе" деп зыңкыйып катып турган сумкелердин бир экөөн чөнтөк макиси менен тилип-тилип жиберет. Анан муну кайра жыйнап ордуна тыгып көр. Бир сумке төрт сумке болот да, жайнап жатып калат. Анткени бул зылдай оор сумкелер Дордойдо, адамдын колу менен эмес, атайын темир пресстер менен таңгакталат.

  Чу – Саршаган

Чуусу көп Чудан дан да өттүк. Ызы-чуу алиге басыла элек, эмки чоң бекет болгон Чыганакка чейин ушинтет дешти жол билермандар. Кечке жуук анысына да кылдырап кирип бардык. Балыкчылардын поселогу окшойт, анткени кай жакты караба, балык, балык жана балык... тирүүсү, куурулганы, какталганы иши кылып түр-түрү менен жайнайт. Ушунчалык көп балыкты өмүрүмдө көргөн эмесмин. Бишкектин базарларында жайнаган пийвага деген туздуу балыктардын көбү эле ушуерден барат деп уккам. Жарты саат тургандан кийин козголдук.

Чыганактан чыгып чыкпай эле жолдун оң жагынан бир бозоргон, ылайка көл башталды, бу кайсыл көл болуп кетти десем Балхаш көлү тура. Ой елки-палки, Балхашы ушубу? Мен таптакыр башкача элестеткен элем. Демек баягы бытылдаган балык ушуерден тура. Аты эле көл болбосо көл сыягы деле жок экен, бопбоз болуп жайылып жатат, бержактан карап туруп, балыгын кой, өзүн көрүп жүрөк айланат. Бул бозмолтой көлдү терезеден карап баратып өзүмөн өзүм Ысык-Көлдү эстеп кеттим. Ана, көл деп ошону айтыш керек! Балхаш анын чыпалагына да тең келбес эле. Анча-мынча мени дурус билгендер, теңтуштар угуп калса айтат болушу керек, бу кысталак көлдүк кызга үйлөнүп алып эми көлдү мактабаска айласы барбы деп. Чын эле көлдүккө үйлөнбөгөндө Ысык-Көлдү көрөт белем да жок белем, ким билет.

Биздин Лейлекте, мен өскөн Чимген айылында көзгө басар жалгыз "көл" Адил аванын үйүнүн арыраак жагындагы Гүңсуу эле. Аны да ошояктын атаманы Назирбек ава бийлеп, өзү каалагандай даракка чыга калып "калган уруп" же көрүнгөндү пайчасынан илип ыргытып кыйнап, иши кылып көргүлүктү көрсөтчү. Биз ошондон башка көлдү көрбөй чоңойдук да. Эми тагдыр, нике кайып буюруп, көлдүн кызын маңдайга чаптаган экен, адеп барып көлдү көргөндө ооз ачылган, эх аттиң, биздин Чимген да ушу Күрмөнтүнүн бир ныптасында болуп калбай эмине деп өкүнүп да ийгеним бар.

Балхашты карап ушундай ойлорго кирип кеткен экемин, бир убакта эле бирөө жеңден тартып калды. Карасам Марат. "Кинг-конг келатат байке, эми эле хвосттон отурду дейт. Өлдүк эми" дейт.

– Кое тур Маратжан, эмнеге өлөбүз?

– Э байке, эчтемке деп сүйлемей ак коюңыз, отметкасын берейин да кете берсин. Сиздин документ сурап иймейиңиз бар эле, сурай көрбөңүз мундан. Бир балээсине калып жүрмейик тагы...

Күтүп туруп калдык. Оо бир топто барып эшиктер карса-курс ачылып, жабылып калды. Кинг-конг келди окшойт. Вагон да теңселип кеткендей болду.

Служебкада отурабыз. Макем экинчи полкага чыгып алган, отдыхающиймин деп. Кичи мештеги отту бир карап коеюнчу дебеле тура калып коридорго чыга калсам аркы эшик ачылып, күшүлдөп, бышылдап бир дөө кирип келатат. Кудай башка салгылык кылбасын, Кинг-конг, өлөйүн, ушунун өзү окшойт. Казандай баштуу, чоң чарадай тереңге катылган көздөрү бар, боюндагы кийимдин деле ыразмери жок, эшиктен кантип батып киргени таң, тайтая басып чөптү чөмөлө кылып үйгөнгө беймарал жараган айрыдай колун сунуп келатат. Мындай адам пендесин бирде экиде көрбөгөн жаным далдырап эле туруп калсам керек. Эмнеле колун сунуп келатат бул деп коем.

– Учурашпайсын ба не баяке?!

 Ошондо эсти жыйдым.

– О алеки... алеки салам баатыр кел, кел.

– Сууң барбы акең аузы?..

– Эмне?

– Суу берши дейм баяке, чөлдөп турмун. Сушняк.

– Аа, азыр.

Мен да кара басып шашкалактап жарым чакага жакын суу сузуп чыгыпмын. Ушундай бакайбат зор адам чыны менен кантип суу ичмек эле деп ойлосом керек. Жини келип кетет деген да эсте жок. Жаман көзү менен олурая бир карап алды да чаканы көтөрүп туруп, аттан бетер сууну гуртулдата жутту. Мен дагы эле дал боло ажайыпканадагы аюуну көргөнсүп анын тулку боюн аңкайып карап турам. Төөдөй болуп коридорду бүтүндөй ээлеп турат, нары-бери өткөн адамдар эптеп кысыла өтүп атышат, айрымдары, айрыкча аялдар, балдар ужас кинолордон чыга калгандай болгон бул зор адамжандыкты бир карап эле жүрөгү оозуна тыгылып артка кетенчиктегени канча... Жаман оюмда жанагы маймыл Кинг-конг деле мунун жанында турса үкөсүндөй болуп калабы деп коем. Жарты чака сууну түгөтө жаздап, аптыга жутуп колума карматты да барк этти:

– Кане, не дейсиңдер?

 "Ставканы" сундум, бир карап алды да чөнтөккө урду.

– Тынштыкпа вагонда?

– Ия, ия тыншылык гой.

– Жарайт онда. Жолдарың болсын.

Майпаңдап кеткени калды.

– Баха, бир чыны чай иче кет.

 Бул дөө менен сүйлөшкөн кызык көрүндү мага, эптеп служебкага тыгып алсам Сарышаганга чейин али итапкан жол бар, эрмектеп кете берет элем. Анүстүнө бул отурганда эч бир ит жолобойт вагонго.

– Чай иччү мен эмес, бир жарты коесуң!

– Базар жок, кир.

– Анау вагондарга да барып келүүм керек гой?

– Кабар айттырам, өзүлөрү келишет.

– Жарайт онда.

Эптеп кирип отурду. Мен болсо дагы эле көз албай изучать этип атам.

Кырдуу чоң эки стаканга бир шишени бир эле бөлдүм. Адегенде жүзүн, анан калган жүзүн ичебиз го деген ойдо элем. Дөө шак кармаганда ыстакан көрүнбөй калды.

– Давай братишка.

– Давай брат.

– Сендей морданы көрген эмес едим, жаңысың ба не?

– Ия, көкө, биринши ирет бул жакка чыгып аткамын.

– Бурун кайда жүрдүң?

– Москвада.

– Оо, дурус.

– Анау морда ким? – Маратты көрсөттү.

– Напарнигим.

– Тургыз! Не жатыр ол? Аты ким?

– Марат.

– Эй Маке, тур, түс былай!

– Аны жөн кой, ичпейт.

– Ишпесе менин отметкамды жыйнап келе калсын.

Стакандын теңин алдым эле, тиги жаман көзү менен карап алганынан акырына чейин алып жибердим. Эңгирей түштүм, тиги болсо дым эткен жок. Экинчи бөтөлкөнү алып чыксам колу менен шарт басты:

– Болды жететин. Службадамын. Не положено! Атың не?

– Бахтияр.

– Оо сен да Баха экенсиң гой, тезка экенсиң, мен да Баха. Эки Баха болдык.

Дөөпөрөстөнө күлүп калды.

– Гитара сеникима?

– Ооба.

– Давай сок, акесинин аузун урайын. Ичим өрттенип туру.

Гитараны ала коюп шыр эле Высоцкийдин "Охота на волков" деген ырын ырдап кирдим. Тыңшап калды мортоюп.

– Ойбай, кыргыз, бу катты айхайладың гой, маладес эй. Давай тагын.

– Кое тур эми брат, жакшылап таанышалы.

Бир топ кызуу болуп калды Кинг-Конг. Арак деген балекет да, мындай Кинг-Конгдордун далайын көтөрүп урган. Ичпейм, не положоно деп отуруп, бир эки ырдап койгон соң жарпы жазылып, башынан буу көтөрүлүп пейили жайылгандай болду. Дагы бир шишени «өз колум менен сага» деп ресторандан атайын алдырып ачты. Дулдуйбай этпей эле шайыр, сөзмөр бир жөн эле болпойгон ак көңүл киши болуп чыга келди. Менин коркконум, арактан "крышасы" тайып кетсе вагондогуларды дырылдата кууп, абийирди кетирбес бекен деп чочулап тургам. Жок андай болгон жок. Көпкө отурдук. Бу түшөөр Сарышаган да жакындап калды.

– Энди былай тезка, казыр экөмиз Сарышагандан түшүп каламыз. Адеми келиншектерге апарам сени. Балдеть эткизем, конагым боласың. Бригадаң кайра былай өткенде түшүп алып кете бересиң, жарайма?

– Э жок Баха, бомайтын, напарнигим жаш бала, мало ли что. Рахмет канешна чакырганыңа,бирак калып калууга эч болмайды!

– Эй, мазгини не …би! Мен көрүнгөн адамды шакыра бермейм акеңин аузы…Давай, каламыз аулда.

Унчукпай жете береличи, анан эптеп алдап түшүрүп жибербей жан жокпу. Сарышаганга келсек кудай жалгап, перронунда эки милиса бала турган экен, кубанып кеттим. Түштүк. Мен жалаңкат көйнөкчөнмүн. Баха мени бекем кармап алган. Турабыз. Бир маалда поюз ордунан жыла берди. Улам катуулап баратат. Баха болсо кое берээр түрү жок. Поюз болсо шарактап улам катуулап баратат. Бир оокумда ирмемге колу бошой түштү эле, шап суурулуп чыгып жөнөй бердим. Акыркы вагондун көт жагындагы тепкичине эптеп илиндим.

  •  

Какаганга муштаган болуп ал вагондун нерабочий тамбуру экен, улам жабыша калып карайм, бирөө чыксачы. Арылдап алды жактан соккон шамалдан тоңо баштадым. Ойго ар нерселер келет. Ушинтип дагы жарым саат жүрсөм бүттү, таш болуп тоңуп калам. Эки орус кыз тамеки тиштешип тамбурга чыга калышты эле, сүйүнүп кетип катуу ургулап ийсем, мени бир жалт карашты да вагондун ичине зып кирип кетип калышты. Коркуп кетишти окшойт. Жанталаша колум менен айнекти уруп сындырып жибердим, ичкерки кулпуну ачайын десем, түк ачылбайт, секреткага эмес, ачкыч менен кулпулап салган окшойт. Кыйкырып атам, бакырып атам, бир жан карап койсочу. Мындай окуялар көп болгон.

  •  

Москвага кетип бараткан кайсыл бир составдын механиги кычыраган кыштын как чилдесинде бир чоң бекеттен ходовойду көрө коем деп, поюздун астына кирип кетип оңдоп атса алдыңкы вагондун маңдайында кызыл желекче кармап турууга милдеттүү болгон проводниги желегин эшик туткасына байлап коюп басып кетсе, анысын кай бир кеңкелес алып салып, ага карап, калган вагондор да (эреже ушундай) кызыл сигнал желекчелерин алып таштап, машинист поюзду айдап кеткен. Тиги астында оңдоп аткан шордуу механик чыкканга үлгүрбөй эки темирдин ортосунда эптеп асыла калып, ошо боюнча аны бир ит эстебей үч жарым сааттай тынбай чуркап отурган поюз менен кийинки чоң станцияга чейин жабышып келген. Жабышмак турсун, биротоло карышып тоңуп, зыңкыйып катып калган. Кийин ысык суу менен колу бутун эритип, С тамгасындай болуп ийилип, колдойуп тоңгон денесин көтөрүп чыгышкан. Байкуштун ичер суусу бар экен, спирттен оозу мурдуна куюп, шыбап атып кайра "тирилген".

Эми ошондой башка түшөт деп ким ойлоптур... Дагы жакшы, сыртта кыш эмес, неси болсо да астында эмес, поюздун тепкичинде келатам. Деген менен бу жерлер май айыга карабай, түнкүсүн ит тургус суук чөлкөм.

Алыстан станциянын жарыктары көрүнүп, поезддин жүрүшү басаңдай түштү. Эптеп 15-20 мүнөт чыдасам... ошо маалда мусур толтура чакасын көтөрүп проводник аял чыга калбайбы... Мени көрө коюп эле чочуп кетти, кебете-кешпирим болбой калса керек да. Чуркап күлүчүн апкелип эшикти ачып жиберди. Чыгайын десем колум такыр кое бербейт, карышып калыптыр. Ал ортодо поезд да келип токтоду. Титандан кайнаган ысык сууну жаба куюп атат, эчтеке сезбейт эки колум. Ошентип бир топто барып араң үзүлдүм туткактан. Сүйлөй албайм, буттарым баспайт. Өлүп-талып атышып дөңгөчтөн бетер сүйрөп служебкага жеткиришти. Дырдай жылаңачтап алышып, арак менен куюп ушалап атышат, бир чоң ыстыкан менен оозго да куюшту окшойт, ичим ысый эле түштү. Бир жарым сааттай жабышып келиптирмин көрсө. Марат болсо мени Кинг-конг алып калды деп кете бериптир.

Таң ата Караганды калаасына жеттик. Кыргыз баласы Карагандыны көмүр чыккан, анан айтылуу милийса мектеби бар шаар катары билет көбүнесе. Ошо Карагандыга кирип бараткан оң кол тушта калдайып чоң түрмө турат. Түрмө дегендин жүзү курусун, бери жактан өтүп баратып эле кейпин көрүп денең бир дүр этип алат, анан тээтиги бийик зым чытырмандын ичиндегилердин жашоосу кандай болоорун элестете бер. Төрт бурчтан серейген бийик кароол будкаларда солдаттардын карааны сороет.

  •  

Караганды демекчи, менин атамдын бир тууган агасы, ак жерден жалаа жабылып кайран башы абакка тыгылып "эл душманы" аталган, партиялык, советтик кызматкер, айтылуу акын, эл арасында "Лейлектин булбулу" деп аталган Абдыраим Шама дал ушул жерде, КАРЛАГда сүргүндө болгон. Оболу атууга өкүм болуп, анан ал 10 жылдык сүргүн менен алмаштырылган экен. Эми мынчалык болду, айта кетпесем болбос, мен ал кишинин өмүр таржымалын көп жылдар бою иликтеп жүрүп, бир соболдун тегерегинде дайыма баш катырып, жооп табалбай келдим.

Ошо жексур 37-жылдарда "эл душманы" делинген адамды ОГПУ бир эле түндө алып кетип, ал шордуу ошо боюнча изсиз жоголчу экен. Кайда, эмне тагдырга туш болгону жан билбеген бойдон кала берген окшобойбу... Эң эле айдан ачык күмөнсүз иш – алып кеттиби, демек ал киши үйүнө кайтчу эмес. Атууга өкүм кылынган адамды минтип сүргүнгө айдап, кайрымдуулук кылган учурлар өтө сейрек, чанда гана болчу керемет эле дешет эски адамдар. Менин чоң атамдын атылбай калганынын сырын көп издедим. Орустун тилин мыкты өздөштүргөн, ошо мезгилдин алдыңкы, сабаттуу адамы катары абакка түшкөн биринчи күндөн тартып өзүнүн актыгын далилдеп, жогору жактарга жазган каттары жанына арача түшкөн болуу керек деп гана ойлоп калам. Эң кызыгы, эл эчак сөөгү сөпөт болгондур деп ойлоп "көөмп" салышкан Абдыраим Шама он эки жыл өткөн соң (Сталин каза болгондон кийин) башы азат болуп, эл жерине кайтып келсе эч ким тааныбайт, тааныгандар болсо келип ал-жай сурашкандан да коркушуп качышат экен, жакын жолобой коюшат. Ушундан өткөн да азап болобу, жок жерден жабылган жалган жалаа үчүн он эки жыл(!) отуруп "күнөөсүн" акыр аягына чейин "жууп", эңсеген эл-жерине кайтып келген адамды эч ким "тааныбай" мактоо-пес жабышкан немеден бетер жийиркенишип, жолобой, тааныган дос-жар көчүгүнөн чочулап, оолактап качып турса кандай?! Оозуң менен орок оргон, көтүңдөн көк түтүн чыгып кеткичекти күпүлдөгөн, ал тургай кеселдей жөөлүп сүйлөп, анан да анысы үчүн эч жерде, эч кимдин кашында жооп бербеген бүгүнкү замандын адамдары үчүн муну түшүнүү кыйын болсо керек дейм.

Жыргал эмей эмне атаң гөрү, көрүнгөн мусурду чукуп, тапканын сатып ичкен бомужу деле, алкашы деле эми беркилерди бери кой, Сталиндин өзүн соо жерин калтырбай ашата сөгүп, поктоп жиберсе азыр иттин иши болуп атабы? Оппозициясы деле, бупозициясы деле, хоппозициясы, топпозициясы, чокпозициясы, бокпозициясы, жокпозициясы деле бүгүн айтам дегенин айтып турат, оозуна капкак пломбу баскан эч ким жок. Ал кездечи?.. адампенделер өзүнүн көлөкөсүнөн өзү коркуп, "Сталин" деген сөздү бир-бирине шыбырап айтып, өзү эмес, кошунасынын оозунан чыккан сөзгө чейин, сөз эле дейсиңби, коңшунун итине чейин жоопкер эмес беле?! Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы.. Эми минтип о нечен заман өткөн соң, алыскы Лейлектен же Алайдан Маскөөнүн өзүнө учуп түшүш катардагы кыкең үчүн пул эле болсо арзыбаган жумуш болуп калган чакта, поюз минип Карагандынын нак ортосуна жетип токтоп туруп сарсанаамды сапырып кеткен ойлор ушу болду.

  •  

Караганды жарыктыктын көмүрү укмуш. Жылтылдап кадимки биздин Сүлүктүнүн көмүрүндөй болуп турат, бирок баары бир ага жетпейт. Бул жерлердин түндөрү өтө салкын, ошон үчүн топкага бир эки чака көмүрдөн ыргытып вагонду жылытып коебуз. Резервден берген күл көмүрдү тонналап уруп жылыбаган вагонуң Карагандынын эки чака көмүрү менен "Ташкент" болуп мелмилдеп чыга келет. Проводниктер дайыма кышында үйгө да рейс сайын 2-3 мүшөктөн ала кетишет. Түш ооп, күн нары Чимкент жакка томолонгон кезде Целиноградга жеттик. Түшө калсак жайдак жердин дале бойду ичиркенткен муздак шамалы чаң сапыра зырылдап согуп турган экен. Вокзалдын жан жагы ээн, бирин-экин милийсалар жүрөт окшоду. Бул жактын жанды жыргатканы эли аябай тартиптүү экен. Москвага бараткан тараптагы казактардан бияктын казактарынын өлсө өлүгү артык деп коебу, ошондой эле оруска аралаш бул чөлкөмдүн казагы да орустан айырмасы жогеле. А орус деген тартипти сүйгөн эл эмеспи, вагонуңа бир ооз сурабай туруп түшүшпөйт экен, ошонусу жакты. Кызыл-Ордобу же Актөбө, Чимкент болобу ошояктагыдай малчасынан сүзө качырып, вагонго жулунуп кирген бир да казак жок быякта, сыпайы гана басып келишип сурангандары сонун экен.

Сарышаган – Караганды

№205 «Бишкек –Екатеринбург» поюзу

Целинограддан (эмки Астана) өтүп эки үч сааттай жүргөн соң челнокторго жан кирди, "азыр жакшы эт, түркүн тамак саткан станция Боровой болот дешип" акчаларын сууруп чыгышып, даярданып калышты.

Чын эле көп өтпөй бир бекетке жетип токтодук. Эттин, тамак-аштын түр-түрү жайнайт. Жолду ката кезээрип эчтеке жебей, ушу Боровойго жетсем гана тамак алам дегендерди көп көрдүм. Бир чети туура кылышат, антпесе жолдон көрүнгөн тамакты жей берген азыр коркунучтуу болуп калды. Ичинен эмнелер гана чыкпайт. Өткөндө бир жерден (Москвага жүрчүдө) челнок байке кичине "подход" кылымыш этип куурулган картөшкө апкелбейби чогуу жейлик деп. Жаңы эле жеп кирсек арасында бейтааныш бир "предмет" жүрөт, жакшылап карасак кичикий баланын батиңкесине салчу батек экен кадимки эле. Түү атаңа наалат, ошондон кийин жолдон жалаң тамекиден башка эчтеке албай калгам. Ачкадан өлүп баратсам да эптеп чоңураак бекетке жетип нормальный кафе же ашканасы болсо тамак ичип алабыз. Поюзда деле ресторан деген бар дечи, бирок булардыкы он эсе кымбат. Эмнеликтен ушундай, эч түшүналбай койдум. Шорпосун ичсең эптеген эле шылдыр суу, экинчиси деле түйтөйүп тиш арасына араң илинет, анан эле баасы асмандын башы. Ошончүн өтпөсө керек да тамагы. Бир эле рейске өкүртө план илет экен моюндарына, аны бул тамактан чыгара албаган булар эптеп көрүнгөн кычыгына жүк тыгып ташып жүрүп кутулушат сыягы. Анан буларга да чочоңдогон итибай-чотубайлар күн көрсөтпөйт жолдо, качан өтүп баратсаң да же ревизор же милийсалар, же врачтар иши кылып бирөөлөр отурган болот, анүстүнө алар ичкен тамагына сокур тыйында төлөшпөйт, айрыкча казактар, эми орустар да ошого көндү. Бирдеме деселе коркутуп башташат, "тексеремиз, жумыс истеймиз" дешип. О, силердин так жумусуңарды!..

  •  

Боровой деп орусчалатып алган жер көрсө кадимки эле Бурабай деген казактын айтылуу курорт жери тура. Мен ойлоп аткам Боровой деген жанагы орустун Сосновый бор сыяктуу токою го десем, андай эмес экен. Дегеле көп казактардын сөгүнүп жүргөнүн угуп жүрөм. Орустар Омбуну Омск, Семейди Семипалатинск, Актөбөнү Актюбинск дешип бүт эле орусташтырып алышкан экен да.

  •  

Поюз турат. Элдин баары перронго жайылып тамак уулап жүрү. Кыргыздардын качырганы эт, океңдер болсо билинчик, милинчик дешип майда-барат терип жүрүшөт. Бир кыргыз айтат, поюзга чыксам эле тамакка аппетитим аябай ачылып кетет дейт, үйдөн жүрөгүнө эч нерсе чаппайт имиш. Сын салып байкап жүрөм, поюздагынын баары челноктор үчүн таттуу, тамагы да, арагы да, сүйүүсү да. Анткени поюз турмуш ошолордуку, айлап жылдап дөңгөлөктөн түшпөй жүрө беришет.

  •  

Элдин баары дүрбөгөн Боровоюнан да өттүк. Напарнигим Марат "байке, мен адеми бир тамак жасап берем, бир жесең кайра жегиң келе берет" дебатып жумуртка, эт, каймак, сууга бышкан картөшкө көтөрүп малый служебкага кирип кетип оо бир кезде алып келди. Көрсө Макеме, Мөңкөнүн карапайым жигитине, оливье деген салат өлө жаккан экен бир кезде, ошону үйрөнүп алыптыр. Апкелди. Даамы бир укмуш, тим эле былчылдата туураптыр. "Алиги тамак ушу, жеп көрсөң" дейт. Мен да сыр бербей оливье салатты өмүрүмдө биринчи жолу көрүп аткансып кашыкка да карабай, беш бармактан бетер кол менен апылдатып кирдим. "Же жылытып келейинби" дейт Макем боорду эзип.

Жаңы эле мактап тамакка киришип атсак эшикте эки милийса пайда болду мылжыйып. "Тур ары, көрбөй турасыңбы, тамак ичип атканда жок дегенде тынч койсоңор болбойбу" деп айтып жибере жаздап, кара күчкө "келгиле бастык акелер" десек ошону угалбай турушканбы, кирип чечинип жайланып отуруп алышты. "Жарты жок па не?" дейт бири. "Жартыңды ала келбейт белең, анчалык каалап турсаң? Коя салмайсыңбы баяке энди?" дейт. "Кое калалбайт экем, басаке, кешир, тамак эле жейикчи?" "Акшаң жок па, берейинби?" "Ичсеңер өзүңдөр ичкиле, биз жумуштабыз" дедик. Бирөө болбойт бакылдап "мен төлейм". "Төлөсөң бар, анда апкел". "Мен милийса, маган западло, арак көтөрүп жүрген". "Западло боса анда жөн кой". "Мана жигитти жөнет". "Бул баралбайт экен". Көпкө отурушту. Аппетит да бузулду. Макемдин салатынын үзүрүн ошо экөө көрүштү.

Боровая – Көкчөтоо

2-3 саат жол жүрүп Көкчөтоо шаарына келдик. Жайы салкын, кышы ит тургус суук жер. "Ментовский город" дешет экен. Атын угуп эле бир ичиркене түшөсүң. Хасан деген ингушпу, чеченго дейм, баш болгон төрт-беш транспорт милийсалары көзөмөлдөгөн жер ушул чөлкөм. Хасан милийсалыктан да мусулмандыктын каадасын катуу туткан мыкты жигит экен. "Ассолому алейким байке" деп илбериңки учурашканынан эле ичим жылыды, "түсү ийгиден түңүлбө" дегендей жылдыздуу жүзүнөн жакшы адам экени көрүнүп турду.

Мунун кыялы чатак дешкен. Чатактыгы ал экен, бир калп айтып, алдап кеткенди өмүрү кечирбейт окшобойбу, кармаган жерден кыса берет экен. Ымалаң келишип, вагондогу ахывалды болгонун болгондой айтып, алдына жайып таштасаң болду, Хасан деген сага тирөө, дос болот да калат. Негизи проводниктер, айрыкча азуусу жолдон али кагылалек "молокосостор" көрүнгөн текшерүүчүнү "кулакка тээп" эптеп ушуерден өтүп кетсем болду, андан калганы эмне болсо ошо болсун дешет. Бул кимге жагат? Алдасаң бир жолу болот, эки жолу андан ары узабайсың. Колуңа кишенди салып, поюздан сүйрөп түшүп камап салыш бу чөлкөм милийсалары үчүн түкүрүккө турбаган иш. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы "правильно разводить" этиш ылаазым иш, бу жолдун атам замандан берки орногон мыйзамы ошол. Кыбыр эткен кыймылдын болгон бүткөнү ушу эреже атырабында чимирилип турганы турган.

Жолго чыккан ар бир адам, проводникпи, коммерсантпы, челнокпу ушу кырдаалга даяр болуп чыкмагы эп, кылт эткенди жаздым кетирбей байкап, жан жакты искегилеп турган желмогуз болалбасаң өзүңөн көр! Артисттик, кубулуп туруу бержакта эле калсын! Жолдо жеткен карамүртөз, закончул акмактар көп болот. Булар турмушун башкаларчылап курбай, жалаң мыйзамдардан куруп жасаган пенделер. Илгери Союз кезинде булардан элдин баары, өзгөчө чоңдор титиреп тураар эле. Түз эле политбюро менен "сүйлөшчү" да булар. Эсимде, биздин айылда да бир киши болоор эле. Райкомдун эшигин тытып, элди беймаза кылып бирдеме десе эле "Келе кагаз" деп отура калып түз эле "Центральному комитету КПСС" деп баштап жиберсе беркилерде жүрөк калбайт.

Оо, ал кезде Маскөөгө кат кеттиби бүттү, ал килейген кара келтек болуп кайрылып келип бир атка минердин чокусун оюп түшөөр эле. Ошо кишинин жазган каттарын бир кыйтыр райком акырын жең ичинен почтонун начальнигине буйрук берип "бир кат жөнөп кетчү болсо көзүңдү оем" деп койгон го, арыз каттар Кайрагачтан нары өтпөй, почточу "колдуу" болуп күм-жам болуп кете берчү экен. Берки киши болсо "энди силердин күнүңөр бүттү, кудаа кааласа мамаңарды Маскөөдөн көрүп каласыңар" деп жүрө берет. Кийин бирдемеден шекшип калганбы же почтонун стукачтары жеткире салганбы, айтор катын көтөрүп атайы Тажикстанга, Хожентке түшүп жөнөтүп турду дешет.

Ошого окшогон оендор поюзда да толубатат, а дегенде эле "Президентке арызданам" дейт. Эмне дейсиң, "Бара гой, ал сени күтүп турат башка ишин таштап коюп" дейсиң жаның кашайганда. Берки ылдыйыраак, управление, резерв, фирма-сирмасы эсепте жок, түз эле Президент угушу керек мунун арызын... Баса Марат буларды түз эле «Бар, Борис Николаевич Ельцинге же Назарбаевге бар!» деп ачык эле айдап көнгөн. Эмнеге Акаевге бар дебейсиң десем «Акаев булардын проблемасын баары бир чечпейт» деп коет.

Петропавловск

Поюз шыбына чейин жүккө шыкалып, кылкылдап араң эле келаткандай. Кишиден сумке көп, сумкеден киши көп. Көкчөтоодон түшкөн орустар ызы-чуу болуп каргап-шилеп келатышат. "Это не поезд, а натуральный скотовоз" дешип. Макем түз эле бир тиет "не хошь не езди" дебеле. Бир маалда ызылдаша кетти бирөөсү менен. Мен угубатам. "Иди начальника поезда сюда позови" дейт чаңкылдаган бир катын. Макем урган боюнча кетип көпкө жоголуп, он биринчи вагондун проводнигин ээрчитип келди бир убакта. Тиги да галстугун байланып кычырап, салабаттуу болуп алыптыр. Көз кысып коюп өтүп кетишкен, акырын тыңшасам жанагы катын тим эле берилип "жалоб" кылып атат. Берки кабагын карыш түйүп угумуш болуп турду да:

– "Дежурный проводник, сюда иди!" – деп барк этти.

Макем "Мен гой" деп учуп жетип маңдайына тура калды.

– Ты, осел недорезанный, ты че делаешь гад а?! Я тебя спрашиваю, в глаза мне смотри, в глаза! Ты во что вагон превратил а?! Тебя че уркаган, не учили хорошим манерам? Как ты ведешь себя с пассажирами? Ты че забыл, когда скотина, тот раз вот такую милую пассажирку чуть не задушил? А того старика, которого ты хотел выбросить из вагона на ходу, только за то, что он тебе сделал пустяковое замечание? Ты че псих? Ну если так иди, лечись? Хорошо что гражданочка во время ко мне обратилась, а то я не знаю чем бы все это кончилось...

Орус аял угуп туруп Макемди карап өңү өзгөрүлүп баратыры, жүрөгү түшүп калганы көрүнүп турду. Муну байкаган желмогуз "начальник" унчукпай коебу, "чабуулду" күчөттү:

– Даже я побаиваюсь теперь тебя брать в рейсы. Но покамест я начальник, то поступлю с тобой как положено! Никакого прощения пощады не жди от меня! Я тебя отстраняю от обязанностей, давай сюда служебное удостоверение! Пиши объяснительную, а по приезду я подам на тебя рапорт об увольнении Понял? Все? Базар окончен!

Макем таза корккон киши болуп шылкыйып калды. Бир маалда жанагы орус аял суранып кирсе болобу...

– Товарищ начальник, Вы уж не наказываете его так строго, парень совсем скис, жалко мне его. Я ничего, кое-как устроилась, даже нормально. Давайте забудем об этом.

– Тогда пусть извинение у Вас попросит.

– Извините. Пажалста, – Макем күлүп ие жаздап араң күңк этти. Мындан жогору даражада да оюн ойноп болобу? Минтип "постановка" кылбасаң жаның калабы булардан.

Петропавловск, Казакстан – Россия чеги

Түнкү саат бирлер чамасы Орусия менен Казакстан чегинде жайгашкан Петропавловск калаасына келип токтодук. Мындан ары Орусия! Биерде поюз бир сааттай турат. Узловой станция болгондуктан түркүн тарапка жөнөп кетип бараткан поюздардын жолу ушуерден кыйма-чийме кесилишет. Петропавловскинин бекетинде велосипеддин, магнитофондун, машине тетиктеринин түркүн түсү анан колдо тигилген мыкты тумактарды сатышат экен. Коммерсанттар сүйрөп жүрчү кол арабанын да мекени ушу жер. Түшө калсак жаныбызда узун бир жаркыраган таптаза состав турат. Боорунда "Дружба" деген жазуусу бар. Көрсө эл аралык Монголиянын составы экен. Элдир-селдир орусча сүйлөгөн монгол проводниктер чыкыя форма кийип, бети чала жуулган баладай ботала биздин поюзга мурундарын чүйрүп карагандай сезилди.

Булардын поюзу кандай болду экен, ичин көрүп чыгайынчы дебеле тепкичине жармашсам түрк кылычындай ийри резине токмогун сороңдоткон бирөө алдымды тороп тура калды.

– Низзя, – дейт.

– Монгол брат, дай посмотреть твой вагон а?

– Поездной полиция, низзя!

 "Тур ары" дегендей акырын көкүрөктөн түртөт. Омээй энең полициямын дейт ко? Булардын милийсасы кошо жүрөт турбайбы. Жыргал атаң гөрү, узун жолду барып келгенче өзүлөрүнүн милийсасы кошо келип кетет экен да? Мына кызык! Бизге деле ошентип койбойбу, көрүнгөнгө ит талагандай кылбай? Кайра жабыштым:

– Один раз посмотрю и назад брат, я друг, я Кыргызстан!

– Кыргызстан? – Жүлжүйгөн көзү күлүңдөй түштү. – Бишкек? Проводник?

– Да да твою левую ногу! Пропусти. Мен сага тууган болом?

 Удостоверениямды көрсөттүм.

– Сейчас, – деп коюп ары басып бирөөнү чакыргандай болду.

Кадимки эле Ат-Башынын кыргызындай өңдөнгөн кызыл жүздүү, топтомолок тарсайган монгол чыкты:

– Че нада?

– Вагон нада посмотреть.

– Зачем?

– Просто. Экскурсия. Если хошь зайдем ко мне, увидишь кыргызский поезд. Түшө калды.

Ээрчитип вагонго алып кирдим. Көөдөй кара жашыл боек менен сырдалган биздин вагондор ай... тиги сасыган бир үңкүргө киргенсип такыр эле бети-башы тырышып калды. Күңүрт күйгөн үлдүрөгөн чырактан (светтен) эчтеме көрбөй үңүлөт.

 Додо-додо үйүлгөн чаар сумкелер, капилет бирөө кирип келип каршы-терши сулата атып кеткенсип көрүнгөн жерде томолонгон адамдар.

– Ай как нехорошо Кыргызстан! – деп жиберди.

Кадимкидей уяла түштүм. Анан туруп ойлосом бул мага сын тага тургандай ким эле энеңди урайын, Маозедундун небереси, бир кезде биз СССР болуп турганда башкача элеңер го, эми "нехорошо Кыргызстан" деп өөдөсүнүп турганына ардана түштүм. Мен муну тууган кылып жакын көрүбатсам мунун минтип айтканы эмнеси? Жапон болсо бир жөн, кайдагы бир өзүмдөй болгон монгол проводниктен эмнеге тартынам да эмнеге уялам? Поюздун кебетеси үчүн тетигиякта отурган чоң жылдыздар, Семен Гальпер, Аблесовдор уялсын...

– Брат тебе как звать?

– Нерен.

– Неке турбайсыңбы, мен Баке.

– Оо Баке, хорошо.

– Кел эми таанышкан үчүн – деп кекиртегимди черткилеп "биртике биртикеден" жаканын нары жагына баспайлыбы дегендей ишарат кылсам "болбойт" дегендей сыяктанып тайсалдай түштү.

– Не нада, я работа не пью. Некрасиво.

– Ой энең Неке, мен эмне, красиво болгон үчүн дебатамбы. Бизде ичип алып иштебесең "крышаң" кетип, бат эле итогуң чыгып калат. Мен таанышкан үчүн жакшы пейилден айтып атам эй!

Карасам болбойт, кетемге түштү. Артынан ээрчидим вагонуңду көрсөт дейм. Мундан жан калбайт го дедиби, айтор вагонуна ээрчитип кирди. Жер төлөөдөн чыга калып кан сарайга киргендей эле боло түштүм. Бүт жерде килемдер, жарык, жайлуу, гүлдөр... Жок дегенде сакалды кырып алып кирбей деп калдым. Бардык жабдыктар, электрлешкен. Дааратканасында, полунда кичинекей гүлдүү килемче таштап коюптур, самындын эле эки, үч түрү турат, сүлгүлөр... Иши кылып бардык нерсе поюзда жүргөн пенденин көңүл ыракаты, сапар ыңгайы үчүн жасалган. Бир чети таң калып, бир чети суктанып, биресе ич күйүп сөгүнүп чыктым. Ушулардан кем калк белек кыргыздар...

Биздин поюзга киргим келбейт. Сүйлөсө асмандын башын сүйлөп ичинде өзүм өлбөсөм деген биздин чоңдордун адресине бир сыйра "ширин" кептерди жаадырып, тамеки тартып вагондун жанында турсам ары ресторан жактан сүйрөшүп келаткан төрт-беш кыргыз так менин жаныма жеткенде бакылдаша сөгүнүп ооздорунан ак ит, кара ит, көк, кызыл, сары ит чыкканча чычкакташып, жаман катындардан бетер ажылдашып жулмалашып киришти. Анан жакалашып, ит жыгылыш болуп жерде томолонуп абийирлери Петропавлдын бекетине айрандай эле төгүлдү бейм. Монголдорго суктанып ансыз да кыжаалат болуп турган жаным ого бетер ирээнжип, же милийса келе калсачы, эмне кылсам деп ойлоно түштүм. Же Макемди ойготсомбу... Унчукпай турам.

Бирөө келип ажыкыздана тийише баштады:

– Эй акам, бизди кечирип коюң, саал кызуучулук болуп кетти. Жаман көрүп атасыз окшойт а?

– Менин сага айтаар кебим жок, тур ары, ушунчаңарда кетип калгыла.

Бирдеме дейин деп барып сурум бузулуп турганын көрдүбү же проводниктерге тийишпеш керек, кокус тийишип алса мунун арты жаман бүтөөрү эсине келе калдыбы, иши кылып бурулуп басып кетип калды.

Петропавловск

Петуховодо турабыз. Баш чыгарып карап турсак капкара кара таандай топ аркы баштан олтурду. Жетелеп алган иттери бардай көрүндү. «Өлдүк» деди Макем. «Ооба» дедим мен. Булар Курганга чейин барышат. Поюз жылды. Сборщик да учуп келип калды. Жан кире түштү. Сборщик келди деген сөз демек сүйлөшүлдү деген сөз. Күтүп отурабыз. Сборщик келип жыйнап кеткен жыйначусун, бирок баары бир жүрөксүйсүң.

Бир маалда эңгезердей болгон чаар формачан, итчен орустар тапырап кирип келди. Чөнтөк фонариктери менен ары-бери жарык кылышып тинтип киришти. Камера менен тартып бирөө жүрөт. Рейд экен көрсө. Кулагы шалпайган эки машке ит көрүнгөн жакты искегилеп Марат экөөбүздүн чатыбызга чейин тумшугун салды (аякта асылып турган бирдемени жулуп кетеби деп жан жок). Челноктор да козголуп, документтерин даярдап, күңкүлдөп сөгүнүшүп атышты. Бүттү эми, уйку ушуну менен болбойт. Таң атпай Курган деген шаарга жетишет, булардын көбү ошоерден түшүп калат да, Тюмень, Сургут, Ниже-Вартовск сыяктуу нефтичилердин бапырап акча жаап турган шаарларын көздөй электричкеге отуруп жөнөп кетишет. Аякка каттаган кыкеңдердин айтымында соодадан праблем жок, алпарганыңды шарт урасың да, артыңа кайта бересиң.

Тапыраган комиссия, кудая шүгүр, биздин вагонду тинтип бүтүп ары кетти.

Петухово

Эртең мененки беш жарымда Курганга жетип токтодук. Орустун криминал шаарларынын бири. Москва тараптагылар буларды «провинция» дешип мурун чүйрүп, экинчи сорттогу адамдардай санаган менен бул чөлкөмдөн чыккан бандиттик топтор өзгөчө жан кечтилиги, эч кимди аябаган ырайымсыздыгы менен москвалыктардын жүрөгүнүн сары суусун алып турушкан.

Бул шаардан ХХ кылымдагы орустун криминал дүйнөсүндөгү белгилүү фигуралардын бири, Александр Солоник (кличкеси Македонский) чыккан. Солониктин өзгөчөлүгү бардык пенде сыяктуу эле эт менен сөөктөн бүткөнүнө карабай, ит жандуу бышык, катылгандын катыгын берген чогоолдугу, анан көздөгөнүнүн көзүн чыгара аткан мергендиги жөнүндө али күнгө чейин уламыштар айтылып жүрөт. Жараткан кудайдын өзү мунун колуна тапанча карматып, баары эле пендеге бере бербеген төтөн шык, жөндөмдү ыроолоп дүйнөгө апкелгендей тобо... Өзү мурда милийса болгон экен. Солоник аткарчу парзын аткарып, бир күн болбосо бир күн мындай тагдыр өзүнүн да башына албетте келээрин жүрөгү менен түпөйүл сезип жүргөн. Жарыктагы жашоодо кубаңдаган көлөкө сымал эчак тирүү өлүккө айланса да, жан деген, жашоо деген таттуу эмеспи, башын алып алыскы Грецияга корголоп качып барып, бекинип жашап жүргөн жеринен КГБнын эле жаналгычтары сууруп чыгып, «акыретке кетээрдин алдынан тобо кыл, ит» дешип тизелетишкен. Күнү бүткөнүн ачык түшүнгөн жалаңкыч киллер, бир эле ысмын укканда не бир «крутой» мафиоздор сийип жиберчү ушул Солоник ошондо чочкочо чыңырып, жан соогалап чөгөлөп турду дешет.

Бирок башка маалыматтарга таянсак, Солоник пластикалык операция жасатып таптакыр башка киши болуп момун пенде кейпинде кумурскага зыяны жок жашоо кечирүүдө. Ай кайдан... Ошончо кишинин канына забын болгон неме жер бетинде көпкө басып жүрмөк беле...

№205 Бишкек – Екатеринбург поюзу таң эртең келип Курган шаарында бир саат турган убакытта ушуларды ойлоп турдум. Анткени Солоник ушул шаардан чыккан киши болгон экен.

Россия, Курган

Орусиянын туңгуч Президенти, кайран СССРдин түбүнө жетип, миллиондогон адамдарды улуу мамлекетинен ажыраткан айтылуу Борис Ельциндин Ата журту Свердловск шаарына саналуу сааттан кийин жетебиз. Кайсы бир орус гезитинен окуган жерим бар эле, ушу кишинин чоң аталарын бир кездерде совет бийлиги кулакка тарткан дейби, ошондон улам мунун совет бийлиги менен эскиден келаткан өзүнүн «эсеби» бар деп жазыптыр алиги гезит. Ошондуктан М. Горбачев Рим папасы менен жытыгышып, элден оолак жолугушуп, эзелтен СССР менен элдешкис келаткан АКШнын чоңу Рейган менен табышып, улуу державанын пайдубалына «суу куя» баштаганда кеткен жараканы бул Ельцин ого бетер чоңойтуп отуруп, акыры Беловеж токоюнда үчөө чогулуп алып биротоло жайлап тынышты. Эми Горбачев Батыштагы эң популярдуу адам катары мартаба күтүп, өз мекенинде болсо чыккынчы аталып жек көрүндү болуп турган чагы. Ошондо Гыкычыпы дегени чыкты. Анысы бокко жарабай кууп таратылган соң, Союз туурасындагы үмүт биротоло өчтү. Мен ошондо райком партияда уюштуруу бөлүмүндө ЖоКенин экс мыйзамчы депутаты Самат Бөрүбаевдин кол астында иштеп жүргөм. Өзү да ишке баш-оту менен берилген, баскан сүйлөгөнү түз, талапты катуу кое билген мыкты жетекчи кадр эле. Баткен облус болуп жаңы уюшулганда алгачкы оор жүктү тартышкандардын бири болуп, облкеңештин төрагасы болуп жүрдү.

Муну караң, бул Свердловскини сөз кылам деп көп нерселер көңүлдөн, сарсанаадан сапырылып кетти да баччагар.

Шаарга кире бериштеги Кольцово деген кичинекей бекетке токтоп калдык. Болгон жүк ушу жерден түшөт экен. Беттери табактай, чылгый кара кайыштан кийинген далдайган орус балдар ар ар жерде топтошуп турушат. Булар «братвалар» рекетерлор. Ар челноктордун өзүнүн «родной» рекетчилери бар дешти. Анысын көргөндө челноктор атасын көргөндөй сүйүнүшөөрүнө таң калдым. Рекэт деселе мен ойлоп жүрөм да баса калып тоноп, шыпырып туруп таштап кете берет деп. Көрсө, булар канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай «өз клиенттерин» жылуу жайына узатып коюшат экен да, чай пулун алып кете беришет экен. Рекэтке бергиң келбейби, анда «бир тууган» деген милийсаңа бересиң үч эсе кылып. Алып алып шарт бурулуп кетет да калат, артынан башка «бир тууган» даяр болот. Андыктан аты рекэт болсо да алганы халал (халал - нак, өзүн актап) экен деп калдым.

 Свердловскинин перронуна кирип баратабыз. Бир орус болсочу, капкара өзүбүздүкүлөр. Бишкектеги вокзалдан айырып болбойт эй! Бирин-экин милийсалар гана жүрбөсө... Бул жерде Москвадагыдай 9-10 саат бутту асып жатып албай 2 саат турат экенбиз да артка тартмай.

Шадринск – Екатеринбург, Россия

Свердловскиден кайра чыктык. Оор жүктөн бошонгон поюз жеңил сызып баратат. Кайра кайткан челноктор көөнү ток, кушу курсант, жүк-мүгү жок, чөнтөгү толтура доллур болуп, поюздун оо анчадан бери жуула элек шыбына түкүрүп, бапырап бакылдап келатышат. Жолдон мүшөк, мүшөк кылып алып чыгып сатылчу орустардын капкара картөшкөсүнөн алышат, (биз деле алабыз) аны нары жактагы казактарга уруп ийишет да, ого бетер кубанычка бөлөнүп (анткени жол киресинин акчасы чыгып калат), андан ары анан төлкө жүз граммдардын акесин таанытып кете беришет. Картөшкө деле жаман бизнес эмес. Бир чакасы 5 рубль (бизче 7 сом) мүшөгү 25 рубль (эми андай баа жок – авт.) эле. Капкара болсо да даамы сонун.

 Кайра келатып Казакстанга кирген Таинча деген бекеттен токтоп, жерге түшсөк жумуртка, сары май, каймактын мекени ушу жер экен. Макем экөөбүз бир чакадан жумуртка алып алдык. Баса, Свердловскиден чыккандан бери биздин вагондо «ЧП» болду. Болгондо да катуу болду. Биринчи купеге бир аял бир эркек, эки киши түштү Свердловскиден. Экөө тең элүүдөн ары аттап, улгайып калган немелер. Билеттери бар экен Бишкекке чейин. Алар жаңы эле жайгашып отурса эки жигитче келип түштү үстүлөрүнө. Булар да билеттери менен, булар да даканса барышат. Бат эле камыр-жумур

аралашып, таанышып, көп өтпөй үстөл үстүнө тамак аш жайнап, мойну узун «Черная смородина» аттуу «крутой» арак пайда болду. Жигитчелердин айрыкча чечекейи чеч. Мындай абалда азыр дурус акча таап кайткан челноктор гана болот дебедимби, булардын да калың доллар менен келатканы биздей ренген көз проводниктерге көрүнүп эле турду.

Кадимкидей туугандашып «Ырас болдуле ырас болдулашып» бажырашып отурушту. Аял өзгөчө шыпылдаган эже экен, жөн эле шуулдайт. Бир топту көргөн катын экен деген ой көңүлүмдү бир сыдырып өткөнсүдү. Бизди да унутушкан жок, улам чакырышып сыйлашып. Берки эки бала бир топ эле кызып калышты. Түнкү саат 12лер ченде бир карасам экөө уктаптыр, балдар көрүнбөдү. Ресторан тарапка кеткен бойдон дайынсыз. Бирин бири жөлөп, оо түн оогондо келип жатышты окшойт.

Таңкы саат бештерде Петропавлга келип токтоп, сыртта тамеки тартып турсам, жанагы аял менен эркек экөө түшөбүз деп калса болобу... Түшүнбөй калдым. Эмне болуп кетти десем, Алматынын поюзуна которулабыз, анан бир жерге тийип кетпесек болбойт дейби, иши кылып болбосо болбостур, түшсө түшсүн орун бошойт, «коен» салам деп мен калдым ичтен кымылдап. Анткени билеттери аягына чейин сатылган да, эми башка киши түшпөйт бул орундарга. Мени менен катуу кайырлашып, колума бир бөтөлкө коньяк карматышты да калып калышты. Поюз жылды. Таң атып саат тогуз, он болду. Көкчөтоодон өтүп Целиноградка (Астанага) жеттик.

 Целинограддын (эми Астана) тынбай зырылдата соккон шүмшүк шамалына далымды салып, жерде тамеки тартып турам. Бир маалда бир аялдын чаңырганы угулуп калды.

– Товарищ проводник, там у вас двое убивают друг-друга!

– Где?

– В том тамбуре!

Чуркап жетсем жанагы биринчи купеде келаткан эки жигит бирин-бири былчылдатып атыптыр. Маспы десем сопсоо. Жакшы эле келаткан буларды кайсыл кара теке сүздү дейм, бир туруп оюм булар жанагы чөптөн өлө тартып алган болуп жүрбөсүн деген жакка да ооп кетти.

Жетип арачы түштүм, болушпайт. Бирин-бири келбет кемелдерин бир топ эле «кооздошкон» экен, тамтыгы жок. Бирин бери түртүп, бирин напарнигим Маке ары сүйрөдү.

– Эй, эмне панкратион кылып атасыңар биерде?

– Байке, сиз сурабаңыз, мен айтпай эле коеюн.

– Айтпасаң айтпа, тряпкени ал да вперед, тамбурду тазалап жууп кой, карачы канды.

Түшүнбөгөн кээ бир акмактар «Бу проводниктер тамбурга козу союптур» дебейби? Давай бол!

– Брат, бизди жайлап кетишиптир жанагылар.

– Кимдер?

– Баягы эже менен күйөөсү, экөөбүз эки миңден төрт миң долларыбызды берип койгонбуз, катып коюңуз эже, Бишкекке барганда алабыз деп. Эртең менен турсак эле жок. Түшүп кетишиптир да Петропавловскийден. Напарнигиңизден уктук, сиз уктап атыпсыз.

– Ооба, түнкү саат үчтө түшүп кетишкен алар.

– Кеп ошондо болуп атпайбы? Мурат берген да, кой дегем. Экөөбүз ошончүн мушташып атабыз да байке, эки миң доллардын күйүтү оңойбу, эй шеф?! Өз колдорубуз менен чөнтөктөрүнө салып берип атпайлыбы? 4000 доллар үчүн экөөбүз не деген азап-тозокту тарттык, жо, мен чыдай албайм, өлтүрөм тиги козелду, эмнеге арачаладың эй брат? Кое бер мени!

– Өлтүрөсүңбү, тирүүлөй бышырып жейсиңби, бирок поюзда эмес. Бишкекке жет, жерге түш, анан өзүң бил. Дагы бир чаңдатчу болсоңор өзүңөрдөн көргүлө!

 Отура калып өңгүрөп жаш баладан бетер ыйлап жиберди. Өпкөсү өпкөсүнө батпайт, карап туруп бир бооруң ооруйт, бир туруп жиниң келет. Булардын шапар тээп жүрүшкөндөрү башкача эле.

Түнү менен нары-бери жетелешип, составдан сулуу кыз уулап, ресторанда шапар тээп, таңга маал келип жатпайбы ордуларына. Долларларын болсо мурдале соо кездеринде тиги аялга карматып коюшкан турбайбы... Жоготуп койбойлук деп сактанышты да байкуштар. Ата-энесиндей адамдарга ишеништи да анан.

– Эй братишка, болду эми, ыйлагандан пайда жок, долларларыңар эми тү-тү болуп киши колдуу кетти. Эми аңдып жүрүп кармабасаңар... же милийсага бербейсиңерби?

– Сүйлөйт экенсиз да брат, кайдагы милиция?

– Милийсага үмүтүң аз болсо, анда криминалдарга берип ташта. Алар буларды жердин жети кабатынан болсо да сууруп чыгып, астыңа тизелетип туруп акыйкат сот кандай болоорун көрсөтүп беришет. Бирок эми кызматтары үчүн ыраазы кыласың да, итак-итак чыгаша болосуң! Зато акчаң бир аз кемисе да кайтат колуңа! Жүдаа ысык болуп келаттыңар эле, таанышып алгансыңар да адрес-мадрестерин алып?

– Жалалабаттыкпыз дешкен.

– Силердин мээңер иштеген эмес эй! Мага эле берип койбойт белеңер? Мен вагондон качып кайда барат элем. Эч кимге айтпа, бери бол жакыныраак, 30 миң доллар передача алып келатам азыр. Такай эле ишеничтүү адамдар ушинтип ишенип беришет.

– Түй энең, алжыган экенбиз да сизге эле берип койсок эмне?

– Ооба да! Кой эми капа болбо үкөм, акча табылар, дагы иштейсиңер дегендей.

Ушинтип эки байкуш бала 4 миң долларынан кол жууп, күйүтүнө өрттөнүп поюзда келатыры. Мен болсом булар жоготпой эле өзүм жоготконсуп, ичимен бушаймандана сөгүп келатам жанагы эки шүмшүктү. Жок энең, кыргыздарың бу кейпи менен оңолооруна көз жетпейт! Кантип колу барат дейм да, мейли башка улут болсо да бир жөн эй, кыргыз кыргыздын көтүнө суу куйган эмне заман келген?.. Ушу сакалың өрттөнгөн эки акмакты эми кайсыл мыйзам, кандай сот менен соттосо болот? Аянттын как ортосуна тизелетип туруп, так көгөргөн мээлерин чачырата атаар элем. Булар баары бир колго түшөт, жер деген тоголок эмеспи, бир бурчтан болбосо, бир бурчтан баары жүз караша турган маал өзү эле ушундай бир келе калат дейсиң... Анткени жаман жакшыны өйдөтөн тескеп турган кудурети күчтүү алла-тааланын бар экенин унутса кыргыз өзүнөн көрсүн... Уурдап жеген тамак эч качан аш болбосун элүүнүн кырынан эчак оогон, өзүлөрүн сакалдуу санашкан ушул экөө кантип билбейт?.. Билет.

Екатеринбург – Астана

Дагы Свердловскийге жөнөмөй, дагы быкылдаган эл, быкылдаган жүк, ызы-чуу перрон... Луговой, Чу, Жарыкка чейин поюз жиндикана менен жиндикана болуп теңселип отуруп, ары Карагандыны көздөй оогондо гана биртике эс алдык окшойт. Челнокчулар да «Опасный жерлерден аман-соо өтүп кеттик, эми кудай Петуховодон сактай көр» деп баратышат. Биз «барон» деген кличкеси бар цыган Толиктин аялы Оля экөөбүз тээ куйрукта, эң арткы вагондо келатабыз. Кытайдын килейген жыйырма баулун жүктөп алганбыз, акча деген тизеден. Толик өзү болсо бир вагон бизден бери, өзүнүн «дутый» вагонунда. Бул рейс көп ызы-чуусу жок, тынчыраак болду окшойт деп ичтен сүйүнүп келатабыз.

Түнүчүндө Петропавлдан өтүп эми Курганга чейин биртке эс алып, уктап алайын деп жаңы эле кыйшая жата кетсем эшиктер карс-курс ачылып, вагонго бирөө чуркап киргендей болду. Тура калсам составдын аркы башында бараткан Эдиктин жардамчысы, дядь Миша аксакал экен. Өзү алтымышты таяп калган бул адам кара курсактын айынан чай ууртап, төрдө тердеп отураар чагында минтип куурап поюзга жармашып, проводник балдарга жардамдаш болуп чай-сай кайнатып, вагон жууп, от жагат, бирөө менен иши жок эптеп кыбырап биз менен каттап жүрөт.

Ошо аксакал эми өңүнөн кан сөл жок купкуу болуп, шапкесин колуна мыжыгып бирдемеден өтө катуу коркуп алган түрү бар.

– Дядь Миш, не болду?

– Өлтүрүп келатыр, качыңдар!

Ошентип бир айкырды да дядя Миша урган бойдон биздин вагондун куйругуна чуркап кетти. Эң акыркы вагон да биздики, бу чунак киши болсо эшикти ач, акырындаганда секирип кетейинчи деп безилдейт.

– Дядь Миша, кто кого өлтүрдү?

– Жаның таттуубу, кач, Эдикти уже жайлашты!

– Ким жайлады?

– Спецназ, ОМОН.

– Какой ОМОН, ты че абышка, совсем крышаң кетип калганбы? Түшүндүрүп айтчы ыйлактабай. Ким алар?

– Спецназ, орустар.

– Кай вагондо?

– Казир сиздердин вагонго да келетин, вай качайык Бахажан! Өлтүрөтүн. Ар бири эки метрлик орустар, бариси маскачан.

– Маскачан?

– Ооба да, оружиясы дагы бар. Калашниктер.

Напарницага келсем ал уже баш жакка чуркап кетиптир. Бир маалда келип калды.

– Баха, дела плохи. Короче пять человек, в форме омона, у всех оружие, все в масках. И все пьяные. Чертово знает кто они. Подряд всех проводников избивают. Идут сюда. Все амбалы как на подбор, натуральные шкафы.

– А с Эдиком что?

– Эдик оказывается с бородой был?

– Как с бородой?

– Ну умер у него кто-то из близких. Они же не бреются при таких случаях. Вот и Эдик небритый был.

– И что?

– Эти сели в Макушино прямо в вагон Эдика и увидели его. Один из них крепко выругался мол, якобы эти бородачи ему еще в Чечне осточертели и ударил Эдика то ли ногой, то ли прикладом автомата. Так что ты давай лезь на вторую полку и спи, а у меня морда то русская, не тронут, наверное...

Мен болсо үчүнчү эле полкага чыгып кетейин дедим бирок уялдым. Экинчи полкада жатам күтүп. Оо бир кезде келишти.

– Нифига себе, русского человека вижу в первые в этом поезде, – деп жиберди бирөөсү напарнигимди көрүп. – Ну здорово сестричка родная!

– Здравствуйте ребята, проходите пожалуста в купе, присаживайтесь. Чайку не хотите?

– Хотим и бутылочку хотим.

Автоматтарын шарактатып бурчка жөлөштү, чечинип, маскаларын алып отурушту окшойт. Напарница болсо, буту бутуна тийбей чай даярдап жүрү.

– Да че ты суетишся сестричка, айда садись с нами.

Отурушат. Бөтөлкөлөрүн коюшту.

– Че за «Карабалты арагы», че за пойло такое у них? Мы сейчас узнаем что это такое? Если плохое то всем им конец!

– Это очень хорошая водка ребята, давайте я Вам налью, – деп калды напарницам.

– О гитара! А чья? Твоя сестричка.

– Нет напарника.

– А где твой напарник?

– На верху спит, отдыхает.

– А ну давай его сюда, эй бабай, нука подъем, спускайся сюда живо!

Түшүүгө туура келди. Катуу ойгонуп тургансып сыр бербей жерге секирип түштүм:

– Здорово мужики!

Көп болсо 19-20 жаштагы боз балдар, баары чаар кийимчен. Мас.

– Этот че то на тех не похож. Кто по нации?

– Киргиз я!

– Аа, ну садись раз киргиз. Мы вот шли по составу, одни турки. Вот только в этом вагоне Вы другие?!

Кыпчылып отура калып арак куюп, бат-баттан таанышып, гитараны ала коюп Высоцкийдин бир ырын согуп жибердим эле «оо братишка, давай ещелошуп» эрип кетишти, кадимки эле орустун балдары болуп чыга келишти. Көрсө, булар кайсы бир поюздан куралдуу кылмышкерлерди талкалап, жөнөтчү жагына жөнөтүп спецтапшырмадан үйгө кайтып, биздин поюзга чыгып калышыптыр да. Челябинскийлик спецназданбыз дешти. Арасында бирөөнөн башка төртөө Чечняда болуп аман кайтышкан экен. Ошондуктан сакалчандарды же төшүн түк баскандарды көргөндө булардын каны башына тээп кетет тура. Бажырашып кадимкидей туугандашып отурдук: Афганский ырлардан бир экөөн ырдап берсем кадимкидей ыйлашып (мас да) ыракмат айтышты.

Ошо күнү Курганга чейин уйку көрбөдүк. Эртеси Кургандан өткөн соң басып барсак балдардын көбү токмок жептир. Бир Турик деген түрк дос бала бар эле, өзү кирпиктерине чейин сапсары, мурду коңкойгон неме. Жанагылар кирип келип:

– Ты кто? – дешсе, байкуш коркконунан эмне дээрин билбей «я хахол, я беложопий» дейт имиш. “Ах ты сука, хохляцкая морда!» дешип уруп (өзү да арык тыртыйган неме), оозуна наскийлерден тыгышыптыр. Бека деген (бу да түрк) дос уйкусурап, служебкада жамбаштап жатса бирөө кирип келип, бутка тепкен экен тура калыптыр. Жакадан муунтуп, жерден бир карыш көтөргөн далдайган ОМОН айтыптыр: «500 рублей сука, живо!» десе, «Есть» деп жиберген экен, коюп жибериптир. Иши кылып, баарын бир сыйра майкандап уруп, анан биздин вагонго барып отуруп калышыптыр да. Ошондон кийин жанагы спецназды экинчи кайра көрбөдүк.

Ст. Каргаполье, Россия

Бул дүйнөдө акмак адамдар көп. Акмак деген он жашында акмак болсо 70ке келсе да ошо бойдон кала берет экен. Эң коркунучтуусу – аялдын акмагы бул дүйнөдө эркектин башына келген чоң бактысыздык, энесинен жеткиликтүү тарбия албаган, катын жасачу ишти жасаганга нодок мындай карөзгөй ургаачылар өзүнүкүн дайыма туура, дайыма ак деп эсептейт да, башкалардыкын уруп да койбойт.

Мындай арганы кетирген арамдыкка каршы тура алаар бу дүйнөдө али эч бир күч табыла элек. Акмак катын жүрүп-жүрүп бир жери кычыша кеткенде тура калып, куру доомат менен болсо да бирөөнү коколоп, жарга такаганды чоң өнөр көрөт, андан кадимкидей ырахат алат... Андан да коркунучтуусу, акмак катын эч жерде иштебей, даяр тамактын үстүндө отурганы. Каалаганча түшкө чейин уктап, ныксырап турат да, тамакка кардын тойгозгон соң күйөөсүн күтөт. Эрмеги ошол. Ал шордуу чарчап келеби, кыйналып келеби, ал жагын уруп ойногон жери жок, ар кайсынын башын келжиреп отуруп, өзүнө жакпай калган кенедей сөз айтылып калса болду, ошол бойдон жаңжал чыгарат. Анткени максаты ошол. Издегени жамандык.

Мындайлар поюзда да толтура жүргөнүн көрдүм. Өзгөчө ушу рейсте болгон окуяны көпкө унутпайт окшойм. Иш мындай болду. Төртүнчү купеде бир аял кетип баратат, жанындагы кошунасы жашы алтымыштарга келип калган киши. Бишкектен чыкканы экөө кызуу аңгемеге кирип «карындаш, байкелешип» таанышышып деле ынак келатышкан. Жалмаңдаган деле кейпи жок, дурус, нормалдуу, орус айткандай «порядочный» эле катындай көрүнгөн. А берки байке болсо көл менен көлдөй кенен ажайып, жоомарт адам экен, «по всем статьям» алганда сонун киши экени көрүнүп эле турат.

Балекет жүргүнчүлөр топурап Целинограддан (Астана) жерге түшүп, тамак-ашын камдап кайра чыгып, поюз перрондон жыла берээрде башталды. Жанагы катын «Акчам жогеле акчам жок» деп чаңырыкты салбаспы... Чач башы саксайып, кебетеси кеткен бойдон бизге чуркап келиптир.

– Эй правадниктер, акчам жок!

– Бизди уурдап алды деп турасың го? – напарнигим Мурат тура калды.

– Силерди алды дебейм, бирок силер балянын баарын билесиңер, ким алганын да айтасыңар азыр! Менин жанымдагы чал кайда?!

Бир далай убактан соң абышка да келип калды. Биртике «согуп» алганы көрүнүп турат, чечекейи чеч, бакылдап алыптыр.

– Поюздун турмушу жагат да кысталак, өзүнчө эле романтика эй балдар!

– Романтиканы азыр сага тетиги катын көрсөтөт, бар ордуңа абышка, жаңжалга даярдана бер. Бирдеме болсо эле бери көздөй кач.

– Эмне болуп кетти анчалык? Тынччылыкпы?

Оозун жыйнай электе нары жактан жанагы аял чуркап келип чаңкылдап кое берди:

– Акча жоготтум ай байке, тамашалашып алган болсоңуз ордуна коюп коюңуз сыйыңыз менен!

– Эмне дейт, кайдагы акча? Эй карындашым, элдин көзүнчө тилиңди тарта сүйлө, эмне деп турасың?

– Бас, сомкеңди көрсөт! Тилимди тартпайм этпейм. Силер эле алып алдыңар, кечээ күнү санап атканда көрүп тургансыңар!

– Тууй ата, бу сен таза ит кылмай болдуң го кишини? Мен алган жокмун эй карындаш, менда кудай деп жүргөн адаммын. Ары-берини карабай түз эле качырганың кантип болсун?

– Албасаңар балаңар менен каргангыла!

– Ой сен таза акмаксың го? Кылбаган айыбыма балдарым менен каргангыдай мен акмак эмесмин! Мен вообшум эле эч качан карганып көргөн адам эмесмин!

– Көрдүңбү, сен эле алгансың?

– Сенсиребе эй аял, сенсиребе!

– Милийса азыр келсин, силер менен башкача сүйлөшпөсөм элеби? Каратып туруп алдырып ийгидей мен эмне, билесиңер силер да правадниктер, баляанын баарын билесиңер...

Андан ары айым алкынып-жулкунуп болгон «өнөрүн» көрсөттү, тиги абышканы беттен апчып тытып сала жаздады. Арачага түшпөсөк абышка байкуштун абалы бир топ мүшкүл болмок экен. Шордуунун ичип келген жүз граммы да бир жеринен чыгып кетти окшойт. Матрасын көтөрө чаап, шейшебин сыйырып алып башка купеге көчө качты. Ал ортодо милийса келе калып, бир топ жүдөтүп жиберди элдин баарын. Иши кылып ызы-чуу менен гүрү-гүү болуп бир топко чейин бардык.

Кеч кирип эл жатаарда бир карасам тигил аял уктап аткан. Бир маалда туруп келиптир. «Акчамы таптым» деп күнөөлүүдөй жер карайт. «Кайдан таптың, ким алыптыр?» десем, «өзүмдөле экен» дейт. Кечирип койгула дейби десем ал оюна да келбеди сыягы, кайра баягыдай жайдаңдап эчтеме болбогонсуп, шакылыктап жүрдү. «Бар жанагы абышкага бар, ошону таап кечирим сура!» дедим. Кеткен.

Бир оокумда тыңшап турам, абышка ашатып атат, ашатып атат, тим эле түтүнүн чыгарып жибергичекти сөктү. Мелтейип угуп турду уялбай. Ошондо ойлобатам, бу куру дооматың жаман нерсе экен, эски кишилер «Эй кудай, куру дооматыңан сакта» деп кудайдан ошончүн тиленет тура, эми түшүндүм.

Ст. Каменск Уральск, Россия

Свердловскийден кайттык. Поюз ээн, жүгү жок. Бир нерсени эстеп күлүп коюп келатам. Напарнигим шаар кыдыралы деп шаарга чыкпайбызбы Свердловскийге, бир жеринен аралап келатсак, сонун гүлбагы бар экен, ичинде пийва саткан да точкеси бар окшоду. Кой бир крушкеден соголу деп кайрылып калдык. Кирип баратсак эле бир кызык көзгө учурады. Орто жашап эле калган орус төрт аяктап турат, үстүндө болсо бир кыз, бир жигит экөөсү отургучта отургансып жайбаракат чылым үйлөшүп, тигинин үстүндө отурушат. Оозум ачылып Муратты жеңден тартып, токтоп делдейип калдык. Жанагы экөө болсо тамекилерин тартып бүтүштү да туруп баратышып тигиге акча карматкандай болушту. Мужик ордунан тура бою-башын түзөй электеле дагы экөөсү келип чөктүрүп (көнүп калышкан окшойт) кайра минип алышты. Биз да тиктеп турабыз кетпей. Булар бат эле ары-берини сүйлөштү да, туруп кетелекте эле чычайта тамеки тиштеген кодурайган эки чычым пайда болду. Мен аларды кубалап ийип орусту кепке

тарттым.

– Мужик ты че делаешь?

– Работаю.

– Как работаешь?

– Вот так и работаю, скамейкой.

– Аа... Много ли платят?

– Когда как. Но на хлеб и на водяру (аракты айтат) зарабатываю. Ни у кого не прошу ведь!

– Ну ты даёшь? – сүйлөшүп турабыз.

– Ар кандай акмактар көп кездешет биздин жумушта, – дейт Саня салабаттанып, – эл катары отуруп кетишсе эмне, жо, обзятельно тамекисин менин чекеме же арт жагыма, көчүгүмө басып өчүрүш керек, көрчү чекемди» дегенинен карасак, чын эле байкуштун чекеси бир нече жеринен күйүп, печет түшүп, так болгон жерлери бар экен. «Кээде төрт буттап турбай, дөңгөч сымал узунуман да жата берем. Ничего не поделаешь, клиент эмне десе, эрки менен болууга туура келет» дейт. Отургучуңдун акысына кандай акча төлөшөт деп сурасак, «негизи жарым саатка 5 рубль, бирок 1 саат отуруп, 1 рубль карматкан итибайлар көп, бирдеме деп көр, көгала кылып сабап, кайра өзүң араң качып кутуласың» дейт.

Шумдугуң кур! Кадимки эле адамды адам үстөл кылып мингени акыр заман эмей эмне, жо карасаң эй, ойлоп тапканын отургуч болуп иштейт имиш!..

Екатеринбург, Россия

Мен челноктор деселе мурдун чүйрүп, аларды экинчи сорттогу адамдар катары баалагандарды көп жактыра бербейм. Эсимде, анда Москвага каттап жүргөм. Бир жолу менин вагонумда Москвадан бир орусташып кеткен кыргыз аял келди Бишкекке чейин. Илим дейби, бирдеме жактайм деп барган имиш Москвага, күйөөсү болсо бир чоң кызматта иштеген неме экен айтканына караганда. Рязандан өткөндөн кийин түнкү саат үчтөргө жакын служебкада үргүлөп отурсам, акырын тыкылдатып келиптир. «Мени башка купеге которуп коюңузчу», «Эмнеге?», «Биздин купеде ужасна тер жыттанып атат». Мен которалбайт экемин сизди дедим. «Вы поймите, я как культурная женщина, терпеть не могу этих коммерсантов» дейт. Ошенткенделе жиним кайнап кетти. Эмне, алардан сенин бир жериң алардан ашык болуп турабы айымгүл, булар деле сендей киши десем, «Ну не могу, они так едят грубо и разговаривают так, как будто у себя в кишлаке» дейт кайра. Эми алар сендей аспирантурада окушпаса, культур-мултур менен иштери жок жөнпенделер болсо… анда эмне, поюзда жүрбөшү керекпи? Болбойт ыйлактап. Мен айттым, «баланча купедеги аялды сенин ордуңа котором, сен болсо анын ордуна өтүп ал». Ошентип кутулдум.

Бирок мигранттардын баарысы эле тупой, караңгы адамдар эмес. Үчүнчү купеде үч жигит келатат. Экөө бир жерде туруп соода кылабы же бир базада жүк түшүрүшөбү, айтор айрылышпас жандар экен. Үчүнчүсү болсо буларга жол шерик болуп жаңы кошулган. Берки эки дос поездге отуруп аткандале кызуураак болушчу. Мени таңгалдырганы алардын кызуулугу эмес, бирдемени талашып, бири экинчисине: «Эй достум, сен значит, классикалык гуманизмдин принциптерин кабылдабайт турбайсыңбы? Эсиңдеби, Гумбольдттун айтканы?» десе, наркысы: «Мен албетте Гумбольдтту сыйлайм дечи, бирок аныңдын: «Маданият бүтүндөй бир ширелишкен бирдик» дегени көбеле жага бербейт» дебатпайбы. Билет текшерип аткан напарнигим, Меркенин карапайым жигити Марат болсо оозу ачылып, түшүнбөй, булар Гумбольдт деген «коен» (билети жок) ээрчитип алганбы дегенчелик кылып: «Кириңдер, кириңдер жылдам, Гумбольдту не кыласыңдар аныңдар ким еди?» деп койду. «Ээ достум, али Бишкекке жеткенче далай салгылашабыз, сенин Макиавеллаңды да, Монтескьеңди да, Ницше, Кантыңды кошуп туруп талкалабасам карап тур» дейт беркиниси вагондун астанасын аттап кирип баратып. «Баары бир, коомдун жана жаратылыштын жалпы мыйзамтуурулугун мен сага далилдеп берем» деди тигиниси да жөн калбай. «Байке, манаулар не деп туру шешеңди, чо ту ни то гой булар, сак болуу керек – деди Макем, – жанагыдан урып алган жокпа буларың?"

Мен болсо асман астындагы кара жумуштан тотуккан булардын кейиптерине жана учурашканда кесилип туурулган орой колдоруна карабай, неси болсо да оңой жигиттерден эмес экенин туюп турдум. «Настоящий интеллигенттер Маке, мен мындайларды аз жолуктурдум, буюрса, менттерге тийгизбей жакшылап алып баралы» десем Макем: «Неси интеллигент, стройкадан келатыр гой булар көптүн катарында. Аларга мынча ичиң жылып туру байке? Иче берип жүдөтпөсө болду, көрдүңбү сүйлескендери да не то» дейт. Булардын үстүнө дагы бир жигит кошулду. Накта колхозбай, карапайым жигит экен, бирок дымагы ай чапчып турат. Поюз перрондон күүлөнүп шаардан суурулуп чыкканда алардын купесине баш бактым. Үчөө бир шише аракты жаңы бузуп, отуруп калышыптыр. Тааныштык. Акыл менен Адылбек «философтор» бири Чүйдөн, бири Оштон экен, үчүнчүсү болсо бу да түштүктүн жигити болуп чыкты. «Философтор» Москванын Тушино деген жеринде чоң пиво базада жүк түшүрүшөт экен, аркы дос болсо Измайловка базарында стройматериал сатам деди окшойт унутпасам.

– Кел эми шеф, – деди Акыл стаканын кармап, – кстати, адамдын бактысы эмнеде билесиңерби, жагымдуу сезимдерде жана анын бардык табигый керектөөлөрү моминтип аз-аздап болсо да канааттандырылгандыгында, ошончүн, анан таанышкандыгыбыз үчүн алып коелу.

– Туура досум, бирок сенин Оуэниң бу маселени эң примитивдүү гана алкактан алып караган, кечиресиз, биз ушинтип кажыша беребиз Баке. Анткени экөөбүз тең философторбуз, экөөбүз тең бул илимдин кандидаттарыбыз. Эми турмуш экен, философия багалбай калбадыбы, грузчик болуп кеттик биерге келип. Бирок мунсуз (философиясыз) экөөбүз тең жашай албайбыз, колубузда пиванын жашиктери болсо да, оозубузда Юм, Кант, Аристотель, Моррелли. Жумуштагы кожоюндар бизге Сократ, Платон деп ат коюп алышкан. Кээде жондон жон, колдон кол калбай төрт бүгүлүп калганда урдук, кетебиз Бишкекке, эптеп күн өтөөр деп калабыз. Анан эле ай сайын колубузга 500-600 бакстан карматканда (ашыкча иштегениңди өзүнчө төлөйт) кыйналганды унутуп калабыз, шүгүр дейбиз. Ушинтип убакыт өтүп атат.

Мына сага! Айтпадым беле булар жөн балдар эмес деп. А берки үчүнчү жигит болсо «Бишкекте подполковник милийса досу бар экенин» бир айтып бир койбойт, булар бээ десе, тиги төө деп сөзгө аралаша калып атты. Боорум эзилет.

Жанагы «челноктордун буту сасып атат» деген илимпоз, таза катынды ушулардын үстүнө кийирип койдум. Адеп өңү-башын тырыштырып атып кирген, эртеси «бесподобные люди, я таких умных людей еще не встречала, класс, фантастика!» деп калыптыр. «А третий как?» дейм. «Аа этот, у которого друг подполковник? Я кроме того, что у него друг в Бишкеке подполковник, ничего о нем не знаю» дейт. Чын эле байкуш кайра-кайра айта берип, көп өтпөй өзү «подполковник» атка конду. Бир баш баксам берки Адылбек сайрап атыптыр: «Геологиялык убакыттын өлчөмү менен алып караганда, адамзат эң эле көп болсо бир миллион жыл жашады. Эсепсиз кылымдар бою күн азыркыдай эле чыгып, батып, ай алмашып, жылдыздар күйүп, өчүп турганы менен бул нерселер адамдын пайда болушу менен гана таанылды да» десе, берки Ашырбай айтып атпайбы: «Точно эй, бир жолу саунада отурганда Бишкектеги подполковник досум да ушуну айткан эле». Өлөсүң да өлөсүң, өзүнчө эле анекдот…

Ст. Таинча, Казахстан

«Жаңы» кыргыздар кызык эле калк болот экен. Чынында кечээ эле челнок болуп алыс жолдун эки учуна чапкылап, чаар сумке көтөрө берип колу туурулуп, жону бетонго айланган бир кыргыз күндөрдүн биринде эле поюздан түшө калып, эртеси карасаң көчөгө «жаңы» болуп чыга келгени дурус дечи. Үйү, машинеси, кийген кийими, атүгүл аялына чейин жаңы. Иши кылып сыртынан карасаң баары эле окшошуп, келишип тургандай сезилет. Акча көп болсо кыргызда, өзгөчө «жаңыларда» каада да көбөйөт эмеспи. Жүйөсү болсо болбосо эки күндүн биринде опур-топур болуп бири-бириникине мейманга, зыяпат уулап бармай, келмейден башка иштери болбой калат окшойт.

Күн сайын казан асылып, тамак-аш жасалып, ал көп учурда желбей ачып-кычып мусурга ыргытылат, ошо эле убакта бир сындырым нан таппай, жан-жакадагы ачкасынан теңселген бомужга «ме, момуну сен же» деп койгонго киши жок. Булардын иттери да тамакка карагысы келбей калат экен, жадагалса өзүлөрүнүн ит экенин унуткандай, үрсөмбү үрбөсөмбү дегенсип көктү тиктеп жатканы жаткан. Мен «жаңы» кыргыз болдум деген бир адамдын үй-бүлөсүнөн мисал келтирип атам, анын ылымталаш катнаш адамдары да так эле ушу кишиникинен ныпым айырмасы жок турмуш кечиришет экен. Буларга аралаша калганда көңүл топук алаар бир гана нерсе – каалаганыңды ичип-жеп, жок дегенде физиологиялык муктаждыгыңды канааттандыра аласың, духовный же руханий жагы болсо орустардын тили менен айтканда «смертельная тоска». Сен төө десең булар бээ дейт же тескерисинче, кыскасы бул чөйрөдө тышы жаркырап турган адамдардын ички дүйнөсү жок, ал болчу жерде баштапкы жапайы инстинкттен, акча жөнүндөгү бүтпөс-түгөнбөс сөздөрдөн, өзгөлөрдү сындагандан башка таш балекет да таппайсың.

Бир жолу ушундай «жаңылардын» бириникине коноктоп барып калдым. Үй ээси, торсоюп кызара бөрткөн «жаңы» кыргыз тынбай бапылдап, аборотундагы жүгүртчү акчасына, жакында базардан сатып келген кавказ овчаркасына чейин айтып келип бир кезде силерге камдаган сюрпризим бар деп калды. «Карап турсаң, азыр 50 бакстан падарке таратат болуш керек бу келесоо» деди жанымда жанатан бери каадалана отурган керсейген неме жактырбаган тейде. Мындай кабардан көңүлү шат боло түшкөн калк дароо ураалап, стакан кагышып, эмнеси болсо да алдыда күтүп турган жагымдуу бирдеме бар экенин туйду шекил, отуруш ого бетер жандана түштү. Чала кызый баштаган бир айым улам эле чөнтөк телефонун чулуңдатып, ачык эле обу жоктонуп баратты, чала-бучук орусча аралаштыра согуп, телефонунан тынбай сүйлөшө берип отургандарды да жадатты, акырая, акшыя карагандарга көңүл да буруп койбойт, өзүнчө эле «вумен леди» атаңгөрү.

Ошентип отуруш ортолоп, элдин алагүү бажылдагы кызып табына чыкканда үйдүн кожоюну коошпогон, жарашпаган, жаман спектаклдеги начар ойногон артисттин кейпи менен «Сүйрүприз начинается» деп жар салып калды. Андан ары «Внимание, азыр будущий Болот Миңжылкыев, менин балам, келечектеги гениалдуу ырчы, азырынча Тамчик!» деп 12-13төрдөгү балакайды ортого алып чыкты. Ошо замат аны унутуп, кымбат акчага мугалимдерди жалдаганын, алар да муну түз эле жөн бала эмес, тубаса гений деп өзүлөрүнүн бүтүмүн чыгарганын, эми иностранецтерге көрсөтөөрүн, атасынын гөрү, колдон келип турганда жогеле дегенде Москвадан окутканга аракет кылыбатканын узундан узун жарамазанга айлантып айтып кирди. Бала байкуш чоң кишилердин көзүнчө сүрдөп, бир туруп мурдун чукуп, бир туруп тияк-быягын тырманып, не кылаар айласын таппай, акырында үстөл четине отура калып тамак жеп кирди. «Тамчик, бол азыр конокторго ырдап бересиң» деди атасы акыры сөзүн токтотуп. Шашкалактаган балакай өйдө боло берип, килейген сок куюлган стаканды үстүнө оодарып алды.

Жанында отурган аял өлөөрүнөн араң күлүмүш этип, сок жаба берген кымбат баалуу көйнөгүнөн өңүрүн бир силкип алды да, үйдүн кожоюндары тарапка жылаанча иймеңдете мойнун созуп, «Эчтеке эмес» демиш болду. «Ырдатса батыраак ырдатпайбы ары» деп ышкыра заар үн катты кошуна киши менин кулагым жакка эңкее берип.

Гений деп мактаган балада өзгөчө деле эчтекеси жок экен. Баладай эле бала. Чыйылдаган жагымсыз үнү менен Бектин кайсы бир ашмалтайы чыккан ырын созуп эле жатып калды. Анын да сөздөрүн улам унутуп, атасы, энеси бир жактан ашар кыла кошулуп, ырдашып атып эптеп чогуу бүтүшкөндө, жанатан бери жүдөп кеткен эл ырга эмес, эптеп бул кыйноодон кутулганына көбүрөөк сүйүнгөндөй суйдаң суюк алакан чапкан болду. «Ой Куке, мунуң чын эле анык Миңжылкыев турбайбы» деп калды менин кошунам таң бергенден көрө какшыгы көбүрөөк үнү менен. Балакай мурдун көтөрүп көрдүңөрбү дегенчелик кылып эдирейип турду. «Эми жуп кылалык, Тамчик, баягы «Жегениң шакалатты» сокпойсуңбу?» дегенде бержактагы угармандардын ындыны өчө түшкөндөй тымтырс боло түшүп, кимдир бирөө «Мынчалык болду, эми ыркесе кылбайлыкпы?» дегенде араң турган калк «Ооба, идея, давай, Тамчик да эс алсын кичинелеп» деп колдоп кетишти. Араң кутула жаздап бараткан конокторду Тамчиктин чыйылдаган үнү токтотту: «Ооба, ооба бул сенсиңби, кандай салам... тааныдыңбы, тааныдыңбы жүрөм аман».

Кеп андан ары жалаң ушак айың менен жүрдү, «Баланчанын тамы үч кабат экен, түкүнчө министрдин катыны Англияга эс алганы кетиптир, Ашматтын кызы «Мерседестүү» болуптур, Ташматтын баласы баланча кридит алыптыр» ж.б. жадатма кептердин арааны жүрүп, тамшанган, суктанган, үшкүргөн кажылдак менен кошо арак да суудай акты.

Ошентип буржуй жаңы кыргыздын үйүндөгү үлпөт отуруш тээ түн жарымынан ары оой созулуп, ырчылар ырдап, температурасы абдан ашып кеткен боксчулар бокусташып тебишип, картежниктер айда карта чабышып, тырмактуулар бир сыйра тытышып, иши кылса жашоонун, буржуй турмуштун жыргалын таң аппак агарып кеткичекти катыра татышты. Иши кылса, ар ким өзүнө жараша өнөрүн аянбай көрсөтүп, акыры таң кылайып баратканда туш келди үй ичине чачылып, ар кай жерде томолонуп, тоңкоюп-туңкуюп жатып калышты.

«Аппак алалы эле, аппак алалы» деп түнү менен бапылдап, элдин баарын, өзүн да аракка сугарган тамада жигит акыркы жолу «аппак» деп оозун ачып баратып жалп «өчкөн» экен, ошо бойдон оозу аңырдай ачыла оор уйкуга кетиптир. Кыскасы, буларыңдын деле отуруш зыяпаты кадимки эле карапайым кыргыздыкындай тура. Баса, эртеси эл уйкудан туруп, чайга отурганда кечээки телефону бар аял кокуйлап калды. Сумкесинен бир кымбат баалуу буюмун бирөө шилтеп кеткен имиш! Жаңы кыргыздын үйүндөгү зыяпат ушинтип ЧП менен аяктады. Мен болсо ичимде мындан ары бир да жаңы кыргыздыкына отурушка барбайм деп чечтим.

Свердловскийге жол тартчу №205 поюз перрондо турат. Посадка же болбосо жолдош жүргүнчүлөрдү вагонго отургузуу жүрүп атат. Тартиби жок жолдош жүргүнчүлөр болсо кырылышып, сүрүшүп, эптеп вагонго кирүүнүн камында.

Билеттерин колуна кармаган бирин-экин орустар четке сүрүлүп, бу жапайы төө бастыны жек көрүү менен карап турушат. Биз болсо эшикти кеңири ачып таштаганбыз, бириң өлүп бириң кал дейбиз. Негизи минткенге акыбыз жок, биз деген эшик алдында «пажалста ваш билет», «кириңиз мархамат» деп ийилип турушубуз керек. Жолдош жүргүнчүлөр болсо ыраазы боло жылмайып бизди алкап адегенде балалуу катындар, чалдар, жаш балдар, анан калган калк кириши керек. Бизде атасынын чокусуна андай болобу, күн башка жактан чыгып кетпейби андале. Жок, бизде биринчи очеретте сүзө качырып букадай болгон буура сан жигиттер кирет вагонго, жанагы катмар, чал-кемпирлер, балалуу, боюнда бар аялдар, жаш балдар эң акырында үлгүрсө кирди, үлгүрбөсө кала берди ошоерде.

Жүргүнчү калса калсын, бирок чаар сумкелер калбаш керек. Чаар сумкелерди жүктөтпөй коюшса алар такси менен поюзду кубалап отуруп болсо да жетип, баары бир жүктөшөт. Темир жолдогу кеңкелес инструкторлор бир-эки байкуштукун поюзга салдырбай коюп (акча бералбагандардыкы да) укмуш тартипке салдым деп керсейгендери менен, ал чаар сумкелер инструктор кабинетине жөө басып жеткичекти эле поюзду Шопоковдон кууп жетип, вагондорго култ-култ эте кирип кеткен болот.

Кыскасы, поюзга адамдарды отургузуу башаламан, чаң-будуң. Анан эмне кыласың, эшикти кенен ачып таштап, ары басып кетесиң, киргени кирди, кирбегени өзүнөн көрсүн. Вагондун жанында деле караан болуп турайын дейсиң, бирок жанды коюшпайт. Инструктор келет, ага жогеле дегенде 100-200 сом берүү керек. Ичи менен жашынып, чоң жылдыздуу менттер тооруп келет, аларга да «отметка» керек, өфф, эми кутулдум деп турсаң өзүңүн рейске чыгалбай жүргөн проводник шериктериң, анан бомждар, кайырчылар даяр болот. Баарына эле бер, бер, бер... Поюз жылып чыкты дегенче кайра башталат, иши кылса алыскы рейске барып келгичекти көргөн турмушуң ушул, рейс сайын кайталана берет, кайталана берет, көкөйүңө көк таш болуп тие берип, акырында качарга жер таппайсың...

Шопоков бекети, Кыргызстан

Жанымдагы төртүнчү вагондо проводниктер – аялы менен күйөөсү чогуу кетип баратышат. Демейде Москвага жүрчүбүз дешет, бир жолу Свердловскиге суранып баратышыптыр. Күйөөсү күржүйгөн албеттүү неме ачуусу да чукул экен, аялын жарым сөздөн илип чыркырата сөгүп, колуна эмне тийсе ошону менен каңк дедире басып жиберет окшобойбу. Өзүнүн шорунанбы же бактысынанбы, аялы болсо өлүп баратса тилин тартпай ышкырып турган бир кокуйкүн дейт. Иши кылып бул экөө үйдө да, поюзда да кубалашып, чабышып, тебишип өмүр бою келатышат, бирок бири да мындай жашоого тойдум, урдум деп, бу кезге чейин лам деп бир ооз ачканы да жок, аны ойлоп да коюшпайт шекилди.

Ток этээри – экөөнө ушу жашоо кызыкпы кызык. Мен бул түгөйдүн турмушу жөнүндө мурда балдардан көбеле уктум эле, эми өз көзүм менен көрүп баратам. Таң эрте Карагандыга кирип токтобойбузбу. Мен кошуналардын тамбуру жактан түшөйүн деп аякка өтсөм, аялы тим эле чаңырып атыптыр. Кимди эмнеге каргап-шилеп атат ит билсинби. Ай, эмне болду десем: «Карачы, чайга деген отунду, жыйнап койгон бош бөтөлкөлөрдү бүт бомждор шыпырып кетиптир, тиги «өлүк» болсо (күйөөсүн айтат) кечээ ичип келген бойдон сулк жатат» деп дагы толгон-токой ыпылас сөздөр менен тынбай каргай берди, каргай берди, токтоор кейпи жок. «Ээй бас үнүңдү! Азыр өзүм барып басам!» деп барк этип калды тияктан «шеф». Ага болбой эле бежиреп атат, тил деген болсо бир километр болуп тетиякты көздөй кетти. Кудай сактай көр деп мен турам бери жакта. «Жаткан полкаңан учуп арка мойнуң астыңда калса кана» деп ошондон кайф кармап, жөөлүгөн аял сөзүн бүтүп бүтпөдү, ары жактан аюудай атырылган күйөөсү чыгып келди да, бир колу менен алкымдан экинчи колу менен курсак ылдый апчый кармап жерден таптак үздү да, мүшөктөн бетер тамбурдун дубалына даңк урду.

Бул иш ушунчалык бат болду, аял өзү да эчтеме сезген жок. Бок, сийдиги аралашып өпкө боору үзүлүп кетти го деп эй баланча кой дебейимби... ал мен жакка карап көп болсо 2-3 секунд бурулган болду, ошо арада... шумдугуң кур... талпак болуп тамбурга күбүлүп түшкөн аял мышыкча шып бутуна туруп, күйөөсүнүн колтугунан жылаандан бетер суурулуп чыкты да, айлана качып вагонго кирип кетти.

Дегеле жол шерик болуп жүргөн жубайлар темир жолдо бир топ эле. Биздин бригадада да Тимка (Тимур) келинчеги менен жүрөт. Алыскы жолдо нелер гана болуп кетпейт, бир жолу ушу Тимка Москвага баратып болбогон жерден «косякка» кирип калат. Угушума караганда Пензанын милийсалары вагондун кайсы бир кычыгынан бирөөлөр качандыр бир тыгып коюп унутуп (же балким алалбай кеткен) калышкан эски наша таап алышпайбы. Булардын көктөн издегени минтип жерден, болгондо да Тимканын вагонунан табылып атса, «Была бы лишь вина а статья найдется» дегендей шымалана түрүнүшүп, Тимканы келинчеги менен кошо түн жарымында поюздан түшүрүп, милийсаканага алып келишет да, ал анан, ошоерден катуу кысмакка (прессинг) алышат. Экөөнү эки бөлмөгө бөлүп отургузуп алып, улам бирөөнө алмак-салмак «Күйөөң мойнуна алды», «Келинчегиң мойнуна алды, бүттү кол кой» дей беришет. Жөн пенденин баары эле мындай психологиялык чабуулга такат кылалбайт, далай «төбөсү боштор» буга чейин мындай фокуска илинип, тырмактай күнөөсү жогеле өз баштарын өзүлөрү кыя чабышкан. Милийсалардын бул өнөрүн туйбаган-билбеген Тимка бекен, «Жена уже призналась, давай ты тоже» дегенделе «Мойнуна алса алсын, камап салгыла, менин андай аялым жок» деп кесе айтат.

Тимкадай жигиттин келинчеги да оңой неме эмес, ал да так ошондой жооп айтып туруп алат. Таң аткычакты суракка алышып акыры айлалары кеткен оперлер буларды кое берип жиберишет. Тимка аны (нашаны) көрбөсө, колуна кармабаса, өзү алгач ирет таңгалып атса, анүстүнө жолдо жүрө берип, анык көкжалга айланган неме, тигилер канча кысса да дың дебей отуруп бүпбүтүн, аман-соо чыгып кетип атпайбы. Орусиянын милийсалары эчтеке колго илинбей же чөнтөккө акча түшпөй калганда, убал-сооп дегенди уруп ойнобойт, өзүнүн чөнтөгүндө дайыма атайлап салып жүрчү тырмактай нашасын ыргытат да, сенден таптым деп чыга келет. Адамдын кайраттуулугу, токтоолугу, бекемдиги ушунда бир сыналат дейсиң, мындайды көрбөгөн, башы бышалек жаш проводниктердин айласы алты куруп, бурчка камалып өзүлөрүн жоготуп, жем болуп бергендери сансыз. Кыскасы жолдун жолдой азабын көтөрүү үчүн эрк да, жүрөк да, темирдей катуу нерв да керек, бул үчөөсүнөн куржалак пенде проводник болуп алыскы каттамдардагы поюздарда жүрүшү кыйын, өтө кыйын.

  •  

Проводниктин турмушу жалаң бүтпөгөн рейстерден, бирде ачык, бирде бурганак, бороон чапкын болуп турган жолдордон турат. Бул жолдо ага медер, караан, жөлөк болоор жан да, жол да – шериги, напарниги. Анан бул жумуш башынан аягына дейре бүтпөгөн ызы-чууларга, мээни кургаткан психологиялык ар кандай кырдаалдарга, түйшүктөргө, сарсанаага толтура болгондуктан проводникти мындан алаксытаар арак болуп саналат.

*     *     *

Каалайсыңбы, жокпу, бул ичимдик чынындале узун жолдо проводниктин «мээси кыйшайып» кетүүсүнөн сактап кала турган бирден бир каражат. Проводниктер арасынан көп адамдар ичпесе да, баары бир жанагыдай кыйчалыш кырдаалдарда кан басымы чыңалып, шакардай кайнаган жиниң, ызаң кысып келгенде өзүңдү коерго жер таппайсың. Бир стакан аракты тартып жиберсең жаның жай ала түшөт. Жолдун түйшүгү бир азга болсо да жеңилдеп калгандай болот. Бирок... ар нерсенин бирогу бар дегендей, ушинтип аз-аздан иче коюп жүрсө боло берет экен деген нечен сонун жигиттер, кыздар пассивный ичкичтерден активный аракечтерге кантип айланып кеткенин өзүлөрү да билбей калышат. Ошентип жүрүп биротоло шишенин түбүнө чөгүп, аяктан кайра чыгыш, өх, кандай оор. Жашоонун болгон бүткөн жыргалы ошо гана жерде деп эсептеп калышат окшойт. Кудай сактасын, адамзаттын турмушуна биротоло кирип орноп калган бул өнөкөттү ар бир пенде өзүнүн башы менен гана (мээси, акыл-эси) башкарып турбаса, мунун аркасы көр, арты туюк түпсүз туңгуюкка кептелээрин ар ким туюп турса да, баары бир акылга салайын дебейт.

Бир тартып жиберген соң ичти куйкалап өтүп, көз тумандай, жан-тениң көлкүп, айлана-тегерек бир башкача көрүнө түшкөн ирмем өзүнүн кучагына пендени бир кысып, таманына бир басып алган соң кайра кое бериши кыйын окшобойбу... Проводниктерде деги аракты тынбай ууртап турганга жүйө толтура. Биерден чыгып баратып, о кудай, аман-соо барып келгенге жол бере көр десе, кайра келгенде да о кудай аман-соо үйгө кайттык деп туруп ичип коюу керек. Ал эми ушу экөөнүн ортосунда эмнелер гана жатат. Кыскасын айтканда түшүндүңөр да... Кыргыз аракка өзү ачуу болсо да, ниети таттуу деп, өзүнүн кең пейил философиясына ылайыктап аныктама берип койгон. Жакшылык да, жамандык да араксыз өтпөйт, араксыз негедир көркүнө чыкпайт. Ошонун сыңарындай, узун сапардын да мунсуз кызыгы жок, мунсуз көңүлсүздөй. Бирок кээ бирөөлөр бар, мындайлар негизи өзүлөрү эле туулганда жүз грамм ичип туулгандай. Кудай мына ушундайлардан сактасын, таптакыр эле жинди болуп калышат.

Бул рейс Свердловскийден чыкканда биздин кошуна вагондо жүргөн Акмат аттуу жигитке 4-5 челноктор доллар-передача берип атышыптыр. Кийин билсем 20 миң доллар экен. Акмат кайран аны бирден шашпай эсептеп белине түйүп алып келатат. Мен болсо, бери жакта эле жүрөгүм түшүп, өзүмчө опкоолжуп келатам. Анткени мен аны жакшы билем да, жүз грамм ичти дегенде иш өлдү, “чуркап барып бетон дубалды сүз, сенин башың мыкты” деп койсо, бул келесоо күүлөнүп туруп эч ойлонбой чуркап сүзөт ошо бетонду!

Акчанын өзүнчө бир кудурет кубаты, деми болот эмеспи, ал чөнтөктө жатса жан дүйнөң тынч, телегейиң тегиз, баскан кадамың шайдоот, сүйлөгөн кебиң да бакылдап бекем болот экен. Сырт ааламда үңүрөйүп күндүн көзү ачылбай түнөрүп, бозмолтой боло бозоргон асмандан майда, көңүлсүз жаан себелеп турабы же дүйнөнү топон суу алып атабы, сенин дүйнөңдө жадыраган күнөстүү көктөм. Анткени дүйнөнү ошо түстө көрсөтүп турган акча окшобойбу пендеге.

Акылдуу, зирек адамдар чөнтөгү кампайган сайын андан бетер ар тарабындагыларга ийилип, ылдыйлап, акчасыз айылды айланып өтпөй, колдон келишинче ажат ачып дегендей, иши кылып «Пенде акчанын эмес, акча пенденин кулу болушу керек» деп атам замандан бери айтылып келаткан даанышман кептин чийининен чыгышпайт экен. Менин Акмат досума окшогондор болсо 20 миң аманат баксты белине түйүп алып, кудум өзүнүкү сымал көрүнгөнгө мактаныч кыла көрсөтүп, ошонун деми менен көөп келатыр ушу рейсте. Астанага чейин анчалык билинген эмес, Караганды жакка бери ылдыйлаганда Акмат аракка катуу кирип кетти. Ичип алса жинди дебедимби муну. Шарактаган эки казак кызды колтуктап улам ресторанга өтүп, аларды кайра вагонуна жетелеп жүрдү. А берки кыздарга эмне, Акматтын арагын ичип, тамагына тоюп, шапар тээп бир топ жерге барышат да, бир кичинекей бекеттен секирип түшүп кайра келаткан поюзга отура калып айылдарына келе беришет. Кыргыздар азыр айылдан айылга ат минип каттаса, булар поюзду минип алышкан, эч ойлонбой биринен бирине секирип жүрө беришет.

Ары-бери сандалып баса бергенинен Акматты токтотуп бир балекетке жолугалекте койсоңчу дедим. «Братка, грамм кейибе, я за себя отвичаю!» дейт. Табына биротоло келип калган экен. Аны мындан билдим, жаак эттери тырышып, тиштери кычырап калыптыр. Иш бүттү, эми бул бирдеменин ичинен чыкпай койбойт! Акырын басып барып напарнигине айттым, тиги келесоону кара, жанагы белиндеги акчаны алдап алып катып кой десем, ал мени укмак беле байке, өзүңүз көз салып койбосоңуз иш чатак дейт. Андан кайтып жаңы эле служебкага кирсем (Карагандыга келип калганбыз) Акмат ары жактан өзү келатыптыр. Оозу башынан тамтык жок, канжалап калыптыр. Колунда төрт бурчтуу бирдеме мыкчып алыптыр, анысы кызыл жаян кан. Кирпичти чүпүрөккө ороп алган экен дедим. Анысы менен бирөөнү башка чапкандай, болбосо мынчалык канга боелбос эле. Көздөрү айнектей тунарып өчүп калыптыр, тил деле күрмөөдөн калган, буту гана чалыштап басып жүргөнү болбосо, орустар айткандай «ходячий труптун» өзү. Мени тааныдыбы жокпу билбейм, жөөлөп өтүп баратат. Эй токто десем унчукпай кайрылып туруп жанагы колундагы нерсе менен тартып жибербеспи... Тумшугумду тарта калсам эшикти каңк дедире бир урду. Жиним келип көтөрүп туруп жерге бир чаптым да колундагы кирпичин жулуп алдым. Сол колу менен жакамды бир кармады эле, ошо бойдон карышып чыкпайт эч. Тарткылап тарткылап темир калак менен бир чапсам да болбойт, «мертвый хватка» менен жабышып калыптыр. Экөөбүз коридордо тытмалашып чочкодон бетер ооналакташа күрөшүп атсак биздин балдар келип калышты. Арачалашса да тигинин колу жакаман чыкпай койсо... Ошо сүйрөшкөн бойдон служебкага кирдик.

Жанагы чүпүрөккө ороп колунда жүргөнү кирпич эмей эле алиги долларлар экен! Былчылдап канга чыланып, теңинен көбү кыпкызыл. Кызыл долларды али көрелек элем, жүздүк, элүүлүк банкноттор кара күрөңгө айланып, акча эмей эле түшүнүксүз бирдемеге окшоп калыптыр. Буларды эми кургатып да, сүрсүтүп да болбойт, а тиги Бишкекте болсо бу бакстарды 4-5 адам зарыга күтүп жатат. Эми эмне болот? Акмат болсо колу менин жакама жармашкан бойдон өлүү тирүүсү билинбей анда-мында кыңкыстап коюп жатыр сулап.

Мен эми түшүндүм, эмнеге мунун колу жабышып клей болуп калганын. Өчүп бараткан аң сезиминин бир бурчегинде акча алып келатам, аны жоготпоом керек деген ой калса керек, анан мен жулуп алганда жандалбас жабышканын көрбөйсүңбү, үч төрт саат өтүп кетти, дагы эле колун тартпай чапташып жатат. Ошентип, оо бир маалда барып Акмат катуу коңурукка киргенде колу ажырап, жакам бошой түштү. Долларларды иреттеп, бир сыйра санадык. Каны тимеле сиңип калыптыр, анча-мынча жетпейт, кыскасы Акмат чоң «касякка» кирди окшойт.

Бишкекке келсек 5-6 адам дароо чуркап келишти Акматка. Үчөө кыргыз, калганы ар улуттан, орусу, кариси (кореец) бар. Акмат булганган долларларды алып чыкты эле чалкасынан кетишти. Экөө омуроолоп, түз эле коколоп киришти. Биз бержакта страховкада турабыз, не бар, не жок, непадам бирдеме болуп кетпесе экен дегендей. Бир сыйра ызы-чуу түшүп алган соң алар вагонду ээрчип тупикке келишти. Кайрадан разборка башталды. Бир маалда коргонуунун эң жакшы ыкмасы чабуул дедиби, Акмат күпүлдөп өзүлөрүнө атырылды, «Силер мага берип коюп артыман киши салып биротоло «грузить» эткиңер келген, мен болсо мына, айла жок коргонуп минтип дене башыман жаракат да алып калдым, алсаңар алгыла баксыңарды, болбосо экинчи көрбөйсүңөр» деди. «Мен банкка алып барып сопсонун кылыбеле алмаштырып алам» дегенде тигилер бири-бирин тиктеше түшүп, мокоп калышты.

Ошентип Акмат койгулашып атып жанагы талаада калган долларларды ээлерине эптеп өткөрдү, кийин эч кимиси кайра келген жок, демек банктан таза долларга алмашып алышса керек.

Караганда, Казакстан

Бу рейсте биздин вагондо бир наркоман кетип баратат. Анын мындай «өнөрүн» көрүнгөн тешикке мурдун тыгып, бары жоктун баарынан кабардар болуп турууга дилгир орус кемпирлердин бири айтып келди. Поюздун дааратканасында көпкө отурган жигиттен шектенип атайын аңдыган го, тиги оо бир маалда көзү аңтарылып, араң бут шилтеп чыккан имиш. Кемпир акырын кирип караса, шприцти тешикке ыргытып, туалеттин педалын чала тепсе керек, анысы кычыкка кептелип туруп калыптыр.

Кемпир айткан соң, неси болсо да бу баңгибаздардан этиет болушубуз керек, көттөрүнөн көк түтүн чыкканча тартып алган акмактар эч нерседен кайра тартпайт. Деңиз көзүнө көлчүк болуп көрүнгөндөргө поюзуң эмне болуптур, жаалына дүүлүксө маңдайынан чыга калгандарга тап берип кол салып жибериши мүмкүн. Буларың ар кимиси ар кандай жинди болот экен, жанагы немеден «ургандан» кийин, бирөөлөрү ахалап каткырып, өзүнөн өзү боору эзиле жерге томолонсо, бирөөлөрү бопбоз тарта бозоруп, турган жеринде жансыз селейип же көк мээ болгон калкоздун ак коюндай бир эле жерде сыймаланып тегеренгени тегеренген. Кудай жанагы кара жаалдуулардан сактасын, поюзду астын-үстү түшүрө сапырып, оодарып да жибериши ыктымал. Кебетесин карап турсаң куучуйган эле бирөө, катуураак урсаң чачылып кетчүдөй болуп турганы, бирок күчүнүн ашып-ташканына таң бересиң, көрсө бул баңгичөп дегениң кай бирөөлөргө буканы көтөрүп урган ажаан, кара жин берет окшобойбу...

Биздин жанагы байбиче байкаган баңгичибиз да тыржыйган, эти шылынган эчкидей неме көрүндү эле, ким билет дагы «табына» келгенде эмне «керемет» көрсөтөт... Кемпирди ээрчип акырын басып барып карасам жылаандай тасмача оролуп жаткан экен, уктап жаткандай түрү бар, бирок көл-шал түшө чыпылдап тердеп чыгыптыр. Өңдөн өң жок, дубал бери жакта калсын, купкуу тимеле. Анча-мынча кыймылдаганы болбосо өлүк эле жаткандай. Бу Бишкектен отурганда эле жаккан эмес мага, өзүнө окшогон «скелет» достору келип салып кетишкен перрондон. Жолдун теңин өтсөк да сулк жатып келатат же бирдеме шам-шум эткенин көрбөйсүң, ичкени жалаң суу. Тиги кемпир ырас байкаптыр, эми аны «ответственный» кылып байлап койбосом, орус байбичелер мындай иштерди катырат эмеспи... Ким билет, мүрдөдөй жансыз жатканы менен ички кыялында бул буту жерге тийбей каалгып учуп, өзүнчө лаззатка батса батып жаткандыр да...

Жанында бир аксакал келатат, аксакал болбой кара жерге кирсин, тынбай шакылдап сүйлөп, жаш келиндерге улам тийишип ошондон «кайф» кармап баратыры. Өзү мурда майда класстарга сабак берген мугалим экен, ошондон уламбы, кулк-мүнөзү да мадырабаш окуучуларыныкындай болуп калыптыр. Антпесе ар эки сөзүнүн бири «ой маладес эй» болобу... ошол майда батинкелерди окутам деп жүрүп өзү да жаш курагын өткөрүп жибергенин эми эстегенби, минтип чал куракка оогондо поюзда өзүн жигит сезип келатса керек. Курбалдаш аялдарга дегеле карабайт мурдун чүйрүп, э койчу деп койгонун кантесиң... Жалаң өңдүү түстүү жаш аялдарга жанашып, жаналы калбай аңгедот айтып күлдүрүп, бири шайыр адам экенсиз деп койсо, такыр эле жалжактап болбой калды. Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот дегендей бу чал да кичине кызып алгандан кийин «менин бардык жагым нормальный» деп, эч ким сурабаса да өзү жөнүндө түз эле «справка» берип кирди. «Бардык жагым» деген ишарасы айтпасак деле түшүнүктүү да, берки ойрондор кыткылыктап күлүшүп, атасы менен теңкур бул «жигитти» ар кайсыл сөз менен чымчып, ишкылса узун жолдун эрмегине айлантып алышканын өзү түшүндүбү, жокпу маалим-челнок марттыгы кармап кетип, зыпылдап чуркап ресторанга барды да бир килейген «Кара-Балтаны» койнуна колтойтуп салып жетип келди. «Бир отуруппуз да карындаштарым» деп койду арагын бузуп атып. Ии дешти беркилер.

Биринчи купедеги бул зыяпат поюз Көкчөтоодон өтүп Петропавловскиге бет алган ээн жайык талаада кетип баратканда күч алды. Аксакал өзүм тос айтып коеюнчу деп бирдемелерди айткан болду да «кана эми, аткриткенин артындагы шул ширин, дежур сөздөр үчүн алалы» деп туруп ыстыканды оозуна беймарал көңтөрдү да, ичкен мамындай дегенчелик кылып стаканды каңк эттире үстөлгө коюп койду. Оо деген үндөр чыкканы, оңбогон чал кадимкидей канатын жая бүркүт отурушка салып кекейип калды. «Класс!» деген үн чыкканы карасак, алиги баңгибаз жигит ойгонуп туруп калыптыр. Чалдын суру бир аз бузулуп барып оңолду. Ошоерде отурган формачан эки проводникти бул чал киши эмес эле сөлөкөт деп түшүнсө керек окшойт, неси болсо да жанатан бери отуруштун гүлү болуп жалгыз өзү келатса, тиги бурчтагы неменин (кантсе да жаш эмеспи) туруп калганын жактыра бербеди окшойт да. Нашакор оо, ништяк-миштяк деп бир сөздөрдү айтып, бөтөлкөнү өзүнүн скелет манжалары менен кармап этикеткасын көрүмүш болду, «клево сидим, кайфово» деп койду. Андан да беркинин күйбөгөн жерин күл кылып «эй чал, куйбайсыңбы» деп жибербеспи...

– Оозуңду карап сүйлөсөң сен үкам, мен байкең болом! – десе тиги:

– Какой байке, запарил старик! – деп ого бетер беркинин кычыгына тийди.

Ансыз да кеңгиреп башы тумандаган неме шаарда өскөн орусча пейил кокуйгүн окшобойбу, жымсалдап этпей эле чалды түз эле кыр көрсөтө кагып, экөөсү аз жерден жакалаша турган абалга келип калышты. Адамдын жырткычы адам беле, же адам бири-бирине карышкыр деп кайсы бир билерман айткандай, булар биринин этин бири жеп жиберүүгө даяр эле, аялдар, табийгат жараткан алсыз жандар, бирок жолдо жүрө берип карышкырга айланган айымдар бири карт, бири жаш эки эркектин бул эрегиши эмне болуп бүтөөр экен деген гана кызыгуу менен көз салып отурушту.

Менин напарнигим Мурыч буларды карап турду да, бир маалда «наркошаны» шак эле желкеден алып сыртка, тамбур тарапка сүйрөп жөнөдү. Мен артынан чыккычакты болбой тамбурдун эшиги карс жабылып, Мурычтын сөгүнгөнү угулду да, тарса-турс боло түштү. Каны кызуу (неси болсо да түпкүлүгү кавказ эмеспи) Мурыч беркини тепкилеп ийиптир. Көрсө, тиги жигит ага секирип өзү өлалбай атып «всех вас проводников...» деп «деловойлонуп» Мурычты баягы бетиң кургур начар үч тамгага айдап салган экен. Ал үч тамгага кете берчү Мурыч бекен, мына эмесе деп туруп тумшукка баскан экен. Берки абышканын болсо бул окуядан көңүлү бир топ көтөрүлүп, кекиликче сергек жорголой кыдыңдап «Карабалтага» дагы барып келе калыптыр. «Петропавловскийге чейин дагы бир жарым сааттай жол жатат. Бүгүн буюрса, «толк чыгарам» деп акырын менин кулагыма шыбырап, мен болсо астыртан акырын байкап отурам. Наркы четте терезенин түбүндө отурган жаш келинчекке улам-улам тийишип, комплимент ыргытканына караганда оңбогон чал асылсаң да жыгачка асыл дегендей, болсо болуп калды, болбосо атасынын башы деп аракетти катуулаткан окшойт. Жаны жай албай туйлап атып ошонун жанына өтүп кыналыша отуруп да алды. Бу эркек дегениң (өзүбүз деле эркекпиз дечи) кызык макулук болот окшойт, көрбөйсүңбү, алтымыштан ары тоголонсо да дөбөт сезими башына чаап, жыйырмадагы боз уландан бетер ойку-кайкы боло оштонуп, ургаачыкумарга арбалып отуру. Арак алтымыштагы карган казелду аяп коебу, көздөрү жымшыйып, кебетеси келишип калыпыр, бирок ошого карабай полный вперед деген окшойт.

Эркектердин түшүнүгү менен караганда бул мактоого татырлык иш, ошондуктан биз анын бул аракетине пейилди кең таштап сүрөп, колдоп, «маладес чал» деп ичибизден таң берип аттык.

Эмне экен, колунан келеби, эбин табабы сөз жок, ысык мөрөй аныкы, турмуштун айтылбаган заң мыйзамы ушундай, кала берсе жетимиштеги чал – жигит, (акчалуулары дегеним) жыйырма бештеги жигит болсо – «крит» болуп отурган бул заманда буга таң калып деле кереги жок. Адеп-ахлак дегениң орноктуу былк этпес, пенденин мойнуна түгөл илип койгон тумар эмес го, тээ жаралгандан бери башы күнөөдөн чыкпай келаткан адамзат баласынын мына, бир өкүлү өмүрүнө күүгүм түшүп баратканы менен иши жок жанындагы кызы, балким келини менен тең аялзатка жеталбай көзү ала чакмак боло тунарып, ыңгайлуу бир учур гана келе калсачы деп кудайдан тилеп келатат.

Француздун Ги Де Мопассан деген айтылуу жазуучусу «эркектин бүткүл өмүрү аялзатын багынтуунун жан кашайткан аракетинен жаралган» деп айтып кеткен сөзү бар экен го, мына ошонун кашкайган бир далили, пожалста, биздин вагондун биринчи купесинде отурбайбы...

 Петропавловскийге чейин негизи милийсалар отурчу эмес эле, кайдан-жайдан эки мент пайда болду. Төрөпөттөрүнө караганда кызуураак. Мындай «залетный» иттерди карт проводниктер бир карап эле билишет. Казак балдар. «Баяке, биз келдик гой?» «Келсеңер эмне кылалы?», «Азганакай жумыс истейли?» «Иштей бергидей сен кимсиң?» Мокой түшүштү. Жөн эле каңгып жүргөн немелер да. Формачан болсо эле ойлошот проводниктердин жүрөгү түшүп калат деп. «Ушуларды кармап тапшырбайлыбы?» деп калды Мурыч. Мен давай дедим. Акырын тамбурдун эшиктерин кулпулайын деп вагондун аркы учуна барып эле эшикти тартсам ачылбайт, нары жагынан кимдир бирөө тырмышып кармап тургандай, кобур-собур бирөөлөр сүйлөшүп аткандай. Күчкө салып эшикти жулкуюн деп барып тыңшасам аялдын кыткылыктап күлгөн үнү чыгып калды, аны эркек коштоду.

Тарс эле түшүндүм, кайран биздин чал келинчекти нерабочий тамбурга «свиданиеге» чакырган тура. Поюз шакылдап угузбайт же, мага болсо аксакалдын эмне сүйлөп, аркы айжаркынды кантип «эритип» атканы кызык. Милийсалар да эстен чыгып кетти. Кудай жалгап, встречный келатат шекилди, поюз тык токтоп калды. Тып-тынчтыкта ана, экөөнүн сүйлөшкөнүн угуп ал. Өзүнчеле анекдот. Тозоку абышка өзүнүн болгон опутуна салып, арактан дурус эле булдуруктап калган тилине ээ болалбай, өпкө боорун чаба келинчекке кечиккен поюз махабатын айда арнап аткан экен. Албетте, бирөөлөрдүн сөзүн аңдыган дурус иш эмес дечи, бирок биерде таптакыр башкача, кишини, болгондо да чөнтөк дептер толтуруп жүргөн мендей жазмакерди өлө кызыктырган учур болуп атпайбы... Эшиктин артында жыйырма жаштагылар турса түшүнөсүң, бул өөн эмес, туура турган маалы, алардын эмне сүйлөшкөнү кызык деле эмес. Буларчы... отузга кирип кирелек келинчек менен алтымыштан ары тоголонгон майсопуттун казактын кайсы бир талаасында учуп-күйүп кетип бараткан поюздун үстүндөгү «махабаты» кызык да...

– Мен сени… Элмиричка... жанагы кандай десем... Уф, тердеп да кеттим, иши кылып... баягычы, жактырып калдым да куп. Тээ Бишкектен поюзга отурганделе сени көрүп бир жерим (туй энең, сөзүн карачы «бир жерим» имиш) чымыр дей түшкөн. Ии, ооба, ырас. Мындай нерселер редкий болот да турмушта. Туурабы? Мына мен... кандай десем, жашым 60тан кии-чине эле өттү дечи эми. Мен жанагы мектепте иштеп жүргөндө бар го, келишкен жигит элем, ошондо бар го, анча-мынча начальный класстын эжейлерин тоготуп да койчу эмесмин. Далайы артыман көз артып, чуркап сыздап калды го чиркин, али эсте турат, ошондо...

– Энди кое туруң, айтсаңыз эй, мени көргөндө каериңиз чым деди а? – берки ойрон келин кыткылыктап калды. Чалды ачык эле эрмектеп, жинди кылыбаткандай сезилди.

– Ээ-э, эми бул өтө тонкий нерсе да Элмиричка. Можут жүрөгүмдүр, жүрөк кургур дайыма жаш турат экен да, не кылабыз эми...

– Жо айтсаңыз, каериңиз чым деди, жүрөгүңүзбү, сакалыңызбы же...

– Койчу ай, мага али сакал коюуга эрте да...

– Биздин түштүктө өзүңүз жакшы билесиз, эркектер кырктан өткөнделе чал болуп алышат, сиз курактагылар болсо, бир жери чымыр демек турсун, сапсим эле старикке айланып, поюз эмес сөрүгө араң чыгышат. Сиз болсо маладес экенсиз...

– Болду болду, жүрөгүмдү эзип жибердиң... Кой, андан көрө сүйүү жөнүндө кеплешеличи?

– Сүйүү жөнүндөбү?

– Ии ооба, ооба дал... дал үстүнөн түштүң Элмиричка!

– Пулуңуз көппү? – келин кокусунан акырын суроо узатты.

– Бул не дегениң, сүйүүнүн акчага кандай тиешеси бар?

– Прамой тиешеси бар. Менин базардан тапчумду төлөп берип турсаңыз, мен ойлонуп көрөт элем, – келинчек «деловой» соодага өттү окшойт үнүнө караганда.

– Ке кой жаным, зачем кереги бар, мындай махабат болбойт да. Пулга да сүйүү болчу беле?

– Еще как болот! Заман азыр ошондой аке. Акча бар сүйүү бар, жокпу, сүйүү да жок, түшүндү?

– Кое турсаң, мисал үчүн азыр акча берсем, азыр… алеги… махабат иши… жакындашып калабызбы?

– Канешно, сиз эмне деп ойлодуңуз эле?

– Жо… мен алеги… аввал кичинеден ухаживать этип… анан …Бу жүда кызык болду го, шарт эле… Анан канча акча беришим керек?

– Канча болсо да не жалка. Айттым го базардан бир күндүк тапканымдын орточосу деп.

– А сен канча табасың, ону мен кайдан билем? Балким үч эсе ашырып айтып коет чыгаарсың?

– А жоок аке, 300-400 рублге чамалайт, ар кандай да базар…

 Чалдын козголуп алган напсиси биротоло ээледи окшойт, бир маалда «мен макул» деп жиберди. Ошол замат келинди кыса кучактап, оозуна жабышты, таза бир кызык маалына келгенде келинчек кокусунан башын чулгуп:

– Оозуңузду бир чайкап алың, наспайыңыз көңүлүмдү айлантырып жиберди, – деди. Чал урган бойдон туалетке зуу койду.

Экөө түн бир оокум болгонуна карабай, уктагысы жок. Тамбурда турушат. Чал тигини биротоло эритти окшойт, бир маалда мага чуркап келди:

– Үкам, энди бир ишке жараң, маңа битта хылват жерден жай таап бергин. Анау паризатты эптеп атып ынандырдым. Зорго көндү. Саал сөөк белди жибитип алайын. Бу жакшылыгыңды унутпасмын,– дейт.

– Служебка бар, бирок ал саатыга сатылат. 100 орус рубли бир саатка. Сомго 140 сом. Кыргыз пул да жарай берет, ала беребиз.

– Ие, таза кызык го, мен бир саат болбоймун, тез эле чыга калам. 50 рубль ала кал энди.

– Таза расва адам экенсиз го, ставка дегенди түшүнөсүзбү өзү? Тиги келин деле жөн эмес, ставка менен макул болуп жатса керек ал деле? Болуң давай, 100дү таштаң да бир саатка кенен кирип дем алып чыгың.

– Пул кем болуп жатат да кысталак, тааныш билиштер да учурабай калат мындайда. Хе келиң, 65 рубль берейин, жок дебе үкам, көзүм карарып турат. Айылдан чыкканыма бүгүн сегизинчи күн болду, ургаачы атмайга жологонум жок. Кампир болсо өзүң түшүнөсүң, бари жогу шалбырап, давно пачак боп кеткен бечара. Эркекчилик мына жолдо болот экен да. Ме, ал 65 рублиңди, кабинетти бошот.

Бошотуп бердим. Кирип кетишти. Бир кыйла маалдан соң нымшып тердеп алган чал сырдуу жымыя, мактангандай көөдөнүн көтөрүп алдыда чыкты. Келин мени бир жалт карады да унчукпай вагон ичине өтүп кетти.

– Жайладыңызбы эй байке? Настроениңиз беш окшойт?

– Иши кылып эптеп чыктым. Өзү да сыйныгар бук болуп, жүда толуп турган чагы экен, ар урганымда мамалайт а кысталак, ага мен ансайын күчөйм. Жакшы, жанагы «Кара-Балтанын» табы менен пайшанбаликти өткөрүп алдым, сага да ракмат үкам. Төлкө Свердловскиге жеткичекти дагы бир орун бошотосуң, ошону менен иш тамам. Макулбу козучак?

Астана – Көкчөтоо

Свердловскиден кайра кайтып чыктык. Сыртта ит тургус суук. Эптеп вагонду жылытып алдык элек, таң атаарга жакын Петропавлоскиге жетип жетпей вагон кайрадан таш болуп муздап чыкты. Чырылдап доомат айткан жүргүнчүлөргө матрас, одеяла атмайдын баарын таратып берип өзүбүз жылаңач топчанда жатып келатабыз. Мен дежурный элем. Напарнигим жаш бала. Бирок жаш болсо да ушундай желмогузду көргөн эмесмин. Келатабыз. Көкчөтоого жеттик. Ошол жерден дурусураак көмүр алып вагондун ичи бир аз ошондо барып жылыды. Кечке жол жүрүп Карагандыга келдик. Сыртта тамеки тартып турсам тааныш милийсалар отметка сурап келип калышты. Аркы беркини сүйлөшүп турабыз. Анан кой үшүп кеттим, вагонго кирейин деп жөнөсөм, бирөө айтып калды: «Көке, арак шараптан, тамак-аштан мол кылып запастап албасаң Жарыкка барганда бир суткедей туруп калышыңдар ыктымал. Анткени ал жакта эки товарняк кагышып, авария болгон, жол буулуп калды окшойт» деп калды. Чын эле келсек Жарыкта жол жабык. Эки тараптан келген поезддер быкылдап каланып туруптур. Путеецтер жолду жаңыдан оңдоп киришкен экен, сурасак таң аткычакты не бүтөт, не бүтпөйт дешти.

Чайды жакшылап кайнатып, пассажирлерге эскерттик да төшөктү калың салып жатып алалы дедик. Напарнигим кайдадыр житип жок болду, жаш да, бир орунда туралбаган неме анүстүнө. Кой, жүз граммдан басайын да, жатып алайын деп тургам. Ошол маалда сырткы тамбурдун эшиги таңкылдап калды. Чыксам вагон ресторандын кочегары. «Байке, сени Султан байке (начальник поезд) тез келсин дебатат» дейт. Эмнеге дегичекти болбой кайра чуркап кетип калды. Кирип жатып алдым. Кайра эшик кагып келди жанагы кочегар. «Жүрбөйсүңбү, начальник сөгүнүп атат, бол ылдам, ресторанга бара кал» дейт. Эй братишка, уктап калыптыр деп койчу деп артынан кыйкырып калдым. Бир маалда дагы эшик таңкылдап калды. Жиним келип атып чыксам начальник өзү турат. «Эмнеге чакырса келбейсиң?! Жүрү, тиги вагон-ресторанда казактар кыргыздарды жайлап атат, сен болсо биерде жатасың!» деп сөгүнүп калды. Оюма келгени эле казактар менен кыргыздар мушташып атышкан экен дедим. Ломду ала коюп жерге секирип түшсөм Султан «Ломду ташта, келесоосуңбу? Ал жакта мушташ жок, бир казактын ырчы жигити биздикилерди ооз ачырбай четинен жайлап жатат. Сен гитарада ойнойсуң, ырдаганың да дурус, ошого сен чыкпасаң калганы жарабай атат, ошогон чакырып келдим» деди.

Экөөбүз ээрчишип ресторанга келдик. Келсек кудай бетин салбасын, вагондун ичи шыбына чейин шыкалган эл. Жалаң өзүбүздүн коммерсант-челноктор. Бири калбай мас, соосу дегеле көрүнбөйт. Кире бериште Адылжан аке, шеп-повар, эки үч жащик аракты алдына тизип коюпур, келгенди сугарып акчасын шыпырып атыры. Көңүлү курсант акчасы бапырап түшүп жатканына мадыраңдап сүйүнүп алган. Мени көрө коюп эле «Э Бахтияржан келиң э келиң, каяктарда юрүпсүз, өзүңгүз ярамасангыз, булардан ич кимиси болбой атыпты, мана муну дароо тартып жүгөрүң да гитараны алың» деп эки жүздүк «грузовой стаканга арактан мелт калт куюп туруп сунуп калды. Мен да сурантпастан туруп унчукпай алдым да, стаканды дароо шыпкап жиберип колуна карматтым. Тияктагы мени тааныган челноктор болсо күүлдөп атышты.

Ортодо гитара кармаган казак жигит өлөң айтып атыры. Адегенделе байкаганым гитарасы укмуш экен, мойну ичке, барабаны жайык, чоң бул аспаптын ээси да казак жигиттин өзү окшойт. Эмнеси болсо да мындай кымбат баалуу гитара көтөрүп жүргөн адамдар жөн пенделер эмес. Гитараны добушу тимеле шаңшыйт, анүстүнө казактын да үнү кудай атайлап кунт коюп бергендей мыкты экен. Кебетесине караганда бул жигит бизге окшогон үйрөнчүк музыкант эмес, накта профессионал артист окшоду. Ал бир ырды ырдап бүтөөрү менен кыргыздардан бирөө чыгат экен. Тилекке каршы чыккан кыргыздардын ичинен аны менен теңтайлаша алаар тыңыраагы жок болуп аткан го, ырдаса да келишпей, үнү бирде жетип, бирде жетпей, сөздөрүн унутуп, иши кылса биздикилердин айда жүдөп какап аткан чагы тура.

Тигинин күйөрмандары болсо эки үч эле милийса балдар. Үчөө вагонду баштарына көтөрүшүп балеть этип атыптыр. Бир кыргыз тээ бурчтан жулунуп чыкты эле, аны токтотушуп, гитараны дароо маган карматышты. Мындай мыкты инструментти ойноп ырдаган рахат эмеспи, мен да бир эле кармап көрүп, илхамым ойгонуп кетти. Бир кездерде гитара менен таң аткычакты бир дем тартпай ырдап коюш мен үчүн кеп эмес эле. Анүстүнө чыканактай болгон мобул казак жигитти кандай болбосун жеңип кетишим керек деген намыс башка тээп туруп алды.

Менин бактыма бул жигит казактын жалаң көөнө, элдик ырларын гана ырдайт экен, үнү болсо коңгуроо, арасында ушундай арман-муңга толгон мыкты өлөңдөр бар экен, аларды угуп эле отургуң келет, жан дүйнөңдү эңшертип, ойлоруңду сапырып, көзүңдөн жашың өзүнөн өзү эле куюлуп кетчүдөй тобо… Бирок бул жердеги аудитория такыр башка, бул мыкты ырларга баа бере ала турган, кадырына жете ала турган интеллекттер жокко эсе, караламан чала мас бул карапайым адамдарга мындай ойго салган, жүрөктү мыжыткан, терең философия камтыган ырлар бири өтсө бири өтпөйт, көпчүлүк бырылдап коңурук тартып уктап да кетет керек болсо. Казак жигит мына ушундай муңдуу бир обон созуп барып токтогондо алиги үч күйөрманынан башка эч ким сүрөгөн да, кол чапкан да жок. Менимче бул ыр көпчүлүктү баары бир көлкүлдөтө эритип, айрыкча аялдардын көздөрүн жашылдантса, бир даарысын алдейлеп терметип уктатып да жиберди шекил.

Гитара колго тиери менен кылдарын заң уруп, алгачкы аккорд бергенде коммерсант көрармандардын көптөрү уйкудан ойгоно түшүштү. «Зал» ичи жанданып, бир башкача күүлдөй түштү. «Сок братан, алдагы казак баурдасты жайла колуңан келсе» деген үндөр жаңырды.

Менин баамымда элдин маңдайына чыккан ар бир ырчы адегенде аудиторияны өзүнө тартып алышы керек. Менимче мунун ыкмаларын көпчүлүк ырчылар алиге дейре билишпейт. Мындай көпчүлүк отурган жерде жалаң делебе козгогон, керек болсо кызуу кандуу, темпераменттүү адамдар ордунан тура калып бийге түшүп кетээр шайыр, шаңдуу ырлардын болушу жөн. Мындай ырлар менде бир тутам. Анан да кырдуу стакан менен толтура урган арак оборду ачып, ичти жалындатып куйкалап чыкты дейсиң, ого бетер арааным ачылып, ушул тапта мобул казак эмес, Муслим Магомаев келсе да «өлбөгөн жерде калышчудай» абалга келип, табым чытырап турду. Өзүмдүн эски, нечен үлпөт зыяпаттарда абийир алып келген, далай жолу текшерилип сынактан өткөн винегрет – попурримден баштадым. Бул деген ар кайсыл атактуу ырлардан бир экиден куплетти камтыган ыкма. Башы Токомдун айтылуу «Алымканынан» башталат да, кыргыздын белгилүү, эл оозунан түшүрбөй ырдап жүргөн ырлары менен уланып, андан ары өзбектин, тажиктин, индия кинолорунан алынган таанымал ырлар менен коштолуп кете берет.

Мунун алгачкы айлампасын шырылдатып келип токтогондо жанатан бери дымы чыкпай кулак түрүп отурган элди көрүп ал анан… Дуулдап алакандар чабылган, ышкырган, кыйкырып сүрөгөн адамдардын ызы-чуусу аба жарып вагон-ресторан ичин үч көтөрдү белем, поюз бир жагына оодарылып кете жаздап барып оңолгондой болуп кетти. Баарынан да курсагы жер чийген шеп-повур Адылжан акенин кубанычы көккө жетти окшойт, дымыга түшкөн соодасы резкий жанданып, аракка муктаждардын саны өсө түштү. Колу колуна тийбейт, куюп үлгүрө албай жатса да эптеп мага жетип дагы жанагыдай бир стакан аракты суна калды. «Алып таштаң, проводниктердин, кыргыздардын мартабасын асманга көтөрүп таштадыңыз үкам, көп жашаң!» дейт жетине албай. Мен да анын кебетесин карап туруп жетине албай, жанагы стаканды токтобой шыпкап уруп жибердим.

Казак жигит ырын түгөтүп түгөтпөй эле балдар чыга калышат да, гитарасын колунан жулуп алышып мага карматышат. Анын репертуары аяктап, ырдаган ырларын кайра башынан кайталап киргенин көргөндө эл ышкырып, дуулдап жер тепкилеп ийип атышты. Меники болсо улам жаңы ырлар чубалат. Орустун армейский ырларына киргенде күйөрмандар таптакыр өзүлөрүн кармай албай кетишти, ортого секирип түшүп бийлеп киргендер көбөйдү. Владимир Высоцкийдин «07»  «Жираф большой»  «Охота на волков»  «Як-истребитель» ж.б. өлбөс ырларына киргенде, алардын артынан «Голубые береты» ансамблинин афганский ырлары кеткенде бул ыр таймаштын жеңүүчүсү ким болоорун берки казак жигиттер анык түшүнүштү окшойт, анүстүнө терезени карасак таң кашкайып аппак атыптыр. Ошондо начальник поюз Султан Ногойбаев экөөбүздү ортого жетелеп чыкты да дуулдаган элдин алдында адегенде менин, анан казак жигиттин колун өйдө көтөрдү. Экөөбүз бекем кучакташа кеткенде тиги жигит «көке, дурустап таанышып, жүз грамм ичейик сиз менен» деп кулагыма шыбырап калды. Ансыз да таанышайын деп аткам. Эл тарап, поюз ордунан жылганда экөөбүз, анан тигинин күйөрмандары үч милийса жигит ортого бир коньякты коюп таанышып отурдук. Ысмы Амангелди экен алиги ырчы жигиттин, Карагандыдагы облдрамтеатрда артист болуп иштейт экен (айтпадым беле бул профессионал деп), үйүнө, Чудан берирээк Кияхты деген айылына, ата-энесинен кабар алганы кетип бараткан экен, дем алыш күндөргө. Эки сааттай отурган соң кой эми түнү менен уйку көргөн жокпуз, кичинеден тук этип алалы деп ордубуздан козголдук, алар поюздун тиги башына, мен болсо өзүмүн алтынчы вагонума кеттим. Бирок вагонго жетүүгө мүмкүн болбоду. Кайсыл вагондон өтүп баратсаң эле «эй брат, түндө казакты жайладың, кел отур, конок бол» дегендер абдан көп экен. Бечаралар тамак-ашын, арагын жайнатып чын көңүлдөрү менен тосуп сыйлап атышса эмне дейсиң… Мен да аянбай сыйын көрүп, баары менен дагы бир жолудан таанышып дегендей, толук көңүл бурдум, вагон да эстен чыгып кетти. Кыскасы бир вагонго келип отуруп ошол жерден «өчүп калыптырмын «

Канча уктаганым эсимде жок, иши кылса ойгонсом поезд Беловодскиден жаңы өтүп Бишкекке жакындап калыптыр.

Ст. Жарык, Казакстан

Астанадан дайыма ары-бери өткөндө поюзга мени издеп бир бомж келет. Бомж болсо да адам го, буларды «человек без определенного место жительства» деп кыязы, милийсалардын протоколдорунда ушинтип жазылат го дейм, анан эл аны кыскартып «человек» дегенин ыргытып ийип «бомж» деп келиштире атап алыптыр. Кебетесине караганда орусча өскөн казак болсо керек эле, мени адегенде таң калтырганы ушунчалык сабаттуу, анан маданияттуу сүйлөйт дейсиң, мончого алпарып айда жышып, кастюм кийгизип мойнуна галустук байла да мекемеге отургузуп кой, любой акимиң же губернаторуңдан кем эмес башкаргыч болчудай, балким андан да мыкты болмокпу...

Чынында мен ушу аким-саким, дегеле чиновник калкына өтө ысык «сүйүү» менен караган адамдардын катарына кирбейм. Мен ойлойм акими да, губернатыры да башкасы кудайдын мурдунан түшкөн кичине паашачалар эмес, күнү-түнү аттан түшпөй тоңкочук атып, элдин кызматын бажарып турчу элдин малайы (түз эле малай деп түшүнбөгүлө) болушу керек. Мен көбеле «биринчилерди»  акимдерди өз мезгилинде көрдүм, айрымдары менен иштешип да жүрдүм, тарбиясын алдым дегендей. Бирок чиновник болуу маңдайга жазбаган экен, ошонусуна да шүгүр деп калам кээде. Анда мен көп нерсе жоготмок экемин өмүрүмдө. Жеткен жүзү кара шүмшүктөр азыр бийликте толуп кетишти, сыртынан карасаң адам, ичине үңүлсөң эле сасып, ирип бүткөн. Карысы да, жашы да бирдей шүмшүк, бирдей бетпак.

Мынчалык болду, сөздүн да оролу келип турат, поюзду жыйыштыра туруп бир адам жөнүндө кеп уруп берейин. Биздин Лейлекте, Кыргызстандын «Камчаткасында»  70-жылдан баштап Вагинур Талипов деген адам райкомдун биринчиси болуп иштеди. Оо, андан бери далай жылдар агып кетти, ошондо төрөлгөн балдар кырчылдаган жигит болуп, алды 5-6 баланын атасы болду, ошондо тигилген көчөттөр бүгүн чынар теректерге айланды, көп адамдар, көп окуялар унутулду, бирок эл арасында (элдин улуулугу, касиети ушунда белем) ошо райком Талиповдун аты эмдигиче аңыз кеп, узун икая болуп айтылып келет. Өз доорунда далай хан, бектерди көргөн кичипейил, иштерман, ызааткор, сыйкор. Менин лейлектик туугандарым «баччагар райком болсо Талиповдой болсун» дешип кадыресе, жөнөкөй эле ушу сөз баа менен бул адамдын улуулугуна, эмгегине азырга чейин таң берип жүрүшөт. Чынында мындай жетекчилер эми сейрек гана кездешпесе, эне жаратылыш азыркыларын жалаң баюуну, депутат болууну көксөгөндөр кылып жаратып атабы, билбейм.

Мен Талиповдун кол астында иштегендердин жанын сууруп алган катуу талапкерлигин, кыска мөөнөттө (а киши 6 жылдай турду го дейм) Лейлекти, кудай менен республиканын чоңдору унуткан бул артта калган районду бутка тургузуп кеткенин, Талипов келатыптыр дегенде бапкечен, шапкечен, шляпачан райчоңдордун биргаттан тартып прокуроруна чейин «кан сийип» турганын, экономикалык көрсөткүчтөр ж.б. жөнүндө айтпай эле коеюн, аны элдин баары менден дурус билет. Карапайым лейлектик туугандарымдан мен «Талипов райком катталардын (атка минерлердин) кожосун Кошкоргондон көрсөткөнү менен сугатчы, койчу, бадачы, трактирис өңдүү жөнпенделердин көөнүнө катуу айтып, керсеңдеп эч качан азар келтирчү эмес, катардагы ишчи дыйкандарга шунчалык аео, ызат менен мамиле кылаар эле, райкомдун өзү ушинтип сүйлөшүп, ал-ахывал сурашканы алар үчүн биринчи кезекте жүдаа айран-азыр калтырган көрүнүш эле» дегендерин көп уктум.

Бир жолу көөлөм саар Талипов кончу узун резинке өтүгүн кийип алып (чарбаларды дайыма ушинтип кыдырчу экен) алыскы бир чет кыштоого, койчулардан кабар алып келип калбайбы... Эрте жаздагы мал короонун абалы гөр беле, тизеден чыла дейт. Талипов чыланы шартылдата кечип, берки жан-жөкөр актиптер, башкарма, парторг, прокурор-суркурорлор балтырына чейин пок болсо да батинкелери менен кошо ээрчип, баары жабыла чабандын үйүнө кирип барышса, бала-чакасы көк муштум болуп үшүп отурушкан экен. Чабан байкуш сүрдөп, жүдөп какап, өзүн күнөөлүү сезип «аа жылуу эле, көмүр энди саал кечикти, келет да» дейт лейлекчесинен. Талипов кашкая күлүп, чабандын колун кармап ал-жайын сурагычакты бир карашса, жанында коштоп жүргөн раис жер соруп кеткендей дайынсыз жок имиш. Көрсө, раис акең космостук ылдамдык менен өзү урган бойдон барып бир саатка жетип жетпеген убакытта көмүр тартып келип түшүртүп, чабандан да, райкомдон да кечирим сураган экен. Жетекчинин сүрү, талабы деп ушуну айт...

Мындай учурлар огеле көп. Анын жетекчилик, адамдык турпаты көбүнесе ушундай кырдаалдардан, б. а. жөнөкөй эмгекчи калкка күнү-түнү көргөн камкордугунан улам калыптанып, аты эл ичине бөтөнчө сый-урмат менен тарап кеткен. Көрсө, Талипов Вагинур аке өзү кенедейинен жедеп эмгекке бышкан, бир үзүм нандын кадырын өтө жакшы билген адам болгон турбайбы... Мен муну а кишинин бир тууган иниси, журналист Ильгиз Талиповдон кенен уктум. Ильгиз байке редакцияга көп келип жүрдү.

Ошентип Талипов Лейлекти, Лейлек Талиповду көтөрүп, ал киши Өзгөн райкомуна биринчи болуп кеткенден кийин нечен райком алмашты, бирок бири да бул кишичелик мартаба, сый-урмат күтө албады, алар жөнүндө эл ичинде баланча, түкүнчө иштеп кетти дегенден башка дурусураак сөз калган деле жок.

Ст. Мурза, Казакстан

Өткөндө бомжду айтып келатып райком Талиповго кирип кетпедимби, эми ошо бомж дос жөнүндөгү икаяны улантайын дебатам. Бул жашоодо ар пенденин тагдыры ар кыл болот экен, ар ким аны өзү жасап алат деген менен негизи мен ойлойм, бул пендеге өйдө жактан түшүрүлгөн буйрук, жаки чекесине жазылган нерсе десек туурадыр... Антпесе бир эмес эки жогорку билими бар мынабу киши көчөдө калган селсаяктын ит турмушуна кандайча жетти экен...

Свердловскийге өтүп баратып Астананын шамалдуу перронунда вагон жанында турсам, Эрмахан дос (бомж дебей атынан эле айтайынчы) Бакелеп келип калды. Бети-башы ого бетер көгөрүп калыптыр, бирөөлөрдөн токмок жегенби дейм. Дароо тамеки сунуп, вагонго алып кирдим да 50 граммга кандайсың десем «можно 100» дейт. Кебетеңди карачы, 100 көп болуп кетет десем кол шилтеп, «а какая к черту разница» деди баарына кайыл болгон көнүмүш үнү менен. Так ошо маалда милийсалар опур-топур кирип келип калышты. Дуй отсюда дешти доско. Туруп кеткени жүрөт. Сидеть дедим, я тебя отмажу. Милийсалар кеткенден соң мага ушу Эрмаханды Свердловскиге алып кетсем кандай болоор экен деген ой келди.

Өзүнөн сурасам макулмун, жаныңан чыгарбай ала жүрсөң барат элем деп калды. Макулдашып вагонго алып кирдим. Служебка заматта достун саңырсыган жытына толуп чыкты, напарнигим күңкүлдөп сөгүнүп, «муну эмне кыласың эми, дайыма ушундайларга чапташасың да жүрөсүң, поюз жылалекте түртө салчы ары» деп безилдеп кирди. «Баягы жазмакерлигиң сенин кокого жетип бүттү, мындан көрө вагондо, карачы, не деген тотукуш сулуулар келатат, ошолорду четинен жаза бербейсиңби, чөпкө айдаса такырга качкан бир кокуйгүн экенсиң» дейт жол шеригим. Поюз да ордунан жылды.

Мен Эрмаханга жарым чака ысык суу, самын берип туалетке айдадым, кичине чайканып албаса болчудай эмес. Чыны өзүм жыт дегенди такыр билбейм, бирок напарникке кошулуп жүргүнчүлөр да сүйлөнө башташканда чындап эле Эрмаханды тезинен жуунтуп алуу керек экенин түшүндүм. Бир топ убакыт жоголгон Эрмахан акыры колунан келишинче тазаланып, сакалын кырып жуунуп чыкты. Бети-башынын көгаласы эле болбосо айтпадымбы, нормальный киши болуп чыга келди. Көкчөтоо менен Петропавловскинин ортосу муну менен кенен сүйлөшкөнгө кеңири жетчү аралык, буюрса муну, Эрмаханды ошоерден «талкалап»  болгон шордуу таржымалын укпасам. Боровойдон жакшы бышкан эттен алып, поюз Көкчөтоодон ары эңкейгенде бир бөтөлкө аракты ачып туруп, экөөбүз узун кепке кирдик. Ага көп куйган жокмун, 50 граммды бир гана бердим да бөтөлкөнүн оозун жаап туруп катып таштадым. Терезенин артынан жапайы талаанын арылдаган шамалы улуп-уңшуп, көөдөй коюу кара түнү айнекке жабышып келет, поюз жанталаша шарактап чуркап, бул туңгуюк капкара ааламдан батыраак жиреп чыгып кеткиси бардай арылдап уруп баратыры...

Өпкөсү оозунан ыргып кетчүдөн бетер тынбай ыкшып жөтөлгөн Эрмахан анысына карабай дембедем тамеки күйгүзүп, тээ түбүндөгү чыласына чейин кошо соруп бетпак, бейбак өмүрүн баяндап кирди. Бир кезде бул шордууга да асман көпкөк көрүнүп, жашоо жашыл жайлоодой бейкут, жайлуу болгон экен. Бир келген өмүрдө бактылуу, жолдуу болсом экен деген бир пендечелик арзуу тилектер мунун көкүрөгүндө да туйлап, ээ-жаа бербей жүргөн кездери эсепсиз. Москвадан, андан соң Алматыдан эки мартабалуу окуу жайын бүтүрүп, кош дипломду чөнтөккө салат, алдыдагы жашоо ажайып түскө кубулуп, чакырып, жакшы бир маянасы укмуш кызматка да орноштум дейт. Ошентип деңиз кеп бекен, океан тизеден чайпалып турган күндөрдүн биринде бул кургурдун көзү бир ургаачы затына түшүп, ал айжаркынды эс-мас боло катуу сүйүп калат, жатса да, турса да санаасынан кетпей, бул дүйнө ошонун элесинен гана куралгандай толуп-ташып, ашыглык сезими болгон нерсенин баарын артка сүрүп таштаган ысык махабат анын өрнөктүү, кемигистей көрүнгөн бактысына балта чаап, кайран башын шорго малып кетээри үч уктаса түшүнө кирбейт да, сезбейт да келечектеги Эрмахан бомж.

Сүйгөндө да бул шорпешене, кыз куругансып, эрден чыккан, өзүнөн бир топ улуу зайыпжанды сүйөт экен. Ал зайыпзат, кептин ачыгы буга чейин мындайлардын далайын маңбаш кылган, ташагына осурган опутный катын сыягы, башкасын айтпаганда да колунда эч качан мерчегенин жаза атпас күчтүү куралы – кара дубасы бар имиш. Чала орус Эрмахан аны кайдан билмек, сүйүү деген ушу экен деп баш-оту менен берилип, жайган торуна ыпысык «свежий» бойдон түшүп берет да, акылынан адашат, баягы Байдылда акындын ырындагыдай болуп...

Иш ушуга чейин жетиптир, Эрмахан сүйгөнүн бир нече жолу көрүнгөн менен жаткан төшөгүнөн сууруп чыкса да, көңүл кайт болмок тургай ого бетер чапташат, жини да келбейт, ичи өрттөнүп, дили канап турса да, кайрылып эле маңдайына бара берет экен жалдырап; өзүнүкү деген буттары да мунун кеңкелес болгон, бирок кээ кээде гана туура иштеп кетчү мээсин укпай, дайыма ал аялды көздөй жөнөйт да турат өзүнөн өзү эле. Ал мастан бул байкушту сылап-сыйпап, өөп-жыттап койселе болду, буга ошо жетиштүү экен. Ара-чолодо тумандап, кургап бүткөн мээсинин айрым гана жерлери ачылып, дурус иштеп калганда тарткан азабын ойлоп, эмне болубатам деген болот, ойлоп-ойлоп ой түбүнө жетпей акырында жан тынчын бөтөлкөдөн таба баштайт. Адегенде жардам берип аткансыган арак төрө байкатпай муну көтөрүп урат, биротоло таманына басып, кечээ эле зыңгырап жүргөн Эрмаханды эшейген эшекке айлантат. Ал учурда жанагы балекет дубанын да күчү кайтып, бир күн ойгонсо кашаанын астына жатып калган экен, адегенделе башына келген биринчи ой – эптеп бирдеме ууртап алсам болот эле дейт. Ичип алып сүйгөнүнө барса эшикти аюудай болгон күрсүйгөн неме ачат, тумшугун жакшылап талкалап туруп сыртка чыгарып коет. Өзүнүн үйүнө өзү киралбай заманасы куурулган Эрмахан же үйдөн же чүйдөн жок каңгып талаада калат, кызматынан болсо эчак ыргып кеткен, жанындай көргөн кыйышпас, бир кезде Эрмакелеп көзүнүн карасы менен тең айланып жүрүшкөн достору эми муну карамак тургай көргөндө бурула качышат...

Эрмахан шордуу Свердловскийге барып келгенче бир бугун чыгарып алды окшойт, талаага чачылган шоркелдей өмүрүн сыздап айтып түгөталбайт, арасында эми ушундай жерлери бар дейсиң, жөн эле отуруп угалбайсың, ичиңди зилдетип, зээниңди кейитип жиберет. «Хочешь я тебя еще с одним своим другом познакомлю, вот такой мужик» деп бир маалда башбармагын көрсөтүп калды. «Бывший обкомовский секретарь, экөөбүз бөтөлкө чогултуп жүрүп таанышканбыз» дейт. Койчу деп ишенбейм, казакпы десем орус дейт. Анысы менен да таанышмай болдум.

Свердловскийге жетип перрондо турам. Эрмахан жанымда турган, бир карасам эле дайынсыз жок. Жүргөндүр да жакын орто бир жерде десем көрүнбөйт. Издей баштадым. Милийса кармап кетти бекен... Апкелээрин апкелип алып, эми талаага таштап кетсем итчилик го... Ары-бери алдастап чуркап издеп жүрөм, жер соруп кеткендей дайны жок. Местный бомждордон сураштырсам, эки коммерсант аял сумкелерин көтөртүп ээрчитип баратканын көрүшүптүр. Же өзү эптеп ушул жерге жетип алган соң мени унутуп качып кеттиби… Ошондой го кейпи. Кыскасы жок, Эрмаханды челноктор менден уурдап кетишиптир, точно түшүндүм. Поюз болсо ана-мына жөнөгөнү турат, Свердловскийде стоянка 2 эле саат да. Кайгы жокто кайненем өлүптүр болуп ушул эле жетишпей турду эле энең, кайсыл маалда жылт койгон...

Напарнигим болсо сүйүнүп алыптыр, кутулдук дегенсип. «Мындайлар өлбөйт, ага эмнеле башыңды оорутасың ыя, ушу сен кызыксың байке, жоголсо бир бомж жоголуптур. Мынчалык эле кыялбай турсаң калып кал да изде бомжуңду, кайсы бир теплотрассадабы же подъезддин түбүндөбү жаткандыр аның жүздү басып алып...

Поезд айылдагы музоосун чакырган уйдан бетер бир өкүрүп алып ордунан козголду, Эрмахандын жыты да жок, өзүмдү өзүм сөгүп алып арга жок мен да кайттым. Кечир мени, Эрмахан!

Свердловск

Андан кийин Свердловскийге далай барып кайттык, Астанадан ары-бери өттүк, Эрмаханды ошо бойдон кезиктирбедим. Эрмахан январда жоголсо, мына, ноябрь бүтүп баратат. Кулпурган жай эчак өтүп, Астананын муздак күзгү шамалы жылаандай ышкырып турат, баса, мындай жайдак жерде адамдар деги кандай жашайт, кышы бир суук дейсиң, тимеле ит туралгыс.

Астананын милийсалары дурус калк эле, көбү орус чалыш, акидей асылуу дегенди билишпейт, бергениңди рахмат айтып туруп алат да, унчукпай кете берет. Эми борбор болот имиш деген кеп күчөгөндө биякта жанагы Луговойдун шүмшүктөрү пайда боло баштаптыр. Бүттү, эми булар бияктын милийсаларын да бузат, пара алганга үйрөтүшөт, жакын арада Астанаң деле экинчи Луговой болуп калат шекилди.

Ошол Астанада вагонго көмүр алып атканбыз, көмүрчүлөр менен бакылдаша сөгүшүп, тыпыныңарды албайбыз дейбиз, алар болсо бергени ушул болсо эмне кылалы дешет. Трактыр айдаганы тыңыраак окшойт, түшө калып жакалаша кетпеспи биз менен. Колунда килейген темир союлу бар. Күл көмүрдү алсаң да аласың, албасаң да аласың дебеле омуроолоп кирди. Биз да аянган жокпуз, качан милийсалар келип арачалаганда гана токтодук. Настроение өлдү. Кой деп вагонго кирип жүздөн жаңы эле куюп басаарда тышта бирөө чакырып атат дешти. Өлүп кетсин, керек болсо өзү келет деп козголбой койдум ордуман. Отурсам кычырап кийинген бирөө кирип келибеле Бахалап кучактап басып калып жүрөт. Бул жерде мени тааныган мындай крутой казак жогеле, ким болду экен дегенимче, кеминде 250 долларлык норка (кундуз дейби) тумагын ала коюп «Мен Эрмаханмын гой Баке?!» деп жибербеспи. Адегенде оозумду ачып карап эле калыптырмын. Анан өзүмө келдим, сүйүнгөнүмөн бекем кучактап бетинен алмак-салмак өөп жибердим, тамакка бирдеме кептелип кысып, алсыз аялдан бетер көздөн жаш кантип чубуруп кеткенин өзүм да сезбей калыпмын.

Дал ошол маалда поюз ордунан жыла берди. Түшөт го десем ою да жок, Бакелеп кучактап алып туру, кайра кайра бооруна кысат. Ошентип бир сыйра учурашкан соң жайланышып отурдук, вагон да калды, напарник бар да. Мен ырасы катуу толкунданып кеттим, мындай жолугушуу ойго да келбеген. Эрмаханды жоготуп таппай бир жерде тоңуп өлүп калды го шордуу, баарынан да Свердловскийге алып барганыма өзүмдү кайра-кайра күнөөлүү сезип, ошо жатсам-турсам да көөнүмдө муздак таштан бетер калдайып, маземди алып жүргөн. Ал жөнүндө эмне дешсе да ишенмекмин, бирок бир гана нерсеге – аны кайтып ушундай нормальный адам катары көрөм дегенге эч ишенмек эмесмин.

Эрмахан өзүнүн баягы мен жоготуп ийгенден кийинки таржымалын божурап отурду. Көрсө ошондо ал өзүнүн көнүмүш бомждугуна салып, перрондон бөтөлкө жыйнай коем дебеспи. Бир карасам эки келин килейген сумкаларды кол араба менен сүйрөп келатып, жаныма токтоп тынып калышты дейт Эрмахан. Бирөөсү экинчисине «кел ай, тетиги бичти жалдап албайлыбы, мусулман экен, кыргыз го, же казакпы» дешип аны чакырып, өзүлөрү менен кошо ала кетишет экен. Жүктү квартирага жеткирип, кайра поюзга шашкан Эрмаханды эки келин токтотуп ал барганча поюз эчак жөнөп кетээрин айтышат. Курсагын тойгузуп, ысык душка түшүрүп, тазалап алышат Эрмаханды эки курбу. Бич эмей эле келишкен жигит экен го, кой муну жардамчы кылып албасак болбойт деп чечишет. Беш-он күндөн кийин Эрмахан кадимкидей тыңып, өңүнө келип, бакыбат эркек тананын бирине айланат.

Тиги келиндердин оту менен кирип, күлү менен чыгат, айткандарын эч бир эки кылбай күнү да, түнү да айткандарын айткандай бажарып, ляппай деп турат маңдайларында. Ойрон келиндер минтип бекеринен экөөсү ээндете квартира снимать этишеби, бук болгон, эркек эңсеген маалдарда нечен эркектер келип, таңата созулган зыяпаттарда үйдү үч көтөрө сапырышып, акырында мындай үлпөтчүлүктүн бири бул эки келиндин каткан ири өлчөмдөгү балан долларынын жоголушу менен бүтөт экен да, акчасын табышпай жер муштап калган бейбактар ошондон тартып эркек атмайды көпкө чейин, балким баягы долларлар унутулганга чейинби, эстеринен чыгарышат экен!

Эки келин, Эрмахан үчөө бир квартирада баш калкалап өмүр сүрүшөт. Эрмахан булардын айтканын эки кылбай, тамак ичкен кесе табагынан, тигилердин байпагынан өйдө жууп, табылгыс, баалуу жардамчыга айланат. Эрте заардан жүктөрүн базарга жеткирип, жайлап, кайра келе калып түштүк, кечки тамагын жасап, иши кылып келиндерге болгон шарттын баарын түзүп, ар качандан бир качан түн бир оокумда алагүү болуп келген немелердин «бери жак» иштерине да дилгирлик менен алмак-салмак жарап, ыраазычылыгын айда алып дегендей, айтор Эрмахансыз эки келиндин күнү жок. Эрте тура калган немелердин чайы, кеч келсе тамагы белен, төшөгүнө чейин салынуу келиндер Эрмаханды бара бара «общий» күйөө кылып, колдору узарып эле жатып калышат. Экөө тең Эрмаханга жетиналбай, колдон келгенче жакшылыгын аябай, кыскасы учкул өмүрдүн баалуу бир табылгасындай аяп да, сыйлап да, үчөө чогуу чаран, таттуу күн кечиришет, ошентип жүрө беришмек беле, күндөрдүн биринде жанагы эки келиндин биринин алыста, айылда калган күйөөсү кокустан, кара кырсыктай болуп булардын үстүнө карпа-күрп кирип келип, иштин чоо-жайын түшүнөт да, Эрмахандын акесин окутмак болот. Жылуу үйдөн куулган шоруң каткан Эрмахан кайрадан бомж турмушка ыктайт (башка не айласы бар).

Ал ортодо экинчи келин өзүнчө квартирага бөлүнүп чыгып, көрүнгөн жерден күн кечирген Эрмаханды кайрадан издеп таап, үстүнө кийирип алат. Колдон жулдурган бактысы кайра алаканына конгон Эрмахан келинге калдайган караан болуп, оорун колдон, жеңилин жерден алып дегендей, кайрадан баягы бейпил турмушка карк болот. Үй-бүлөсүнөн, күйөө сөрөйүнөн алыста жүргөн келин байкуш деле адам, ысык жан да, базардан келип чарчаган, уйкусуз узун түндөрдө Эрмахандын көкүрөгүнө башын катып, кайран жаш өмүрдүн кетип бараткан жыргалын, жылуулугу кетип баштаган ысык денесин айласы жок Эрмахан менен бөлүшүп, бул жашоодон алаарын алып калгысы келет. Эрмахандын башка кишиден табылгыс касиети ушунда белем, аялзатынын айтканын оозунан чыга электе илгиртпей илип, түшүнүп, ляппай деп турат, ошонусу менен ого бетер ишенимине кирип, тигинин малайы да, күйөөсү да, курбусу да болуп калат. Аял аны аяп, бул тамекиңе, бул арагыңа, пиваңа деп, бирок кара, акылыңан адашпа дегенчелик менен колуна акча карматып турат.

Мындай камкордукту, адамкерчиликти өзүнүн зирек туюму менен жакшы түшүнгөн, баалаган Эрмахан аялдын берген акчасын толук коротпой, аз-аздан чогултуп баштайт, кыялында дурус адам болуп оңолуп кетсем экен деген ой мүдөөсү бар. Ошондой күндөрдүн биринде, аял кечинде базардан бутун араң сүйрөп келип Эрмахандын жасап койгон даамдуу тамагын жеп отурат да, «эртеңден баштап базарга сен чыгасың, эсеп-кысап акча тыйынды бүт өзүң жүргүзөсүң, мен көзөмөлдөп гана турам, бирок иштебейм, сага ишенген үчүн ушу милдетти тапшырып отурам. Жаманбы-жакшыбы, кан жаныбыз аралашып, эзелтен жашап келаткан эрди-катындай эле болуп калдык, бирок эсиңде болсун, мени алдайм деген түшүңө да кирбесин... Соодада достук жок, иштегениңди мен нааразы кылбай чыгарып берип турам, буга чейин минтип жашадык, эми тең ата бизнес өнөк болобуз, так что давай Эрмаш, с богом, раз ты мужчина, так будь же им» деп, аял түн бир оокумуна дейре Эрмаханды инструкциядан өткөрөт да, эртеси таң атпай батасын берип туруп соода кылган чоң базарга узатат.

Соодада жүргөндөрдө «колу жеңил» деген түшүнүк бар эмеспи, жылдап жаткан товарың колу жеңил кишиге тийсе заматта сатылып, өтөт да кетет. Бечара Эрмахандын бактысына колу жеңил экен, келиндин квартирасында далайдан бери додолонуп үйүлүп жаткан товарларды бир жумага жетпей зуулдатып сатып, бат эле тилинен чаң чыга безеленген, накта шуулдак соодагерге айланат, баягы тегеренген мээси кадимкидей ордуна келип, алган билими, кишилер менен тил табышып сүйлөшө алганы, деги кой, болгон өнөрүн эми ушу соодага салып, бир кезде колунан учурган, каратып туруп оозунан алдырган бактылуу турмуш жашоосуна кайра кайтаар жол бир болсо ушул болоорун аңдап сезип, көзү жетип, ого бетер катуу иштейт.

Буга жетиналбаган байкуш келин улам акчасын долларга айлантып Бишкекке жиберип, аяктан товар тартып келгенге үлгүрбөйт, басса-турса Эрмахандын этегине сыйынып, кудурети күч, керемети сыйкыр пайгамбардай эле көрүп чындап сыйлап, анан албетте кадимкидей сүйүп да калат. Иш акырындап оңолуп отуруп, келин баягыдай беш-алты сумкеден түйтөйтүп товар тоспой, түз эле КамАЗ менен, Бишкектен Свердловскини көздөй урдуруп баштайт. Албетте бул иштердин акыбети кайтып, жанагы соодагер келин менен кошо Эрмахан да бутуна турат. Эрмахан эми баягычылап эшектей иштебей, кишилерди жалдап, колун муздак сууга салбаган накта ак кожого айланат.

Өзүнүн бактысын да, ооматын да бир кезде алган эки билимден эмес минтип базардан, соодадан тапканына көзү жеткен Эрмахан баш-оту менен биротоло ушу ишти өнөр кылсам деп ниет кылып, бизнестин али башкалар ача элек толгон-токой башка кыйырларына кол сермей баштайт, Астанага кайтып, ушу тапта килейген соода павильон курдуруп атыптыр. Жанагы келин болсо эри менен ажырашып, Эрмахандын этегине биротоло жармашып кол кармашмакка ниети бар экен, бирок буйрубаган окшойт, туугандары, күйөөсү тарап кайра-кайра чырдашып атып, акыры үч баладан чыгалбай кайра айылга, эски эрине кайтыптыр. «Ошол кеткен бойдон ал келинди кайтып көрбөдүм, бирок анын жакшылыгын өлөөр өлгөнчө унутпаймын, бир кезде сөссүз кезигээриме ишенем» деди Эрмахан аңгемесин аяктап жатып.

Ошо отурган бойдон Карагандыга чейин келди окшойт мени менен. Карагандыга келип токтоп, жерге түшсөк, перрондон анчалык алыс эмес автостоянкада жылтыраган капкара «Джип» Эрмаханды күтүп турган экен. Кайра-кайра мени кучактап, бооруна кысып, акыры коштоштук. Визиткам деп бир шапаттай кагаз, анан дагы бир конверт сыяктуу нерсе карматкандай болду. «Бул Астанадан Карагандыга чейин поездге түшүп келгенимдин акысы, мен үчүн бир жүз грамм ичип коерсуң» дейт күлүп. Вагонго чыккан соң ачып карасам, жүз долларлыктан онду салып коюптур.

*     *     *

Эски жаңы жыл алдынан рейске чыгып баратабыз. Албетте эски жаңы жыл болсо деле ким муну талаада тоскусу келсин, бирок иш деген иш, чоңдор айттыбы, график ошого туш келибатабы бүттү, буйрукту эки кылмай жок. Анүстүнө темир жол деген жарым аскерий режимде иштеген транспорт. Балдардын көбү сүйүнүп алыптыр, шабашке укмуш болот, «жирный» рейс болот деп кудуңдашат. Сборщик «Кашмар-апа» телпилдеп чуркап эскертип кетти, сбордон перебой болбосун, карыз деген болбойт, так что в полный рост иштегиле деп. Мени менен бир азер баратат. Бул кеңкелес менен мурда бир жолу рейске чогуу чыканбыз. Ошондо жумуш жок, сборун бералбай кыйналып келатсак начальник штабнойго разборкага чакырбайбы. Ахмет баргысы келбей мени жөнөттү.

Наби менен сен жакшы сүйлөшөсүң го, эптеп положениени түшүндүр, кийинки рейсте калган карыздардын баарын жабабыз деп айт деди. Барсам Наби мени жакшы кабыл алып, сбор туурасында кеп козгоп да койгон жок, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, жүз граммдан арак ичтик да, мени акырын чыгарып койду. «Тиги пидараз өзү келсин деп айтып бар» дейт. Келди Ахмет акыры аргасы жок. Аны Наби (нач. поезд) купесине кийирип алып өлөөрчө токмоктоду, дампылдатып тепкилеп уруп, сабап атып акыры чарчаганда хохма жасабайбы, «дагы бир жолу сбор бербей койсом, пусть мени начальник поезд си…син» деген арыз жазгының деп. Өмүрүндө саналуу эле жолу уручке кармап көргөн бул чурка минтип арыз жазып, шефтин үстөлүнө таштап коюптур:

«Начальник поюз Шукуров Наби.

От правадник 6 вагон Мамедов Ахмет

Эсли я ишшо ыраз збор не даем, то прашу Вас сделат меня паловой акт»

деп жазып, астына ийрелеңдете гүлдөп, кол коюптур кыйратып таштагансып. Ошо көк мээ экөөбүз чогуу баратабыз. Ошондон кийин мунун лакабы «половой акт» болуп кеткен, эстеген сайын балдар кыйрап калышат, бу болсо дагы эле эчтеме түшүнбөй таң, же өлүмүш болобу билбейм. Жарым баштык насвайды сумкесине салып алган. Уучтап туруп оозуна бир урат да, артынан сигарет тартат бурулдатып. Бир кезде, кайфы укмуш болуп эки көзү эки жакка кыйшайып калганда темтеңдеп барып челекке түкүрөт, анан пийвага жармашып сүт эмген козудан бетер чопулдата бөтөлкөнүн оозунан соруп шимип жатып калат, кантип жүрөгү айланбайт эч түшүнбөйсүң. Анан кулап калабы десең темселеп эле вагондо басып жүрө берет.

Караганда – Жарык

Свердловскиге барып кайра кайттык. Ошо рейске барып келгенден кийин жумушка чыкпадык, бригаданы чоңдор отпускеге кубалап, сааты жетпегендер эптеп башка бригадаларга жармашып каттап жүрүштү. Мен да бир Кыргызбай деген начальниктин бригадасына жазылып, Москвага кеттим. Кыргызбай деген аты болгону менен өзү накта азербайжан же түрк сыягы, (бизге мунун чоң деле айырмасы барбы деги) бирок менин таң калганым бу Кыргызбай акең кыргызчаны илибой кыргыздан ашыра сүйлөсө сүйлөөр, асты кем эмес шыпылдатат экен. Мен муну ичимде бул сапаты үчүн жүдаа кадырлап калдым. Кыргызбай деп буга ким ысым берсе да, атасына рахмат, балким апасы бергендир, орустар айткандай мало ли что в жизни бывает...

Ошо кишинин бригадасында бир татар кыз менен кетип баратам. Татарлардан да ушундай шөмтүрөк, жоош кыздар чыгат экен ээ, тобо кылдым эй. Мындайларды биздикилер гараң деп коет. Өзүнүн бейөдөм экенин билгенби, татар кызыке жөн чыкпай сүйгөн жигитин, еврейдей болгон татар кишини жолго кошо ээрчитип алыптыр. Анысы тээ революциядан үч-төрт күндөн кийин эле туулгандай окшойт, кырчаңгы аттай картаң да кысталак. Анткени бир отурган жерде каккан казыктай үч-төрт саат жөн эле дың дебей калып кетет экен. Бу жугармак өлгүр кыз, өзү ашып кетсе 22-23төрдө сыягы, мындай аксакал жигитти каяктан тапкан акыл жетпейт.

Азыр эч нерсеге таң калып болбой калды. Бул карт аргымак убагында 3-4 машине аял алса керек, анын баарын курутуп эми карачы. Жок энең, таза болбоду дегенде 56 эмес, 46 да болбойбу бу чалбойдок. Мен сразым айттым, чака, тряпка, шыпыргыга деректир болосуң. Чай деген тынбай кайнап, пассажирлерден замечание болбосун! Менден сурайт, өзүң эмне кыласың, дежурство жокпу дейт. Мен вагонду разводить этем, келип кеткен итибай-чотубайларга чайпулу беришим керек, жетээр жеткенче көрүнгөн папкечен акмактарга маймыл болуп афиристенип вагонду аман-соо, таза жеткирип, калган тыйынды Кыргызбай атаңа, андан артса сенин тетиги айчүрөгүңө да бөлүшүшүм керек. Түшүндүңбү, бу иш ушундай, эчтеме деп менден сураба, башымды да чакпа. Лениндин заманындагы акыл-насаатыңдын кереги жок. Бу жерде Лениндин учурундагыдай тартип дегендин жыты да жок, бу поюз жалаң троцкийлердин жүргөн жери деп, аябай майда чайнап оозуна салып түшүндүрүп, эми көзгө көрүнбөй тур десем, сурап атпайбы «биз экөөбүзгө отдельно жер болсо дурус болмок?» деп. Ом-ээ-й энеңди, отдельный жер деп көрчү муну... өлалбай атып... Отдельный жер сен эмес, мага болбой атса! Картаңмалайга жанатан бери мен эмне дебатам, мунун мээси кургап бараткан башында эмненин түйшүгү кыбырап атыры...

Аяр жыла басып Кыргызбай шеф өттү, вагондун кыбык-кычыгын сын көзү менен карап. «Оокат кылыбатасыңарбы?» дейт кыпкыргызча, болгондо да көлдүктөрчөсүнөн. Кыпындай бир акцент болсочу. «Эмне?» деп калп эле кайра уккум келип. «Ой дүлөй немего, оокат кылыбатасыңбы деп сурабатам» деди кайра.

Бир кезде, ооматым чырайлуу катындай назданып мойнума оролуп турган, жаш, келечек перспективалуу жылдарда Умархожо деген тажик орунбасарым бар эле. Ошо Умархожо аке да кыргыздын тилин бизден ашыра сүйлөйт да. Кээде туруп өзү да жаңы сөздөрдү ойлоп таап кошуп жиберээр эле. Бир күнү бирөөнү айтып атпайбы, «караң раис, кооперативдин жемге тойгон торпогундай мортойуп, бейкапар турганын мунун» деп. Таң калып калгам ошондо. Башка улуттун адамы минтип кайра өзүңө тил үйрөтүп атса, Маке досума окшогон үлпөттөрүм 5-6 жыл шаарда туруп келип алып эле өзүбүздүн жалпак тилди унутуп калганына күйүп кетесиң, ошо досум (өзү айыл чарба адиси) айылга келип тамекинин чокусунан кармап «ай, момунуңар эмне эле?» дебейби. Мөөлан биргат аке да сыр бербей «Ээ бу тамеки да Макежан, анын эмнесине таң каласыз?» деп тамекинин сөңгөгү менен досту «тааныштырган» экен.

*     *     *

Кетип баратабыз. Кинелден өткөн соң Кыргызбайдын сборщик сарбазы келип күпүлдөп кеткен. Вагон муздак. Тиги күйөө бала жөндөп от жакканды да билбейт экен, чукуп эле кайра келет во деп баш бармагын өйдө чычайтып. Мыкты жагыбатам дегени бу. Акыры айлам кеткенде азыр отту дурустап жакпасаң өзүңдү да ошоякка тыгып салам дедим. Берки жанбиргеси болсо жүдөп-какап, мурду шыркырап өзү да араң жан экен, акырында сүйгөнү да көзүнө көрүнбөй калды.

Мен чечине салып топканы тээ түбүнөн бери оодарып, тазалап кайрадан от жактым да, дүркүрөп күйүп чыкканда суу насосту ойда качать этип туруп, Пензанын Сүлүктүнүкүндөй жылтырак көмүрүнөн төрт-беш чаканы бир эле уруп таштадым. Чалды сенейтип жаныма коюп койгом, үйрөнсүн, башка от жакпайм.

Алыскы сапарга бараткан адамдар үчүн азил-тамаша табылгыс нерсе эмеспи. Бу жолу Кыргызбайдын бригадасы менен кайра келатканда кайдан-жайдан вагонго төрт-беш өзүмдүн лейлектик жердештерим түшүп калышыптыр. Эми азыр айылдагы трактир айдаган кошунаңды бир күнү жоготуп жиберип, үч-төрт айдан кийин жанагы Москвадагы жалаң «кемпай чудактар» толуп алган Арбат көчөсүнөн көрсөң деле таң калбай турган деле иш болуп калбадыбы. Бирок баары бир жердештерге жолугуу өзүнчө эле ыракат да. Москвага чыккандан бери алиги Рашид аксакалдан да, анын сүйгөнү өзүмдүн напарницамдан да жадап, жүдөп, чарчап бүттүм. Же от жакканды, же чай кайнатканды билишпейт, жадагалса вагонду бир дурустап шыпырып койгонго жарашпайт. Бирдеме десем эле менин оозумду тиктешет жалдырашып. Ошентип өзүм «бич» болуп шорум кайнап келаткам. Экөөнү бир жерден ашата сөгүп салдым эле, менден жалтактап жүргүнчүлөрдүн ичине корголоп калышчу болду. Анан аркы тамбурга чыгып алып өбүшүп туруп калмай өнөр чыгарышты.

Москвадан түнкү он экиде жөнөп чыгаар менен напарницага айттым, жүргүнчүлөргө шейшеп (белье) сатыш керек дедим. Экөө «макул, ооба, муну кыйратабыз» дешип сатып атышкандай болушкан. Анан эле бельенун акчасы кана десем сыйпаланып таппай калып атпайбы... биерге эле койгом дейт. Жаным ушунчалык кашайып кетти дейсиң, эмне дээрге сөз таппай да калдым. Айлам кеткенде көзгө көрүнбөй бир жерге барып жаткыла, Бишкектен мен үйгө түз эле перрондон түшүп кетем, ошондо экөөңөр вагон өткөрөсүңөр дедим. Бышактап ыйламыш этет, аркынысы болсо кыр көрсөткөн жүрөт, Бишкекке барганда көрөсүң дегендей кылып. Ушу сен эле калдың эле мени коркутпаган деп туруп тамбурга сүйрөп барып жакшылап төпөштөп койсомбу деп, күүлөнүп барып араң токтодум.

Ошентип «жегеним желим, ичкеним ирим» болуп келатканда минтип жердештерим түшүп калып атпайбы... Чай ичип сүйлөшүп кичине көңүл ачылгансыды. Өзүлөрү да тамашөкөй, ачык айрым адамдар болуп чыкты. Башка кыргыздардан лейлектиктерди өзүнчө айырмалап турган нерсе ушу, биздин бири-бирибиз менен чымчылашып, тамашалашканыбыз сонун.

*     *     *

Лейлекте ар бир уруунун өзүнө тиешелүү «визитный карточкелери» – лакап хохмалары бар. Маселен, менин уруумду бөксө-сибирги деп коюшат. Сибирден келсе керек да ата-бабалар бир заманда. Кадимки бир доордо менин бир бөксө тууганым тоо-таш аралап уй багып жүрүп, курсагы ачып, таңдайы ката суусабайбы. Анан эле караса тээтиги тоо башынан бирөө кол булгалап чакырып атканын көрөт экен. Сүйүнүп нан-саны, суусу бар бирөө чакырып аткан го деп, акактап тоонун чокусуна урган бойдон чуркап чыгып барса, ал киши эмей эле чымындан корунуп куйругун чапкылап жаткан уй экен көрсө. Ошо киши бул жөнүндө айылдагыларга айтпай эле койсо болмок да энди, бирок айылга келип кыйратып таштагансып элдин баарына жайып, анысы өзүнүн башына айланып келип лакап болуп конуп калган өңдөнөт. Ошо күндөн, ушу күнгө чейин бизге «силер уйсуңар» деп тийишип келатышат.

Жадагалса бир жердеш ушу поюзда да оңтоюн келтирип туруп «вагонуңузда жем зор го эй шеф?» деп тонкийинен согуп кетти. Сокпой кара жерге кирсин, биз да соо коебузбу, тил бар, алардын да лакабын көзүн чыгара билебиз. Өзү абат уруусунан экен, буларды аюулар деп коюшат, булардын таржымалы биздикинен алда канча ашып түшөт, бети курусун, биздикинен да «страшныйраак « Ошондо мен да аянбай айтып калдым. Вагон дутый, крутой, жеми да көп. Бирок шу кысталак, бир бурчуна ажайыпкана ачып койсок, бир эки аюу-саюу кармап келип ичине камап койсок бала чакага, сиздердей жүргүнчүлөргө жүдаа эрмек болот эле. Элдин баары кыраан-каткы түшүп калды.

Ушинтип тамашалашып кете беребиз, эч ким таарынбайт, бирок таарынчаактар да чыгып калат, чычалап кеткенде кетменин ала чуркагандар да бар. Башкысы лейлектиктер мындай юмордон «кайф» кармашат, тилинен чаң чыккан чечендер киришкенде жакшысы качып эле кеткен оң. Сөөгүңө жеткирип, иши кылса «биротоло өчүрөт « Мына ушу поюзда да алты (мени менен) лейлектик башка сөз куругансып лакап чукулашып, күлүшүп келатабыз. Жакшы да. Бирок муну бирөөлөр, мисалга, бир парасаты пас акмак атка минерлер кадимкидей коркунучтуу куралга айлантып, өзүнүн уруусун «элитный» деп атап, ансыз да араң турган элди заматта экиге бөлүп-жарып ташташы кеп эмес. Мына ушу жагы өтө опуртал. Ушу «скрипканы» ойногондор деле бар, өзүлөрүн «элита» дегендер бир күн «элитный» башы барып көргө тыгылганда, аякта «оо сен элитный уруктансың» деп тосуп албасын билишпейт сыягы.

Кыскасы жердештер менен Бишкекке келгенче ойда жарп жазып, поюз эмей эле Белестин айдыңында жүргөнсүп келдик. Рахмат силерге жердештер!

*     *     *

Таңга жуук №17 Бишкек–Москва поюзу казактын Бешарык, Талап станцияларын басып өтүп, Яныкурганга чейин созулган мелтиреген ээн талаага жулунуп чыкканда өзүнүн эзелки, армандуу өмүрүн кеп кылып отурган байке ичим күйүп баратат, дагы бирдеме ичеличи дегенинен кезектеги шишенин оозу ачылды. Өткөн өмүрдүн армандуу касырети кайра уланды.

Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу дегендей, айласы алты кетип, бу жарыкка жаралганына да кайыл болот да, кокусунан башына үч уктаса да түшүнө кирбеген коркунучтуу ой өрмөлөп келет. Ал ойлор жаны кашайган адамдын ушундан көрө бу жашоодон түбөлүк жымжыртыкка, ызы-чуусу, арман-ыйы жок, болсо бир шамалдын шуулдагын же жер сабалап жааган жамгырдын гана дыбырын тыңшап жатаар тынч жайга аттанып кетсемби деген дене бойду муздаткан коркунучтуу, бир чети азгырыктуу ойлору окшобойбу. Эсин жыйып, келме кайтарып, тобо кылган эркек эртеси бул жашоодо анын али акысы, жасай турган иштери бар экенин өзү өзүнө күбүрөп айтып, өзүн-өзү кайраттандырат, ошого шерденет.

*     *     *

Москвада, Николаевка тупигинде турабыз. Эс алып уктап алалы дегем. Кайдан жайдан келгени белгисиз, койдон айырмасы жок бир мас кыргыз темселеп биздин вагонго кирип алыптыр. Кебетесине караганда бүткөн неме окшойт, денесинин соо жери калбай көк-жашыл татуировка менен капталган. Тынбай чылымдын чыласына чейин түгөтө соруп, ар кайсынын башын сүйлөп напарниктин мээсин ачытып «чай кайнатып» атат. Ушу Николаевкада жүргөнүмө 5-6 жыл болду дейт, биердеги бичтердин эң «крутоюмун» дейт, Манастын тукуму, кыргызмын деп коет дагы.

Карап, угуп жатып, кудай өзүң кечир, бирок ушундай киши түспөлүндөгү макулуктарды эмнеге жараттың экен, булардын бары жогунан коомго не пайда дейсиң. Бул кыргыз (бир кезде) Нарын тараптан экен, өзүнүн «эмгек таржымалын» кошунанын коюн көтөрө качып, анысы үчүн эки жылга кесилип кеткенден баштаптыр. Андан бошонуп, Ош жакка ооп, «сарттардын» сазайын берип жүргөм дейт. Көрсө Оштогу арак зоотко кароолчу болуп орношуп, бир өзүбек менен достошуп кетпеспи. Экөөлөп зооттон арак уурдап сатып, бир топ байып да кеткен жери бар, Акбууранын түнкү жээктеринде далай сулууларды тырпыраткам дейт. Ошентип жүрүп бир чүрөктү теңсине бербегенинен ай тамагынан биртикеле, коркутуп коймокко кысып койсом өлүп калыптыр дейт. Милийса муну бат эле таап, соттоп, далай жылга абакка кесип жиберген окшобойбу. Ошондон этап менен көрүнгөн жерге айдалып, сүрүлүп отуруп ушул чөлкөмдүн бир түрмөсүндө мөөнөтүн аяктаптыр. Анан калып калдым, Кыргызстанда мени күткөн, издеген жан жок, менин кимге керегим бар, ушинтип сандалып жүрүп бир жерде бир күнү ит өлүмү менен өлөм да дейт, мага эми баары бир, мен ансыз да өлгөн кишимин деп айтып келип ыйлап ийсе болобу... Анан кайра сүрдүү боло калып, өңү-түсү бузула түштү да, эй, куйбайсыңарбы, куйчуңар болсо, деп өктөм сүйлөп кирди. Напарник дароо эки жүздү куйду да, тиги аптыгып, какап-чакап тартып жиберди. Өңү-башы бырыша түштү да жеңин шуу жыттап кайра аңгемеге кирди. Кудай тобо дедим аны угуп отуруп, бу адам дегениң түшүнүксүз макулук болот экен го, тагдырдан, өзүнөн дейт, бирок айланып келибеле маңдайга жазган жазуудан өткөн акыйкат жок окшойт.  

*     *     *

Бүгүн резервде айлык таратып атышат. Түртүш, ызы-чуу, бала бакчанын балдарынан бетер бири-бирине чукчуңдашкан эле кишилер. Тооктун бир жериндей тешикчеге ар ким алына жараша умтулуп, күчү жоктор өзүнөн өзү эле сыртка чыгып калышат да бош келбей кайра тырмышышат. Блатнойлор кантордун ичине кирип кассирдин өзүнөн эле алып кетип атышат. Сырттагы каратамандар буга ачуулары келип, бир эки жолу чуу көтөрүп көрүштү эле, кассир аял айнекти карс жаап «деньги кончились» деп койсо элдин жүрөгү түшүп, дым деген добуш чыкпай калды. «Ай жөн тургула, бербей коет» дешип аялдар беркилерди тартипке чакырып атышты. Мындай жапайы көрүнүш колхоздо деле болбосо керек. Четтен карап туруп өзүңчө уяласың. Казакстандыкы бир укмуш, проводниктери чоң шаарлардын каалаганынан түшө калып карточка салышат да, акчаларын автоматтан алып кете беришет. Биздин темир жолдун өзүнөн башка эчтемени ойлобогон чоңдору, жадагалса дурустап касса куруп да коюшпайт. Иши кылып акчасын эптеп алган бактылуулар маңдайынан тери шорголоп, өлүп-талып атып эми өчүрөттөн чыга албай кыйналышууда.

Бир казакка миң сом зарплатты жалаң бир сомдук, беш сомдук анан ондуктар менен берип атса, ойбай чещеңди, мунуңду албайм деп чаң салды. Кассир болсо еще как аласың, албасаң тур нары деп арылдайт. Жок дегенде мейли жарымын бир сомдук менен алайын десе кассир баягы өнөрүн баштады, “деньги кончились” деди да айнекти шарт жаап салды. Араң турган эл казакты жулмалап тытып кирди. Ызасы башына тепкен казакпай барскандай муштуму менен терезени былчырата муштап, ары жагында койкоюп отурган кассирди түз эле кокологону аз жерден калды. Крупный дай, не то убью дейт көзү алайган кассирге күпүлдөп.

Тиги акыры айласы кеткенде темир сандыгын аңтарымыш этип казакка жапжаңы жыйырма сомдуктан бир пачке сууруп чыгып колуна салды. Ишти жеңиш менен аяктаганына өтө маашырланган казак жигит көрдүңөрбү дегенсип көкүрөгүн көтөрүп четке чыкты да, кетип калбай дагы көпкө чейин ары-бери басып жүрдү. Менин астымдагы түрк шыпылдап кассирге кайра-кайра көз кысып бирдемеге ишара кылгансыды эле, кассир космостук ылдамдык менен акчасын бере салды, акырын бир нерсени жылдырганына караганда кассирдин колун «токтогулдун бир башы» менен жакшылап кызытты окшойт. Тиги да жалжактап күлүп көңүлү бир топ көтөрүлүп да калды. Кезек меники. Удостоверениямды сунуп жаңыле акча санай баштаганда инструктор бир аялды ээрчитип кирди да, кассир менен шыбыраша түштү. Иш өлдү. Акыйып турабыз. Же сөздөрү бүтпөйт. Элдин баары кассир катындын өңүнө карап, өңдөрү күлсө, мостойсо кошо өзгөрүлүп атты. Терезенин калганын талкалап болсо да акчамды алам деп мен турам. Же түрктүн ыкмасына салсамбы... Оо бир топто барып кептери бүтүп, кассир бери караганда кичине жан кире түштү. Үч күндөн бери ушу тешикке жеталбай араң жеткениме төбөм көккө чыгып сүйүнүп турам. Ушундай да чоң сүйүнүч болобу, партияга өтүп кызыл билет алганда ушундай бир сүйүндүм эле, бул андан да ашып түшөт окшойт. Кассир жаңы эле акча санай баштаса дагы бирөөлөр кирип калса болобу...

Кычыраган кундуз тебетейчен аял жалпая отуруп алганына караганда мен айлыгымды бүгүн да алалбай калат окшойм. Эми эле ойбойду ысытып чыккан кубаныч таркап, шаабай биротоло сууду.

*     *     *

Дөңгөлөк үстүндө зуулдаган жылдарым учуп атат. Өмүр жалаң рейстен рейске уланып, үй бетин көрбөгөн, мээң чагылып, чачылып бүткөн бир шумдук жашоо баштан өтүп жатат. Бул жашоонун падышасы жалаң акча болгондуктан, андагы бардык өйдө-ылдыйды, жаман-жакшыны, ак-караны ошо акчанын чени менен ченеп, өлчөгөнгө айла жок көнөт экенсиң. Жадагалса, кайсы бир кудайдын назарынан унут калган бекеттерде жолуккан жолбун иттер да бирдеме ыргытпасаң жаныңа басып келбейт эй! Булар го иттер, а адамдарчы... Өткөн рейсте бир ревизорду обептериби, губэптериби иши кылып артынан түшкөн бирөөлөр кармаптыр, камаптыр дебеле элдин баары ызы-чуу түшүп жүрүптүр резервде. Ал албы, эми бул акмактан кутулдук деген проводниктердин айрымдары (өтө запкы жегендер да) кадимкидей үлпөт уюштуруп бөтөлкө бузуп тойлоп да ийишиптир. Эми анын «түрмөдө көбүрөөк калышы үчүн, экинчи темир жол бетин көрбөш үчүн» дегенге чейин «күчтүү» тосттор айтылды дешти балдар. Чынындале элдин каргышынын азыр күчү деле болбой калган окшойт, антпесе бул көпкөн акмак эчак эле кармалмак экен. Кармасын дейлик, анан эртеси эле эчтеке болбогондой аман-эсен эле ордунда кайрадан отуруп атышпайбы. Баягы эле мойнундагы галстугу менен. Ушундай да мамлекет болот экен ээ, тобо... Бул кан ичкич папкесин колтуктап, өкмөттүн ишине аябай күйүмүш эткен түр көрсөтүп, перрондо пайда болгондо эле эл түшүнөт, кан соргуч отурат экен составга!

Иштин чоо-жайы мындай экен. Бул ревизор демейдеги графиги менен 17-поюзга отурат да составды четинен «жайлай» баштабайбы... Эмне, колунда мамлекеттин жобосу бар, текшергенге толук акысы бар, бирөө кыйшың-мыйшың деп көрсүнчү... Демек, мамлекеттин атынан, башкача айтканда мамлекеттин терисин жамынган карышкыр. Мунун алмадай болгон башында мамлекеттин кызыкчылыгы деген мыдыр бирдеменин бары-жогун биз жакшы билебиз го, кыскасы укук мамлекеттики, чөнтөк болсо мунуку болуп атпайбы. Ревизордун баары эле жапатырмак мамлекет, темир жол дешсе темир жол эчак эле оңолуп кетпейт беле... Ошентип бул көрүнгөнгө опурулуп, жапырылып составды башынан, Мидинчесинен айтканда башкарма башынан жайлап келатат дегендей, «чистка» кылып, шашпай аң уулап келатып тээ ортолоп калганда өзүнүн бөрү туюму менен куйругуна бирөөлөр илээшкенин, атургай шыйрагы колу менен кошо саналуу убакыттардан соң темир капканга чабылаарын илгиртпей туюп, жону муздап кеткен окшобойбу, жыйган акчасын бир калтага бүт оодарып (бир жерине күч келбесе ошентмек беле) анысын кыйылып туруп бир вагондогу мусур челекке тыга салат экен. Чын эле составдын аркы башында муну ана келатат, мына келатат, кармайбыз, буюрса, жонунан кайыш тилебиз дешип кол ушалап, аңдып күтүп тургандар, карааны көрүнөөр менен жамырап, жабырай чуркап барып баса калышат. Тинтип көрүшүп чөнтөктөрү, папкеси периштеникинен бетер таза чыкканына күбө болгондор шаабайлары сууп, анжияндык өзбек айткандай, дарбыздары колтугунан томолонуп, жашоонун бир керемет кызыгын ооздон жулдургандай орду ордуларында селейип калышат.

Муну түшүнө койгон карт кашабаң ии эмне болду, эмне таптыңар дегенчелик табалап түйшүктөн арылган азат башын ого бетер өйдө көтөрөт да эми тургула жолдон деп туруп кайкая басып поюздан түшүп кетет. Болгону ушул. Саман күйүптүр дегенди Самаркан күйүп кетиптир деп түшүнгөн лапчылар муну дароо көбүртүп- жабыртып өзүлөрүнүн каналдары аркылуу Бишкекке, резервге дүңк дедиртип, алиги кеңкелестердин тойлоп жибергени да ошондон.

Тиги ревизор ошентип жанын арачалап кутулуп кеткен соң ал алиги акчасын ыргыткан вагондун проводниги «Кызыл өрүктү» кыңылдап ырдап шыпыргысын кучактап демейде пистелет такаса да шыпырбаган вагонун кудаанын кудурети менен өзүнөн өзү эле шыпыргысы келип, чогулткан мусурун жанагы акча жаткан челекке салып, анан аны эки вагондун кошулган жериндеги көпүрөчөнү көтөрүп туруп күр эткире төгүп жибергиси келип эле туруп алат окшобойбу.

Мусур чакада кудай тааланын жүз жылда бир жиберген шыбагасы аны күтүп жатканы үч уктаса да түшүнө кирбеген шордуу проводник аны шак ала коюбеле төккөнү көтөрүп баратып, ичинен агарган нерсеге кокус эле көзү түшүп калат окшойт. Сүлгүнү же жаздык капты бирөө ыргыткан болбосун деп чубап чыгып караса ичи толтура акча салынган жаздыктын кабы экен. Мындайды күтпөгөн байкуш алаңдап апкаарып, деми кыстыгып өзүн жоготот, чала-була келме да келтирип жибергендей болот. Анан эсине келе калып демейде буту менен гана тээп өтчү челекти бооруна кысып өпкүлөп, жалынып тобо келтирет. Акчаны койнуна катып таңып, эсине келгенден кийин рейске андан ары баргысы келбей кыйшаңдап баштабайбы, Луговойдон эле эптеп түшүп калсам экен деп тилейт. Мунун бактысына жол шериги аңкылдаган бейжай айым калсаң калчы, өңүң да начар, ооруп турат окшойсуң деп ичинен кым этет. Анча-мынча болбогон «отметканы» колуна карматып, калган узун жолдун пайдасын жалгыз өзү көрөөрүнө жетиналбай бат түшүрүп жиберип эшикти жапканча шашат. Олчойгон акча белинде таңылуу берки болсо милийсанын карааны чалдыга калбаса экен деп коңулдан коңулга качып, бир машине жалдаса казак шопур анын өң келбетин карап турубэле бармаймын, анау өлкөн трассага чыксаң кетип каласың, жаки үч жүз сом берсең ойлонуп көрөйүн деп мукактанып калат. Мырза жигитти сараңдыгы өлтүрөт дегендей оңой олжого туйтунуп турса да, ошерден шыр отуруп кете бербей кой трассага таштап кой, деп трассага кетет.

*     *     *

Свердловскиден чыгып Шадринскиге келсек, вагонго жыйырма чакты солдат отурду. Петухового чейин барып, андан ары Актюбинскпи же Петропавловски аркылуубу Чеченстанга кетишет экен. Теңи кызуу, теңи соо. Соолору «молодойлор» окшойт, аптаматын кучактап, шүмшүйүп отурушат, көздөрүндө эртең эмне болобуз деген коркуу бар. Кызуу командирлер буларды күпүлдөтө сөгүп, каарып, согушка эмей эле курортко бараткансып өзүлөрүнчө чечекейлери чеч. Кыязы алар мурда Чеченстанда ок аралап, дары жыттап келген немелер окшойт. Жүргүнчү орус аялдар «молодойлорду» аяшып, чай, таттуу-паттуу, токоч беришип, көңүлдөрүн улап атышты. Тиги боз балдар да аларга энекелериндей эркелеп, үйүр ала түшүштү. Ошентип өзүлөрүнчө күжүлдөшүп атышканда бир «старик» тура калып аларды ашата сөгүп, эчтемеден эчтеме жогеле баарын тапыратып тамбурга айдап чыкты. Ошоерде көпкө чейин отурушту шордуулар. Беркилер болсо арактан дембе-дем ичип атышты, бирок менин таң калганым, суу ичип жаткансып көздөрү сопсоо, муздак. Куралдарын баарын бир жерге чогултуп коюшкан. Ичкиликти көтаралбаган бирөө-экөөсү гана оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып атышты. Акырында алар кусуп-чычып жатып калышты.

*     *     *

Бул аскерлердин командири, өзүн Леха деп тааныштырган капитан биздин служебкага баш багып, гитара чертип отурду. Чеченстанга үчүнчү жолу баратканым ушул дейт. Эмне болсо да өлүмдү көрүп билген, түшүнүгү, адамкерчилиги мыкты жигит экен, төрт-беш курдай жарадар болгону да бар, кайсыл бир чоң генералдарды ашата сөгүп олтурат, биз төбөбүз менен жер казып, каныбызды төгүп аткан бул урушта эч бир майнап, маани жок, алар болсо (генералдар) акча жасамай менен алек дейт. Колумда го куралым бар, эгер маңдайларына жетчү болсом эки-үчөөнү чекеге атып туруп алар менен өзүм кошо жатмакмын дейт. Жигиттер, силердин ишиңер жыргал экен, элди салып алып ары-бери ташып коесуңар, ичкениңер арак, ойногонуңар карта, эрмегиңер вагон толтура чүрөктөр. Анан силерде эмненин кайгысы, мен болсо солдатмын. Родина кайда десе кете бермей, ишим оор. Үй-бүлөм алыста калды, эми ушу үчүнчү жолку сапарга жанды оозго тиштеп кетип баратам. Кайсы бир жиниккен чечендин огунан аман калсам аман-соо кайтаармын, жок, андай буюрбаса сөөк-сөпөтүм темир сандыкта үйгө кайтат. Ошондой жигиттер, эми куйгула дагы жүздөн, мобул арагыңар, «Карабалта» дейби, башка тээп кетти, шумдук, накта таза арак экен, артыкбаш бөтөлкө болсо кайрылышпайсыңарбы, бекер эмес, акчасын деле берем. Силер өз кишилерсиңер да, Кыргызстанды жакшы билем, Фрунзенин Коммунаров деген көчөсүндө таежем жашайт, азыр деле ошоерде, мен анда далай жолу болгом. Элиңер сонун, үйдө жүргөндөй эле жүрөсүң, деги кыргыздар кең пейил калксыңар. Өзбек, тажиктерге такыр окшобойсуңар.

Ошентип бакылдап отуруп кызып да калды. Биз го жумуш үстүндөбүз деп көп ичпедик. Гитараны кыңгыратып ырдап отурсак эки-үч милийса кирип келип чокчоңдой баштады. «Где документы, почему пьем» тиги бу деп өзүлөрүн «көрсөтүп» турушат. Сержанттар кадимки эле. Леха ызырынып каны кайнап кетти окшойт, орустун «жакшы» сөздөрүнөн тандап туруп ачык эле беттерине сөгүп-сөгүп, үч тамгага жакшылап туруп айдап таштады. Биз турабыз биякта ичибизден курсант болуп, чала силерге, ушуну укмаксыңар дейбиз. Военныйлар менен милийсанын ит-мышык экенин мурда уксам да эми даана көрдүм. Милийсалар да ардана түштү шекилди, “азыр сени поюздан түшүрүп калабыз, урматтуу аскер жолдош, даярдан” дешти Лехага. Мындайды уккан Леха: “Анда Чечняга менин ордума сен, көпкөн мусур барасың, азыр кечирим сура, да көзгө көрүнбөй жогол, экөөңдү тең атып салалекте” деп кыйкырып-өкүрүп кое берди эле тияктан эки-үч жолдош офицерлери жетип келишти. Иштин жайын түшүнүшкөн соң алар да эки милийсаны шыпырылта сөгүп, бирөөсүн түртүп да жиберишти. Ортого алып сөгүп атышат, сөгүп атышат, эмне деген гана сөздөрдү айтышпады. Акырында айласы кеткен экөөнүн бири: “Мужиктер, болдугулачы эми, бизден кетип калыптыр, кечирип койгула, эй проводниктер, бир бөтөлкө ачкыла, биз элдешкенибиз үчүн ичели да кете берели” деп калышса, Леха: “Силер эмне буларды грузить этип атасыңар, өзүңөр апкелгиле бөтөлкөңөрдү” деп көшөрүп туруп алды. Бирөөсү: “Бул “караларды” аяй турган эмне жөнүң бар эле, бир шишеден өлүп кетишпейт” дейт. Анда Леха: “Силердин бөтөлкөңөргө да, өзүңөргө да түкүрдүм, деги кеткилечи көзгө көрүнбөй!” деп, экөөнү тең айдап жолго салды.

 Оңой кутулган экөө зыпылдаган бойдон биринен бири озуп жолдоруна түшүштү. Ошо бойдон эртеси кечинде Петухового жеткенче Леха биз менен бирге болуп, келген милийсаларды өзү эле “тейлеп” келди. Түшүп баратканда кадимки жакын туугандардай коштоштук. Ресторандан 5-6 бөтөлкө бир литрлик “Карабалтадан” алып баштыгына салып бердик, сүйүнүп жүрөт. Перронго түшүп командасын тизди да, бизге кол булгап коюп ээрчитип кетти. Биз эми бир түндү ашсак таң эртеден Петропавловскиге жетебиз, андан ары өзүбүздүн Азия...

*     *     *

Баса, кайсы бир бекеттен бир орус вагонго гүлчамбар арткан. Кадимки эле жаңы киши коюлган көрдүн үстүнө жапкан гүлчамбарчы. Бизнеси ошо имиш. Бир бошураак купеге жыйнап койгонбуз. Билети бар эки киши келди эле, гүлчамбарларды көрүп чалкасынан кетишти, көрдө жаткансыбай, нормально адамча кетели, гүлүңөрдү жоготкула деп чыр салышты. Эптеп башка орун таап жайгаштырдык. Түндө кайсы бир майда бекеттердин биринен аялы менен күйөөсү отурушту билеттери менен. Булардыкы башка орун эле бирок аны башкаларга берип койгон элек, экөөн жанагы гүлү бар купеге кийирип койдук. Бир маалда он беш мүнөт өтүп өтпөй өңү дубалдай купкуу болгон экөө үстүбүзгө кирип келишти. Бир нерседен катуу коркуп алгандай түрлөрү бар. «В том купе покойник же лежит! Как вы могли нас поместить туда?!» деп чырылдап ийишти. Өлүгү жок эле деп чуркап жетип ачып карасак гүлчамбарлардын астында биздин помощник Кудайберген коңурук тартып уктап атат. Тигилердин көзүнө өлүктөй көрүнүп кетсе керек, чын эле чалкасынан түшүп эки колун төшүнө кайчылаштыра жатып алыптыр, ким билет, бу Кудайберген жеткен шум неме, балким эч ким жолтоо болбосун деп атайы ошентип жатып алганбы... Бул ойрондун өзү Чунун казагы, жашы 55-56ларга келген. Үй-бүлөсү деле жок окшойт. Артында ондогон түрмө жылдар, уурулук, кыскасы өткөн өмүрү бир топ караңгы адам. Өзү кичинекей арык болсо да каруулуу, колу шилби таяктай катуу неме. Өткөн рейсте Чуда турсак эки казак жигит өлө мас, келип аркы-беркини айтып мээни чагыбатышкан. Биз аларга теңелбейличи деп турабыз. Акырын «барзеть» эте башташты, «бир жарты койбойсуңарбы браттар?!» дешип асыла бергенинен булардан кантип кутулсак экен деп атканбыз: бир маалда Кудайберген поездден секирип түшө калды да «тез куруңдар биерден» деди. Аны көрө коюп эле беркилер өчө түштү, кайрылып кетип да калмак беле, Кудайберген берки куркуйган узун бойлуусун карс дедире тумшукка сүзүп чалкасынан түшүрдү. Кантип сүзүп ийгенин өзүбүз да билбей калдык. Ошондон кийин Кудайбергенди чыны сыйлап калдык.

*     *     *

Поюз турмуш канткен менен адамдардын жүрүш-турушуна, психологиясына, кулк мүнөзүнө өзүнүн кандайдыр бир эн тамгасын түшүрөт окшойт, пенде табияты кандай болбосун, акырындык менен ошого жараша ыктап, өзгөрүп, ылайыкташып кете берет шекилди. Албетте, биерде бири-бирине зыңгырап, сылык-сыпаа маданияттуу сүйлөгөн адамдар жокко эсе. Кандай маселе болбосун шарт-шурт, көп учурларда орой жана катаал ыкмалар менен чечилет, мүлайим сүйлөгөнгө, каада кармаганга биерде дээрлик орун да, каалоо да жок. Айрыкча поюздан жылдап түшпөй көр оокат менен алпурушкан аялдар ургаачынын табият ыроологон назик, жумшактыгын, боорукерлигин бир түйүнчөккө түйүп эчак ыргытып жиберишкендей туюлат. Же эркек эмес же аял сыягы жок бул жандар өкүртө арак ичип, күркүрөтө тамеки тартып сүйлөгөндөрү жалаң «через мат», айткандары орой, туздуу тамаша болуп, иши кылса өзүнчө эле жаңы сорттогу пендегибриддер.

*     *     *

Жалаң кусалыктан, сагынычтан жаралгансыган казактын учу кыйыры жок талааларын аралап арылдаган поюз учуп баратыры. Вагондун ичи тып-тынч, андан мындан кобураган үндөр чыгат. Биздин «служебкада» бир колунан кишенделип, үстүңкү орундуктун темир туткасына аса байланган килейген орус киши келатат. Муну Россиянын эки милийсасы коштоп алган, кейпи Казакстандын бир жеринен кармап эми өзүлөрү жакка алып баратат окшойт да. Адеп бекеттен чыгышканда жанынан карыш жылбай отурган сакчы жигиттер акырындап тажашты окшойт, бизге тапшырып коюп ресторан жакка кетишкен. Ичип отурушса керек. Кетип баратышып «Михалыч, не дури, смотри» деп кетишкен. Унчукпай келатат. Болгону кыпкызыл чифир чай ичип, тамеки тартып коет. Көп сүйлөбөйт. Бул шордуу эмне кылмыш жасаганын ким билет, өзү да бир топ жашка барып калган неме экен, жүндүү колдорундагы чегилген көгала-кара сүрөт татуировкаларга караганда далай жылдарын түрмөдөн өткөргөн адам сыягы. Бир маалда “жигиттер, жаман көрбөсөңөр, жүз грамм куюп бересиңерби?”– деп өтүнүп калды. Жүз эмес, кырдуу стаканга толтуруп эки жүздү сундук, дем албай уруп жиберди да жакшылыгыңарга рахмат деп ыраазылык айтты. Мен болсо эми сүйлөп берет деп турам ичимде.

Улам баш багып кире калган казак милийсаларга акшырая карап отурду, караганда да тике качыра, кадала карайт экен, тигилер жалтактап көздөрүн ала качып жатышты. А берки, мунун сакчыларынан болсо дайын жок. Кичине ичке арак киргени жанданып сүйлөп отурду. Ошентип атсак бир челнок кыргыз жигит чала кызуу экен, кирип алып бабырап өзүн көрсөтүп, жаргон менен оозуна келгенди оттоп отуруп албаспы. Тиги карышкыр болсо угуп турду да «братишка, ты че, зону топтал? Сколько ходков имеешь?» деп сурап калды. «Ходкам жок, мен просто паняткам бар» дейт берки. «Аякты көрбөгөн соң жөн эле сүйлөй бергениң дурус эмес» деди орус сыпайы.

*     *     *

Челнок жигит болсо «мужик» экенин, илибой катылгандын «канын ичип» коеорун, кайсы бир жылы Кокон базарда самсы тиштеп турса экөө келип «наезд» кылганын, экөөн эки жакка ыргыта коюп, милийсага кармалбай качып кеткенин, бир шише аракты кулкунга бир эле куюп жиберээрин, пул деген калтасында «море» экенин, иши кылып ар бир сөз менен айтканда, кай жерде болбосун «отвечала» болгонго жараарын айтып күпүлдөп, жаагы басылбайт. Эми ушу жерден угуп отурсаң өзүнчө кызык көрүнүш да. Өмүр бою зонадан зоналап колу-буту кишенден чыкпаган адам менен аякты өзү көрелек, бирок ошоякка барганга талапкер болгонго дилгир адам минтип камерада эмес, кадимки эле поюздун купесинде, эл арасында, бири суру бузулуп, айласыз тыңшаса, бири эч кимге кеп бербей күпүлдөп атты. Таптакыр башка эки дүйнөнүн өкүлү тымызын тирешип, көз оту менен кагылышып биринин көз карашында «кокус непадам зонага, колума түшүп калсаң барбы, сендейдин белин түпкүчтөй ийип, алдыкы былжыраган оозуңду как желкеңе чейин жыраар элем» деген жек көрүү турса, бирөөндө «мен деле кыйынмын, мен деле аны-муну көрдүм, сен наручник менен отурганыңа корстон болбо» деген алабарман аңкоолук, каны кызуулук турду. Бул апаат кагылыштын ортосунда туруп мен өзүмчө далай нерселерди көңүлдөн сыдырып түшүнгөнгө үлгүрдүм. Орус менттер Михалыч деп ызаат көрсөтө тергеп коштоп алып келаткан бул адам азыр эле эки жүздү оозуна оодарса да бапылдабай, бажырабай аз-аздан сыпайы сөз кошуп отурду. Мен өзүмчө окугандарымды, уккандарымды эстедим, зона дегенде ар кандай былжыр кеп катуу жазаланат, аякта деген тишиң тилиңе күбө, кымындай туура эмес сөз оозуңдан учуп кеттиби, анан анын азабын тартаар накта кулга айланат экенсиң. Мен зонаны дурус билем деген берки келесоо мындай жөнөкөй нерседен кабардар эмес экени көрүнүп эле турду. Ооз деген дарбаза сыяктуу эскилердин сөзү куп ушундайларга айтылган окшобойбу, тынбай шалпылдай бергенинен тажап кеттиби, айтор зэк бир маалда: «браток, хорошо поговорили, а теперь иди к себе, отдыхай, но помни, ты меня не видел, я тебя» деп калды.

*     *     *

Кеткени аткан, бир маалда «эй браттар, момуну качырып ийип сообуна калбайлыбы?» дебеспи! «Ай жигит, кой айнанайын тамашаңды. Балекет баштабай жөн кет, сен буга жоопкер эмессиң, мына бизге тапшырган, анда эле өлбөйбүзбү биз?» – десем да болбойт, наручниктин тешигине зым тыгып ачкан жүрөт. Айла кеткенде токтотуш керек болду муну. Мурат артынан барып мойнунан тумчуктура кармап кысып коридорго сүйрөп чыкты эле экөө кармаша кетти. Дал ошо маалда кудай жалгап сакчылар жетип келсе болобу. Алар эчтемеге түшүнгөн жок, түз эле купеге кирип «ну как Михалыч, едешь?» деп сурашып жанына отура кетишти.

Мен сырттагыларды арачалап алиги келесооону кубалап ийдим.

*     *     *

Свердловскийден рейстен келдик. Саатыңар жетпейт деген шылтоо менен Сибирге, Новокузнецкиге жөнөтүштү. Ит чыдагыс суук, оор жолго чыгып эле жүрөбүз дечи, бирок Сибирь деген атынан эле жүрөк түшөт экен. Анткен менен жолу тынч, туш-туштан жорудай поюзду тытмалаган итибай-чотубайлар аз. Былтыр жайында Красноярскиге бир жолу барып келгенбиз. Красноярск сезондук каттам, 3-4 ай жүрөт да токтойт. Биз ошо жаңы эле жүрө баштаган экинчи рейске чыктык. Вагондо болгон жүргүнчүлөр – напарнигим Тимур экөөбүз гана, башка жан жок. Кыскасы, ээн вагондо футбол ойноп коюп кетип баратабыз. Кошуна вагондо Жорик дос баратат. Өзү шаардын үстүндөгү тоо таянган айылдардын биринен болот. Карта чабышмайдын атасы. 7-8 сутке дың дебей ойноп отура берет, баарын унутат, тамакты да, жумушту да, жадаса туалетке да барбай коет. Муну көптөр тоотпой, ойной коем деп мамасын магадандан көрүшкөн, шымы жок калышкан. Жорик дос кебетеси серт, күйгөн жыгачтай капкара шири арык, чым деп үзүп алаар эти жок, айрыкча түнчүндө бет маңдай чыга калса илибой киши бир мертебеликке жүрөгү шуу этээр адам болгону менен өзү дурус эле бир кыргызчалык жигит. Типичный кыргыз деп койсо болот. Ошо Жорик дос картага татыктуу компания таппай, күчүн арактан чыгарып келатат. Анын вагону да аңгырап бош. Магнитофонду каңкылдата коюп алган. Анысы Бек Борбиевдин «Жегениң шокалад, өзүңө жарашат» деген ыры экен, Бишкектен чыккандан бери тынбай айландыра берип кулак-мээни таптакыр жеп бүтүрдү.

*     *     *

Ширекайф Жорик достун айтымында бул ыр анын кайда бир калган окуучулук күндөрүн эске салып, жан дүйнөсүн оодар-теңтер түшүрөт имиш, ичи эңшерилип, эзилип көзүнө жаш толо калган жерлери да бар дейт алиги ырдын.

Жорик жаш кезде азыркыдай жайнаган шакалат болбоптур, «Сникерс»,  «Марс»,  «Твикстер» уктаса да түшүнө кирген эмес. Жорик элден кем калбай тогузунчу класста бир кызды жандап, ашыглык сезимин билдирип иттин тырмагындай почерки менен кайра-кайра кат жөнөтүп атып, эптеп кыздын жүрөгүн жибитиптир да... Экөөсү айылдан автобуска отуруп, ээндешип келип, азыркы Ош базар турган (анда Аларча базарчасы экен) жерден свидание кылышчу тура. Жорик үч сомдун көзүнө карабай кызды морожный менен айда шыкап, өзү болсо дааратканага барымыш болуп, улам бери чыгып «яблочный» винодон согуп коем дейт. Ошентип, таттуу сүйүшкөн кызы Жорик армияга кетээри менен эле башканын бактысына буюруп, турмушка чыгып кете берет экен. Жорик болсо муну угуп чексиз кайгыга батып, өңүнөн аза арыктаптыр, жашоо караңгы болуп, баардык нерсенин баары кызыгын жоготуптур. Сүйгөнүмсүз эми жашоо мага кереги жок деп чечкен Жорик түнчүндө казармадан безип качып чыгып, хоздворго келет экен, «Шипр» одеколондун шишесин кулкулдата жартысын уруп жиберген соң, мойнуна илгичин ороп бир учун эми шыптагы крючокко байлап атса, жанатан бери артынан аңдып келип байкап турган дежурный час – өзүнүн старшинасы шап кармап алыптыр:

 «Отставить, рядовой Чилпакпаев!» десе Жорик селт эте түшүп: «Товарищ ыстаршина, мне пипец, я конес» деп өңгүрөп ыйлап кое бериптир. «Че случилось, кто то из родных умер что ли?» десе Жорик «да, да мой либовь умер» дейт имиш токтоналбай эчкирип. «Аа, любимая девушка умерла? Ну тогда понятно. Болела что ли?» деп Жорикти аяп, мойнунан илгичти чечип алып, бери жакка ээрчитип келип казармага кийирип коюп кетет. Дневальныйга да эскертип коет «тигиге сак бол» деп. Жорик кирпик какпай улам курилкага барып, күчүн чылымдан чыгарат. Жашоо бүткөндөй сезилет, өзүн коеорго жер таппайт, кайтып кирет да чөнтөгүндө жанагы атырдын жартысы калганын көрө коюп, дароо калганын бүт согот, «сүйгөн кызымсыз жашоо курсун» дегенин кайра баштап, дневальныйдын мээсин ачытат. Эртеси күнү таңкы разводдо катардагы жоокер Чылпакпаевдин аты чыкпай ротный кымгуут салат. Тапкыла деген буйрук болот. Хоздворду үч көтөрүп аңтарышат, Жорик жок. Баарынан да жүрөгү түшкөн старшина буту бутуна тийбей жүгүрүп, дневальныйды соо жерин калтырбай ашатып сөгө алдына салып кубалап алат, тапкының деп. Чердактар-хозбокстор баары тинтилип бүткөн соң бөлүктүн сыртына чыгышып, Жорикти жакын эле жердеги бир дубалдын түбүндө коңурукту кош тартып уктап аткан жеринен табышат.

Ошентип, сүйүүсү менен кош айтышкан Жорик үчүн Бектин ушул ыры өзгөчө жакын имиш. Кайра-кайра артка түрүп дем алдырбай коюп келатканынын себеби ошо окшобойбу.

Эсимде, ошондо Красноярскиге жеткен соң Жорик дос «жүргүлө, Енисейдин жээгине барып келели» деп туруп алды. Жолдогу кафеден тамак ичип, беркиден да дурустап бастырып, бирди чөнтөккө салып, үчөөбүз Енисейдин жээгине жеттик. Аяктан дагы ичип отурдук. Кызуу болуп калганда Жориктин биз мурда байкабаган, шектенип да койбогон патриоттук сезими капилеттен ойгонуп «кайран ата-бабалар кечкен ыйык дарыям Энесай!» деп үнү каргылдана кийим-сийими менен өзүн мелмилдеген чоң дайрага урса болобу!.. «Ак кеме» деген кинону бу да чала-була көргөн окшойт, кызыталак... Агып кетип чөгүп өлөбү деп бизде жан жок. Шапа-шупа жээкке сүйрөп чыксак да болбойт дарыяга жулунуп. «Бергилечи, Энесайдын ыйык суусун бетиме сүртөйүн» деп делбеленип алыптыр. Миша өзүбек болсо, аны сөгүп-сагып «Э, таза ыраспа экансан го онайни искай» десе да болбойт «сен өзбек муну түшүнбөйсүң эч качан!» деп.

Суу жээгинде үчөөбүз жулмалашып алышып атсак бир милийса орус келип калды. «Че за шум, документы!» дейт. Жорик болсо чимкириги куюлуп, ыйлап алган. «Э брат милиционер, вот мой река Энесай, мой Родина (Краснояр) Кызылжар, панимаешь брат?» дейт. Милийса болсо «ты че козел, пить надо меньше, я тебе шас… » деп туруп анан каткырып күлүп жиберди да, «да ну вас к черту» дебалып кетип калды. Андан биртике соолугуп, токой аралап поюзга келатсак бадал ичинен «сен көтөр, мен көтөр» деген үндөр угулуп, акырын баш баксак, төрт мас кыргыз бакылдаша карта чабышып атыптыр. Аларды, картаны көргөн Жорик резкий өзүнө келе түштү да «келе болгон тыйыныңарды мен ойнойм» деди шак эле. Биз жанында көпкө турдук. Бир саатка жетпей Жорик жанагылардын тыйынын бүт шыпырып, экинчи ойногус кылды окшойт, бозоргон бойдон ордуларынан туруп баратышып: «эми жеңгениңди майлап, чотур таштап койсоң боло брат» деп жалдырашып калышты. Жорик бир шишеге акча таштады да андан ары поюзду көздөй кете бердик.

*     *     *

Сибирден (Новокузнецкиден) кайра тартып Барнаулдан бери эңкейгенделе Топчиха деген кичинекей бекеттен биздин вагонго бир орус чал отурду. Вагон ээн болгондуктан сүйлөшөөргө киши жок эригип келаткам. Абышка көп сүйлөбөгөн адам окшойт, терезени карап тунжураган бойдон келатат.

– Отец ты че такой хмурый, далеко едешь то? – десем, Семипалатинскиге кызыныкына коноктоп баратканын айтып келип, бир маалда баштыгынан бир шише арак сууруп чыгып үстөлгө койду:

– Давай по стопке тяпнем, холодновато у вас в вагоне.

Аркы-беркини сүйлөшүп аз-аздан ичип отурдук. Бир маалда «азыр пенсияда окшойсуз, мурда эмне жумуш кылчу элеңиз?» деп сурап калсам, кайсы бир түрмөдө лагердин начальниги, анан мындан тышкары дагы бир жумушу болгонун, бирок аны өз убагында саналуу гана адамдар билгенин, эми далай жыл өтсө да, ошол экинчи жумушунун азабын тартып келатканын сүйлөп отурду. Жүз-жүздөн дагы куюп, байкатпай жабыша баштадым, анткени маңдайымда жөн эле бир карапайым абышка эмес, сырдуу да, сүрдүү да адам отурганын туюп аттым.

*     *     *

«Кел, адегенде алып жиберели да кобурашса кобурашып отуралы, анүстүнө менде жатып эс алгыдай уйку деле жок, сен болсо жакшы жигит көрүнөсүң, улутуң ким?» деп калды. Кыргызмын десем «аа, из Фрунзе значит? Зеков у нас было много из ваших краев» дейт. Лагердин начальниги болгон кыйынбы десем, «жумуштай эле жумуш болчу, жана экинчи ишим дебатпайымбы, азаптын азабын ошондон көрдүм, али күнгө чейин түшүмөн кетпей жүрөт, кээ бир убактарда өзүмдү коеорго жер таппай кетем, эми өлөр өлгөнчө ушинтип өтөт окшойм» деди. Мынчалык табышмактаткыдай эмне жумуш болду экен деп, жаңы эле сурайын деп баратканда өзү «хочешь расскажу» деп калды. Унчукпай баш ийкеп, оозун карап калдым.

– Я был еще и палачом...

 «Как палачом?» деп шашып сурап ийсем, «атууга өкүм кылынгандарды атчумун, ошону палач деп коет уктуң беле?» дейт. Жүрөгүм шуу деди, сопсоо боло түштүм. Туй энең, бу накта жаналгыч турбайбы деп жанынан тура качкым келди, кер сары тарткан иреңинен кадимкидей муздак илеп жаба уруп өткөндөй болуп кетти. Өңүм өзгөрүлө түшкөнүн байкадыбы «да ты не бойся, вижу что неприятно тебе, все это уже в прошлом, сейчас я обыкновенный старик, да и пистолета у меня нет, давай еще по пятьдесять а?» дейт. Коркуп кеттим деп деле айтпайм, болгону ушу чүтүрөйгөн абышка өз убагында далайларды чекесине ок кадап туруп, Алла тааланын астына айдап турчу кудуреттүү, коркунучтуу желдет болгону эч бир мээме сыйбай турду.

– «Смертниктерди» мага чейин бир старшина атып жүргөн экен, – дейт Гавриил Николаевич. Жыйырма жети жаштагы ошол старшина эки-үч жылдын ичинде эле керсейип көөп, өзүн кудай тааланын пендени жазалоочу оң колундай сезип, керек болсо түрмөнүн начальнигин көзгө илбей да, саламга да келбей койгон имиш. Көп иччү дейт, кызып калган учурларда старшина сөз бербей бажылдап, өлүмгө өкүм кылынган шордуулар тапанчанын оозунда турган акыркы ирмеминде эмне сүйлөп, эмне койгонун айтып өзүнчө маашырланып калчу экен. Бир жолу старшина эч бир себепсиз эле (өтө кызуу сыягы) тапанчасын кынынан сууруй калып, лагердин кароол дөбөсүнүн (вышканын) төбөсүндө айланып учуп жүргөн каргаларды аткылап кириптир. Кийин «бул эмне кылганың?» дешсе «каргалар менин көзүмө баягы атылгандардын арбагы болуп көрүндү, алар мени кубалап жүрүшкөндөй сезилди, ошончүн аткыладым» дептир. Чынындале мээси «кыйшайып» баратса керек, жумуштан алып салышыптыр да, ордуна ушул Гавриил Николаевич келиптир. Желдет жөнүндө саналуу гана адамдар билип, алардын баары тең мамлекеттик сырды купуя сактоого тилкат жазып беришчү тура.

 «Кишини аткан жаман эле иш болсо керек, көналбай жүрдүңбү же, кадимкидей эле ит аткандай атып баштадыңбы? – десем, «башында кыйын болду, анан бара-бара өз ыкмамды иштеп чыктым, ошондон кийин гана кыйналбай калдым. Мен адегенде атыла турган адамдын кылмыш ишин абдан шашпай окуп чыкчу болдум. Анын жасаган кылмыштарынын канчалык оор экенин окуган сайын, алдыдагы жазага өзүңөн өзүң психологиялык жактан даяр болосуң, боор ооруу деген сезим таптакыр жоголот. Мындай макулуктун жер бетинде жашап жүргөнгө татыксыз экенин алдын ала эле өзүңчө чечип коесуң. Мындай адамдардан жер бетин тазалаганга салым кошуп жатканыңды түшүнүп, кайсыл бир даражада аткара турган жазадан канааттануу да алгандай сезилип кетет. Андайбы демек, жазага тартуунун учуру келгенде тапанча кармаган колуң титиребейт. Мен болгону атууга өкүм кылынган адамды жазага тартаардан мурун эч кимге байкатпай туруп, жүз граммды согуп алчумун. Андан аркысы көз ачып жумганча иш эле, – дейт желдет абышка.

*     *     *

Поюз үстүндө, кыргыз поюзунун шалдыраган, кыйчылдаган, кылдыраган дөңгөлөгү үстүндөгү өмүрүм өтүп жатат. Жан дүйнөмө чоочун, көңүлүм сүйбөгөн адамдар менен аргасыздан ымалалаш болуп, көрүнгөн акмак менен акмак болуп, көрүнгөн зөөкүр менен кошо зөөкүр болуп, афирис шылуундарга афирис болуп, далай жакшы, таза дил адамдардын көңүлүн аргасыздан, айласыздан калтырып, аным үчүн кийин көп күндөр-түндөр кудайдан кечирим сураган, жалаң теңге, рубль, доллар, сом эсептеген, бирок аларың колдун жуулган кириндей бат эле сени таштап ревизорлордун, милийсалардын, рэкеттердин, кырса кырылгыс текшерүүчүлөрдүн чөнтөгүнө көчүп өткөн; кээде тура калып шамал менен ай талаада шарактай, жарыша учкан поюздун чоң каалгасын ачып жиберип, сыртка секирип кетүүгө нечен жолу кайыл болгон, айры бут, жумур баш пенделердин чексиз ыпыластыгын, айласыз пастыгын, көк чалган улуулугун, бийиктигин ичине батырган, күлкүсүнөн көрө өксүгү көп ушул көк поюз үстүндөгү өмүрдүн бир тилкеси аяктап келатат.

Узун сапардан мурдуңан эшек куртуң куюлуп, бутуңду араң тарта шалдырап келесиң, бирок ичиңди жылытып турган бир гана нерсе –чөнтөгүңдө алыс жолдогу баш-аягы жок тономойлордон калган-каткан, үйгө деп арттырган биртике тыйының болот, андайбы, демек балдарың ток болот, топук кылганың ошол. Келибеле жыгыласың, өлдүм-талдым дейсиң... Бирок көзүңдү жумсаң эле кайрадан поюзда жүрөсүң, ызы-чуу, кокуйлаган, каткырган, ыйлаган, дарылдата ырдаган, сыздаган кыргыздардын жүздөрү, беттери көз алдыңда турганы турган. Жадаса жаныңда жаткан аялың да жүргүнчү болуп сезилет, түн бир оокумда ойгонуп тура калып үйүңдүн терезесин шак карайсың, кай бекетке келдик дегендей кылып, терезеге үңүлөсүң, милийсасы, ревизору кай коңулдан чыга калат болду экен дейсиң, ойгонуп кетип үф дейсиң, ошо бойдон уйкуң качат. Жолдон кылымдай созулуп өтпөгөн убакыт үйдө бат эле салаадан куюлган суудай бир ирмем менен агып өтөт да, кайра эле рейске чыкмай, узун жолдогу кайра эле баягы ызы-чуудан арылбаган ит турмушка аралашмай.

2001-жылдын жазында мен баарын жыйнап туруп, бир күнү темир жолдун кеңсесине бардым да, иштен кетүү туурасында арызымды жазып бердим. Сыртка чыгып ушунчалык бир жеңилденүүнү сезгеним эсимде ошол күнү. Ийнимден тоо кулагансып, көңүлүм ачылып, чайыттай ачык көктү, жапжашыл жазды, кызыл-тазыл адамдарды биринчи жолу көрүп аткансып, керемет ааламга жаңыдан көзүм ачылгансып, темир жолдун бекетке өткөн бийик көпүрөсүндө көпкө турганым эсимде. Жашоонун сулуулугун, поюзу жок деле турмуштун керемет экенин ошондо туйгам. Кетип баратып: «Кош темир жол, кыйын кезде турмушума арка бел болдуң, нан тапканга, балдарымды бакканга мүмкүнчүлүк бердиң. Сенин жакшылыгыңды өлөөр өлгөнчө унутпайм. Сенден кимдир бирөөлөр абдан бапырап байып кетишти, бирок андай байлык бизге окшогон карапайым темир жолчуларга буюрган жок, анысына да шүгүр, анткени арам акча баары бир күнү бир жерден болбосо, башка жерден чыгып кетет. Сенин мага берген байлыгың – мына ушул чыгарма болду, мындан ашкан байлыктын мага кереги деле жок...» – деп күбүрөнүп узап бараттым.

СОҢУ

2001-жыл, Бишкек

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз