Бахтияр Шаматов: «Жолуксак кандай жакшы...»

  • 01.03.2024
  • 2504

(Обончу жана аткаруучу Мамарасул Мавлянов туурасында сөз)

1986-жылы Фрунзедеги окууну аяктап, туулуп өскөн кичи мекен Лейлекке кайттым. Район борборунан жумуш орун табылбай, районо алыскы тоо арасындагы Тогуз-Булак айылына жөнөттү. Күн катуу жааганда гана суу келчү какыраган сайдын эки тарабынан созулган боз чаңгыл адырлардын ортосунда жаткан чакан бул айылга мурда өзүм деле келбеген экем. Фин ыкмасы менен курулган орто мектептин жанында эле мугалимдерге бериле турган турак жай бар экен, ошолордун бирине киргизишти.

– Бул акжолтой үй, буга чейин бул жерде Чүйдөн келген Аскар деген агайыңар жашап кеткен. Иштин көзүн билген абдан чарбакер киши экен, мектепте да иштеп, чарба да жүргүзүп, абдан байып кетти. Силер да буюрса ошонун жолун жолдогула, – деди бизди үйгө киргизип жаткан мектеп директору Самат агай.

Ошентип тоо арасындагы айылдын жакшылык-жамандыгына катышып, карапайым, баёо мүнөз адамдарына аралашып жашап калдык. Бизди жаш үй-бүлө деп боор тартып, кошуналар бири жапкан нанынан берип, бири картошкасынан казып келишчү.

Бир жолу бирөө уулуна сүннөт той кылып, барып калдык. Сүннөт тойдун шааниси түштүктө өзгөчө – улак чабылып, балбандар күрөшкө түшөт, ырчы-чоорчулар өнөр тартуулайт, айтор, тойкана үч-төрт күн тыным албай дуулдап, салтанат бир нече күнгө уланып кете берет. Биринчи күнү чабандестер көк бөрү тартышты. “Карма эле карма!”, “кетти эле кетти!” деп айкырган калың элдин арасында турсам, жанымдагы бирөө улам эле: “Тетиги күрөң кашканын алдын тосуш керек, ошол апасный, башкасын жөн коюш керек!” – деп бакыра бергенинен карасам, күрөң аттын чабандеси самбреро шляпачан, уютулган колодой нык, билектери бакандай карылуу жигит экен. Эки-үч курдай маарага улак таштады, байге утту.  

Тойдун экинчи күнү балбандар күч сынашты. Лейлекте «фергана ыкмасы» аталган белбоо күрөш абдан катуу өнүккөн. Бул чыныгы чеберчиликти, ойго келбес кыйтыр, бирок эреже жол берген арипти талап кылган күрөш, балбан атаандашын таптаза көтөрүп урушу керек, «жамбаш», «тогонек салмай», «тизе», «кипти какмай» жана башка толгон-токой ыкмалары бар. Ошентип тойдогу күрөштү карап турам, бир оокумда кечээги улак тарткан самбреро шляпачан жигит бүгүн эми күрөшкө түшүп жатыптыр! Мында да бир топ кыйын балбандарды көтөрө чаап, мыкты экенин көрсөттү. Тойдун үчүнчү күнү калың эл ырчы-чоорчулардын өнөрүн сынады, адегенде анчейин эле бирөөлөрдүн ырына көпчүлүк көңүл деле бурбады, анан бир маалда “Мамрасил! Мамрасил!” деп калышты. Мен башка бир жактан чоң бир артис келген го деп ойлогом, топко жакындап барып карасам... кечээ күнү көргөн көкбөрүчү, балбан жигит эми кыягын асып алып Рыспайдын, Жолдошбектин, Асанкалыйдын жана башка атактуу кыргыз обончуларынын ырларын биринин артынан бирин аткарып жатат.

Үнүнүн майиндигин, уккулуктуулугун айтпа, мындай үндү орустар “бархатный” деп коёт ко, кадимки эле атагы таш жарган италиян ырчысы Тото Кутуньонун үнү так ушундай эмеспи. Мени таң калдырганы – бул жигиттин чарөнөрлүгү болду, бирде ат үстүндө көкбөрү тартышып, бирде ортого чыгып күрөшкө түшсө, эми уккан жанды балкытып аккордеон менен обон созуп отурганы жакамды карматып, оозумду чындап ачырды! Турган ордумда селейип, бир топко чейин угуп турдум. Жанымдагылардан акырын сураштырсам, ал ушул эле айылдын баласы экен. Кеңседе отуруп аткарган кызматы деле жок, катардагы эле чарба иштери менен алектенген карапайым жигит экен. “Бул бала эч бир музыкалык окуу жайын аяктабаса деле дипломду ага Кудайым өзү берип койгон, илибой мен-мен деген ырчыны качырбаса мага келиң! Эй, бул деген самородок!” – деди жанымда турган бир киши.

Ошол күнү Мамрасил менен тааныштым. Көп өтпөй ал туурасында көлөмдүү макала жазып, ал райондук “Алга” гезитине басылып чыкты да, экөөбүз ынак достордон болуп кеттик. Мен анын бир тууган агалары Омурзак, Абдыразак авалар менен кошуна тургандыктан жакшы тааныш болуп калган элем. Алардын уул-кыздары да аталарынан артык кыйын адамдар болуп чыгышты, Американын, Европанын мыкты компанияларында иштеп келишти, тегиз бутка турушту. Улуу агасы Омурзак аванын кызы Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңештин ушул чакырылышына депутат болуп шайланды. Айтор, Мамрасил досум таалим-тарбия көргөн тектүү бүлөнүн баласы.

Мен Тогуз-Булактан кеткенче жолугушуп жүрдүк, андан ары районго кызматка которулуп, арабыз алыстап кетти. Бирок саламыбыз баягыдай эле түз бойдон калды, көргөн жерден учурашып турдук...

Кийин Союз урады, ар кимибиз өз арбайыбызды өзүбүз согуп, ар кайсы жакка чачылдык, иштесең иш мына, айлык мына деген, баягы багат деген камкор совет өкмөтү жоголду, 1 сомго обед ичкен, Фрунзеге миң чакырым Лейлектен 7 рублдик билет менен учкан заман кетти, бары жактын берекеси кетип куту учкан, башыңа тартсаң этегиңе жетпеген жокчулук заман келди. Эл тегиз жүдөгөн ошол 90-жылдары Мамрасил да ары урунуп, бери урунуп, көпкө “той” болуп келген каат замандын азабын куп көрдү. Бирок бир гана өнөрүн таштабады, талантын таарынткан жок, жашоо үчүн жан үрөп жүрүп да чоң сахнага жол издеди. Куттуу, ыйык ал сахнага ошол кезде оозун ачкан эле ырчы аталымыштар пок баскан тамандары менен жабыла чыга келишип, аны каалашынча булгашты, эки ыр билген иттин уулу байгара деле элди тажатып, өзүн таңуулап атып ырчы, жылдыз атанды.

Мамарасул достой асыл адамдар, тааныш-билиши жок же бирөөгө кошомат кыла албаган, уят-сыйыттан тартынбаган бетпактыгы жок нукура таланттар болсо акырын четке сүрүлүп калышты. Алтынды миң жылда да дат баспайт дегендей, эми минтип канчалаган жылдардан кийин, ата сакал ээкке бүткөн баралдуу куракта...

Мамарасул досум баары бир максатына жетти, алыс маарага чуркаган күлүктөй топ жарып чыгып, калың элге таанылды, аты даңазага айланып, ыр ышкыбоздорунун арзуусуна арзыды. Ырчымын, жылдызмын деген далайларды чаңына басты.

Бүгүн кыргыз журтчулугунда таланттуу обончу жана аткаруучу Мамарасул Мавляновду укпаган, билбеген адам аздыр, республиканын кайсы аймагына барба, анын ырлары жаңырып турганы.  Айтор, досум, кечигип болсо да келген атак-даңктын оор жүгү менен жоопкерчилигин мойнуна артып, элге жаңы чыгармаларын тартуулоонун камында иштеп жаткан чагы. Анын өзгөчөлүгү – мындан биз таанышкан дээрлик кырк жыл мурда кандай таза, барбалаңдаган ак көңүл, жоомарт болсо, азыр деле ошол калыбынан түк жазган жок, мүнөзү нукура тоолук кыргыз бойдон калды. Жылдызчылык, теңсинбөөчүлүк, табына аш бышкан дымактуулук, текерберчилик жана башка оорулар кудай жалгап досума жабышпаганына мен абдан курсантмын. Сага ден соолук, чыгармачылык оомат, жаңы бийиктерди каалайм, Мамрасил дос!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз